Стефан Цвейг: Кайтып келгис көз ирмем

  • 04.10.2021
  • 2881

Адамзат тарыхындагы олуттуу бурулуштар” түрмөгүнөн: Тарыхый көз ирмемдер

(Ватерлоо 1815-жыл, 18-июнь)

НОВЕЛЛА

Бакыт кушу да күчтүүлөрдү, зулумдарды сүйөт көрүнбөйбү. Өзү тандап алгандарга жылдар бою кулча баш ийип бермейи бар – Цезарь, Александр, Напалеон – өздөрүнө окшоп турмуштун көндүм ыргагына, эч бир тартипке баш бербеген катуу адамдарды жактырып колдойт экен, а өзүнүн башаламан, адам башына кирбеген ойт берме тамашалары тарыхта канча.

Бирок кээде өтө сейрек болсо да – терс кыялын карматып болбогон эле көрпенде бирөөнүн кучагына жабышып алган учуру да болот. Ошондо бир көз ирмем убакытка, дүйнөлүк тарыхтын эң орчунтуу учуру – тагдыр чечүүчү келечектин тизгини, жеткен бир мажүрөө байкуштун колуна тийип калат. Андай адамдар ага кубанбайт, тескерисинче, чочуйт, алар дүйнөлүк атак-даңкка ээ кылуучу тарыхый оюнга кириптер кылган буйруктан коркот, ошондон улам калчылдаган колдорунан бир келген бактысын түшүрүп алышат. Ошол бактылуу тагдырды колунан чыгарбай мыкчып калып, ошону менен бирге атак-даңкка бөлөнүп калгандар да бар, бирок андайлар өтө сейрек. Мажирөө адамга андай улуу тагдыр бир эле көз ирмемге келет, кармап калбасаң – өз шоруң, экинчи кайрылбайт.

ГРУШИ

Вена конгрессиндеги баш-аягы билинбеген кечелер, чиелешкен сүйүү жоруктары, кайым айтышуулар, бири бирине бут тозуулардын кызуу мезгилинде, замбирек атылгандай болгон байлоодогу арстан Наполеон – Эльбадагы капасынан чыгып кетиптир деген кабар дүр дей түштү; мына, анан биринин артынан бири кабар жаап: Лионду алды, падышаны кубалап таштады, аскерлер полк-полку менен тууларын жайып ага өтүп кетишти, ал Парижде, Тюильриде!...

Лейпцигдин алдындагы жеңиш, жыйырма жылдык кандуу согуш текке кеткендей.

Арбайган ачуу тырмактардан жазганып топтолуп калышкандай, кечээ эле тытышып, кайым айтышкан министрлер бириге калышты; бийликке мыйзамсыз келген желмогузду баш көтөргүс кылып талкалаш үчүн шашылыш түрдө англис, пруссия, австрия, орус аскерлери жыйнала баштады; Европанын алтын так мураскерлеринде – император, королдордо ушул үрөй учурган мезгилиндегидей биримдик буга чейин болгон эмес эле. Түндүктөн Францияга карай Веллингтон агылып кирип, ага жардамга Рейнде Шварценбергге карай чабуулга даярданып Блюхер башында турган Пруссия армиясы, Германия аркылуу салмактуу, жерди ныгыра кадам салып орус полктору келе жатат.

Наполеон коркунуч кайдан пайда болорун сезип турат. Бардыгы биригип кеткенге чейин күтүүгө болбойт. Империясын сактап калуу үчүн алар европалык армия болуп бириккенге чейин – пруссак, англис, австриялыктарды бирден, өз-өзүнчө согуу керек. Убакыт тар. Өлкө ичинде нааразылык жаралгыча, республикачылар күч алып, роялистер менен биригип кеткиче, эки жүздүү мүлтүлдөк Фуше өзүнө окшогон каршылашы Талейран менен ымала түзүп, аркага бычак урганга жеткирбей жеңишке жетиш керек. Армиясы ага ишенип, шыктанып тургандан пайдаланып чагылгандай тездик менен бир эле уруп душманды талкалоо зарыл. Өткөрүп ийген ар бир күн зыян тарттырат, ар бир саат коркунучту күчөтөт. Ал ыкчам аракет кылып согушту Европанын эң кандуу талаасында – Белгияда өткөрүүнү тандап алды. 15-июнда таңкы саат үчтө Напалеондун бир кезекте улуу, азыр жалгыз армиясынын алдынкы бөлүгү чек арадан өттү. 16-июнда, Линьинин алдындагы салгылашта пруссиянын армиясын коңторуп салды. Бул капастан чыккан арстандын алаканынын биринчи соккусу катуу болду, бирок толук кыйрата алган жок. Жеңилген, бирок толук талкалоодон аман калган пруссиялык армия Брюсселге чегинди.

Наполеон экинчи соккуну, бул жолу Веллингтонго каршы соккуну даярдап жатат. Бир мүнөттүк тыныгууну өзүнө да, душмандарына да берүүгө болбойт, анткени алардын күчү күн сайын күчөйт, а анын артындагы өлкө көп жылдык согуштардан алсыраган, айласы кеткен француз элин жеңиш тууралуу кабарлар менен гана алаксытууга болот. 17-июнда бардык аскери менен Катр-Брага келип жетти. Ал жерде салкын кандуу, сары эсеп, уруш ишин жакшы билген душманы – Веллингтон чыңдоо куруп күткөн. Наполеондун согуштук буйруктары бүгүнкүдөй так, көрсөтмөлөрү бардыгын камтыган даана болгон эмес: ал чабуулга эле даярданбастан кайдан коркунуч келерин да сезди: согулган, бирок толук талкаланбаган Блюхердин аскерлери Веллингтон менен кошулуп кетиши мүмкүн. Ошонун алдын алуу үчүн армиясынын бир бөлүгүн пруссиялык армиянын артынан сая түшүп, англичандарга кошулганга бөгөт коюуга бөлдү.

Бөлүнгөн аскерлерге жетекчилик кылууну маршал Грушиге тапшырды. Груши – кайраттуу, тырышчаак, чынчыл, ишенимдүү, эчен уруштарда сыналган атчан аскерлердин командири, бирок атчан аскерлердин гана, атчандарды урушка өзү баштап кирген кызуу кандуу Мюраттай эр жүрөк, Сен-Сир, Бартьедей стратег, Нейдей атагы таш жарган баатыр да эмес, жөнөкөй эле адам. Анын көкүрөгү кираса менен тосулган эмес, жоокерлер арасында легендага айланган эрдиктери да айтылбайт, ошол Наполеондун мезгилиндеги эрдиктер тууралуу окуяларга кошулуп айтылгыдай жоругу жомок болгон бир дагы илинчеги жок; өзүнүн багы тайган, чечкинсиз иш-аракети менен гана аты тарыхта калды. Жыйырма жыл бою Испаниядан Россияга, Нидерландиядан Италияга чейинки бардык салгылашууларга катышты, эмгеги болгон менен эрдиги билинбей, акырындык менен чинден чинге көтөрүлүп жүрүп маршалга чейин жетти. Австриялыктардын огу, Египеттин аптабы, араптардын канжары, Россиянын суугу анын алдындагы жолду тазалап берди: Дезе - Маренгодо, Клебера - Каирде, Ланна - Ваграмдын алдында өлдү; жогорку чинге ал өз аракети менен жеткен жок, ага баруучу жолду жыйырма жылдык согуш тазалап берди.

Груши баатыр да, стратег да эмес, болгону ага берилген, ишенимдүү, кайраттуу, акыл-эстүү командир экенин Наполеон жакшы билет. Бирок анын маршалдарынын жарымы чым жазданып мүрзөдө, калганы согуштан тажап, өз үй-жайынан чыккылары жок, ошондуктан ушул чечүүчү, жооптуу тапшырманы орто заар полководецке тапшырууга аргасыз.

17-июнда, эртең мененки саат он бирде Линьидеги жеңиштен бир күндөн кийин Ватерлодогу согуштун алдында Наполеон биринчи жолу маршал Грушиге өз алдынча аскер башкарууну тапшырды. Дүйнөлүк тарыхта атын калтырыш үчүн бир заматка, бир күнгө жөнөкөй Груши аскердик иерархиядагы ордун таштап кетти. Бир эле көз ирмемге, болгондо да кандай көз ирмемге! Наполеондун буйругу түшүнүктүү. Наполеон өзү англичандарга каршы чабуулга кирет, а Груши армиянын үчтөн бир бөлүгү менен пруссактардын артынан түшүүсү керек. Бир караганда жөнөкөй тапшырма даана жана так, ошону менен бирге аны башкача, кеңири түшүнсө да болот, тапшырма кош миздүү кылыч сымал. Анткени Груши өз иш-аракеттеринде армиянын негизги күчү менен такай байланышта болууга милдеттендирилди.

Маршал тапшырманы чочулап кабыл алды. Ал өз алдынча аракет кылганга көнгөн эмес; бул өтө сак, бирок демилге көтөрүп, жоопкерчиликти өзүнө алгандан чочуган адам эле; ал өзүн императордун кыраакы көз алдында тапшырма аткарганда гана ишенимдүү сезчү. Андан да кол алдындагы генералдар аны жактырбаганын сезеби – ким билет? Балким жазгырма тагдырдын канатынын коркунучтуу добушубу... Башкы күчтүн жакындыгы гана анча-мынча жооткотот: анын аскер бөлүгү ыкчамдаса, императорлордун армиясынан болгону үч эле сааттык аралык бөлүп турат.

Нөшөрлөгөн жамгыр астында Груши жүрүшкө чыкты. Жоокерлери бутка илээшкен баткактуу жол менен пруссактардын артынан же эч кур дегенде ошол багыттан Блюхердин колун табабыз деген үмүттө жай жылып баратышат.

КАЙУДАГЫ ТҮН

Түндүктүн нөшөрү тынбай куюп жатат. Караңгыда жамгырда калган малга окшоп, буттарында эки фунттан ылай жабышып Наполеондун аскерлери келди; там, эч кур дегенде чатыр – баш калкалар жай жок. Саман суу – жата албайсың, аскерлер нөшөрлөгөн жамгыр астында он-он бештен болуп бири бирине далысын жөлөп отуруп үргүлөгөнгө аргасыз. Императордо да тынчтык жок. Санаа тынчтык бербей улам бир жерге кубалайт; эртең согуш талаасына аскерлерин ылайыктуу жайгаштырууну байкаганга көз ачырбай нөшөрлөгөн жамгыр тоскоол, тыңчылардын маалыматтары да так эмес. Веллингтон эртең салгылашууга чыгабы, жокпу – белгисиз; Грушиден да пруссиялык армия тууралуу кабар жок. Түнкү саат бирде нөшөрлөгөн жамгырга карабай, алдынкы чекти бойлой замбирек огу жеткен жерге чейин барып, туман, түтүн аралаш үлпүлдөгөн отторунан англис аскерлеринин жайлашкан жерин боолголоп, ошого жараша эртеңки салгылашуунун планын түздү. Таңга маал гана Кайудагы жупуну штаб-квартирасына кайтып, Грушинин алгачкы маалыматын алды: чегинген пруссиялыктар тууралуу бүдөмүк божомол, ошону менен бирге аларды кубалап жетем деп жооткотуптур маалыматында. Жамгыр басаңдады. Император чыдабай ары-бери басып, терезеден алыста агыш тартып бараткан түнгө тигилет, айлана ачык байкала турганбы? Чечим кабыл алууга убакыт келдиби?

Саат беште жамгыр басылды, ошону менен олку-солку пикир да токтоду. Император саат тогузга армия катарга туруп, чабуулга даяр болсун деген буйрук берди. Буйрукту жеткирүүгө чабармандар ар тарапка чапкылап, добулбастарда “чогул” деген добуш урула баштады. Ошондон кийин гана Наполеон эки саат уктап алганга керебетине жатты.

ВАТЕРЛОО ТАҢЫ

Саат тогуз. Полктордун бардыгы чогула элек. Үч күндөн бери тынбай жааган жамгырдан жер эзилип, баткак жоокерлердин, замбиректердин жүрүшүнө тоскоол болууда. Шамал жортуп, акырындык менен күн көрүнө баштады; бирок бул ачык, нурдуу, бакыт тартуулаган Аустерлицтин күнү эмес, зорго жылтылдаган түндүктүн бозомук жарыгы. Акыры, полктор катарга турушту, уруш башталар алдында Наполеон өзүнүн боз бээсин минип фронтту кыдырып чыкты. Туулардагы бүркүттөр шамаал тийгендей эңкейип, кавалеристер үзөнгүгө көтөрүлө калып кылычтарын булгалап, жөө аскерлер өздөрүнүн аюунун терисинен тигилген баш кийимдерин мылтыктарынын найзасына илип көтөрүп учурашууда. Тынбай барабан дүңкүлдөп, сурнайлар шаңдуу жаңырып, полководецти тосуп алууда, ошондой ызы-чуунун бардыгын жетимиш миң жоокердин бир добуштан жаңырган, элөөрүгөн: “Viva I Empereur!”[1] кыйкырыгы басып кетип жатты.

Наполеондук жыйырма жылдык башкаруусунда бир дагы парад бүгүнкү күндөгүдөй – акыркы кароодогудай шаңдуу, бийик маанайда болгон эмес. Аскерлердин кыйкырыгы басылары менен саат он бирде, болжогон мезгилден эки саат кечигип, кырсыктардын башталышы болгон ошол кечигүүдөн кийин төш түбүндөгү кызыл мундирчендерди картечь менен аткылоо тууралуу замбирекчилерге буйрук берилди. Мына эми Ней, “эр жүрөктүүлөрдүн эр жүрөктүүсү” жөө аскерлерди алдыга баштады. Наполеон үчүн чечүүчү мезгил келип жетти.

Бул согуш тууралуу көп жазылды. Вальтер Скоттун бул жөнүндөгү аңгемесин же Стендалдын ушул согуштун айрым үзүктөрү тууралуу жазгандарын, башкаларды кайра-кайра окусаң да окуяларын даана сезе албайсың. Бул салгылашты кандай өңүттө карасаң да, алыстанбы, же жакынданбы, генерал турган дөңчөдөнбү, же Кирасирдин атынын үстүнөнбү – чиеленишип көп кырдуу. Бул коркунуч менен үмүт улам бири бирине алмашып түйдөктөшкөн, түйүндүн акыры катастрофа менен аяктаган драмалык чыңалуунун шедеври, анык трагедия үлгүсү, анткени ушул каармандын тагдыры Европанын кийинки тагдырын аныктады, Наполеон заманынын фантастикалык фейерверги түбөлүккө өчөр алдында бийиктиктен түшүп келатып, дагы бир жолу ракета болуп асманга каргып алды.

Саат он бирден бирге чейин француз полктору англичандар жайгашкан бийиктиктерге чабуул коюп, кыштактарды жана чыңдоолорду алышты, кайра чегинип, кайрадан чабуулга өтүп жатышат. Он миңдей адам өлүгү адырлардын баткагында жатат, эки жак тең шайы ооп чарчагандан башка маанилүү маселе чечиле элек. Эки армия тең алсырады, эки башкы командачылар да санаа тартып, чочулап калышты. Экөө тең ким биринчи жардам алса, Веллингтон Блюхерден, Наполеон Грушиден, жеңиш ошонуку болорун билип турушат. Наполеон улам дүрбү салып, чабарман чаптырат; маршалы өз убагында келип калса, Франция асманында Аустерлицтин күнү дагы бир жолу жаркырайт эле го.

ГРУШИНИН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ

Өзү да байкабай Наполеондун тагдырын чечип салган Груши анын буйругуна ылайык, чечүүчү салгылаш башталар күндөн бир күн мурда, кечинде, көрсөтүлгөн багыт боюнча жүрүшкө чыккан. Жамгыр басылды. Тынчтык күндөрүндөгүдөй эле эч капарсыз, кечээ эле өмүрүндө биринчи жолу согуш эмне экенин көргөн роталар кадам таштап келатышат; душман көрүнбөйт, талкаланган пруссиялык армиянын изи да билинбейт.

Маршал фермердин үйүндө эртең мененки тамагын ичип отурганда күтүүсүздөн эле жер анча-мынча силкингенсиди. Бардыгы кулак түрүп калышты. Бири бирин улап, дүңкүлдөгөн жаңырык угулат; бул замбиректер, алыста атылып жаткан замбиректердин добушу, алыс дегенге деле болбойт, көп болсо үч сааттык аралыкта. Офицерлердин бир тобу замбирек кайсы тараптан атылганын билиш үчүн индейстердин адатынча кулактарын жерге төшөп тыңшап калышты. Алыскы күрүлдөк күчөп эле баратат. Бул Мон-Сан-Жандын тушунда атылган замбиректердин добушу, Ватерлоонун башталышы. Груши офицерлерин кеңешке чогултту. Жардамчысы Жерар: “II faut marcher au canon” – алга, ок чыккан жерге! - деп кызуу талап кылат. Дагы бир офицер: Баралы, тезирээк жөнөйлү! - деп аны колдойт. Император англичандар менен жолугушуп, катуу согуш жүрүп жатканын бардыгы түшүнүп турат. Груши эки анжы. Баш ийгенге көнүп калган байкуш айтылган буйрукту: чегинип бараткан пруссактардын артынан түш деген императордун буйругун бузгандан чочулайт. Жерар маршалдын чечкинсиздигине жини келип: “Marchez au canon”![2] – ага баш ийген жардамчысынын жыйырмага жакын кеңеш мүчөлөрүнүн - аскер жана жай адамдардын көзүнчө ушуну айтканы өтүнүч эмес, буйрук сыяктуу угулат. Груши тырчый түштү. Бул жолу катаалданып, императордун буйругун так, өзгөртүүсүз аткарууга милдеттүүмүн, аны өзү өзгөртмөйүнчө буйругун аткара берем, - деп катуу кагып салды. Офицерлер кыжырданып унчукпай, эки ортодо замбиректердин күркүрөгөн добушу жаңырат.

Жерар жарылып кетчүдөй болуп акыркы үмүт менен, жок дегенде бир эле дивизия, бир аз атчандар менен согуш жүрүп жаткан жерге жөнөгөнгө уруксат берүүсүн өтүнүп, ал жакка убагында баруу милдетин алат. Груши ойлонуп калды. Ал бир эле секундга ойлонду.

ДҮЙНӨЛҮК ТАРЫХТЫ ЧЕЧҮҮЧҮ КӨЗ ИРМЕМ

Груши бир эле секундга ойлонду, ошол секунд анын келечек тагдырын, Наполеондун, дегинкиси дүйнөнүн тагдырын чечип койду. Ушул Вальгейм фермасындагы бир эле секунда, он тогузунчу кылымдын келечегин аныктап салды; колу калчылдаганы бардыгына даана байкалып, императордун кырсыктуу буйругун мыкчыган, абдан чынчыл, ошондой эле эрксиз адамдын оозунда – түбөлүктүүлүктүн кепилдиги айтылбай турат. Эгерде Груши чечкиндүү болгондо, эгерде буйрукту аткарбай койгонго эрки жеткенде, эгерде өтө зарыл, эң кечиктирилгис кадамга барганга өзүнө өзү ишенгенде – Франция сакталып калмак. Бирок жетекке көнгөн адам чылбырын үзгөнгө алсыз, чийинден чыга албайт, тагдырдын чакырыгына көнбөйт.

Груши Жерардын сунушуна караманча каршы болуп койду. Болбойт, ансыз да аз армияны бөлгөнгө болбойт. Алардын милдети – пруссиялыктардын артынан түшүү, андан башка тапшырма болгон эмес. Ал буйрукта көрсөтүлгөн тапшырмадан башка иштерге кийлигишкенге жол бербейт. Нааразы болгон офицерлерде үн жок. Грушанын тегерегин жымжырттык каптады. Ушул жымжырттыкта кийин сөз менен да, иш-аракет менен да кайрып алгыс тагдыр экинчи келбес болду, тагдыр чечүүчү көз ирмем кетти. Жеңиш Веллингтон жакка ооду.

Полктор басыгын улантышууда. Жерар, Вандам кыжырланып муштумдары түйүлүү. Груши сестенип, барган сайын ишенимин жоготуп күмөн саноосу күчөдү, бул эмнеси! Пруссиялыктардан эмгиче дайын жок, Брюсселге кеткен жолдон бурулуп кеткени анык болуп калды. Дагы бир аздан кийин чалгынчылар күмөндүү маалымат алып келишти: Пруссиялыктардын чегингени каптал жүрүшкө айланып, уруш талаасын көздөй кеткен көрүнөт. Императорго жардам бергенге үлгүрсө болот. Бардыгы артка тартууга Грушинин буйругун күтүп жатышат. Буйрук жок. Жер силкинткен замбиректердин добушу – Ватерлонун тагдыры гана улам күңүрттөнүп барат.

ТҮШТӨН КИЙИН

Саат бир болуп калды. Төрт чабуулдун тең мизи кайтарылган менен, Веллингтондун борборун бир топ алсыратып койду. Наполеон чечүүчү чабуулга даярданып жатат. Ал Бель-Альянс тараптагы артилерияны күчтөндүрүүгө буйрук берип, адырлардын арасын замбиректердин түтүнү каптап калгыча уруш талаасына акыркы жолу көз жиберди.

Түндүк-чыгышта токойдун жээгинде жөө тумандай каптаган караан көрүнөт: аскерлер! Дүрбүлөр ошол багытты жапырт карап калышты, буйрукту бузганга эрки жетип Груши жардамга жетип келдиби!? Жок, колго түшкөн жоокер бул генерал Блюхердин колунун алды, пруссиялык полктор экенин айтты. Император эми түшүнө баштады: сокку жеген пруссиялык армия артынан түшкөндөрдү жазгырып англистер менен кошулганы келаткан экен, а анын армиясынын үчтөн бири эч пайдасы жок талаа таптап жүрүшөт. Ошол замат Грушиге кат жазып, кандай кылсаң да байланышты жоготпой, пруссиялыктарды согушка киргизбегендин аракетин көр деген буйрук берди.

Маршал Ней чабуулга өтүү тууралуу буйрук алды. Веллингтон пруссиялыктар келгичекти көңтөрүлүшү керек. Күтүлбөгөн жерден абал начарлап кеткен ушул учурда, эч түйшөлбөстөн тобокелчиликке баруу абзел. Мына анан, бир нече саат бой тирешкен каардуу чабуулдар биринин артынан бири уланып, улам жаңы полктор урушка кирүүдө. Алар талкаланган айылдарды алып, кайра чегинип, адамдардын каардуу толкуну кайрадан тамтыгы чыга жаздаган душмандын каресине[3] барып урунат. Бирок Веллингтон дагы эле турат, а Грушиден дайын жок. “Груши кана? Грушиге эмне болгон?” – деп айласы кетип күбүрөнөт император, жакындап калган пруссиялык аскерлердин алдынкы бөлүгүн байкап. Генералдары да тынчсыздана баштады. Согуш жыйынтыгын күчтөп тартып алгысы келген маршал Ней, Груши канчалык денгээлде чечкинсиз болсо, ошого карама-каршы ажаан тобокелчил кайрат менен (минип жүргөн үч аты окко учту) француздардын бардык атчандарын жапырт урушка салды. Он миң кирасирлер жана драгундар өлүмгө карай чаап, кареге урунуп, катарларын ыдыратып, замбирекчилерди кылычтоодо. Бирок бул чабуулдун да мизин майтарып коюшту, анткен менен англистердин да айласы куруду, чыңдалган дөбөлөрдү мыкчып турган муштум жазылганы калды. Француздардын сейректеп калган атчандары ядролордун алдында артка майтарылганда, Наполеондун акыркы үмүтү – эски гвардия жерди ныгыра шашылбай кадам салып, душман турган дөңсөөлөргө карай жөнөдү. Дөңсөөлөр алынса Европанын тагдыры чечилмек.

ЧЕЧИЛИШИ

Күнү бою эки жактын төрт жүздөй замбиреги күркүрөп от чачып жатты. Согуш талаасында аттардын тапыраганы замбиректердин үнү менен айкалышып, барабандар тынбай кагылып дүңгүрөк, ызы-чуудан жер титирейт. Эки жакта бийиктикте согуш талаасына көз салган эки кол башчы согуштун ызы-чуусунан башка да, астеил угулган үндү тыңшашат. Императордун да, Веллингтондун да колундагы сааттар угулар-угулбас, чымчыктын жүрөгүнүн кагышындай болуп тыкылдайт. Экөө тең мүнөт, секунданы эсептеп, акыркы, чечүүчү жардамды күтүп жатышат. Веллингтон Блюхер келатканын билип турат, Наполеондун үмүтү Грушиде. Экөөндө тең урушка салгандай кошумча күч калган жок, эми бул жолу ким биринчи кошумча күчкө ээ болсо, жеңиш ошонуку. Экөө тең дүрбүсүн сунуп пруссиялыктардын алдыңкы колу үрүл-бүрүл байкалган токойдун четин карашат. Грушини жазгырып кеткен армиябы же чалгынга жиберилген бөлүкчөсүбү? Англистердин каршылык көрсөтүүсү начарлап барат, француз жоокерлери да чарчады. Күрөшкө түшкөн эки балбан сымал, энтиге оор дем алып, акыркы, чечүүчү кармашка күч жыйнап, эки жактын армиялары турат бой тирешип.

Акыры токой жактан атылган мылтык, замбиректердин үнү угулду: “Enfin Grouchy!” – Груши келди! Наполеон жеңилдене түштү. Эми каптал жактан коркунуч жок деген ишеним менен, армиясынын калдыгын бир жерге топтоп, Европанын эшигин бербей, Брюсселди бекитип турган британдык кулпуну талкалаганы Веллингтондун борборуна чабуул койду.

Бирок атышуу андай эмес эле: пруссиялыктар англис формасын эмес, өз формасы менен согушкан ганноверликтерди көрүп жаңылыш ок чыгарган экен; атыш токтолуп эч каршылыксыз, кеңири аккан топон суудай пруссиялык армия токойдон чыга келди. Жок, бул Грушинин полктору эмес. Бул келаткан Блюхер, аны менен кошо бардыгы акырына чыгуучу мезгил келатат. Бул кабар императордун полкторуна чагылгандай тарап, азырынча ирети менен болсо да, чегине баштады. Веллингтон акыркы, чечүүчү мүнөт келгенин сезди.

Катуу каршылык менен корголуп жаткан дөбөчөнүн четине чаап чыгып, баш кийимин алып жаңсап, чегинип бараткан душман тарапты көрсөтүүдө. Жоокерлери анын бул жаңсоонун маанисин түшүнүп, полктордун калган бөлүгү француздарга атырыла көтөрүлдү. Ошол эле маалда чарчаган, сээлдеп калган француз армиясына капталдан пруссиялык атчандар качырып кирди. Өлүмгө тете “Качтык!” – деген кыйкырык чыкты. Дагы бир нече мүнөт – улуу армия үрөйү учкан, эч нерсеге баш бербеген, бардыгын, ал эмес Наполеондун өзүн да агыза кеткен селге айланды. Душмандын атчандары каршылык көрсөтө албаган, кеңири жайылып аккан суудай артка качкан колго кыргыйдай тийип жиреп барат. Качкан, үрөйү учкан ызы-чуу агымдан Наполеондун каретасын, аскердик казынаны, бардык замбиректерди тутуп алышты; караңгылык кирип кеткени гана императордун өмүрүн, эркиндигин сактап калды. Жарым түндө айылдык жарды трактирде баштан-аяк баткак, шайы ооп столго жыгылган адам – эми император эмес. Империя кулады, анын династиясы, тагдыры талкаланды. Кичинекей, алысты көралбаган кулпенденин чечкинсиздиги – акылман, каарман адамдын жыйырма жылдык эрдик менен курган тагдырын талкалады.

КҮНҮМДҮК ТИРИЧИЛИК

Англистердин чабуулу Наполеондун армиясын талкалап бүтүп бүтпөй, бирөө буга чейин аты эч кимге белгисиз эле бирөө Брюсселдин жолунда тез жүрүүчү почта каретасында шашып Брюсселге, андан деңизге, атайын күтүп турган кемеге барды. Ал Лондонго өкмөттүк курьерлерден эрте келип, кабар борборго жете элегинен пайдаланып, биржаны жарып жиберди. Ушул гениалдуу жүрүшү менен Родшильд жаңы империяны, жаңы династияны түздү.

Жеңиш тууралуу Англия эртеси укту, а Парижде эки жүздүү Фуше – жеңилгенин билди; Брюссел менен Германияда жеңишти даңктаган коңгуроолор жаңырат.

Эртеси эртең трагедия болуп өткөн жерден төрт сааттык аралык бөлүп турса да, Ватерлоо тууралуу эч нерсе билбеген бир эле адам болду; ал пруссиялыктардын артынан түш деген буйрукту так аткарган ырысы жок Груши. Баарынан кызыгы, пруссиялыктардан дайын жок, аны ошол кооптонтту. Замбиректер үнү жардамга чакыргансып уламдан-улам күчөп угулат. Бут алдында жер силкинип жатканын бардыгы сезди, ар бир атылган замбирек үнү жүрөктөрү аркылуу өттү. Бардыгы билип турат, бул жөн атышуу эмес, бул чоң согуштун, чечүүчү кармаштын добушу. Груши офицерлеринин курчоосунда үңкүйүп унчукпайт, айткандарын укпай койгондуктан аларда да үн жок.

Акыры Ваврдын жанынан пруссиялыктардын чакан колуна Блюхердин арьерградына жолугуп, жеңилдене түшүштү. Душмандын траншейине карышкыр койго тийгендей жапырт басып киришти, келечеги татаалданып кеткенин сезип, өлүм көксөп атабы – баарынын алдында өлөр-тирилерине карабай тажаалданган Жерар. Ага ок жаңылды, кулап түштү, жарадар: каршы пикир жараткан бирөө эми үн чыгара албайт. Кечинде алар душман чыңдоо куруп турган айылды алышты, бирок бардыгы түшүндү – бул жеңиштин пайдасы деле жок, анткени тигил тарапта, чоң согуш болгон жакта бардыгы тынчыды. Жымжырт. Жүрөк үшүткөн, көрдөгүдөй жымжырттык. Ушул үрөй учурган белгисиздиктен көрө замбиректердин күрүлдөп турганы артык эле. Кыязы кармаш бүткөн көрүнөт. Акыры тез жардамга кел деген Наполеондун буйругу менен кошо Груши Ватерлонун алдындагы согуш тууралуу кабар алды (аттиң ай, кеч болуп калганда). Ал жакта чоң согуш экени чын, бирок жеңиш кайсы тарапта?

Түнү бою күтүп жатышты. Кабар жок! Улуу армия алардын бары-жогун унутуп койгондой, эч пайдасы жок караңгылыктын кучагында турушат. Таң менен шайы ооп чарчаган кол кайрадан жолго чыкты, бирок баары түшүнүп турат, алардын бул жүрүшүнүн эми эч мааниси жок. Акыры эртең мененки саат ондо, башкы штабдан чаап келаткан офицерге жолугушту. Ага аттан түшкөнгө жардам берип, суроо жаадырышты. Офицердин өңү үмүтү үзүлгөндөн бузулуп кеткен, терден чачы бетине жабышкан, өлөрчө чарчагандан калтырайт, араңдан зорго түшүнүксүз бир нерселерди күбүрөдү, бул сөздөрдү эч ким түшүнгөн жок, кабыл алышпайт, түшүнгүлөрү да келбейт. Аны акылынан адашкан, мас адамдай ойлоп жатышат, болбосо “император эми жок, императордук армия да жок, Франция талкаланды”- деген сөзгө кантип ишенсе болот. Акырындык менен андан ачык маалымат алып, эми башка чапкандай, өлүмгө тете чындыкты угушту. Груши бозоруп, калчылдап кылычына таянып турат; ал мындан кийин өзү үчүн азаптуу күндөр башталарын, түбөлүккө жаманатты болорун билди. Ошентсе да оор күнөөнү өзүнө алгандан качкан жок. Чечкинсиз, жетелегенге көнгөн күн карама, тагдыр тартуулаган көз ирмемден пайдалана албаган көрпенде, кооптуу учурга бетме-бет келгенде эр жүрөк кол башчы, баатырга айланды. Офицерлерин чогултуп, ачуудан жана кайгыдан көзүнөн жаш сызылып, эмнеликтен эки анжы болгонуна актанып, ага абдан өкүнөрүн кыскача айтып өттү. Кечээ эле ага кыжыры келгендерде үн жок, унчукпай угуп турушат. Кимиси болсо да эми аны күнөөлөп, мен укмуш жакшы чечим сунуштадым деп мактанса да болмок. Бирок эч ким андайга дааган жок, эч ким андай кылгысы да келбеди. Аларда үн жок, унчугушпайт. Өлчөөсүз кайгы тамактарын кысып, ооздорун бүтөп койгондой.

Мына эми азыр чечүүчү секундада калтаарыган Груши, кечигип болсо да өзүнүн такшалган кол башчы экендигин көрсөттү. Анын бардык жакшы жактары – токтоо, даанышман, көктүгү, кыраакылыгы – эми “кожоюндун” буйругуна эмес, кайрадан өзүнө өзү ишенген мүнөттөн баштап пайда болду. Чечкиндүү тактикалык жүрүш менен бир да жоокерин, бир да замбирегин жоготпой, өзүнөн беш эсе көп душмандын курчоосунан полкун алып чыгып, Франция үчүн, империя үчүн армиянын калдыгын сактап калды. Бирок ага ыраазылыгын билдиргендей император эми жок, полкторун баштап киргендей душман да жок. Ал кечигип калды, түбөлүккө кечикти. Кийинки турмушунда бийик даражага жетип, Франция аскерлеринин башкы кол башчысы, пэр[i] наамын алды, кандай кызматта болсо да өзүнүн бекемдиги, иш билгилиги менен бардыгынын сый-урматына татыктуу болду, ошондой болсо да тагдыр чечүүчү бакыт колунда туруп, аны кармап кала албаган көз ирмемдин орду толбой, кайрылып келбей жоголду.

Анда-санда жөнөкөй, көрпенде бирөөнүн колуна жаңылыш конгон улуу, кайталангыс көз ирмем аны пайдалана албаган адамды ушинтип катуу жазалайт экен. Майда, көрпенде адамдын күнүмдүк турмушундагы макталган бардык жакшы касиеттери – этияттыгы, тырышчаактыгы, акыл-эстүүлүгү – жоопкерчиликти өзүнө алып, чечим кабыл алынуучу бир эле көз ирмемдин жалынында эч нерсеге жарабай эрип жоголот экен. Андай тагдыр чечүүчү көз ирмемдер генийлерге гана баш ийип, ошолор аркылуу ишке ашат. Коркокторду жек көрүп тээп салып, кайраттууларды көкөлөтө көтөрүп, түбөлүктүүлөрдүн катарынан орун берет тура.

Орусчадан оодарган Марсел ИСАКОВ

[1] Жашасын император! (фран)

[2] Ок чыккан жерге жөнөгүлө!

[3] Каре – квадрат түрүндөгү аскердик тизилиш.

[i] Пэр - Франциядагы, Англиядагы жогорку дворяндык титул, наам.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз