Дилазык: Токойдо адашкан беш жолоочу жөнүндө уламыш

  • 03.09.2021
  • 3415

Бир жолу беш жолоочу калың токойдо адашып калышты.

Биринчи жолоочу билбеген жолго түшпөйм деп, кайра айтка кайтты. Экинчи жолоочу кудайым оң жолун берсин деп оңго бурулду. Үчүнчү жолоочу тетириленип, силер түшкөн жолго түшпөйм деп солго бурулду.

Төртүнчү жолоочу кетенчиктебей дайыма алга карай жүргөн адам эле, ал бурулбай алдыга түз кетти. Бешинчи жолоочу белгисиздикти жактырчу эмес, ошондуктан ал токойдогу эң бийик даракка чыгып, тегерете көз жүгүрттү. Бийиктиктен ага токойдун кайсыл жерден бүтөрү, кайсы жолго салса барар жерине тез жетери алаканга салгандай көрүнүп турган эле. Ал эң кыска жолду тандап алды.

Эң туура жолду ошол жолоочу тандап алды деп ойлоп жатасыңарбы? Жок, андай эмес. Шашылбагыла, окуя алигиче бүтө элек.

Кабыл алган чечимдин артында көп нерселер бар.

Ар бир жолоочунун тандап алган жолунда өздөрүнүн тапкандары, жоготуулары болду.

Артка кайткан биринчи жолоочу баскан жолун жакшы байкап алып, ал жердин картасын чийди, ал жол менен өзү да, башкалар да адашып кетем деп коркпой, токойдун сулуулугуна суктанып сейилдечү болушту.

Оңду көздөй бурулган жолоочунун жолу татаал жана узак болуп чыкты. Алдынан чыккан тоскоолдук менен күрөшүп, аларды жеңип чыкканга үйрөндү. Ал жырткычтар менен кармашып жүрүп, алардын кыял-жоруктарын жакшы үйрөнүп, мыкты мергенчи болду. Башка адамдарга жапайы токойдо, татаал шарттарда жашоонун ыкмаларын үйрөтүп жүрдү.

Солго кеткен жолоочу жол таба албай жүрүп, токойчунун үйүнө туш келди. Ал анын кызы менен таанышып, сүйүүсү менен бактысын ошол жерден таап жашап калды.

Алдыга түз кеткен жолоочу, ага чейин адамдын буту тийбеген жерлерге чейин жетип, жаңы жерди алгачкы ачуучулардын бири болду. Ал адамдарга чанда кезиккен укмуштай кооз өсүмдүктөрү бар сонун жерди таап берди.

Даракка чыга калып, кыска жолду таап алган жолоочу көйгөйлөрдү чечүү боюнча мыкты адис болуп, элге кызмат өтөдү.

Кимисинин тандоосу туура болгон? Баарыныкы туура болуп чыкты го?

Ар биринин тандап алган жолу жакшы жыйынтыкка алып келди.

Сиз да кандай жолду тандабаңыз, бир нерсеге алып келет. Балким, тандооңуз башка бирөөгө ката көрүнсө да, убакыт өтүшү менен сизге көп жакшылыктарды тартуулашы мүмкүн.

Ар кимдин өз жолу бар.

Өз жолуңузду туура тандап алган болсоңуз, сиз акылман адамсыз. Бирок башкалардын тандап алган жолуна бөгөт болбой, алардын тандоолорун сыйлай билүү үчүн андан да чоң акылмандык керек.

Мара сызыгынын ары жагын көрө билгиле. Тээ, алыста дайыма уландысы бар.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз