Касым Каимов: Жайлоо кечи

  • 13.08.2021
  • 3677

АҢГЕМЕ

Жол боюндагы боз үйдөн эки адам чыкканда күн батып калган. Алар желедеги кулундардын агытылганын, күтүрөгөн көп жылкы айылдан жогорулап чубашып баратканын, коңшу чабандардын койлору үйлөрүн көздөй жайылып келип калышканын көрүштү. Кыйлага чейин отуруп калганын эми гана билишкенсиди. Бирок убакыттын билинбей өткөнүнө кейишкен жок. Бул эки аксакал адамдын беттери нурланып, ынак кымызга кызыгандыктары жана мудалуу сөзгө мооку канбаганы сезилип турду. Кечке жуук ар кимди тиричиликке кайрый турган малчылык кесип гана аларды бөлүнүшүүгө аргасыз кылгандай.

Аксакалдын бири атына минди. Экинчиси аны аткарып коюп, карап турду.

- Келип турсаң!

- Сен да келип тур! Капырая, сен байбичеңин жанынан чыкпай калгансың го.

Атчан карыя көңүлү толукшугандай бир аз теңселип коюп, анан салмагын түзөп, өйүздү көздөй бастырып жөнөдү. Беркиси анын соңунан карап турду. Анын кызыл жүзүндөгү жылмаюу акырындап тарап, көңүлүнө топтолгон ой сабырлуу көз карашынан ачык байкалат. Бээлердин бүгүнкү акыркы саанын эки чакага көтөрүшүп, жанынан өтө берген байбичеси менен уулун да байкаган жок. Абышканын баягы адаты кармаганын аялы дароо түшүндү.

Тоо башын булут чалып, ымырт жабылып баратты. Атчан киши алыстай элек болсо да, карааны караңгыга сиңип, көздөн далда болду. Чалкайган кең жайлоону түн заматта каптады. Ар кайсы жерден маараган койлордун, кишенешкен жылкылардын үндөрү угулат. Кечтин киришин айыл иттери жапырт үрүү менен белгилешти.

Жолдон өткөн машиналардын кыймылы күчөп, жайлоонун магдыраган кечки тынчтыгын жарык шооланын сызыктары кыйма-чийме тиле баштады.

- Бул жер — атактуу Суусамыр жайлоосу. Бул жол — Фруңзе-Ош жолу. Суусамыр кенен. Ачыгын айтсак бул жер Суусамырдын белгилүү конушу Арал-Дөбө, ойлуу турган жылкычы жарыя — Касымкул.

Бара-бара иттердин үргөн үнү басылды. Жылкылар түнкү жайытка узады. Койлор тынчып жуушап жатышты.

Касымкул карыя болсо али үйгө кирген жок.

Кең асмандан жылдыздар жайнап көрүндү. Жолдогу кыймыл кайрадан азайды. Алыстан жылтырап чыккан шооланын сызыгы кыйгачтап барып бурулуп, түз эле жол боюндагы боз үйгө бурулду.

— Мээркан келатат!— дешип балдар чуулдашып калышты.

Боз үйдөгүлөрдүн баары эшикке чубап чыгышты. Мээркан Касымкулдун төртүнчү уулу, колхоздо шофёр болуп иштейт. Ал малчыларга таш көмүр жүктөп келген эле. Карыя шофёр уулу келгенден кийин үйүнө кирди. Жакадагы балдарынын аман-эсендигин, колхоздогу жаңылыктарды сурашты.

Боз үйдүн улага тарабындагы темир мештен жылуу илеп келет. Казанда оокат боркулдап кайноодо. Жылкычынын кенже уулу, он жашар Өмүркан радиоприёмниктен малчылар үчүн концерт кармады. Баарынын көңүлү концертте. «Уккула, кумардан чыккыла»— дегенсип Касымкул өз ою менен алышып, үргүлөгөнсүп отурат.

Карыя жылкычынын жүрөгүн өйүгөн эмне? Эмнеси болсо да жанагы атчан адамдын келип-кетиши бекеринен болгон жок. Ал да колхоздун жылкычысы, Касымкулдун ынак курбусу Садыралы карыя. Курбулук ысык мамиле бу экөөнүн ортосунда карыганда башталды. Узак жашаган сайын бири-биринин кадырын, курбулуктун баасын ошончолук терең түшүнөт окшойт. Ал экөө баш кошкондо алардын тегерегиндеги кишилер тамаша сөздөн мооку канып, кымызга ар убак карк болушат.

Суусамырга көчүп келишкенине бир айга жакын убакыт болсо да, эки жылкычы бир жылдан бери бүгүн биринчи жолу көрүшкөн болучу. Бир ай жөн эле жүрүшкөн жок, бири-бирин күтүштү. Садыралы болсо жайлоонун алдамчы суугуна чалынып, табы болбой ооруп калган, Касымкул келип көңүлүмдү сурайт ко деп ойлоду. Касымкул болсо жайлоого андан кийин көчүп келгендиктен, Садыкем мени өрүлүктөйт ко деп үмүттөнгөн. Бүгүн биринчи көрүшкөндө эле экөө сөздү кинелешүүдөн башташып, ар кимиси өз жайын түшүндүргөндө жалаң эле алар эмес, кымыз ичип отургандардын баары дуу күлүшкөн.

Садыралынын ооруганын укканда Касымкул жыгылыштуу болуп калды. Оору деген эмне экенин ал жакшы түшүнөт.

Өткөн кышта Касымкул өзү да суукка урунуп, кабыргасынан кан түкүрүп, бир ай ооруканада жатып чыккан. Касымкулдун өмүрүндө оорушу да, оорукананы көрүшү да ошол. «Садыкем экөөбүздү карылык тооруп калган экен» деген ойго келди курбусу. Болбосо, экөө тең оору дегенди билчү эмес.

Кымыз менен тамашага канган кишилер тарашып, үйдө эки курбу калганда мудалуу сырлар айтылат. (Экөө райондун эки четинде жашагандыктан, жайкысын жайлоодо гана жолугуша турган).

- Касыке! Мен быйыл аз жерден жылкыдан ажырап кала жаздадым.

- Эмне дейт!?— курбусу чочугандай анын оозун тиктейт.

- Мени эмне, эриш бузду дейсиңби? Эптеп карып калдың демиш болуп пенсияга чыгарып, жылкыдан куушмак да.

Баятан бери кубанычы койнуна батпай отурган Касымкул да сустая түштү. Мындай окуя анын башынан да өткөн болучу. Кышында ооруп айыккандан кийин балдары да, колхоздун кайсы бир активдери да «жылкы кайтаруу оордук кылат ко»—деп каңкуулашкан. Касымкул алардын эч биринин сөзүн кулагына кыпчыган жок. Бул жөнүндө анын өз максаты бар эле. Эми Садыкемдин өз ою кандай болду экен?— деп ошону билүүгө кызыкты.

- Атаңдын көрүлөр, оюна келгенин айта беришет да... Жолотпой койдум,— деди Садыралы карыя карсылдап күлүп.

- Ээ, Садыке! Чынында картайып баратканыбыз анык ко. Эл жокто сүйлөшүп алалычы.

- Картайып баратканыбыз чын. Бирок жылкыдан чыккыбыз келбегени да чын.

- Ырас, ырас.— Экөө тең каткырышат.

- Эми эмне кылабыз, Садыке?

- Мен балдарым жөнүндө ойлойм. Бири жылкыны алса болот эле?

- Ай, ишенбейм. Улуу балам мугалим. Жылкыдан коркот. Кичүү баламан үмүтүм бар, бирок ал «Волга» мингиси келет. «Волга» алып берсем колдон биротоло чыгып кетчүдөй. Азыр экөөбүздүн ортобузда тартыш. Кимибиз жеңерибизди билбейм.

Садыралы аксакал курбусунан 3-4 жаш улуу. Ошондуктан Касымкул азыр жаш, жылкычылыктан бошор убактысы боло элек. Өзүнүн башынан өткөнүн айтуу менен кеч киргизди. Анын сөзү тереңдеген сайын Касымкул суз тарта берди. Өзүнүн дартын айтууга үлгүрбөдү, дагы да кезек келээр.

«Жууса колдун кири кетет, айтса көңүлдүн кири кетет»— дегендей. Садыкең курбусунун үйүнөн көңүлдүү аттанган болучу. Жолдошунун кейиштүү пикири жана ага өзүнүн кайгысы кошулуп, Касымкул бир топ күнгө чейин сабыры суз болуп жүрдү.

Касымкулдун ишке жараган төрт уулу бар. Туну өз айылында орто мектептин директору, экинчиси колхозчу, үчүнчүсү Фрунзеде Кыргыз Илимдер Академиясынын аспиранты (математик), Мээркан шофер.

Жай күндөрү балдары, келиндери жана неберелери дем алуу үчүн өзүнчө чатыр алышып, Суусамырга келишет. Жылдын башка мезгилдеринде оңой менен көрүшпөгөн бүлөлөр ушул жерден чогуу баш кошушат, айтылбаган сырлар айтылат, байкалбаган нерселер байкалат.

Касымкул карыянын узун санаага түшүшүн балдары менен келиндери башкача түшүнүштү.

Адатта малчылардын ичинде өз тиричилигине камбылы жоктор жылкычылар. Бул албетте, жылкынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Жылы жаз болсун, кыш болсун, өз оокатын өзү таап жеген жаныбар. Кырчылдаган чилдеде да субай бээлер түгүл, кулун-тайлар да кыр-кырда, кокту-колотто кар тээп оттоп жүрүшөт. Колхоздор аларды короо сарайга жолотмок түгүл, тутам чөп беришпейт. Аларды көздөп, түгөлдөп, кайтарып жүргөн кишилер болсо бүткөнү. Андай кишилер жылкычылар. Жайы-кышы, күнү-түнү сарайдын калканычын көрбөй жайытта жүрүүгө калып алган жылкычылар үй менен да, үй тиричилиги менен да иши болбойт. Ат үстүндөгү турмуш деп ушулардын турмушун айтса болот.

Мына көчөгө келип көз чаптырсаң чатырчалуу татынакай там үйлөрдүн арасынан бирин-серин жепирейген балык жон, эски тамдар кездешет. Алар жылкычылардыкы. Катар турган эки көчөдөгү эски, кичинекей эки тамдын бири Касымкулдуку, экинчиси Содиалисттик Эмгектин Баатыры, жылкычы Шаршен Назаралиевдики.

Азыр элдин турмушу жогорулаган кез. Жесир аялдар да заңгыраган стандарттуу тамда.

Касымкул аксакалдын уулдары менен келиндери ушуну ойлоп, өзүнчө чечимге келишти. «Окус атабыз жылкыдан бошоп көчөгө келсе, отузунчу жылдарда салынган эски тамга тыгылабы? Андан көрө ар кимибиз кошумча акча чогултуп, курулуш материалдарын акырындап чогулта берели. Ата-энебиздин бир карызынан кутулалы. Алар бул оюн Касымкул аксакалга алдын ала билдирбей, качан ишке киришкенде гана шардана кылалы деп ойлошту.

Бул ой абдан жакшы ой, ата-эненин камын ойлогон адамгерчиликтүү балдардын гана колунан келе турган нерсе.

Менин айтарым башка. Мындай эмгеги оор мал чар-басында иштеген адамдар жөнүндө колхоздун жетекчилери да кам көрүшсө. Болбосо, балдары жетиле элек, аялы он баланы тарбиялап өстүрүп, баатыр эне деген ардактуу наам алып, үй-тиричилигинен колу бошобогон баатыр жылкычы Назаралиев Шаршенге ким жардам берет?

Касымкул аксакалдын көңүлүн өйүгөн негизги оюн уулдары тапкан жок. Алар да жайлоону, жылкыны жана кымызды жакшы көрүшөт. Бирок жайлоого, жылкыга жеткире турган жылкычы экенин түшүнбөйбү? Эгер түшүнсө, карып бараткан атаны жылкыдан ажыратпоо жөнүндө ойлонуш керек эле. Ал пенсия талап кылбайт, сүйгөн кесибинде иштөөнү эңсейт. Эгерде бир уулу жылкыны өткөрүп алса, Касымкул аксакал атка мине албай калганча ага биринчи ишенимдүү жардамчы болмок.

Албетте, дооматтын да жөнү болот. Уулу болгону үчүн баарын эле жылкычы бол деп кыйнаган жери жок... Улуусу мугалимдигин улантсын, бири илимий жумушун илгерилетсин, берки экөөнүн бири ата сөзүн эске ала турган жөнү бар го.

Кечкурун күн кылкылдап батып баратканда Касымкул карыя дөңгөчтүн үстүнө отуруп алып, өзүнчө ойлонушу адатка айланды. Койлор чурулдап жайыттан кайтып келатышат. Жылкылар түнкү жайытты көздөй чубап жөнөштү. Алыстан машиналардын жарыгы көрүнө баштады. Балким Мээркан да малчыларга жүк алып келаткандыр.

Канткен менен жайлоо жаңырып, Касымкул картайып баратат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз