Мидин Алыбаев: Көр жемечи

  • 16.09.2021
  • 3533

АҢГЕМЕ

Айнагүл менен Зулайка университетке киргенден тартып бүтөөр-бүткөнчө бири-бирине өтө ынак эле. Алардын ортосунда айтылбаган сыр, ойлобогон ой калган эмес.

Бирок эң биринчи алдыга койгон максаты — университетти ийгиликтүү бүтүп, элине кызмат кылуу эле. Албетте, жаштык кыялды жарга койгулаган ар түрдүү назик ойлор да туула калуучу. Кыздын кыялы комуздун кылындай болот эмеспи, алар өзүлөрүнөн башка эч кимге чыгарбай келечек турмушту, үй-бүлөнү сүйлөшүп, кайра каткырып күлүп жиберишчү.

— Кой, адегенде окууну бүтөлүчү!

Чын. Айнагүл да, Зулайка да самаган максатына жетишти. Окууну бүтүштү. Зулайка өзү жактырып жүргөн жигити Алаңбай менен Жалал-Абадга кетти. Алар ал жерден турмуш курушуп, күйөөсү орто мектепте директор, өзү мугалим болуп иштеп жүрүштү. Эки жаштын жаңы тирлик турмушу жаркырап-жайнап өтө берди.

Айнагүл сүйлөшүп жүргөнү Темирбек болуп Фрунзеде калышкан. Мына ошентип эки кыздын «үйлөнүү тоюбузду чогуу өткөрөлү» деген максаты гана ордунан чыккан жок. Ал эми үй турмуш жөнүндөгү максатычы? Ал жөнүндө сөз төмөндө болот.

Жылдан жылдар өттү. Алаңбай директор, Зулайка мугалим болуп иштеп жүрүшүп, алар куралгандан курала турмуштары оңолду. Ал гана түгүл Эркинбек, Эмилбек деген эки уулдуу болушту. Дем алыш күнүн калтырбай коноктордо болушуп, өзүлөрү да жайыл дасторкон экендигин билдирип дайым конок чакырышчу.

Албетте, андай жерлерде жалаң сүт ичип, быштакты закуска кылбайт эмеспи, арак, винолор мол коюлуучу. Жалаң гана дем алыштарда эмес, дем алыштын эртеси башы зыңгыраган Алаңбай жүз элүүнү жутуп жиберип, мектепке кирүүчү болду. Демек класска кызуу кирүү адатка айланды. Эл арасында — «Табат да ичет, табат да ичет» деген сөздөр тарай баштады. Аны уккан Зулайка уялып, кечинде Алаңбайга:

- Сен байкайсыңбы? Эмне болуп баратасың? Башта ушундай белең? Кадырың кетип баратат.

- Ээ, мен эмне болмок элем... Коём десем эле коюп коёмун. Келе бир бөтөлкө алып кел. Ошону ичип анан такыр таштаймын,— деп Зулайканы соороткон болуп, кайра эле иче берүүчү.

Алаңбай бара-бара адам баласынын ажыдаары — арактын курчоосуна түшүп, чыга албай калды. Акырындык менен директорлуктан түшүп, жөнөкөй мугалим болуп, анан андан ыргыды да, жалаң Зулайканын тапканына таянып бош калды.

А Айнагүлдөрчү?

Айнагүл баягы эле Темирбек экөө Фрунзеде. Алар бир кыз, бир эркектүү болушкан. Айнагүл мугалим, Темирбек болсо бир көрүнүктүү чарба кызматчысы болуп кеткен. Ал түгүл «Москвич» машинасы бар. Турмуштары жакшы. Заңгыраган жаңы үйлөрдүн биринде турушат. Бирок...

Ошол «бирок» жөнүндө дагы төмөндө айтабыз.

Жайдын толук кези эле. Алаңбай эч жерде иштебей калгандан кийин, үй-бүлөсү менен өзүнүн айлы — Фрунзенин тегерегиндеги бир колхозго көчүп келген. Мурунку иштеген жеринен эң жакшы мүнөздөмөнү колуна алып Зулайка эмки иш жөнүндө эл агартуу министерствосуна келген эле. Жумушун бүтүп, жай баракат Дзержинский көчөсү менен кетип баратканда алдынан Айнагүл чыга калды. Экөө тең «баа» деп кыйкырып жибере жаздашты. Кучакташа кетти. Экөөнүн көздөрүнөн тең жаш кылгыра түштү. Сен кайдан, мен кайдан деген сөздөрү бүткөндөн кийин:

— Жүрү биздикине,— деди Айнагүл.

Экөө жолдо эмнени гана сүйлөөрүн билишпей, «баягы, баягы» дешип, биринин оозунан сөздү бири жулуп сүйлөп жүрүп олтурушуп, Айнагүлдөрдүкүнө кандай келгенин өзүлөрү да билбей калышты.

Зулайка диванга олтурар замат, Айнагүл кухня жактагы жумуштарына шашып жөнөдү. Бардык аялдын адаты эмеспи, тигил кухнядан келгенче Зулайка тегеректин баарына көз чаптырып чыкты. Үй ичи кандай жасалгалуу. Бардыгы өз ордунда жана кымбат буюмдар. Ал азыркы олтурган шартты, өзүнүн шарты менен салыштыра койду да, бир үшкүрүп алды. Бул үшкүрүк ичи тардыктан же көрө албастыктан чыккан үшкүрүк эмес эле. Ал өз башынан өткөн турмушту кылт эсине түшүргөндөн чыккан үшкүрүк болучу. Айнагүлдүн мындай турмушуна ал чын жүрөгү менен кубанды. Кубанды да аны сагынып кетип:

- Айнаш! Ээ, Айнаш! Келчи эми сүйлөшөлү! — деди.

Экөө жай олтуруп алышып, эмнелерди гана сүйлөшпөдү. Башынан өткөндөрдү чубуртуп өтүп алардын сөздөрүнөн кээде үшкүрүк чыгып жатты. Экөө эмне үчүн кийинки 4—5 жылдан бери кат жазышпай калышкандыктарын, кызматтарын, балдарын, алардын кылык-жоруктарын бир сыйра айтып өтүштү. Бир маалда Зулайка Айнагүлгө бир аз тигиле карап алып:

- Айнаш, мен сенин турмуш жайыңды көрүп абдан раазы болдум. Кубанам. Бирок...

- Эмне бирок? — деп Айнагүл сурап калды.

- Бирок, өңүң жок да. Эмнегедир абдан азыңкысың. Ооруп жүрөсүңбү?

- Ооруган деле жокмун. Бала багуу, үй тиричилик дегендей кеп да? — деп Айнаш ылдый карап улутунуп койду.

- Балдарың бакчада экен. Үйүң жайында, башка санааң барбы?

Айнагүл бир топко чейин терезе жакты жалдырап карап туруп көзүнүн жашын бир ирмеп алып, Зулайканы кучактап ыйлап жиберди. Зулайка таң калды.

- Эмне болду, эмне Айнеке? Айтчы!

- Азыр айтам, токто.

Ал көз жашын тыйып, оңдолуп олтурду дагы, Зулайканын колун бирде сылап, бирде кармалап сөзүн баштады:

- Зукеш, мен сенден башынан эле эч нерсе жашырбагам, эми жашырат белем?! Сага Темирбек менен кандайча турмуш курганымды айтып бербедимби. Эми калганын түшүндүрөйүн. Менин өңүмдүн азыңкы экенин байкадың. Рас, азыңкы. Муну көргөндөр көп айтат. Менин азганым тамактын жоктугунан, шарттын начарлыгынан эмес. Маселен, күйөөң Алаңбай ичкилик жагынан сени кайгыга салып жүрсө, Темирбек мени башка жактан эзип жатат. Алаңбай балким таштап койсо, турмушуңар кадимкидей болуп, көңүлүң жайланып кетүүгө мүмкүн. Ал эми Темирбектики башы менен кошо жатчу оору го дейм?

- Эмне, айтчы?

- Ал — көржемечи. Чын, Зукен. Ал жеткен көржемечи жана айласыз битир. Мындайча айтканда битин сыгып, канын жалайт. Мен сага бардыгын чын айтам. Өз күйөөмдү өзүмдүн жүрөктөш курбума кантип жамандайын. Темирбек экөөбүз адеп турмуш курган күнүбүздөн баштап эле, анын майдачыл экенин сездим. Бирок өзүмдүн балалык акылым менен «мейличи, а дегенде турмушубузду оңдоп алалычы деп жаткан го» — деп ойлоп жүрдүм. Бир жылдан кийин уулум Муратты төрөдүм. Анын атын койгондо үч киши чакырып 4 консерва, бир бөтөлкө вино менен «той» бердик. Ошондо биз бир жыл иштеп калдык эле, жалпы элдин салты кылып жакшыраак өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар болучу. Менин айткан кеңешиме:

- Бардык болгонубузду той кылып жиберсек, баланы кантип багабыз,— деди. Мен эрдимди тиштеп жөн болдум.

Дагы жарым жылча иштеп жүрүп Темирбек өзүнүн 4-5 жыл окуп алган кесибин таштап, соода мекемелеринин бирине иштемек болду. Мен канчалык каршы турсам да:

- Кийимибиз бүтүн, курсак ток болсо болду да, бул кесибим менен иштеп жүрүп олтуруп профессорлукка жетип, анан айына миң сом алууга көп бар. Андан көрө эмитен эбин таап оокат курап алайын деп мени ынантты. Албетте, Темирбектин мындай жоругу өз келечегине ишене албагандыктын белгиси эле. Мен мунусун ага түшүндүрөйүн десем да эч бодбоду. Мына ошентип бара-бара чарба кызматчысы болуп кетти. Акырында: «Мейли, кайда иштесе да өзү билсин, үй-бүлөгө тынч болсо болду» деп жөн болдум эле.

Ырас, Темирбек мага ишине так, боюна сактай эле сезилет. Ошондой болсо да, эмне үчүндүр менин жүрөгүмдү канааттандырарлык касиети жоктугун байкап турам.

Зукеш, мен сенден кантип бирдеме жашырат элем. Эгер ишенсең ушул азыр да чый-пыйым чыгып турат. Кокус келип калса жаман көзү менен экөөбүздү тең бир карап алат да кайра калп эле күлөт. Сени сыйлаган болот. Бирок, сен кеткенден кийин мени тозокко салат. «Ал эмне үчүн келди, канча тамак расход кылдың, оокат деген эмне, билбейсиңби...» — деген сөздөрдү айтып жатып мээмди эзет.

Ал акчаны өзү кармайт. Мага базарга барар каражатты өлчөп гана берет. Ал гана түгүл «сен эмне үчүн элүү тыйындык картошка аласың? Магазинде он беш тыйын эмеспи?!» деп жекирет. Жадаганда бир кило этти колуна салмактап көрүп; «ушул кантип бир кило болсун? 800 грамм эле го»,— дейт.

Зулайка! Мен эмне кылмак элем, эки баламдын айынан гана жашаган кеп. Мени эч жерге иштетпей койду. Курсагым ток, кийимим бүтүн болгону менен жүрөгүм түтүн болуп жүрөт, Зукеш!

Ошондо Зулайка терең улутунуп алды да: «Айнаш! Сенин күйөөң көржемечи битир болсо, менин күйөөм аракеч болсо, таалайыбыз тең чамал эле экен. Азыркы заманда эзилүүчү биз бекен? Өкмөт бар, партия бар, мындайларды жарыяга салалычы, балким оңолушар бекен! Сен экөөбүз өлбөйбүз, бизге тирек —Ата мекен!

Зулайка сөзүн бүтөр замат экөө кучакташып, жаш аралаш беттеринен өбүштү бекем-бекем!..

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз