Сүйүн Курманова: Кезүү

  • 29.07.2021
  • 4326

АҢГЕМЕ

(Чоң энем Сонунбайга

Башкалардын колу бошобой,  кезүү кайтарганы энем экөөбүз чыктык. Адегенде төмөнкү үйлөрдөн  чубаган койлорду айдап, улам барган сайын көбөйгөндөн көбөйгөн кой-козунун  тескери басканын кайрып, өзүмчө бир чоң ишке бараткансып дикилдейм.

Барар жагыбыз чоң суунун кашатындагы бадалдуу колот. Көчөнүн башына чыкканда эле шыбак жыттуу  айдарым көкүлдөн сылап, жазгы күндүн күчүнө кире элек табы  жонубузду билинер билинбес жылытып,  жаңыдан көтөрүлө баштаган  көк майсаңды лепилдей жорткон эрке жел  наркы-терки терметип турганы. Көпкөк асманга жашыл  майсаң жарашып, көкүрөктү  жаздын илеби бир башкача  өрөпкүтүп, учуп кете жаздайсың. Койлор да лекилдеген бойдон  жыбыраган көккө жармаша калып жатышат.

Энем экөөбүз үйдөн ала келген көрпөчөнү  түзөңгө жазып, тамак-ашыбызды  чөккөн ташка  жөлөп, жайланышып отурдук.  Кезүүгө чыккандын  сонун жери - энемдин чай кайнатканы. Адегенде  кемегеге ылайык таштарды тулгадай тизип, ортосун оюп,  өйдө-ылдыйын тегиздейсиң.  Күн төбөгө жакындаганда төмөндө шаркырап жаткан дарыядан жез чайнекке  суу сузуп келесиң. Анан  таш кемегеге кулап кетпегендей кылып этияттап коёсуң. Адыр беттен  терип келген  куурай,  кургап калган төө куйруктун  тумтуйган тамыры чытырап, түтүнү  түпсүз асманга көтөрүлөт. 

Чайнек бир кезде капкагын ыргытып, бурулдап чыгат, энем алаканындагы чайды салып, бир топ кайнагандан кийин сүт куят, ташып кетпегендей капкагын аярлап жаап, анан баштыктан набат, кызыл-тазыл момпосуйларды алып чыгат. Мындай чайды эч жерден таппайсың. Энем аны “суудан” дейт. Эт жегенден бетер тердеп, магдырап отуруп калганда  укмуш нерселерди айтып берет. Оюңа келгендин  баарын  сурай бересиң.

- Эне, силердин жаш кезде ичкенге сууну кайдан алчу элеңер?

- Ушул эле суудан иччүбүз, балам.

- Жазында ылай болуп атпайбы? Кантип иччү элеңер?

- Чоң суу  көп болсо  эки-үч күн ылайланат, мурдатан алып коюп, тундуруп иччүбүз. Азыркыча дары салып ичкенди ким көрүптүр. Аа, балам суунун суусун силер билбей калбадыңарбы. Биз Чоң-Кызыл-Суунун кардонунда турганда мөңгүнүн суусун иччүбүз. Суунун суусу ошо болчу. Көздүн жашындай таптаза болчу. Сендей кыздар чачтарын атыр самын  менен жууп, маңдайынан экиге бөлүп тарап, жибектей кылып өрүп алышчу. Кана эми, ошондой чачтар, силер  чотурайып кесип салып атпайсыңарбы.

Көзүмдү жуумп, чачтары узун, суйкайган кыздарды элестетем.

- Эне, Айша апам жаш кезинде сулуу болсо керек ээ, азыр деле жакшынакай го?

- Ой аны талашып эки айыл чабышкан да.

- Анан Асанакун чоң ата жеңди беле?

- Асанакундун аталаш тууганы ынкыбыда иштечү. Кайыш чапандын үстүнөн тапанча байланып жүрчү. Ошол тиги талашкандарды коркутуп, жашы жетпеген кызды алган жатыпсыңар, түрмөгө камайм деп опузалап атып  инисине алып берип атпайбы.

- Аябай сулуу болгону үчүн да ээ?

- Анын агалары кыйын мергенчи экен. Булут атып алып Айшаны  киринтиптир деп кеп кылышчу.  Бети  алмадай аппак болчу, тиги түгөнгүр алаарын алып анан байкушка  далайды  көрсөтпөдүбү, болбосо бели кындай, бети ундай, чачы кундуздай  болчу. Тогузду төрөдү го бечара.

- Эне,  мурдагы заман жакшы беле же азыркыбы?

- Ким билет балам, мурдагы заманда деле жакшысы  болсо керек. Келиндер  “Жылкы айдадык Жылдыздан, Тебетей кийдик кундуздан” деп ырдашчу ал кезде. Жакшы дейин десең  кийин нечен сонун кишилерди жок кылып жиберишпедиби. Саймалуу жака, ак жибек көйнөкчөн, тирелген нечен  жигиттерди “тройка” деген немеси аттырып салбадыбы. Элдин тунугу кетип, ылайы калды го. Акылы жетик, чегедей балдар болчу да. Көбүнөн тукум да калган жок.

- Эмки заман эле жакшы турбайбы анда?

- Ай билбейм, аракка баары баш коюп калышты го. Ошо кантип жакшы болсун. Тукумга зыян да.

- Силердин жаш кезде арак ичишчү беле?

- Жок, ботом. Бозо ичишчү, арак  деген  согуштан кийин келди го, элге. Үшүбөсүн дегенби же коркпосун дегенби - аскерлерге арак берчү дешет. Согуштан жарадар болгондор же бошоп келгендер  арак ичишчү. Анда “мейли, булар канын берди, жанын берди” деп  эч ким  деле эрөөн-терөөн  алчу эмес. Арак анча деле көп эмес болчу, сатып алганга элде акча жок, арак түгүл  токочко жетпей  жатса... Тээ көчөнүн аягында бирөө мас болуп келатса “ой, бу мыкты турбайбы, акчасы болгон үчүн арак ичип жатат да” деп суктанып карап калышчу.

Азыркы балдар  ичсе эле жинди болуп калып жатышат ко. Тарбияңар башка болуп калбадыбы эми силердин, “тартынба, тайманба!” деп атып.

- Анан эмне, тайманыш керекпи?

- Ой тайманган, ийменген эле жакшы садага болоюн,  кишиге опурулуп сүйлөгөн болбойт, эл турган жерде азынап күлбөйт, бирдеме талашып калсаң ошону  жеңет элем деп аксымданган жарабайт, мен мындаймын деп дардактаганды эл жаман көрөт. Илгери кемсомол жаңы чыкканда жалындуу жаштар деп койсо, Жакып деген бирөө “түн ичинде колхоздун чөбүн ташып келип атат” деп чогулушта өз  атасына айгак чыгып, кестирип ие жаздаган. Кемсомолуң менен жерге кир деп баарыбыз жаман көргөнбүз. Тартынба, тайманба деп Жамийла апаңды  жаштайынан трактир айдатышып, бечара оорунун азабын тартып жүрүп кетти. Бирдеме болсо кошо эле агып кетпей, кичине акылга салып ойлонгон жакшы.

...Тып этип тамчы бетиме тамды. Көзүмдү ачсам эмелеки ала булут асман тунарып, батыштан дуулдаган муздак жел төө куйруктарды желпилдетип, койлор көк кубалап жонго чыгып кетишиптир.

- Кокуй, чурка!- деди энем төмөнтөн, күздүккө кирип кетип балакет  болбосун!  Чайың менен жерге кир, алаксып кеткен турбайбызбы...

Мен төмөнтөн жеткенче койлордун алды күздүккө баш малып калыптыр.  Күн түнөргөндөн түнөрүп, жаан күчөп кирди. Энем байкуш  кырга  эптеп чыгып, күйүгүп туруп калганы жаандын арасынан көзүмө урунду. Экөөбүз “кош-коштоп” тушардан келген суу күздүктү аралай чуркап, уйгактай жабышкан койлорду чыгара албай жүрөбүз.

Баарын, баарын, маңыроо койлорду, нөшөрдү, өзүмдү жек көрүп, ушул азаптан эч качан чыкпачудай токтой калып карасам, буурул булут самсыган, көгөргөн талаада ээрди көгөрүп, эси кеткенче далбастанган энем жалгыз  жүрөт. Асман жердин ортосунда жап жалгыз калгандай!  Биздин “Кош, Ко-о-ош!” деген  үнүбүздү нөшөр сабалап, өчүрүп жаткансыйт.

Көөдөнүмө коркунуч менен ыза толуп, аягым шилтенбейт. Он экиге чыкканча ошончо ыйлаган эместирмин.

“Ой, болду эми кызым, бир бороондук алың жокпу, уят кокуй, баланчанын чоң эле кызы кой кайтара албай  ыйлабатат дейт...”

Күздүктүн кароолчусу Усуп чоң ата атчан  келип калбаганда эмне болот элек билбейм, кудай жалгап чаап келип,  күздүккө жабышкан койлорду чыгарып, айылга чейин айдашып келип, дасторкон четинде отурганда да өпкөмдү баса албай жатсам, энем эч нерсе болбогондой  аны менен жайма жай сүйлөшүп, чай ичип отурат!  Баш аягы жоктой жанагы  алаамат менен азыркы жайма жай абалды  бириктире албай  делдейем.

- Эне, силер корккон жоксуңарбы?- дейм  колтугуна башымды тыгып.

- Ой балакетиңди алайын, бу тоголок баш эмнени көрбөдү, бир короо  койго ээ болбой калдык деп да коркчу беле, корккон жокмун садага...

Өзү камаарабай отурат. Менин көзүмдө болсо Асман жердин ортосунда мөлмө-чалма суу болгон Энем турат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз