Абдил Шерматов: Адам жана акын болуу формуласы

Канчалык калчап караба – Токтосун Самудинов бактылуу адам. Ушунча жашка келгени адамдык аброюна, жарандык беделине доо кетире турган иштерге аралашпай, арзып тандаган чыгармачылык ишке аргымак аттай кызмат кылды, эне тилибиздин “экспонатка” айланып бараткан сөздөрүнө жан киргизип, алардын маанисинин масштабдуулугун, түркүн аспектүүлүгүн жана таанып билүүчүлүк (гносеологиялык) функциясын аныктап ачып, кыргыз семиологиясына, дегеле семиотикага айланчыктаган кары-жаштын баарына казына – булак боло турган иш аткарды.

Ушунданбы, айтоор, Т.Самудинов кыргыз коомунда кадыр-баркы калың, ички маданияты бийик личность катары кабыл алынат. Анан ошолордун фонунда ар кандай даражадагы сыйлыктар менен кошо ыйгарылган Кыргыз Эл акыны деген наамдын ага куп жарашып турганын айтсаң, ал да өзүнчө узак аңгеме.

Арийне, мындай пикирлер жөн жерден пайда боло калбайт. Аны Токтосундун ар кандай азгырмалуу чууларга аралашпай түз жүргөнү, асыресе көңүлдү чымыраткан ажарлуу ырлары, жанрдык жаңыланууларга жол ачкан жайдары пародиялары ж.б. сапаттары түптөгөн. Коомчулук ошон үчүн Токтосун жөнүндө сөз кылганда эрөөн-төрөөн көрбөй, ар кандай эпитеттерге жана салыштырууларга жоомарттык менен жол берет. Маселен, Кыргыз Эл акыны Омор Султанов Токтосунду сүймөнчүлүк менен: “Сен өзүң да байчечекей сыяктуу // Таза жүргөн таза акынсың уяттуу”, - десе (“Байчечекей” журналынын 20 жылдыгында), Кыргыз Эл акыны К. Бакиров (“Эркин Тоо”, 2008, №73) жана журналист Н. Ахмедулин (“Кыргыз Руху”, 2011, №29) аны “Пародиялар падышасы” – дешет. Ал эми таанымал адабиятчы, журналист Э. Нурушев (“Эркин Тоо”, 2017, №49/50) Токтосундун аристокарттардай сөөлөт күтүп, чыкыйып жүргөнүн, кийингенин, ырларынын да ошондой бүйрө экенин өзгөчө урматтоо менен белгилейт.

Кыргыз коомунун мейкиндигинде көчүп-конуп жүргөн мындай пикирлердин логикалык натыйжасы - анын чыгармачылыгы боюнча жакталган кандидаттык диссертация (У.Жапаракунов. “Токтосун Самудиновдун жанрдык - стилдик изденүүлөрү”. Бишкек, 2019) болду. Бирок ушундай өрнөктүү өмүр шыдыр эле түптөлө калган десек аша чаап кетебиз го? Андай өмүр бакубат өзөк-тамырга таянбаса, турмуштун катаал сыноолоруна туруштук бере алмак эмес. Бул барып-келип Токтосун мырзанын жеке тагдырына, таалим-тарбиясына, дүйнө туюмуна, жашаган мезгилине байланышат. Ал эми анын балалык, жигиттик курагы советтик түзүлүш учурунда өткөнүн эске алсак, көп нерсе түшүнүктүү болот. Эң оболу биз совет өлкөсү адамзат канча бир кылым эңсеген адилеттиктин, теңчилдиктин жана таптык көз карашка негизделген бийлик жүргүзүүнүн модели экенин; ал адамзаттын тарыхына жана ойломуна зор өзгөрүү киргизгенин; бүгүнкү күндө аны канчалык сынга алышканы менен тагдыр чечер карама-каршылыктарга кабылган планета калкы совет доорунун көөнөрбөс баалуулуктарын сөзгө ала баштаганын билебиз. Т.Самудинов личность катары да, акын катары да так ошол совет доорунда өркүндөп өскөн, калыптанган кыргыз совет жазуучуларынын орто муундагы өкүлү.

Азыр билип калдык ко, ар бир доордун өз мүдөөсүнө, тутунган идеологиясына негизделген экономикасы жана башкаруу системасы болот. Биз кааласак каалабасак да коомдун нравалык-эстетикалык маданияты, жашоо стили ошого ылайык трансформацияланат, ошого шайкеш түр-түспөл алат. Анан кыргыздардын турмуш тиричилигин, жашоо ыңгайын түп тамырынан бери өзгөрткөн ошол доор – ишенимдин атмосферасын жараткан, эмоционалдык климатын жакшырткан. Алардын натыйжасы – элдин болуп көрбөгөндөй монолиттүүлүгү, массалык мүнөзгө өткөн эмгектик энтузиазм. Ошолор агрардык өлкөнү индустриялаштырып, аны дүйнөдөгү кубаттуу державалардын бирине айландырган жана адамзаттын жаңы тарыхындагы эң каардуу кыргын согушта жеңишке жетишин камсыз кылган. Токтосун ошол алаамат согуш башталган мезгилде төрөлүп, атасынын кан майданга кеткенин, баатырларча курман болгонун эс тартканда билди. Ошондогу сезимди кийин бир ырында: “Болбойт эле бала деп аталышка //Ак-караны тааныдык биз эртелеп // Кан майдандан кайтпаган Ата Журтка // Атабызды ойлосок ич өрттөнөт” (1941-жылы төрөлгөн курбалдаштарыма. Салам кат. 1974 - ж), - деп туюндурат.

Атасынын кусалантып ажарланган образы апасынын жана айылдаш жоро-жолдошторунун эскерүүсү аркылуу жаш баланын эс тутумунда кайра жаралып, толукталып, өргө умтулган өспүрүмдүн өзөктү өрттөгөн өкүнүчү, көкүрөктү тиреген сыймыгы болуп, өмүр бою коштоп келатат. Токтосун эч нерседен кем болбой өстү. Октябраттар, пионерлер, комсомолдор уюмдарында патриоттулуктун, мекенге берилгендиктин духунда таалим-тарбия алды. Анын этикалык сезим-туюмуна чынчыл жана гумандуу болуу, эл жерди жана ата-энени сүйүү, адилеттиктен жана калыстыктан тайбоо сыяктуу ыймандык нормалар терең тамыр жайып, жашоодогу принцибине айланып калганы ошондон.

Т. Самудиновдун чыгармачылыгы, негизинен, 1963-жылдан башталат. Алгачкы ырлар жыйнагы (“Тоолор гана көрүшпөйт”) 1971-жылы жарык көргөн. Анда тууган жер, комсомол, согуш каармандары сыяктуу темалар чагылдырылган. Жалпы алганда жыйнактагы ырлар анын өзүнө замандаш акындардын чыгармачылыгы менен көп жагынан үндөш, ал түгүл формалык, интонациялык курулушу жагынан түспөлдөш да болуп кетет, тематикалык жакындык да бар. Бул кубулуш адабият тарыхында бирдей турмуштук жана маданий шарт, бирдей даражадагы таалим-тарбия жана эстетикалык камылга, рухий турмуштагы орток белгилер сыяктуу факторлор менен түшүндүрүлөт. Ошентсе да Т. Самудинов ушул жыйнагында өзү теңдүүлөрдөн өзгөчөлөнгөн айрымагылыгы бар экенин көрсөтө алды. Анын ырларында экспрессия күчтүү, эмоцияга чыкталган саптар арбын. Мекенге кызмат кылсам деген, эрдикти даңазалаган романтика басымдуулук кылат. Троптор (метафора, метонимия ж.б.), ошолорго тектеш стилистикалык ыкмалар (салыштыруу, гипербола, перифраз ж.б.) билгичтик менен пайдаланылып, жандуу элестерди, ассоциацияларды жаратат.

Белгилүү го, троптор, стилистикалык ыкмалар чыгармада кайра жаратылган предметке кээде күтүүсүз, бири-бирине дал келе бербегенсиген ассоциацияларга туш кылат. Маселен, Т. Самудиновдун биринчи жыйнагына кирген “Бетховен” аттуу (“Тоолор гана көрүшпөйт”, 1971- ж., 12-13 б.б.) ырынын: “Терезелер кайрадан күүгүм жутуп // Үй түбүндө санаадар талдар өсүп...// Ташкындайт тогузунчу симфония// Жүрөктө тогузунчу валга жетип”,  - деген саптарындагы метафора, перифраз, салыштыруулар жыйындысы жаныңа бүлүк салып, ажайып сезимдер дүйнөсүнө туш кылган музыканын образын жаратты. Анын үстүнө бул саптардан романтиканын илеби келип турат. Ал эми романтиктердин поэзиясында пейзаж подтексттин функциясын аткарары жана окурмандын элестетүү жөндөмүн активдештирери маалым. Ал акыл калчап кароо аркылуу ырдагы аягына чейин айтыла элек ойдун ырахатын сезгенге мүмкүнчүлүк берет. Негизинен жыйнактагы ырлардан ошол мезгилге мүнөздүү эстетиканы байкоо анча кыйын эмес.

Адабий процесске аралашкандан бери Т. Самудинов жыйырмадан ашык жыйнак чыгарды. Алардын жанры, көлөмү ар түрдүү, ар кайсы курактагы аудиторияга арналган. Ал чыгармалар жалпы кыргыз поэзиясында козголгон маселелерге, идеялык мотивдерге, маданий-нравалык талаптарга үндөшүп турат, мурдагылардын жана замандаштарынын адабий чыгармаларынын жаңырыктары сыяктанган белгилер да жок эмес. Бирок лирикалык каармандын социалдык портретиндеги, ички дүйнөсүндөгү жана менталдык психологиясындагы жаңыланууларды; адам, өмүр, өлүм, достук, сүйүү темаларына байланышкан проблемаларды чагылдыруу процессинде поэтикалык ойдун Т. Самудинов тарабынан өөрчүтүлүшү, калыпка салынышы, деталдаштырылышы ырларынын көркөмдүгүнө өзгөчө ажар берип, чыныгы искусствого мүнөздүү касиетке ээ кылат.

Айрым ырлардагы ассонанстарга, аллитерацияларга ширетилген уйкаштардын таасири күчтүү жана алар унутулгус эстетиялык ырахат тартуулайт. Мына, ошондой ырдан үзүндү: “...Алдымдан тосуп чуркар бөбөктөрүм, // Алардан озуп чуркар ала күчүк.// Боорума кысып өпкүм келет менин, // Көңүлүм чычаладай жана түшүп. // Алиге кете электей бала чагым, // Алиге мадыра баш кичинемдей.// Мен сага тердеп-кургап баратамын, // Баратам көкүрөгүм бүчүлөнбөй.” (Салам кат, 1974-ж. “ Ата Журт”, 3 б.)

Көркөм чыгармадагы образ - маалыматтын өзгөчө түрү жана ыр жаратууда мазмундун образдык планы өтө маанилүү. Мында ар бир сөз өз ыргагы, ар бир синтаксистик конструкция өз орду менен чебер колдонулгандыктан, эңсетип эси-дартын ээлеген жолугушууга көңүлү элеп-желеп болуп шашкан лирикалык каармандын пешене-бейнеси конкреттүү, рельефтүү тартылып, аптыктырган ассоцияциялар дүйнөсүн жаратты жана жандуу, эмоционалдуу туюндурулду.

Дегинкисин айтканда Т.Самудинов интимдик лириканы көркүнө чыгарып жазган акындардын бири. Анын акындык таланты дал ушундай чыгармаларда өзгөчө чачырып ачылат. Андай ырды окуганда көңүлдү өрдөп көтөрүлгөн сезимдердин эпкини жан дүйнөңдү аралай чаап, өмүрдүн бир керемет ирмемин жашап өткөндөй болосуң. Ой чабытын шынаарлашкан сөздөрдүн муңайым музыкасына көшүлүп, кусаланткан кумарга арбаласың да, ал таасир көпкө эсиңден чыкпайт. Маселен, акындын “Мээр чөп” жыйнагындагы “Ал күндөр” аттуу элегиясы (1979-ж, 96-97 б.б.)” ушундай ырдын типтүү үлгүсү.

1. Көзүндө

махабаттын шамы күйгөн,
Жаз мисал

Жадыраган жаны биргем.
Сабылып

Санаа тарттым сагынычтан,
Сен болсо

Алыстасың аны билген.

2. Мен үчүн

табылбаган асыл белек –
Аңгыча

ак көгүчкөн катың келет.
Катыңда

таттуу кыял-тилегиң бар,
Ал бизге

ай астынан чатыр керет.

               

3.Опокшош

 үчөөбүзгө эсептелген,
Чатырдын

кооздугун сезет көргөн.
Жылдыздар

жарык кылат анын ичин,
Баш багып

жаздыктардан, төшөктөрдөн.

4. Таң атса

Белгилүү го кеч кирери,
Билинбей

Жаш өмүрдүн өттү көбү.
Саргайтты жашыл түстүү жалбырагын
Билбеймин

Тилекке да көз тийеби?

5. Тагдырга

болбойт экен кекенишке,
Чатырды

буйрубаптыр экөөбүзгө,
Турмуштун

күрүлдөгөн дайрасы агып,
Томсоруп

Кала бердик эки өйүздө.

6. Ак сүйүү

бийик турган ушак кептен,
Эстетет

сагындырат,  учат көздөн.
Ал күндөр

Кез-кез мага дабыш берет,
Үнүндөй

Каркыранын узап кеткен.

 

Бүгүнкү күндөгү искусстводо көркөмдүктүн жалпы кабыл алынган типтери бар. Алар азыркы адабият таанууга Н.Фрай тарабынан “модус” (ченем, ыкма) деген түшүнүк менен илимий айлампага киргизилген. Ошондон тартып ага байланышкан проблемалар илимий анализге алынып жүрөт, системага да салынды. Ошого ылайык тигил же бул адабий чыгарма көркөмдүктө болуш үчүн – өзүнүн ички адрестелиши боюнча же күлкүлүү, же кайгылуу, же шыктандырган касиетке ээ болуш керек. Адам деле кайсы бир психологиялык типке тийешелүү болгон сыңары, искусство чыгармасы да тигил же бул эстетикалык модалдуулукка – көркөмдүктө болуу модусуна эгедер. Ушундай теориялык такталуулардан улам азыркы адабият таанууда көркөмдүк парадигмасы жана көркөмдүк модусу деген түшүнүктөр колдонулат. Биринчиси айрым адабий доорлорду жана багыттарды мүнөздөйт. Экинчиси – тарыхый мейкиндиктерди аралап өтмө (транс-исторический) мүнөзгө ээ. Көркөмдүк модусу тексттин эстетикалык константасы (туруктуу көлөм) жана ошондой эле анын доминантасы (башкы идеясы, негизги белгиси) да боло алат. Ошондуктан көркөмдүк модусун көркөмдүктүн жалпы эстетикалык тиби жана адабий жанр менен аралаштырбаш керек. Ушул өңүттөн караганда биз жогоруда мисалга тарткан Т.Самудиновдун “Ал күндөр” аталышындагы элегиясын элегия жанрына киргизүүгө болбойт. Ал көркөмдүктүн элегиялык модусу деп каралат. Анткени көркөмдүктүн жаңы модификациясынын критерийинен алганда мындагы элегиялык “Мендин” ички турмушундагы абалы, баалуулуктар системасы эстетикалык жактан так ушул чектин алкагында өздөштүрүлдү. Айталы, элдир-селдир жазылган элегиянын тексти деле ойду айтуу ыкмасы катары ошол жанрга тийешелүү болууга толук акылуу, бирок ойломду шөкөттөп берүү ыкмасы катары искусствого тийешелүү эмес, ошондон ал элегиялык көркөмдүүлүк энчисине ээ боло албайт.

Ал эми Т.Самудиновдун элегиясында жылт деп өткөн, кайра жаратылбастыгы менен өздүк баалуулугу бар өмүрдүн кайталангыс ирмемдери, өздүк тажрыйбада сакталып калган анын таасирлери чымырканган чыгармачылык күч аркылуу көңүлдө уюп калгыдай пластикалуу сүрөттөлүп берилди. Бул биринчиден. Экинчиден, элегияда сүрөткер менен теманын ортосунда данакерленген кошулуу бар. Акын, Гегель айткандай, өзү сүрөттөп жаткан предметке биротоло кошулуп, ошол предметтин органына жана жандуу предметине айланып кеткен. Анткени мындагы теманын мазмуну акындын ички дүйнөсүндө жанын жай алдырбай жашап жүргөн. Анан ал бышып жетилгенде, атырылып жол издеп, образга айланып чыга келди да, чыныгы искусство чыгармасы катары ажары актуалдашып, кыргыз поэзиясынын территориясында автономдуу жашоого ээ болуп алды.

А.Блоктун: “Ыр аттуунун баары бир нече сөздүн миздүү учуна керилген жабуу сыяктуу. Жылдыз сымал жымыңдап жарык чачкан - ошол сөздөр. Ыр ошолор бар үчүн жашайт”, – деп айтканы бар экен. Анын сыңарындай, Токтосун мырзанын элегиясы кусалыкка жык толгон сезимдердин ичтеги илебин ошо калыбында шоолалантып, эстетикалык ырахатка бөлөгөндүгү үчүн көңүл дүйнөсүндө көпкө жашап калат.

Т. Самудиновдун жыйнактарында ар кандай көлөмдөгү, ар кайсы өңүттөн адабий анализге алганга татыктуу чыгармалар бар. Ошолордун бири –“Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу поэмасы (“Мээр чөп”, 1979, 137-147-б.б.). Поэманын көлөмү чакан, үч бөлүмдөн турат. Мында сюжет дегидей чиеленишкен деле сюжет жок. Окуя согуш башталганда төрөлгөн баланын майданда курман болуп, кайтпай калган атасын эстеп эңсеген кусалуу сезимдерин, анын айланасындагы турмуштук көрүнүштү сүрөттөө менен башталып, ошо бала эр жетип, өзү ата болуп калган кезиндеги ой толгоолорун баяндоо менен бүтөт. Бирок поэманын композициялык түзүлүшү оргиналдуу курулган. Маселен, поэманын биринчи бөлүмүндө камышы калың көлмө, балык кармап жаткан балдар, көлмөнүн жээкти карай жетеленген майда толкундары, баланын кебете-кешпири таамай тартылган штрихтер, алардын айылды карай чубаган учуру сүрөттөлөт. Экинчи бөлүм – негизги бөлүм. Анда жеңишке арналган айылдагы той, майдандан келген жоокердин аңгемеси, угуп отургандардын колориттүү портреттери. А бала болсо өзүнүн өксүткөн ой дүйнөсүнө кирип алып, аскерден кайткандардан атасынын дайынын сурагысы келгенин, айылдын башынан чоочун адам көрүнүп, балдарга кошулуп чуркап барса, ал атасы болбой калганын, анан үйгө келип атасынын сүрөтү менен жалооруп сүйлөшкөнүн эстей кетет. Бирок бала деген бала да. Тойдун шаңы менен жанагы жабыркаткан ойлорун унутуп, ээнбаш жоругу үчүн жаакка бирди жээрде, атасынын аскерден келген курдашы арачалап калат, көңүлүн жубатып, кант берет, кетип баратып токулуу аты турганын, аны каалашыңча мин деген сөздөрдү айтат. Анан аталуу балдардай адыраңдатып ат чапканына көңүлү көкөлөп, эл көрсө экен деп элеп-желеп болгон ат үстүндөгү атасыз жетим жердеги желкелеп басмырлаган сезимдерин унутуп, башка бир кыялды элирткен, жанына канат бутүргөн ойлордун ааламына кирип кетет. Үчүнчү бөлүм ошо баланын өзү ата болуп калган кезиндеги ой толгоолору.

Кыйкымчыл окурманга поэмадагы баяндоо ырааттуу өнүкпөй, ортодогу окуялары түшүп калып, келки-келки монтаждалган кинотасмадай элес калтырышы мүмкүн. Бирок ушул кемчиликтей кабыл алынган композициялык курум - теманы көркөмдөп чечкенге ылайыктап тандалган форма деп айтканга жол берет. Мында автор ата мээримине жутаган, көңүлү жарты баланын психологиясынан чыгат. Андай бала ар кандай мамилеге, асыресе мээримдүү мамилеге өтө курч реакция кылат жана дайыма ошону күтүү менен жашайт. Жеңишке арнап уюштурулган той эң оболу анын жанына ач кенедей жабышкан жаралуу сезимдерин биринчи жолу боор тартуу, аëо, аруу тилек, ак жол сыяктуу адамдык мамилелердин дүйнөсүнө жетелеп келди. Колуна тийген кант, алдына тартылган ат ошол дүйнөнүн символу. Ошентип, чыгармада жеңиш майрамы менен бирге боорукерликтин сезимталдык - предметтик дүйнөсү да майрам катары эмоционалдуу, метофоралуу ачып берилди. Поэмадагы адамды өзүнө тарткан, андагы келки-келки сыяктуу эпизоддорду окурмандар өздүк билимине, фантазиясына таянып, кошумчалап, толуктап окушун камсыз кылган – мына ушулар.

Өткөн кылымдын 65-жылдары совет адбиятында поэма жанрына байланышкан проблемалар талкууланып, анын лирикалуу, эпикалуу, аналитикалуу болуусу сыяктанган пикирлер айтылган. Ошондо калмак элинин белгилүү акыны Давид Кугультинов: “Менин оюмча исскуствону байытуучу чыныгы поэма лирикалуу же жомоктошкон сюжетке эгедер, же философиялык болушу... сөзсүз эмес. Поэма өзүнө көптөгөн касиетти камтыш керек” - деген. Т.Самудиновдун поэмасында ошондой касиеттердин бар экени окуган адамга сезилип турат.

Дагы бир сезилген нерсе: поэмада автор өзүнүн бала кездеги автопортретин тартса керек деген жоромол. Муну атасыз жетимчиликтин өзөктү өрттөгөн таасири анын жан дүйнөсүндө ийине жете “бышырылып” чыгарылганы жана элегиялык мотивге көбүрөк ыктаганы айтып турат. Деги Токтосун мырзанын ырлары эмоцияга алдырып, бир тигил жээкке, бир бул жээкке чарпылбайт. Сыягы анын жашоодогу принциби эл арасындагы атасынын абройлуу образы, жетимчилик желкелеп жүргөндө атасынын үзөнгүлөш жолдошторунун атадай аялуу мамилеси түптөсө керек деп кетесиң. Балким анын бала дегенде үзүлүп түшүп, алардын көңүлүн кушкер кыла турган чыгармаларды жазып, “Байчечекей” балдар журналы уюштурулгандан бери, кырк жылдан ашык башкарып келатканы, сунуш кылынган канча бир машинелүү, май талкандуу оорундарга барбай жүргөнү да ошондон чыгар?

Арийне Т.Самудиновдун балдарга арналган чыгармаларын, ал үзбөй чыгарып келаткан “Байчечекей” журналындагы ишмердигин алты күн айтсаң түгөнбөйт. Анын да убактысы келер. Бу жолу Т.Самудиновдун пародиялары жөнүндө, учкай болсо да сөз кылалы.

Маалыматтарга караганда пародия жанры б.з.ч. 5-кылымда пайда болуптур. Далай доорлорду басып өтүп, ар кандай түр-түспөл алып, азыркы мезгилде да дүркүрөп өнүгүп жаткан убагы. Ал кыргыз жазма адабиятында өткөн кылымдын 50-жылдарында өнүгө баштаган дешет. Т.Самудинов пародия жазганга 60-жылдардын аягында киришкен экен. Анысын 1971-жылы жарык көргөн “Тоолор гана көрүшпөйт” аттуу алгачкы жыйнагына кошуп чыгарыптыр. Ошондон бери бул жанрга тынбай кайрылып, өзүнчө китеп кылып бир нечесин жарыялап да жиберди.

Совет доорундагы изилдөөчү А.Морозов адабий пародия жанрын үч түргө бөлөт экен. Т.Самудиновдун пародиялары ошолордун биринчи түрүнө, атап айтканда сынчылдыгы, юморлуу же тамашалуу жеңил какшык аралаш шылдыңы бар, бирок пародияланып жаткан чыгарманын авторун кордоп басынтпай, этият мамилеге негизделген түрүнө кирет. Мындай адабий пародия алакалашкан оргиналы менен “кошоктошуп” гана жашай алат. Ал эми пародиялоо ойдо пародияланып жаткан объект менен контрасттуулук ачык-айрым сезилгенде, “экинчи планы” болгондо натыйжага жетишет.

Арийне, чыгармачылык процессте стилдештирилип жаткан объектке кандайдыр бир деңгээлде доо кетет, ал юморлуу какшыкка кабылат. Ансыз пародия пародия болбойт. Бул пародиялоочунун ички маданиятына, анын пародияны оппонентин кемсинтүүчү куралга айландырууну көздөбөгөнүнө байланышкан маселе. Т.Самудиновдун пародиялары демократиялуу. Ал тубаса маданияттуу адам. Анын табиятына агрессивдүүлүк, өз персонасын өйдө коюу, конфликт издөө жат. Ага сөздү пир тутуу, жеңил какшык, азил, акылды алдыңкы планга койгон кеменгерлик мүнөздүү.

Менин оюмча аны жан дүйнөсүн аткарасынан ачып, алакачма сезимдери оңой менен ооздуктала бербеген поэзиянын стихиясына караганда, жашоо бийигинен жанга ырахат берген нускалуу сөзгө, акылдын ажарын ачкан азилдешүү дипломатиясына азгырып тарткан так ушул мүнөзү болсо керек. Ошон үчүн анын пародиялары пародиялануучу объектти басмырлап шылдыңдабай, предметтүү стилизацияланат, көңүлдү карк кылган, көркөмдүгү бийик. Куюлушуп, ассоциацияларды жараткан саптар жылмайуу тартуулайт же күлдүрүп, ырахат берет. Анын пародияларынын баары ушундай. Маселен, акын Тургуналы Молдобаевдин:

Болбосун окурмандын
Көңүлү кайт.
Ырыма кабак-кашы
Ачылсын чайт, - деген ырына жазган Т.Самудиновдун пародиясын окуп көрөлү.

Кечеси акындардын...
Окулду ыр.
Көп өтпөй залда бирөө
Уктады бырр.

Ал эргул эткен окшойт
Кирээрде кылт.
Кармалбай кашка башы
Кыйшайды шылк.

Жактырбай, деген болду
Бириси күңк.
Аңгыча кулады бейм,
Үн чыкты дүңк!

Бул өзү деген белги:
“Үйлөргө кайт!”
Уктаган көздүн баары
Ачылды чайт.

Тарашты. Бири сыртка
Берди да буйт:
“Ушундай кечеңди!”- деп,
Түкүрдү чыйт.

Бул оргиналды накта чеберчилик менен адабий-көркөмдүктө имитациялаган, стилдештирген гениалдуу пародия. Мында Т.Самудинов сөз зергери катары Т.Молдобаевдин ырынын формасын сактады, аны менен контрасттуу мазмунга жаңы ажар кошту, ошонун натыйжасында пародияланып жаткан чыгарма жаңыча чагылдырылды, анын начар жагы таамай ачылды.

Токтосун мырза сөз кадырын билип, сөз баккан, кулагыңдын курчун кандырып, аңгеме-дүкөн курганга уста адам, сезимдерге бүлүк салып, ырахат берген ырларды жазган бал тилдүү акын. Биз анын айрым гана сапаттарын айтканга үлгүрдүк.

Абдил Шерматов, И.Арабаев атындагы КМУ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз