Фазиль Искандер: Бригадир Кязым

  • 09.09.2021
  • 3565

АҢГЕМЕ

Чегемде, колхоздун сейфинен согуш жылдарында, андан кийинки эки жыл ичинде үч жолу чоң көлөмдөгү акча жоголду. Сейфтин ачкычы бухгалтерде гана болгондуктан, алар акча кантип жоголгонун түшүндүрө албай кесилип кетишти.

Бул жылы да колхоз сейфинде жүз миң сом жетишпей, үчүнчү бухгалтер камакка алынды. Бухгалтерди Кенгур түрмөсүнө алып кетишип, колхоз башкармасы Аслан Айба Кязымдан жардам сурашты.

Кязымды Чегемдеги эң акылдуу адамдардын бири катары билишчү, ал киши Чегемде жана анын чет жакадагы айылдарында болуп өткөн, кенгурдук милициялар ача албай койгон бир нече кылмыштардын бетин ачып койгон эле да.

Турмушта, айрыкча дыйкандын жөнөкөй турмушунда, адамдын таланты, эгерде ал талант жасаган ишинен ачык, даана байкалса, андай адамдын кадыр-баркы тегерегиндегилерден талашсыз, кадимкидей эле кабыл алынат. Тиги же бул талант даана байкалбаган, ишинин натыйжасы сөз менен бүткөн интеллигентердин арасында таланттуу адамдардын баасы арабөк, көпчүлүгүнүн кадыр-баркы жасалма экени дароо билинбейт.

Мисалы, жакшы акын же жакшы чарбачыл кожоюнду салыштырып көр. Акындын талантын, ырларынын салмагын кандай баалай аласың, ага салыштырмалуу дыйкандын мээнети жөнүндө анын талаасынын же малынын абалы ачык эле өзү айтып турат эмеспи.

Андан калса, өз коңшусуна салыштырмалуу чарбасы начарырак дыйкан, чарбам тигиге караганда мыкты деп өзүн мактай берсе, андан бетер осол көрүнөт ко.

Интеллектуалдуу чөйрөдө келесоо пикир, башка бир асыл ойдон кенен да терең да деп таңууланып калса, кандайдыр бир себептерден улам асыл ой келесоо пикирдин тепсендисинде калып, ал эмес убактылуу болсо да эл оозуна алынып “түшүм” жыйнап алат. Ошондуктан интеллигенттердин чөйрөсүндө эки жүздүүлүк көбүрөк жана жан дүйнөнүн бузулушун шарттаган себептер да күчтүү.

Ошондуктан колхоздун жаш башкармасы Аслан Айба, эч кысынбай эле бүгүн билимсиз Кязым бригадирден кеңеш сураганы келди.

Азыр ашканадагы очоктун жанына отургучка отуруп, жоголгон акча тууралуу сүйлөшүп жатышат. Кязым буттарын учкаштырып тизесин кучактап, отту тиктеп, башкарманын кебине кулак төшөйт.

- Мурдагы экөөнү мага чейин эле камашкан экен, - деди башкарма камчысы менен полду каккылап, - мен алар ууру экендигине ишенип деле калгам... Бирок бухгалтерим, ушул байкуш Чичико, кассадан ушунча акча алганына такыр ишенбейм. Эмнесине таянып андай кылат эле? Балким, шаардык туугандарынын бирине бергендир, бир шыпылдаган соодагер тууганы бар эле, анысы кайтарып бере албай калгандыр? Башым жарылганча ойлоном, бирок такыр түшүнбөйм.

- Уурулуктун үчөө тең бир эле кол менен жасалган, - деди Кязым отту тиктеп... – Эки бухгалтер камакта отурганда үчүнчү жолу да акча ошондой уурдалгандыгы, уурдаган кол башка адамдыкы деп ойлогон туура болчудай.

- Ал кимдин колу? - башкарма ийнин куушуруп полду камчы менен чаап алды, ачкыч такай эле бухгалтерде болчу. Суранам, ушул тууралуу ойлонуп көрчү.

- Ойлоноюн, - деди Кязым тамеки ороп жатып.

Тамекини ороп, чачы кырылган башын, чап жаак, кичинекей тирмийген көздүү жүзүн жарык кылган очокко эңкейди. Оттон чычала алып, түтүндөн көздөрүн жумуп тамекисин күйгүзүп, очоктон учкун чачыратып чычаланы отко ыргытты.

Бир нече мүнөттөн кийин ашканадан чыгып, Кязым ашкананын тосмосуна байланган башкарманын торайгырын чечип, чыдамы кетип туйлаган айгырга башкарманы атказды.

Жайдын күнү ысык болгон менен, кайдадыр бир жакка бара жаткан үзүк-үзүк булуттар каптап, күн бирде көрүнө калса, бирде булуттардын артына жашынат. Эгерде Чегемдин үстүнөн айланасында жайгашкан дөңсөөлөргө жана талааларга көз салар болсо, бир жеринде күн нуру төгүлүп, башка жерде көлөкө, белгисиз бир жаныбардын терисине окшоп, темгил.

Кязым жашыл шибердүү короодо, чылгый териден тигилген жумшак чувяктары менен жеңил басып, башкарманы үстүнкү дарбазага чейин узатып баратат. Басыгы жеңил, ал эмес эринип бараткандай, ошентсе да ойноктоп бараткан айгырдын басыгынан калбады.

Кязым башкармага, жардамчысы Кунта менен бирге тактай кыртыш менен үстүн жаап аткан жаңы тамеки сарайдагы ишти бир жума ичинде бүтүрөрүн айтууда.

Кязым дарбазаны ачып, ойноктогон айгыр Чегемдин үстүнкү таш жолуна чыгып, туягы тапырайт.

- Иниң катары өтүнөм, жакшылап ойлон! – деди башкарма артын карап, үнүн туяктын тапырагын баса катуураак чыгарып, күн көрүнө калгандан улам жылтылдап кубулуп кеткен айгырдын соорусуна камчы салды.   

- Болуптур, - Кязым таскак уруп бараткан күчтүү атты жолдон бурулуп кеткиче суктана карап, дүбүртүнө кулак салып турду.

Акыры Кязымдын жан дүйнөсүн козгоп кеткен дүбүрт басаңдап, сол жагындагы кашааны бойлогон бал челектерге көз жүгүрттү. Чоң, эмгекке бышкан колдорунун бармактары адатынча белиндеги ичке кавказ куруна батып, ошону менен өзгөчөлөнгөн тулкусу – карды жок, аркасына жабышып тургандай ичи, дөмпөк көкүрөгү көзгө даана урунат.

Короо жактан балдардын ызы-чуу, күлкүсү угулду. Кичүү кызы Зина өзү менен тең, агасынын кызы, бойлуу, Катушка экөө, койдун терисине салып алып, Кязымдын төрт жашар кичүү баласын сүйрөп ойноп жүрүшөт.

Жашыл шибер баскан короонун ой-чуңкуруна келгенде кыздар саңсакты бекем мыкчып алган баланын астынан терини сууруп алганга аракет кылышат. Күрсүйгөн кара дөбөт да оюнга кошулуп үрүп, теринин артынан чуркайт. Бала териден жылмышып түшүп калып, кыздар билмексен болуп чуркап баратса ит терини тиштеп, ырылдаган болуп, аларды токтотконго аракет кылганы.

- Жыгылды! - ызаланган үн менен кичинекей Гулик, өзү эмес, башка бирөө тууралуу айтып жаткансыды.

Ошол үндүн такай кайталанышы жана баланын турган турпаты кыздардын күлкүсүн келтирип, тери бош калганын эми гана байкагандай кыткылыкташат. Бала жыгылган сайын, эмнегедир бир эле калыптагы мурдагы турпаты өзгөрбөй кайталанып: “Жинди кыздар, жакшылап сүйрөгөндү да билишпейт!”- дегендей аларды ызалуу тиктейт.

Кязым оозунан тамекисин түшүрбөй, учуп-конуп же оюктун тегерегинде жөрмөлөп жүргөн аарылардын гүүлдөгөн үнүн, сарайда тамеки тизген аялдардын ырын, же короодо койдун терисин сүйрөгөн балдардын кубанычтуу ызы-чуусун тыңшагандай, бал челектердин жанында турат.

Чынында ал ошонун бардыгына кулак салып, колхоздун сейфи тууралуу ойлонуп жаткан. Ошол мотор от алып алганын сезди, айланасында угулуп, көрүнүп жаткандар эми ага тоскоол боло албайт, тескерисиче, шашылбай ойлонгонго жардам берет. Ойлонгон боюнча четтеги бал челекке келип, тамекисин бүркүп салып, эңкейип, аарыларды чочутуп албас үчүн жай, эки колу менен челекти өйдө тартты. Челектин салмагынан бал чогулуп калганын сезди. Бал кескенге убакыт келгенин ушинтип аныктоочу. Узакка созулган жамгырлуу аба-ырайынан кийин да ушинтип челектин салмагын байкап, канчасы бал, канчасы жамгырдын суусу экенин билип алчу.

Бал кесүүнү чечти. Ашканага кайтып келатып, күн шооласы астында койдун терисин сүйрөгөн жылаң айлак кыздарынын кубанычтуу өңдөрүн, териде отурган уулун карап калды. Кязым бир саамга токтоп, аларды караганын сезген ит теринин артынан чуркаганын токтотуп: мен, чоң эле акылдуу дөбөт, балдар менен ушинтип ойноп атканым осолдук эмеспи? – деп сурап аткандай кожоюнун тиктейт.

Бирок Кязым короонун аркы четинде, мукурап башын жерге салып, оозунан шилекейи чууруган таргыл уйуна жүзүн буруп кетти. Таргыл бир жумадан бери Кязымдын аялы ун чалып жарма даярдап бергенди гана ичип, өзү оттой албай ооруп калды. Желин бези чочуп, тегерегинде килейген шишик пайда болуптур, музоосун да жолотпойт, бирөө мүйүздөн бекем кармап турбаса, саадырбайт.

Ал учурда күн булутка жашынып, эми эле жапжашыл болгон короо түнөрүп, балдардын шайыр ызы-чуусу басаңдагандай болду. Кязым бүгүн кечинде уйду жыгып, желининдеги шишикти жарганга жардам бериш үчүн, төрт кошуна жигитти чакырып койгонун эстеди.

Короонун аркы четинен каалганын жабылган үнү угулду. Аялы Нуца ийининдеги жез кумарага булактан суу алып келаткан экен. Анча-мынча эңкейип, ичке, арык аялы бир калыпта, кабелтең кадам салып короону кесип келатат. Аялынын артынан ашканага кирди. Энтигип, кумараны өзү алып, эшиктин жанына койгондон кийин, стол үстүнөн кружка алып муздак, суу болгон кумараны эңкейтип суу куюп шашылбай ичти.

- Таргылга качан колуң бошойт, - деди аялы демиккенин баса албай, оор дем алып, - айбан да болсо бооруң ооруйт экен, мен да саай албай кыйналып бүттүм.  

- Бүгүн кечинде, - аспаптар сакталган кампага өттү. Тамдын бооруна илинген чылапчынды алып, ага жыгач тепшидеги атайын кургатылган аттын тезегин салып, ашканага келип очоктон чок алып чылапчынга салды. Тезек от алып, ачуу сасык түтүн бурулдады. Очок үстүндөгү текчеден бал челектин сотасын тилгенге кош миздүү курч бычагын алып, аялы чоң чака берип, бир колуна чака, экинчисине түтүн салынган чылапчынды кармап ашканадан чыкты.

- Ох, бир күнү аарылар сазайыңды берет ко, - деди аялы артынан, ал жооп берген жок. Ал дайым эле бал кескенде тор тагынып, колгап кийчи эмес.

- Пепе бал кесет! – Зина кыйкырып, эки ата өтүшкөн эжеси экөө терини таштай салып артынан жөнөштү. Балдар эмнегедир аны ошентип аташчу.

Кичинекей Гулик да алардан калгысы жок, терини сүйрөгөн бойдон аларды ээрчип келатат. Кожоюну бал кесип жатканда жанына барганды сүйбөй турганын билген ит гана ордунда калып, башын ийип, аларды карап олтурат.

Кязым кайрылып, балдарды кабагын чытып, артыман ээрчибегиле дегендей карап койду. Балдар токтоп калышты. Терини мыкчып кичинекей да турат.

Кязым кайрадан бал челектерге карай көтөрүлүп, кайрадан арттан сүйрөлгөн теринин шыбыртын укту. Ал кайрылып, унчукпай, чылапчындан чыгып жаткан түтүн аркылуу балдарын катаал карап койду. Теринин бучкагын колунан чыгарбаган кичинекей, алдыга чыгып алыптыр. Ал атасынын каарынан анча коркпойт, ошондуктан алдыда. Бул жолу кыздар бал кескен адамдын жанында сүйлөшпөө, жакындап барбоо тууралуу ойлонушуп, Зина кичинекейди колунан алып, кулагына шыбырап артка алып кетти.

Кязым акырын, жыла басып четки бал челекке келди. Калдырап кетпес үчүн чаканы аяр коюп, чылапчынды, бычакты жанына койду. Чылапчындагы ат тезеги улам коюуланып ачуу түтөйт. Жылкыга байланыштуу бардык нерсе сыяктуу эле, ага ушул жыт да жакчу. Ооба, жылкыга байланыштуу бардыгы жакчу, бирок ал тууралуу эстебей турган оң.

Эңкейип эки бөлүктөн турган челектин үстүнкүсүн ортосунан бекем кармап жерге төңкөрдү. Челектен жаңы балдын жыты келди. Аарылар тынчсызданып тегерегинде ызылдап, чаканы улам коюуланган түтүндүн агымы аарыларды жакындатпай турган жерге жайгаштырды.

Төңкөрүлгөн челектин жарымы тегиз, катарлашкан саргылт жана кара күрөң соталарга толгон экен. Ал бычак менен балы сарыккан соталарды аяр тилип, алакандары алардын жагымдуу уюган салмагын сезип чакага салып жатты. Бир аары колунун сыртын чагып, ийнесин чыгарганга шайманы калбады. Кязым шашпай экинчи колунун сөөмөйү менен аарыны чертип, ишин уланта берди. Челектен болжоп туруп соталардын жарымын алып, калганын аарылардын кийинки азыгына калтырды. Ошентип бир бал челектен экинчисине өтүп, бардык он челектин соталарын алды. Чака янтардай жана кара-күрөң балы сарыккан соталарга толду. Сотанын кээ бир оюктарында жарым жан аарылар кыбырайт.

Күн кайрадан булуттан чыгып, кара-күрөңдөрүнөн кайра чагылышып, янтардайын тунук кылып, соталардын уюткуларын жаркыратып жиберди. Кязым бычагын соталарга матырып, бир колуна чаканы, экинчи колуна дагы эле түтөп аткан чылапчынды алып, кашаага барып, анын алдындагы чалкандын түбүнө түтөгөн тезекти төгүп койду.

Аары чаккан колдорунун тызылдаганынан улам уй эсине түшүп, ал турган тарапты карады. Музоосу келип желинге жеткенге аракеттенет, бирок уй андан качып, ал эмес мүйүзүн кезеп кубалап салды. Энесинин ачууланганын түшүнбөгөн музоо көңүлү чөгүп бир азга туруп, анан башка музоолорго кошулуп оттоп кетти.

- Пепе бал алып келди! Пепе бал алып келди! – деп чурулдашты Зина менен кичинекей Гулик, атасы короодон өтүп келгиче. Катушка алар менен катар турса да, алдыда болор таттуу тойго ачык эле кубангандан өзүнүн өтө эле узун боюнан уялгандай кызарды.

Алар анын артынан ашканага киришти. Кичинекей терини дагы эле сүйрөп жүрөт. Балдар очоктун жанындагы отургучка жайланышты. Нуца ар бирине темир табак карматып, сотадан чоң кесип табактарына салып берди.

- Машаллах! - деп койду Нуца бычактын учу менен сотанын чоң бөлүгүн оозуна салып.

- Байка эй, бычакты жутуп алба, - деди Кязым аялына карап.

- Балким, ооз тиерсиң? – деди Нуца момду чайнап, чопулдата шимип.

Кязым бетин бырыштырып койду - таттууну жактырчу эмес.

- Колума суу куйчу, - деп тышка, серүүгө чыкты.

Аялы чөөгүнгө суу алды, балдан батташкан, аарылар чагып салган колдорун самындап шашпай жууду. Андан кийин балдардын чопулдатып сота шимигенин, кубанычтуу божурашкандарын, балдын артынан келген аарылардан жазганып, чочуп аткандарына ыракаттана кулак салып, тамеки тартып оттун жанына олтурду. Терини таштап, эки колу менен бал сарыгып турган сотаны оозуна салган кичинекейин, мээрим төккөн көзүнүн кыйыгы менен, мыскыл аралаш карап койот.

- Мен бөлмөмдө болом, - деди аялына туруп жатып, - ким сураса да мени жок деп кой.

- Макул, - аялы бал салынган чаканы, экинчи колуна чылапчынды кармап кампага кирип, чылапчынды ордуна илип, балды челеке салды.

Кязым кеч кирип кеткиче, анда-санда очоктогу оттон тамеки күйгүзгөнү чыкканы болбосо, бөлмөсүндө ойлонуп жатты. Уй дагы эле кашаанын жанында музоосу келгенде эле андан корунганы болбосо, кыймылдабай турат, музоо байкуш айласы кетип бир аз мүңкүрөп туруп, кайрадан короодогу эки музоого кошулду.

- Тур, балдар келди, - деди аялы Каязым жаткан бөлмөгө кирип.

- Макул, - дагы бир азга өз оюнан ажырай албай, уйкусурагандай отурду. Анан туруп, ашканага чыкты.

Төрт жигит ашкананын отургучунда кашык менен темир табактан сота алып, чайналган момун отко түкүрүп бажакташып олтурушат. Аны көрүп кысынгандай, ооздогуларын чайноосун улантып, тура калышты. Кязым колу менен жаңсап, ордуларына отуруп балыңарды жей бергиле дегендей, кружкага суу куюп, серүүгө чыкты, чарык таштын жанына олтура кетти. Чарыка суу куюп, белиндеги кындан бычагын алып кайрап алды.

- Арак алып чык! – деди аялына, суунун калганын бычагына куюп.

Аялы кампадан жарым литр бөтөлкөдөгү мала түстүү чача[1] алып чыкты. Жүгөрүнүн сөңгөгүнөн жонулган тыгынын алып, бөтөлкөнү ачты да, бычактын эки жагына жыттуу жүзүм арагын аянбастан куйду. Бычагын кармаган бойдон бөтөлкөнү бекитип, ашкана тарапка:

- Тургула, бал жегичтер! – деп кыйкырып койду.

Жигиттер күлүп, оозундагыларды чайнаган бойдон ашканадан чыгып келишти. Бир колуна бычак, экинчи колуна чача кармаган Кязым да жигиттер менен кошо короого келди.

Дөбөт, кожоюнунун колундагы бычакты байкап, уйду сойгон атышкан экен, мага да шыбага тиет деп ойлогонбу, аларды ээрчип алыптыр.

- Кет! – Кязымдын айтканына моюн сунуп, короонун ортосунда калып, аларды алыстан байкап турду.

Башын жерге салып, тегерегиндеги ызылдаган, муң баскан көздөрүнүн айланасында жөрмөлөгөн чымындардан коруна албай, кашаанын жанында турган уйга Кязым биринчи жетти. Бөтөлкөнү кашаага жөлөп, бычагын жыгачка сайып койду. Уйдун алдына эңкейип көзүнө жабышкан чымындарды алаканы менен сыдырып салып, бир колу менен мүйүзүнөн кармап экинчи колу менен желкесин кашып:

- Силер тигил тарабына өткүлө, - деди эки жигитке, - жыгылып баратканда жөлөп каласыңар, а силер мен айтканда бутунан тартасыңар.

Көзү менен олбурурак көрүнгөн экөөнү тандап, бир мезгилде алдынкы жана арткы шыйрагынан силкип жыкканга уйдун капталына койду. Экөө болсо уй катуу жыгылбагандай кылып, жөлөп калганга экинчи капталына барды.

Кязымдын белгисин ылайык, бири уйдун сол жактагы алдынкы, бири арткы шыйрагын кармап тизелеп турган жигиттер, болгон күчү менен силке тартып калышты, бирок уй жыгылбады. Бир нече жолу кайталаган болсо да же балдардын күчү келбедиби, же бир мезгилде, так болбой атабы, уй буттарын олбуп, силкинип койот, жыгылбады.

- Мындай болгула, - деди Каязым, тизелеген жигиттер же күч жумшап чыңалганданбы, уялганданбы, кызарып мындай боло беришти. Бирөөнө уйдун мүйүзүн карматып, экинчисин жөлөп калуучу экөөнө кошуп койду.

Өзү тизелей калып, жай, эркелете кобурап, чыңалганы жазылыш үчүн алдынкы жана арткы шыйрактарын сылап кирди.

- Даярдангыла, - деп уй чочубагандай жай кобураганын токтотпой, чоң колдору менен шыймылчактан уучтап, – йех! – деп эки шыйракты катуу булкуп тартып калды, уй бир нече секунд калган эки бутуна турганга аракет кылып, болбой эле оодарылып, капталында турган жигиттер жөлөп, жерге жумшак жыгылды.

- Күч бар экен, - деди мурда буттан тарткандандардын бирөө, - бизди мууздабай өлтүрбөдүбү...

- Согуш жылдарындагы балдар эмеспизби, - тамашаламыш болуп койду экинчиси.

Кязым күчтөн тая элек экенин билчү, бирок жүрөгү жакшы эмес. Айрыкча көбүрөк иштегенде же катуу ичип койгондун эртеси жүрөгү кыйначу. Азыр да бир нече мүнөт демин басып отурганга мажбур.

Демин басып эңкейип, желиндеги шишикти байкай баштады.

- Кармап тургула, - деп үрпүнөн аяр чоюп саап көрдү.

Уй үрпүн тарткан сайын силкинип, онтоп атат. Сүт кан аралаш. Саап болуп, бычагына кол созуп, аны алып он колуна которуп, ириң атып кетчү багыттан оолак болууну байкап, шишикти сылай баштады. Бычакты шишикке алпарып:

- Эми катуу кармагыла! Айрыкча арткы бутун! – деди балдарга.

Эки жигит арткы бутун, бири алдынкысын, дагы бирөө башы менен жер койгулап майып болуп калбасын деп, мүйүзүнөн бекем кармап турушту.

Кязым устарадай курч бычак менен шишикти узунунан тилип ийди. Уй мыңкылдап катуу силкинип, жарааттан ириң атып кетти.

- Бекем кармагыла! – деп кыйкырып, шишикти дагы бир жолу, эми туурасынан тилди. Эми ириң кан аралаш чыга баштады.

Кязым жарааттын тегерегиндеги уйдун ичин басып, кан аралаш ириңди сыгып кирди. Уй адамча онтоду. Балдарга уйду бекем кармоону дагы бир жолу буйуруп, оттуу чачаны жарага чууртуп куя баштады. Уй катуу силкинип, онтоп, бышылдап жатат. Кязым чачаны жай чууртуп, ачылган жаранын тереңине жеткендей кылып көпкө куйду.

- Бизге деле анча-мынча калтырып койбойт беле, - тамашалай кетти жигиттердин бири.

Кязым унчукпады. Абхаздыктардын салты боюнча жаштар мында тең ата болгону осолдук.

Уйду бошотуп четке чыга беришти. Уй дагы бир аз жатып, бир-эки обдулуп ичине оодарылды, таканчыктап бутуна туруп, басып кетти. Кандын жытын сезген дөбөт жыла басып, уй жаткан жерге баратты эле, Кязым:

- Кет! – деп кыйкырып, ит жалт бурулуп короонун ортосуна барды, адамдар уйдун жанынан кетишин күтүп карап турат. Кязымдын аялы очоктон ысык гүл алып, кан, сүт, ириң куюлган жерге сээп, көмүп салды.

* * *

Эртеси эртең менен Кязымды аялынын кубанычтуу үнү ойготту.

- Таргыл оттоп калыптыр! - деди аялы ал жаткан бөлмөгө кирип.

Кязым туруп, кийинип серүүгө чыкты. Уй короонун ортосунда оттоп жүрөт. Жакшылап байкаган адамга оттогону башка уйлардай, мурункудай эмес, мажирөө, араң эле оттомуш болот, ошентсе да бул айыгып кете тургандыгынын биринчи белгиси.

Ал жуунуп жатканда, уйга музоосу келди. Бирок уй музоосун эмчегине жолотпой качып, ары барып дагы оттоп калды. Музоо энеси эмнеге минтип калганын түшүнгүсү келгендей, бир азга мүңкүрөп туруп, ал да көңүлү жок оттомуш болот.

Аялы чака жана чыбык алып эчкилерди сааганы мал сарайга жөнөдү.

- Атты чыгарба! – деди Кязым сүлгү менен аарчынып атып.

- Кайда барат элең? – Нуца кайрыла калды.

- Баруучу жерге, - деп ашканага кирип кетти.

Аялы экөө чогуу түтүн булатканына он сегиз жыл болду, эмдигиче эле үй-турмушуна байланышпаган башка бардык иштерине кызганычтык кылып, бөгөт койгондун аракетин кылат, бирок ушул жылдары бир да жолу ал ойлогондой болгон жок, көнгөндөй деле болду, жок, болбой эле көк беттенип куру убара тарта берет.

Ашканага кирип, күл астынан өчө элек чок иргеп алып, ашкананын серүүсүнө чыгып отун, кургак чырпык алып кирди. Чырпыктарды сындырып, чокту чогултуп сынган чырпыктардан үстүнө кармап, чокту үйлөп тутантты. От күч ала баштаганда отун салды.

Андан кийин дубалына кургатылган тамекинин жалбырактары бооланып, илинип турган кампага кирди. Бир боосун чыгарып ашканага алып келип, отургучка мине отурду. Боодон жалбырактарды бирден чыгарып, отургучка жайып, чоң алакандары менен сылап жагымдуу кырчылдап жаткан жалбыракты жазды, жакшылап жазып туруп бир колунун бармактары менен жалбыракты басып, экинчи колу менен сөңгөгүн кармап, жалбырак бузулбагандай кылып аяр, сөңгөктүн бардык тарамдары менен, жалбырактан ажырата сөгүп алды. Сөңгөктөрдөн арылган жалбырактарды акча чогулткандай биринин үстүнө бирин коюп, ошондон ыракат алып, балким ошондой кыймылдан күтүүсүздөн пайда тапкан соодагер же утуп алган кумарпоз ыракат алаар, топтоп атты. Топтолгон жалбырактарды ортосунан сындыра бүгүп, (күтүүсүздөн түшкөн болбосо деле, демейде акчаны да ошондой бүгүшөт), бычагын сууруп чыгып ортосунан кырч дедире бөлүп салды (акча менен салыштырганга болбойт, акчаны антишпейт эмеспи).

Экиге бөлүнгөн жалбырактарды кошуп, бөлүнгөн жерлеринен тегиздеп, ичке кылып керте баштады. Акырына чейин кесип калдыгын сөңгөккө кошуп отко ыргытып, тамекинин тармалданган кесиндилерин колдору менен ушалап жазып, чөнтөгүнөн чоң булгаарыдан тигилген тамеки салгычын алып, тамекини шыкай салып койду.

Бардык тамекиге кумар адамдардай эле тамеки менен болгон ушул убаракерчилик ага ыракат тартуулайт эле. Гезит кагазынан айрып алып, аны ушалап жумшартып, тамеки салып ороп, оттон күйгүзүп, ыракаттана соруп калды.

Чакага толтура сүт көтөрүп аялы кирди.

- Уйкучу балдарыңды ойготпойсуңбү, - деди туруп атып.

- Тим койчу, - аялы сүттү чыпкалап казанга куйду, - тамак даяр болгуча уктай беришсин.

Ашкананын дубалынан аттын жүгөнүн алып тышка чыкты.

- Кайда барасың? – аялы артынан кыйкырып калды.

- Башкармалыкка, -деди Кязым жүрүшүн улантып.

- Ал жакта унуткан эмнең бар? – короону кесип бараткан күйөөсүнүн көрктүү узун турпатына узата карады. Кязым унчуккан жок.

Согуш учурунда жакшы көргөн аты Кукланы ашууга ок-дары ташыганы мобилизацияга алышып, ал жактан өлгүдөй кыйналып, жооруган ат өзү келип, а эң негизгиси - дымагы өлүп, ал толук ишенгендей, асыл тулпардык касиетин такыр жоготуп келгенден кийин, ат кармабаганга өзүнө сөз берген эле.

Сүйүктүү атын жоготуп алганга кандай кыйналып жүргөнүн дүйнөдө бир адам билген жок, ошондо башка ат кармабаганга касам ичип, Кукланы көргөн сайын жүрөгү ооруп кыйнала бербеш үчүн сатып жиберген. Бирок бир аз мурда досу, ал да жакшы чабандес эле, Кязым кандай абалда жүргөнүн байкаган Бахут ушул атты берген. “Байкап көр, - деген Бахут, – жакпаса кайра бересиң, жакса сатып аласың...”

Ошол Кукладан кийин атка берилип, жакшы көргөндөн чочулап жүрдү. Бул атка да короодогу башка айбандардай мамиле кылып, ошенткенин бекем карманганы менен, болбой эле бир тартынчык бар. Ат – жакша ат, чабандес болгондон кийин ат менен жакын болушу керек эле, бирок Кукладан кийинки жүрөгүн ооруткан көңүл калуу дагы кайталанып калабы деп, өзүн карманат. Ошондон улам аттын алдында өзүн күнөөкөр сезип, ат дагы анын көңүл кош, муздак мамилесин сезгенин билет. Арийне, ал сезими тууралуу бир да адамга чечилип айта албайт эле. Кязым туулгандан эле чабандес болуп туулган, согушка чейин ат жарыштарда такай мөрөй алып жүрдү, эми андай болбойт деп өзүнүн ошол талантына чекит коюп койгон.

Мал сарайга кирип атты кармап, жүгөн катып жетелеп, ашкананын серүүсүнүн кашегине байлап койду.

- Элге, Нури шаарда акча коротуп, жаман окуяга туш болуптур деп айт, - деди аялына ашканага кирип, - бирөөдөн элүү миң сом карызга алганга изденип жатабыз де.

Нури, Кязымдын иниси эле. Согуш жылдарынын алдында жездеси менен уруша кетип, аябагандай каны кызуу, ачуусу чукул жигит балта менен чаап ийген экен, жездеси кансырап өлүп калган. Анысын бийликтен жаап жашырып койгон менен үй-бүлөлүк кеңеште уруудан чыгарып Чегемден кубалап ийишкен.

Согуштан кийин, Хабуга аксакалдын көзү өтүп, согуштан көпчүлүк туугандар кайтпай, Нури да оор жаракат алып, ага болгон мамиле жумшарып калды. Эми ал анда-санда шаардан Чегемге - төрөлгөн жайына каттай калат, күйөөсүн жанындай жакшы көргөн эжеси гана аны эмдигиче кечирбей жүрөт, көргүсү жок, сүйлөшпөйт дагы.

- Капырай, дагы эмнени баштап атасың! – күйөөсүнүн сөзүн угуп, ага кайрылган бойдон, колундагы мамалыга калагы менен Нуца катып калды.

- Ошондой кылыш керек,- деди Кязым, тамеки ороп эңкейип, очоктон күйгүзүп жатып.

- Бүт Чегемди аңтарып ийсең да андай акча чыкпайт!

- Бирөөлөрдөн андан да көп акча табылышы мүмкүн, - деди Кязым мыскылдагандай жылмайып.

- Чегемден ошончо акча табылса мурдумду туура кесип берейин!

- Мурдуңду жайына кой, андан көрө мамалыгаңды тездет.

- Ой деги айтчы, эмне ойлогонуң бар! – деди аялы чочулагандай, Кязым анын өжөрлүгүнө дагы бир жолу таң бере.

Он сегиз жылдан бери эмне ойлогонун такып сурап эле келатат, бир да жолу ага жооп ала элек, ошого карабай көк беттигин койбой такый берет. Өзүнүн ойлогону тууралуу ага бир да жолу айткан эмес, азыркы ойлогонун андан бетер айтпайт, болбосо ал катындын чолок акылы менен бардыгын бузуп коюшу мүмкүн.

- Болду, мен айткандай кыл, - деп койду катуу, - убагы келгенде билесиң!

Аялы андан эч нерсе уга албасын түшүндү, калагы менен казандагы мамалыганы аралаштырып унчукпай калды.

- Байка, бир балээге калып жүрбө, - деп үшкүрүнүп, казанга ун чала баштады.

- Кудай сактасын.

Нуца унчукпай калды, бирок мамалыганын калагы казандын түбүн башкача такылдатып калганын байкаган Кязым, аялы ачуусун араңдап басып турганын түшүндү.

Балдары туруп, улуу, он жети жашар кызы Ризико кумараны алып булакка кетти.

- Шишигенче уктапсыңар, - деди уулу Ремзик менен жакшынакай бетин, уйкусу ачыла элек көзүн ушалап жаткан кызы Зинага.

- Балдарды жайына кой! – деди Нуца коюу мамалыганы калак менен күчтөп аралаштырып жатып.

- Пепе, конфет ала кел! - деди кичинекейи, ашкананын босогосунан боортоктоп өтүп жатып. Ашкана серүүсүнүн кашегине байланган атты көрүп, атасы бир жакка бара турганын түшүндү, ошондон пайдаланып калууну көздөдөгөнү го. Кязым унчукпай кичинекейин мыскылдагандай, мээрим төккөн көздөрү менен карап турат.

- Эчкилерди Сабина коктусунун таманы менен суу бойлото жай, - деди тактага отура кеткен улуу баласына, - ал жактын жайыты жакшы.

- Сенсиз да билем, - деп күңкүлдөп койду уулу.

- Эй, атаңа эмне деп атасың? – деди Нуца баласына кайрылып.

Кязым унчуккан жок. Ремзик он беш жашта эле, эчки кайтаргандан уялып жүрөт. Бул Чегемге акырындык менен токтобой жылып келаткан бир түшүнүксүз жаңы оору болду. Эмнегедир бардыгы эле атасы, атасынын атасы уялбаган, мал баккандан уялышат.

Бүлөөсү менен эртең мененки тамагын ичип, мамалыганын калганын алып ашкананын серүүсүнүн алдында өз шыбагасын унчукпай күтүп жаткан итине барды. Сугалактанып атып какап калбасын деп, мамалыгадан үзүп ыргытып, карала ити терисин күнгө жылтылдатып, ыраазы болгондой куйругун шыйпаңдатып, ыргытканын жерге түшүрбөй, тиштерин шакылда тосуп алып, замата жутуп атат.

Андан кийин колун жууп, атын токуду.

- Ал жакка бараткандан кийин туз сата кел, - аялы баштык алып чыгып канжыгага байлагысы бар.

Кязым баштыкты колунан алып, чөнтөгүнө салды. Үйдө жетишерлик туз бар экенин ал билчү, бирок аялы ушул өтүнүчү менен, анын оюнча, эркектердин бөтөнчө иши, жалпы Чегемге тиешелүү иштер менен үйдөн качып бараткан күйөөсүн, үй-бүлөнү унутпай, эскертип туруу аракети окшобойбу.

Атын чечип, күчтүү денеси жеңил серпиле аттанып, Чегемдин үстүнкү жолуна карай, короо аркылуу жеңил таскак уруп жөнөп калды.

Кырк мүнөттөн кийин селсеветтин короосуна келип, атын байлап колхоздун башкармалыгына көтөрүлдү. Эки эсепчи, бири жаш кыз, экинчиси Кязымга жашташ аял, столдорунан баш көтөрбөй тарсылдатып чот кагып атышат. Алардын салыңкы кабактары, кармалып кеткен бухгалтерге алигиче кейип жатышканын билдиргендей.

- Өзүндөбү? – деди башкарманын эшигин карай башын жаңсап.

- Ооба, - дешти кирип келгенде орундарынан тура калышып, экөө бирдей.

Улуусунун өңүндө унутулуп калган назиктик ойноп, албыра түштү. Ал колу менен отура берүүлөрүн жаңсап, башкарманын кеңсесине кирди.

Бул Кязым менен жашташ аял, өмүр бою Кязымды сүйүп жүрүп өтүп баратат, аны Кязым билбесе деле керек. Жаш кезинде аны өзүнөн акылдуу, сулуу сезип, өзүнүн сүйгөнү тууралуу ага да, деги эле эч кимге ачылып айткан эмес. Ал бөтөнчө кыздын сүйүүсүнө татыктуу, элдин айтымында Атара айлында ошондой кыз бар экен, экөө бири бирине сөз берип койгон имиш деп угулган. Бирок ал кыз күтүүсүздөн эле башка кишиге турмушка чыгып кетип, Кязым бир топ жылдардан кийин азыркы аялына үйлөнгөн. Эмне үчүн андай болуп кеткени бул аялга белгисиз. Жылдар өтүп, өзү да турмушка чыкты, балалуу-чакалуу болду, ал үчүн азап жегени унутулду, бирок биринчи сезим унутулган жок, алыстан болсо да анын турмушуна көз салып, ал үчүн тынчы кетип жүрөт, анткени жүрөгү ооруп жүргөнүн билет эле.

Ал жыйырма мүнөттөй башкарманын кабинетинде отурду, кабинеттен такыр үн чыкпаганына азыр экөө тең таң калышат. Атайын эле акырын сүйлөп атышканы билинип турат. Акыры ордунан жылдырылган отургучтун добушу менен катар Кязымдын үнү:

- Бирок бул тууралуу бир да адам билбесин, болбосо ишке ашпай калат...

- Шек санаба Кязым, бул сөз экөөбүздүн ортобузда өлөт...- башкарманын үнү чыкты.

Эшик ачылып, Кязым менен башкарма эсепчилер отурган бөлмөгө чыгып келишти.

- Сенин жыйынтык эсебиңде ошибка кетиптир, - деди Кязым кызга жылмайып. “ошибка” дегенди орусча айтты. Бул сөз абхаз тилине маанилүү мамлекеттик түшүнүк катары сиңип кетти, анткени котормосу так маанисин бермек эмес.

- Кантип? - деп кыз кызарып кетти. Кязым жөн жерден айтпай турганын кыз билчү.

- Чотуңдү алсаң, - деди столго жакын келип.

Кыз атайын ката кетирбегенин Кязым билген, бирок билимдүү адамдардын катасын ашкерелеп оңдоп койгондон, ал айрыкча ыракат алчу. Ал акыркы бир ай ичинде өз бригадасында аткарылган иштерин атай баштады. Кыз отолгон жүгөрү жана тамеки талаасынын гектарларын, тамеки тизмегинин метрин чотко салып көбөйтө баштаганда, ар бир жолу кыз чотко салгандан тезирээк ичинен көбөйтүп, чыккан санды кыздан мурда айтып жанында турду.

- Мына, азамат, көрдүңбү? – деп коёт, ал айткан сан менен кыз чотко каккан эсеп дал келгенде. Эгерде кыз ката кетирип калса, башкарма аны тиктеп, Кязым жанында тургандан ката кетирип жатты, - Кана, кайра эсептечи! - дейт.

Кыз кайра баштан эсептеп, чыккан сан Кязым айткан болуп атты.

- Эх, - деди башкарма, жыйынтык эсепти текшерип бүткөндөн кийин, - Кенгурдагы башчылардын ичинде ушундай башы бар бирөө болгондо кандай жетишкендиктер болмок.

- Кенгурдан бийигирээк башчыларды айтпайсыңбы, - деди Кязым менен жашташ аял.

- Аларга тийишпесеңчи, - деп койду башкарма.

Кыздын столунда гезиттин жаңы саны жаткан, Кязым тамеки орогонго кагазы калбай баратканын эстеди. Согушка чейин атайын тамеки орогон кагаз сатылчу эле, согуштан кийин чыкпай калбадыбы.

- Маанилүү бир нерсе жазылыптырбы? – деди башкармага гезитти көрсөтүп. Ал муну башкарма жакшы билген демейдеги эле өзүнүн олуттуу шылдыңы менен сурагандай.

- Болуптур, болуптур, ала бер... Акылдуу эле адамсың, болбогон нерселерди сүйлөй бермейиң бар, - башкарма сүйлөнүп, Каязымды жеңил жөлөп серүүгө чыгарды.

Кязым байлоодогу атына келип, аялынын, тагыраак айтканда уулунун өтүнүчүн эстеди.

- Дүкөнчү бар бекен? – деп сурады ээрдин кашын кармап, серүүдө турган башкармага кайрылып. Дүкөн башкармалыктын имаратында жайгашып, эшиги бөлөк тарапта эле.

- Кенгурга, товар алганы кеткен.

- Анын товарын бир жолу болсо да көрсөм болот эле, - деди Кязым атына минип, бутунун учу менен үзөнгүсүн издеп жатып, - качан болсо эле товар алып жүрөт.

Кайтты. Күн булутка жашынып ошол замат селсоветтин чоң короосу түнөрө түштү, бирок эки жүз метрдей жакын жердеги каштан дарактарынын тобу, ак таштуу жол, жүгөрүнүн жашыл талаасы өзгөчө бир жаркын күндүн нуруна дагы эле чагылышып турат. Ат ошону байкагандай, күн нуру төгүлүп жаркыраган жерге жетүүгө ашыккандай үй тарапка таскактап жөнөдү. Бирок Кязым жарым жолдон колхоздун мурдагы башкармасы Тимур Жванбанын, жөнөкөй айтканда, Теймырдын үйүнө бурулду.

- О, Теймыр! – чакырык салды Кязым, үйдүн дарбазасына келип.

Сары дөбөт ажылдап чыга калып, дарбазанын жанына келгенде Кязымды тааныды. Дароо тааныбаганынан уялып кетип, башка жакка башын буруп, мен жөн эле ушинтип үрө бермейим бар дегендей бир-эки үрүп койду.

Тимур итине тамак берчү эмес, ит кошуна үйлөрдү шимшип жанын багып, Кязымдыкына да көп келер эле. Чегемдиктердин өлчөмүндө Тимур мурда сараң эле, колхоз башкармалыгынан такыр бошотуп, мындан мурда эч ким билбеген “Айылдын Атактуу Тургуну” деген наам ыйгарып, пенсияга чыгарып коюшкандан кийин такыр эле битиреп, жапайыланып, чегемдиктер айткандай, мал болуп калды.

Башкармалыктан бошогусу келген жок, жок дегенде Кенгурдан дагы бир кызмат беришер деп жүргөн. Бирок кызмат беришкен жок, жооткотуп Айылдын Атактуу Тургуну деген түшүнүксүз наам ыйгарып коюшту.

Ушул наамды берип жатып, анын ар түрдүү наамдарга, жылтыр-жултур белгилерге тап экенин билген чоңдор психолологиялык жагын да эске алышкан көрүнөт. Эгерде Тимур Жванба жетекчилик кызмат издеп Кенгурга көчүп барып, болор-болбос жетекчи деген эле аты бар кызматка илинсе, кетип калган айылынын Айылдын Атактуу Тургуну деген наамынан ажырамак.

Чегемде он беш жылдан ашык жашаса да, мезгил-мезгили менен чарбагында адамдын күлкүсүн келтирген жаңылыктарды өздөштүргөнгө аракет кылса да, кадимкидей кожоюн болгонду, жакшылап оокат кылганды үйрөнө албады. Бир жылы бүтүндой чарбагына дарбыз экти, дарбыз Чегемдин шартында бышпайт, бардык түшүмүн малга бергенге аргасыз болду. Дагы бир жылы элүү түптөн ашык мандарин көчөтүн отургузду, көчөт ошол эле кышта үшүп кетти.

Жыл өткөн сайын битиреп, тооктор тууган ар бир жумуртканын эсебин алып, тооктор туубай калса, менден жашырып сен жедиң деп аялын күнөөлөгөн, чегемдиктердин байкоосунда айбанчалыш абалга жетти. Үйүндө ынак сүт ичмей жок, тартылган сүт ичишет, кыздарын да чегемдиктердин түшүнүгүндө шерменде кылып, сеп бербей, күйөөгө жайдак узатты. Эки кызы тең жакшынакай, чырайлуу кыздар, кудай жалгап жакшы жерден орун табышты.

Бир сөз менен айтканда, жаралгандан эле бийиктиктен корккон Тимур Жванба бийик тоолуу Чегем айлына коошпой жүрдү, а башкармалыктан бошогондон кийин такыр эле чоочун, шаардык жинди адашып айылга келип калгандай. Чегемдеги айылдык жинди деген милдет эчак эле Кунтага ыйгарылып, ал өз милдетин дурус эле аткарып жүрөт, ошондуктан чегемдиктерге Тимурдун кереги деле жок.

Чегемдиктер аны шылдыңдап жүрүшкөнү менен чочулап мамиле кылышчу. Бир жагынан карасаң кызматынан алынганына карабай, бийлик менден кеткен жок, убактылуу гана өзгөрдү дегендей, айылдыктарды тигиндеп болчудай, мындай болот имиш деген божомол-дөдөмөл бүтүм кылганга мажбурлап, дагы эле чесуч кителин чечпейт. Экинчиден бардыгы билген макоолугуна карабай, чегемдиктер айткандай, сасыткы митаамдыгы эле арбын.

Бир жолу, түнт токойдун ичине кашаа кармап, жашыруун беш уй баккан чегемдикти аңдып жүрүп карматкан. Тимур кийин өзү мактанып, тигил дыйканды кантип аңдыганын айтып жүрдү. Адетте, чегемдиктер күзүндө данын алгандан кийин, жүгөрүнүн сабактарын өз чарбагында, кыйылган дарактын үстүнө үйүшөт, Тимур бул адамдын үймөгү, үйүндөгү малынын санына салыштырмалуу тезирек азайганын байкап, аңдып жүрүп ашкерелеп салды. Дыйканды камаган жок деңизчи, бирок уйларын колхозго алып коюшкан.

Бул окуя өзүңөр байкагандай, Тимурду чегемдиктердин алдында жакшы аттуу кылган жок, анткени чегемдиктер кантип болсо да малдын башын көбөйткөнгө аракет кылып, малдын башы көп болгону эмнеге тоскоол болорун түшүнбөй, түшүнгүсү да келбей жашап келген эл да. Отуз эчкини кайтарганга бир чабан керек, ошол эле чабан үч жүз эчкини да кайтара алат, а биздин жайы, кышы жашыл шалбаа, чөп өксүбөгөн шартыбызда, мал колдон тоют сурабайт. Анан эмнеге чектелиши керек?

Кязым бул тууралуу мурда да көп ойлончу, эмне үчүн нанын контордун чатырынын алдында тапкан адамдар, тагдыры кыйшактап калганда дыйкандарга караганда тезирек чүнчүп, жүдөп калышат. Андайларды кызматынан алынган кенгурдук чоңдордун тагдырларынан көп байкады.

Ошолорду ойлоп, мындай чечимге келди: контор чатырынын алдында отуруп нан таап жеген адамдарды, иштен айдап ийишпесе экен деген коркунуч такай бийлеп, ичинен жеп, чатырдын алдынан чыгарып коюшкандан кийин, адамдык сапатын сактап калганга күч-кубаты калбайт окшобойбу. А бизге окшогогон, нанын контордун чатыры эмес, ачык асман алдында таап жеген дыйкандардын корко турган эч нерсеси жок, анткени ачык асман алдында иштеген адамдардын асманын тартып ала албайсың, адамды асмандын астынан башка жакка кубалап ийиш да мүмкүн эмес, асман бардык жерде, ошондуктан тагдыры татаалдашса, адамдык сапатын сактаганга күч-кубаты жетишерлик, күч-кубатын ичтен жеген коркунуч мокоткон эмес.

Биздин тамырыбыз бекем деп ойлочу ал. Бирок дыйкандардын тамыры бекем деген ишенимди, тамыры бекем болсо да бекемдиктин чеги болот ко, шаарларда пайда болгон кесел, жашыруун да, ачык да, эң негизгиси эч токтоосуз Чегемге карай көтөрүлүп, тамырды акырындык менен кемирип жеп, жүрөгү ооруп келет.

Ашканадан Тимурдун аялы чыгып дарбазага келатат. Ушул өзүн карабас, улгайган аялды тиктеп, жаш кезинде Кенгур мектебинде күйөөсү экөө мугалим болуп иштегенине ишенбей кетесиң. Кязымды шектүү тиктеп дарбазага келди.

- Теймыр үйдөбү? – деп сурап койду Кязым, үйдө жогун билип турса да.

- Ал жок, - деди аял, - эмне деп койоюн?

Кязым бушайман болгондой унчукпайт калды. Үйдүн терезелерин кылдат карады. Оң жагындагы четки кашек чирип калгандай. Калган кашектер бекем. Ушуну эстеп калуу керек деп ойлоп койду.

- Кайда кетти эле? - деп атайы эле убакыт өткөрүп, анан сурады.

- Атарга кетти эле, эмне деп айтайын?

Кязым Тимур Атарга кеткенин билген.

- А качан келет?

- Кечинде келем деген, - аял чочулаган кызыгуу менен жандана түштү.

- Кырсык болуп калды, - деди Кязым көңүлсүнбөгөндөй, Кенгурдагы иним жаман ишке чалынып алыптыр. Жакынкы күндөрү элүү миң акча таппасам түрмөгө түшүп кала турган. Теймыр бере турабы деп ойлодум эле...

- Сен эмне, жин даарып калгансыңбы! – колдорун жаңсап ийди аял. - Андай акча бизде деги эле болуп көргөн эмес!

- Иним кырсыктап... – Кязым өкүнгөндөй дагы кайталады, балким Таймыр берер, бөлүшөр деп ойлодум эле...

- Бөлүшөт деппи?!- кайталады аял ачулуу таңдана. – Элүү миң эмес, биздин үйдө анча-мынча эле акча болсо балдарымдын өлүгүн көмүп калайын!

- Күйөөсүндө эмне бар экенин аялы дайым эле биле бербейт эмеспи, - деп койду Кязым.

- Билгендей эмнеси бар дейсиң?! – кайрадан колун серпти Тимурдун аялы. – Сен чындап эле акылдан адашып калыпсың! Мен сага абхаз тилинде айтып атам – бизде андай акча өмүрү болгон эмес.

- Болуптур анда, - Кязым атын буруп, өзүнө өзү айтып жаткансып, – берет, бөлүшөт деп ойлодум эле...

- Жинди го, эмнеси менен бөлүшмөк эле! – кыйкырып калды аял артынан, а Кыяз анын каргап-шилегенин укпай жогорку чегем жолуна бурулуп кетти.

Он мүнөт жүргөндөн кийин жолдон бурулуп карт мергенчи Тенделдин үйүнө көтөрүлдү.

Тендел дарбазага капталын салып, грек жаңгагынын көлөкөсүндө, арак тарткан аппараттын жанында ичке түтүктөн бөтөлкөгө куюлуп аткан аракты карап олтурат. Азыр анын бетиндеги сынып, кыйшык бүткөн, куш тумшук мурду даана байкалды.

- О Тендел! – дарбазанын түбүнө барган Кязым кыйкырып койду.

Тендел отургучтан ыргып туруп, арык, жашына карабай кыймылы ыкчам чалдын ителгиникиндей сары көздөрү күйүп, Кязымды тиктеди.

- Түш, Кязым, аттан түш! – алыстан эле кыйкырып келатты. – Тарткан арагымдан ооз тий! Укмуш! Учуп бараткан кушту алып ургандай!

Тенделдин үнү чайылдап абдан ачуу эле, анын үнүнөн Кязымдын аты үркүп, Кязым тизгин тартып токтотту. Чал өзү тарткан аракты байкап көргөнү даана эле билинип турат.

- Убактым жок, - деди Кязым, дарбазаны ачкан аткан Тенделди токтотуп, - иш көп, шашып жүрөм. Тойду качан баштаарыңды эле билейин дедим?

Тенделдин небереси армиядан келип, ошону белгилейин деп аткан.

- Бүрсүгүнү, - деди Тендел үнүн бир аз басаңдатып, бирок ителги көздөрү дагы эле жаркылдап жанып, - сага кантип кабар айтпай коймок элем!

- Теймырды чакырасыңбы?

- Кантип чакырбайын, кудай урганды, кошунам да!

- Туура кыласың, аялын кошо чакыр!

- Бекер ашка кантип келбесин! – Тенделдин үнү атты үркүтүп жаңырды. – Менин эркиме койсо желкемдин чуңкуру көрсүн демекмин!

- Макул анда, - Кязым ансыз да кетенчиктеген атын буруп, - мен бир аз кечигип келем, менсиз баштабай тургула! – деди.

- Кантип баштайлы! – деп чарылдады Тендел. - Ой түшсөң боло, Кязым! Алмуруттан тарткан арагымды байкап көрчү! Укмуш! Учуп бараткан кушту алып ургандай, анассыни!

Бирок Кязым жогорку чегем жолуна түшүп бараткан.

*      *      *

Күндүн калган бөлүгүндө кечке чейин Кунта экөө жаңы тамеки сарайдын үстүн кыртыш менен жаап жүрдү. Кечинде ишин бүтүрүп, эртең таң заарынан токойго барып кыртыш тилип келүүнү сүйлөшүштү. Дагы бир нече күнгө жеткидей кыртыш турса, эмнеге кыртыш тилгени токойго барыш керектигин Кунта түшүнбөдү, бирок демейдегидей эле Кязымдын айтканына көндү. Ал эмне кылышты билген үчүн айтты да.

Кязым Тенделдин үйүндөгү тойго чейин Теймырга жолукпаш үчүн атайын эле эртең, бүрсүгүнү токойдон кыртыш тилмей болду.

Таң заардан Кунта экөө сыр, чурек алып токойго кетип, кечке жүрүштү. Аялын Теймыр келип сураса, кайда кеткенин айтпа деп эскертип койгон. Кечинде чарчагандан өңү кубарып үйүнө келсе, аялы, Теймыр бир эмес үч келип сурап кетти деди.

Аялы муну ал жүн баскан күчтүү билегинин жеңин түрүп, сатин көйнөгүнүн жакасын кайрып, аялы кумгандан суу куюп жуунуп жатканда айтты.

- И-и, сен ага эмне дедиң? - деди Кязым килейген алакандарын сууга тосуп.

- Талаага кеткен дедим.

- Ал эмне деди? – жооп күтпөй сууну бетине чачып, түк баскан бетин алакандары менен кычырата сүрүп койду.

- Ал: чындап эле кайниң кырсыктап калдыбы? – дейт.

Аялы самын берип, колу бетин самындап, алаканын сууга тосту.

Нуца тезирек эле бардыгын айтып бергиси келсе да, анын ыгына көнүп унчукпады. Бетине кайрадан суу чачып, алаканын кайрадан сууга тосуп, акыры:

- А сен эмне дедиң?

- Сен үйрөткөндөй: “Чын!”- дедим.

- А ал?

- “Күйөөң бөлүшсүн деп суранып, кайсы балээнин башын кылтыйтат?! Эмнем менен бөлүшүшүм керек экен?! – деди.

- А сенчи?

- Мен кайдан билейин! Ал силердин, эркектердин иши эмеспи, - дедим.

- Туура, - суу колдору менен кокосу чыккан мойнун сүрүп жактырды Кязым, - ушундай эле акылдуу катыным бар дейм да!

- Ал дагы эки жолу келди. “Жүгөрү талаада да, чарбакта да жок, таппай койдум”, - дейт. А мен: “Балким башкармалыкка кеткендир” - дедим. Ал болсо: “Анда ошол жактан жолугам!” - деп кетти. Өмүрүмдө мынчалык калп айтып көргөн эмесмин!

- Акылың бар, азаматсың, - деди Кязым түзөлүп жатып, - Башка баа бере албайм.

- Ошондой десең, - Нуца ыраазы болуп, - өмүрүңдө биринчи жолу акылдуу экенимди мойнуңа алдың.

- Болду эми,- Кязым мойнунан сүлгүнү алып, бети-колун аарчынды.

Сүлгүнү аялына карматып ашканага кирди да, очоктун жанындагы отургучка олтуруп тамеки орой баштады.

Бүгүн абдан чарчады, бирок Кунта экөө бир топ кыртыш тилгенине, Теймырдын бүгүнкү жоругуна, айрыкча Теймыр ушундай кыларын алдын ала билгенине канагат алып, жаны бир жаңсыл болду.

- Теймыр эртең да келсе, - деди аялына, ойлонуп отуруп, - Кунта менен Сабида коктусуна кыртыш тилгени кетти деп кой.

- Эч түшүнбөдүм, - Нуца таң калгандай ичке, узун столду отургуч менен очоктун ортосуна койду, - силер кыртышты Исанын үйүнүн жанынан тилип атпадыңар беле?

- Тим кой, - деди Кязым, - убара болсун.

- Түшүнсөм буюрбасын, - Нуца казандан калак менен буусу буруксуган мамалыга бөлүктөрүн алып, таза кырылган стол үстүнө коюп, калак менен жалпайтып жатып. - Урматтуу, жашы да улуу кишини ушинтип беймаза кылган кантип болсун.

- Ошол урматтуу болбой умураң калсын, иттин баласы.

- Канткен менен да мурдагы башкарма да, - Нуца табактан алып, мамалыганын ар бир бөлүгүнө экиден сыр салып атты.

- Башкармалыктан айланабы, ошол ит, - Кязым мыскыл аралаш мээрим менен өзүнүн кичинекейин карады. Балдар орундарына олтуруп, Нуца столдун четинен орун алды.

- Анан андан эмнеге акча сурап жүрөсүң? – деди Нуца өз алдындагы кешигинен, ысык мамалыганын бөлүмүн үзүп алып.

- Ал катындын иши эмес, - ысык мамалыгадан жумшарып калган сырды алып, көңүлсүнбөгөндөй оозуна салды.

*      *      *

Кечинде чарчагандан өңү бозоруп, бир ийининдеги отун болуучу чырпыктын боосун экинчи ийниндеги керкиси менен жөлөп үйүнө келгенде, аялы урушуп коё берди. Анын айтымында, Теймыр дагы келип сураганынан күйөөм кыртыш тилгени Сабида коктусуна кетти деп койгон экен, ал жарым күн ал жакты аңтара издеп таппай, кайра келип айкыра баштаптыр, тамеки сарайдагы катындардын бардыгы чогулуп калган имиш.

- Ошондой болуш керек эле, - деди Кязым, - суу жылыт, жуунуп, кырынып алайын.

Устарасын камдап, очоктун кырына коюлган күзгүгө каранды. Бетине улам ысык сүлгү басып, ошондон кийин жаагын самындап, таза кырынды.

- Пепе, - деди улуу кызы, - супсулуу болуп калдың. Чачың өсүптүр, кел тегиздеп берейин.

- Болуптур, - макул болуп очоктун жанындагы отургучка көчүк басты.

Кайчысын шакылдатып кызы чач тегиздей баштады. Атасынын чачын дайыма өзү тегиздейт ал.

- Чачың анча агара элек, пепе, - башына эңкейип сүйлөндү, - кашкайып чачың да түшкөн жери жок.

- Ооба,- деп башын кызы багыттаган жакка ийип берди.

- Эмне мурут койбойсуң, пепе? Сага мурут жарашмак.

- Кереги жок, - деп койду, туруп ийниндеги чачтарынан арылып жатып.

Анан жуунуп, ич кийимин жаңыртты, боз шерсть көйнөгүн, жаңы кара шерсть галифесин, жумшак кавказ өтүгүн кийип, булгаары кындуу бычагы илинген ичке курун тагынып, кабышкан ичинин тушундагы көйнөгүнүн бырыштарын капталына сыдырып, ашканага кирди.

Андан кийин очок жанында тамеки соруп, өзүнүн Гулиги менен ойноп бир сааттан ашык олтурду. Бала койдун талпагында, бөйтөйгөн бети очоктун отуна чагылышып, жүгөрүнүн сөңгөгүнөн вавилон мунарасын жасоодо. Эки сөңгөктү биринин тушуна бирин коюп, аларды туурасынан дагы эки сөңгөк менен бастырып, мунара улам көтөрүлөт да, бир маалда урап калат, бала бардык балдар сыяктуу эле вавилон мунарасы кулап калыш үчүн куруларын билбей, жини келип бышылдап, кайрадан вавилон мунарасын кура баштайт. Кязым баласын тиктеп, кез-кезде кыйшык коюлган сөңгөктү оңдоп, ойлонуп отурат.

Нуца кечки тамактын камын көрүш үчүн үйдөн чыкты. Салкын тартып калыптыр, ичиркенип жогорку чегем жолуна көтөрүлдү. Түн жылдыздуу, ачык. Эки күндөн бери асманды бүркөй албаган булуттар бүгүн бир жакка кеткендей.

Бардык эле узарган иштер ушинтип натыйжасыз бүтөт деп койду Кязым. Ай чыга элек, бирок жогорку чегем жолунун ак таштары чагылышып, жол даана. Жол бойлой кеткен дөбөлөрдө акация, ит мурун, алтыгана бадалдары дүпүйөт. Түнөргөн бадалдардын арасында байыркы, белгисиз жаныбарлардын шумдуктай сөлөкөтүнө окшогон килейген таштар. Ал тараптан цикаданын ыры угулат.

Ушул цикадалардын кайдигер тыкылдаганынан түпсүз ааламдын тунжураган үнсүздүгү, түбөлүк кусалыгы сезилсе, алыстан угулган иттин үргөн үнүнөн, адам жашаган жылуу турак, убактылуу жашоонун жыргалдуу ырахаты сезилгендей. Түбөлүктүүлүк, убактылуу жашоонун ырахаты ага буюрбаганына кусаланса, адамдын жан дүйнөсү умтулган убактылуу жашоонун ырахаты, бул турмушта түбөлүк болуп калбаганына кусалангандай. Эмнегедир Кязым өзүнүн биринчи жактырган, сүйүктүү атын, алыста калган жаштык кезиндеги атактуу Кара жоргосун эстеп кетти. Ал атты Жгерда айлында жашоочу белгилүү чабандес Даур сатып алганга көп аракет кылган. Бир нече жолу жорго үчүн көп акча сунуштады, кийин көп акчага жакшы ат кошом, бер деп жүрдү, бирок өз күлүгүнө сыймыктанган Кязым макул болбой койгон.

Даур үмүтү үзүлгөндөй, ат жөнүндө сөз кылбай, бирок үйүнө көп каттачу болуп алды, бир топ достору Кязымга:

- Ой, ушул адам үйүнө каттап эле калды, жоргоңду уурдап кетпесин! Байка! – деп жүрүштү.

Даурдун бирде түн кирип, бирде аба-ырайы бузулуп жолдон кайрыла калганы же дагы бир нерсеси шылтоо болуп, Чегемден кеталбай, анын үйүндө калган жоруктарына таң калса да, Кязым бул адамдын андай арамдыкка барарына ишенбеди. Аны жүрөгү сезди.

Бир жолу таңга маал ойгонсо, экөө бир бөлмөдө жаткан эле, коногунун төшөгү бош. Заара кылганы кетсе керек деп ойлоду, бир топ убакыт өттү, жок. Кязым чочулап, тез кийинип тышка чыкты. Атканага барып, эшиги ачылып калганын байкап, денеси муздай түштү.

Атканага кирип эле өз көзүнө ишенбей туруп калды. Даур аттын узун жалын сылап, кулактарынын түбүн кашып, бирдемелерди шыбырап, улам тумшугунан өөп, жоргонун алдында турат. Жок, ууру мындай кылбайт!

Мындайды күтпөгөн Кязым, чоочун көздөн далдоо жерде, сүйүшкөндөрдүн элжирешип турганын байкабай карап алгандай, эшиктен жалт бурулду. Өзү да атты абдан жакшы көрөт, бирок чоң эле киши жаш баладай болуп атты тумшугунан өпкүлөгөнү... Мындайды көрмөк тургай уккан да эмес.

Даур бирде түндү, бирде аба-ырайын шылтоо кылып Чегемде калганы эми билинбедиби! Ал жан дүйнөсү менен берилип сүйгөн атты көргүсү, сылагысы келип, назик сөздөрдү айтмакка, сагынгандан куса болуп, чыдабай келген турбайбы!

Кязым акырын төшөгүнө жатып алды. Бир сааттай убакыттан кийин Даур келип жатты.

Эртең менен тамактанып, анча-мынча ичимдик ичишти, конок жолго камына баштады. Кязым, албетте, түнкү көргөндөрү тууралуу унчуккан жок. Үйдөгүлөр конокту узатканы чыгып, Кязымдын иниси Махаз Даурдун атын серүүнүн алдына жетелеп келгенде, Кязым атканага кирип, өзүнүн Кара жоргосун жетелеп, Даурдун атынын жанына алып келди.

- Кязым, сен да бир жакка барайын дедиңби? – деп сурады Даур.

- Жок, - Кязым анын атына келип, басмайылын кармады.

- Басмайыл бекем эле тартылды, - деди Даур эмне болуп атканына түшүнө бербей.

- Бошотуп койоюн, - Кязым күрсүнүп, басмайыл чечип, ээрди алып, кубарып кеткен Даурду карабай ээрди Кара жоргого токуду.

Тургандар таң калып, а купкуу Даур унчуга албай, камчы кармаган колу гана титирегенин кийин ошол окуяга күбө болгондор айтып жүрүштү.

- Мен ат алмашалы деп чечтим, - деди Кязым, тунжурай калган жымжырттыкты бузуп, - жоргодон тажадым... Сенин атың деле андан кем эмес...

- Кязым, эмне кылганыңды... өзүң да билбей атасың...- деп күбүрөп, башка эч нерсе айтпай, Даур аттанып кетти.

Кязым эмне кылганын өзү билип эле турду, жакшы көргөн сүйүктүү атынан ажырап калганга ошондо да, кийин да өкүнбөдү. Бул, Кукладан айрылгандагыдай болгон жок, жакшы көргөн кызыңды татыктуу адамга узаткандай кеп да. Ошондуктан бергенине өкүнгөн жок.

Арийне, Даур кийин чакырып, анын урматына чоң той берип, сейрек кездешүүчү, атактуу устанын колунан чыккан күмүш канжар тартуулады.

- Кязым, - деди тойдо, Даур бир нече жолу башын ийип, - эсиңде болсун, менин жашоомдогу акыркы көксөгөнүмдү кандырдың, эми жарык дүйнөдө өкүнөөрүм жок, коштошоорго да аз убакыт калды, мага башка эч нерсенин кереги жок, ага өкүнбөйм дагы.

- Тилиңе тибиртке чыксын, Даур! – байкуш энеси сөздүн төркүнүнө түшүнүп чырылдап ийди. Мени эмне куураткан атасың?!

Даур жооп берген жок. Кязым Даурдун уруусунда өчөгүшкөн канга кан маселе бар экенин билсе да, ал убакта кызуулук менен айтылган сөзгө маани бербептир. Даурдун агасы мындан жыйырма жыл мурда, канга кан сөөк өчтү адатка ылайык Тамба уруусунан бирөөнү өлтүрүп коюптур. Сибирге айдалып, ошол жакта өлгөн. Агасынан бала калган эмес, кандуу өч алынуучу болуп Даур калмак. Бирок экинчи жагынан агасы Сибирде өлдү, андан бери жыйырма жылдай өттү, - эми Тамба уруусу, агасы өлгөнүнөн кийин көксөөлөрү сууп, өч куубай калабы деген үмүт бар эле.

Ушундай окуя болуп кеткенде канга себепкер уруу адамдары өч алууга укугу бар уруунун адамдары менен жолугушпаганга аракет көрөт. Ал уруунун адамдары душман жашаган жерге каттабайт, үйлөнүү той же маркумду узатуу сыяктуу, эл көп чогулчу жайларга көп муундуу туугандык абалынын татаал эсеп-кысабын алып, кичине эле шек жаралса барбай калышат.

Кязым жоргосун берип койгондон бир жыл өтүп өтпөй, Даур айылдан ондогон чакырым алыс, канын көксөгөн уруу жашаган жерге барып калбайбы. Тегирмендин жанынан өтүп баратып, очогунан тамеки тамызганы атынан түшүп, кире калган экен. Тегирменчи тактада уктап калыптыр, тегирмен иштеп атат.

Даур аны ойготпой, очокко эңкейип тамекисин тамызып башын көтөрсө, эшиктин алдында балта көтөргөн, агасы өлтүргөн адамдын баласы турат. Кийин белгилүү болгондой, ал адашып кеткен уйун издеп жүргөн экен, тегирмендин жанына байланган атты көрүп (жок, ат кимдики экенин деле билбейт), аттын ээсинен жолдон уй көрдүңбү деп сурамакка кирген экен.

Даурдун өлүмү коркунучтуу да, тез да болду. Тигил унчукпай, балта менен бир уруп эле башын үзө чааптыр. Башы отко түшүп, андан тоголонуп, оттон чачыраган учкундар тегирменчиге тийип ойгонуп кетет.

Чочуп тура калган байкуш, көз алдында башы жок денени көрүп, турган боюнча теңселет, анан ал да кулап калыптыр. Өч алган бала башты алып, чачындагы отту өчүрүп тегирменчи жаткан тактага, эсинен ажырап, ошондон кийин жинди болуп калган тегирменчинин маңдайына коёт. Байкуштун акыл-эси тегирмендин гүүлдөгөн үнү астында жыргап уктап атып, ойгоно калганда көргөн шумдукка чыдабаган экен.

Кан кууган бала жашырынган жок, кылган иши тууралуу өзү айтып берип, соттолуп, Сибирге айдалып кетти. Бул окуя Кенгур районунда көпкө айтылды. Андан бери отуз жылдай өтсө да, Кязым ушуну эстеген сайын кулагына Даурдун кызып алып, көзү ачыктык кылып: “Кязым, менин жашоомдогу акыркы көксөгөнүмдү кандырдың, эми жарык дүйнө менен коштошоорго аз калды!” – деген сөзү кулагына жаңырып тургандай.

Элдин айтымында, энесинин боюнда кезинде атасын өлтүргөн баланын өч алуусу абдан ырайымсыз болот дешет. Бул жолу да ошондой болду. Кязымдын оюнча, энесинин кайгы тарткандагы уусун түйүлдүк сиңирип алат окшобойбу.

Ошолорду ойлоп, элдин ырым-жырымынын төп келгендигине таң берет. Тагдыр дегенди, тагдырдын жазмышын алдын ала сезе билген адамдар болоруна ишенет. Даур ошондой адам эле. Ал тагдырдын жазмышын, атты сезе билгендей эле билген адам эле.

Эгер тагдырдын жазмышы болбогондо, эмне үчүн тегирмендин жанына келгенде оттугу сынат? Чөнтөгүнөн сынган оттугун табышпадыбы. Же кооптуу айылга жакын жүргөнүнө чочуп, оттугун чакмакка катуу уруп сындырып алдыбы? Анан өзүнүн чочулаганынан уялып, атынан түшүп тегирменге кирдиби? Эмне үчүн тегирменчи ошол мезгилде уктап калган? Эгер уктабаган болсо экөөнүн ортосуна түшүп арачалап калмак да. Ошондой окуялар да болгон. Эмне үчүн кан кууган бала уйун алыстан издеп, так ошол мезгилде балта кармап, тегирменге кирди?

Ар бир адамдын маңдайга жазган тагдыры бар, уруунун да тагдыры болот деп ойлойт Кязым. Өзүнүн турмуштук тажрыйбасына карай, ат менен жаны бирге, атты жакшы түшүнгөн уруулар болорун ал так билет. Даур ошондой уруудан эле. Кебетеси кадимкидей болуп билинбеген менен, көпчүлүгү эбегейсиз кара күчтүн ээси болгон, балбандар туулган уруулар болот. Кан кууган бала ошол уруудан. Акылдуу адамдар көп төрөлгөн уруулар бар, митаамдары көп туулган уруулар болот, бардык нерсени жеңил, тез кабыл алган сергек балдар төрөлгөн уруу, макоо чалыш, сөзгө, оокатка чоркок балдары басымдуу уруу, башкаларга такай жакшылык тартуулап, мээримдүү, боорукер адамдары көп уруулар бар. Бирок андай уруулар сейрек, тукумдарынын өмүрү кыска болот.

Каязым өзү тууралуу жаңылыш ойлогондой, тукуму билим-илимге жок уруулар болот. Өзү мектепте окуган эмес, анын убагында Чегемде мектеп жок эле. Азыр да балдары начар окуп, тышынан билдирбей тамашага айландырган менен, ичинен капа болуп жүрөт.

... Тенделдин үйүнө жакындап, ал жактан көпчүлүктүн гүүлдөгөн үнү, үй кожоюнунун ачуу чарылдагы жаңырат.

Кязым дарбазаны ачып, ит чыга калбаганына таң кала, саксынып короодон өттү. Ит үйгө жете бергенде, ашкананын серүүсү менен үйдүн үстүнкү бөлмөсүн бириктирип турган тепкичтин астынан атып чыгып, унчукпай, кыска ырылдап асыла кетти. Оң бутун ыңгайлатып, өтүктүн учу менен ооз талаштыра берип калды эле, ит каңшылап чыга берип, алысыраак барып ажылдады. Үйдөн Тендел менен небереси чыга калышты.

- Бул эмне, кутуруп кеткенби?! – Тендел ашкананын серүүсүнөн кармай чыккан кесекти ит жакка ыргытты. Кесек таамай тийип ит каңшылаган бойдон караңыда көрүнбөй калды. – Каап алдыбы? – деди Тендел Кязымга жакын келип.

Кязым ачык эшиктен төгүлгөн жарыкка салып өтүгүн карады. Бүтүн эле экен.

- Жок, мен эле кантип тиштете коёюн.

- Атаңдын... өзүбүздү тааныбайт! – Тендел ит кеткен жакты көзүн жаркылдата карап, сөгүнүп алды.

- Тойдон кийин көбүрөк кешик тийсин деп аракет кылып атпайбы, - какшыктап койду Кязым.

Алар той өтүп жаткан чоң бөлмөгө киргенде коноктор тура калып учурашып, жылышып орун беришти. Кязым аны кыжырданып, шектене тиктеген Тимурдун маңдайынан орун алды. Анын аялы үйдүн кожейкеси жана Тенделдин келини менен бирге меймандарды тейлеп жүрөт. Бир аздан кийин дагы эки аял олтурган столдун четине отурду. Бардыгы Кязым ойлогондой болуп жатат.

- Дүйнө аңтарылып кетер бекен, - деп кыйкырды столдун тиги башында, Тендендин жанында олтурган Бахут, - Кязым ичимдик бар жерге кечигип келди!

Бахут мингрел[2] эле ошондуктан анын атын өз тилине ылайык, өзгөчө айтты. Алар бири бирин жакшы көрүшчү, бирок албетте, ал тууралуу ачык айтышчы эмес, тескерисинче, жолуккан жерде бири бирин чымчылап, какшык жылдырып турушат.

- Кечигип калдым, келатып Таймырдыкына кайрылдым эле, бул жерде тура - деди Кязым ыңгайлашып атып.

- Меникине эмнеге бардың эле? – Тимур камоо жеген камандай көзүнүн үстү менен акшыя тиктеди.

Кожейке Кязымдын алдына мамалыгасы менен табак коюп, үстүнө аджика шыбады.

- Аялым мени издеп, үйгө бир нече жолу Теймыр келди дегенинен бардым, - деди Кязым жай сүйлөп, ортодогу чарадагы эттен аджикага малып, оозуна салып көңүлү жоктой чайнады. Эрингендей эт чайнап, тикчийген көк көздөрү Тимурга кадалып, көздөрүнүн тереңинде шылдың ойнойт.

Жаңы жуулган чесуч кителчен, али чымыр, чачы кырылган Тимур, бийлигин жоготсо да, өңүнө бийликтин сүрүн салып маңдайында отурат. Өңдөгү ушундай сүрдөн улам канча элдин ичинде отурса да Кязым чоңдорду билип койчу. Ким билет, чоңдорду ушул сүрү бар үчүн тандап коюшабы же эл башкаргандан ошондой сүр пайда болобу? Бирок Тимурдун көздөрүнүн тереңинде бийлик жок, бийлик көксөгөн кусалык, коркунуч жана ишенимсиздик турат, анысы Кязымга даана байкалды.

- Өзүң эмне менден качып жашынасың? – өзүн карманып, акырын күрүлдөп койду Тимур. Кожейке Кязымдын алдына стакан коюп, вино куйду. Баягы, “учуп бараткан кушту алып ургандай” арактан баш тартып койгон. Кязым шашпай стаканды колуна алып, үйгө береке каалап ичип жиберди да, кайрадан этке киришти. Тимур сүзүп жиберчүдөй кырылган башын Кязымга карай эңкейтип, жооп күттү.

- Сенден эмнеге жашынмак элем, - деди Кязым эт сугунуп, - сенден жашынгандай бирөөдөн бирдеме уурдабасам...

Оозундагысын чайнаар-чайнамаксан, тикчийген көк көздөрүнүн тереңинде шайтан ойнойт.

- Кайсы жин уруп менден акча сураганы келдиң? – Тимур өзүн карманып күрүлдөдү, - менде кайдагы акча?

Жалпы гүүлдөктөн улам, алардын сүйлөшкөндөрүнө тойлогондор көңүл бурбады.

- Жок болсо жок да, - Кязым көздөрү күлүп, виносун ичип, стаканын койду, - сенден зордоп алып аткан жокмун да...

- Аялыма айткан экенсиң го, мени бөлүшсүн деп, - Тимур энтиге күрүлдөп, Кязым анын кырылган башы да кызарып кеткенин байкады. – Аны кандай түшүнсө болот?

- Кандай түшүнсөң ошондой түшүн, - Кязымдын көздөрүндө дагы эле күлкү ойнойт.

Карт мергенчинин сак кулагы алардын сүйлөшкөнүн угуп, негизги маанисин түшүнүптүр.

- Акча суроочу кишини тапкан экенсиң! – ителги көздөрүн жаркылаткан Тендел столдун тиги башынан кыйкырды, - Теймыр баягы, богу дары деп койсо, деңизге чычкысы келген чымчыктын эле өзү эмеспи!

- Бөлүш деп... - Тенделдин кыйкырыгына көңүл бурбай, Тимур кыжыры келип күңкүлдөди, - менде андай кайдагы акча...

- Сен, мына, өзүңдөн акча сураганыма таң каласың, - деди Кязым, - ага эмес, сен мени эки күн “менде акча жок” деп айтканы, мени жан талаша издегениңе таң калыш керек эле.

- Эмнеси бар экен? – Тимур алданып, сөзүнөн алдыргысы жок, колундагы жилигин унутту.

- Ой, - деди Кязым көздөрү күлүп, - бере турган акчасы жок адам, акча сураган адамды кантип издесин? Издегени - менде акча бар, бөлүшөм дегени эмеспи!

- Мен силерди, - деди Теймыр араң карманып, - кулактын гана тукуму, отузунчу жылдары Сибирге айдатып жибербегиниме катуу өкүнөм!

- Ачкыч...

- Ооба, - деди Кязым, бычак менен жиликтин этин кырып оозуна салып, - сен ошондо жаңылып калгансың, ал кезде сенин колуңда ачкыч бар эле, азыр ал менде.

- Кандай ачкыч! – Тимурдун көздөрү коркконунан алаңдап, оозун жаба албай, Кязымды тиктеп катып калды.

- Бийликтин ачкычы, - деди Кязым дагы ырбатып, көк көздөрүндө күлкү ойноп, - ошол ачкыч эми менин колумда.

- Бийлик! Бригадирби? - теңсинбегендей айтканы менен Кязымды карап, кандай жыландын башын чыгарып атканын билгиси келип, ошону менен бирге анын эки анжылуу кыйытканынан жүрөгү түшүп турду. Ушул эки анжы кыйытуунун түз жооптон чыгып кеткенге мүмкүндүк берген жагы менен билмексен болуп койсо да болмок, бирок кудай ургандын тикчийген көздөрү күнөөнү түз эле айтып, күлүп атпайбы, алат күн!

Отургандардын айрымдары, экөөнүн сөзүнүн артында эмне маани турганын эч кимиси түшүнбөсө да, аларды улам карап коюшат.

- Ой ушул кускучту жайына койчу, Кязым! – кыйкырып калды Тендел столдун аркы башынан, ителги көздөрү жаркылдап.

Бардыгы күлдү. Тенделдин кээде эч ким маанисин түшүнбөгөн сөздөрдү кошуп жибермей адаты бар. Кадимкидей сүйлөп атып эле башкаларга түшүнүксүз мергенчилер гана колдонгон өзгөчө сөздөрдү уруп жиберет. Кээде өзү да байкабай жөнөкөй эле сөздү башкача толгоп, маанисин өзгөртүп салат. Бул жолу да ошондой болду.

- Кускучуң эмне?

- Кускуч деген, - түшүндүрө баштады Тендел, - иче албаган, канча ичсе ошончо кускан адамды айтат.

- Мен башка жерге отурбасам болбойт, - деди Тимур туруп атып, - болбосо ушул адамдын айынан кылмышка да барышым мүмкүн!

- Мен ал эмес, канчанчы кылмыш болуп каларын да билем, - деди Кязым көздөрү күлүп, манжалары менен Тимурдун кылмыштарынын санын көрсөтчүдөй, алаканын жазып көтөрүп койду.

Тимур кырылган башын ылдый салып, түшүнүксүз бирдемелерди күбүрөп Тенделдин жанына отурду.

- Күпүлдөгөнүңдү токтот, - деди карт мергенчи, - сен, Теймыр, мүйүзүңдөн эчак ажырагансың, болбой эле сүзүшкүң келет. Андан көрө ушул жерге тынч отуруп, мени ук.

Тендер өзүнүн кантип үйлөнгөндүгү тууралуу айта баштады. Дасторкон тейлеп, каруусуна таза сүлгү илген, али тың кемпири, сөз өзү жөнүндө эмес, башка бирөө тууралуу болуп аткансып, ар бир сөздү калтырбай укканга аракет кылып кашын керет. Отургандардын күлкүсүн келтирген дагы бир жорук – байбиче абышкасынын сөзүнө чындап эле кызыгып угуу менен бирге, эгерде абышкасы анын же уруусунун намысына тийгендей калпыс сөз айтса, дароо катыгын бергенге даяр турганында. Көп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, мындай даярдык керек, сөзсүз талап кылынат.

Тенделдин айтымында бул окуя анын жиндиси кагыла элек жаш кезинде болуптур. Коноктор сөзүн бөлүп күлүп, ушул күлкүлөрү менен Тендендил жиндилиги эмгиче кагыла элегин билдиришти көрүнөт. Тендел күлкүгө көңүл бурбаган менен, кемпиринин жүзү жайнап, кубанып башын ийкеп жиберди: “Туура, жиндиси эмгиче кагыла элек, аны менден артык ким билет эле” – дегендей.

- Ошентип, - деп сөзүн улады Тендел, - ошол жиндим кагыла элек кезде, Кутол деген айылда, бир үйдө сайран куруп отурган элек. Меймандар бир топ ичип алгандан кийин бий башталып, үйдүн кожоюнунун ак көйнөкчөн кызы бийге түшүп калды. Анын өзгөчө, аккан суудай жылма бийлегендеги, кыймылынын бузулбаган, үзүлбөгөн тазалыгынын белгиси катары, кыздын жакындарынын бирөө башына бир бөтөлкө вино койо салыптыр, кыз ошону менен бир солк этпей эки айланып келди. Дагы канча айланарын ким билет, Тендел кармана албады. Кызды, анын бийин кандай урматтай турганын туйдурарын билбей, “смит-вессонун” сууруп чыгып, кыздын башындагы бөтөлкөнү талкалай атты.

Тенделдин айтымында, кыз бийин токтотуп (кантип бийлемек эле, башынан аягына чейин кызыл виного чыланып), меймандар да, үй ээлери да мындай кулак угуп, көз көрбөгөн бейбаштыктан катып эле калышкан имиш. Биринчи болуп эсине Тендел өзү келип:

- “Силердин үйдө ок калтырды деп эсептегиле!” – деп кыйкырып, карыган кезиндеги ачуу чаңырган үнү ошондо эле болсо керек, столду аттап тышка жөнөптүр.

Байлоодогу атына секирип минип, дарбазаны ачканга убакыт коротпой, кашаадан арта секиртип, мылтыктын тарсылдаган үнү коштоп жакын жердеги токойго кире качкан экен.

“Ок калтырдым” дегенинин мааниси, абхаздыктардын салты боюнча мындай: куда түшкөнү келген күйөө баланын туугандары бардык маселелер чечилгенден кийин, үй ээлерине огу менен газырь[3] берип асманга ок чыгарат. Газыры менен ок берип, асманга ок чыгаруу, сүйлөшүүлөр бекем болду, тигил же бул тараптан шарт бузулса, кан төгүлүп калышы мүмкүн дегенди билгизсе керек.

Бирок өзүнө өзү куда түшүп “ок калтырган”, андан да так ушундай ыкмада, - бул чектен чыккан бейбаштык.

Кайрадан Тенделге келели. Үч чакырымдай чаап келип, аты күтүлбөгөн жерден жыгылды, Тендел үзөнгүдөн бутун чыгарып караса, ат өлүп калыптыр. Эмне болгонун түшүнбөй айланып караса, аттын карды бир метрге жакын жырылыптыр. Жаратты карап, Тендел жакасын кармады – аттын ичинде эч нерсе жок, бош. Кашаадан секиргенде казыктын учуна тийип, ичеги-карды эшилип калган көрүнбөйбү.

- Эми силер айткылачы, - деп чарылдады Тендел, - ээсин куткарыш үчүн, ичеги-карды түшүп калса да үч чакырым чыдап чуркаган ат тууралуу укканыңар барбы?!

Меймандар аттын ичегиси жолдо келатканда, балким жакын жерде түшсө керек деп күлүп калышты.

- Жок! Жок! – чарылдады Тендел. – Кашаадан арта секиргенден кийин, жерге бир нерсе шалп дей түшкөнүн сезгем, кызуулук менен караган эмесмин!

Тендел сүйүктүү атынын өлүп калганына таңдайын такылдатып, абдан кейигендей түр көрсөттү, эми анын ителги көздөрү доомат арткандай, алган сыйлыгы өлгөн аттын кунуна татыбайт эле дегендей кемпирин карайт. Кемпири сына түшкөндөй, күтүүсүздөн каруусундагы сүлгүнү жазып, ийинине арта, сыйкырдын күчү менен бир саамга баягы ак көйнөкчөн кыздын элесин тартып, ошол сыйкыр аркылуу адилеттике чакырып, башкача айтканда, өлгөн аттын кунун тың болсо да карып калган кемпирге эмес, ошол кездеги кыз менен салыштырып көр дегенди айткысы келди.

Тендел кемпирин карап, анын кыйытканын түшүнбөдүбү же ага маани берген жокпу, ителги көздөрүн отургандарга буруп, аңгемесин улантты.

Тенделдин айтымында, тиги сүйүп калган кыздын (кыйытканын түшүнгөн көрүнөт) ата-энеси, агалары кызын жана карындашын ушу бейбаш каракчыга бербөөгө касам ичишет.

- Кыязы, - деп улантты Тендел, - алар өз үйүнө жана кайратына анча ишенишпесе керек (ушул жерде кемпири серпиле түштү, бирок шылдың анча так болбогондуктан унчуккан жок), жана жигиттин кулак угуп көз көрбөгөн кайраттуулугунан чочулап, өздөрүнүн желмогузун (жок, кыйытканын түшүнбөптүр) башка айылда жашаган тууганыныкына жашырыптыр. Ал тууганы Тенделден өткөн бейбаш баш кесер экен.

- Алардын оюнча, – деп кошумчалады Тендел мыскыл аралаш.

Ушул жерден кемпири, чалы анын уруусун шылдыңдаганга жакындап калганын, мына-мына айтаарын сезип, бардык кебетеси менен каршылык кылганга даярданып калды.

- Бирок алар, - деп Тендел сөөмөйүн чычайтты эле, кемпири да, отургандар да шылдыңды күтүп, кулак түрүп калышты, бирок Тендел бул жолу айланып өтүп: - Алар ошол тууганынын тагдыры жалгыз гана менин колумда экенин билишкен эмес, - деди.

Көрсө так ошол тууганы мындан эки жыл мурда чек ара кызматкерин өлтүрүп, аны бүт Кенгур району боюнча жалгыз Тендел билип калган экен. Ошондуктан ал кызды кайтарганды мындай кой, туугандарына билгизбей Тенделдин колуна өзү салып бериптир.

- Бул кемпир менин үйүмө ушинтип келип калган, - деп бүтүрдү Тендел аңгемесин, - бекер эле кылган экем, үйдө пайдасыз эле бирөө жүрөт. Келгиле ичели, меймандарым! Бабырап атып тамак да жедирбедим окшойт!

Меймандар кемпирин карап, Тенделдин үйүндөгү пайдасыз бирөө дегенин дасторкон үстүндөгү жайнаган тамак-аш толугу менен төгүнгө чыгарып турат дегендей, ыраазылык билдире гүүлдөп калышты.

- Ар бир иштин өз ачкычы болот, - деди Кязым, - ал кимдин колунда болсо, ошого кызмат кылат!

- Туура айтасың, Кязым! – деп чарылдады Тендел. – Кайтарткан кишинин ачкычы менин колумда болчу, а тиги келесоолор аны кайдан билиптир!

Үйлөнүү тууралуу аңгеме акырына чыгып, жандана түшкөн меймандарга алагды болгон Тенделдин кемпири мындай сөзгө даяр эместей селейди, бирок өзүн тез эле колго алып:

- Сага тең болор келесоо менин уруумда эле эмес, өз урууңда да болгон эмес! – деп урдуруп салды.

- Болду! Болду! – чарылдады Тендел. – Ошондо кызуу деле элем, ок башыңа тийсе эмне!

Кязым ачкыч тууралуу айтканда, Теймырдын башы төмөн шылкыйып, ошондон кийин көтөрүлгөн жок. Буга жетти окшойт деп ойлоду Кязым.

Бахутту карап, карт мергенчинин аңгемеси учурунда тыбырчылап, жатканда гана башынан алган сван топусун бирде желкесине, бирде чекесин жылдырып, чыдабай отурганын эстеди. Бул Бахут өзүнүн атактуу окуясын айтып бергиси келгенинин айныгыс белгиси эле. Отургандардын бардыгы ал окуяны бир эмес бир нече жолу укса да, Бахут дагы бир жолу айткысы келди.

- Тендел, - деди Кязым, - бүгүн Бахут өз виносун кантип сатканын айтмайынча үйүңдөн кетпейт, ошону эсиңе ал.

- Жок, койчу, кацо,- Бахут барктана кетти, - уккан болсоңор эмнеге айтам, эгер угар болсоңор, анда башка кеп, мейли, айтып деле берем.

- Айт, айт, Бахут, - деди карт мергенчи, - мен да сенин айткандарыңды кошумчалап койом.

Меймандар бир стакандан алып жиберип, Бахуттун окуясын угууга даярдана гүүлдөп калышты. Бахут сван топусун желкесине жылдырып, майланышкан кара көздөрү жандана, аңгемесин баштады.

- О да, - деп баштады, болжол менен ошондо дегендей которулган, грузин-мингрелдердин сөз башында айтылуучу ыкмасында... – О да, биз ошол Вахтанг менен мурдагы жылы кышында Анастанда, бирөөнүн жаназасында жолуккан элек. Ошондо сүйлөшкөнбүз. Мен ага жыйырма чака вино, ал мага жыйырма пуд жүгөрү бермек. Үч күндөн кийин араба менен келиптир, кеч кирип калган эле, жүгөрү алып келген экен. Мен дарбазаны ачып арабаны короого киргиздим. О да, төрт кап жүгөрүнү арабадан алып, ашканага киргиздик. Андан кийин уулум кошулуп, үчөөлөп жертөлөдөн жыйырма чакалык бочкени тоголотуп келип тактай коюп, арабага түртүп чыгардык. Ал кеткенге кам урду, а мен жинди жаным, аны кетирбей кармадым. Уят да, бул киши үйүмө биринчи жолу келип атса, анан бир стакан вино ичпей кеткени кандай. “Кел, - деп ашканага карай бастым, - алган виноңду байкап көр. Балким мен сага кычкыл эле бир нерсени сатып ийгендирмин”. Мен ошентип тамаша кылып, ашканага кирдик. “Жок, - дейт ал күтүлбөгөн жерден, - мен сенден алган винону сынагым келбейт”. - “Эмне үчүн?” - “Анткени, - дейт, - мен алып келген жүгөрүнү, сен таразага тарткан жоксуң, мага ишендиң. Сен мага ишенсең мен да сага ишенем. Мен сатып алган винону текшербейм, башка вино болсо, болуптур, ичели”.

Уах! Менде башка вино жок эле. Бардыгы эле изабелла. Он чакадай качича бар эле, аны да эчак ичип койгонбуз. Эми эмне кылам? Ашканага да кирип алдык, аялым да дасторкон жайып, ал болсо башка вино сурайт. Башка вино менде жок, жок деп чыгарып койгон уят. Анан: “Макул, башка вино ичебиз”, - деп салдым. О да, отуруп ичип атабыз. Байкашымча вино ага жакты, жакшы кетип атат. Ал менин виномду мактап, мен ага жетине албай жыргап угуп, ичип атабыз, үйдөгүлөр уктап калышты. Анан эле бир маалда: “Ушул вино мага абдан жакты. Мен сатып алган винону ушул виного алмашалы. Өмүр бою ушундай винону эңсеп жүрдүм эле”, – десе болобу.

Уах! Эми эмне кылам? Винонун башка түрү жок – болгон бардыгы эле ушундай. Мен эмне дээримди билбей күрмөлө түштүм, ал аны башкача түшүнүптүр. Мен ага сураган винону саткым келбей атат деп ойлогон го. “Сен, - дейт, - ал вино кымбатыраак болсо, уялба. Мен сага дагы жүгөрү алып келип берем, мындай вино үчүн аянбайм!” - “Уксаң, - дейм, - иш анда эмес. Менде азыр башка вино жок”. Ишенбейт. Таарына баштады. “Эмнеге менден виноңду аяйсың? Эгер эки эсе кымбат болсо айт, эки эсе кымбат төлөйм” – дейт. “Уксаң, - дейм, - иш анда эмес. Жүрү, мен сага берген винону байкап көр, эгер ал ушул винодой болбосо, сеники туура болсун”.

Түн жарымында тышка чыгып, арабага келдик. Кудайга шүгүр, тегеректин баары кар, бардыгы даана көрүнөт. Арабага чыктык, мен бочкени ачып, түтүк менен винону банкеге сордуруп ага бердим. Ичип көрдү! Баамымда - дагы эле ишенбейт. Вино муздак болгон үчүн сезбей атабы же балким болгон мүнөзү ошолбу – билбейм. Анан: “Бул виноң тууралуу жаман эч нерсе дей албайм, бирок тиги виноң мага көбүрөк жагат. Ошондой винону өмүр бою эңсеп келгем”, - дейт.

Уах! Таза кудай урбадыбы! Эми буга эмне дейм? Эмне? “Уксаң, - дейм, - менде башка вино жок. Он чакадай качича бар эле, аны эчак ичип койгом. Мен сени болгон эле вином менен сыйладым. Сен үйүмө биринчи жолу келип атсаң, анан куттуу үйүмдөн бир стакан вино ичпей узасаң, ошол болмок беле”. Жок. Дагы эле ишенбейт, кычый баштады. - “Анда, сен мени ушул эле вино менен сыйлаган турбайсыңбы?” - “Ооба, - дейм, - башка вином жок”. - “Анда, - дейт, - азыр барып менин жүгөрүмдү таразага тартабыз!” - “Эмнеге?” - “Себеби, - дейт,- сен менин жүгөрүмдү таразага тартпай эле алдың, анткени мага ишендиң. А мен сенин виноңду сынап көрдүм – анда мен эмне, сага ишенбегендей болуп каламбы. Мен сага ишенбегенден кийин – сен да мага ишенбе!”

Уах! Ушу жарым түндө анын жүгөрүсүн кантип таразалайм. Таразам да он эле килого чейин. Анын баарын канча жолу тартыш керек? – Бахут дасторкондо отургандарды жардам сурагандай карап койду.

- Отуз эки жолу! – деди Кязым күлүп.

- Отуз эки жолу! Мен ошончо убакыт анын жанында турсам жинди болуп кетпейимби! Анан ойлонуп мындай кылмай болдум – эшектей кежирлигине караганда бул бочкени эми албайт. Менде жыйырма чакалык дагы ушундай бочке жертөлөдө турат. Менимче таң аткыча анын жүгөрүсүн таразага тарткыча, бул бочкенин ордуна ошол бочкени тоголотуп келип жүктөгөнүм артык.

“Макул, - дедим, - өзүң көргөндөй, жертөлөдө дагы бир бочке турат. Жанагы сен ичкен вино! Кааласаң – ошону ал! - “Алпкел, - дейт - ошол бочкени! Жакшы виноңду жакшы кишиден аяба!”

Эмне айлам бар? Эми уулумду ойготуш керек. Экөөлөп бочкени чыгара албайбыз. Уулумду ойготкондон да кысылам. Чоң эле кишилер – эмне жинди болуп атышат дейт ко. Бирок ал да эч нерсе эмес. Мен уулумду ойготсом, бул ошол винодон ичип көрүп – сен мага башка вино берип жатасың десе кандай кылам. Анткени жертөлө муздак, а бул муздак винонун даамын түшүнбөйт экен.

“Макул, - дедим, - жүрү жертөлөгө. Мен ошол бочкени берем. Бирок сен виносун сынап көр”.

Ашканадан көпкө издеп, араңдан шам таптым – аялымды да, ушу турган Вахтангды да, ошол биз жолуккан жаназа болгон күндү да ичимден сөгүп жүрөм. Жертөлөгө келип, кайрадан түтүк менен жарым литр вино сордуруп бердим. Ичти! “О! О! О! – дейт. - Ушундай винону сатып алганды эңсеп жүргөм. Чакыр уулуңду!”

О да! Акырын кирип уулумду ойготтум. Жаш да – уйкусу катуу. Араңдап атып ойготтум. Эмнеге ойготконумду дароо айта албайм – уят да, кацо, уят. “Балам, - дедим- бочкени ордуна койуш керек. Жардам бер” - “Силер, - деп күңкүлдөйт уулум, караңгыда кийинип атып, - ушунча убакыт эмне кылып аттыңар, эмдигиче соодалашып бүтпөсөңөр!

Биз тышка чыгып, үчөөлөп бочкени арабадан түшүрүп, жертөлөгө киргиздик. Эми экинчи бочкени тоголото баштадык. Уулум түшүнбөйт. “Ата, - дейт таң калып, - эмне кылып атасыңар? Эки бочкеде бирдей эле вино эмеспи! Мастыгыңардан такыр эле акылыңардан адашып калдыңар!”

А тиги каргыш тийгир Вахтанг, жаназада жолугуп өз башыма балээ үйүп алган Вахтанг, дагы шылдыңдап койот. “Ох Бахутжан, - дейт, кадим эле Кязимдей болуп, - эмнеге уулуңду, ушундай жаш баланы калп айтканга үйрөтөсүң! Мен тиги вино тууралуу эч нерсе айта албайм! А бул вино мен эңсеген винонун өзү!”

Балам таарынып калды. Бизди жаман көрүп турат. Бочкени эптеп арабага түртүп чыгардык, балам унчукпай тултуйган бойдон үйгө кирип кетти.

О да, акыры ушу каргыш тийген адам кетет деп ойлоп атам. Арабаны дарбазага чейин узатып бардым. А тиги токтоп калса болобу! Мен бирөөнүн жаназасында иш боюнча сүйлөшүп, келишим түзгөн такыр болбогон иш экенин ошондо түшүндүм. Сен бирөө менен жаназа учурунда иш боюнча келишип койсоң, ал сенин үйүңө келип жаназаңды окуйт, азабыңды берет! “Анда кандай, - деп койот, - мен сенин виноңду текшерип көрдүм, а сен менин жүгөрүмдү таразага тарткан жоксуң! Ошондо, эмне, сен мага ишенесиң, а мен сага ишенбегендей болуп каламбы? Анда эмне, мага караганда сен айкөл, а мен митаам экемин да! Болбойт! Жүрү, жүгөрүмдү таразага тартабыз!”

Уах! Мен ошол бочкени бергенге да, жүгөрүнү да кайтарып бергенге да макулмун, ушул адам кетсе болот эле! Жок, кетмек беле!

“Угуп турсаң, - дейм, өзүмдү араң кармап, - вино деген өзүнчө, жүгөрү деген өзүнчө иш! Сен эки-үч литр виномду ичти деп, мен эки-үч кило жүгөрүңдү кантип жейм! Каптарда канча пуд жүгөрү барын ансыз деле билип турам!” - “Жок, - дейт,- анда эмне, сен мага ишенет экенсиң да, мен сага ишенбегендей болуп калат экем. Болбойт! Же жүгөрүнү таразага тартабыз, же виноңдү кайра ал, мен жүгөрүмдү алып кетем!”

Эми таза кудай урбадыбы! Э кокуй, уулумду дагы ойготомбу?! Бирок Бахут абалдан чыккандай бир нерсе ойлоп таппаса Бахут болбой калбайбы.

“Уксаң, - дейм, атайын эле, токтоо сүйлөп, - кеч болуп калды. Экөөбүз тең чарчадык. Эртең кел – жүгөрүңдү эртең тарталы”. - “Жок, - дейт,- мен бүгүн бул жерде турсам, эртең эмнеге убара болот элем. Азыр тарталы!”

Ошондо мен жаагын жап кылдым. Акылы жок адамга акылы жоктой мамиле кылып түздөш керек. “Мага ишенбейт экенсиң да, - кыйкырып атам, - менин үйүмдөн даам татып алып, анан эртеңке чейин менин үйүмдө жүгөрүңдү калтыргандан коркот экенсиң да! Бахут кайырчыдан беш бетер, каптарыңды ачып, жүгөрүңдөн алып коюп, эртең аз экен деп айтат деп турасыңбы?! Менин тузума түкүргөнүң ошол!”

О! О! О! Карасам - шамдан беш бетер шылкыйып, өчүп калды.

“Кой, койгун, Бахутжан, - дейт, - ал эмне дегениң, болду катын-балаңды ойготосуң (катын-баламды эстегенин кара!). Сен мага ишенесиң, мен сага ишенем, Эртең келем”

Ошентип кетип калды. Эртеси, анын эртеси да, кудайга шүгүр, келген жок, бирок бошогон бочкемди бирөөдөн берип ийиптир. Ошондон кийин жаназага барган жерде эч ким менен келишим түзбөйм. Дегинкиси эң жакын адам болбосо, жаназага барганды деле койдум.

Бахут өз окуясын айтып бүттү.

- Мен ага жолуктум Бахут, - деп чарылдай кетти Тендел, - бир айдай болуп калды, мен да жаназа учурунда жолуктум!

- Андай адамга жаназа учурунда гана жолугасың, - Бахут топусун көзүнө жылдырды.

- Мен андан, - деп Тендел улантты, - Бахут экөөңөрдүн ортоңордо эмне окуя болду эле? - деп сурадым. Ал: - “Эмне окуя болмок эле, болгону Бахут мени ичирип туруп, бир бочке качичанын ордуна бир бочке изабелла карматып коюптур. Изабелла сатып алганы жыйырма километр эмнеге барат элем? Изабелланы өзүбүздүн айылдан деле сатып алмакмын. Эми эмне, болору болгон да” – деди.

- Вайме! – Бахут, калжаңдап, өзүнө өзү аза күтүп жаткандай колдору менен башын муштагылап койду. Каткырык жаңырат.

- Мен да ага жолуккам, бирок мурдараак, - деди отургандардын бирөө күлкү аралаш.

- Сен да жаназада жолуктуңбу? – дейт Бахут.

- Жок, базардан! – дейт тигил, жаңырган каткырыктан улам үнүн бийигирек чыгарып улантат, ким билет, анча мынча апыртып да койду көрүнөт. - Бул окуяны мурда эле уккам да. Анан: “Бахут жөнүндө кандай ойдосуң?” - деп сурап атпаймынбы. Ал: - “Бахутжан жакшы адам. Жайыл дасторкон адам. А вино менен болгон окуяга өзүм күнөөлүүмүн. Вино сатып алгың келсе, алгач алып аткан бочкеден ич, андан кийин кожоюн менен каалашыңча иче бер. А мен башында анын качичасын ичип кызып калып, анан албетте, мага эмне вино сатканын билбей калыптырмын. Эгер ал винонун ордуна арабага бир бочке айран жүктөп койсо да билмек эмесмин. А чынында Бахутжан жакшы адам. Бирок бир жаман жагы бар: эмне үчүн уулуна калп сүйлөгөнгө үйрөтөт? Болбосо Бахутжан жакшы, жайыл дасторкон неме. Көптөн бери көрүнбөй калды... Балким, өлүп калдыбы? Анда эмне мага кабар айттырышкан жок?” - деди.

- Кудайдын бары чын болсо, анын жаназасына мен биринчи турам! - деди Бахут.

Карт мергенчи Тенделдин үйүнө жалпы жакшылык каалап, аттанар аяк акыркы стакандан ичишип, меймандар тура башташты.

Тимур ыңгайын келтирип Кязымга акырын:

- Сүйлөшпөйлүбү.

- Мейли, - деди Кязым, - бирок аялыңа айт, кете берсин.

Алар жогорку чегем жолуна чыгышты. Асман ачык, ай жарык, тынч. Жолдо Кязымды күтүп Бахут турган экен. Экөөнүн жолу бир, жакын турушчу.

- Сен кайда? – деп сурады Кязымды, андан кийин Тимурду кунт коё тиктеп.

- Биз сүйлөшөлү дедик эле,- деп жооп берди Кязым, жөнөкөй эле.

- Күтө турайынбы? Бахут бир нерсе сезип калды окшойт.

- Жок, - деди Кязым, сен бара бер, мен бир аздан кийин барам.

- Мейли анда, – Бахут Тимур менен бараткан Кязымды узата карап калды. Узун бойлуу, жеңил сөлөкөт, чачы кырылган, чулу, агарып алыска көрүнгөн чесуч кителчен сөлөкөттүн катарында узап баратты.

- Сага эмне керек? – деди Тимур акырын, Кязымды акшыя карап. Жолдо экөөнөн башка эч ким жок. Айдын жарыгында Тимурдун чачы таза кырылган, көз чуңкуру карарган тоголок башы коркунучтуу көрүнөт.

Кязым түрмөдө, камактагылардын чачын кырып салышат деген, түрмөгө кесилип чыккан адамдардын сөзүн эстеди. Эгер бардыгы ойдогудай чыкса, мунун чачын кырып да убара болушпайт,- деп ойлоп койду Кязым. Бул өмүр бою эле чачын кырып жүрөт, кайсы жыл болсо да камап койсо болмок, дароо эле он жети жыл мурда камашса болмок. Башы ошондо эле кырылып жүрчү, - деген ой башында жылт дей түшүп өчүп калды.

- Мени жакшылап түшүнчү, - деди Кязым Тимурду карабай, - эгер инимди кырсык баспаганда, мен бул ишке барбайт элем. Сен мага элүү миң бересиң, мен инимди куткарам, бул иш тууралуу унутуп коёбуз. Байкап атпайсыңбы, мен деле сенден артык эмесмин, а сен кандай адам экениңди экөөбүз тең жакшы билебиз.

- Сен алгач өз картаңды көрсөт, - деди тиштенген Тимур.

- Менин картам чөнтөгүмдө, - деп жооп берип, кайра өзүн оңдоп койду, - сенин картаң менин чөнтөгүмдө.

Тимур токтоп, карарган көздөрү Кязымга тигилди, айдын жарыгында кырылган, тоголок башы башкача, бөлөк дүйнөгө келип калган арбактыкындай сезилет.

- Жинди болбо, - катаал эскертти Кязым Тимурду карап. Оң колун чөнтөгүнө салып, андан чыгарып, колун четтетип алаканын ачты. Алакандагы сейфтин ачкычы жарк дей түштү.

- Кайдан алдың?! – Тимур араң кирилдеп, Кязымдын колундагы ачкычтан көзүн албады.

- Сенин үйүңө кайрылганымды айтпадым беле, - Кязым Тимурдун ар бир кыймылын байкап.

- Ы-х! - Тимур кырылдап, эки колу менен Кязымдын колуна жабышып ачкычты тартып алганга аракет кылды. Анын күчү биртоп экен, бирок Кязым күчтүрөк эле.

Бир нече секунд кармаш уланып, Кязым өзүн араң карманды. Тимур Кязымдын манжаларын ача албай, эми тиштеп алганга аракет көрдү.

- Жинди болбо дебедим беле, - жийиркенгендей колун оозунан качырып, бирок эртедир кечтир тиштеп алаарын сезип, колдон кармап толгоду, Тимур онтоп жыгылып түштү.

Кязым энтиккенин араң басып, ачкычты чөнтөгүнө салды.

- Тур, жаш бала эмессиң да, - Тимурду жөлөп, бутуна тургузду.

- Экөө тең унчукпай, оор энтигип бири бирин карады. Кязым Тимурдан жаш болсо да энтиккени оор.

- Мени сатып койбосуңа кантип ишенем? – деди Тимур, энтиккени бир аз басылып.

- Айтпадымы, - деди Кязым, бир азга дем басып унчуга албай, - мен сенден артык эмесмин деп айтпадымбы. Иним үчүн акча алып атсам, бийликке кантип айтмак элем?

- Болуптур, жүрү, - деди Тимур.

Кайрадан жолго түшүштү. Тимур айдын жарыгында өзгөчө көрүнгөн тоголок, кырылган башын тиктеп, дагы кандай жорук баштап жиберет деп Кязым сак. Бул сынды, бирок мындайлар сынса дагы ар кандай жамандык жасап жибергенге маш деп ойлоду Кязым.

Тимурдун дарбазасына келишти.

- Анда мындай, - деди Кязым токтоп, – эгер үйдөн атып коём десең, бекер убараң. Бахут экөөбүздүн чогуу кеткенибизди көрдү. Сөөгүмдү кайда жашырсаң да, түрмөгө түшөсүң. Акчаң бекер чирип жок болот. Бүттү! Анан дагы. Эгерде үйүңдөн тез чыкпасаң, башка тешиктен чыгып, акчаны токойго жашырганы кетти деп ойлоп калам. Анда мен башкармага ачкычты тапшырам. Эртең менен сени кенгурдук милиция кармап кетет.

- Жок, - деди Тимур, - бат эле чыгам, аларды миңден кылып бөлүп койгом. Санаганга оңой.

- Азаматсың, дайыма ошентип бөлүп коюп жүр.

- Макул, мен сага акча берем, сен мага ачкычты бересиң, - деди Тимур.

- Болбойт.

- Эмнеге?

- Бардыгы унутулуп эки жылдай убакыт өтсө, темир сейфти ачып акчасын алам, сендеги карызымдан ошентип кутулам.

- Митаамсың! – деди Тимур тиштенип. - Сенин айтканыңа эле ишенип калаармын...

- Сага жетмек кайда... Мындайды ким ойлоптур, башкарма кезинде ачкычты катып калып, өзүнөн кийин дагы бир башкарма алмашканда гана акча алганын. Балээсиң!

- Мен аны жөн эле, үйдөн таап алгам.

- Аныңды сотто айт, бирок сотсуз эле чечели дебедикпи...

Тимур дарбазасын ачып, короодон өтүп, үйүнө кирди. Тимур андан кутулуш үчүн атып жибереби деп, сактыкта кордук болбойт деген ой менен дарбазадан четтеп, кашаа түбүндөгү алча дарагынын көлөкөсүнө барды. Ал мылтык менен чыксачы? Анте албайт ко. Бирок мылтык менен чыкса эмне кылам? Тимурдун чарбагынын сол жагында, кырк метрдей жерде жогорку чегем жолуна чейин созулган калың токой караят. Ал мылтык менен чыкса ошол тарапка качууга туура келет. Кайдан, анткенге даабаса керек деп ойлоду Кязым үй жактан көзүн албай.

Он мүнөттөн кийин Тимур үйүнөн чыкты. Колунда ак түйүнчөк, башка эч нерсе. Ал Кязым мурда турган, азыр көрүнбөгөн жакты чочулай карап короодон өттү.

- Эй, - деп чакырды алаңдап.

Кязым караңыдан чыгып дарбазага келди. Тимур сүлгүгө түйүлгөн акча кармап дарбазанын артында. Кязым түйүнчөктү алып, түйүнүн жандырып, акчаны текшерди.

- Санабай эле койоюнбу? – деди Кязым, анын эми мааниси деле жогун билип туруп.

- Бардыгы так, - деди Тимур тиштенип.

- Болбосо жетпей калса эртең кайра келем да.

- Айтпадымбы, бардыгы так, - деди Тимур.

- Сен ошондойсуң, - деп койду Кязым, түйүнчөктү чөнтөгүнө араңдап солоп.

Дарбазадан бир нече кадам узап, кайрылды:

- Баса... Мени үйүнө киргизип жиберди деп итиңди сабаба... итте күнөө жок...

- Аны өзүм билем! – Тимур артынан кыйкырып калды. Жогорку чегем жолуна түшүп келатып Кязым ойлонду: Теймыр дагы эмне кылар экен? Эгерде жакында таяк жеген иттин каңкылдагы угулса, анда Теймыр ачуусун итинен чыгарганы. А эгер бардыгы тынч болсо – эсине келип, артынан мылтык ала чуркашы да мүмкүн. Андай болгондо үй жакка эмес, тескери тарапка, башкарма Асландын үйү тарапка барыш керек. Бирок Асландын үйү тарапка баруудан эринди.

Жогорку чегем жолуна жакындаганда, иттин каңшылаганы угулду. Кязым жеңилдеп, жолго чыга бергенде, үстүнкү дөңсөдөн таш калдырап, бирөө түшүп келатат. Алдаптыр!!! – жаман ой мээсин көзөдү: аялына итин сабатып, өзү токой менен артымдан түшкөн экен!

Бир аздан кийин жеңилдене үшкүргөн кезде: жолго Бахут түшүп келди.

- Ой, а сен эмне жүрөсүң?

- Артыңдан акмалап бардым, - деди Бахут, - тиги жексурдун кебетеси жаман эле... Ал сага бир нерсе бергендей болду. Эмне берди?

Кязым Бахут аны токойдон сак-сактап турганын түшүндү. Бахутка бардыгын айтып, чөнтөгүнөн дөмпөйгөн түйүнчөктү алып Бахутка берди.

- Башкармага алпар, - деди, - анан да айтып кой, бирөөнү токтоосуз Кенгурга, милицияга жиберсин.

- А сенчи?

- Мен уктаганы кеттим, - Кязым эски адатынча бармактары белиндеги курун чоюп, өзүнүн жеңил кадамы менен жөнөй берди.

Кязым башкарманын үйүнө өзү баргандан чындап эле эринди, бул ишти Бахутка тапшыргандын себеби башкада. Аз да болсо Тимур эсине келип, артынан кууп келет деген коркунуч бар эле, ошого Бахутту кошуп алгысы келген жок. Анда да Кязымдыкындай эле белиндеги бычагынан башка курал жок. Бир нерсе болуп кетсе ага жардам да бере албайт, ошондуктан коркунучка Бахутту да дуушар кылгысы келбеди.

* * *

Эртеси эртең менен колхоз башкармасы, милиция кызматкерлери, Бахут болуп Тимурдун үйүнө келгенде, Тимур башында, ченине адам жолотпой күпүлдөдү. Башкарма сомкесин ачып ичиндегини көрсөттү.

Сүлгүгө оролгон акчаны көрүп Тимур кубарып кетти. Ошентсе да дароо мойнуна алган жок. Акыркы жолу уурдалган акчанын калган жарымын өзү бергени менен, башка акча тууралуу кабарым жок деп туруп алды. Албетте, эч ким ага ишенген жок, үч саатка созулган тинтүүдөн кийин гана бардык акча табылды.

Аңгыча окуянын чоо жайын уккан дыйкандар Тимурдун короосуна толуп кетти. Колхоз башкармасы бир нече жолу серүүгө чыгып, аларды ишиңерге баргыла десе, эч кимиси кеткен жок, бардыгы тинтүүнүн натыйжасын күттү.

Тинтүү бүтүп, милиционерлер Тимур менен үйдөн чыкканда, алардын артында келаткан башкарма бир нерсени эстеп:

- Токто, - деди короодогулардын каргап-шилеп, сөгүп жаткан кыйкырыгы коштоп, тепкичтен түшүп келе жаткан Тимурга, - сейфтин ачкычын бер!

- Кайсы ачкыч? – деди Тимур бурулуп, - аны сенин Кязымың менден уурдап албады беле!

- Жок, - деди башкарма, - ал сага экинчи ачкычты көрсөткөн.

Тимур башкарманын айтканын түшүнө бербей бир саамга катып, унчукпай жулуна бошонду да, үйүнө кирип кетти. Бир мүнөттөн кийин арткы бөлмөдөн бир нерсенин талкалап жаткан катуу добуш угулду. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн башкарма, калгандары кошулуп үйгө чуркап киришти.

Үйдүн арткы бөлмөсүндө Тимур жерге оонап, кырылган башы менен жинденип полду койгулап:

- Алдады! Алдады! Алдады! – кыйкырык салды.

Жанында атасынын чоң сүрөтүнүн тытылган айрындылары, айнектин, сүрөт салынган алкактын бычыраган бөлүктөрү жатат. Кийин белгилүү болгондой, ачкычты дубалда илинген ошол сүрөткө жашырыптыр.

Тимур бир нече мүнөт жинди болгондой калчылдап, башы менен полду койгулап, милиционерлер жабыла басты. Бахут үйдөн чача таап, ушул чегемдиктердин валериянкасын карышкан оозуна зордоп куюп жатып, акыры жоошуп, карышкан колдорунан ачкычты бошотту.

Тимур Жванба милиционерлердин, башкарманын коштоосунда үйдөн чыгышканда короодо турган эл ал тарапка түкүрүнүп, а төрт жылдан ашык түрмөдө отурган биринчи бухгалтердин эжеси, кармаган элге моюн бербей жулунуп, бетин аткып алды. Ал аялды эптеп ажыратышты, өзү каршылык көрсөткөн да жок, нес болуп башын салып баратат.

Чегемде кандай окуя болбосун күлкү коштоп жүрөт. Бул жолу да ошондой болду. Ушул кейиштүү жүрүш Тимурдун чоң короосунан өтүп өтпөй, аялы эсине келгендей, айкырык салып бараткандардын артынан чуркады.

- Азыр кыздары үчүн көргүлүктү көрсөтөт! – деди чогулгандардын бирөө.

- Эсине эми араң түшкөнүн кара! - деди дагы бирөө айкырып бараткан аялды карап.

Бирок Тимурдун аялы бараткандарга жетип, башкарманын колуна жабышты:

- Сүлгү! Менин сүлгүм! - деп кыйкыра баштады.

- Эмне сүлгү?! – деди башкарма колун бошото албай.

- Акча оролгон сүлгүнү бер! – чарылдады аял. Башкарма эмнени сурап атканын түшүнүп, сомкесинен түйүнчөктү сууруп чыгып, чегемдиктердин каткырыгы астында, балким ошол каткырыктан улам, түймөгүн чечалбай күймөнүп, акыры чечип, сүлгүнү бетине ыргытты.

- Ушундайда сүлгүсүн эстетип, Теймыр катынын да жинди кылып салган экен, - деп күлүп калышты тургандар.

*      *      *

Өзү да күлүп, ушуларды Бахут айтып отурду. Кязым экөө ашканада, очоктун алдында вино ичип отурушат. Нуцадан башка үй-бүлө мүчөлөрү уйкуда.

- Айтчы, бай болгур, - дейт Бахут, - акчаны ошол уурдаганын кантип билип койдуң?

- Анткени, - деди Кязым жандана түшкөн көздөрү менен Бахутту карап, - үч уурулук тең бир эле адамдын колунан келгенин, бухгалтерлердин бул ишке тиешеси болбогонун дароо түшүндүм. Анан ким алды? Башкармалыкка кирген ким болсо, темир жашикти талкалап, же чыгарып алып кетет эле. Бирок ууру жашикти ачып атпайбы. Анткени анда ачкыч болгон. Экинчи ачкыч. Мен буга чейин эки колхозго башкарма болгон адамдан ачкычтар тууралуу сурадым. Анын айтымында, башкармалыкта темир жашиктин эки ачкычы болот экен, бири – бухгалтерде, экинчиси – башкармада. Андай болгондо биздин колхоздун башкармалыгында да эки ачкыч болгон. Экинчи ачкычты кайдан издеш керек? Бухгалтерлерди дароо чыгарып салдым, аларда шек жок. Мурдагы башкармалардын биринде болуш керек. Ушул мезгилге чейин биздин колхоздо үч башкарма алмашты. Акыркы башкармада ачкыч болгону арсар, анткени анын убагында эки бухгалтер камалды, алар сотто экинчи ачкыч бар деп айтышмак. Бирок сотто алар антип айтышкан жок. Андан мурунку башкарманы алалы. Анын убагында акча уурдалган эмес, анын үстүнө ал Чегемден кырк километр алыста иштеп, темир жашикте качан акча болорун түнү келгенде, бизде боло жүргөндөй, кароолчулар жакындарынын биринин жакшылыгына майрамдаганы кетерин билмек эмес. Теймыр калды. Мен ошо Теймырга токтодум. Ал – биздин биринчи башкармабыз, башынан эле экиден ачкыч болгондон кийин, ошонун убагында эки ачкыч болгон. А экинчиден, абдан маанилүүсү, эгер ачкыч жоголуп кеткенин шылтоолоп акча уурдагысы келсе, сөзсүз өзүнөн кийинки башкарманын убагында эмес, андан кийинки башкарманын убагында батынмак. Өзүнөн кийинки башкарманын убагында уурдаса, экинчи ачкыч эстеринен чыга элек, сурашмак да. Андан кийин эмне, мезгил өттү, экинчи ачкычты эстеген киши жок, унутулуп калды.

- Айтчы, - деп дагы сурады Бахут, кезектеги стаканды алып ийишкенден кийин, - эгер ачкыч менен акча бирге катылса эмне кылат элең? Калпың ачылып калмак да!

- Аны да ойлогом, - деди Кязым кумараны аяр алып, жыты буркураган изабелланы стакандарга куйуп жатып. Стакандагы кочкул вино очоктогу жалынга чагылышып асыл таштай куюлушат. – Андай болмок эмес, - деп улантты Кязым көңүлдүү. – Эгерде бирөө бычак менен адам өлтүрүп, акчасын тоносо, ал бычагынан арылат же канын жууп кетирип, бир жерге катат. Бычакты тонолгон акча менен бирге эзели сактабайт. Анткени тонолгон акчанын жанындагы бычак – күбө сыяктуу, шеги билинген жерде айгак болуп берет. Киши өлтүргөн адамга күбөнүн кереги эмне? А биздин Теймыр, билген кишиге, үч бухгалтерди сойбодубу, анын бычагы - ачкыч болду. Ошондуктан ачкычты акча менен бир жерге коймок эмес.

- Ал үйүмө кантип кирдиң деп сурап калса кантет элең?

- Ха, - деп койду Кязым, бутун бутуна учкаштырып, тамеки ороп, - сураганга чамасы жетпесин деп эки күн кыйнабадымбы. Ошентсе да бир терезесинин кашек, алкагы чирип калганын байкап койгом. Кечинде ошол терезени копшоп, жарым-жартылай ачып, анан Тенделдикине келгем. Ал менден эч нерсе сураган жок, анткени ошол кечте аны таза сындырбадымбы.

- Мактангандан көрө, - деди тыштан жуулган кирлерди көтөрүп кирген аялы, - ал бошонуп келгенден кийин кантип өч ала турганын ойлонсоң боло.

- А, ага дагы көп мезгил бар, - деди Кязым. Дагы бирден алып ийишти.

- Он жылдай отурат, - деди Бахут стаканын коюп жатып.

- Итине боорум ачыйт, - деп калды Кязым эстей калып, - мен ээсин ага каршы тукуруп койбодумбу...

- Сен өзүңдү, өзүңдүн жакындарыңды ойлосоң боло,- деп наалып калды Нуца очоктон чок алып, аны кыскач менен үтүккө салып жатып, - экинчи күн ичип атасың, кийин: “Жүрөгүп кармап калды”- деп онтойт эмессиңби!

Кязым унчуккан жок, бирок аялын кийлигиштирбеш үчүн Бахут менен мингрел тилинде сүйлөшө баштады. Ал досуна жасалган иштин бардыгын айтып бүтө элек. Нуца күйөөсү от алып калганын жана дагы бир топко, балким түнү бою иче турганын билчү. Кязым аны өзү да билбейт, бирок аялы анын жанданып калганынан, ошону сезип жатты. Кязым сейрек, бирок бир баштап алса, катуу иче турган.

Нуца жуулган кирлерин үтүктөп болуп, наалыганын токтотпой, үтүктөлгөн буюмдарын колуна чогулта кучактап, үстүнкү бөлмөгө чыгып кетти.

Нуца туура эле сезиптир. Таң шооласы билинип, чарбактагы дарактарда куштар сайраган мезгилде тигил экөө короонун ортосунда турушат. Экөөнүн тең колдорунда стакан. Кязым кумараны кармап алыптыр. Экөө тең мас, бирок чайкалбайт, эс учун да жоготушкан эмес. Ичкликке болгон канга сиңген мамиле, көндүм адат жардам берет окшобойбу.

Уй, ооруган кездеги оттобой калгандын киресин чыгарайын дегенби, короодогу шүүдүрүм баскан чөптү аймап жүрөт. Ит, кожоюнунун бул адаттан тыш кылыгын жактырбагандай тиктеп, ашкананын серүүсүнүн алдында отурат.

Кязым азыр, катуу чалкалап стакандагысын узакка шимирди. Вино куюлуп жаткан жак виного толуп, келип жаткан суюктукту батыра албай, Кязым чалкалагандан чалкалап, ошол калыбында денесинен вино бара элек бош кычык издеп жаткандай сезилди.

Бахут досунан айырмаланып орто бойлуу, чымыр. Ак болотнойдон тигилген кителчен, башында майланышкан көздөрүнө баса кийилген сван-топучан, азыр, митаамданып ойноктогон көздөрү Кязым менен стакан экөөнүн эрегиши эмне менен бүтөрүн карап турат.

Досунун бул көз карашын Кязым байкап, стакандагысын ичип түзөлө калып, Бахутту карап күлүп:

- Эмне ойлоп турганыңды билбейт дейсиңби?

- Эч нерсе ойлобой эле турам, - деди Бахут өңүндөгү митаамдыктын белгилери жок.

- Ох Бахут, - деди Кязым, - сен азыр мени чалкасынан кетет деп ойлогонсуң!

- Андай ойлогон эмесмин!

Бахут анын чалкасынан кетерин күтүп, бирок ал чалкасынан кетпей, Бахуттун күткөнүндөй болбой калганына, Кязым жаш баладай кубанды. Андан да чоң кубанганы Бахут эми ошол эңсеп күткөнүн өлсө да мойнуна албайт.

- Деги сен өмүрүңдө бир жолу чыныңды айтып: “Мен чынында эле сенин чалкаңдан кетериңди күткөм!” – деп айтар күнүң болобу?

- Чын айтам, сенин чалкаңдан кетериң тууралуу ойлогон да эмесмин!

- Ох, Бахут! Ох Бахут, – деди Кязым башын чайкап, - өмүрүңдө бир жолу мойнуңа алып койчу: “Ооба, чалкасынан кетсе экен!”- деп ойлоп турдум эле деп койчу.

Бахут Кязымдан оңой менен кутула албасын түшүндү.

- Ой жыгылсаң да эмне экен, - наалып калды Бахут, - чөпкө жыгылат элең да.

- Ошо да, сен менин чалкадан кетеримди күтүп жаткансың!

- Койсоңчү ой, кацо! Жыгылсаң да эч нерсе болмок эмессиң – жумшак чөпкө жыгылмаксың!

- Торсогум ай! Ушу сенин арам оюңду, мен кантип билбей калайын.

- Сен кимсиң, билесиңби? – деди Бахут.

- Киммин? – деди Кязым, кумараны Бахуттун стаканына алпарып.

- Сен, сен деген кургатылган жылансың, - Бахут толгон стаканын кумарадан четтетти.

- Эмнеге? – кызыга түштү Кязым өз стаканын толтуруп атып.

- Сен эмнени жесең – ошол сени жейт! Сен эмнени ичсең – ошол сени ичет! - деп Бахут компойуп калды.

- А эмнеге менин ичкеним мени ичет?

- Мына, сен түнү менен ичтиң, а ичиң кана? – Бахут Кязымдын кабышкан ичиндеги бош илгичтен алып, тарткылап койду. Ичкендериң кайда кетти?

- Кетчү жагына кетти да, – деди Кязым Бахуттун кысымынан бир аз чегине берип.

- Сен кургатылган жылансың, - деди Бахут, өзүнө жагып калган аныктаманы дагы кайталап, чабуул жасап атканына кубанып, - сен ырайымсыз мерезсиң! Өз балдарыңды бир да жолу алдыңа алып, тизеңе отургузган эмессиң! Чынчыл адам болсоң, айтчы, өмүрүңдө бир жолу балаңды тизеңе отургуздуң беле?

- Жок, - деди Кязым, - биз балдарды катуу кармайбыз. Абхаздыктарда сөз бар: балаңды тизеңе отургузсаң, ал сенин мурутуңа асылат.

- Айтпадымбы, - Бахут ого бетер болбой: - силер, абхаздыктардын адаттары - мерезсиңер!

- Ах сен, эндур десе! – деп койду Кязым.

- Мен эндурлук эмесмин, мен мингрелмин! - деди сыймык менен Бахут.

- Жок, сен эндурлуксуң,- Кязым эми чабуулга өтсө болорун сезип, - сенин эндурлук экениңди жалгыз гана мен билем.

- Жок, - деди Бахут сыймыктана, - мен мингрелмин. Мингрел болуп туулгам, мингрел боюнча өлөм.

- Жок, - деди Кязым, - сен мингрел болуп туулгансың, эндур болуп өлөсүң.

- Сенин агаң Сандронун, - деп эстей кетти Бахут, - аялы эндурдан.

Эми эмне дээр экенсиң дегендей, Бахуттун майланышкан көздөрү жайнай түштү.

- Менин агам Сандро – өзү биринчи эндур!

Мындай бурулушту күтпөгөн Бахут бир азга ойлонуп калды.

- Анда сен, агаң Сандро эндур экенин мойнуңа аласыңбы?

- Ооба, менин агам Сандро, дүйнөдөгү эң биринчи эндур.

- Сенин агаң Сандро эндур болгондон кийин, сен дагы эндурсуң да!

- Жок,- деди Кязым, - мен эндур эмесмин. Мен бул дүйнөдө жалгыз эндур эмесмин. Калганынын бардыгы эндурлар. Чегемден Москвага чейин бүт эндурлар! Мен гана жалгыз эндур эмесмин!

- Ой мактанбачы, Кязым! – деди Бахут, бош стаканын Кязымдын жүзүнүн алдында булгалап. – Ичип алсаң эле мактана бересиң! Мактанчаак адамдарды жаман көрөм!

Уахоле, уахоле подареко... - аны упай эле Кязым мингрелче ырдап кирди, Бахут жүзүндөгү ачуусун өзгөрткөнгө үлгүрбөй, обондун агымы кошо ала кеткендей, ырга кошула кетти. Бир аз ырдап, кайрадан бир стакандан ичишти.

- Бирок кээде, - деди Кязым ырдан кийин бир аз жумшара түшкөндөй, - мен да эндур болсом керек деп ойлоп кетем.

- Эмнеге? – деди Бахут боору ачыгандай.

- Анткени, эндурсуңбү же эндур эмессиңби деп, эч кимден сурай албайсың, - деп койду Кязым. - Бардыгы тең эндур болгондон кийин, алар аныгын кайдан айта алат. Мен да эндур болуп калдымбы же жокпу, аны эндур эмес бирөөдөн сураш керек ко. Ал сага чынын айтат. Бирок сурагандай эндур эмес бирөө да табылбай койду, ошондуктан мен да эндур болуп калдымбы деп, кээде ойлоп кетем.

Бахут, Кязым калп эле жумшарган болуп аны дагы алдап койгонун түшүндү.

- Сен дагы мактанып кирдиң, Кязым! – деп тап берип койду. - Бирөө жанымда мактанып атса кыжырым келет. Тиги келесоо Теймырды алдап колго түшүрсөң эмне экен! Ал келесоо алган акчасын да корото албаптыр! Теңин чычкандар жеп коюптур! Сен мактангандай деле укмуш окуя эмес! А сен ичип алсаң эле мактана бересиң!

О райда Гудиса-хаца, эй...

О райда снуа райда,

О райда э-эй... – Кязым абхаз ырын баштап ийип, Бахут бир азга түнөрүп унчукпай, анан чыдабай кетип Кязымды улам жаман көзү менен карап, ырга кошула кетти.

Бир аз ырдап, дагы бир стакандан ичип жиберишти.

Кязым стаканын шимирип жаткан тынчтыкта Таргыл нымдуу чөптү бир калыпта барсылдата үзүп, оттоп аткан добушу өзгөчө жаңырат. Бул добуш ага абдан жагат. Стаканын жутуп атканда, уй так эле кулагынын түбүндөгү чөптү барсылдата жулуп аткандай.

Ал мындай добуш катуу ичип алганда угуларын билчү. Анан ойлоп койду: эмнеси бар экен, ошон үчүн, жанга жагымдуу нерсени жакындатып, жакпаган нерсени алыстатыш үчүн катуу ичилет да. Катуу ичкен жакшы эмес дегендер, адам кез-кезде жан дүйнөсүндөгү жагымсыз сезимди көңүлүнөн чыгарып, жагымдуу сезимди жакындатып тургандай нерсе ойлоп чыгарышсын. Анте албагандан кийин – жөн эле акылдуусуна бергендин эмне кереги бар.

Чыгыш тарапта, алма сабактарынын арасынан көрүнгөн асман, мала-кызыл түс ала баштады. Таң алдындагы желаргы грек жаңгагынын, алманын жалбырактарын шыбыратып, чымчыктардын чырпылдашканын дарактын бутактары менен кошо чайпалтып, бирде оолактатса, бирде кайра жакындатып аткандай.

Биринин артынан бири - тук! тук! Эки алма сабагынан үзүлүп түштү, бир топтон кийин үзүлсөмбү, жокпу деп ойлонуп жатып үзүлгөндөй, үчүнчү алма түштү, мурдагы экөөнө караганда чоңураак окшойт – шалп! – кайрадан бардыгы тынчып калды. Куштардын чырпылдаганы, улам жакындап келаткан уй чөптү барсылдата оттогон гана добушу. Мал сарайдагы кунаажын буйвол ордунан туруп, жаңгак дарагынын айрыкча одур-бодуру көбүрөк түбүн тандап, сөйкөнүп, капталын кашып кирди. Куш үнүнө, үзүлгөн чөптүн добушуна кунаажын калың терисин кашып, шырпылдаган добуш кошулду: шшша, шшша, шшша.

Кязым бул эми бир топко созуларын билет. Ал өзүн абдан жеңил сезип, кубанып турду. Бахут досун абдан жакшы көрөт, ошондуктан аны башка жагынан “кытыгылап” көргүсү бар.

- Бахут, - деди Кязым, - сен канча тил билесиң?

- Сен канча билсең, мен да ошончо,- деди Бахут.

- Жок, сен бир тилге кем билесиң.

- Кел анда, санайлы, сана, билген тилдериңди! - деди Бахут.

- Мен, - деп баштады Кязым, - абхаз тилин, мингрел, грузин, түрк, грек тилдерин. Беш тил болот экен!

- Мен дагы, - деди Бахут, – беш тил билем. Мингрел, грузин, абхаз, түрк, анан... орусча дагы.

Кязым так ушул тилден кармагысы келген. Абхаз айылдарында орустар жашабайт, ошондуктан орус тилин экөө тең абдан начар билчү. Бахут Кязымдан да начар билет эле.

- Ошентип орусча билем дечи? – Кязым тактап койду.

- Эми мындай, дыйкандарчасынан билем, - деди Бахут капканга түшкүсү келбей, - чарбага, базарга, жолго керектүү – бардыгын айта алам!

- Эсиңде барбы, экөөбүз Мухуска жаңгак сатканы барып, сенин тишиң ооруп, биз ооруканага келгенде доктурга эмне дегениңди? Доктор аял экенин эсиңден чыгарба!

- Сен анык эле кургатылган жылансың, - деди Бахут, - андан бери жыйырма жыл өттү, дагы эле эстеп жүрөсүң. Мен анда тамашалап койгом.

- Ох Бахут, тиши ооруган адам кантип тамашаласын?

- А мен ошондоймун. Тамашалап койгом, - деди Бахут Кязымдан кутула албасын билсе да.

- Ох, Бахут, кешиги жогум. Сен ошондо тиги аялга ушундай бир сөз айттың эле, экөөбүздү кубалап чыга жаздашкан. Ошол орусча айтканыңды кайталап койчу!

- Койсоңчу өй, андан бери жыйырма жыл өтпөдүбү, - деди күнөөсүн жеңилдеткен себепти эскертип жаткандай Бахут.

- Ошол орусча айтканыңды кайтала!

- Сен кургатылган жылансың, - деди Бахут, Кязым эми аны куткарбай турганын билип.

- Ошол орусча айтканыңды кайталачы!

- Доктор, жоп болит, - деди Бахут кабагы бүркөлүп.

- Ох Бахут, сен ошонтип мени да шерменде кылбадыңбы, - деди Кязым күлгөнүн токтотуп, - азыр эми кантип айтыш керек экенин билээрсиң да?

- Билем, - деди Бахут, бирок унутуп калган го кокуй. Билчү эле, эсинен чыгып кетиптир.

Кязым аны сезип калды.

- Анда айт!

- Болду да эми, кел андан көрө ичели, - деди Бахут, туура айтылышын эстеш үчүн убакыт созуп.

- Ох Бахут, дагы митаамданып атасың!

Бахуттун эсине түшкөндөй болуп кетти окшойт.

- Зоп болит, – деп айтыш керек эле, - деп алып, ошол замат Кязымдын өңүнөн дагы жаңылып калганын түшүндү.

Кязым жанагы вино ичип жаткандай чалкалап, арийне Бахут ойлогондой чалкасынан да кетпей, көпкө каткырды.

- Ох Бахут, өлтүрөсүң да, - деди Кязым көзүнүн жашын аарчып.

- Андай кыйын экенсиң, өзүң айтып көрчү! - деди Бахут чукчуңдап, ушул ыңгайсыз жоруктан аз да болсо пайда өндүргүсү келип.

- Зуб болит, зу-уб! – деди Кязым үйрөтүп жаткандай. - У-у-у! Жыйырма жылдан бери эстеп кала албайсың!

- Андан бери тишим ооруган жок да, - деп актанып, кошумчалап койду: - Эмне деген тил – зоб, зуб...

Кязымды кантип чымчылашты ойлоп жатты. Эсине эч нерсе түшпөйт. Жанаа баштаган балдары тууралуу сөзгө кайрылып көрдү.

- Сен кургатылган жылан, өмүрүңдө бир да жолу балаңды алдыңа алып, тизеңе отургузган жоксуң.

- Кургатылган жылан үчүн мен көбүрөк ичип алдым, - деп койду Кязым.

- Сен балдарыңа караганда аттарды артык көрөсүң, - деди Бахут, ушул багытта дагы уланткысы келип, - балдарыңды бир жолу тизеңе отургузган жоксуң, аттарды жакшы көрөсүң...

- Ооба, аттарды тиземе отургузуп жүрөм.

Бирок Бахут тамашаны кабыл алган жок, чабуул кылып кирди.

- Сен бүт өмүрүңдө аттарды балдарыңдан артык көрүп жүрөсүң, Кязым, Куклаң ашуудан бузулуп келгенде, өлүп кала жаздагансың!

- Көрүп турбайсыңбы, өлгөн жокмун го, – деди Кязым. Ал тууралуу эскерткенди жактырчу эмес.

Бахут ашыкча кеткенин сезди, бирок азыр Кязымдын балдарына, өзү ойлогондой аталык мээримди билбей калган балдарга боору ачып турду.

- Сен кургатылган жылан, - деди Бахут, дагы бир аздан кийин Кязымдын балдарын аяп, ыйлап ийчүдөй абалга келип, - өмүрүңдө бир да жолу байкуш балдарыңды тизеңе отургузуп, эркелеткен жоксуң...

- Анткен менен, мен, сен кимди тизеңе отургузуп жүргөнүңдү билем, - деди Кязым күтүлбөгөн жерден чабуулга өтүп. Бахут үйүнөн алыс эмес жашаган жесир аял менен “шайтандап” жүрчү эле, аны эсине салганды жактырчу эмес. Ошол замат абалы мүмкүндүк берген деңгээлде соолуга түшүп, Кязымдын балдары тууралуу эстебей калды.

- Жок, - деди Бахут кырсыя түшүп, - мен тиземе эч кимди отургузбайм.

Бахут Кязымдын ошол жесир аял менен шайтандап жүргөнүн айтканына тырчый түштү. Анткени ал аял Бахуттан эки жаш улуу эле.

- Азыр ага барам деп ойлобо, - эсертип койду Кязым, - азыр сага чоңураак чылапчын керек. Башка эч нерсенин кереги жок. А чоң чылапчынды аялың керебетиңдин жанына коюп берет.

- Чоң чылапчындын мага кереги жок, - деди Бахут тырчып, - чоң чылапчын сага керек.

Бахут Кязымдын ошол жесир аял менен шайтандап жүргөнүн эсине салганын жактырчу эмес. Жесир аял жана аялы тууралуу кошуп кеп кылганды айрыкча жаман көрчү, анткени жесир аял өзүнөн эки жаш, аялынан он эки жаш улуу эле.

- Жолдун айрылышына жеткенде, - деди Кязым, жакшылап түшүндүрүү үчүн кумараны жерге коё салып, колу менен жаңдап, - сен сол жактагы чыйыр жолго түшпө...

- Ой, эмнени айтып атасың! – деди Бахут кызаңдап, мени эмне үйүмө барчу жолдон адашат деп турасыңбы?!

- Жолдун айрылышына жеткенде, - дагы кайталап, колу менен көрсөтүп, үйрөтүп кирди Кязым, – сол чыйырга салба. Оң жактагы чыйыр менен бас, түз эле үйүнө барасың. Оң колуң менен сол колуңду ажырата билип атасыңбы?

- Мактанба, Кязым, - ачуулана сөзүн бөлдү Бахут, - ичип алсаң эле мактана бересиң. Кургатылган жыландай болуп мактанган адамдарды жаман көрөм!

Шарда а-а-мта, шарда а-а-мта... - Кязым дасторкон үстүндө ырдалуучу ырды созуп, Бахут бул жолу сага кошулбайм дегендей унчукпай турду. Анысын унутуп калып кошула кетип, анан кошулбайм дегени эсине түштү, бирок ырды бузбаш үчүн токтоткон жок, экөө ырдын акырына чейин ырдап коюшту. Дагы бир стакандан алып ийишти.

Алма дарагынын ары жагында кызарып күн чыга баштады. Бир аз мурда алардын алдында оттоп аткан уй эми артында калып, ошол жактан мурдагыдай эле бир калыпта барсылдап жулунуп жаткан чөптүн добушу угулат. Буйволдун кунаажыны жаңгак дарагына мурдагыдай эле капталын кашыйт.

Чоң ишти бүтүрүш, көбүрөк убакытты талап кылат деп ойлоп койду Кязым, мына кунаажынга дагы калың терисинин кашыш үчүн узагырак убакыт керек экен.

Кайрадан таңкы желаргы согуп, балким ошондон ойгонуп кеттиби, канаттуулар түнөк кылып конуп алган инжир дарагынан корооз кыйкырып калды. Эки тоок жерге учуп түшүп, жакшы түштүк, бардыгы жайында дегендей кукулуктап калышты, корооз аларга ишенип, канат-куйргун жаркылдатып жерге шалп дей түшүп, калган тоокторду да токтоосуз түшкүлө дегендей катуу кукулдайт. Эчкилер турган сарайдан коңгуроонун үнү.

Кязым менен Бахут мас, бирок акыл-эсин жоготушкан жок, эмнеси болсо да өздөрү акыл-эсибиз жайында деп ойлоп турушат.

- Бахут, - деди Кязым, - мен ушу сен оң менен солду ажырата алаарыңа шек санап турам. Ошондуктан жолдун айрылышына келгенде кайсы тарапка буруларыңды билгизиш үчүн, оң жак жеңиңе бир аз вино куюп коёюн.

Ушуну айтып, Бахут унчукпай тосуп берген оң жак колун кармап, жеңине вино куя баштады. Бахут кызыгып карап турат.

- Көп деле кереги жок, - деп акылдуусунду Кязым, - болбосо аялың киши өлтүргөн окшойт деп ойлоп калышы мүмкүн.

- Мен сени эртеби же кечпи, бары бир өлтүрөм, - деп Бахут сол жеңин тосту. Кязым байкабай, экинчи жеңине да вино куюп таштады.

Бахуттун каткырыгынан улам Кязым алданып калганын түшүндү.

- Ха! Ха! Ха! – Бахут эми эки жеңине тең вино куюлуп, кайсынысы оң, кайсынысы сол экени билинбей калган эки колун тең алдыга сунуп каткырат. – Эми кайсы тарапка бурулушум керек?!

- Ох, Бахут, - деди Кязым, сенин шайтандаганыңа тоюп кеттим.

- Дүйнөдө бир да адам Бахутту алдай алган эмес! – кызарган жеңин өйдө көтөрүп, салтанат менен кыйкырып, ушул жеңиш менен жолугушууну бүтүргүсү келип, стаканын Кязымга берди.

Бахут үйүн карай жөнөдү, Кязым ордунда калып, ал мал сарайдан өткүчө карап, мал сарайдан бурулуп, көрүнбөй калгандан кийин дарбазаны жабабы, жокпу - кулак түрүп турду. Дарбазанын ары жагында жүгөрү талаа бар эле, мал аралап кетиши мүмкүн. Дарбаза жабылды – унуткан эмес экен.

Уахоле, уахоле, подареко...- Кязым созуп туруп, тынчтыкка кулак түрүп унчукпай калды. Чегемдин корооздору чуу түшүп кыйкырып атышат. Бир топтон кийин ырды улап кеткен Бахуттун үнү угулду.

Стакандарын кагыштырып бир колуна кумара, экинчи колуна стакан кармап, жеңил басыгын жоготпой, үйүнө жөнөдү.

*      *      *

Бир айдан кийин колхоздун мурдагы башкармасы Тимур Жванбаны Айылдын Ардактуу Тургуну деген наамынан ажыратып, он жылга кесип ийишти. Күнөөсүз кесилген бухгалтерлер бошотулду. Ошол эле жылы Тимурдун аялы үйүн сатып, кызыныкына, Кенгурга көчүп кетти. Колхоздун сейфин тоногон окуя ошондо аяктады.

Башкармалыкка жакын турган үйлөрдө өткөн тойлорго барбаса болбойт деп эсептеген башкармалыктын кароолчусу иштен алынды. Бирок ишке орношкон жаңы кароолчу деле жакынкы үйлөрдүн биринде той болуп, чакырып калышса, тойдун ээси конокторун дасторконго отургузуп жатып жакындарына:

- Тигил бизди коргоп турган байкушту чакыргыла! Жылынып, бир-эки стакан ичип алсын, - деп калса, баш тартпайт.

Жакында болор тойдон эчак эле кабары бар, кулагын түрүп чакырык күткөн жаңы кароолчу шапа-шупа жетип келип, мылтыгын бир жерге жөлөп, анын жооткотконуна деги эле муктаж болбогон меймандарды жооткотуп туруп дасторконго отура кетет.

- Эми, - деди Тимур камалып кеткенин эстетип жаткандай, - темир жашикти эч ким ача албайт. А андан башка ал жакта отургучтардан бөлөк ала турган эч нерсе деле жок.

- Ооба, - дешет чегемдиктер, - Чегемде төрт буттуу мал жайылып турганда, отургучтарды эч ким уурдабайт. Мал болбой калса, ошондо, отургучтарга да кезек жетет болуш керек.

- Ошого баратат окшойбуз, - деди отургандардын арасынан эң бир кежири калпагын көзүн карай жылдырып, очоктогу отко анда-санда болсо да ойлогону ишке ашып, так эле ортосуна мээлеп шалп түкүрүп.

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Чача - жүзүмдөн тартылган арак.

[2] Мингрелдер же мегрелдер – грузиядагы субэтникалык топ. Мегрел тилинде сүйлөшөт

[3] Газырь – Кавказ элдеринде патрон салынган окчонтой.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз