АҢГЕМЕ
Кеч күздүн үтүрөйгөн сопол куу чөптөрү, мен ар бир кадамымды алдыга шилтеген сайын шуудураган кургак добушу менен эски керзовой өтүгүмө ороло калып жатты.
Жеңи кырылган күрмөмдү ийниме сала чоң белестен аша бергенимде тоо койнунан, үстүн көк түтүн каптаган, дүпүйгөн бак-дарактуу шаар даана көрүндү.
— Мына, кыш да келди,—дедим өзүмчө күбүрөп,— Карачы? Тоо этеги саргарып, тал-теректердин жалбырактары күбүлүп, кыш мезгилин айгинелегенсип чөкө таандар ачуу үндөрү менен чаңкылдашып шаар үстү менен ары-бери учуп өтүшөт.
Мен үн-сөзсүз бул шаарды көпкө карап турдум. Эгер күрмөмдүн чөнтөгүнөн портсигар түшүп кетпегенде, кудай билет, ошол кебетемде нес сыңары тура берер белем.
Шаардын орду түзөң болбосо да, кичинекей дөңсөөлөргө жармаша кооз чакан үйлөр, андан берегирээк түзөңдө эки кабат үйлөр тургузулуптур. Ал эми ушул чакан шаарды кырчоологон тоочу? Анын так эле чокусунан ылдый атырылып, аппак көбүктөнүп күлдүрөгөн тунук суу, тээ алыста жыландын боорундай жалтырап агып жатканы, анын эки жак жээгинде кылымдардын башын кымтый каржая менменсиген арчалар, андан төмөнүрөөктө тартайган жаңгак жыгачтары... мына ушулардын баары тең эми гана келген мени жадырап-жайнап тосуп, кел-келе бер дегенсишет.
Кеч да кирип баратты. Күндүн өчүп бараткан нуруна этектеше тоо боорундагы жалгыз аяк жол менен алдыга багыт алдым...
* * *
Канчалык илээшкеним менен көмүрдүн астында калган жоон тросту суура албай жаттым. Тростун экинчи учун белиме эки ородум да, эрдимди тиштенип, тиземди титирете тарта баштадым. Боюмдан тер чыкты. Бутумдагы резина өтүк балчыкка жылмышат да, тросту араң эле чоюп барам. Тросту сууруп чыкпасыма көзүм жетип турса да көктүккө салып, өжөрлөнө утуру тартам. Кичинекей арыктагы киргилт суу тростун күүсү менен бетиме чачырап ызамды келтирет. Аңгыча:
— Эй-э-эй! — деген Сылтыбайдын ачуу үнү караңгы кариннойдо[1] жаңырды,— Эмнеге мынчалык кыбырадың, мен сени күтүп жатам! Угуп жатасыңбы, күтүп жатам!
«Ка-ап, сендей киши менен иштебе да! Мейлиң, күтсөң күтүп тур, көп болсо дагы опураңдаарсың. Тим эле мен бул жерде ойноп жүргөнсүп» —деп өзүмчө ызырына күңкүлдөдүм.
Анын мүнөзүнө деги түшүнө албай койдум. Болбосо, мен — кондуктор, ал — машинист. Бар болгон өнөрү менден бир аз эле өйдө. Анан жемелей береби. Эгер ишимден кичине эле каталык жиберсем, заматта узун жаагы түйүлө түшүп, уурту бүлкүлдөп мени жактырбай кетет.
Бир күнү аны менен тике эле жаакташа кеткеним эсимде. Анда шахтага жаңы эле келген биринчи күндөрүм болучу.
Экинчи гарнизондун түштүгүнөн кырк вагонетка көмүрдү чиркештирип, сменанын аягында стволго электровоз менен алып келе жаттык. Мен кыркынчы вагонетканын буферинде[2] туруп өзүмдүн ишим боюнча, эң алдыда электровозду башкарып бараткан Сылтыбайга, чиркешкен вагонеткалардын туура же туура эмес баратканын билгизип маңдайымдагы чырак менен белги беришим керек. Вагонеткалар дүкө-дүк. Толтурулган көмүрлөр анда-мында гана вагонеткалар экчелгенде шыгырап, аз-аздан жерге себилет. Аңгыча эле Сылтыбайдын жарыгы караанын үзүп, бурулушка имерилди. Мына, кырсыкты кайдан деп болот, күтүлбөгөн жерден төрт вагонетка илмеден чыгып, калган отуз алтысы шарактаган бойдон төрт вагонетка менен мага кайыр кош айтышып караанын үздү.
Бул көрүнүшкө нары таң калдым, нары корктум. Эсим эки болуп коркунучтуу үн менен кариннойду жаңырта кыйкырдым.
— Сылтыбай-ай, о-уу, Сылтыбай!!!
Андан эч жооп болбоду. Төрт вагонетка өз алдынча шарактап жүрүп берди. Мына ушул убакта мага ойлонуп турууга болбойт эле. Эки бутумду буферден алдым да, коркунучтуу артымды карай секирдим. Бул секиришим ийгиликтүү бүткөн жок. Каскада илинген чырак ыргып барып арыкка чүмүдү. Белимдеги батарея рельске катуу тийип арыкка чүмүлгөн чырак өчтү. Тунжураган караңгы кариннойдо шпалдан[3] боюмду алып ордумдан турдум да, белимдеги чырактын батарейкасын күйгүзмөккө капкагын тырмалай баштадым. Шашылганда мына ушундай болот эмеспи. Ишим теңирден тескери кетти. Батареядан сарыккан кислота этиме куюлуп, кислотанын орду бүткүл денемди ууктуруп бараткансыды. Ызам келди. Батареяны белимден чечип, курум менен кошо өзүмдөн оолак ыргыттым. Мына ушул учурда руддвор[4] тараптан чырактын жарыгы так эле мен тарапка бир жолу жарк этип, кайта жоголуп, электровоздун кыйналып-кысталган аянычтуу үнү күрүлдөп мени көздөй зуулдап келе жатты. Артка карай тез бурулуп, рельсадан оолактай бастым. Электровоз так мен жыгылган жерге келип, катуу тормоз менен тык токтоду да, кичинекей кабинадан Сылтыбай секирип түштү.
- Ой, эмне болду?
- Эмне болгонун көрүп турасың го.
- Батарейкаңды эмнеге ыргыттың?
- Жөн эле...
- Деги сага жин тийген жокпу?
- Бар ары! — дедим өзүмдү токтото албай.—Жетишет, сени менен иштебейм!..
- Аны өзүң бил,— деди жерде жаткан батарейканы колума карматып.— Ме, кыңк-мыңк этпей тагын да, машинага отур!
- Кереги жок, ансыз деле куйругумдун жарымын күйгүздүм.
- Эмнеге?
- Кислотага!..
- Ха-ха-ха-ха-а... Балам, жашсың... Өтө жашсың! Кечээ эле апаңдын эмчегин соруп жүрүп, анан бүгүн шахтага келгениңе таңмын!
Сылтыбайдын бул сөзү күлкү менен шылдыңдын ортосуна кариннойдо аябай каркылдап чыкты. Ызам келди. Эгер Сылтыбай менден жети-сегиз жаш улуу эмес, өзүм менен теңтуш болгондо, ушул каркылдаган тамагына муштумумду такаар элем.
— Отур! —деди бул ирет үнүн жумшак чыгарып.— Жыгылып, этиңди кислотага күйгүзүп алганың үчүн мени күнөөлүү деп турасыңбы? Ушинтип жүрүп анан шахтер болосуң да. Отур эми, апаңа таарынгансыбай.
Айрыкча мына ушундан кийин Сылтыбайдын кыял-жоругун жактырбай, өзүм да ага жагууга аракеттенбей кызаңдашып жүрдүм. Бирок баардык күнөө өзүмдө экенин кийин гана билдим. Ушулардын баардыгы мына мындан башталды.
Айлык акы алган күндүн эртеси бир бригадада иштеген Сейитказы базардан учурады да, асыла кетти:
- Ой, Казак, кайда тарттың! Кой-кой, тамашаңды кой, дос!.. Тамакты «ысытып», анан биротоло кетели. Анын үстүнө жаңы костюмду да жуушуң керек да. Жүр эми, чөнтөктө бир бутылка вино да бар.
Мен буга каршылык көрсөткөнүм жок. Ал антип турса менин тескери карап кетишим жолдоштук мамилеге жатпайт эмеспи. Кичинекей ашканага, кызылга кошумча кылып, ошол «аты жакшыдан» ала кирдик. Сейитказы эки стаканга актан куйду да, тамагын куркулдатып жутунуп, стаканыма стаканын чик эттире тийгизип:
- Дос, саламатчылык үчүн!.. Ушинтип, жер астында кирген буурадай күркүрөп иштеп жүргөнүбүз үчүн, кеттик...
Мен жутуп жибергенимде, баягы кислотага этимди күйгүзгөндөн бетер жан терим келе түштү:
- Оо-оф-уу...
Сейитказы жайыла жаркын, бүтүгүй көздөрү шайыр күлүңдөп, экинчи-үчүнчү стаканга винодон куя олтурду. Мен бейиштин төрүнөн орун алгансып, көкүрөктө айтылбаган сырлар эрип, тамекини удаа-удаа тартам.
Барган сайын арактын өкүмү эркимди багынтып баратты. Тегерегимдеги кишилер мен үчүн кумурска окшош көрүнүп, өзүмдү алдуу-күчтүү сезип, тээ пиво шимип олтурган ичи кумурадай семиз шахтерду бир коюп эле жыга салчудай болом. Айланам туман сыңар боз тартып, кулагым чыңылдайт. Башым калтаңдап, жаным жер тартып, ушул эле жерге жатуунун аракетинде столдорду жылдырам.
Сейитказы колтугумдан мыжыга кармап тартат.
- Ой, Казак, тур дейм! Ий, сендей киши менен дос болбо да!
Экөөбүз кошоктолгон аттай эшикке жүткүндүк.
Мен бир нерселерди айтып барам.
- Сы-Сылтыбайды, ой ошону... акесин таанытам.
Сейитказы ыктытып жутунат. Каркылдап жөтөлүп жол бою түкүрүнөт.
- Казак! — дейт арак буркураган оозун жүзүмө тосо берип.— Аны айтып эмне кыласың. Мына ушинтип тирүү кезде бир дөбөдө жыргап жүргөндөн эмне артык.
Башымды араң ийкегилегенге жарайм. Күтүлбөгөн жерден жону гана көрүнгөн жолдогу түптүү ташта туфлийимдин башы каңк этти да, буралып барып узунумдан суладым.
- Оо-оф! Сейит... Оо, сен, кеттиңби? Мейлиң. Мен эс алайын. Ошентейин... ошентейин, дос.
Сейитказынын сөгүнүп булдураган үнү барган сайын алыстан угулуп, карааны жаш чая берген көзүмдөн далдаа болду. Жердин муздагы денеме өткөн сайын өзүмдү түзүк сезип, эми туруп эле жүгүрүп кетмекке алсыз колдорум менен ноябрь айынын каткалаң тоңгологун тырмалайм. Аңгыча эле, шалк-шулк эттире карылуу кол тикемден тургузду. Көзүмдү ачсам, тааныш кебете мени жеп жиберчүдөй акырая карайт. Ал дагы бир жолу ары-бери жулкту да:
- Балам! — деди— Кимди туурадың, кимден үйрөнгөн үйүтүң?
Көзүмдү дурустап ачтым. Сылтыбайдын өзү. Экинчи колунда нан толтурулган корзина. Анын көздөрү кара түндө так карышкырдыкындай мага жанып тигилди.
- Ким менен ичтиң?
Мен онтоп жибердим.
- Коё бер мени, ишиң болбосун. Мен жатайын, эс алайын!
Ал акырын күлүп жиберди да, мени алдаганга өттү:
- Кой, иним, былжыроонун эмне кереги бар. Эркекче сүйлөшөлүчү. Баса аласыңбы?
- Сөзсүз басам.
Ал мени жеңил колтуктап басып олтурду. Жантайыш боорго таяна бергенде үй ээси кемпир эшигин каңк эттире катуу ачты да, улунуп-жулунган Шарик аттуу күчүгүн кичинекей кепесине жетелеп кирип оозун тосуп койду. Биздин дүбүртүбүз жакындаган сайын Шарик кепе ичинде чый-пыйы чыгып чаңкылдап, тыбырайт.. Жыртыктан тумшугун салып, тиштерин ырсыйтып Сылтыбайга көзүн мелжийт. Үйгө кирер менен Сылтыбайга өкүрүп коё бердим. Ошол убакытта эч нерседен тартынбаган азаматтык жайым толуп-ташып турду.
- Ой, Сылтыбай... сени... сен...
- Кой, иним, жатып эс ал. Көп сүйлөөнүн эмне кереги бар.
- Эмнеге сүйлөбөйм... Сүйлөйм да... Сен, Сылтыке, өзүңдү эле мисалга кармай койчу. Аз эле жерден бакырып коё бересиң го.
Баш жагымда олтурган Сылтыбай үстүмө одеялды жеңил жапты да, акырын үшкүрүп койду. Буркан-шаркан түшкөн жүзүмдү жыйыра көзүмдү ачсам, Сылтыбай мени күлүмсүрөп карап туруптур. Мен ага бир нерселерди айтууга оолугуп, ордумдан обдулдум. Бирок мастык шайымды аябай алып, кровать жылып, башым айланат. Дале болсо Сылтыбайдын тартайган москоол денеси жанымда олтуруп чачымдан сылап, уйкуга коштогонсуйт. Түн коюлуп, сыртта Шариктин борс-борс үргөнү гана угулбаса, башка мага эч нерсе угулбайт. Анда-санда гана тоо жаңырта кыйкырган паровоздун үнү чыгат. Кыязы, биринчи партия кемүрдү Жалал-Абадга жеткирип келе жатса керек.
Эртеси жумуш убагында Сылтыбайдан саал уялып жүрдүм. Ал болсо менин кечээги жоругумду көрбөгөн же билбеген кишиче, мага көңүл бөлбөй өз иши менен алек. Түштө дем алуу убагында электровозду экинчи горизонттун түштүгүндөгү көмүр жүктөөчү жерине токтоттук да, эс алууга каңырсып жаткан үймөк көмүргө жанбаштай кеттик. Тамактанып бүткөн Сылтыбай төш чөнтөгүнөн кичинекей чакчасын сууруп чыкты да, капкара алаканына кылдаттык менен төгүп, тилинин алдына ыргытып коюп, анан мындай деди:
- Башың ооруган жокпу?
- Жок. Эмнеге башым оорумак эле?
Сылтыбайдын каска алдындагы сүрдүү көздөрү бул ирет жайдарылана түштү да, сөзүн чын ыкласы менен баштады:
- Иним-а,— деп койду.— Мага көптөн бери капа болуп жүргөн турбайсыңбы. Кечээ эмнелерди сүйлөгөнүңдү билесиңби? Албетте, билбейсиң... Арзыбас ишке капа болуп, натыйжасыз ичтен ойлонуунун эмне кереги бар. Менин мүнөзүм ошондой. Кыйкырып коё берем. Иш убагында андайлар боло берет эмеспи. Жашырып эмне кереги бар... Жумуш үстүндө сен көп кемчиликтерди жибересиң. Албетте, жаш болгондон кийин сергек, ар нерсеге заматта сарасаптуу болуп, бир иштин аягына чыгуу керек. Азыр эмнеге киришпе, ошону талкалай турган курагың. Кезинде иштей, жашай бил. Картошканын кабыгындай ылжырап жүргөн жигитпи! Оттон, чоктон да тартынба! Мына ушундай, Казак. Ар нерсеге дилгир, өзүн тың кармаган кишини жанымдай көрөм. армаган кишини жанымдай көрөм.
Эми эле тынчый түшкөн караңгы кариннойдо Сылтыбай экөөбүз мына ушинтип күбүрөшүп олтурдук. Анын ар бир сөзү жөнөкөй гана айтылып жатканы менен эркимди өзүнө багынтып жатты. Анын ар бир сөзүн жаш кезимде коломтонун боюнда олтуруп апамдын айткан жомокторун кандай ынтаа менен уксам, андан да берилип уктум. Өткөн каталыктарым көз алдыма келип, андан уялдым.
Мына, ал кандай киши эле.
* * *
Ушундан баштап Сылтыбайдын жүрүш-турушун, ал турсун баскан кадамынан өйдө табышмактуу түшүнө баштадым. Анын эчтекеден кайра тартпаган, мейли жакшылык же жамандык болсун, түз эле бетине ашкерелей койгон мүнөзүн дагы бир күнкү окуядан кийин билдим.
Жумуштан кийин транспорт участогунун бүт шахтерлору кичинекей клубга чогулушту. Бет маңдайымдагы узун столдо бүгүн эле башын жалтырата кырдырган участоктун башкаруучусу Шило олтурат. Ага катарлаш олтурган бригадир Токторбаев эми эле түпкүрдөн чыккан боюнча каскасын жанына коюп, эки муштумун түйүп столго таштап, бет маңдайындагы шахтерлорго олуттуу карайт.
Күтүлбөгөн жерден Шило шып ордунан турду да, тамагын жасап, тээ арткы орундукта олтурган бирөөнө сөөмөйүн ийкеңдетти.
- Губайдуллин!.. Губайдуллин! — Кодоо жигит башынан каскасын ала коюп, ордунан ыргып турду.
- Степан эмнеге жок? — деди сындуу бою менен зыңкыя турган Шило.
Татар жигит сүрдөгөн кебете менен үнүн күңк-мыңк чыгарды:
- Степан али түпкүрдө. Диспетчердин буйругу боюнча үчүнчү горизонттун түштүгүнөн дагы бир партия көмүрдү алып келүүгө калган.
Шило чогулушту ачып, көпкө сүйлөдү. Качан гана жалтыраган башынан ымшыган тер кеткенде бет аарчысы менен акырын-акырын басып кимдин кандай суроосу бар экенин өтүндү.
- Суроо жок!..
— Анда ким чыгып сүйлөйт?
Жанымда олтурган Сылтыбай ордунан жеңил туруп, бет маңдайына жүткүндү. Мен ага жол бердим. Ал каадасынча жай-баракат басып, Шилонун катарына турду да, шахтёрлорду бир сыйра карап өттү. Клубдун ичи заматта тым-тырс болуп, Сылтыбайдын тартайган узун денеси, мас кишиникиндей кайдигер митаам көздөрү, жең ичинен уркуюп чыгып турган шадылуу колдору ар бир кыймылына эп келишкенсип, жумушчуларга көнүмүш көрүндү.
Сылтыбайдын сүйлөшүн чыдамсыз күттүм. «Ал азыр аюудай бакырат» дедим оюмда. Көзү тереңинде же күлүңдөгөнү, же жек көрүүсү белгисиз, түпкүрдөгү экинчи горизонтто мага тигилгендей шахтерлордун бүт баарына тигилет да, азыр чаңырат. Мына азыр так эле мен айткандай болот. Бирок, мунун баары тескери болуп чыкты. Ал акырын гана жумшак үн менен:
- Жолдоштор! — деди камырабай туруп.— Жолдош тоочулар... Шахтаны кыймылга келтирген биздин участок. Транспорт. Мына ушундай болгондон кийин бизден эмне талап кылынат. Албетте, көмүрдү төкпөй-чачпай өз убагында жеткирүү, аны тапшыруу жана жолду өз убагында оңдоп туруу... Бир окуяга күлкүң келет. Өткөн күнү эки вагонетка рельсадан тайып кетип, аны чыгаруунун аракетинде жан алакетке түшүп жүрсөк, эки жол оңдоочу чырактарын ийнине салып алышып, жумуш убагынан жарым саат мурун үйгө карай жөнөшүнтүр.
Мына жолдоштор, ушуга окшогон артка тартуучулук, албетте, сүйлөттүрбөй койбойт. Шахта ушундай, шахта... Анын ысык, суугуна чыдабасаң, чырагыңды көтөрүп түпкүргө түшүүнүн да кереги жок.
Шило обдулуп койду. Кыязы Сылтыбайдын ар бир сөзүнөн кемчиликти ашкерелеп жатканы даана байкалдыбы, ал турсун, акырын башын ийкегилегенин Шило өзү да байкабай калып жатты. Мен Сылтыбайга оозумду ачкан бойдон каттым да калдым. Сылтыбай абдан берилгендик менен сүйлөп жатты. Чор баскан узун кара манжалары карышкандай билек тамырлары көөп, столдун кырын мыкчый кармайт да, кайта сөз ыкмасы менен жумушчуларга серпилет. Анын ар бир сөзү жумушчулардын кээ бир кемчиликтери жөнүндө болуп жатты. Алардын ар биринин бетине айтты.
— Деги Степандан эмнеңер кем? — деди эми эле түпкүрдөн капкара боюнча келип турган Степанга колун жаңсап.— Степандан үлгү алганыңар барбы? Албетте, жок. Сейитказы, Степан менен бир жыл бою бир сменада иштеп келе жатат. Үлгү алдыбы? Жок! Тескерисинче, Степан менен кер какшык айтышып жүрөт. Дагы коммунисттик бригаданын мүчөсү. Анан, коммунисттик бригаданын мүчөсү дагы эки күндүн биринде жумушка келбей калабы, ия! Тиги Казак экөөнө окшоп көчөдөгү баткакта боортоктоп калабы?!
- Гм...- мен обдула түштүм. Артыма абайлап бурулсам, менден үч орундук нарытада Сейитказы олтуруптур. Ал жанараак эле жандуу, эч нерседен камырабай олтурганы менен, азыр жер карап калыптыр. Сылтыбайдын ар бир сөзү тикенек сыңар денесине сайылып жаткансып күнөөлүү кишидей башын жерден албайт. Акыңды берейин, Сылтыке, атымды атабачы дегенсийт...
О, жаштыктын күндөрү, неге мынча зымырап дөңгөлөнөсүң! Неге мынча көз көшөгөсүндө кирпиктерди тикирейтип, түн ката чиеленишкен ой-максат менен чарчаганга чейин ойлоносуң! Билем, бул курак эң коркунучтуу, турмуштун биринчи баскычындагы олуттуу курак. Ар күндүн өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Тез эле күз, кыш закымдап, байкабаганга бир жыл билинбей өтүп, ушинтин жаз да келди.
Күнөстүү Көк-Жаңгак өрөөнү көк тукаба жамынып, үстүндө көк түтүн уюлгуйт. Көк чөп жол бою бутуңа оролуп, кызыл кызгалдактар жаздын сыдырым желине эркелей өйдө-ылдый жүгүнүшөт. Жер бети көөп, шыбактуу дөңсөлөрдө торгойлор бүжүңдөшө жүгүрүп, кайта дыр коюп асманга көкөлөп, багытын башка жакка бурат. Каздар каркылдап, тумшугу менен жерди искеп, кайта кекее тыкчыят да, ыракаттуу жаздын келишин көптөн күткөнсүп канатын каккылайт.
Жолдо дүрүлдөгөн машиналар каз катар чубашып, шахтага карагай ташып баратышат. Көмүр жүктөлгөн арабага кош ат чеккен шум чал адаттагыдай көчөнүн так ортосуна келип, дагы бирөөнө кыйкырат:
— Эй, Жолчу! Жолчу ой-ой! О, эки айлык көмүрүңдү бир алып келдим,— дейт. Качан гана үйдөн бирөө чыгып көмүр түшүргөнгө кол кабыш кылмайынча, ал шашылбай кичинекей тамеки баштыгын тизесине коюп, чылым оройт. Аны буркулдата моокуму кана соруп, карт көздөрү менен айылды жүлжүйө карайт. Мына ушинтип, күндүн нуру тоо башына чачырары менен шаар кыймылга келип, ар ким өз иши менен алек.
Мен да бир кесим колбаса менен нанды газетага орой салып шахтага жөнөдүм. Ушул жарыкчылыкта жашоо, жашаганда да максат менен жашоо, аны менен күрөшүү ага жетүү кандай ыракат. Жол бою мени мына ушундай толкундаткан кереметтүү ойлор бийлеп барат. Мынабу жаш чөп сыяктуу жаш өмүрүмдүн ушул кези кээде жумуш менен чырмалышса, кээде сүйүүнүн далдаасында жашынат.
О, Анархан, сен мен үчүн бир башкача жаралган жан белең! Чатыр-Көлдүн сулуу суусарындай ойт берген караанына барган сайын жалындадым. Уялчаактыгыма өкүнүп, өзүмчө тымызын күйөм. Деги өзүңө болгон сүйүүмдү канткенде сага айта алам. Ал эми түпкүргө түшөөрдө чырак берип жатып сырдуу карашың эмне? Чырактын номерин берип жатканда эч нерсени билмексен болуп, аны ордуна илесиң. Эгер менин көз карашымдан өзүңө болгон күчтүү тартылуумду сезген болсоң, анда номерди сыр билгизбей алаканыңда калтырбайсыңбы. Деги сен бирөөнү аяйсыңбы? Оюңда эмне бар, ким билет? Балким, мен минтип жүргөнүм менен, сен мени оюңа да алып койбостурсуң. Сен Сылтыбайга чырак берип жатып кээ-кээде назик жылмайып, апаппак тиштериң көрүнө калат. Жаш мүнөзүң жайдарылана каш серпе жылмайганыңда ого бетер сулуу болуп көрүнөсүң. Мына ошондо чыракка кезекте турганымды такыр унутам. Көзгө көрүнбөгөн тунгуч сүйүүнүн жалыны заматта денемде дүрт эткенсийт. Сылтыбайга жылмайганыңа кызганып ичимден: «Сылтыбайга божурая карап жылмайбачы! Сен ага бекеринен кирпиктериңди бириндетин, апаппак тиштериңди көрсөтөсүң. Анын аялы бар, ал турсун, эки баласы жүгүрүп жүрөт» — дейм. Ал эми мага кезек келгенде дагы бир жолу сырдуу карайсың да, баягы кислотасы этимди күйгүзгөн батарейкалуу чыракты колума карматасың.
О, Анархан, сен ошентесиң!
*. * *
Ушул жылы менин турмушка болгон көз карашым өзгөрдү. Сылтыбайдын жүрүш-турушун жана иш убактысындагы кыймылын үйрөнүүгө аракет кылдым. Ал дале болсо бирге иштеп жатканыбызда кээ бир кемчиликтерге кыйкырып коё берет. Көздөрү жанып, оозунан шилекейи бүркүлүп кетет, бирок мага анын кыйкырыгы көндүм болбодубу.
Ал бир жолу түшкү дем алышта насыбайын тилинин астына салып коюп, көпкө түкүрүнүп олтурду. Анан эки колун желкесине ала шыгыраган көмүргө жантая кетти. Чырагы жанында бүлбүлдөп күйөт. Бул жатышында өзүнчө кыялданып жатса керек дедим оюмда. Чын эле ал кээ бирде ушинтип үнсүз-сөзсүз телмирип жатканда бир нерсени жыргап ойлонуп, анан ал оюнун бир четин мага айтып жибергенин өзү да байкабай калуучу. Же болбосо, ал оюн мага айтууну ылайык көрбөсө, анда уккулуктуу бир обонду коңур үнүнө салып созолонтуп жиберүүчү. Бул мертебе жантая жаткан Сылтыбай адетинче ырдаган жок. Күтүлбөгөн эле жерден сүрдүү жүзүн мага буруп, минтип шыбырады:
- Казак, мен жашымдан жетим өскөнмүн. Кээ бир жетим ачуулуу, өксүк болуп өсөт. Мына мен дал ошол ачуулуу жетимденмин. Сен угуп жатасыңбы? — Анын митаам көздөрү ачуулуу күлүңдөп мага үңүлгөндө, тик карай албай жүзүмдү буруп кеттим.
- А, аны түшүнөм, Сылтыке.
Ал кайта баштан мурдагыдай жата кетти да, ичинен тымызын үшкүргөнсүдү.
- Кайсы жерде гана иштебедим. Он төрт жашымдан үйдөн качып кеткеним эсимде. Апам өлгөндөн кийин өгөй эне эмнени гана көрсөтпөдү дейсиң. Кыйла жерди кыдырдым. Кызыл-Кыяда, Таш-Көмүрдө, Анжиянда, акыры токтогон жерим Көк-Жаңгак болду. Мына, иним, биринчи мертебе турмуш акең ким экенин көрсөткөн да...
Бир жолу смена бүтүп, эми сыртка чыгаарда, Сылтыбай алыста вагонеткаларды улаштырып жүргөн мага кыйкырды:
- Каз-ак! Угуп жатасыңбы? Кел бери! Сөз бар...
Мен вагонеткаларды улаштырып бүтүп, тез эле Сылтыбайдын жанына келип турдум. Анын терге баткан москоол жүзү көмүргө майланышып, тиши гана жалтырайт.
- Казак! - деди электровозду аарчыган колундагы чүпүрөктү арыкка ыргытып:
- Чарчаган жоксуңбу?
- Жок.
- Анда бүгүн экинчи сменага да калдык.
- Эмне үчүн?
Ал колун арыктагы киргил сууга болор-болбос чайкады да, ордунан туруп жаныма келди.
- Баягы сенин досуң экинчи сменага чыкпай калыптыр. Эгер биз да кетсек, анда жумуш такыр токтоп калат.
- Кайсы досум?
- Сейитказы досуң...
Мен аргасыз күлө кеттим.
- Койчу, Сылтыке, бир жакшы жери мен аны менен дос эмесмин.
- Ха-ха-хы-ы... инима-а иним! Тирүү болсо бир дөбөдө жүрүүчү достор. Хи-хи-хи...
- Кой, бул сөздү жыйыштыралык! Тез чапкан аттай дикилде да, диспетчерге бар. Ал жерде эт менен нан бар. Тез жүгүр, уктуңбу?
Диспетчерде Лида эже олтуруптур. Ал каскасын столго коюп, жылуу жүн жоолугун кежигесине таштап, телефон аркылуу үчүнчү горизонт менен сүйлөшүп жатыптыр. Бир аздан кийин трубканы ордуна коюп, мага бурулду:
- Сен Сылтыбай менен иштейт эмессиңби?
- Ооба.
Колума нан менен этти берип, анан мени менен кошо чыкты. Күнү бою диспетчерде олтурганда көздөрү киртийип, уйкусу келгени билинип турат. Чырагын бет маңдайына бурду да, машинистке кыйкырды.
- Алеша!.. Ленка, болгула эми, жөнөгүлө! Түштүктө бир да бош вагонетка жөк экен.
Ствол[5] тараптан жарк-журк эткен жашыл жалын чыгып, электровоздун карылдаган үнү алыстап баратты. Чиркелген вагонеткалар шаракташып бурулуштан имериле берип караан үздү.
Биз экинчи партия көмүрдү түштүктөн алып келе жатсак, Лида эже диспетчердин эшигине чуркап чыгып, Сылтыбайга белги берди.
- Токтот машинаны!..
Сылтыбай электровоздун кичинекей кабинасынан бүжүңдөп суурулуп чыгып диспетчерге жөнөдү. Биз диспетчерге кирсек Лида эже жер үстү менен сүйлөшүп жатыптыр. Анын сары жүзүнө суу болгон маңдай чачтары жабышып, резина өтүгү кончуна чейин баткак. Телефондон сөзүн бүтүп, чырагын ийнине сала орунтугунан туруп баратып бизге каргылданган, чарчаган үн менен кайрылды.
- Кана, даярсыңарбы?
- Эмне болду? — деди Сылтыбай.
- Эмне болмок эле, шахтаны сел каптап жатат.
- Се-ел-би? — деп Сылтыбай селдее түштү.
- Ооба, сел. Асмандын түбү түшкөндөй жамгыр төгүп жатыптыр. Жаңгактуу жылгадан ылдый сел каптап, ствол аркылуу шахтага кирип жатат. Азыр жер үстүнөн телефон аркылуу билдиришти.
- Кана тез аранын ичинде экинчи эшик менен жер үстүнө чыгып, шахтага сууну жибербөө үчүн жардам бергиле.
Лида эже тапшырманы шашылыш берди да, ствол тарапка жөнөп кетти. Биз тез эле чыга турган жерге келип жеттик. Бийиктиги үч жүз метр жолго сансыз жыгач шатылар аркылуу көп сандаган шахтёрлор типтике жылып жөнөдүк. Сылтыбай тездик менен менден алда канча алдыга кетти. Мен кырк шатыны басып өткөндө өпкөм так эле көөдөнүмдө жарылчуудай элеп-желеп көөп, бутум араң эле шатынын тепкичтерин аттайт. Жол бою үстү жактан куюлган суу комбинезондон өтүп, желкемден таманыма чейин жетип, башымда каскам оорлоп, чырагым күңүрт күйөт.
- Каз-ак! — деди үстүртөн.
Бул Сылтыбай эле.
- Эмне?
- Келе жатасыңбы? Тирүүсүңбү?
Унчуккан жокмун. Ага жооп бермек кайда. Өзүм араң «ээ-ээ» «үү-өх» — деп акыркы күчүм менен бара жатпаймынбы. Мен жер үстүнө чыкканда жамгыр дале куюп жатыптыр. Күн күрүлдөп, асмандын жарымы жарыла чагылган чар-рры-уук этет да, стволго чамынган селди даана жарык кылып өттү. Өрт өчүрүүчү бригада колдоруна чукулук, күрөк алышып, кадим согуш талаасындай ызы-чуу түшүп, сел менен күрөшүп жатышыптыр.
Сылтыбай да шымаланып коё берип, баткактын астында калган рельсаны күрөк менен ачып жүрөт. Шило кимдир бирөөгө күчөнүп кыйкырды:
- Кайткыла бери! Ал жакта түкүрүүгө да жер жок. Стволго чейинки жерди ачкыла!
Мен жеңимди түрүнө салып, колума уркуйган узун күрөктү кармап, сел менен күрөшүүчүлөргө кошулдум. Жаан дале төгүп жатты. Столбалардын башында күйүп турган лампочкалар анда-саңда дуулдагаи шамалга ары-бери ыргалат. Чагылган дагы бир жолу асман тереңинде дүңгүрөдү да, жаан андан бетер уу-уу-ча-ча-ча-ча-а деп коркунучтуу көрүнүш менен төгүп өттү. Үч метрдей рельсанын үстүндөгү шагыл менен баткакты ары-бери ыргыттым да, анан арык үстүндөгү экинчи рельсага чыгуу үчүн күрөгүмдү таяна өйдө обдула бергенде, резина өтүгүм арык ылдый жылмышып, тоңгологураак жерге былч дей түштүм. Үстү жактан кимдир-бирөө күлүп өттү. Ордумдан тез турдум да, бар күчүмдү жумшап алдыга жүткүнгөнүмдө бирөө күрөгүнүн учун мага сунду.
-- Кармаңыз! Учун кармаңыз. Болбосо мындай чалчыкта арыкка сулап калышыңыз да мүмкүн...
Мен арык үстүнө чыгарым менен табышмактуу үн так эле Анархандыкы экенин даана билдим. Намысым келе анын жардамы менен араң чыкканыма тартына түшүп, жүрөгүм дүкүлдөп селдейген денемди кандай кармоону да унуттум.
- Ы-ракмат сизге,— дедим төбөмдөн ылдый куюлуп жаткан суудан силкинимиш болуп.
- Сиз да жардамга келдиңизби?
Анархан жалт карады, анын ипичке каштары серпиле түштү.
- Ооба.
- Анархан!
- Эмне? — Ал күрөгүн таяна мени таңыркай карап, анан болор-болбос назик күлүмсүрөп, нөшөрлөгөн жамгырда сөзүмдү чыдамсыз күттү. Мен каргылданып кекечтене түштүм, анан каскадан ылдый тынымсыз жүзүмө куюлган жамгырды жаш бала кебетесинде олдоксон аарчып, үнүмдү шыбырап чыгардым!
- Анархан, сиз суу болуп кетипсиз. Ой-ой-оо, тим эле денеңизден төмөн куюлуп жатат!
Анархан башын силкип алып, кылыктана менден жүзүн бурду да, рельса үстүндөгү уюган баткакты үнсүз-сөзсүз ыргыта баштады. Мен ушул убакытта өзүмдү жек көрүү менен жемелей баштадым. «Чиркин деги мококсуң да, үлбүрөгөн жаш кызга да ушундай мамиле кылуучубу?» Мына ушуларды ойлоо менен бирге эки көзүм так эле Анархандын кыймылында. Анын куюлушкан мүчөсүнө суу комбинезон кынала чыпташып, көкүрөк денеси даана көрүнөт.
Жамгыр өчөшкөндөй төгө берди. Бирок бир да шахтер жумушун токтотпой сел келген кичинекей арыктын нугун чукулук, күрөк менен казып, нугун чоң суу акчу сайга буруп жатышты.
Ушинтип, түндүн бир оокумунда жумушту бүттүк. Анча-мынча селдин калдыгы сай менен агып жатты. Шахта кадим кыймылына келип, ствол иштей баштады. Мен эми эле жуунуп чыгарым менен Анархан да сменасын башкага өткөрүп үйүнө даярданып жатыптыр. Ал мени дароо көрдү да:
— Ай, Казак! — деди.— Мүмкүнчүлүгүңүз болсо күтүп туруңуз. Мен бейиттин жанынан түнү өтүштөн абдан корком.— Бул сөзүн Анархан эч тартынбай, мени менен көптөн бери тааныштай айтты. Деги тыкылдаган уялбаган кыз экен. Ал эми мен анын алдында кыздан бетер уялам.
Экөөбүз кетирекей дөбөдөн өйдө чыгып, жалгыз аяк жол менен келе жаттык. Жамгыр дале жаап турду. Шаар жамгырдан корунгансып тымтырс болуп дүпүйөт. Тоо тараптан бир да жандуунун кыбыры же дабышы угулбайт. Алар да жамгырдан жүдөп, дагы бир жерлерде үңкүйүп олтурушкандыр. Мен Анарханга эмне деп сүйлөөнү жол бою чыдамсыздык менен ойлосом да, башын таппадым. Эгер эле ырдап жиберсемчи? Болгондо да күйгөн, сүйгөндөн. Ичимден ыр тандасам, бүт эле жетинчи класста агай жаттаткан эмгек ырлары болуп чыкты.
Же азыр Анархандын буралган белин ороло кучактап: «О, Анархан, ак жүзүңдү менден аябачы. Сени сүйөм, сен да мени сүйөсүңбү ыя?» — деп жиберсемчи.
Анда ал сөзсүз эле чочуп кетип, өзүнөн мени оолак түртүп:
- Коюңузчу деги, кандай баласыз. Бул эмне деген мамилеңиз! - деп, тез-тез басып мени карабай кетеби.
Ушинтип, чырмалышкан ой менен келе жатып, күтүлбөгөн жерден чочуп кеттим. Анда-санда кыңкылдап ырдап келе жаткан Анархан боор жолдо бир буту көтөрүлө берди да, көк чөптү жаздана жыгылды. Анархан обдулуп тура берерде жүгүрүп жеттим да, ичке белинен жеңил жөлөп тике тургуздум. Жылуу деми так эле жанымдан чыкты. Бурала берип, көк чөп менен баса берерде ак жүзүн колум менен сылап өтүп:
- Анархан, эч жериңиз ооруган жокпу? — дедим.
-- Жок.
- Ай ушул баткакты...
- Жеттик,— деди.— Жеткирип келгениңизге ыракмат.
Анархандын колун көпкө кармап турдум. Өмүрүмдө жаш кызды бериле сүйүп, үйүнө жеткиргеним ушул жаандуу күн болучу. Ажырашаарда ак бетинен бир өөп кетүүнү жол бою ойлогон элем. Бирок «өзүмдү анын алдында эрксиз сезип, али да жаштыктын жумшак өкүмү бетимде чымырап:
- Кош! — дедим, колун кысып кармап.-- Жакшы эс алыңыз.
Үйгө келсем, кемпир эчак уктаптыр. Шарик борс-борс үрдү да, анан мен экенимди билип, кепесине кирип кетти.
Эки смена бою иштеп талыкшып чарчап келсем дагы уйку менден алыс качты. Бул тунжураган жайдын жаандуу түнүндө мен башкача бир жаңы бакыт менен төрөлгөнсүдүм. Кроваттан ыргып турдум да, ички эшикти ачтым. Үй ээси кемпир так эле үргүлөгөн мышык сыңар ортоңку бөлмөдө кырылдап уктап жатат. Сыртка чыксам, жаан басылып, түрүлгөн асман мейкиндигиндеги булуттар ар тарапка тарап, көпкөк асман шаңкая жадырап, сансыз жылдыздар ар жерде жылтылдайт. Тал-теректер соолуга түшкөн мас кебетеленип, жамгырга жуулуп дилдиреген сабактары аянычтуу шуудурайт.
— Көк-Жаңгак, О Көк-Жаңгак! Койнуңдан көмүрүңдү казып, көчөңдү басып, турмушка биринчи багыт алган сүйгөн шаарым! Ушул түнү артыкча сулуу болуп көрүндүң. Ушул түнү жамгырдан кийинки желп-желп соккон муздак желиңе термелип, чырмалышкан кереметтүү ойго баттым. Кичинекей, Көк-Жаңгак! Кара көмүрүңдүн калың катмары кайсыл жерге чейин созулуп жатты экен?
Тээ бет маңдайкы кенебей жаткан кетик чокунун боорунда сансыз чырактар жылып жүрөт. Ал жерде сыртта иштеген шахтерлор тынымсыз түпкүргө керектүү темир жана карагай жыгачтарын түшүрүп жаткандыр. Чарчаган жапыс мотор үнү дал ошол жерден чыгат. Андан берирээк жапыс жантаймада бүлбүл жарыгы чыккан жер Анархандардын үйү. Ал азыр түн бир оокум болсо да, китеп окуп, же башка жумуштар менен алектир. Же өлөңдөй узун чачтарын күзгүдөн көрсөтүп, бурала кыйшайып, тоту куштай силкине таранып жаткандыр.
Кара плащымды кымтылана жамынып, бул сулуу түндө уйкум качып, кичинекей короодо ары-бери басам.
Шарик кичинекей кепесинен суурулуп чыгып, кадим дөбөттөй чокчоё олтуруп, мени таңыркаган түспөлдө карап: «Деги сен кайдан келген жансың? Жакындан бери биздин короодо кериле басып калдың да. Эмне түн ичинде турасың? Мен сени аяйм. Сага үрбөйм, себеби үйрөнүшүп калбадыкпы» — дегендей алдыма акырын келип бутумду искейт. Күчүгүндө көрбөгөн бул итти тынымсыз башын сылайм. Дале болсо Шарикке бир нерселерди күбүрөйм.
Айлана жымжырт. Түн коюу тартып, асман алкагы көпкөк.
- Шарик! — дедим дагы бир жолу ага ийиле карап,— Карачы, күн чайыттай ачылды.— Эх, Шарик, Шарик, ушул түн да өтөт да!..
* * *
Ушинтип, кийинки күндөрдө турмушумда жана жумушумда бир аз өзгөрүүлөр болду. Сылтыбай экөөбүз барган сайын сырдаш болуп кеттик. Башта жумуш үстүндө кыбырап кыймылдасам, эми алдыдагы жумушту ары-бери бүтүрүп, анча-мынча жумуш мен үчүн сөз болбой калды.
Бир күнү Сылтыбай машинага олтургузуп, дуганы колума берип:
- Казак, качанга дейре мени менен жүрмөк элең. Ме, өз алдыңча үйрөнө башта. Бардыгын үйрөнгөндөн кийин разрядга тапшырып, өз алдыңча иштей баштайсың,— деди. Мен бул сунушка абдан кубандым:
- Сылтыке, бул жөнүндө мен көптөн бери ойлочумун.
Сылтыбай жайдары жылмайды.
- Азыр да кеч эмес. Бирок сезгич бол. Менин сырымды билесиң го. Ар бир ишке көзүң жетип турсун. Иш үстүндө дейди ойлорду ойлонбо. Ынтааң бир гана иште болсун, уктуңбу?
- Уктум.
- Кеттик анда...
Электровоз ачуу жөткүрүп, колумдагы дуга ток өткөрүлгөн троллей сымга тийгенде кыймылга келди...
Артымда сансыз көмүр үймөлөнгөн вагонеткалардын дөңгөлөктөрү тыкылдайт. Мына, мен экинчи горизонтко келе жатам, мен өзүм жалгыз келе жаткан жокмун. Артымда ондогон вагонеткалар келе жатты.
Тигине, мен шахтага биринчи жолу келгенде этимди кислотага күйгүзгөн жер. О, береки карагай шпалга көөдөнүм менен жыгылганмын. Ал күндөр да жаштыктын унутулбас эстелиги сыңары кала берди. Мына азыр бийлик колумда, кичинекей кабинада чиркешкен партияны башкарып келе жатам. Чексиз кубанычка баттым. Денем балкып, бетим албырып, маңдайыма тер алдым. Менин бактылуу күндөрүм, минуталарым ушул түпкүрдө, экинчи горизонтто экенин көптөн издеп жүрүп эми тапкансыдым. Аңгыча эле диспетчердин эшигине бирөо чуркап чыкты:
- Э-э-эй Сылтыке, токтоткунуң электровозду!
Ал чырагын колуна кармап, бош вагонеткаларды тартып чыкмакка ствол тарапка жүгүрдү. Бул Сейитказы эле. Ал тез кыймылдай турган. Мейли, жумуш үстүндө, мейли, тамак жеп жатсын, ары-бери бүтүрүп, дагы сыйпанарга эч нерсе таппай узун мойнун койкоңдото созуп олтуруп калар эле. Бою келишимдүү, дайым күлмүңдөп караган шайырдын шайыры болсо да абдан тентек, өз билгенин коё бербеген неме болчу. Бирок Сылтыбай тез эле башкача Сейитказы кылып тарбиялап чыгууга үлгүрдү. Бир жолу эмне тууралуу экени да белгисиз, Сылтыбайга ороло калчудай жалынып жатыптыр:
- Сылтыке, койчу эми! Бир ачууңду мага берчи.
Ошондон кийин Сылтыбай эмне десе, Сейитказы ошол жумушту баш көтөрбөстөн аткара турган болду.
* * *
Кезектеги Анархан менен жолугушуу июнь күндөрүнүн бир кечи өттү. Мен аны күнү бою көрбөй калсам көптөн бери көрбөй калгансып, санаркай түшчүмүн. Ошон үчүн эгер жумуштан Анархандан мурдараак чыксам аны чыдамсыз күтүп туруучумун. Качан гана бурала басып сүйкүмдүү Анархан жаныма келип турганда, олдоксон туруп колумду берем. Ал денесин денеме тийгизе кыналып турат да, бир сыйра жүзүмө тигиле карап өтөт. Анын мындай караганына туруштук бере албай жүзүмдү буруп кетүүгө аракет кылам. Бирок Анархандын сулуу көздөрү мени көрүнбөгөн сүйүүнүн желеси менен өзүнө орогонсуп, мен да аны кадалып карап калганымды сезбей калам. Мына ушул күнү да Анарханды жумуштан кийин күтүп турдум. Көп узабай эле чыга келди. Бул сапар жанымдан кыйгач өтүп, дөбөчөдөгү жалгыз аяк жолго жүгүрүп чыкты. Ак косынкасын колуна кармап, ар жерден кызгалдак гүлдөрүн терип, кээ бирөөнү мурдуна жакындатат да, кайта башкасына жүгүрөт. Мен Анархандын артынан жөнөдүм. Ал гүлдөн гүл тандап олтуруп, экөөбүз тең ээн-эркин жаткан Жаңгактуу колотко чыгып кетиппиз.
Ал тоодо жүгүрүп жүрүүнү абдан жактырат экен. Бир жолу мени тар кыяда түртүп жиберип качып жөнөдү. Ордуман шашылып турдум да, жар өйдө артынан жүгүрдүм. Мен Анарханга тез эле жеттим. Ал энтиге дем алып, чоң жаңгак түбүнө жөлөнө үн катты:
- Казак, эгер мен өзүм токтобосом, жетмек эмессиң! Ишенесиңби, жетмек эмессиң!
Мен ага жакын бардым. Жүзүнө жүзүмдү жакындатып, эрксиз жаш бала болуп башымды түрсүлдөп соккон жүрөгүнө жөлөп:
- Анархан,— дедим.— Жаным, Анархан! Мен сени алыстан келип таптым. Жериңден өнөр алдым. Эми бир сен үчүн бүткүл өмүрүм шахтага арналмакчы. Түпкүрдүн түрдүү бурчтарына барып, сенин колуңдан алган чырак менен штректерди, забойлорду басып өтөм. Чырагыңдын нуру жүрөгүмдө жанып, түбөлүккө сакталсын!
- Чоң түп жаңгак жыгачы жай гана шуудурайт. Ак жүзүн Анархан менден ала качкан жок...
- Telegram
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВВВРєРСвЂВВВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВВВРЎР‚
- Viber
- Skype