Молдова эл жомогу: Бейиштеги поп

  • 17.01.2024
  • 2612

Күндөрдүн биринде Тындалэ менен Пэкалэ бир попко жалданып иштеп калышты. Поп аябагандай орой, сараң болгондуктан кол астында иштеген кызматкерлеринин сазайын берчү. Экөө тамак сурашса, жумушка айдап баш көтөртпөй иштетет. Айлык акыларын сурашса да кудайга сыйынып, кулдук ургула деп кыйнайт.

- Ойлогонуңар акча менен эле тамак, барар жериңер тигил дүйнө болгондон кийин кудайга ыраазычылык билдирип, көбүрөк сыйынгыла. Түбөлүктүү жашоо ошол жакта, жакшылыкты билбеген наадандар!- деп кайталаганы кайталаган.

Пэкалэ менен Тындалэ попту эпке, кепке келтириштин амалын көп жолу кылышты. Бирок поп өзүнүкүн бербеди. Акыры эмгек акыларын ала албай тургандарына көздөрү жетип, попту эсинен кеткис кылып жазалоону чечишти.

Пэкалэ менен Тындалэ суу чаяндарын бир челек кармап келишип, ар биринин мурдуна ичке шамдардан тыгып, ширенке менен күйгүзүп, кең бөлмөгө коё беришти. Өздөрү ак түстө кийинишип, колдоруна шам кармашып, аркы-терки басып үндөрүн бийик чыгарып ырдап башташты:

“Биз кудайдын элчисибиз, сени аялың экөөңдү асман падышасына алып кеткени келдик”.

Поп бөлмөгө кирип, эстен танды. Асман жылдыздары, күн периштелери менен жерге түшүп келгендей туюлду.

- Оо кудурети күчтүү кудайым! Мээримдүүлүгүңө чек жок, - деп  сыйынып, аялына чуркап жөнөдү.

- Эй кемпир, даярдан: азыр бейишке кетебиз.

Экөө энтигип керектүүсүн алып албай бөлмөгө келишти.

- Даярсыңарбы?

- Даярбыз, урматтуу периштелер!

- Анда, мобул мүшөккө түшкүлө, болбосо экөөңдүн учканга канатыңар жок. А биз силерди бейишке алып барабыз.

Поп аялы экөө мүшөккө түшкөндө Пэкалэ менен Тындалэ мүшөктүн оозун катуу байлап, көчөгө сүйрөп чыгышты.

- Оо кудай, ар нерсеге урунуп сөөктөрүм ооруп чыкты,- деп сүйлөндү аялы.

- Оозуңду жап, булуттарды аралап баратсак керек, - деди поп.  

Пэкалэ менен Тындалэ мүшөктү турнанын узун мойнундай кудуктун жыгачына аса байлап: «Кимде ким мүшөктү үч жолу чапса, бирден алтын берилет. Ошондой эле кудай бирден күнөөңөрдү кечирет”, - деп жазып коюшту.

Эртеси бул кабар бүт айылга тарады. Келген эл мүшөктү үч жолудан ургулап, Пэкаледен бирден алтын алып кетип атышты.  Поптун малайлары келип болгон күчү менен сабашты.

- Ох, ох, ох, курган гана кабыргаларым, - деп ыйлактап жиберди поп.

- Оо кудай! Эмне күнөөгө баттык эле, мынчалык жаза тарткыдай?- деп аялы ыйлады.

Акыркы жалданма жумушчу келип мүшөктү чапканда, поп кемпири экөө жерге “топ” деп кулап түшүштү. Келтекти катыра жешип, жүрөктөрү түшүп, үрөйү учуп өздөрүнө келе албай турушту.

- Ии,  таксыр, - деди Пэкалэ. - Бейиштин кандай экенин айтып берерсиң? Бизге аркы дүйнөнү сүрөттөп, тынбай сыйынтып, бизди барганга үндөп калчу элең.

Которгон Айтбүбү ОРУНБАЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз