О`Шакир: Төрт сапка сыйган өмүр

  • 03.09.2021
  • 4772

34 жашында автокырсыктан өмүрү кыйылган Жоомарт Бөкөнбаевдин көөдөндү көсөп өткөн береги төрт сап ырына көңүл төшөдүңүз бекен, окурман! Абай Кунанбаевге арналган төрт сапка не деген чулу ойду жашырганын чогуу карасак дейм?

Абайга
Сар арканы турак кылып,
Шамал менен көчүпсүң.
Кун жетпеген чечен булбул,
Кумда сайрап өтүпсүң.

Улуу ойчул Абайдын байлоосу жок шамал менен кумда сайрап өткөн өмүрүн; кургур Абайдын кун жетпеген чечен булбул экенин; шаалуу акын Абайдын шамал менен көчкөн тагдырын кемелине кетире жазган Жоомарттын ушул саптары – казак жайын терең билген, өз улутунун өксүгүн алаканга салгандай көрүп түтөгөн көсөм Абайга гана жарашмак! Абайдын бейне-бешенесине буюрган чындык бир гана ушундай эмеспи! Муну болгону төрт сап менен туюнтууга кудурети жеткен Жоомарттын акындык генийи мени соңку күндөрү өзүнөн өзү көркөм-эстетикалык ой толгоого байлап койду.

Шамал менен көчкөн өмүр эмнени туюнтат? Шамал – Кудайдын деми, табияттын экстаздык абалы. Шамал өзү кабат-кабат символдук түшүнүктөрдүн туюндусу. Ал өзү – дем, дух, төгөрөктүн төрт бурчуна кысылбаган эркиндик, жаратылыштын жандуу үнү, музыкасы. Ата-бабаларыбыз эзелтен эле жашоодогу баардык ылдамдыкты шамал менен салыштырып келген. Маселен, учкан кушту, күлүк атты, мезгилди – баарын, баарын жеңил учкан, жеңил сызган шамалга салыштырган. Шамал – жаратылыштын ыпыр-сыпырын апырып-сапырып кыймылга келтирип, желдетип, тазалап турар кудурет күчтүн ээси. Демек, Абайды шамал менен бирге көчүргөнү – Абайдын шамалдай эркиндиги, тоскоолдукка баш ийбеген касиети (өз дооруна сынчыл мүнөздө карап, чындыктын тили менен сүйлөгөнү), өз доорунан шамалдай озуп алга кеткендегиси эмеспи-ов!

Дегеле шамал түшүнүгү – пайгамбарлар менен сыйкырлуу касиетке эгедер адамдардын экстаздык абалы десек да болот. Андыктан Жоомарттын Сар арканы турак кылып, \ Шамал менен көчүпсүң деген сабы жогорудагы символдук маани-туюмдун баарына толук жооп берер ишарат. Ал ошонүчүн Абайга ташка тамга баскандай төрт сап ыр менен гана эч бир урап түшкүс түбөлүктүү ыр эстелик орнотуп койгон.

Табият тарткылыгы, табият кубулушу, тропикалык маанай менен улуу Абайдын тагдырын ачып берүүдө ушул төрт сапты дагы уласа эмне болмок? Жоомарт акын жоомарттыкка жарап, эмнеге улаган жок? Ырды улаганга сөзүн аяды дейсизби? Жок, аяган эмес. Сөздүн ылайыктуусуна, сөздүн балбанына табынып таппай калган эмес. Сөзгө сараң, ойго март акындык чеберчилиги менен ушул төрт сап менен эле улуу ойчул, улуу Акын Абайга сөз менен эстелик тургузуп койгонун Жоомарт өзү да дадил туйган үчүн төрт сап менен чектелгендей...

Балким ушул төрт сапты дагы улаганда сөздүн архитектуралык-курулушун бузуп алмактыр! Ооба, бузуп алмак ко... Бузуп албаш үчүн тып токтогон. Айтчу сөз айтылды, ойду кашкайта туюндурду. Ушул төрт сап менен эле баары жеберине жетиптир. Улап кереги жок экен. Кайра окуң:

Сар арканы турак кылып,
Шамал менен көчүпсүң.
Кун жетпеген чечен булбул,
Кумда сайрап өтүпсүң.

Ташка тамга баскандай бул төрт сапка маашырландым, каниметтендим. Азыр да кайра-кайра көөнүмдү магниттей тартып, бошотпой туру. Абайдын тагдыры казактын кумдуу талаасындагы улуп-уңшуган шамалдай, кум ызгып учкан айдың талаада сайрап өткөн булбулча – символдук, метафоралык жандуу туюм, жалындуу эмоцияга тамызгы от болду да калды. Соңку күндөрү көөдөнүмдө Жоомарт акын тирилип келгенсип күрсүнүп ыр окуйт...

Өнө боюмду дүрүлдөткөн ыр саптарын учур адабиятынын өкүлдөрүнөн эмес, эбак сөөгү сөпөт болгон залкардын ырларынын арасынан кокусунан таап алдым да, өзүм үчүн Жоомарттын дүйнөсү ачыла баштады. Буга дейре Ж.Бөкөнбаевдин чыгармаларына кайсы адабиятчы кандай өңүттө кайрылганынан эч маалыматым да жок, бирок өзүм баш баккан каалгага окурман журтун да чакыргым бар. Улуу муундагы акын-жазуучулардын улагасын али аттай элек көрүнөбүз...

Агер окурман алдында ымандай сырымды айта турган болсом, Жоомарттын чыгармаларын мектеп жашымда окуганыма эле менменсинип келиптирмин. Чын! Урматтуу окурмандар жана адабиятчылар, мен да сиздерди Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына кайрадан үңүлүүгө чакырар элем.

Эмнеге Абайдын кумда сайрап өткөн өмүрүн; кун жетпеген чечен булбул экенин; шамал менен көчкөн тагдырындагы биз издеген жоопту кайрале Абайдын асыл ойлорунун арасынан табасың. Абайдын минтип түтөйт эмеспи каңырыгы: "Мен бала күндөн укчуу элем, биздин казак сартты көрсө күлчү эле: “Энеңди урайын, кең колтук сүйрөлгөн тажик, аркасына үйдүн төбөсүнө салам деп камыш арткан, баарынан корккон, көзү көргөндө “аке-үкө” деп өтүп кетсе, кызын боктошкон сарт-сүрт деген ушул деп.

Ногойду көрсө аны да боктоп күлөр эле: «Төөдөн коркон ногой, атка минсе чарчап, жөө жүрсө дем алат. Ногой демекчи, кокуй ногой десеңчи, эч нерсеге ыгы жок солдат ногой, качкын ногой, соодегер ногой» деп келип кайран Абай казак эли башка улуттун кемчилигин гана көрүп, өз кемчилигине келгенде көөдөнү көр, кулагы кер экенине кейийт. Деле казактан башка дурус калк калбагандай, орусун жамандайт, өзбегин жамандайт, айтору баарын, баарын... Өзүн гана ашыра мактаган казактын улуттук кулк-мүнөзүнө түтөп өткөн Абай өз улутунун абийири, ар-намысы экенин биз кечээ гана таанысак, а Жоомарт Бөкөнбаев кырчындай жашында: "Кун жетпеген чечен булбул,\ Кумда сайрап өтүпсүң", – деп таасын тааныганы го... 

Өз заманынан алда канча эрте туулуп калган Абай деле орус улутунун абийири Пётр Чаадаев, Лев Толстой, Дмитрий Лихачев, Андрей Сахаров сыяктуу өз улутунун кемчиликтерине кейип-кепчийт. Керек болсо өз улуту тургай, жалпы адамзатка мүнөздүү түркөйлүккө те-тетиги бийиктен, төбөбүздөгү көктөн караган үчүн кайран Абай бекеринен мамындай собол коюппу: "Сократты кимдер ууландырды, Жанна д’Аркты кимдер өрттөдү, Христосту кимдер асты, Мухамедди төөлөрдүн сөөгү менен кимдер көмүп тынды?! Караламан калк. Демек, көпчүлүктүн акылы жок. Жайнаган элди анан кантип акыйкаттын жолуна сала аласың?.." Мындай акыйкатты бир айтса өз заманынан эрте жаралган Абай гана айткан экен эбак! Ошону ички күйүт менен сезген Жоомарт жазып атпайбы:

Сар арканы турак кылып,
Шамал менен көчүпсүң.
Кун жетпеген чечен булбул,
Кумда сайрап өтүпсүң.

Мына ушул жерден ырдын ички күйүтүнө, ички демине, каймана маанисине көңүл бурар жердебиз, окурман! Демек, балыкчы балыкчыны алыстан тааныгандай эле, Абайдын улуулугун 30 жаштын белиндеги Жоомарт тааныган. Ал үчүн Абай рухий азык берип келген; ал үчүн Абай руханий ориентация болгон үчүн көңүлүбүздү көсөп өтөр зыл таштай салмактуу саптар сызылып чыккандай...

Жоомарттын өзүнүн көкүрөгүндө да Абайдын бийиктиги жашабаса, мындай күйүт бекеринен ырдалбайт эле. Ырда эч бир шаңдуулук жок. Маанай абыдан чөгүңкү. Тилиңди тишиңе каттырган сталиндик заманда өз элиңдин Абайдай азуулуу ойчулу болуш кайда, бирок Абайды ориентир туткан, даңазалаган Жоомарт шамал менен көчкөн; кумда сайрап өткөн Абайдын тагдыры үчүн ичинен ызырынат, ичинен сызат. Ошо ичинен сызып, төрт сап ырды курууда кудум чебер скульптор шекилдүү абыгерленгендей... Абайдын айтканы, дегени өз элинин кулагына кумга сиңгендей жок болгонун туйган Жоомарт кумда сайрап өтүпсүң деп, казак калкы бүгүн гана кадырына жетип отурган кеменгер Абайдын керээтин те качан эле ырдаган турбайбы...

Акыйкатты тааныган Абайдын кадырын өз заманы туйбаганына кейиген Жоомарт ушул саптарды жаратууда өз заманына кейиген жок дейсизби, окурман... Кейиштүү заманда өз улутунун өксүгүн көргөн, туйган Абайдын асылдыгын ырдаган Жоомарт жогорудагы төрт сапты жөн гана уйкаштыгы келишип калган үчүн чиймелеп койгон эмес. Бу жерде Жоомарттын көөдөнүндө түтөгөн каймана маанилүү да ой жатат. Төрт сап ыр кокусунан жазылбагандай... "Мүмкүн 34 жашында автокырсыктан өлбөгөндө, Жоомарт да Абай сымал өз элинин өксүгүн жазаар деңгээлге жетмектир...

Баарынан да ырдын финалындагы "Кун жетпеген чечен булбул, \ Кумда сайрап өтүпсүң" сабы кандай окурманды аптыктырбайт?.. Ырдагы шамал менен кум – ушул эки сөз эле биринин артынан бири ээрчишип, өтө жандуу, өтө көп аспектидеги метафоралык да, символдук да салмактуу жүктү көтөрүп тургандыктан, ырдагы динамикалык дем мурдагыдан күчөнүп, мурдагыдан да чыңалган абалда ой толгоого жем таштайт. Абайдын шамал менен көчүп өткөн өмүрү – караламан өз замандаштарынан озуп кеткени деп түшүнсөк; Абайдын кумда сайрап өткөнүн айтканы – кандай касиреттүү арманды туюнтат? Себеби кум жөнүндөгү символдук түшүнүк – кеңири горизонталды туюндурат. Шамал – жандуу кыймыл, ал эми кум – жансыз, эшилип куюлган опаасыздыктын, туруксуздуктун символу.

Караламан түркөй калк рухий бийиктикке жетпесе, анын эч туруксуз, эшилип куюлма кумдан не айырмасы бар? А кумду каалагандай сапырсаң болот. Сталиндик заманда караламан калктын кумдан айырмасы бар беле?!. "Кун жетпеген чечен булбул, \ Кумда сайрап өтүпсүң" сабындагы кайгы-касиреттин ичинде Абайдын муңу жатат. Демек, Жоомарттын да муңу жатат бу жерде...

Ал заманда эл башкарган Жусуп Абдырахмановдун күндөлүктөрүнөн биз бүгүн туйган апаат мезгил Жоомарттын да жүрөгүн аралап өткөн жок дейсизби?.. Тек гана бу жерде Жоомарт акын да көкүрөгүнө толгон күйүттү кебезге оролгон кызыл чоктой кылып Абайга арнаган ыры аркылуу гана туюнткандай...

Кыргыз-казакта кулагына кеп кирбеген эки аяктуу пендени эмне деп тилдейт? Кум кулак дейт, акма кулак дейт. А кум кулак менен акма кулактууларга карга каркылдайбы, булбул сайрайбы – ага баарыбир! А бу жерде булбул ким экени өзүнөн өзү белгилүү го...  Албетте, тиги же бул символдук түшүнүктү көркөм жана образдуу ой жүгүртө алган адам гана өз интуициясы аркылуу туюнтат. Бул ырда сталиндик замандын да шоораты, деми, саясый боёгу бар... Ырдын өзү бир гана Абайга арналганы менен, ырдагы каймана мааниде ошол доордо өкүм сүргөн жалпы саясый режимдин илеби жашайт...

Жоомарттын өз замандаштарынан эң өзгөчө айырмасы – көркөм арсеналдык ой толгоосу өтө тубаса болгон үчүн Абайга арналган төрт сап ырында күйүттүү күү чалып турат. Ал заманда дүйнө адабиятынын нускалуу өрнөгүн, салтын өздөштүрүү баардык калемдештеринин эле колунан келе берген эмес. Өзү менен үзөңгүлөш чыккан калемдештеринин көбү элдик оозеки адабияттын жамакчылык таасиринен али чыга элек кезде, Ж.Бөкөнбаев жогоруда биз сөз кылгандай, көркөм образ, көркөм ой толгоо жөндөмүнө эрте жетишкенине "Туулган жерди көргөндө" аттуу өзү жөнүндөгү ырында мыкты таржымалдаганын өзүнчө сөз кылган элем...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз