Дилазык: Эгерде сени жамандашса...

  • 06.01.2024
  • 4047

(Уламыш)

Илгери-илгери чыгышта бир падыша жашаган экен. Ал адилеттүү, калыс, акылман адам болот. Аны акылмандыгы өлкөсүнө күн сыяктуу жарыгын чаччу экен. Ага акыл-эс жагынан да, казынасына топтогон байлык жагынан да эч бир жан тең келе албайт. Бир жолу ага вазири мындай дейт:  

– Оо, улуу султаным, сен бул дүйнөдөгү эң акылман, эң кубаттуу адамсың. Бирок өлкөнү кыдырып жүрүп, мен сен жөнүндө эл арасында кандай сөздөрдү укканымды билесиңби! Барды сени мактайт, бирок арасында сен жөнүндө кээ бирлери өтө жаман сөздөрдү айтканын уктум. Алар сени да, кабыл алган чечимдериңди да сындап жүрүшөт. Алар шылдың кылып күлүп жатышат. Кантип сен бийлеген өлкөдө ушундай ээн баштык жаралды?

Султан анын айткандарын жайбаракат тыңшап укту да, ага мындай жооп берди:

– Сен менин сиңирген эмгегим жөнүндө жакшы билесиң. Мага жети аймак баш ийет. Жети аймак менин бийлигимдин аркасында гүлдөп өстү. Жети аймакта тең мени адилеттүүлүгүм үчүн кадырлап, сыйлашат. Сен туура айтасың, мен көп нерселерди кыла алам. Мен жети аймактын ичиндеги баардык шаарлардын дарбазасын жаптырып, кишилерди киргизбей да, чыгарбай да коё алам. Бирок мен бардык душмандарымдын оозун жаап сала албайм. Ошентсе да бул менин тынчымды албайт.

Алардын мен жөнүндө эмне айтышканы маанилүү эмес, менин эл үчүн кылып жаткан эмгегим маанилүү!

КЫСТЫРМА ЭКМЕТ

Эмне үчүн адамдар өздөрү жөнүндө айтылган сөздөргө чоң маани беришет? Башкалардын оюнан, болгондо да алар жөнү жок сөздөр болсо, ага көз каранды болбой кала берүү бул өтө маанилүү. Сөз кылууга татыксыз адамдар гана сынга кабылышпайт. Элберт Хаббра деген америкалык жазуучу айтыптыр, эгерде бирөөлөрдөн сын сөз уккуңар келбесе, анда “эч нерсе кылбагыла, эч нерсе деп сүйлөбөгүлө, ким экениңер билинбей жашагыла”.

Башкалардын ийгилиги жана атагы; өздөрү ошондой нерселерге жетүүнү көздөп, бирок аны жаратуу үчүн жөндөмдөрү, тартиби, эмгекке умтулуусу жетишпеген адамдардын ичин күйгүзүп, көрө албастыкты жаратат. Мисалы, интернет айдыңындагы хейтерлер... Алар өздөрүнүн ачуу-заарга толгон ой-пикирлерин бир нерсеге жеткен адамды талкалап жок кылгылары келген комментарийлери аркылуу билдиришет.

Эң сонун сөздү Оскар Уайльд айтыптыр: “Өзү эч нерсе кыла албаган адамдар, сын айтканды жакшы көрүшөт”.

Ошондуктан ... Өзүңдү кара! Өз ишиңди кыла бер! Сынга жана сен жөнүндө айтылган ушактарга, ой-пикирлерге көңүл бөлбө! Ит үрө берет – кербен жүрө берет!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз