Текебердик – белиңе байланган ташка окшош

  • 11.11.2023
  • 6689

Чекит – бардык чийиндердин негизи.
(Мансур аль-Халладж)

Кимдир-бирөө өз акыйкатына жете алса, эч бир ишенимге байланмак эмес.
(Ибн Араби)

Эмне издегенин билбеген, тапканына да ишенбейт.
(Атауллах Искендери)

Үрөөн эк, өнүп чыкпаса топурак уялсын.
(Нежип Фазыл)

Окула турчу эң чоң китеп – адамзат.
(Ажы Бекташ)

Адамдардын эң төмөнү – өзүн мактагандарга ыраазы болгондор.

*      *      *

Сураганын бербесең таарынып, капа болуп, сага каарын төккөндөр чыныгы достор эмес.

*      *      *

Текебердикти көтөрүп жүргөн баштан акыл издеп таппайсың.

*      *      *

Адамдарга бир аз дүнүйө жетиштүү. Көп болсо көтөрө албай калышат.
(Ахмад ибн Ханбаль)

Жаңгактын кабыгын сындырып ичиндеги данегин көрбөгөн адам, жангакты бүтүндөй жумуру кабык деп ойлойт.

*      *      *

Илим менен амал кылбаган аалым башкаларды кийиндирип, бирок өзү жылаңач калган ийнеге окшош.

*      *      *

Ар кимге шакирт болгуча, бир иштин устасы бол.
(Абу Хамид аль-Газали)

Сабырдуулук – жүзүн бырыштырбай уу жутуу.
(Аль-Джунайд аль-Багдади)

Мөмөсү бышкан шак башын жерге жаздайт.

*      *      *

Деңизге түшкөн, жамгырдан коркпойт.

*      *      *

Билгендерин элге айтпаган акылман – бал жасай албаган аарыга окшош.

*      *      *

Түндүн канчалык узун экенин оорулуулар гана түшүнөт.

*      *      *

Мээримиң болбосо дос издебе.
(Саади)

Бир жолу агарган чач кайра карарбайт.

*      *      *

Өлүмсүздүктүн жалгыз аргасы – өлүп кутулуу.

*      *      *

Адеп – өз оордуңду билүү.

*      *      *

Ток пейил адам муктаждык эмне экенин билбейт.
(Фирдоуси)

Ырыскыңа себепкер болгон топурак бир күнү көзүңө толорун унутпа!
(Сейрани)

Көр дүйнөгө арбалгандарга жашоо деңиз сымал, ичкен сайын суусашат, суусаган сайын ичишет.
(Ибн Араби)

Текебердик – белиңе байланган ташка окшош, аны менен сүзө да, уча да албайсың.
(Байрам Вали)

Илим – жаттай турчу мисал эмес, пайдалана турчу нерселер.

*      *      *

Өнөр – ээсин кедейлик менен муктаждыктан куткарат.
(Абу Ханифа)

Кыргызчалаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз