Бектуруш Салгамани: Волосапит

  • 18.09.2021
  • 3130

Баллада

Өткөн кылымдын 60–80-жылдарында тоо түбүнө сүзүп келип токтоп калган кайыктай үч бурч тарткан биздин айылдын балдары үчүн велосипеддей асыл, көздөн учкан көлүк жок болчу. Ага миңдин бир-экөөсүнүн гана колу жетчү да, велосипеди бар бала башкаларга самолёту бардай барктуу көрүнчү. Бир бутун велосипеддин кырына артып алып сүйлөшүп турган балдарга менин да көзүм күйүп, ичим от, жалын болуп жанчу.

Мен велосипеддүү болгондон көп өтпөй атам Ферганадан апама сүт тарткан машина (сепаратр) алып келген. Ошондо апамдын велосипеддүү болгон мендей сүйүнгөнү дале эсимде.

Ага дейре апам сүттү гүпкө куюп, бишкек менен узакка соккулап, бышып, майын алчу. Сүт машиналуу болгону апамдын жаны жай алганы менен, үйүбүз керели-кечке катын-калачтардан бошобос болду.

Кыштагыбызда эки-үч эле үйдө ошондой машина бар экен. Биздин үйгө жакыныраак катын-калачтар да керели-кечке сүт  тартышып, бечара машинанын жанын тындырышчу эмес. Алар акысына дешеби, кичине пиялага жаңы каймактан куюп кетишчү. Мен ага нанды матыра малып жеп, кимден укканымды билбейм, велосипедимдин болгон тетиктерин күн алыс жаңы каймак менен майлап турчумун...

... Ойгончумун шашкеге жетип араң.
Ошол күнү саар менен келип, анан:
- Белек! Оштон апкелдим, тургун жээним.
Велосипед дейт муну! - деди тагам*.

«Велосипед» дегенге тил каякта,
«волосапит» эле дейт биз тарапта.
Түсү кызыл. Сол жакта коңгуроосу.
Хан уулундай дердейдим бир заматта. 

Бүттү шашке болгончо жатат деген,
- Волосапит тепсем! - деп самай берем.
Күндөн мурун ойгонот кыштак журту,
кошо турчу болдум мен алар менен.

О, күн чыгыш - бешиги чыккан күндүн,
опсуз жыл мен көркүңдү туйбаптырмын,
12 жыл көрбөпмүн чырайыңды,
12 жыл неге көп уктап жүрдүм?!.

Шыңгыратсам торгойлор үн чыгарбай,
шиш чокулуу тоо, зоолор тыңшагандай.
Тиктейин деп көздөрүм тойгучакты!
турат көпкө телмирип күн да батпай.

Жерде элемин, жүрөгүм көктү тилип,
жүргөнсүйм кең асманда учак минип.
Күн, аптап, чаң, алма, чөп жыттуу аба
кубанчымдан кетчүдөй «дүрт» деп күйүп.

Барам карыш үйлөргө баспай, минип,
барам калажайга[1] да айдап кирип.
Канаттарын шарт жаят өрдөктөрдөй,
көлчүктөрдү өтсөм мен жара тилип.

Атам, апам бир жакка жумшап калса,
- Анан! - Азыр! - деп жылбай турсам башта,
жөнөйм учуп эми оозун жыялекте,
жумшашканын тилеймин бир жактарга.

…Бая күнү зымырык куштай сызып,
баратыпмын артыма учкаштырып.
Жакшы көрөм классташ кыз Мактымды,
жүрөт ал да түшүмө тынбай кирип.

Классташ Мактым, ылдыйкы көчөдөгү,
качан, кай күн лагерден келет эми?!.
Канакей бир алдымдан кол көтөрүп,
- Кел, аркаңа учкаштыр десе мени!..

Таза, жаңы, жыпжылуу каймак менен,
тетиктерин күн ара майлай берем.
Жатсам деймин түнү да койнума алып,
же төшөккө батсачы кайран немең!

Кокус балдар сурашып келишсе эгер,
карматпаймын: - Коёт деп тешип чөңөр!
Чаң жеталбай жыгылып турпак жолдо,
чекчейишет суктанып чегирткелер.

Чыксам жолго минип мен волосапит,
чуркайт жандап жарышып короочу ак ит.
“Дуу-зуу” кетем жеткирбей ылдыйышта, 
дөңдө түртүп, итерет кошо Марип.

Классташпыз, анан да кошунабыз,
күндө кечке эсепсиз жолугабыз.
Башка балдар тийишип калса кокус,
бирибизге бирибиз болушабыз.

Атасы анын жардыраак, колунда жок,
анткен менен ак көңүл адам бирок.
Кай жактадыр мандикер жумуш кылат,
кээ күндөрү ал жакта калат түнөп.

Кеселман, жоош апасы көп жөтөлөт.
Килем, шалча, таар согот, өрмөк өрөт.
Качан болсо колунда барын берип,
каралашат ага апам өзгөчөрөөк.  

- Бар, чакыр, - дейт,- кетсин аш ичип үйдөн!
Берет менин дагы эски кийимимден.
Апкелип үч түр куту калем кечээ,
атам экөөн Марипке берип ийген…

… “Топ-топ” этип өрүктөр караңгыда,
түшүп жатат чөп-чардын арасына.
Түндө дагы волосапит тепким келет,
түн кирсе эле кар жаайт кабагыма.

Өрүк жыттуу августтун түндөрүндө,
ойлой берем асманды тиктеп үйдө:
“Суктанышмак ээ балдар волосапитчен,
Саманчынын жолунда жүргөнүмдө!..”

Жылдыздарды баратсам аралап тээп,
жерден Мактым суктанса: - Азамат! - деп.
Ай-асманга илинген алтын сырга,
ага белек кылышты калам эңсеп.

…Жык толтуруп чөнтөгүн өрүктөргө,
жума күнү артымдан келип дөңгө,
- Бир кишиден карызга пул алды атам,
берет кайрып алмалар терилгенде.

Волосапит алперем, балам, - деди!
Базарга мени ээрчитип барам деди!
Бүрсүгүн ээ базар! - деп Марип улам,
боорсокко окшоп кызарып, жанат бети…

Сур булуттар жыйылып төбөбүздө,
сууга тамган сыядай көгөрүүдө.
Марип курсан: - Волосапит алсам эртең,
мен озомун жарышсак! - деп өзүнчө.

…Окуу жылы ачылат эх, жакында,
он эки күн бар али сентябрга.
Быйыл туура он эки жашка чыктык.
Биздин мектеп кыштактын чет жагында.

Үйдөн апам атама чай үстүндө,
үшкүрүнө минтти кеп салып түндө:
- Пулу жогун түшүнбөй ыйлайт экен,
волосапит алпер, - деп Марип күндө!

Баласынын көөнү деп шайланып бир,
Байит шылдан насыя акча алыптыр.
Эч арга жок. Бермекке күздө алмасын
эмне кылсын, ит бекер карматыптыр!..

...Койнуна бар нерсени катып, кымтып,
кара шайы түн келет шашып сылтып.
Жолду ээлеген карарган түн пардасын
“жылт” этишип автолор өтөт жыртып.

Буркулдайт чаң өрүштөн бада кайтып.
Барат кызыл боор булут кара тартып.
Каткырышат тосотто мал күткөндөр,
Кирди азанчы мечиттен азан айтып.

Козу-улактар адашып аркадагы,
келет маарап “тарс” жарып чаңды, абаны.
Кудум биздин кыштактын Гимниндей,
кечинде кой-эчкинин маараганы!

- Базар го эртең. Бүгүн бир ойноюн-а?
Берчи, дос? - дейт. Мен моюн толгодум да:
- Келем азыр! - деп кеттим. Кой, эчкиге
калды Марип көз болуп жол боюнда.

Кечке уктаган үкүлөр ойгонушуп,
коюнунда күүгүмдүн жок болушуп,
көлчүктөрүн макташып курбакалар,
кетти көктөн бир жылдыз чоктой учуп. 

Көп жүрбөдүм, кайрылып келсем эле,
көп киши бар… Түшүнбөйм эчтемеге.
Жайрандаптыр машина тепсеп аны,
жаткан экен жанчылып жерде дене.  

Туш болдум да биринчи өлүмгө мен,
турдум ыйлап көз эмес, жүрөк менен.
Чыны «Балдар өлөт» - деп ойлобогом,
«Чал, кемпирлер өлөт» - деп жүрөр элем.

- Бир пас тепсин мейли эми күүгүмдө эле.
Берейин деп келгем го өзүм деле.
Ошентип, биз эртеси жарышпадык,
озуп кетти бүгүн ал о дүйнөгө.

Апасынын чыңырып ыйлаганын,
ал түнү угуп чайналып, уктабадым.
Базарга эмес, мазарга алып барды,
базар күнү атасы тун баласын...

...Кайгы сымал капкара булут көчөт.
«Күнөөкөрсүң!» - деп жылдыз «жымың» этет.
Түпсүз ойлор - жытына алма, өрүктүн,
тоюп турган тынч түндү титиретет.

Жан болчу бир асылдын сыныгындай,
жок эле да дилинде кири кылдай.
Тирүү эмес, өлгөндөн дос тандаса,
тандамакмын Марипти түк кыйылбай.

Калды жерде мубарак денеси анын.
Кандай зыкым, битирмин?!.  Неге аядым?!.
Кабыктарын аарчысам өткөн күндүн
канга батып көрүнөт элеси анын.

Койдум акмак - мен анда неге бербей?
Кайра битир чыкпасын дагын мендей!
Салбырайт да ичи бош башым жерге,
сот өкүмүн угуучу айыпкердей.

Волосапитти көзүм жок караганга,
баштагыдай мингенди самабайм да.
Өкүнбөдүм, ким бирөө уурдап кетти.
Он күн өттү, мектепке барам аста.

Эч бир жанга келишин билдирбеген,
эч бир пенде качышка үлгүрбөгөн,
өлүмдү эстеп, жан досум Марипти эстеп,
өтмө безгек тийгендей «дирт-дирт» этем.

Балким, Марип мен бербей койбогондо,
бармак, чыкмак эмеспи орто жолго!?.
Кол, бетинен кыпкызыл кан шүйшүңдөп,
кирип чыкты түшүмө түндө болсо.

Кыйкырды да чочутуп турпак жолду,
кой кайтарган кырдан кол булгап тосту.
- Волосапитти ме, сага бердим! - десем,
басып кетти жар бойлоп, укпай койду...

[1] Калажай – туалет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз