Байма Сутенова: Тегирменчи кемпир

  • 08.09.2021
  • 5616

АҢГЕМЕ

Эшик ачылып, ичкериге кичинекей кыз кирди. Босогодо бир азга туруп калды да анан оозу-мурдун кичинекей алаканы менен басып, бир нерседен жийиркенгендей кайра чыгып кетти. Небересинин кантип киргенинен чыкканына чейин көз айырбай карап, бөлмөнүн төр жагында төшөктө бир кары жатат. Кемпир жийиркенгени үчүн наристени күнөөлөй албай шыпты тиктеп узакка телмирди да оор үшкүрүп алды.

Жамбашы талыдыбы оң капталынан сол капталына эптеп которулуп алайын дегиче болбой, бутунун тарамышы түйүлө түштү.

— О, кокуй ий! Өлүгүңдү көрөйүндүн жанын болоттоп койгонбу,— наалый бутун карыштап анан оңолду. Тарамышы жанаар менен оозуна кара суу келип көңүлү караңгылады. Кемпир ачка эле. Анан кайсалап жатып төшөгүнүн алдынан насвай салынган чакчасын тапты да алаканына элеп салып, эрдине коюп кымтыды. Ачка немеге насвай катуу тийип эс-мас авалда, оо бир топко жата берди.

Күн жалган түш болгон убак. Бурмакан жалгыз уюнун сүтүн сепараторго тартып бүтүп, чайга олтурду. Күндө бул убакта небак башка тиричилигине карачу эле, бүгүн болсо минтип жалган түшкө чейин чай да иче элек.

Чай үстүндө Бурмакан маңдайында отурган балдарына каарын төктү.

- Тамак ичкенди унутпа, каймак жегенди унутпа, анан уй тозгонду унуткула, өлүгүңдү көрөйүн жатып ичерлер. Мен кимиңерге жетишем. Аракеч атаңаргабы же өлбөй-житпей чирип жаткан энесинеби, оюндан омурткасы сынбаган силергеби?!..

Балдары ашык кыймыл жасагандан коркушуп, бүжүрөшүп чайды да шорулдатпай ууртоого аракет кылышат. Бүлдүрбөйүн дегенде бүлүнбөгөн оокат бүлүнөт эмеспи, эң кичүү кызы каймакка нан малып жейм деп колун сунуп жатып чыканагы менен кумшекер салынган тарелканы столдон көмөлөтүп алды.

Коркуп кетип ыйлоого даяр турган кыздын далысына Бурмакандын эти качкан колу шак этти.

- Ий, өлүгүңдү көрөйүн ий! Жада калса тынч олтуруп бир чыны чайды да оң ичкизишпейт. Болду, үнүңдү чыгарба, тим элечи...

Кичинекей кыз энесинин тап бергенинен элтең этип колу менен бетин басып эле солуктап калды. Буга тийген кол бизге да тийип кетеби деп беркилердин көздөрү жалжылдап энесинде. Бурмакан дагы бир чыны чай ичти да түбүндөгү чамасын төкпөстөн, сүттөп чай куюп тестиер уулуна сунду.

- Ме, энеңе алып барып бер.

Баланын чыккандан киргени бат болду, эки жагын жал-жал карап анан кайра чыкты да, ашканага барып жыгач үкөккө салынган дандыр нандан бир кесим үзүп алып, чоң энеси жаткан бөлмөгө зыр койду.

- Алып келдиңби,— деди кемпир жаш баладай кудуңдап, колу калтылдай, дандыр нандын калыңыраак жерин оюп, жумшагын алып оозуна салды.

Бала болсо чоң энесине боору ооруп көзүнүн жашы тегерене, шарт бурулуп сыртка чуркап чыкты. Үн чыгарбаска аракет кылып өксүп ыйлап жатты. Эмне үчүн апасы чоң энесине чайдан башка тамак бербейт, жок эле дегенде чайга нан туурап берсечи?! Бала антип чоң кишилердин бири-бирине жасаган мамилесине түшүнө албай жатканда, кемпирдин үстүнө Бурмакан кирди.

Кемпир келинине назар салбай чайын ууртап, нандын катуусун улам бир бүйлөсүнө оодара салып нан жөөсүн уланта берди. Бурмакан кемпирди акшырая бир карап, көз ирмемде анын колундагы сындырым нанды жулуп алды, үнү эң эле ачуу:

- Жеген тамагың кайра чыгарын билесиңби, карган шайтан! Кыздарым, кыздарым деп коёт. Кыздарыңдын так... чирип жатканыңда бир басып келбейт.

Экөөнүн ортосунда мындай кагылыштар күндө болбосо да күн алыстап болуп тургандыктан кемпирдин да тили чыгып калган эле.

- Тузум ургур, тузум ургур! Секелек кезиңден келиним дебей кызым деп бапестедим эле. Бир күн алдан тайсам ит көрбөгөн кордукту көрсөттүң, ылайым эле келиниңден мага жасаган мамилеңди көрүп, ыйманың айтылбай калсын!

Кемпир калчылдап өң-алеттен кетти, оозунан ак көбүк чыгып көздөрү заардуу.

- Муса, Кайрат! Кайдасыңар кулундарым, ала жаткыла энеңерди, ушул кордукту көрбөй өлсөм эмне, о кокуй!

Бурмакан эшикти тарс жаап чыгып кетти, алжыган кемпир дабышты эч сезбей, эс-мас авалда тээ согушта кайтпай калган эки уулун, күйөөсүн көрүп, аларга арыз-арманын айта берди. Бир чыны чай, бармак башындай нан менен кемпир ал күнү кеч киргизип, таң атырды.

*      *      *

Жарым тыйынча пайдасы жок, жарым жылдан ашуун убакыттан бери төшөктө жаткан Калыйман өз убагында тилинен да, колунан да келген тың киши болгон. Кан күйгөн жылдары күйөөсүн, эки уулун майданга жөнөтүп, кызыл эт балапандардай оозун ачкан беш баласын багып күнү-түнү машак терди, сугат сугарды. Мына ошол суу түбүнө жетип кийинки жылдары куяң болуп төшөктөн боюн көтөрө албай калды. Анын үстүнө сексендин беш-алтыларында эле, аны карылык да бир топ шайын кетирип койгон.

Уруш жылдары да артта калды, бирок, Калыймандын күйөөсү, уулдары да кайрылып келбеди. Ыйлай-сыктай жанын-жанга уруп, балдарын ач калтырбай ого бетер белин бекем бууду. Калыймандын мойнунда чоң жүк бар, ал — тегирмен тартуу. Күйөөсүнө келгенде эле тегирмен тартышчу, тегирмен тартуу ыраматылык күйөөсүнүн ата-бабасынан калган кесип эле, ошондуктан уруш убагында эле бир азга тегирмендин иштебей калганы болбосо, калган жылдары жай-кышы Калыйман тегирмендин ташын чеккени — чеккен.

Айылдан эки-үч чакырым алыс чоң суунун боюнан орун алган тегирмендин жогор жагы бүт айдоо, төмөн жагы колхоздун алма-багы, чычырканак баскан талаа. Жайкысын жогор жактагы айдоого өскөн эгин-тегинди бүт Калыйман сугарат, төмөн жагын колдогу малдар жайлайт.

Согуш болордун мурунку жылы күйөөсү уулдарынын жардамы менен тегирмендеги эски үйдү бузуп, төө кирпичтен эки бөлмөлүү балык жон үй салган. Кез-кезде ак жаанда тамчы тамчу эмес, өткөн жайда колхоз шиферлеп койгон. Колхоздон алган эмгек акысы бирин-экин түшкөн майда-пайда менен колундагы жээни экөө бар-жокту билбей жашашат. Калыйман өз жашоосуна ыраазы болуп, ушуга да кудая шүгүр деп канчалык айтса да, ичинде сызылган өкүнүч бар эле.

Улуу уулу Суран Алма-Атада токойчунун окуусун окуп жүрүп аялды орустан алды, кичүүсү Субан болсо бул эле Жыргалаң шахтасында шахтер болуп жүрүп өзүнөн беш-алты жаш улуу бир кызы бар жесирге үйлөндү. Калыйман эл арасында болчу ушак сөздөн тартынды, бирок эки уулу тең өз колунда болгондуктан келиндери менен сый гана калды. Бир көз караш менен эки келини тең өзүнө жакпагандыктан уулдарына да аз каттап, күйөөсүнөн калган тамдан от үзбөй кичүү кызынын кызын колуна алып өзүнчө жашай берди. Кыздарына анча нааразы болгон жок, эки кызын тең өз колу менен узатты, кичүү кызына гана алы жетпей калды, бейбак энесине бир ооз айтпай кете бербедиби. Эки кызы областтын борборунда, кичүүсү шаарда, күйөө балдары да тың чыкты.

Ошентип уясынан беш балапанын беш жакка учуруп жиберип, тегирменин иштетип коюп убактылуу Калыйман жээни менен бир үйдү кайтарышат. Тиричилик да оңой эмес, эки ую, беш-алты кой, музоолору, жыйырма чакты тоогу бар. Кышкысын бороон-чапкында кыйналбаса, жайы-күзү уулдары, же күйөө балдары чөп-чарын, отун-суусун камдап беришет.

Тегирмен менен алышып, агала-сагала болуп тынч иштеп жүргөн күндөрдүн биринде капыстан кичүү уулу шахтыдан көчүп келди. Салып койгон үйү болбогондуктан, атасынан калган тамга кирип, колхоздун участкасында иштеп калды, келин колхоздун кара жумушунда. Сүйлөшүп алгансып кеч күздө улуусу Суран да мурдагы иштеген жеринен көчүп келип, инисинин үстүнө бир жумача туруп, анан карагай башчы болуп кардонго көчүп кетти. Неси болсо да бул күндөрү Калыйман бактылуу жүрдү.

Бая үй менеп кошо оңдолуп жабдылган тегирмендин жыгач-ташы эскирип калгандыктан жаз алды менен колхоз жаңы тегирмен салмак болуп, эски тегирменден эки жүз кадамча ылдыйраак жерге жыгач-таш түшүрүп, курулушун кызуу баштады.

Ушунда Калыймандын ичи бир тызылдады. Оюна өткөн-кеткендин баары түшүп, негедир эле жаңы тегирменден иштей албачудай сезим туулуп, даяр болгон жаңы үйгө да көчүүнү эртең-бүрсүгүнкүгө таштап, эски журттан кетмеги тозок болду.

Жаңы тегирмен. Колхоз башкармасы Калыймандын улгайып калганын эске алып Субанды чакырып «атаңдан калган кесип, сенден ылайыктуу киши жок, энеңе эми эс алууга убакыт келди, эртеңден баштап жаңы тегирменди иштете башта» деди. Мурда эле тегирменде иштөө тууралуу ою бар Субан жок дебеди. Өндүрүштө иштеп жүргөн неме, колхоз жумушуна көнбөй, кайра көчүп кетүүнү намыс кылып илең-салаң болуп жүргөн, аялы болсо өзүнөн бешбетер, эт-бетинен кетти.

Субандын тегирменде иштөөсүнө Калыйман аябай кубанды, эски журтуна мал союп Субандын атасына, майдандан кайтпай калган уулдарынын арбагына куран окутуп көчтү.

Кубаныч узакка созулбады. Тегирменчи үчүн салынган эки бөлмөлүү үйгө Калыйман жээни, Субан үй-бүлөсү болуп киргенде эле бут коёрго жер жок болуп чыкты. Биринчи күндөн эле тегирмендеги болгон ишти Субан өз колуна алгандыктан Калыйман бош. Тегирменчилик Субанга бала кезинен тааныш болгондуктан энесинен жардам сурабады. Аралашып андай-мындайына жардам берейин десе уулу сыртына чыгарбаган менен жактырбаган түрү бар. Бир үйдү ээлеп келген жээни да таякесинин балдарына көнбөй көз жашы тыйылбайт. Келиндин каш-кабагы да, өңү-түсү да анча эмес.

Мына ушунун баары тең Калыймандын айылдагы тамына көчүүгө аргасыз кылды. Бир уюн, он чакты тоогун алып, жээнин жетелей айылга келди.

Бош олтуруп көнбөгөн неме бат эле огородуна картошка айдап, үйүнүн тегерегин жашылдандырып, короо-жайын оңдоп алды. Пенсиясы, тоокторунун жумурткасын дүкөнгө өткөрүп, чай тузга кардар эмес. Кийим-кечекти болсо ар бир келген сайын кыздары ала келишет. Отунду Суран түшүрүп берет, ун Субандан. Эми айылдагылар Калыймандын бактысына суктанышат, «жылаң аяк сугат сугарып, түнү тегирменди иштетип жүрүп жетимдерин жетилтти эле, мына эми убайын көрүп отурат» дешет чогулуп отурган жерден.

Арадан жылдар өтүп, мезгил Калыймандын чачын күмүш түскө боёп, жүзүндө жөргөмүштүн желесиндей болгон бырыштарды берген. Карылыкка моюн сунбайын деген менен улгайып эле калган кези. Баягы аңгыраган короо-жай жок, эки бөлмөлүү эски тамдын маңдайында дүпүйүп бак-шакка оронуп заңгыраган алты бөлмөлүү үй, муну Субан салган, огороддун аяк ченинде жалаң карагайдан ашталып, балкону Боз-Учук тоосун караган бийик эки кабат үй — бул Сурандыкы.

Калыйман жалган түш ченде музоосун аркандаган жерден которуп койду да, огородун жээктей басып келе жатты. Үйүнө келип тынч ала албай көчөгө чыкты. Баягы тегирменде такылдап ээрчип жүрчү жээни бүтүрүү экзамендерин тапшырып жаткан, бүгүн да «экзамен тапшырам таене», — деп кеткен. Өз баласы болбогондон кийин көзгө көрүнүп калган кызды көз артып жүргөн бирөө-жарым жула качып кетеби деп коркот, анда энесине эмне деп жооп бермек?!

Көчөдө жан көрүнбөйт, кечээги жамгыр жердин бетин эзип кеткендиктен, абайлап басып үйүнө кирди. Көлөчүн босогого чечип жатып чайкала түштү. «Капырай, мас кишидей болуп эмне болуп турам, кичине таза абага чыгып отура турайынчы», — деп кобурана көлөчүн кайра кийип, сыртка чыкты. Аңгыча аркандаган музоосу казыгын сүйрөп, Калыймандын жанынан зыр өттү. Отура турайын деген ою учуп, «ов-ов» деген бойдон музоосунун аркасынан шашыла басты, огороддун ортосуна келгенде эле, дүңгүрөгөн дабыш чыгып, жер чайпалып титиреди, Калыйман жыгылбастын айласын кылып, таягына сүйөнүп турду. Кылчайып арт жагына караса чаңы асманга көтөрүлүп эле үйлөр кулап жаткансыйт. Келме келтирип, жерге отура калды. Жер дагы бир нече ирет силкинип, чайпалып алып анан барып тынчыды. Улуган ит, мөөрөгөн уй, кукулуктаган тооктор.

Дале болсо өзүнө келе албай эптеп туруп, көчөгө чыкты. Талаада иште жүргөндөр үйүн көздөй чуркап, үйдөгүлөр көчөгө чыгып эл топтолуп калган эле.

- Ой айланайын кудай, баш аманбы деги?!— Калыйман көзүнүн жашын аарчыбастан чогула түшкөндөргө барды. Сакалдуу бир карыя:

- Ой, байбиче, бар-жогубузду толук биле элекпиз. Айыл ичи аман, мектептеги балдарды кардонго алып кетти эле, алар эмне болду экең? — деди.

Өң-түстөн эч нерсе жок, кумсарып кеткен айланасындагыларды тегерете карап, ирмемде көз алдына балдары келе түштү. Ошол убакытта жээни чуркап келип Калыйманды кучактап, ыйлап жиберди.

— Барсыңбы деги, адатыңча жаман тамдын түбүндө жүн тытып отуруп, алдында калдыбы деп жаным калсачы!

Бул түнү бүт көл аймагы жылдыздардын астында көз ирмебей жатышты. Жер да билинер-билинбес чайпалганын токтотподу.

Бир жуманын ичинде алыстагы урук-туугандары келип көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүп, ал-ахвалдарын сурашты. Сурандын үйү жыгачтан ашталып салынгандыктан көп жабыр тартпады. Субандыкы болсо төрт бурчу төрт жакка ырсайып, жер эми бир силкинип кетсе эле ажырап кеткени турат, ал эми Субандыкындай тамдар айыл ичинде канча дейсиң?!

Мамлекет биринчи күндөрдөн эле ар тараптан жардам көрсөтүп, кыйрагандарды тургуза баштады. Айыл ичи тыштан келген жумушчуларга толгон. Табигаттын мындай кырсыгын ар ким ар башка кабыл алат экен; үйлүү киши да үйсүз, үйсүзү да үйү жок калды. Ысылы-суукта кээ бир чыдабагандар кара башын, бала-бакырасынын аман калганына сүйүнбөй, жыйган дүйнөсүнө кайгырып жатышты. Камылгалуулар, эртеңкисин ойлогондор жумуштан колдору бошой калганда, эртели-кеч жыгач-таштан чакан, күнүмдүк үйлөрдү тургузушту.

Жеке эле Калыймандын башында канча өзгөрүү болду дейсиң. Суран жер титирегенден көп өтпөй кызматы жагынан жогорулап, областтын борборуна көчүп кетти. Кичи уулу Субан мурда эле кычкыл суудан ууртап-татып жүрдү эле, эми күчөтө баштады. Кийинки күндөрү келини да уулуна кошулду, ал тургай кызып алып бир нече жолу Калыйманды каарып өттү.

Мурдагыдай баш-көз болуп жеңилин жерден алган жээни болсо жогорку окуу жайына өтүп, өз ата-энесинин кашында. Жээни кеткени Субандын кара кызын эрмек кылып жетелеп жүрдү эле, өгүнү энеси келгенде ээрчип баса бербедиби. Эми бир тамда азыр Калыймандын жалгыз башы. Кыска убакыттагы бул өзгөрүүлөр Калыйманды бир топ басынтты.

*      *      *

Бурмакан эки чакасын колуна алып сууга жаңыдан чыга берерде чоң көчөдөн өз үйүн көздөй ак «Волга» бурулду. Жүрөгү бир нерсени сезип, сууга барбастан кайра тартып, чакаларын көтөргөн бойдон кайын энесинин үстүнө кирип, чачылып жаткан үй ичин шаша-буша жыйыштыра баштады. Бир нече күндөн бери төгүлбөй жаткан дагырадагыны да сыртка чыгарганга үлгүрдү. Келиндин эң эле шектүү кыймылдаганынан улам, өзүнө кимдир-бирөөнүн келе жатканын билди. Ким болду экен? Суранбы, же кыздардын бириби. Жүрөгү акылдап, ким болсо да тезирээк көргүсү келди. Көптөн бери бүтөлгөн кулагы ачылгандай болгон дабыш Калыймандын өзүнө угулду. Анан кайдан-жайдандыр суунун шары угулду, тегирмендин ташынын зырылдаганы. Өксүткөн жагымдуу бир нерсе Калыймандын көөдөнүн көз ирмемде аралап өттү...

Бурмакан сыртка чыга калар менен дарбазанын түбүнө жеңил машина токтоду. Тегеректеги коңшу-колоңдор да эшигинин алдына туруп алып моюндарын созо ким келгенин билүүгө ынтызар. Алар эмне, Калыймандын кандай абалда жатканын билишпейт бекен, билгенде да сонун билишет, бирок Бурмаканга талатканча итке талаткан бир топ жеңил. Ошондуктан басып барып кемпирдин ал-ахвалын суроодон да ийменишет.

Кемпир багып чоңойткон жээни, күйөөсү, кичинекей кызы менен машинадан түштү. Туубаса да тутунуп калган Калыйман таенесин жанындай көргөн жээни да жылына эки-үч ирет каттабаса санаасы тынбайт. Колдо өсүп сыр билги болгон жээни, Бурмакандын каш-кабагынан улам таенеси кандай авалда экенин билди. Бешим ченде Суран жана ортоңку карындашы машиналары менен жетип келишти. Субандын эшигинин алдында үч жеңил машина турду, күнүнө эки ирет каттаган автобус менен күүгүмдө Калыймандын улуу кызы келип калды.

Калыймандын уул-кыздарынын келип жатканынан улам «Чын эле кемпир барар жерине жакын калганбы?» дешип айыл ичиндегилер чочулады. Иңирде трактордун чиркегичине салып мас авалында Субанды бир топ улан жөлөп-таяп алып келишти. Бир туугандарын көрүп булдуруктады. «Силерди мен чакырткам, э-энемди к-көрүп кетсин деп» деди да тынч алып калбастан тирүү энесин жоктой ыйлай берди.

Калыйманды анда эски тамдан алып келип, Субандын төркү бөлмөсүнө керебетке жаткызышкан эле. Кыздары киринтип, тамак берген соң алы жок шалдыраган неме уйкуга жетеленип, «энекем кокуй!» деп өкүргөн үндү угуп эс-мас абалда өзүнүн тирүү же өлүү экенин ажырата албай жата берди. Жанында ыраматылык күйөөсү, эки уулу олтургансыйт, кабактары бүркөө...

Бурмакан конок камында... кемпирдин коюнун бирин күйөө балага сойгузуп казан асты, балдарын дүкөнгө чуркатып ичкилик алдырып бүлүнүп жатты. Оюнда «жаман көрсө көздөй бир тууганын жаман көрүшсүн, менден кетпесе болду андай эле кыйын экен орус келини, же кыздарынын бири энесин алып багып алышсын» деди. Калыймандын жээнинен башкасы Субандын телеграммасы менен келишкендиктен кызматтарынан калып бир кайгырышса, бир жагынан Субандын тамашасына ыраазы болушту, эки иштен бир иш энелерин көрүп кетип жатышпайбы.

Субан телеграмманы кечээ мас абалында туруп берген эле, арак ээлеген эсине бир туугандары түштү. Тегирменде турганда ун-жем деп жетип келишчү эле, колхоз өзүн тегирменден четтеткенден бери жолобойт, жок дегенде өлүм алдында жаткан энесин көрүп кетишсе боло деп, почтодогу кыздан карыз алып, «тез келгиле» деп телеграмма урган, баягы энесинин тегирменинен да, өзүнүкүнөн да азыр эч нерсе жок, бар болгону тамы калган. Колхоз электр тегирменин салып Субанды тегирменчиликтен бошоткон. Эртең менен туруп контордун алдына барат, бригадир каякка жумшаса кете бермей, а эгер жүз грамм табылса күнү кечке дүкөндүн алдында, Бурмакан же балдарынын бири барып алып келмейинче Субан ары өткөн, бери өткөндөн бирдеме үмүтөтүп айланчыктап жүрө берет, табылса «сороюп» жатып калат.

Энебиз ушул жашына кудая шүгүр десин, барар жерине аз калды, эми көңүлүн калтырбай ысык-суугуна чыдап койгула дешип Бурмакан менен Субанга кеңештерин айтканы болбосо бир жээнинен башкасы энесинин ал-ахывалын чындап сурашкан жок. Кайдан шекшисин алар келгенче эле Бурмакан ирик-чирикти сыртка чыгарып энелеринин башына жаңы жоолук салып койсо... А кыздары келээр менен эле шордуу Калыйман арыз-арманын кантип айтсын.

*      *      *

Эт эзилип бышып алдыга келди. Жаш сорпо ооруга жагат, жакпайт болуп жатышты. Көптөн бери жаш сорпо ичпегендиктен, эттин жыты мурун өрдөгөн сайын Калыйман шилекейин ирмеп коюп жатты. «Ичким келип жатат» деген сөз ооз учунда турса да сыртка чыгаруу оңой болгон жок. Ушул учурда Субандын тестиер уулу эже-жезделеринин сөзүн кыя кетирбей тыңшап, ичинен талкуулап жатты, эч бири көңүлүнө толбой чоң энесинин гана «бакма кызы» (апасынын айтуусу боюнча) кабагын чытып эч кимисин жактырбай отурганын байкады.

Акыры бир кепке келишип сорподон чыныга аз бөксө куюп Калыйманга алып келишкенде жанатан берки табити жоголуп, сорпонун жыты башына чыгып, көңүлү айнып жана ичкен чайын да кусуп салды. Колуна суу куюп, бети-башын чайып жанында жээни гана калды. Субандын баласы оозгу үйдө «ал, ал» болуп эт жеп жаткан конокторду жийиркенүү менен карап бурчта кыймылсыз отурду.

Көңүлү айныганы басылып калыбына келген Калыйман көзүн ачып жээнин көрдү да көз жашын көлдөтүп коё берди. Жээни түшүнө бербеди, бирок тайенесин көрүп өзү да токтоно албады. «Тууган эле эмес, туткан эне» дешет, өз энесине караганда кызга таенеси жакында, артык да эле. Таенесинин авалын карап туруп бир кесим эт кекиртегинен өтпөй маңдайында отурганы да ошондон!..

Калыйман жээнине көзүн ымдап, төшөгүн ачып, өзү там жакка бурулду да ич көйнөгүн көтөрүп, жамбашын көрсөттү. Жээни коркконунан кыйкырып жибере жаздап оозун колу менен баса койду. Таенесинин жамбашы бүт көгала, кээ бир жеринин көгү тарап саргыч тартып, коркунучтуу болуп калыптыр. Көрдүңбү дегенсип башын ийкеди да, оңдонуп жатып шыбыраган үнү менен үрөйү учуп, кумсарып кеткен жээнине айта баштады.

— Анда минтип жаным төшөк тартканы аз эле болгон. Азыр да анча эмес, кудая шүгүр. Андачы, өлүгүңдү көрөйүндүн жаны ий!— Кемпир кышылдап чеке терин аарчып күйүктү,— эки бутум бел курчоомдон ылдый такыр эле кыймылдабай калган. Алсырайм, тамак ичкенден корком...

Ал күнү балдар да ойноп кеткенби, үстүмө эч кимиси кирген жок. Субан менен Бурмакан конокко кетишкен. Эртең менен суусаганымдан бир чыны сүт ичтим эле, ошонум түш ченде эле ичимди алып кетчүдөй болуп боорум толгоп келди. Чакырсам деле жан киши жүргөнү билинбейт, анын үстүнө мен тиги үйдө, булар бул үйдө, бутума сыйпаган дарынын жытынан жийиркенип балдар көп кире беришпейт. Же жанагы энеси бир балээ дегенби, бала деген бала эмеспи.

Субандар каш карайганда келишти, өзү бир аз кызуу, менин үстүмө кирип бапылдап бир топко отурду. Унчукпай койсом отура бергидей, менин болсо ичим бурап, жан терим келип өлүп баратам. «Суке, келинди чакырчы, эптеп сыртка чыгайын, ичим алып кетчүдөй болуп турат» дедим. Эшикке чыгып бат эле Бурмаканды ээрчитип келди. Өз жаным менен алек болуп жатып анын мас-соосун билбептирмин. Качан сыртка чыкканда гана оозунан урган арактын жытын сездим. Аял кишинин ичкенин жактырбасам да байкамаксанга салдым. Мени болсо ал шалпып сөгүп кирди. Маска теңелбейин дедим, өзүмдүн алым бул болсо, зукулдап басып жүргөнүмдө жакпаган келиниме азыр жакмак белем. Коридорго көтөрүлө бергенимде «сен мастан, эмне унчукпайсың»,— деп ай-буйга келбей колтуктап келе жатып коё берип жибербеспи. Же бутум баспаса, мен эмнеге таянамын, ылдый эле куладым, көзүң жамандыкты көрбөсүн, Субан көтөрүп кирип жаткызганын да билбептирмин. Дагы кудая тобо дебейсиңби, бети-башымдын жарылбаганы дурус болду. Оо, ал түнү чоң муштум Сукең Бурмакандын соо жерин койбой сойгон экен, бир топ күнгө чүмкөнүп жүрдү. Менин болсо ошондон баштап апта күн-түнү менен мурдум канап чыкты, кансырап өлөмбү десем жок, басылып калды. Андан кийин алымдын кеткенин көрүп ал! Кыймылдаарга шайым жок. Бурмакан бейбак болсо Субандын таягынан кийин өчөшкөнү күчөгөн. Күндө бир-эки маал мала даам эки чыны чай ичем, ысык тамакты кой, жини кармаса чай да жок. Чай эмне? Нандан болсо үмүт этпейм. Кошуна-колоңдор Бурмакан жокто кирип калышат, аларга «менин келин-уулум жаман» деп жамандамак белем. Өздөрүндө да көз бар билбей, сезбей коёт дейсиңби?! Мен сага аларды жамандап жаткан жерим жок, энеңе-эжелериңе караганда таяке-таяжеңеңин сырын жакшы билесиң, сенде да кайын эне бар, ошону жакшы кара, бата ал! Эжелериңе мунун баарын айтсам азыр эле ай-буйга келбей Субан менен Бурмаканга асылат. Сенин болсо ичиңде болсун, өлөрүмө аз калды, аны сезип эле турам, бул сага сабак болсун деген даттануум. Бир жагынан ичиң күйөт экен, бириң басып келбедиң өзөгүм карарган күндөрү, табарсыгым жарылчудай болгондо көзүмөн учтуңар го,— кемпирдин көз жашы бырыштары аркылуу ылдый саамайынан куюлду.

Көз алдына таенесинин айткандары элестеп, жээни токтоналбай солуктап жатты. Эт жеп жаткандар кызуу кепте.

Оозгу үйдөн акырын жылып кирген Субандын уулун да байкашпаган, чоң энеси менен эжесинин сөзүн тыңшап отурган тестиер көзүнүн жашын аарчып, мурдун шор тартып коюп бурчта, караңгы жакта.

Эт желип бүткөн соң чай үстүндө Субан ичкиликтин калган-катканын ичүүлөргө бөлө куюп, анан ичиндеги таарынычын айта баштады.

- Ушул отурган бир туугандар бир босогодон кирип-чыгып чоңойдук эле. Бири бирибизди бирибиз багып, энемдин жалгыз тапкан бир ууч талканын бөлө жеп, улуубуздун кийгенин кичүүбүз кийип, эрезеге жеттик. Бой жетип эже-карындаштар турмушка чыктыңар, Суран экөөбүз үй-бүлөлү болдук. Кудая шүгүр, үстүбүздө үй, астыбызда аш, кээ бирибиз машина минип олтурабыз. Кийинүүнү да, опурула сүйлөп арак ичүүнү да унутпадык. Бирок кептин чыны, катуу кетсем кечирип койгула?! Бизди тапкан энебизди кароону унутуп койдук, унутканда да катуу унуттук. Актанбай коё тургула, сөздү акырына чейин уксаңар. Бүгүнкү күндү эсептегенде энемдин төшөккө жатып калганына жети айдын жүзү болду. Өзү чакыртканда гана бир келдиңер, андан кийинчи... Болуптур, Суран түн катып бир жолу келип кеткен, атайылап энесине эмес, командировкалап жүрүп гана жолдон кайрыла кеткен. Кичүүм, көкүрөк күчүгүм деп кичүү кызын жакшы көрчү эле, анысы кызын берип коюп...

- Субан, кепти чойбой ток этер жерин айтчы, - деди Суран кыртышы сүйбөй. Ушуну эле күтүп турганбы, Калыймандын улуу кызы оңдонуп отуруп Субанга:

- Суке, эмне айтаарыңды билип эле отурам, келбедик, аз каттадык. А эне үчүн? Эгер энебиз бир үйдө жалгыз багар-көрөрү жок жашаса биз ат тезегин кургатат белек? Сен барсың, Бурмакан бар. Сенин ордуңда мен болсом сен деле мага ишенет элең да. Биз жайыт-жайы башка кишибиз, бала-бакыра деген бар. Күн алыстап...

Субан эжесинин сөзүн бүтүртпөдү. Кызуу неме дасторкондун четин түрө, эжесине жакын отурду.

- Эже, эжеке кууланба. Жаза тайып энемдин көзү өтүп кетсе улуубуз сенсиң, сени эне тутабыз. Балдардын баласын көрүп эне гана эмес, чоң эне болуп отурасың. Мындай кеп сага жарашпайт! Туура, мынабу жерде отургандар менден жардам сурабайсыңар, ар кимиңер өз өзүңөрчө менменсине турган мансабыңар, даражаңар бар. Ылайым эле ушинтип тургула. Биро-ок жок дегенде кезеги менен келип, энемдин көңүлүн көтөрүп, кийиндирип-жуундуруп турсаңар болмок. Чакырттым, келдиңер да энебиз эмне үчүн эски тамда, эмне үчүн төшөктөр алмаштырылбаган, эмне үчүн күчтүүлөп тамак бербейсиңер дегенсийсиңер. Эмне үчүн? Бөтөн киши болбогон соң, бириң көтөрүп алдын оңдоп, бириң тамак жасай койбойсуңарбы? Же эмне биз колхоздон эмгек күн таппай эле энемдин маңдайында отурабызбы. Силер кандай болсоңор биз да ошондойбуз, тышта окуган, үйдө кол караган балдар бар.

Бир туугандар бир жагынан Субандын сөзүнө жыгыла, бир жагынан ачуулары келип олтурушту. Калыйман болсо бир сөзүн укса, бир сөзүн укпай, бирок кеп өзү жөнүндө болуп жатканын боолголоодо. Тестиер бала ар бир сөздү кыя кетирбей, үрпөйүп бая отурган караңгы бурчта.

Бир туугандардын талаш-тартыштарына көз салган Бурмакан жана күйөө балдар. Кыздардын ортончусунун күйөөсү тамагын кырып, үнүн жасап, жымжырттыктан пайдаланып:

- Антип бир кемпирди түрткүнчүк кылбай эле бирибиз колубузга алып бакпайлыбы,— деди жай гана. Бул сөз баарына тең октой тийди. Үзүлүп кетчүдөй болуп кыңылдап сүйлөп, бүтүк көздөрүн кымылдатып, эзели кишинин жүзүнө тик карап сүйлөбөгөн жездесинин кебетесине жини келип, мурда эле сүйүңкүрөбөгөн Субан жарылып кете жаздап, мас болсо да өзүн кармай кекээрледи.

- Ии, алгыңар келсе азыр деле алып кеткиле. Силердин да энеңер!— Субандын оозунан бул сөз чыкканда Суран дирт этти. Кыздар да түктүйө түшүштү. Бир мүнөттүк жымжырттык.

- Улуусунун үйү толтура бала, келиндеринин да кыялы чатак. Энеси эмес өзү араң жүргөндө...

- Ортончусунун күйөөсү соо кезинде эле мен сенин бир туугандарыңды шифер менен жабдыйм. Не керек болсо менден алышат. Сенин бир туугандарың ал, бул деп турат... Анткени цемент заводунун директору. Кокус энесин колуна ала турган болсом, эртең эле айтат. “Биртуугандарың энеңди батырбай койгонуңда мен баккамын» деп. Азыр жөн гана табасы канып айткан сөзү. Жо-ок, өлсө да энеси Субандын колунан өлсүн.

- Кичүүсү шаарда, үйү эки комнат, өздөрүнө тар. Эми өсөөрү эмес, өлөөрү калган кемпирди көлдүн аркы башынан тиги башына сүйрөп, кокус көзү жумулуп кетсе, аяктан-быякка. Ал го ал, чогуу иштегендер, карым-катыштар эмне деп ойлойт, намыс керек да...

А Суран энесинин өзүнө келбесин жакшы билет. Мындан мурда нечен ирет жүр десе болбой койгон.

«Же андай болсо мен алып кетем»,— деп ойлоду жээни. Шарт бар, иштеген жерине үйү деги жакын, байкуш таенем өмүр бою бир жыргал көргөн жок, биз деп жүрүп ушуну көрдү, жок дегенде өмүрүнүн акыркы күндөрүндө жылуу жумшак жатсынчы. Макул болушса эртең менен эрте алып кетем, «алып кетем»... үнү сыртка чыгып кетти. Тестиер бала кубанганынан ордунан атып турду. Субан башын чайкап-чайкап туруп, көзүн ачым-жумуп, жээнин карады. Бурмакан жым этти.

Субандын үйүнүн жарыгы түн ооганда да өчпөдү. Жездесинин сөзүнө кылтыйган Субан «алсаңар алгыла»,— деген сөзүнөн кайтпады, бирок энеси эч кимисине барбайт деген үмүттө болуп атайын ошентти. Оюнда «Аракеч, аракеч дейсиңер, эрте турганыңар акыл айтып жыгылып каласыңар. Жо-ок, Субан ичсе акылы менен ичет. Ошон үчүн силерди талуу жерден кармап олтурат Суран... кыздарым эле дейт, бирок баары биригип Субанга жетпейт, энекеси» деген сөз турду. Алып кетсе алып кетишсин, өлсө сөөгү баары бир бул үйдөн чыгат. Көп болсо айыл ичи бир дүргүп алар. «Энесин кыздары алып кетишиптир» деп. Шамал жүрө берет, ит үрө берет, айтып-айтып басылышат да... Мейли, менин сөзүм Субанга чоң чыгат. Энеңди бир туугандарыңдын эч кимиси бакпай жээниңер алып кеткен деп айтам. Мага эмне, өз энем деги жок, «көрөм сенин энеңди» деп айткыдай. Ичинен Бурмакан ушинтип алды-артын тазалап жатты.

Эртеси кошуналары Калыймандын кыздары энесин жөлөп-таяп, «Волгага» салып жатканын карап турушту, чоң энесинин калып калган кийимдеринин улам бирин ташып, таскактап Субандын тестиер уулу жүрөт. Бирок, Бурмакан да, Субан да көрүнбөдү. Көпкө кармалбастан «Волга» ордунан жылды. Тегеректеги эл машинанын ичинен Калыймандын жээнин көрүштү. Удаа эле куйрук улаш калган эки машина «Волганын» аркасынан жөнөдү. Жеңил машиналар айылдан чыга берип, шаарга алып баруучу чоң жолго түшпөстөн, эски тегирменге кетчү жолго бурулду.

Кардондун алдында бада жайып жүргөн бадачы Калыймандын эски тегирменине үч жеңил машине келип токтоп, машинанын биринен бир аялды жөлөп-таяп чыгарышып, эски тегирмендеги эки түп теректин түбүнө алып келишип, уй мүйүз тарта олтурушканын көрүштү. Узакка созулбаган убакыттан кийин кайра машинага олтурушуп, тегирмендин жолунан чыгышып, шаарга кетчү жолго түшүп, зымырап кеткенинен өйдө карап турган бадачы, кимдер болду экен деп ойлоду да анан бир аздан кийин өз оюн унутуп койду.

Алар кеткенден кийин бир саат өттүбү, өткөн жокпу - кошуналары Субандын кийинип алып тестиер уулун ээрчитип шаарга кетчү автобустун аялдамасында турганын көрүштү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз