О'Генри: Салттын урматына

  • 20.08.2021
  • 2989

АҢГЕМЕ

Ар бир жылдын бизге тиешелүү бир күнү бар. Бул күнү биз көчөдө эмес, жылуу-жумшак үйлөрдө чоңойгон америкалыктар, өзүбүз туулуп өскөн атабыздын үйүнө келебиз, бала кезибиздегидей таттуу печений менен чай ичип, эски кудук биз ойлоп жүргөнгө караганда үйгө алда канча жакын экендигин көрүп таң калабыз.  

Ошол күндү кудай бизге кут кылсын!

Бул күн президент Рузьвелттин[1] убагында эле болгонун билебиз. Ал күндөрү кайсы бир пуритандар тууралуу кеп кылышат, бирок алар кимдер болгонун эстеген адам жок. Кандай болгондо да кокустан бизге кайрадан кол салабыз деп келгендер болсо, албетте, катыгын берерибиз анык.

Плимут Рокс[2]? Бул эми бизге жакшы белгилүү. Көпчүлүгүбүз кубаттуу Трест пайда болгону, ал күнү бардыгыбыз тоок этине өтпөдүкпү. Вашингтондо майрамдын болор күнүн бирөөлөр аларга атайлап кабарлап турушкансыйт.

Кызыл жемиштүү өсүмдүктөр өскөн саздын чыгышында жайгашкан улуу шаар, Кудайга ыраазычылык көргөзүү Күнүн улуттук традицияга айлантты. Ноябрдын акыркы бейшембиси – бул жыл ичиндеги үйлөмө көпүрөлөр аркылуу байланышып турган Американын калган бөлүгү да бар экенин тааныган жападан жалгыз майрам. Ооба, бул жалпы Америкага гана тиешелүү жападан жалгыз күн.

А эми болсо, океандын бул тарабында биздин тырышчаактыгыбыз менен ишмердигибиздин натыйжасында Англиядагыдан да тез пайда болгон салттар бар экени тууралуу аңгемебизди баштайлы.

Стаффи Пит Жаштар-сейил багы аталган бакчанын чыгыш тарабындагы, фонтандын жаны – жолдун оң тарабындагы үчүнчү олтургучка барып олтурду.

Мына ал тогуз жылдан бери Кудайга Ыраазылык Күнү дал ушул олтургучка түшкү саат туптуура бир болгондо келип олтурат, андан соң дайыма Диккенстин чыгармаларынын духунда, табышмактуу бир нерсеге кабылып, ал нерседен жүрөгүнүн тушу, бир гана жүрөгүнүн тушу эле эмес, бүт денеси солкулдап кетер эле.

Бирок бул жылы Стаффи Пит бул жерге филантроптор айтып жүрүшкөндөй, жакырларды дал ушундай узакка созулган убакыт өткөндөн кийин бөтөнчө кыйначу ачкачылыктын айынан эмес, жөн гана көнгөн адаты менен келип калгандай көрүнөт.

Пит ачка эмес болчу. Ал бир жерден аябай тоюп чыккандыктан, деми кысылып, араң кыймылдап жүргөн. Анын барсылдакка окшогон эки көзү, чанактарынан чыгып кетчүдөй тостоюп, жоон моюнундагы терисинин бырыштары, тик жакасынын көркүн бузуп турду. Бир апта мурда Сактоочу армиянын көп азап-тозокторун көргөн солдатынын манжалары менен кадалган топчулары, кудум казанда куурулуп жаткан жүгөрү данындай чачырап, бут алдына биринин артынан бири жулунуп түшө баштады.

Ал самсаалап жыртылган эски кийимчен эле, бирок азыр көкүрөгү айрык көйнөгүнөн кирген ноябрдын кар аралаш шамалы ага майдай жагып турду.

Стаффи Пит деңиз үлүлүнөн баштап, тоок эти, тапка бышырган картөшкө, балапан эти кошулган салат, каттама, бал муздак – кыскасы, алдына келген тамактын бирин да калтырбай жалмагандыктан, ашыкча тамакты сиңире албай күптү болуп, денеси ысып-күйүп кыйналып жаткан.

Бул тамакка ал капысынан кабылды: Стаффи Бешинчи көчөдөгү Вашингтон-бакчасында салтты аябай кадырлап, сыйлашкан белгилүү, улгайып калган эки байбиче жашаган кызыл кирпичтен салынган заңгыраган үйдүн жанынан өтүп бараткан. Ал эки байбичеге Нью-Йорктун бар, жогу баары бир болчу, Кудайга Ыраазычылык Күнү алардын кварталында гана өтөт деп ойлошчу. Алардын кадырлап сыйлап ар дайым сактап жүргөн салттарынын арасында мындай адат да бар эле, – Кудайга Ыраазычылык Күнү чак түштө, кызматчыларына эшик алдынан жолуккан биринчи эле ачка жолоочуну кармап, аябай тойгузууга буйрук беришчү. Бул жолу Стаффи Питт Жаштар-сейил багына баратып, байбичелердин койгон күзөтчүлөрүнө жолугуп калып жатпайбы, анан алар өздөрүнө тагылган милдетти так аткарып, аны колтугунан жетелеп келишип бул үйдө кабыл алынган салтты абийирдүүлүк менен аткарышкан эле.

Стаффи он мүнөтчө башын кыймылдатпай, алды жагын жалдырап тиктеп олтурду да, эмнегедир айланасын карагысы келди. Ал башын кыйналып жатып акырын солго бурду. Капыстан анын көздөрү чанагынан чыгып, дем алуусу оордоп, кыска буттарынын башы, бут алдындагы шагылды ары-бери түрткүлөп кирди. Ал олтурган олтургучту карай төртүнчү көчөнү кесип өтүп Кары Мырза келе жаткан. Он жыл катары менен Ыраазычылык Күнүндө Кары Мырза ушул олтургучтан Стаффи Питти таап, ээрчитип кетчү. Кары Мырза муну салтка айлантып алган.

Жыл сайын Стаффини ушул жерден жолуктуруп, аны ресторанга алып барып, курсагын тойгузчу. Англияда мындай көрүнүштөр кадимкидей өтө берет, бирок Америка жаш өлкө – тогуз жыл анча деле көп мөөнөт эмес. Кары Мырза баш оту менен мекенин сүйгөн адам эле, ал өзүн америкалык каада-салттардын пионеримин деп эсептечү. Эгерде сага көңүл бөлүшсүн десең, бир эле нерсени тажабай кайталап жасай бериш керек, мисалы апта сайын өнөр жайын камсыздандыруу боюнча тогуз пайыздык төлөмдөрдү чогулт же күн сайын эртең менен көчө шыпыр.

Койкоюп, кычырай баскан Кары Мырза өзү түзгөн Салттын пайдубалына жакындап келе жаткан. Албетте, Стаффини жыл сайын тоюндуруу мисалы Улуу Хартия же Англиядагы эртең мененки тамакка берилчү джем сыяктуу жалпы улуттук мааниге ээ эмес болчу. Бирок бул да болсо алга карай кеткен кадам. Бул нерседе ал тургай феодалдык доорго тиешелүү бир нерсе бардай сезилчү. Кандай болгон күндө да бул Нью... гм... Америкада деле жаңы салттарды калыптандырса болорунун далили болчу.

Кары Мырза узун бойлуу, арык, алтымышка чыгып калган адам. Ал башынан аягына чейин кара кийинип, мурдунун үстүнө токтобогон эски модадагы көз айнегин кондуруп алыптыр. Чачтарынын агы былтыркыга караганда көбөйүп кеткенсийт, кармаган жери иймекей бутактуу таягына салмагын катуураак салгансыйт.

Өз камкорчусун көргөн Стаффи семирип алган кандек көчөдө каңгып жүргөн жолбун дөбөттү көргөнсүп дене бою титиреп, кыңшылап жиберди. Ал тура калып качып кеткенге даяр эле, бирок аны азыр Сантос-Дюмондун[3] өзү келсе да олтургучтан тургуза алмак эмес.

Карыган эки байбиченин жан-жөкөрлөрү өз милдеттерин ак ниеттик менен аткарышкан.

– Кутмандуу таңыңыз менен, – деп учурашты Кары Мырза. – Өткөн жылдын кырсыктарынан тышкары болуп, бул кереметтүү дүйнөдө ден-соолукта, аман-эсен жүргөнүңүздү кайрадан көргөнүмө кубанычтуумун. Сизге жолуктурган үчүн эле бүгүнкү Ыраазычылык Күндү Кудайым алкасын! Ардактуум, эми мени менен барсаңыз, сиздин денеңиздин абалы, жан дүйнөңүздүн абалына теңелгиндей кылып тамактандырам.

Кары Мырза тогуз жылдан бери ушул салтанаттуу күнү дал ушул сүйлөмдү кайталачу. Бул сөздөр Көз карандысыздыктын Декларациясы сыяктуу эле салттуу сөздөргө айланып калган. Мурда бул сөздөр Стаффинин кулагына жагымдуу музыкадай угулчу. Бирок азыр анын Кары Мырзанын каректеринен кыйналууга толгон көз карашты көрүүгө болор эле. Анын ысык чекесине тийген кардын майда бүртүкчөлөрү, дароо эле бууга айланып кетти. А Кары Мырза муздак шамалга далысын салып үшүп турду.

Стаффини Кары Мырза эмнегедир өз сөздөрүн дайыма капалуу маанайда айтканы таң калтырчу. Ал бул мүнөттөрдө Кары Мырза өзү өлгөндөн кийин, артында бул жерге келип, башын бийик көтөрүп, кайсы бир ушуга окшогон Стаффиге: “Менин атамдын арбагы ыраазы болсун десең...” деп айта турган уулу жогуна өкүнүп жүргөнүн кайдан билсин. Аттиң десең. ..Мына ошондо салт накта калыптанмак жана уланмак!

Кары Мырзанын бир туугандары да жок болчу. Ал сейил бакчанын чыгыш жагындагы эскилиги жеткен чоң таш үйдөгү үй-бүлөлүк пансиондун бир бөлмөсүн ижарага алып жашачу. Ал кышкысын чоңдугу сандыктай болгон күнканасында гүл өстүрчү. Жазында кызыл жумуртка майрамына катышчу. Жайында Нью-Джерсидеги фермасында токулган жөлөнгүчтүү олтургучуна олтуруп алып, ornithoptera amphrisius деген көпөлөктү тапсам деп кыялданчу. Күзүндө Стаффинин курсагын тойгуза тамактандырчу. Кары Мырзанын кыла жүргөн иштери жана милдеттери ушундай эле.

Айласы түгөнгөн Стаффи, жарым мүнөтчө аны карап калды. Кары Мырза Стаффини көнүмүш ордунан тапканына жетине албай сүйүнүп, көздөрү жайнап турган. Жыл өткөн сайын анын жүзүндөгү бырыштары көбөйгөн менен, кара галстугу мурдагыдай эле таза, тыкан байланып, кийген кийиминде бир дагы айып жок болчу.

Стаффи мискейде кайнап жаткан буурчак сорпонун үнүнө окшогон үн чыгарып жиберди. Анын дайыма айтылып жүрчү сөзүнөн кийин чыкчу бул үн Кары Мырзага белгилүү эле, ал аны тогузунчу жолу угуп жаткандыктан, бул үндү Стаффинин анын чакырыгына макул болгонун белгиси катары кабыл алчу.

“Чоң рахмат, сэр. Мен сиз менен барам. Мен аябай ачкамын” —деди ал сыпайкерчилик менен. Ашыкча жеген тамагын сиңире албай күптү болуп турса да, Стаффи өзүнүн жаңы салтты түптөөгө катышып жатканын сезбей койгон жок. Ыраазычылык Күнүндө атайын мыйзамдардын жыйнагында каралбаса да, ушул салттын ыйык укугуна ылайык анын бүгүнкү табити өзүнө эмес, а ак көңүл Кары Мырзага тиешелүү болчу.

Америка, албетте, эркин өлкө, бирок салтты бекемдөө үчүн кимдир-бирөө мезгил-мезгили менен кайталануучу сан болушу керек да. Баатырдын баары эле – алтын менен күмүш эмес. Калайдан жасалган же күмүш менен бууланган темирден жасалган куралын алып, чапкылап жүргөндөр толтура эмеспи.

Кары Мырза жылда колдоого алган адамын Парнанын түштүгүндө жайгашкан ресторанга ээрчитип барып, жыл сайын тамак ичип жүрчү үстөлгө олтургузду. Аларды бул жерде баары таанышчу.

– Баягы Ыраазычылык күнүндө селсаягын ээрчитип келип, тамак алып берип жүргөн чал келе жатат, – деди тамак ташыгычтын бири.

Кары Мырза келечектеги байыркы салтка айлануунун пайдубалын түзгөн үстөл четинде, жүзү жадырап, кубанып олтурду. Тейлөөчү кызматкерлер майрамдык дасторконду бат эле толтуруп жиберишти. Стаффи ачка жүрүп, тамакты эми гана көргөнсүгөн түр менен терең дем алды да, кашык-вилканы алып, жеңиштин ченебегендей урмат-сыйын көрүү үчүн кармашка белсенип киришти.

Бир дагы баатыр душманына ушунчалык эрдик менен катылып кирген эместир. Шорпо, тооктун эти, котлет, жашылча салаттар, токочтор алдыга келер замат жок болуп жатты. Тоюп алган Стаффи ресторанга жаңы киргенде ал жердеги тамак-аштын жытынан аз эле жерден кайра артка качып чыга жаздап калган. Бирок чыныгы рыцарь катары, ал өзүнүн алсыздыгын жеңди. Ал Кары Мырзанын бырыш баскан жүзүндөгү ашып-ташып, ал тургай кышында күнканасында өстүргөн гүлдөрү жана  ornithoptera amphrisius көпөлөгү да бере албаган чоң ыракатты көрүп-билип тургандыктан – аны ошол бактысынан ажыратып капа кылгысы келген жок.

Бир сааттан кийин кармаш анын жеңиши менен аяктап, Стаффи үстөлдүн жөлөнгүчүнө чалкалай олтурду.

– Сизге ыраазымын, сэр! –деди ал тешилип кеткен буу түтүк сыяктуу бышылдап.

Андан соң ордунан араң козголуп турду да, эс-мас болуп кайда бара жатканын сезбегендей бир жерди тиктеген боюнча ашкананы карай жөнөдү. Тамак ташыгыч аны чимирик сыяктуу айлантып, сыртка чыгуучу эшикке акырын түртүп койду.

Кары Мырза чөнтөгүнөн капчыгын алып, Стаффи жеген тамак үчүн бир доллар, отуз цент, жана тейлеген кызматкерге чайга деп ашыкча он беш цент санап берди. Алар мурдагы жылдардагыдай эле эшик алдынан коштошушту. Кары Мырза түштүккө, ал эми Стаффи түндүк тарапка бурулду.

Стаффи көп узабай биринчи көчө менен кесилишкен жерге жетпей токтоп, жарым мүнөтчө бир башкача калчылдап турду да, жиниккен аттай кулап түштү.

Тез жардамдын машинеси келгенде жаш дарыгер кыз менен айдоочу жигит Стаффинин оор денесин сөгүнүп жатып араң салышты. Оозунан ичкиликтин жыты чыкпагандыктан, аны полиция участогуна жибериштин кажети жок эле, ошондуктан ал өзүнүн эки жолку тоё жеген тамагы менен ооруканага түштү. Ал жактан аны жаткызып алышып, кандайдыр бир хирургдун бычагынын жардамысыз, тез сакая турган сейрек кездешүүчү ооруну издей башташты.

А бир сааттан кийин ошол эле ооруканага Кары Мырзаны жеткизишти. Аны да керебетке жаткызышты, бирок анын сырткы келбети чоң гонорар берчүдөй үмүт жараткандыктан, ошого жараша жакшы аракет көрүп жатышты.

Көп өтпөй жаш дарыгердин бири, көздөрү сүйкүмдүү жаш медайымдын бири менен сүйлөшүп жатып, ага жаңы түшкөн оорулууга таң калганы тууралуу айтып жатты:

– Мындай болот деп ким ойлоптур, – деди ал, – келбети келишкен Кары Мырза ачкачылыктан эсинен танган экен. Бул, сыягы эски, намыскөй уруудан чыккан мырза окшобойбу. Ал мага үч күндөн бер оозуна бир күкүм да нан салбаганын моюнуна алды.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

[1] Теодор, Рузвельт - АКШнын 19011909-жж. президенти.

[2] Плимут аскалары, 1620-ж. Англиядан келген биринчи келгиндердин адегенде келип түшкөн жээги.

[3] Сантос-Дюмон – бразилиялык аэронавт (1873-1932).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз