Рюноскэ Акутагава: Мурун (шедевр)

Жапондун улуу жазуучусу Рюноскэ Акутагаванын (1892 – 1927) көрүнүктүү жазуучу болуп калыптанышына жапон жазуучулары Нацумэ Сосэки жана Мори Огайдын чыгармалары зор таасирин калтырган. Ал эми Европа адабиятында Мопассан, Франс, Стриндберг сыяктуу чыгаан жазуучулардын эмгектери Рюноскэ үчүн баа жеткис болуп эсептелинген. Муну менен катар Рюноскэ Акутагавага жазуучулук атак-даңкты классикалык орус адабиятынын Достоевский, Гоголь, Чехов, Тургенев жана Толстой сыяктуу өкүлдөрүнүн эмгектерин окуп, аларга таасирленүүдөн улам жазган бир нече чыгармалары алып келген. Акутагаванын «Мурун» аңгемеси Гоголдун ушундай эле «Мурун» аталыштагы 1836-жылы жарыкка чыккан повестине таасирленип 1916-жылы жазылган.

АҢГЕМЕ

Кечил Дзентинин мурду Икэноо аймагынын итинен битине чейин белгилүү. Узундугу бир карыш мурдунун учу ээгине жетип турчу. Анысы аз келгенсип жоондугу төрт эли мурду беттин жарымын ээлеп калган. Бир караган адамга мурундун ордуна узун чучукту жамап салгандай көрүнөт. Жашы элүүгө таяп калган кечил, бир кезде жаңыдан гана кечилдик жашоого баш бакса, бүгүнкү күндө мартабалуу найдодзегубу-сан[1] даражасына жеткен кадырлуу адам ушул элде жок мурдунун айынан чүнчүп бүтөр болду. Бирок ичтеги бул арманын эч кимге шек алдырчу эмес. Кеп мында деле эмес, өзүнүн бүткүл ыкласын кылымдар бою жашап келген Амида буддасына[2] арнаган, дин жолунда жүргөн такыба адамдын мурун үчүн ушинтип чүнчүп жашашы ылайыксыз, жосунсуз жорук деп эсептейт, жарыктык киши. Өзүнүн кудай берген мурду аны ушунчалык чүнчүтүп жибергенин бир пенде сезсе кана, атаганат деп ойлогондо күйбөгөн жери күл. Бирөөлөр менен маектешип калганда мурун тууралуу сөз башталып кетпесе экен деп чый-пыйы чыгып турат.

Мурду тууралуу чүнчүп жүрүшүнүн эки себеби бар.

Биринчиден, күнүмдүк жашоосунда көп нерсеге тоскоол. Мисалы, кечил өз алдынча тамак жей албайт. Тамак ичкени кесени оозго такаса, ооздон алдын мурду кесеге малынат. Ошого ибадатканада тамактанган кезде шакирттеринин бири анын мурдун узундугу үч карыш таякча менен сүйөп турбаса болбойт. Тамак жеп бүткүчө мындан өзү да тажайт, таякча менен мурдун сүйөгөн шакиртин да тажатат. Бир жолу тамактануу учурунда шакирттин ордуна мурдун тогуз жашар бала сүйөгөн. Бир маалда тиги бала кокусунан катуу чүчкүрүп жиберип, таякча мурундан тайып кетип, мурду кеседеги күрүчкө матып калса болобу. Жаман сөз жерде жатмакпы, бул окуя эртеси эле шаарга бүт жайылыптыр… Мунусу да өлүп кетсин. Ал аз келгенсип өзү да иттей намыскөй киши, түгөнгүр. Икэноо жашоочуларынын айтымында, Дзенти катардагы адам эмес, кечил болуп калганына миң мертебе шүгүр дегени дурус, анткени жоон мурду ээгине чейин салаңдаган эркекке кайсы аял тиймек. Кээ бир акылдуулар бул мурдунун айынан аргасыз кечил болгон деп да чыгышты. Бирок кечилди ибадатканада иштеп жүргөнү, анын такыбалыгы мурундун айынан тарткан азабынан кыпынчалык да куткара алган жок. Ушул аял тууралуу, үйлөнүү тууралуу ойлор башына келгенде ар-намысы андан бетер ашып-ташып кетет жарыктыктын. Ошондуктан намысына чоктой тийген бул нерсени ар кандай жол менен дарылоонун жолун издеди.

Алгач барбайган узун мурду өз өлчөмүнөн кичирек көрүнүштүн ар кандай жолдорун карап көрдү. Эч ким жокто күзгүгө тигилип, мурдун ар тараптан карап шайы ооду. Башын ар кайда буруп, бирок бирине да ичи чыкпады. Жаагын алаканына таяп, сөөмөйү менен ээгин сүйөп да көрдү, кыскасы ар кандай кылып көрдү. Жок, болгудай эмес. Жоон узун мурду ээгине чейин салаңдаганы салаңдаган. Буга түтөгөн сайын, узун мурду андан бетер узарып кеткенсип көрүндү. Монах күзгүнү жашик ичине ыргытты да, терең-терең дем алып, ордуна ыргылжың басып келип, «Каннон-кё[3]» сүрөөсүн окуй баштады.

Кечилди башкалардын мурду өтө кызыктырат. Икэноо ибадатканасы үч белгилүү ибадаткананын бири болгондуктан, бул жерде күн алыс ар кандай диний шаан-шөкөттөр өтүп, диний жөрөлгөлөр жасалчу. Ибадаткананын ичинде толтура өжүрөлөр салынып, ибадаткананын жуунчу бөлмөсүндөгү суу ар дайым шаркырап кайнап, ибадаткана ичи кечилдер менен сыйынганы келген элге качан болбосун шыкалуу. Кечил ибадатканага шыкалган элди тиктегени тиктеген. Эл арасынан мурду кудум меникиндей узун бирөө-жарым табылып калабы деген сокур үмүткө жетеленет. Ошого анын көзүнө ибадатканага сыйынганы келген элдин кийген кийими, ибадаткананын диний кызматкерлери кийген, көзүнө жылуу учураган боз түстөгү кийимдери такыр байкалчу эмес. Анын көзүнө ибадатканада жайнап жүргөн мурундар гана көрүнчү… Бирок эң эле жаман дегени бучук мурун, тепек мурун гана болбосо, анын мурдундай барбайып ээгине чейин салаңдаган узун мурунду эч эле кезиктире албай, мындан улам ичинен өрттөнүп-түтөгөн жаны андан бетер түтөгөнү түтөгөн. Бирөө-жарым менен сүйлөшө калганда, өзүнөн-өзү мурдун колу менен жаба калчу болду. Бул учурда шымына сийип алып, уяла түшкөн үч-төрт жашар бала сыңар бети кызара түшкөнүн айт.

Акыры мындан тажаганда өзүн бир аз сооротуш үчүн ыйык будда китептеринен, тарыхый китептерден өзүнө окшош мурду узун белгилүүлөрдү издей баштады. Бирок бир да ыйык китепте Мандгалаяна же Шарипутранын[4] мурду барбайып узун деп жазылбаптыр. Нагарджуна жана Асвагхоша[5] сыяктуу будда аалымдарынын мурду деле анчалык узун болбоптур. Кытай тууралуу аңгемеден шухань ханы Лю Сюаньдэ[6] кулактары узун адам болгон деген жерин окуганда, каап, түгөнгүр, эч болбосо ушул жаны жоктун мурду меникиндей узун болсо, өлөт беле деп кейиди.

Бул да жардам бербеген соң, кечил мурдун кыскартуунун башка амалын издеди. Мурдун ардеме кылып көрдү. Ашкабакты сууга кайнатып ичти. Чычкандын сийдигин мурдуна сүрттү. Бирок буга карабастан, баягы ээгине дейре салаңдаган узун мурду кыскарар эмес.

Бир жолу кечилдин шакирттеринен бирөө анын тапшырмасы менен борборго барып, ал жердеги доктур ашынасынан мурунду кыскартуунун дабасын билип келди. Доктур бир кездери Кытайда жүрүп, кайтып келген соң Тёраку ибадатканасында дин кызматкери катары иштеп калган.

Кечил муну укканда доктурдун бул айтканын кылып көрбөстүгүн, анын мурду тууралуу өйдө-ылдый кептерге кулагы бышып бүткөндөй түр көрсөттү. Бирок ар дайым ибадатканада тамактанган кезде шакирттин мазасын алып жүргөнүн ойлоп, аны бир жагынан аяды. Кандай болгон күндө да шакиртти доктурдун айтканын кылып көрүүсүн суранарын тээ жан-дүйнөсүнүн түпкүрүндө туйду. Шакирт да бул кексе кечилдин ичиндеги оюн, кыйтырлыгын айттырбай сезди. Анын кыйтырлыгы шакирттин жанын канчалык кашайтпасын, кечил акыры шакиртке боору ооруп, анын алдына өзү келди. Кечил ойлогондой эле шакиртти бар күчү менен доктурдун айтканын кылууну өтүнүп, аны көндүрүүгө өттү. Шакирт ойлогондой кыйтыр кечил акыры бул сунушка макул болду.

Доктур сунуш кылган айла өтө жөнөкөй: мурунду сууга болушунча кайнатып, андан соң бут менен былчыйта тебелеш керек экен.

Ибадаткананын жуунчу жайында сууну күнү-түнү кайнатышты. Акырында шакирт колду салса куйкалачудай кайнаган суу толтурулган фляганы көтөрүп келди. Фляга ичине мурунду дароо тыкканга да болбойт. Кайнак суудан чыккан ысык буу бетти куйкалап жибериши бышык. Ошого фляганын капталын оюп жиберип, ошол тешиктен мурунду сойлотмок болушту. Мурунду тешик аркылуу кайнак сууга тыгып жибергенде, эч кандай ооруганы билинген жок. Бир топтон кийин шакирт үн катты:

- Болот. Жакшы эле кайнады.

Муну уккан кечил күлүп жиберди. Сырттан бирөө-жарым укса булар мурунду кайнатып жатышат деп ойлобосо керек, тообо кылдым. Бир маалда кайнак сууга жыдыган мурун бүргө талагандай кычыштырып чыкты.

Кечил мурдун тешиктен сууруп алып мискей табакка койду. Шакирт буусу чыгып кызарган мурундун үстүнө чыкты да, эки буттап, кечилдин мурдун болгон күчү менен былчыйта-былчыйта тебеледи. Бечара кечилдин мурду тактай полдун бетинде майышып, анын көз алдында өйдө-ылдый кыймылдап мурунду болушунча тактайга таптап тебелеген шакирттин буттары гана көрүнөт. Мурунду бир топ тебелеген соң, шакирт кечилди аягандай таз башынан ылдый сыдыра карады да:

- Ооруткан жокпу? Доктур болушунча катуу тебелеш керек деген. Оорубадыбы? ̶ дегеничи.

Кечил баары жакшы дегендей баш ийкегиси келди. Бирок мурдун шакирттин буттары жерге майыштыра тебелеп тургандыктан, баш ийкөөгө жарабады. Шакирттин муздак таман алдында тебеленген мурдунан улам жаны ачышкан кечил өйдөнү тиктеген калыбында иттей ыркырап:

- Жок, оорутпай эле.

А чынында жыдып кычышкан мурдунун үстүнөн былчыйта тебелегенде кечилдин жаны көзүнө көрүнүп, энесин тааныды го, чиркин.

Бир убакта мурунда кудум таруунун данындай быдырлар пайда болуп, мурундун териси кудум эле жүнү жулунуп куйкаланган тооктун терисиндей барсанактап чыга келди. Муну байкаган шакирт мурундан буттарын түшүрдү.

- Эми мурундагы быдырларды шибеге менен жарыш керек, ̶ деп күңкүлдөдү шакирт.

Кечил аргасыз үшкүрүнүп, буга да кайыл. Шакиртине ичинен капа болду. Албетте, муну шакирт кечилди бул азаптан куткаруу максатында, түз ниети менен жасап жатат. Кечил мунун баарын түшүнүп турат, болгону анын мурдуна керексиз нерседей мамиле кылганы жанын кашайтты. Ошондуктан шакирт шибеге менен анын мурдундагы быдырларды жарып тазалаганына алымсынбай, аны тыржыйып тиктеди. А шакирти шибеге менен узундугу эки эли ичке сөөлжандай майлуу челди утуру сууруп тазалайт десең мурунду.

Мунун баары аягына чыккан соң, шакирти жеңилдей дем алып:

- Азыр эми дагы бир сыйра кайнатып жиберүү керек, ̶ деди.

Кечил кыңырылып, нааразы түрдө буга унчукпастан дагы макул болду. Мурунду экинчи жолу кайнатып, флягадан сууруп алышса, болуп көрбөгөндөй кыскара түшүптүр. Мурунку жоон узун мурундун ордунда кадимки эле мурун турат. Шакирт күзгү алып келип, анын маңдайына тоскондо, мурдун сыйпалаганча калтырап-титиреген кечил күзгүгө ыргылжың карады.

Ээгине дейре салаңдаган жоон мурдунун учу кыскарып олтуруп, эриндин үстүндө калыптыр. Шакирттин буттары мыйрыйта тебелеген жерлери кызыл-ала так болуп жүрөт. Э, кудай, акыры бул балакеттен да кутулдум… Күзгүдөн карап турган кечилдин жүзү өзүнчө мулуюп көз кысып койду.

Мындан кийин кечил кыскарган мурду бир күнү дагы узарып кетпегей эле деп чочулап жүрдү. Ыйык китептерди кырааты менен үн чыгарып окуп, ибадатканада эл менен чогуу тамактанып, ыңгайы келип калганда эч кимге байкатпай мурдун улам кармалап коёт. Кайран кыска мурун баштагыдай эле жоокердей чыкыйып өз ордунда. Эртеси уйкудан ойгонор замат мурдун кармаласа, кыскарган мурду дале өз жайында. Ошондо кечил «Ыйык суугалдак сүрөөлөрүн» толук жазып чыккандай жеңилдеди дейсиң, тим эле укмуш.

Бирок кечилдин бул бактысы наяти эки-үч күнгө гана созулду. Икэноо ибадатканасына кайсы бир иштери менен зыяратка келген бир самурай анын жүзүн шылдыңдуу тиктеп үн-сөзү жок бир топко дейре ордунда селейип калса болобу. Анысы аз келгенсип, баягыда кечилдин мурдун таякча менен сүйөп турган жеринен чүчкүрүп жиберген тогуз жашар бала таалим-сабак өтчү жайда анын жанынан өтүп баратып, күлкүсүн тыймакка жерге башын салаңдатып барып, анан бир маалда тарс жарылып күлүп жиберсе болобу, чокуңду жегир. Кечил-кызматкерлерге буйрук берип, кайра жүзүн бери бурган кезде, тигилер да өзүнчө ырсаңдап күлүп жатышканын бир нече жолу байкап калды.

Алгач кечил муну мурун кыскарганда бет-ыраңы өзгөрө түшкөндөн го деди. Бирок канчалык аракет кылса да, өзүн буга такыр ишендире албады… Ардемеден шек санай бергенден деле пайда жок, адам болгондон кийин күлөт да. Бирок бул сапар адамдардын күлкүсү анын намысына эмнегедир тикенектей сайылды. Адамдар деле табиятынан тескери келишет, мурду барбайып узун кезде мыскылдап күлүшпөгөн эргулдар эми мурду элдикиндей кыска кезде күлүшкөнү эмнеси, ботом.

- Мынчалык эмне ырсаңдашат? – кечил окуп жаткан ыйык китептен көзүн алып, эл тарапка таз башын салып күңкүлдөдү. Анан жанында илинген Вишвабхадранын[7] сүрөтүнө заардуу көздөрү менен чекчейе карап, бир нече күн мурда анын салаңдаган узун мурду бар экенин эстегенде, башына: «Чала болот сага. Артык кылам деп тыртык кылдың», ̶ деген жеме аралаш ой тынымсыз келгеничи. Өкүнүчтүүсү, бул жердеги иштин чыныгы жагдайын түшүнүүгө кечилдин баам-парасаты жетпеди.

…Пенденин жүрөгүндө эки карама-каршы сезим жашайт. Эгер бирөө-жарым башына мүшкүл түшүп карайлап калса, ага жан тартып, ага боору ооругандар четтен табылат. Эгер ошол адам башка түшкөн мүшкүлдү жеңип, анын арты менен зоболосу көтөрүлүп, ити чөп жеп, ташы өйдө куласа, анда аны сындап, ичинен да, сыртынан да көрө албагандар чыгат. Сыртынан жылмайып, анын бул ийгилигине кубангандай түр көрсөтүшкөнү менен, ичинде анын мурункудай бактысыз болуп калышын каалашат. Мунун арты менен ал адамды тааныган жакындары бара-бара ага өздөн чыккан тымызын душманга айланат… А бул нерсеге кечилдин баам-парасаты жетпеди, анын ордуна жок жерден өзүн эзип-жеди. Башка кечилдерди, ибадатканага такай сыйынууга келген элди алардын мындай мамсилесинен улам баарын жеткен өзүмчүл куйту адамдар деп түшүндү. 

Кечилдин маанайы күндөн-күнгө бузулду. Туш келген адамын себепсиз урушуп, карганып-шиленип да жиберет. Ал тургай баягы мурдун тебелеп кыскартып берген шакиртти мунун айынан сиз да, мен да динге кызмат кылбай, күндөн-күнгө күнөөгө батып жатабыз дегенди «кыл кыяк менен кыңгыратып» кайта-кайта айта берип, тажатып жиберди. Кырсык бир басканда, туш тараптан басат. Кечилди баягы тогуз жашар бала курутар болду, бала деген баладай эле болсо. Бир жолу сырттан каңшылаган иттин үнүн угуп, эмне балакет болуп кетти деген ойдо сыртка чыкса, тогуз жашар бала жүндөрү өсүп жүдөгөн жолбун итти колундагы таягы менен ургулап кубалап жүрүптүр. Жөн кубаласа да мейли! Итке утур таягы менен тап берип баратып, мынтип коёт:

- Мурдуңду талкалай коёюнбу, ыя! О, мурдуң менен кара жерге кир!

Ачууланган кечил таякты баланын колунан жулуп алып, аны бетке чапты. Колундагы баягы кечил тамактанган кезде анын мурдун сүйөп турчу таяк экен. “Капырай! Кайдан жүрүп мурдумду кыскарта койдум десең, атаңгөрү!”

Ошентип кайгырып жүрүп кеч кирди. Түн киргенде катуу шамал башталып, ибадаткананын уктоочу бөлмөсүнүн чатырына коюлган коңгуроо тынымсыз шамалга шыңгырап, кечилдин кулагын жеп таштады. Ал аз келгенсип бөлмөнүн ичи катуу муздап, кечил канчалык шылкылдап уктагысы келсе да, мындан улам уктай албады. Шыпты караган бойдон жатканда, мурду кычыштырып баштады. Колу менен кармалса, барбайып шишип кетиптир.

- Бечараны туура эмес кыскартышып, мына эми, ооруп калды байкуш, ̶ өзүнчө күбүрөнгөн кечил барбайган мурдун кудум эле буддага курмандык чалууга коюлган гүлдөрдү кармагандай аярлап, сылап-сыйпалады.

Эртеси күндөгүдөн эрте ойгонду. Терезеден сыртты караса, ибадаткананын короосунда өскөн түркүн дарактардын сары-кызыл жалбырактары жерге шамалдан күбүлүп, жер бети тим эле алтын себелеп койгондой. Ибадаткананын чатырын ак бубак баскан. Таңдын агарган нурунан чатырдын кештелери жаркырап көрүнөт. Ачык терезе алдында турган кечил Дзенти терең-терең дем алды.

Бул убакта башына кылт этип бир эски ой келди.

Шашып кетип, мурдун кармалап көрсө, кыска мурундан эч дайын жок. Мурда жоон мурду ээгине дейре салаңдап турчу эмес беле. Эми болсо мурду андан бетер узарып, мурундун учу ээктен ылдый салаңдап калыптыр. Кечил түндө анын мурду мурунку калыбына келгенин аңдады. Бир кезде мурду кыскарганда кечил жаш баладай, кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн сыңар, азыр мурду кайра мурунку калыбына келип, ал тургай мурдагыдан да бир аз узун болуп калган кезде, кечил буга жаш баладай кудуңдап сүйүндү.

- Ой, атаңгөрү... Кудай чоң сактады. Көрөм, эми эмнени мыскылдап күлөр экенсиңер, ̶ деди кечил узун мурдун сыдырым соккон шамалга тосуп.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

[1] Найдодзегубу-сан – кан сарайдагы ибадатканада кызмат кылган кечилдин чини;

[2] Амида буддасы – жапондордо бирден-бир ыйык саналган будда;

[3] «Каннон-кё» сүрөөсү – «Ыйык суугалдак сүрөөсүнүн» бир бөлүгү;

[4] Мандгалаяна, Шарипутра – Будданын шакирттери;

[5] Нагарджуна жана Асвагхоша – тиешелүү түрдө будда диний окумуштуусу жана даватчысы;

[6] Лю Сюаньдэ – шухань императорунун уулу;

[7] Вишвабхадранын – Пилге минип Будданы коштоп жүргөн бодхисатва.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз