Али Сабахаттин: Ханенде Мелек

  • 18.08.2021
  • 3609

АҢГЕМЕ

Кофе кайнатчу очокко бараткан жолдогу эшиктин жанында үстүңкү бети шырдак,  этек жагына эски килем төшөлгөн, трибунага окшош керебет бар. Үч кишиден турган саз делегациясы даяр олтургучтарга көзгө көрүнөрлүк деңгээлде отурушат. Араларынан бирөө тургусу келсе бир метрге жакын жерден аттоого туура келет.

Мелек мындай учурда кичинекей официант Хамдини жардамга чакырат, бир колу менен анын далысына таянып, бир колу менен этектерин кармап, ичке буттарын төмөндү көздөй шилтейт.

Бул убакыт ошол жерде барда олтурган кардарлар үчүн керемет көрүнүш. Эстен танган,  каалоолору күч көздөр менен тиктешет, таттуу нерсе жегендей илептери бир-бирине тийип жаланышат.

Тамекинин түтүнү менен адам деминен чыккан буу кафенин терезелерин абдан бозортту, сыртта шатырап жааган жамгырдын үнү гана угулат, терезеден аккан жамгырдын тамчылары ичинен көрүнбөйт.

Ортодо эки жакка баскан эки официант, чар тарабы толо элден өздөрүнө араң жол ачышат.  Баткак болгон бут кийимдеринен чыккан  жагымсыз жыт, жарымынан көбү мас кардарлардын дагы да акылынан адаштырат.  Кээде саздын  үнү угулбагыдай ызы-чуу,  тез-тез ачылып жабылган каалгадан сыртка да угулат.

Жаңы келгендер, илгичте илинген пальтолорун  алышып, ар бир олтургучта олтургандар менен   таанышып бүткөндөн кийин бир жер таап олтурушат,  башындагы каскаларын чечишип, чачтарын тарашат.

Кеман, уд жана Мелек анда-санда үндөрүн жоонойтушат. Бул учурда ызы-чуу менен саз ортосунда чыныгы күрөш башталгандай сезилет, кээде ызы-чуу жеңип, саз аргасыздан жеңилгендей акырын сызылдайт, кээде жашоо күрөшү сыяктуу үнүн жогору муңкантып кубанычтуу үнү чертилет. Мындай мөөнөттөрдө Мелектин ичке назик таасирдүү үнү залды рахатка бөлөйт, өзүнө караган көздөргө жылуулук тартуулайт.

Айнектүү эшик акырын ачылып, ичкери доо башчысы Кусейин Авни кирди. Кара пальтосунун жакасын тик тургузуп, окшош түстөгү  шапкасын жүзүн көздөй кийиптир. Оорулуу көздөрүнө кеме түтүнүндөй көз айнек тагып алгандыктан жүзүнүн аз гана бөлүгү, сакалынын өскөнү,  ээги көрүнүп турат. Колунда суулары аккан кол чатыр, чалыштаган кадамдары менен жыгылып калбоо үчүн олтургучтарга таянып жогору көздөй басты, сазга жакын жерге токтоду. Айланасында олтура тургудай олтургуч жок эле. Көздөрү менен тегеректи карады. Ошол жерде олтурган айыл башчылары, бойдок мугалимдер анын көздөрүнө чалдыгып калып, аргасыздан олтургучтарынан айрылып  калууну ойлонушуп, баштарын жерге салып, ырга берилгендей түр көрсөтүштү.

Стол бурчунда олтурган жана наркотиканы алаканына уучтаган  үч касапчы Хусейн Авнини жандарына чакырышты. Карыяны мас кылып шылдыңдоо үчүн жана карыя адамдын алар менен чогуу олтурганын Мелекке көрсөтүп, көзгө көрүнгүсү келишти.

Хусейн Авни көз айнегинин буусун жекетинин учу менен аарчыды, пальтосунун жакасын түшүрдү. Шапкасын чечти.

Түшүп агара баштаган  чачтары  таз, тактар түшкөн башынын терисине жабышып калган. Отурган олтургучуна жөлөнүп, башын сазга буруп күлүмсүрөдү. Бул учурда узун аз тиштери, саргарган сыя өңдүү бүлөлөрү  менен  бирге аржайып көрүндү, илептеринин тегерегине шилекейи чогулуп калган.

Кеман черткен сүйрү баштуу, кара тору жигит ийилип доо сотунун саламын алик алды. Мелек башын билинип-билинбегендей ийди, кучагындагы удга минип алгандай  көрүнгөн, бакырып ырдаган карыган ырчы эч нерседен бейкапар  ырдап жатты.

Мелек ичинен: “Ээ, Жаратканым, бул чалдан кутула албаймынбы?"деди. Өмүрүндө ушунчалык жийиркеничтүү адамга жолуккан эмес. Беш жылдан бери  жашоосун мукам үнү аркылуу улантууда, жашоодон жадаганда да бүт тулку боюн бул мукам,  назик үнүн угууга мажбурлайт. Бул кесип менен адам тандоого болбойт, бирок чеги болууга тийиш.   Хусейн Авнинин тышкы көрүнүшү жийиркеничтүү эмес. Мелекти коркуткан нерсе,  ал чалдын жабышкан аракеттери,  кара көз айнек тагынган көздөрүндө куйту жаман ойлуу көз караштары.

Башка сүйгөн күйөрмандарынын  бир чыны чайына да жок дебеген, бул берешен  бар кожоюнун бир жылмаюу менен баш ийдирген  жаш айым, Хусейн Авнинин белек катары берген билериктерин колуна тагуудан чочулайт.

Кафенин ээсинин айтымына караганда, бул адам укуктук-түрмөнүн  кароолчусу ишинен, ичип кеткенинен улам айдалган, абдан аз айлык алат, үч баласын жана жубайын доо соту болуп иштеп багат. Укуктук билими болбогондуктан, жасаган ишине кесиби дал келбегендиктен иш бөлмөсүнө айылдык бир канча адамдан башка эч ким кирбейт.

Кафенин ээси Мелекке:

- Шериктеш боло албайт, эмнеге көңүл бурасыз ага? -  деди.

- Күнүгө эки айылдыкка эки кагаз жазып жарым тыйын алат, аны да дүкөнчү Махирге арагына берет, үйдө бала-чакасы ач күтөт.  Жашынан да уялбайт, ак сакалына да карабайт. Иш бөлмөсүнө келген алтымыштай аял жубайына асылышат. Токмок жебеген күнү жок. Кафебизге келгендердин бирөөсү аны сыйлаганын көрдүңүзбү? Баткактай чалчык адам!..

Мелек бул айылга келгенине эки ай болгон, Хусейн Авни бир да жолу анын үнүн, ырын угууну калтырган жок. Ар бир кечки убакытта, иш бөлмөсүндө болобу, дүкөндө болобу, бир стакан арагын ичет, экинчи стаканда титирей баштаган кадамдар менен кафенин жолуна түшөт. Бул жаш, толук, кара тору аялдын мукам үнү аны өзүнө тартат. Бирок, анын бир аялга мынчалык ачылып, кенедей жабышканына башка деле себеп жок эле. Анткени ал бардык аялдарды эң сулуусунан эң түрү суугуна, эң жашынан эң картаңына чейин түрдүү болгондоруна карабай уйкудан калып, ойлонуудан азап тартар эле.

Миң түркүн жалгандар, шылтоолор менен аялын алдап, сандыктын бурчунда калган кымбат буюмду алып саздын үнү жаңырган кафеге жөнөйт, бир канча ырды суранып ырдаткандан кийин кичинекей Хамди аркылуу Мелекке алып келгендерин бердирет.

Кеман черткен адамды бир нече жолу иш бөлмөсүнө чакырып кургак зейтин менен арак берген. Бир адам менен мамиле түзүп Мелекке жакындагысы келген болчу. Бирок, акыры сабыры түгөндү. Жарым жартылай саламдан башка жаш айымдын оозунан : "Жакшысызбы, урматтуум" деген сөздөн башка эч нерсе чыкпайт. Олтурган жеринен Мелекти тиктегенде дароо ордунан туруп Мелекке айбанча жабышкысы келген сезимдерге жетеленип кетет.

Бир нече жолу кечкисин Мелекти кеманчы менен бирге иш бөлмөсүнө конокко келүүсүн суранганда, мүдүр уруксат бербейт деп баш тарткан экен, ошол  кеманчыдан  жооп күткөн 24 саат бою кыздын колун сурап жооп күткөндөй азап болгон. Эки күндөн бери эртеден кечке чейин ичип, план түздү.

Бир столдо чогуу олтурган касапчылар кафеде арак ичүүгө тыюу салынгандыктан чай чыныларына куйдуруп ичип отурушкан,   чалга да ичиришти. Тамекинин түтүнү Хусейн Авнинин челдүү көздөрүн жана кургак жүзүн саргартты.

Мелек карыган уд черткен ырчынын үнүнөн жоон темп менен ырдап:

Түн каптады бардык жерди,
Кайгы кучактады денелерди.
Кара торум ай-ай,
Душман эмес, сүйүү ачты,
Жүзүмдөгү  кайгыларды, – деп кыйкырган сайын Хусейн Авни жерге чейин ийилип жыгылчудай тергелүүдө.

Бул ырдын обонунда,  сөздөрүндө, Мелектин ыйлап жаткандай муңдуу ырдашында кызыктай жалынуу бар эле. Карыган адам ичинен бир нерсе күңкүлдөп, бирок тамагы айрылып кетчүдөй "Ах" деген үн чыгарды. Бир убакта бырышкан кагазга бир нерселер жазып кеманчыга берди, бираздан соң саз эски бир ырды чертүүнү улантты.

Бир аялга каратты,  каралуу тагдырым мени,
Бул сүйүүдө күнөөм жок менин!

Бырышкан кагазда карыган адамдын абалына жараша ырлар ырдалышын суранган сөздөр жана жогорудагы ырдын аты жазылган эле.

Кафенин эшиги ачылды,  ичкери 8-10 жаштагы бир кыз кирди. Тармал чачтары жүзүн жаап турат. Көздөрү таңыркап,  эки жакка карангандан кийин Хамдини чакырып, бир нерселер шыбырады.

Хамди акырын үйлөрүнө тарап жаткан кардарларды аралап өтүп, кара көз айнегин түздөп жаткан абышкага келип:

- Мырза ата, сизди үйдө чакырып жатышат экен, кичинекей кызың келди, - деди.

Мастын майлуу жүзү кыжырлуу көрүндү, суюк сакалы түздөлө түштү. Ордунан мышыктай шап тура калып:

- Жоголсун, жок дегенде мага бул жерде тынчтык беришсин! - деп сүйлөнүп,  муштуму менен столду бир урду.

Эшик дароо жабылды, Хусейн Авни ордуна олтурду.

Кафеде адам аз калды.  Эми баштаган оюн-зоокту бүтүрүү артисттерге көз каранды.

Саз черткен адам саз чертүүнү токтотту, уд торбого, кеман кутусуна салынды. Уд черткен адам эч сүйлөбөй, тегерегине карабай,  алдындагы чай чынысындагы чайды ичкенден кийин каалаган акчасын кафенин ээсинен алды да кетти. Кеманчы Хусейн Авнинин жанына келип: “Кандайсың Мырза ата, бул жагы болчудай эмес» дегендей башын кыймылдатты.

Мас болгон абышка:

- Э...бул дагы канчалыкка узайт?.. Менде айла калбады...

Мелек мүдүрдөн акчасын алып, өзүн үйүнө чейин жеткире турган официантты күтүп жаткан. Эски модадагы пальтонун ичинде денеси калтырап үшүдү,  кара деколте бут кийими да баткак болуп, тазаланган эмес эле.

Хусейн Авни ордунан тура калып,  жаш айымдын колдоруна жабышты.

- Мен жеткирейин сени рухум! - деди.

Мелек ысык денесине муздак нерсе тийгендей чочуду.

- Чоң рахмат, кажети жок,- деди.

- Кажети жок деген да туурабы? Мага аз убакыт болсоң эмне болмок, адамга чара калтырбадың!

Бул сөздөр менен бирге аялдын назик колдорун катуу кармады. Мелек дароо силкинди. Теңдигин жоготкон адам тизелери бүгүлүп жыгылып,  столдун бирин сүздү.

Ордунан турганда кашынын бир жагында кызыл шишикти көрдү. Бир колу менен көз айнегин оңдоп:

- Эмне дегиң келип турат? - деди. Үнү кырылдап чыкты.

Башын кеманчыга каратып:

- Акмак! Бул жасаганыңыз эмне? Бул иш узап баратат!

Кеманчы кафенин очок тарабына кетип калды.

Хусейн Авни кайрадан Мелектин колуна жабышкысы келип жакындады. Жаш аял корккон көздөрү менен тегерегине каранды.

Кафеде оюн ойногондор ордуларынан турушту. Кээси кетүүгө камынып, кээ бири карыган адвокат менен Мелектин тегерегине чогулушту.

Уюштуруучу колдонгон  касапчылар баштарын бири-бирине жабыштырып, үн чыгарышпады.

Тапчандагы лампалар жаркырап өчүп, өмүрлөрүнүн аз калганын билдиргендей. Мүдүр кеманчыга акчасын бериптир, ал дагы караңгылыкка сүңгүп көрүнбөй калды.

Хусейн Авни тегерегиндегилерге көңүл бурбады. Жаш аялдын титиреген колдорун  кысып:

- Сен келесиңби? - деди.

Мелек кыска гана:

- Жок! - деп жооп берди.

Бирок эмне кыларын билбей, эки жакка каранды.

Бир маалда  сол бетине тер колу менен мас неме чаап жиберди,  чачынан кармап тартканда, жаны чыгып кетчүдөй башы ооруду.

Башка бирөө аны мастын колунан куткарып,  олтургучка олтургузду. Бул Мелекти үйүнө жеткирчү официант болчу.

Кафенин ээси менен шакирти жерге эски чыптадай түймөктөлгөн карыган адвокатты ур-токмокко, тепкиге алышты. Бираздан кийин шакирттер баткакка чыланган масты буттарынан, колдорунан байлап, кафенин алдына жамгырга чыгарып салышты.

Мелек бир нече мүнөт олтургучта үнсүз олтургандан кийин:

- Жүрү, официант жигитке кетели,- деди.

Сыртка чыкканда кафенин үч кадам төмөнүндөгү таш тепкичтин түбүндө Хусейн Авнинин дагы деле жатканын, жамгырдан кургак жери калбаган кичинекей кызынын аны тургузуу үчүн жандалбастаганын  көрүштү. Алардан бир канча кадам алысташты, бирок кыз аларды көргөн жок.

- Атаке, суранам, атаке тур, жүр кетели,- деп ыйлап жатты.

Муңдуу үнү, шартылдап жаап жаткан жамгырга аралашып адамды муңкантат.

Мелек жанындагы официантка:

- Ушул адамды тургузуп койсоңчу,- деди.

Чогуу артка кайтышты. Кичинекей кыз дагы деле атасынын тегерегинде айланып, ыйын токтотуп жалынды:

- Атаке, жүр кетели, апам сөз берди, ичтиң деп урушпайт... Эч нерсе алып келбедиң дебейт... Эч урушпайт...

Бир канча убакыт үндөбөй тыңшап, кайрадан:

- Жүр, турчу, суранам,- деп ыйын улантты.

 Жанына келгендерди тиктеди. Муңдуу жүзү менен жардам сурап жалооруй:

- Тургузуп коюңузчу, суранам, эки күндөн бери үйгө келбейт, баарыбыз ачкабыз. Бул үйгө келбегенде апам бизди сабайт, таап келгиле деп!

Мелек менен официант Хусейн Авнинин колунан тарткылашты. Мас адам өзүн жоготкон. Ордунан араң кыймылдайт. Суу болгон пальтосу семиз денесинен да оор эле. Буттарын жерге сүйрөп, бир канча жерге алып барышты. Бираз коё беришсе, ошол жерде жыгылып түшөт. Эч нерсе дешпестен сүйрөй башташты. Кичинекей кыз алдыга басып, жол көргөзүп баратты.

Айсыз караңгы көчөдө Мелек тизесине чейин баткак болду, ар бир кадамда  чуңкур бар. Бир кыйла баскандан кийин чар тарабы ачык бакчанын алдына токтошту. Кыз көнгөн аракети менен кагылуу эшиктин темир туткасын таап такылдатты. Эшик кыйчылдады, ылайлуу бакчадан басып келаткан  адамдын үнү угулду, эшиктин бир тарабы ачылып, колунда  чырагы бар   семиз аял чыкты.

Чоң көздөрү менен  масты анан таңыркаган көз карашын жаш аялга кадады. Кичинекей кыздын кайгылуу үнүндөй  үн менен:

- Демек, азыркысы сенсиң,- деди.

Мелек эч нерсе деген жок. Эки аял бир саам тиктешти. Официант масты эшиктин ич жагына, дубалдын түбүнө жөлөдү. Кичинекей кыз эшиктин бир бурчунда бышактап, мурдун тарткылады.

Тамдын бурчунан тамчы тамып, тыпылдаган жамгыр  көчөнүн ылайларына аралашып жатты. Мелек акырын сумкасын ачып, ичинен төрт-беш билерик, эки жуп сөйкө алды. Өзүнө жалдырап караган семиз аялга сунуп:

- Алыңыз, буларды... Булар сиздики болсо керек...- деди. Анан башын ылдый ийип: - Мага буларды берүүсүнө кажет жок эле,-  деди.

Кетүү үчүн артка бурулганда, эшиктин бурчунда жөлөнүп турган кичинекей кызды көрдү. Өзүн тута албай анын колунан кармап, суу болгон чачтарын сылап, көкүрөгүнө бекем кыса кучактады. Таңыркаган кыздын жаштан,  жамгырдан суу болгон жүзүнөн өптү.

Бир күнөө жасагандай, дароо сумкасын ачты да өзүнө өзү жинденгендей абал менен  бираз мурда алган маянасын, кечээгиден калган жыйырма-отуз тыйынды кыздын алаканына карматты.

Андан кийин  артына карабастан, жанында жүргөн  официант экөө үн-сөзсүз унчугушпай,  баткактуу жолдор менен артты көздөй өзүн күткөн  тактысына -   бөлмөсүнө кайтты.

1937

Түркчөдөн которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз