Франц Кафка: Чындыгында акын адам башкаларга караганда алда канча алсыз

  • 24.08.2021
  • 3186

Франц Кафка – немис жазуучусу, ойчулу, XX кылым адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Жазуучунун эмгектеринин көбү ал дүйнөдөн өткөндөн кийин жарыяланган. Анын көпчүлүк түшүнүүгө кыйын болгон чыгармаларында басымдуулук кылган темалар: обочолонуу, тынчсыздануу, күнөөлүү болуу сезимдери. Кафканы түшүнүү үчүн, Кафкадай ой жүгүртүү, сезим жана тагдыр керек...

*     *     *

Окшош дартка чалдыккан адамдар гана бири-бирин түшүнөт.

*     *     *

Жашоо дайым бизди алагды кылат; биз, атүгүл, эмнеден алагды болгонубузду да аңдабай калабыз.

*     *     *

Китеп биздин ичибизде тоңуп калган деңиз үчүн балта болууга тийиш.

*     *     *

Бакыт – карылыкты тизмеден чийет. Жашоонун эң сонун жактарын көрө алгандар картайышпайт.

*     *     *

Жаштык – бакыттын өзү, ал бактылуу, себеби, эң жакшы нерселерди көрө алат. Жакшы нерселерди көрүү жөндөмдүүлүгү жоголгондо үмүтсүз карылык, соолуу, бактысыздыктар башталат.

*     *     *

Үйдөн чыгуунун кажети жок. Үйдө үстөлүңдө кала бер да жакшылап тыңда. Атүгүл тыңдаба, күт. Атүгүл күтпө, кыймылсыз жана жалгыз бол. Ошондо дүйнө сага ачылат, мындан башкача болушу мүмкүн эмес.

*     *     *

Жашай да, адамдар менен сүйлөшө да ала турган абалда эмесмин. Өзүмө толук сүңгүдүм, ойлорум өзүм жөнүндө гана. Айтаар сөзүм жок, эч кимге, эч качан.

*     *     *

Тоскоолдуктарды издөөгө убакыт коротпо: алар балким таптакыр жок болушу да мүмкүн.

*     *     *

Артка кетчү жолду тосуп салчу чечимдер бар. Аларды сөзсүз кабыл алуу керек.

*     *     *

Суу ташкыны канчалык кенен жайылган сайын, суу ошончолук тайыз жана киргил тартат. Ыңкылап бууга айланат жана жаңы төрөпейилдиктин балыры гана калат. Азап тарткан адамзаттын чынжырлары кеңсе кагазынан жасалган.

*     *     *

Баардыгы, анын ичинде жалган да чындыкка кызмат кылат. Көлөкөлөр күндү тосо албайт.

*     *     *

Акыйкат – бул ар бир адамга жашоосунда керек нерсе жана буга карабастан, ал аны таап же сатып ала албайт. Ар бир адам тынымсыз түрдө аны жан этинен жаратууга тийиш, ансыз ал жок болот. Акыйкатсыз жашоо мүмкүн эмес. Балким, акыйкат – бул жашоонун өзү чыгар.

*     *     *

Мен, биз бизди тиштегилеген жана чаккан китептерди окушубуз керек деп ойлоймун. Эгерде биз окуп чыккан китеп бизди башка чапкандай эсеңгиретпесе, аны окуп чыгуунун кажети барбы? Оо, Кудайым, эгерде китеп деген нерсе таптакыр болбосо, биз канчалык бактылуу болор элек; бизди бактылуу кылган китептерди өзүбүз да жеңил эле жазып коё алабыз. Чындыгында, бизге бизди кырсыктардын кырсыгындай, өзүбүздөн да артык көргөн жандын өлүмүндөй, адамдардан оолактап түнт токойго куулгандай, өзүбүздү өзүбүз өлтүргөн сыяктуу китептер керек. Китеп биздин ичибизде тоңуп калган көлдүн музун талкалай турган балта болушу керек. Мен буга ишенем.

*     *     *

Дүйнөгө болгон көз караш менен чыныгы жашоонун ортосунда жан ооруткан шайкеш келбөөчүлүк бар.

*     *     *

...Арийне, баарын унутуп тайраңдаган шаңдануу ачык билинген кайгырууга караганда алда канча кайгылуу.

...Туура. Бирок кайгынын түбү жок. Ал эми сөз үмүт, натыйжа, келечек жөнүндө болууда. Коркунуч бир кичинекей, чектелген көз ирмемге гана созулат. Бул көз ирмемдин артында туңгуюк бар. Эгер аны жеңип чыксаң, бардыгы башкача болот. Иштин баары көз ирмемде. Ал жашоону аныктайт.

*     *     *

Мен сүйлөгөнүмө караганда башкача жазам, ойлогонума караганда башкача сүйлөйм, ойлонгондо да ойлонууга тийиш болгонумдан башкача ойлоном, ошентип эң караңгы туңгуюкка чейин кете берет...

*     *     *

Белгилүү бир ирмемден баштап, артка кайрылуу мүмкүн эмес. Бул ирмемге жетүү керек.

*     *     *

Мага менин китептеримди калтыр. Алар менин бар байлыгым.

*     *     *

Адамдардын көпчүлүгү такыр жаман эмес. Алар айткан сөздөрү менен жасаган иштери кандай кесепетке алып келерин билбегендиктен, жаман ишке барышат. Адамдар болгону элирме оорулуу сыяктуу, алар кара санатай эмес.

*     *     *

Сен мага таандыксың, мен сени өзүмдүкү кылдым жана бир да жомокто сен үчүн өзүм менен өзүм күрөшкөндөй жан аябай күрөшкөн бир да аял жок. Бул эң башынан тартып ушундай болгон, кайра-кайра кайталанып отурду, кыязы, дайым ушундай болчудай...

*     *     *

Поэзия — бул оору. Температураны түшүрүү али айыгуу дегендик эмес. Тескерисинче! Жалын тазалайт жана агартат.

*     *     *

Биздин төртөөбүз үчүн мүмкүн болгон жана чыдаган нерсе, бешинчибиз үчүн мүмкүн эмес жана чыдагыс болушу мүмкүн. Анан калса, биз төртөөбүз жана бешөө болушту каалабайбыз.

*     *     *

Баштан калемге кеткен жол, баштан тилге кеткен жолго караганда алда канча узун жана кыйын.

*     *     *

Чыгармачылык сүрөткер үчүн – азап тартуу, ал аркылуу сүрөткер өзүн жаңы азаптар үчүн боштондукка чыгарат.

*     *     *

Жашоонун маңызы – анын аягы бардыгында...

*     *     *

Чындыгында акын адам башкаларга караганда алда канча алсыз жана майдараак. Андыктан ал тириликтин оордугун башкаларга караганда курчурак жана күчтүүрөк сезет. Өзү үчүн анын ырлары – бар болгону ач кыйкырык гана...

*     *     *

Адамга тиешелүү жана башка күнөөлөрдүн келип чыгышына себеп болгон эки башкы күнөө бар: чыдамсыздык жана шалаакылык. Чыдамсыздыктын айынан адамдар бейиштен куулган, шалаакылыктын айынан - бейишке кайтып барышпайт. А балким, бир гана башкы күнөө бар: чыдамсыздык. Чыдамсыздыктын айынан куулушту, чыдамсыздыктын айынан кайрылып барышпайт...

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз