Касым Каимов: Кар-Жаабас жерде

АҢГЕМЕ

Күнөстүү кыргыз тоолорунда кышкысын кыпындай кар түшпөй турган сонун жерлер бар. Ала-Тоонун башка жактары ак мамыкка бөлөнүп, каардуу аяз ызын кагып турган мезгилде Кар-Жаабастын карандай соккон шамалы гана болбосо, ою менен тоосу капкара бойдон жатат. Бул жер кышында мал чарбасы үчүн табылгыс жайыт.

Кыш катуу жылдарда улагалаш тоолордогу кийиктер да көбүнчө Кар-Жаабаска байырлашат. Ошентип, ал жерге калың мал менен тоо кийиктери толгон кезде кексе карышкырлар да ошол тарапка ыкташат.

Кыскасы, Кар-Жаабас кыш чилдесинде туш-туштан сүрүлүп келген жан-жаныбарларды кааласа-каалабаса да, бири-бири менен кездештирбей койбойт. Мындай кездешүүдөн ар кандай кокустуктар, укмуштай окуялар туулат.

Ферманын чабандары Абдыракман менен Жунуш быйыл Кар-Жаабаска бирге көчүп келишип, коңшулаш отурушуп, малдарын кыштата башташты. Экөө тең эски чабан болгондуктап азык-түлүк, кийим-кечектен башка, бир-бир мылтыкты ок-дарысы менен мол камдашкан. Экөөндө мындан башка эки мыкты ит бар: Абдыракманда кара дөбөт, Жунушта көк канчык. Дөбөттүн аты — Жолборс, канчыктын аты —  Жойпу. - Жолборс жоон-жолпусунан келген, буттары баржайган кадимки күр дөбөт, күндүз мал менен кошо жайытка чыгып, кечинде үйүлгөн кыктын үстүндө комдонуп жата берет. Түнкүсүн бет алды үрбөйт.

Жойпу болсо, түнкүсүн былк эткен караан көрүп, шырп эткен дабыш укса да үрөт. Айлуу түндө асмандагы, булуттун жер бетинде жылып келаткан көлөкөсү да ага шек туудурбай койбойт. Малчылар Жойпуну ошон үчүн «сак кулак», «короочу» деп макташат.

Жунуш менен Абдыракман мындан мурда коңшу отуруп көрүшпөгөндүктөн, бири-биринин кой жайышын, короо кайтарышын жана иттеринин сактыгынан бери сынап көрүштү. Эки чабан бардык жактан өз ара өөн таба алышпады, жалгыз гана күмөн туудурган нерсе — иттер.

Абдыракман Жунушка: «Дагы бир ит тап, алсыз канчыкка ишенсең, алдырып коёрсуң» деп кошуналык кеңешин айтты.

- Чабан үчүн иттин жакшысы — сакчылыгы. Ит күчтүү болгондо мага карышкыр тиштеп бермек беле. Короо сак кайтарып берсе болгону, — дейт Жунуш колун шилтеп. — Билгиң келсе, Жойпум үч итке татыйт.

- Канчыкты мактаган жакшы болчу эмес. Бир уятка калба.— Абдыракман ага күлө карады. — Мен тамаша айтып жатканым жок, угушума караганда канчыкка күч келсе ээсине опо кылбайт дейт. Сенин ушул Жойпуңдун түрү жаман, капырдын.

Бул сөзгө Жунуш ыза болуп калды.

- Сен өзүң уятка калбасаң болдубу! Мени менен ишиң болбосун...

Ошондон кийин Жунуш коңшусун жаман көрүп калды. Кимдин ити кандай экенин көрөрбүз деп, кезек күтүп жүрдү.

Жунуштун көк канчыкка ишене турган жөнү бар эле. Чиркин Жойпунун башкасын айтпаганда да, үрүшүнүн өзүндө кандай сыр бар! Жойпунун үнүн созуп, эркин үрүшү — душманына короо бек, кожоюнум ойгоо деген эскертүүсү. Короону тегерене чуркап, айбаттуу арсылдап үрүшү келген жоого өзү үстөмдүк кылганы. Эгерде куймулчагын боз үйдүн туурдугуна такап чаңылдаса — башына коркунуч түшүп, ээсине датын айтканы. Демек, Жунуш жылуу төшөгүндө жатып, келген жоонун түрүн итинин үнүнөн эле ажыратып коёт. Мындай итти кантип жаман көрөт жана ага каршы сүйлөгөндөргө кантип гана ачууланбайт?

Ошол күндөн тартын, экөө бири-биринин үйүнө катташпай калды.

Койчулардын ортосундагы ысык мамиле ошентип ит жөнүндө болгон талаштан улам сууп баратты. Абдыракман Жойпуну жамандагандан кийин, Жунуш Жолборсту айыпсыз эле жактырбай коюшу экөөнүн ортосундагы жикти андан бетер ачты. Кошуналык мамиле ошол бойдон тымып калган жок. Иттердин жакшы, жаманы сыналуучу мезгил жаңы гана башталды.

*      *      *

Кар-Жаабас багытына келген карышкырлар быйыл береке табышкан жок. Бардык короолордо жарактуу чабандар, жабалактаган ажаан иттер. Тоо кийиктери да оңой менен алдырбады. Күндүзү тиштерине алгылыктуу нерсе илинбей, түңкүсүн кайтарылуу короолорго батынбай, ачыгып, каары кайнаган карышкырлар, улуп-уңшуп чогулушуп, өзүнчө чоң топ болду. Карышкырлардын тобун Көкарт тараптан келген көк жал кашаба баштап, мейли түндө, мейли күндүз болсун, четке чыккан малдарды кайсап, короого да качырып кире турган болушту.

Бул кабарды угуп, Кар-Жаабаска мергенчилер келишип, карышкырлардын тобун таап, тозоңун чыгарышты. Бирер — тирүү калгандары бет алды бириндеп кетти.

Көк жал кашаба тобунан бөлүнүп, жалгыз калды. Ал бекем кайтарылган короого кыжырланат, тобунан ажыраткан адамдарга тишин кайрайт. Тоодон сүрүлүп жакага келгенден кийин тумшугу кандуу тамакка жетпей, түнүнкүсүн көр ачып, жан сактай баштады. Кишилер кашабаны жакадан да кууп чыгышты. Ал Кар-Жаабас багытына кайрылып келди. Эми жалгыз болсо да, короого тийүүдөн башка арга жок, эч болбосо, үрүп чыккан жалгыз-жарым ит кездешсе да олжо.

Кексе карышкыр күндүз уктап, уйкусун кандырып алып, чабытка түндөп чыкчу болду. Кечкурун айылды акмалап келип, бир кырга жатып алып, чабандардын чырагы өчүп, үргөн иттердин дабышы басылган кезде гана козголот.

Короонун айланасында шектенерлик караан көрүнбөсө да, куйругун чатына кыпчып, таштан ташка, бутадан бутага далдалана жүгүрүп отуруп, бир чабандын короосуна жакындады. Бул Жунуштун коросу эле. Коргонго эми секирерде үргүлөп жаткан Жойпу бет маңдайындагы бадалдын шамалга ыргалып шуулдашынан чоочуп, үрүп жиберсе болорбу! Иттин кесепетинен олжодон кагылган кашаба уурттарын ыржыйтып, курч азууларын арсайтып, Жойпунун каптал жагынан качырып калды.

- Арр... сени жайлап тынайын. Экинчи унчуккус кылайын.

Жойпу кашабаны көргөндө коркконунан кирүүгө жер таппай, бирөөдөн таяк жегенсип жан соогалап каңкылдап, артына жылып отуруп, эшиктен кирип, төшөктө жаткан ээсин тепсей качты. Катуу уктап жаткан Жунуш чоочуп ойгонду. Короого карышкыр келгенин билип, чала-була кийинип колуна дүрмөттөлүү мылтыгын алып, эшикке жүгүрүп чыкты. Ай караңгы болгондуктан эч нерсе көрүнбөйт. «Эмне болсоң — ошо бол» деп, мылтыгын асманды каратып атып жиберди. Тоо жаңырып, короодогу койлор дүр этип барып токтошту. Жойпу ошондо гана эшикке чыкты. Карышкырдын дайыны жоголгондон кийин Жойпунун үнү чыйрак чыгып, ал түгүл кырга чейин үрүп барып келди:

- Эр болсоң кайра келчи! Жазаңды гана колуңа берем. Мен «тарс этмени» алып келгенче качып кетипсиң. Айрөк, коркок!

Мылтыктын дабышынан чоочуган кашаба бир кырдан ашып, экинчи кырга жеткенде Жойпунун үнүн угул токтой калды:

— Кап, жана сени көргөн жерден эле жарып салбай. Шашпа. Сагабы!— Ал азууларын шакылдатып, шилекейин жутуп алды.

Ач курсак карышкырдын тынчын алды. Ал дагы козголду. Бул жолу берки өйүздөгү Абдыракмандын короосуна туш болду. Короонун четинде көзүн жалжылдатып, бирде жумуп, айланасына кулак түрүп жаткан Жолборс майда таштын кытыр эткенин угуп, артына кылчайып карай, короого чукул келген кашабаны көрүп ордунан лып турду. Аны кашаба да байкап, өз күчүнө ишенишкен эки жоо ыркырашып бири-бирин көздөй жакындап баратышты.

- Кезегиң келдиби? Эми тирүү кетпейсиң, —дейт дөбөт.

- Ушу сеники өттү. Мага каргаша болуп, шорумду куруттуң. Сениби!— Карышкыр экинчи жактан кезенет. Экөө ыркырап келип беттешкенде күчтөрү бирдей немелер бири-бирин жыга алышпай типтик тирелишип калышты. Адамча коюн-колтук алышып, нары-бери сүрүшөт, эгерде бири ыктаса эле ошонусун баса калып, кекиртектен алмак. Ит болсун, карышкыр болсун, айтор күчтүүлөрү бири-бири менен алышканда бет алды жерден тиштешпейт. Экөө тең адаттагыдай мерчемдүү жерди көздөшөт. Абдыракман ыркырашкан үндөрдү угуп, мылтыгын алып эшикке чыкты. Тирелишкен экөөнү көрүп, бири карышкыр экенин билди да, караңгыда ага ок чыгарууга мүмкүн болбогондуктан, мылтыгын асманга каратып атып жиберди.

Мылтыгынын оозунан ок жарк этип, кулак туна түшкөндө карышкыр безип качты. Жолборс соңунан түштү.

Ит ээсинин чакырыгына кайрылган жок.

Чабандын аялы Сонун уу-чуунун дабышы менен капкачан ойгонгон.

— Же карышкыр өлөт, же ит өлөт, — деди Абдыракман үйүнө кирип.

Жолборс ылдыйга күүсү менен катуу жүгүрүүчү,өргө келгенде эти оор неме иттердин баарынын артында калучу. Айыгышып калган дөбөт карышкырга өзөнгө жакындаганда жетип, куймулчактан бурдап өттү. Карышкыр кайрылып, экөө дагы тытышып калды. Алар кармашкан типтик беттин асты жагы жар болучу. Жардын алдында чоң өзөн күркүрөп агып жатат. Экөө астын-үстүн болуп ала салышып эңкейишке токтобой, жардын башынан учуп, сууга күп дей түшүштү. Жырткыч айбандар оттон кандай корксо, суудан ошондой эле коркот. Ит да ошондой эмеспи. Эгерде эки ит айыгышып алышса, үстүнө муздак суу куюп жиберсең, туш-тушка качат. Анын сыңарындай эки көк жал муздак сууга күп дей түшкөндө сезгенгени ушунчалык бири-бири менен иши жок, оозу-мурундарына суу кирип, баштарын чулгуп, экөө эки жакты көздөй далбастап сүзүп жөнөштү...

*      *      *

Кашаба Кар-Жаабастай малдуу жерди таштап кете албай, имерчиктеп жүрө берди. Малчылар да короолорун бек кайтарып калышты.

Бир_ күнү Жунуш койду аялына калтырып, туз алып келүү үчүн өзү кыштакка жөнөдү. Ээсин ээрчүүгө көнгөн Жойпу «кал» десе болбой, Жунуш менен кошо жөнөдү. Жолдо баратканда алар эч кандай кызык нерсеге учурашкан жок, бирок кайра тартканда укмуштуудай окуяга туш болушту. Окуя Жойпунун гана башынан өткөндүктөн, ал кожоюну үчүн табышмак болуп калды.

Ал мындай болот. Жунуш кыштактан узап, тоого кирип келгенде күн уясына эңкейип калган. Бир аз жүргөндөн кийин, айылдын жакын калганын сезген Жойпу майлуу аталасы эсине түшүп, кожоюнун таштап лыпылдап жөнөдү. Мына эми үйгө жакындадым го деп, капчыгайдан бурула бергенде көк жал кашаба как алдынан чыга түштү. Жойпунун жүрөгү оозуна тыгылып, титирей баштады. Карышкыр моюн жүнүн үрпөйтүп оозун араандай ачты.

— Эй, беймаза, колго түштүңбү?

- Жан соога?— деп каңшылагандан башка сөз Жойпунун оозуна келбеди.

- Жан соога,_ сага! Жан соогалап мени «тарс этмеге» күйгүзүп коё жаздадың. Эми сенин каныңды жерге тамызбайм а-рр-сыз!

- Тарс этме меники эмес, ээмдики. Өлөйүн, ишене бер баатыр! Мен тилим былжыраган менен дилимде сени жакшы көрөм.

- Жалган! Иттин баары мени жек көрүшөт. Адамды, айбанды көрсө да баары бир «карышкырга наалат» деп үрөсүңөр.

Кашаба жолуккан жерден баш салат ко деп чочуган Жойпу сөз алышканга жанынан үмүт кылып, эптеп тирүү калуунун амалын издеди.

- Баатыр! Сен жалгыз калыпсың... Боорум ооруйт... Анын үстүнө биздин туугандардын баары сага жоо. Балким керегиңе жарасам, тирүү калар бекем!

- Мен ачмын, менин керегиме жарабасаң — каныңды ичем.

- Мен даяр. Таанышып коёлу, баатыр!

Алар моюндарынан жытташты.

Ит сыяктуу эле карышкырдын жытташканы — таанышуунун бузулгус шарты. Карышкырдын ачуусу тарап калды. Өзүнүн үйүр-тобу менен чогуу жүргөн күндөрү эсине түштү. Атабыз эле башка болбосо, ит деле бизге окшош турбайбы деген сыяктуу ойго келди. Андай болсо, иттер бизди эмне үчүн жек көрүшөт? Мейли, бизди жек көргөндөрүн жей берем...

Ушул учурда Жунуш жакындап келип калды. Жойпу ээсин тааныды. Бирок ага карабай, кашабаны ээрчип экинчи коктуну көздөй кетти...

*      *      *

Көк канчыктын турмушундагы өзгөрүш анын короочулугуна залал тийгизген жок. Кадимкисиндей эле каңкылдап таң аткызып жүрдү.

Бир түнү гана анын «кой»! дегенде көнбөгөи дабышы эмне үчүндүр тып, тып басылды. Жунуш бая эле канчык какылдап жаткан учурда ойгонуп, сыртка кулак түрүп калган болучу. Бир аздан кийин короодогу койлор дыргый түштү. Дүбүрт күчөгөндөн күчөдү. Аңгыча кыркыраган дабыш угулду. Чабан кокустук болгонун сезди, итинин үнү чыкпагандан кийин андан да ажыраган экенмин деп, шашылыш түрдө ич кийимчен болуп, короого чуркап чыкса, карышкыр ээн-эркин кирип, ар кайсы койду бир булкуп жүрөт. Жойпу үйдүн тушунда сопсоо эле чочоюп отурат. Жунуш шашканынан кыйкырып жиберди. Карышкыр короодон секирип чыгып, тигиндейрээк барып, чочоюп отуруп, кандуу уурттарын жалана баштады. Чабан үйүнө жүгүрүп кирип, мылтыгын алып чыгып, айдын жарыгына салып карышкырга ок чыгарды. Бирок аптыгып жаза атып койду. Карышкыр качты.

Койлордун өлүмүн эртеси Абдыракман да көрдү. Эки токту өлүп, бири жарадар болгон.

— Сага карышкырга туруштук бере турган ит керек,— деп дагы бир жолу коңшулук кеңешин айтты коңшусу.

Жунуш бул жолу ага макул же жок деп ачык жооп бере албады. Түндө канчык короонун жанында бейкут чочоюп отурушу жөнүндө эч кимге айткан жок.

Карышкыр короого эртеси түндө да тийди. Уктабай жаткан Жунуш эч нерсе алдырган жок. Көк канчык анда үн каткан жок. «Жойпуга эмне болду?» деген суроо эми анын тынчын анык кетире баштады. Бирок, чече албады. Бул түйшүктүү суроону көк канчык өзү чечти.

Кечке маал кой жайыттан келгенден кийии Жойпу аталага жаңы гана башын салып шалпылдатып киргенде, чоку тараптан карышкырдын улуганы угулду. Канчык башын көтөрүп, бир аз тыңшап турду да, оокатын таштап тааныш үн чыккан тарапты көздөй, чымын-куюн болуп жөнөдү.

- Буга эмне болду?— деди Жунуш.

- Эмне болгонун көргөн жоксуңбу?— аялы Кээрдеп,— шериги чакырып жатат. Абдыракман бая күнү эле айтпады беле...

— Карышкыргабы? — Жунуш аялына олурая карады.— Карышкыр короого тийгенде эмне үчүн үрбөйт десе... Кантип эле карышкырга кетсин... Эгер ошондой болсо жазасы... Ой, ит ай!— Абдыракмандын «Канчыгыңа ишенбейм» деген сөзү эсине эми гана түштү. Ачуусу келип, сакал-муруттары сербейип, мылтыкчан болуп Жойпунун артынан жөнөдү.

Чабан чокуга чыгып, шилбинин түбүнө жашынып, ары жагын карады. Баягы ишенимдүү канчыгы чокунун ары жагында карышкыр менен моюндашып ойноп турат, Жунуштун күйбөгөн жери күл болду.

— Тү, жүзүң кургур!

Карасаң, карышкыр өзүнүн канчыгынын жанында тургансып, көңүлү куунак, комдонуп жатты. Жойпу ага кошомат кылып, кылтыстап үстүнөн аша секирип, эркелей баштады. Дал ушул учурда ити көзүнө карышкырдан да суук көрүнүп, мылтыгынын кароолун итине бурду. Ойноок ит бир орунга турбады. Бир маалда карышкыр да ордунан туруп, кадимки итке окшоп, аны менен куушуп ойной баштады. Жунуш мылтыгын таштап жакасын кармады.

— Капырай, карышкыр да ойнойт экен го.

Бир аз энтиккенин басуу үчүн шилбинин түбүнө жайланып отуруп, чөнтөгүнөн чакчасын алып, насыбайынан эрдине салып коюп, тула боюн калтыраткан ачуусу тараганда мылтыгын кайра колуна кармады. Бирок итти да, карышкырды да ордунан таппай калды. Дагы нарылап издөөгө арга жок — каш карайды. Жунуш жаш балага окшоп, иттин оюнуна алданып, өзүнүн каардуу душманын көз алдынан кетиргенине өкүнүп, үйүнө кайтты.

Жойпу үйүнө ээсинен мурда келген болучу. Жунуш чокудан эңкейгенде, сак ити анын караанын алыстан байкап; шектүү адамбы дегенсип, арсылдап үрө баштады.

— Мунун сактыгын көр. Сага карышкырдан көрө мен душман болдумбу,— Жунуш ачууланып, мылтыгын октоду. Аңгыча Жойпу ээсин тааный коюп, кечирим сурагансып, ойноктоп эркелеп, анын өтүгүн жыттап, секире баштады.

- Кет! Абийирсиз ит!— деп Жунуш жыга тепти.

Канчык кыңшылап ордунан тура калып, айыбын сезгенсип, бүжүрөп куйругун шыйпактатып туруп калды. Ээси кезеген мылтыгын кайра тартып алды.

- Шашпа! Сен дагы жашай тур! Сени шеригиң менен кошуп туруп жайлайм,— деди да, үйүн көздөй басты. Жашоо да, өлүм да баары бир окшош дегенсип, Жойпу шайдооттонуп ээрчип алды...

Жойпу ишенимден ажырагандан бери Жунуш күндүр-түндүр уктабай жүрүп, иреңинен азып, арыктай баштады. Анын абалын түшүнгөн Абдыракман Жунушка боору ачып, бир күнү мындай деди:

- Жунуш, сен кырс белемсиң. Мындай кыйынчылыкта акылдашып койсоң не болот? Колдон келген жардамымды сенден аямак белем.

- Айтканда кантейин.— Жунуш аны жөн эле көңүл улоо үчүн айтып жатат деп ойлоду.— Айтканда дөбөтүңдү мага бермек белең. Берген күндө да ал биздин короого кудай уруп токтойбу!

- Аа, балалыгың кете элек экен, Жунушум.— Абдыракман көк ала сакалын сылап койду. Ал алтымышка жакындап калган, а коңшусу элүүнү жаңы гана аралаган адам.— Мен сага дөбөтүмдү бербейм, берсем да дөбөтүм көнбөсү ырас. Менин айтайын дегеним: карышкырдын тумшугун ташка тийгизмейинче жанаша конолу, Жолборс эки короону тең кайтарышсын.

- Андай болсо жөн, Абыке. Бул абдан жакшы акыл!

Айткандай эле, алар эки короо кой кенен бата турган коктунун оозундагы жайыкка жанаша конушту. Ынтымакты кайра баштагандыгы үчүн Абдыракман менен аялын коңшусу конокко чакырды. Сүр эт, куйрук — булар койчулардын өнө бою үзүлбөй турган оокаттар. Ал эми Жунушка окшогон камбылдары ардактуу меймандар үчүн көк моюн же спирт катып жүрөт, бүгүн кубанычтуу отурганда Жунуш коногуна спирттен кылт эткизип койду...

Алгачкы күндөр тынч өттү. Балким, кексе карышкыр дөбөттүн мында экенин байкагандыр же жер ооп кеткендир. Эмнеси болсо да Жунуштун уйкусу тынчый баштады. Жанын жайланткан Абдыракманды жатарда дайыма эстеп алкайт, ага ден соолук, узун өмүр тилейт. Башы аман болсо мындан далай акыл табылат деп ойлойт.

Кар-Жаабаста кышкысын кар болбогону менен суугу кемдик кылбайт. Айрыкча, анын шамалы өжөр жана ызгаардуу келет. Бир башталса күнү-түнү менен болот, кээде бир жумага да созулат. Жергиликтүү малчылар Кар-Жаабастын шамалынан коргонууну жакшы билишет, дайыма шамалсыз ык беттерди, коктулардын туюктарын издешип, короолорду ошондой жерге салышат.

*      *      *

Малчылар үчүн тумандуу күн өтө коркунучтуу. Анткени, караңгыда эч нерсенин карааны көрүнбөй калганда малга карышкыр тийсе кыйьш эле болот. Бүгүн жөө туман каптап келгенде Жунуш чоочубай койгон жок. Бирок бир топтон бери кенен уктап, сергип калган неме сак жатты жана Жолборско ишенет.

Ооба, көк жал эми койчунун аралаш конгонун, кара дөбөт эки короонун дал орто ченинде жатып жүргөнүн да көрдү. Күчтүү душманына жүрөгү даай албай, башка жактагы малдарга катылып жүрдү. Бирок Жунуштун короосунан кынуу тап, Жойпуга үйүр алышып калган неме алыстап кете албады. Туманга жамынып, ошо түнү көнгөн короону көздөй боортоктоп жылып жөнөдү. Жунуштун үйү батыш тарабында, Абдыракмандыкы чыгыш жагында болучу.

Жойпу адатынча безилдеп үрүп жатты. Кашаба Жунуштун үйүнүн ары жагындагы каптал менен жашырынып келип, Жойпунун тушунан чыкты. Айбандар адамдарга караганда түнкүсүн көрөнөөк жана сезгич болот. Жойпу коркунучтуу караанды көргөндө шашып кетип «келип калды», «келип калды» деп үрдү. Бирок анын ким экенин таанып, «сен белең» деп, күңк-күңк үрүп тим болду. Жолборс Жойпунун «келип калды» деп шашкалактаганында эле, батышты карап комдонуп бугуп калган. Мына, кашабаны ал да тааныды. Баягыда суунун боюнда кармашканы эсине түшүп, эми кетирбссмин дегенсип, ал да боортоктоп жыльш жөнөдү. Кашабанын эки көзү жуушап жаткан койлордо: бир семизин тамактап туруп, куйругун сугунсам дегенде шилекейи агат. Ошондо да бир коркунучту сезгендей, жүндөрү үрпөйө түшөт. Жакын жерде өңүп келе жаткан дөбөттү ал да байкап, ыркырап туруп калды. Эми Жолборс да турду.

- Каныңды ичпесем!

- Кекиртегиңди суурубасам!

Жойпу эки дөбөттүн ортосунда бир аз делдейе түштү. Экөө тең өзүнүн курбулары. Бирок чоң кармаш чыкканы турат. Экөө тең бирин-бири душманым дел ызырынышат. Кимиси душман?

Аңгыча экөө качырышып келип, типтикесинен кош аяктап алышып калды. Карышкыр бир жагына ыктап артын көздөй чегинүүдө. «Өлдүм» дегенсип, аянычтуу күрүлдөйт. Жойпунун жаны ачып кетип, ыркыраган бойдон Жолборсту шыйрактан тиштеди. Дөбөт салмагы менен күрс этип жерге кулап түштү.

Чоочуп ойгонгон Жунуш кийимин чала-була кийинип, мылтыгын колуна алып, эшикке чыккан эле. Айдын көзү ачылып, жер ала көлөкө. Эки ит бир, немени басып алып, талап жатышат. Жакындап келсе, карышкыр менен көк канчык үстүндө, кара дөбөт астында! Жунуштун кыжыры кайнаганы ушунчалык: карышкыр качып кетерин ойлобой, дал жанына жакын барып, мылтыктын оозун анын жүрөгүнө такап туруп бир атты. Эрегишкен душманынын ысык канына тумшугун жаңыдан малган көк жал ок чыкканда гана өлүктөн башын тартып алып, өзү кошо шалк дей түштү. Көк канчык октон жазганып четке чыга берди да, өчү барсынып дөбөттү кайрадан талап кирди.

- Жүзү кара! — Жунуш экинчи огу менен Жойпуну жайлады.

Удаа-удаа атылган мылтыктын үнү менен Абдыракман да туруп келген.

- Ушундай болмок! Канчык ушуну кылмак! — Абдыракман иштин жайын билбесе да, болгон ишти Жойпудан көрдү.

- Ээ, Абыке! Мунун өлчөсү курусун! -- Жунуш бодгон окуяны айтып берип, кечирим сурады.

- Ой, аттиң! Болор иш болгондон кийин кейиген менен эмне пайда? Болуптур, кечтим, Жуке! Мындан кийин кеңештеш болуп жүрөлү,— деди Абдыракман.

Ошентип Жойпунун кесепетинен Жолборс өлдү. Бирок карышкырдын арасындагы эң коркунучтуу душман жок кылынды. Жунуш эртеси айылдан эки ит алып келип, бирөөнү өзү алып, экинчисин Абдыракманга берди.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз