Бектуруш Салгамани: Устара

  • 20.08.2021
  • 3407

БАЛЛАДА

I

...Таштай качып акыреттик асманын,

түшүүдө кар. Быйыл жааган кар калың.

Үкөм кечээ жөнөтүптүр айылдан,

үйдү жыты каптап турат алманын.

Отурганбыз экөөбүз тең алма жеп,

өпсөм эрөөн албадың да анча көп,

уруштуң сен: - Сайгылады бетимди,

уйгакка окшош сакалыңды алчы! - деп.

 Эстеттиң-эх, саргылтым түк, кылдарды,

 эң биринчи кырган ошол күздү, айды.

Суунун бетин толкуткан ак куулардай,

солкулдатты сөзүң жаштык жылдарды.

II

...Жүдөгөн күз - жолдор ылай, баткак да.

Жүрдүк алма бакта күүгүм чалганда.

Жүнүн жулган тооктой шамал тынбастан,

жулуп жаткан бариктерди аста-аста.

Сен - 8, а мен 10-класста.

Сырдашабыз бакта батып кыялга.

Экөөбүздө сүйүү жаңы көз жарган.

- Өбүшөлүк! - дедим мен бир убакта.

- Кой, биз али жашпыз! - деп сен уялып,

кеттиң чуркап “5 жылдыздай”[1] кызарып.

Бат эр жетсем деп эңсеп мен дүкөнгө,

баргам эптеп апамды алдап пул алып.

Устара алып ошол күнү биринчи,

улам кадап күзгүгө бет, жүзүмдү,

алгач ирет бетке устара тийгизип,

 алгач ирет кыргам сары түгүмдү...

...Устара. Көп көргөм мурда кызыкты, -

улак, козу, кодик, тайды бычышчу.

“Бычат экен мени да!” деп боздосом,

балким, Кудай уккандыр ал ыйымды.

Болбой кармап, качып жүрсөм түз, дөңдө,

 беш жашымда отургузган сүннөткө.

Коркком кесип салышчудай түбүнөн,

 күлөм азыр ал күн эске түшкөндө.

Болчу чачым коюу, калың, капкара,

бүгүн суюк, калды карасы аз гана.

Чала алдырып качып, анан балдарга

- Чала баш! - деп болгом канча маскара.

Азап болчу тырмак, чачым алчу күн,

 - Алдырбайм! - деп боздоп, чатак салчумун.

Алдап-соолап, көкүл коюп берчү атам.

Атам, кайран атам! Жок да ал бүгүн!

Куушуп жылдар, сары түгүм күбүлүп,

кара мурут чыкса чексиз сүйүнүп,

 Кудаяр хандын баласындай кайкалап,

калар элем күзгү көрсөм үңүлүп...

Сени билбейм, баёолугу өтө көп,

сагындырган, боёктору өчөлек,

көкүлү бар ал жылдарды баламдай,

келатамын колдорунан жетелеп.

Биз алма жеп,

бузбастан төп калыбын,

барбалактап жаап жатат кар акырын.

Баягыдай карсылдатчу тиштер жок,

бычак менен аарчып жейбиз кабыгын.

 Ноокаттын “5 жылдызы”- кант, бал, набат,

 Ноокатын “5 жылдызы”- сүт, май тамат.

 “Баткен өрүк”, “Өзгөн күрүч” делгендей,

 биздин Ноокат алма менен даңкталат.

III

 Негедир көп эстейм, кошкат кезиңде

Нооруз күнү болчу, тасмал четинде

бир түшүңдү айткан элең кубантып,

балким, бардыр өзүңдүн да эсиңде.

- Жүргөн экем кармап бир курч устара.

Жоручу? - деп айттың жүзүң нурдана.

 Эжем менден озуп жоруп, сүйүнгөн:

 - Эркек болот сен төрөчү бул бала!..

Кудай бизге берди да үч уул бала.

Кичүүсү эрте кетти. Табаар жок чара.

 Эми 18 жашка жаңы толду эле,

ээгине бир тийбей калды устара.

...Саздактагы камыштардай “дүр-р” этип,

саал күнгө эле кырбай койсом бүт өсүп,

бир кезде сен өөп, сылаган жаак, бетим,

бой-башымды бузуп, коёт жүдөтүп.

Мен 40 жаштан өтүп - арбып актары,

 мурутту ээрчип сакал чыга баштады.

Катар гүлдөп кирчү мөмө бактардай,

коштоду аны көмүрдөй чач, каш дагы.

 Убакыт - бул куралып бир күн, түндөн,

 устара экен баарын кырып үлгүргөн.

Кайран жигит - жүлжүк чалга айланар,

кайран кыз кез - кемпир болор бүкчүйгөн.

 Жаным, сени эң бактылуу кылам деп,

жан үрөдүм, бул калп эмес, ырас кеп.

Сүйгөн адам кайыл кыйындыктарга,

сүйбөгөндүн жүрөгүндө Кудай жок.

- Билим алам, окуйм! - деп келип аз жылга,

 бир өмүр кооз байтактыда калдык да.

 Бүгүн да шаар - сулуу, көркөм! Анткени

бул калаада, жанымда сен барсың да.

Көзүңө чөп салбай, акмын алдыңда,

кубанамын сени кошкон тагдырга!

 Абдан сүйөм өмүрдү, түк өлгүм жок,

 анткени, бул дүйнөдө сен барсың да.

Эне болбой өттү канчасы аялдын,

эне болдуң, сен бактылуу адамсың.

Барсың сен бүт акындардын ырында,

Пайгамбардын Хадисинде да барсың.

Буурул тарткан чач, кашыңды караймын,

баягы жаш, кыз чагыңды самаймын.

Адам чачы кара бойдон өлбөсүн,

ар пенденин чач, каш, сакалы агарсын!

Анда мойлоо чыкканына сүйүнсөм,

абдан жалкыйм кырынгандан бүгүн мен.

“Күзгүгө көп каранса да кырынбайт,

 катындарга жыргал го!” дейм ичимден.

Баса, көрүп кээ бир кыргыз кыздарын

биз, эркектер сымал чачын кыркканын,

чачтары узун, күмүш чолпу тагынчу,

чоң энемди эстеп, келет ыйлагым.

 Сакал коюш - сүннөт эркекке адатта,

 сакал, мурут жакшы албетте, жарашса.

 Сейрек, суюк, мага анчалык “отурбайт”,

 суктандырат, зармын калың сакалга.

Эчкиники сымал суйдаң, аз кыл бар,

эч жарашпайт, коюп жүрөт айрымдар.

 Салт устара менен андай жаштардын

 сакалдарын сыйда кырып салгым бар.

Кусканча ичип, жыгылышып, өрмөлөп,

кээ бир чалдар көрсөң маймыл өңдөнөт.

Сакалын кор туткан карттан, шымына

сийип, чычып койгон бала өйдөрөөк.

Тазалыгың - чың өмүр, ден соолугуң.

Тыкан жүрбөө - бул акылы жоктугуң.

 Көп иренжийм мончодо,

 кой мурутун,

кырбагандар бар чаткаяк, колтугун...

- Өлө кырдым. Уйгак сакал мен жокмун.

 Өбүшөлүк, кемпир? Майли! - деп койгун.

...Устараны түш көрүшсүн келиндер,

устараны урунгандар көп болсун!..

[1] “5 жылдыз” - кызыл, пушту тартып бышчу алма, жанатан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз