Пролетариаттардын таңууланган диктатурасы

  • 22.02.2024
  • 4959

<<<<<<< Башы

5. 1918-жылдын 4-январы Учредителдик Чогулуш ачылар алдында Петроградда аскерий абал киргизилген. Ар кандай митинг, демонстрацияларга тыюу салынган.

6. 5-январь күнү эртең менен шаарда Учредителдик Чогулуштун ачылышын, анын эркин иштешин, депутаттардын кол тийбестигин, мурунку келишимдерди сактоону колдогон жана бардык өз ара убадаларды сактоону, адилеттүүлүктү, бардык партиялардын, катмарлардын жана адамдардын теңдигин талап кылган жалпы элдик жүрүш башталган.

Демейде чиновниктер менен жөн жай адамдар коркунучтуу да, коркок да келишет. Таш көчөлөрдөн жумушчулардын колоннасы агылып жатты! Пролетарийлер революция аларга таандык экенин жана жумушчу тап анда башкы орунда турарын жакшы билишет! Өз үстөмдүгүнө маашырланган жаңы кожоюндардын табы көчөнү эч кимге бербей агылып атканы.

Кызыл Гвардия аларга тийбейт, берки жүрүштөрдү аткылап же кууп таратып кирет. «Буржуазиянын чагымчылдары, жалданмалары, коштоочулары, душмандар, пролетардык иштин саткындары!..» деп туш-туштан бапылдаган ораторлор да жетишерлик болчу, айтор, элди калаймакан ызы-чуу түшүрүп, канын дүүлүктүргөн маанай эпидемияга айланган эле.

7. 5-январь, саат 16. Учредителдик Чогулуш ачылат. Анын албетте, алдын ала даярдалган күн тартиби бар. Ошондуктан чогулуш күн тартибин өзгөртүп, адегенде эле большевиктер даярдаган «Эмгекчилердин жана эзилген элдин укуктарынын Декларациясын» талкуулоодон баш тартат. Ал декларацияда «пролетариаттын диктатурасы» таризделген. Мына ошону большевиктер бардык партиялардын жана катмарлардын өкүлдөрүнө мыйзамдуу түрдө киргизүүнү сунушташкан (же таңуулашкан). Сыйыңар менен киргизбесеңер мына эмесе, канчыктар дегендей иш тутушкан!

Ал эле дейсиңби. Чогулуштун өзүнө совет бийлигине ант берүү сунушталган! Бул чынында эле большевиктер тарабынан дыкат ойлонулган мыкты жүрүш эле. Анткени Чогулуш кай жагынан алып караба легитимдүү болгондуктан, мындай ант берер болсо, совет бийлигин өзүнөн да ашыра мыйзамдуу кылмак! Октябрь төңкөрүшү мыйзамдуу экенин көргөзгөндөй болмок. (Ал эми Чогулуштан да легитимдүүрөөк болгондон кийин Совнарком кийинчерек аны каалагандай калчаары түшүнүктүү болчу. Же Чогулушка Совнаркомдун бардык иш-аракеттерин легитимдештирүү сунуш кылынмак: ант бергенден кийин кайда бармак эле!).

Залды куралчан адамдар кыдырып жүрүшөт. Балкондогу большевиктер ачыктан ачык эле өлжүрөгөн алсыз интеллигенттерди шылдыңга алып жатышканы. Туш-туштан кыйкырыктар, сөгүнмөйлөр, опузалоолор жаңырат.

Түн киргенде Борборбалттын төрагасы Дыбенконун буйругу боюнча Учредителдик Чогулуштун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Петроград тарабынан түзүлгөн кароолдун начальниги, анархист, матрос Железняк «Кароол чарчады» деген шылтоо менен Чогулушка тарап кетүүнү буйрат.  

8. 6-январь күнү эртең менен Совнарком эч бир танкалардын замбиректеринен ок атпай туруп Учредителдик Чогулушту жабат. Жөн эле коркутуп таратат да жаап салат.

… Андыктан Бүткүлроссиялык мыйзамдуу бийлик эсептелген Учредителдик Чогулуштун тарапташтарынын Жарандык согуш аяктаганча Каршылык көрсөтүү кыймылынын катарында жүрүшкөнүнө таң калып деле кереги жоктур?..

(Эми ушу «Учредителдик Чогулуш» — деген сөз айкашы анчалык жакшы эмес да: карапайым эмес, кыска нуска да эмес, уккулуктуулугу да жок, өзүнө да тартпайт жана дем берип шыктандырбайт. Мындан кандайдыр чиновникке, мугалимге, кеңсеге жакындык, майдалык байкалып тургансыйт. Окуп көргүлөчү... Айтканга да оор, көз алдыңа канцеляриянын отургучтары, калың протоколдор, формализм тартылат. Соккунун деми жок! «Совнарком»! «Реввоенсовет»! ВЦИК дегендер кандай өктөм угулат, ыя! Дегеле мындай да... Аталыштар канчалык бош, өлжүрөк болсо, аны ойлоп тапкандардын өзүлөрү да так ошондой. Булар ыкшоо, чектелүү, көнүмүш болуп калышкан. Айтор, булар бүркүттөр да, жолборстор да эмес! Анан өзүлөрүн ушинтип атап алган буларга жеңишке жетүү кайда. Сөздүн күчү менен маанисин тээ үңкүр доордо жашаган адамдар деле билген эмеспи. 

Ошончүн большевиктердин: «Пролетардык ачуунун эл аралык канаттуу, өлүмгө даяр матростук отряды!!!» деген баёо маанилүү шумдук аталышына дымактуу шылдың менен күлүүнүн кереги жок. Силер мунун үстүнөн күлүп турганда алар силерди чемичке чаккандай эле тырайта атып салышы турган кеп. Анан спиртке кокаинди чылап туруп Дүйнөлүк революция үчүн алып ийишет да андан ары кете беришет).

БРЕСТ КАПИТУЛЯЦИЯСЫ

1. Эсиңердеби? — 1917-жылдын 10-ноябрында Совнарком армияны таратпады беле. Бир ай ичинде жоокерлер толугу менен үйлөрүнө тарап, Совет бийлиги тээ алыскы кыштактардан бери жарыяланган эле.

2. Эми 12-декабрда орустар фронтту кармап турган кезде чек аралык-фронттук эсептелген Брест-Литовскидеги большевиктик делегация германдык жана австриялык аскер башчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.

3. Тышкы иштер боюнча нарком жана советтик делегация башчысы Троцкий тарабынан “Согуш да жок, тынчтык да жок” деген ураандын мааниси эмнеде? Бул ишти колдон келишинче создуктуруу дегенди билдирет. Эмне үчүн? Германия теңдешсиз согушта утулуп бараткан. Согушка өзүнүн экономикалык күч-кубаты менен АКШ да кирген эле.  Немистердин абалы чатак, ал байкуштардын жадагалса дакиси кагаздан болуп, окоптордо жалаң гана он жети жаштагы боз балдар калган. Дагы бир ай ичинде фрицтер толугу менен жок болмок! Ошондо алардын большевиктерге көрсөткөн кызматы үчүн башта бекитилген келишимдердин баары жараксыз болуп калат! Ошондуктан чыр-чатак чыгып кетер болсо аларды кармап туруунун кереги жок эле!

Биз аларга армияны таратабыз, согуштан чыгабыз дедикпи? Мына мархамат – армия таратылды, согуш токтоду, дагы силерге эмне керек дебей жаныбыз жокпу? Андан ары бөөшсүнүп тура бербейлиби: бизде тынчтык орноду, силерге да кандай келишимдер менен макулдашуулар керек дебейлиби?

Чындап жаалы келсе коркунуч туудурар, бирок азырынча тынч турган өнөктөштү пайдаланып, кыйтырлыкка сала алдап кетебиз деген ниет азырынча нормалдуу дей туралы. Бирок азырынча гана.

4. Троцкий: эч бир аннексиясы, контрибуциясы жана дооматтары жок тынчтык десек кандай дейсиңер деген сунуш киргизет. Кааласаңар мунун баарын азыр эле киргизели дейт.

Бирок. Германия сырьёсу, азык-түлүгү жок, акчасы жок эси ооп баратат. Андыктан  эгер Германия Россиядан нан, көмүр, газ, алтын албаса Америка-Англия-Франция аны жакын арада эле муунтуп салышы турган кеп. Биз силер менен тынчтык келишимине барып, экономикалык биримдикке келели дебедик беле! Андай болгон соң силер эмне кыйшаңдайсыңар, мырзалар? Мейли, румындар менен мадьярлар согуша турсун, чехтер болсо качып жатышат, Австро-Венгрия силерге жардамчы боло албайт, анан эмне дейсиңер дешет большевиктер.

Немистер буга жооп кылып өзүлөрүнүн сунушун айтат: мейли, биз силер менен ошондой келишимге баралы, бирок ал үчүн башка өлкөлөрдүн да макулдугу болушу керек дешет. Баары жапырт макулбу – анда биз да буга кошулабыз дешет.

О'кей. Совнарком мындай сунушту согушуп жаткан бардык державаларга киргизет: биздин эмгекчил элде момундай тынчтык демилге жаралды – аннексиясы, контрибуциясы жана дооматтары жок жалпы тынчтык болсун дейт. Мыкты ишарат эмеспи бул!! Түшүнүктүү: Англия-Франция-АКШ буга барбайт, анткени аларга мунун эмне кереги бар? Алар жеңүүчү, душман таман астына басылды, болгон артыкчылыктардын баары чөнтөктө турат, болгону кичине сабыр кылып кырдаалды гана байкап туруу керек. Убакыттан утуп айтпайлыбы биз! Өзүбүздүн да тынчтык сүйөөр өлкө экенибизди көрсөтөбүз! Бизге ишенгиле деп немистерди да эптеп соорото турабыз.

Мындай тынчтык Германия үчүн куткаруучу кереметтей эле, ошондуктан немистер жогото турган эч нерсебиз жок, көрбөйлүбү дешет. Арийне, Антанта мындай сунушту четке кагат, бирок биз убакытты создуктуруп жатпайлыбы!..

5. 15-январда Совнарком «Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясын уюштуруу жөнүндө» декрет кабыл алат.

Э? Аха! Эскисин таратпадыкпы. Дагы эмнеге нараазысыңар, мырза немистер? Биз армияны кайрадан түзүп, фронтту жапкан атабыз. Ии, кана, эпке келе түштүңөрбү? Антанта силердин түбүңөргө гана жетпесе карап тургула!

Айтор, немистердин эки буту бир кончко тыгылып, аргасы алты кетип турганы. Алар эми большевиктердин кара мүртөздүк менен алдап атканын түшүнүп калышкан. Алар эми Чыгыш фронтундагы аскерлерин каныбайран кыйроо аяктап бараткан Батышка которушу керек! Бирок бул жерде сени менен жадагалса, тынчтык келишимин түзүүдөн баш тартып жатканда аскерлерди кантип алып кетесиң? Большевиктер көз көрүнөө армия да түзүп жатышат, эгерде биз фронтту ачык таштап кетер болсок, анда алар бизди баса калбайт деп ким айтат? Алардын эртеңки дүйнөлүк революция теориясы менен да абдан жакшы таанышпыз. Алар эртең эле большевиктик бакты-таалайды орус мылтыктын найзасына илип, немистердин үйүнө алып жөнөбөйбү. Оңбогон митаам, куйту азиаттар десе!..

6. 27-январда Брест-Литовскиде большевиктер катуу сокку алышат, Германиянын абалы болсо ошол замат жакшы жагына оойт.

Себеби мында Украинанын Социалисттик Радасы тээ 7-ноябрда эле Украина Эл Республикасы петрограддык совет бийлигин тааныбастыгын жарыялаган эле. 24-январда Рада Украинаны эгемендүү деп жарыялаган. 26-январда болсо кызылдар Киевге кирип, атуулар башталган. Киевден качкан Рада шашылыш түрдө көз карандысыз делегациясын Брестке жөнөткөн. Германия чагылгандай тездик менен Украинаны эгемендүү деп тааныган да Рада немистер менен ошол замат алар каалагандай шарттарда тынчтык келишимин бекиткен!

Украиндер аларга: биз силерге нан, руда, көмүр, май, чочко майын, бөз (кендир) берип туралы, силер болсо өзүңөрдүн гарнизондоруңарды киргизип, биздин эгемендигибизди кан ичкич орустардан коргоп калууга колдоо көрсөтөсүңөр дешет.

7. Мындай дипломатияны периштелер деле ашата сөкмөк. Большевиктердин арасында болуп көрбөгөндөй ыркырашуу башталып, талаш-тартыш катуу жүрөт. Троцкий убакытты дагы эле создуктура беришибиз керек, анткени Германия жакын арада баары бир кулайт деп көшөрөт. Коля-тантык Бухарин болсо революциялык согушка үндөйт, ошондо немистер пролетардык пропаганданы сиңирип алышат да анан революцияны үйлөрүнө алып жөнөйт имиш. Баарынан акылы тетик жана буйтаганды мыкты билген Ленин болсо немистер кандай шарт койбосун, баарын кабыл алып, алар менен тынчтык келишимин бекитүү керек деп жер тепкилейт, ошентсек жок дегенде бирдемени сактап калабыз, анткени таянар эч кимибиз жок, коргоно да албайбыз дейт. Тигилер болсо жапырт Ленинге бакырышат, сен көз карандысыздыктан баш тарткыла, Совнаркомду тааныгыла деген тейде Украинага ультиматум коюп атасың, анан жазалоочу кызылдардын кылганы да Украинаны немистердин кучагына салып берди дешет (Бул абдан катуу катылган советтик тарыхый сыр!). Тантык Бухарин: эгерде биз немистердин басынтканына моюн сунар болсок эл массасынын ишениминен ажырайбыз, революциялык демибиз сууйт, анда эле иштин өлгөнү, ал эми массанын психологиясы революциялык күрөштүн материалдык фактору деп чалкасынан кетет.

8. Большевиктердин оюндагысын түшүнгөн жана чөнтөгүндө Украина менен бекиткен келишими бар немис жана австриялык аскер бөлүктөрү тылын жакшылап бекемдеп, 1918-жылдын 18-февралында Балтикадан Дунайга чейин созулган кенен фронт боюнча чабуулга өтүшөт.

Эми муну чабуул деп айтууга болбойт. Чабул деген – бул согуш аракеттеринин бир түрү. Бул жерде болсо немистер учу кыйыры жок аймактарды улам бирин ээлөө менен жөн эле жүрүш жасайт. Аларга каршылык көрсөткөн бир да аскер бөлүгү жок, дегеле эч ким жок. Болгону эшелондор, жөө аскерлер, ат чегилген арабалар кыймылда. Анан да кай бир жерлерде байланышты камсыз кылыш үчүн гарнизондорду калтырып кетип баратышты.

Башкача айтканда, 18-февралда немистер кыймылга келип чыгышты көздөй жылат, Россия Империясынын учу-кыйырсыз мейкиндиктерине өз аскер күчү менен бийлигин жайылтат.

9. 23-февралда алар Псков, Минск ж.б. кошулган эбегейсиз ири аймактарды ээлешет да андан ары кырдаал нугун күткөндөй токтоп калышат. Бирок немистерде адамдар, күч абдан эле аз. Эң башкысы – жерлерди ээлеп гана тим болбой, аларды майнап чыккыдай пайдалануу керек.

(Дыбенко командалык кылган кызыл гвардиячылардын отряддары немистер менен болгон биринчи эле токноштон соң дыргаяктап алыс качат. Мындай “эрдиги” үчүн атылып кетүүдөн жүрөгү түшкөн Дыбенко кийин бир топко чейин кара башын алыс катып жүрөт).

Ал анан советтик бийликтин каламайкан түшүп туталанганын көрүп ал. Ленин партиянын башчылары тегиз чалагайым аңкоолорго айланганын, эгерде немистер менен тынчтык келишимин түзбөсөк, анда элге өзүм түз кайрылам деп кыйкырат. Бул абдан күчтүү жүйөө эле. Анткени эл эч ким менен согушууну каалабасын баары эле көрүп турат да. Андыктан эл үйүндө тынч отуруп, жай оокатын кылуу үчүн кимди болбосун ээрчигенге даяр эле.

10. 24-февралда Совнарком жана ВЦИК немистер менен австриялыктар кечээ мурунга такаган ультиматумдун бүт шарттарын кабыл алышат. Бул шарттар немистер Брестте алгысы келген шарттардан алда канча оор эле. Бирок чыкыйга такалган тапанча – абдан күчтүү жүйөө.

Анан большевиктер күнөөлүүлөрдү издей башташат, немистердин алы кетип, ошондуктан сүйлөшүүнү создуктура туралы дегенсиң деп Троцкийди коколошот. Чечкиндүүлүк көрсөтөм деп Украинаны ит кылдың дешип Ленинге бир тийишет. Революциялык согуш деп демиккен сен элең, эми аскерлериңдин кантип качып атканын карап отура бер дешип Бухаринди да кежигеге согушат.

11. 1918-жылдын 3-марты. Абдан ийгиликтүү келишимге жетишкен, большевиктердин ити чөп жей баштаган күн. Советтик Россия менен Германия, Австро-Венгрия, Түркия, Болгариянын ортосунда эки тараптуу тынчтык келишимине кол коюлат. 

Ага ылайык Россия Польшаны, Литваны, Латвияны, Эстонияны немистерге өткөрүп берет. Булар эми Россия эмес, булар эми германдыктардын кызыкчылык чөйрөсү, мындайча айтканда, согуштан кийинки чакан бөлүштүрүү.

Россия Украинанын жана Финляндиянын эгемендүүлүгүн жана чек араларын тааныйт.

Закавказьеде болсо Түркия Грузиянын чоң бөлүгүн – Каре, Ардаган жана Батум шаарлары менен кошо ээлейт. Ошондой эле Түркия Армениянын үчтөн эки аймагын кошуп алат. (Бүткүл совет эли Армениянын жүрөгү жана символу эсептелген Арарат тоосу! – чынында Түркияда экенин ошол бойдон билген эмес...)

Кызыл Армияны токтоосуз жоюу керек болуп турду.

Флот германдык тарапка өткөрүлүп берүүгө тийиш эле.

Туткундар — 3 миллион орус жана башка тараптардан 2 миллион адам, - булар негизинен Австро-Венгрияга караган — чехтер, мадьярлар, сербдер ж.б. мекенине кайткан.

Россия 56 миллион (Империя калкынын үчтөн бири) калкы бар 800 миң чарчы чакырым жерди (2 Франция!!!) жоготкон. Бүткүл айдоо аянттарынын теңинен, көмүр жана темир казып алуунун 80%нан, ошондой эле 6 млрд алтын маркалык акчалай контрибуциядан (жеңилген өлкө төлөөгө милдеттүү каражаттар) кол жууган.

12. Бул оңбогондой кыйроого тете. Бул өз өлкөсү менен элине карата жасалган саткынчылыктын дегеле табиятта болуп көрбөгөн үлгүсү. Тынчтыкты убада кылдыңар беле? Ана, ала бергиле. Аннексиясыз, контрибуциясы жок дедиңерби? Мына силерге аннексия менен контрибуция.

Мындай оңбогондой утулуудан кийин “жарандык коомдун” жаңы бийликке карата мамилеси кандай болгону айтпаса деле түшүнүктүү да. Кечээ жайында Россия бардык жагынан дароо эле утушка ээ болор жеңүүчүнүн абалында эмес беле, немистер болсо өзүлөрүнүн “жеңишине” жетиш үчүн жадагалса, колун колуна уруп коюшпаганына эмне дейсиң! Ошентип калктын билимдүү, ой жүгүртө алган, патриоттук маанайдагы бөлүгү толугу менен сырткы саясатта жөндөмсүз жана иш билги касиеттен куржалак, ички саясатта болсо ырайымсыз жана дөөпөрөс бандиттердин шайкасынан турган жаңы бийликке ээ болду дээрсиз.

Бирок «жарандык коом» жаңылып жатты. Жаңы бийлик бат үйрөнүүгө жөндөмдүү, эч нерседен кайра тартпас олуттуу адамдардан куралган эле.

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Уландысы>>>>>

М.Веллер, А.Буровскийдин “Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы” китебинен

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз