Оуяң Сү менен Сүцайдын поэтикалык күч сынашуусу

  • 26.08.2021
  • 2864

Оуян Сү[1] төрт жашка чыкканда атасы өлүп, апасы менен калат. Алар жарды жашагандыктан окуу куралдарына акча жетчү эмес, ошондуктан апасы иероглифтерди кумга жазып көрсөтүп, Сүнүн сабатын жоёт. Бала бир аз чоңойгондо бир сабаттуу киши менен таанышып, андан окуу китептерин алып турган, ал тургай аларды көчүрүп да жазчу.

Бир жолу Оуян Сү кошуна короодогу таштанды салчу себеттен эскирип бүтүп, окууга эптеп эле жарачудай болгон “Хан Үяйдын чыгармалар жыйнагы” китебин көрүп, кожоюнунан сурап алат.

Хан Үяйдын ырларынын жаңы жана табигый ойлор ширелген чыгармалары менен таанышып чыккандан кийин Оуян Сү кубанычтуу үн салат:

- Бул дүйнөдө ушундай да мыкты ырлар болот экен ээ!

Ошондон баштап ал мурдагыдан да тырышчаактык менен окуй баштап, эр жеткенде эң белгилүү илимпоз-адабиятчыга айланат.

Качан гана анын аты чыгып, чыгармалары элге таанылып калганда өзүнүн акындык таланты жогору экенине ишенген сүцай[2] жол азыгы салынган баштыгын жонуна артып, адашып калбаш үчүн жол картасын алып, адабият жана поэзия жөнүндө сүйлөшүү үчүн Оуян Сүнү издеп чыгат. Анын ою боюнча Оуян Сү гана өзү сыяктуу улуу талант болчу. Жолдо ката ал атаандашынын шаштысын кетирип, жооп таппай, багынып берүүгө жеткиргидей суроо издейт.

Дарыяга жетип кайыкка отурганында жээктеги локва дарагын көрүп:

- Жол боюнда локва турат,
Бутактары тарбайган... - деп келип андан ары уланта албай такалат.

Дал ушул учурда дарыядан Оуян Сү да өтүп бараткан эле, ал сүцайдын эки сабын угуп, ойлонбой туруп эле уланта салат:

Ачмайынча жалбырак,
Мөмө байлайт ал кайдан.

Ырдын татыктуу улантылганына таң калган сүцай колун бооруна алып, жактырган тейде баш ийкеп:

- Жолумдан ыр жазган адам чыгарын ойлобоптурмун. Мурунку саптардын маанисине жараша жакшы уланттыңыз. Чындап эле эргүүңүз келип турган окшойт, - деди.

Экөө аркы-беркини сүйлөшкүчө кайыкчылардын аракети менен кайыктар заматта дарыянын ортосуна жетип барышты. Ушул учурда сүцайдын көзүнө көлдө эркин сүзүп, терең чөмүлгөн каздар чалдыгып, кайрадан көңүлү эргип эки сапты үн чыгара айтып калды:

- Алыс жактан аппак каздар көрүндү,
Каркылдашып сүзүп жүрөт көңүлдүү... – деп келип кайрадан ырын уланта албай калды. Бул ирет да Оуян Сю учурдан пайдаланып кетти:

Аппак каздар кара сууга чөмүлдү,
Кызыл буттар кылактап кооз көрүндү!

Кооз айтылган уйкаштык купулуна толо түшкө сүцай: “О бул киши идиреги бар, менин поэзиямды түшүнө алган неме окшойт”, - деп ойлоп жанаша сүзгөн кайыкта бараткан адамга кош колун сунуп:

 - Мелмилдеп аккан дарыя сууда,
Акын сүзүп баратат Оуян Сюга.

Оуян Сю анын колдорун кармай берип жооп берди:

Оуян Сю тааныды аны,
Ал бирок тааныбады.

Муну уккан сүцайдын уяты менен намысынан бети чымыраса да оңдуу жооп кайтара алган жок.

Орусчадан оодарган Кубанычбек Аркабаев

[1] Оуян Сү (1007-1072) — сун доорунун улуу акыны, адабиятчы, сүрөтчү, тарыхчы жана үлкөн саясый ишмер. Биздин күндөргө анын прозалык жыйнагы, 800дөн ашык ырлары, тарыхый чыгармалары жана көптөгөн макалалары жетти. Оуян Сүнүн кытай маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы зор болгондуктан “Таң жана Соң доорунун сегиз улуу адабиятчысынын” тизмесине кирген. Ал эми анын прозасы кынтыксыздыгы менен кытай жазуучуларынын көптөгөн муундарына үлгү болуп келет.

[2] Сүцай биринчи (төмөнкү) окумуштуулук даражага татыган адам.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз