Бери караң: Жакшылык да, жамандык да пейилден

  • 08.11.2023
  • 5375

Устаты шакиртери менен дарыя жээгиндеги бутактары чар тарапка жайылган бийик чынар теректин көлөкөсүндө олтурушкан. Күн чайыттай ачык. Асманда томуктай да булут жок, канаттуулардын сайраганы, дарыянын шоокумуна аралашып айлана өзүнчө бир керемет үндөргө толду. Аркы өйүздө көк мунарыкка оронгон чоң шаардын карааны көрүнөт.

Аңгыча алардын жанына алкынган тулпар минген чабандес келди. Ал ат тизгинин тартып устатка кайрылды:

– Аксакал, айтыңызчы, тигил шаардын эли кандай? – деди бүктөй кармаган камчысы менен шаарды көргөзүп.

Устат чабандести башынан аягына чейин сыдыра карады да, анын суроосуна суроо менен жооп берди.

—А сен келе жаткан шаардын адамдары кандай эле?

 – Мен акыркы жолу барган шаардын эли аябай начар болуп чыкты... ач көз, жалганчы, ушакчы адамдар өтө көп.

– Сен ал жактан бекер эле кетипсиң, – башын чайкады карыя, – бул шаарда деле дал ошондой адамдар жашайт...

Атчан адам унчукпай атына камчы салды да, аркасынан чаң бурулдатып шаарды көздөй чапкан боюнча жөнөп кетти.

Көп өтпөй алардын жанына жонуна баштыгын асынып орто жаштан өтүп калган адам келди. Ал адегенде саламдашкан соң, дарыяга барып кочуштап суу ичти да анан алардын жанына көчүк басты.

– Айткылачы, ак көңүл адамдар, бул шаардын кандай жакшы жактары бар, – деди башын  шаарды карай ийкеп, – бул шаардын эли жакшыбы?

– А сен келген шаар эмнеси менен мактанат? – деди устат өз кезегинде жолоочуга кайрылып, – ал жердин эли кандай?

– Мен ал шаарда өмүр бою жашадым. Бул дүйнөдөгү эң сонун шаар. Эгерде жакындарымдан ажырап калбаганымда ал шаарды эч качан таштап кетпейт элем. Бассаң-турсаң о дүйнө кеткен жакындарымды эске салган жерлерде жүрүү өтө кыйын болду... А ал жердин эли ак көңүл, боорукер... андай адамдарга мындан ары жолугамбы, жолукпаймбы...

– Эч нерседен кам санаба, – карыя тигинин ийинине колун койду. – Сен издеген кишилериңди дал ушул жерден табасың....

Жолоочу карыяга ыракматын айтып кеткенден кийин таң калган окуучунун бири ага суроо узатты:

 – Устатым, эмне үчүн берилген бир эле суроого, эки башка жооп бердиңиз?

– Иштин жайы мындай, уулум. Жашоо өзү ушундай: ар ким пейилине жараша издегенин табат...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз