Комиссарлар жана кызыл армиячылардын атылганы

  • 07.10.2021
  • 3193

<<<<< Башы

"Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы" китебинен

Григорьевге окшогон атамандар көп болгон

Нестор Махно үч жолу кызылдарга союздаш болгон, аны да комбриг, комдив кылып дайындашкан, ал №4 болуп Кызыл Туу орденин да тагынган, Ленин менен жолугушуп, кезинде анын адамдары Блюхер менен бирге Перекопту алышкан. Батька Махнону кызылдар кереги болбой калды деп үч жолу садага чабышкан, үч жолу мыйзамдан тыш деп жарыялашкан, бирок батька ченде жок өларман адам болгондуктан улам кайра тикесинен тик турган. Ал большевиктерге ишенбей калган, большевиктер да ага ишенишкен эмес, бирок алардын актарга каршы союзу качан болбосун эки тараптын кызыкчылыгына төп келген. Бирок акыры келип алда канча бетпак жана кудуреттүү большевиктер Махнону да шахматтагыдай кылып ойнотуп туруп эле аласалдырып жиберишкен. 

1900-жылдары Бессарабияда кадимки эле Григорий Котовский Робин Гуд менен Ваня Каиндин ортосундагы бир эргул болгон. Тоной тургандарды ал эч ойлонбой туруп четинен карактап, марттыгы кармап кеткенде анын анча-мынчасын кедейлерге шыбагага таратып турган. Ал каракчылыгы жана катын зордуктаганы үчүн абакта да отуруп чыккан, ал эми эмгекчилердин бүткүл дүйнөлүк иши үчүн күрөшүү каалоосу ага 1919-жылдан кийин, башкача айтканда, партия өзүн чоң тамгадан жазып, “Партияны” кандайдыр бир “бөлүк” эмес, бүтүндүк катары кабыл ала баштаган мезгилде келген. Бул большевиктердин Партиясы толук кандуу башкарууну колго алып, өз байрагы астына пайдаланса боло тургандардын баарын ар кандай ыкмалар менен чакырып киргизе баштаган мезгил эле.      

Котовскийге комбриг наамын сунуштап, ок-дары менен жабдып, аскердик-саясый колдоону камсыздашкан. Биз эми советтик тарыхта аты уламыш болуп калган бул адамды Жарандык согуштан кийин аялына ойноштук кылган үчүнбү же Өзгөчө бөлүмдүн тапшырмасы боюнчабы, өзүнүн адьютанты эле атып салганын билбей калдык.

Дагы бир каарман Щорс деле ортозаар «батькалардын» бири болуптур, анын козголоңчул партизандары Украинада дыйкандардын мойнуна миңгиси келгендердин баарына каршы согушкан. Кызыл комиссарлар Щорсту Москва менен дос болсоң жыргайсың деп алдап имеришкен жана ага баш тарта албас сунуш айтышкан. Ошентип Щорс кызыл болуп чыга келген.

Жанагы Шкуро деген да кызыл командир болгон! Эми мунун таржымалы башкачараак. Адегенде кызылдар Кубанда кубандык казактардын кызыл дивизиясын түзүп, куралдандырган. Бирок дивизияга кызылдардын эмгекчил казактарга кылганы, башкача айтканда, барымтага алуулар, атуулар менен коштолгон баягы азык-түлүк диктатуралары, коммуналар, кулакка тартуулар, кедейлер комитеттери жана башкалар таптакыр жакпай калган. Дивизия өз комиссарларын баарын атып салып, казактардын өзүнчө түзүмү катары актар тарапка өтүп кеткен. Дивизия командири Андрей Шкуро кайрадан атаман болуп чыга келген.

Дагы бир баатыр Сергей Лазонун да түсүн ажыратып таануу кыйын. Ал жапондорду анан “актар” катары колунда оокаты барларды жана ашепке билимдүүсүнгөндөрдүн баарын чөнтөгүн кагып турган. Партизан менен бандиттин айырмасы – анын зыяны сенин досторуңа көппү же душмандарыңабы, мына ушунда. Кызылдардын достору Приморьеде аз болгондуктан алар ушул Лазого достук колун сунушкан. (Кийинчерек бул тайманбас баатырды актар паровоздун от жаккан мешине тирүүлөй ыргытып, өрттөп жиберишкени туурасында ойдон чыгарылган уламыш токулуп, андан улам Лазонун атак-даңкы өз жердеши, ошо кезде ири партизандык аймакты башкарган легендарлуу Щетинкинден да ашып түшкөн).

Чапаев деле көп комдивдин бири болуп, таптык жактан жек көрүндү, дыйкандын жерин тартып алып, анын мойнуна помещиктердин жана шаардык төрөлөрдүн бийлигин илгиси келген “кадеттерди” соккон. Анын балдары да талап-тоногонго дилгир эргулдар эле, эмне, согуш жүрүбатат, маанай көтөргөн сүйүнүч жок, жалган жашоо болсо кыска эмеспи. Чабаган комиссар келгенден кийин Чапаев да кызылга айланган, баса, ал комиссарды ашыкча тайраңдатпай, катуу кармаган.

Негизи эле кызыл баатырлардын жанында коштоп жүргөн комиссарлар сагызгандай сак, ар бир кадамын тыкыр ойлонуп баскан адамдар болушкан, анткени жогору жактын буйругун аткарбай калса реваскерсоветтин Өзгөчө бөлүгү чекесине бир ок кадайт да ошону менен иш тамам. Ал эми ага командир өзү нараазы болгон учурда ал комиссарды өз колу менен атып салганга укуктуу эле; мезгил ошондой болгон. Мындай учурларды санап отурсаң толтура.

ЭСЕРЛЕР КОЗГОЛОҢУ

«Эсерлер козголоңу» деп аталымыш нараазычылык акциясы— 1918-жылдын жайында Кремлдеги оңунан чыкпаган төңкөрүштүн үстүңкү гана бети. Документтер жок кылынып, окуяны көргөн күбөлөрдүн эчак көздөрү өтүп кеткен, бирок логика болбой эле ырайымсыз калкып чыгып атканы.

1. РСФСРдын Германиядагы элчиси граф фон Мирбах 1915–1917-жылдары Германиянын Швейцариядагы элчиси болгон, большевиктер менен германдык чалгындоо кызматынын ортосундагы байланыш да мына ушул жерде башталган. Брест тынчтыгынын шарттарында большевиктик Россия менен Германиянын ортосунда мамиле түзүлгөн соң Мирбах Россияга которулган.

2. 1918-жылдын 6-июлу күнү ВЧК кызматкери, солчул эсер Блюмкин ВЧК мандаты менен германдык элчиликке киргизилет да жолугушууга чыккан Мирбахты өлтүрүп кетет. (Анын шериги Андреев, бомба ж.б. туурасында кеңири баяндалган).

3. Блюмкин кылмышы үчүн жазага тартылган эмес — тескерисинче, эң эле жооптуу кызматтарга дайындала берет, 1927-жылы Революциянын 10 жылдыгына карата ВЧКнын Алтын куралы менен да сыйланат. 1929-жылы Троцкий менен байланышта болгон делинип атылып кеткен.

4. Эл аралык жаңжал чыккан жана кылмыш жасалган жерге өзү келген Дзержинский Блюмкиндин жерге түшүп калган мандатын алып кеткен да ишти түк жылдырган эмес!

5. Дзержинский герман элчилигинен чыгып козголоң көтөргөн ВЧК полкуна барат, ал жакка бирөөлөрдү камакка алуу үчүн барды дегени менен беш саат бою полктун штабында отуруп кете берген. Андан кийин Вацетис жетектеген латыш аткычтары келип Джзержинский алар менен Лубянкага кеткен. ВЧК полкунун козголоңу туурасындагы болгон маалымат ушул, анын командачылыгы да эч кандай репрессияга тушуккан эмес (!).

6. Ошол эле 6-июлдун таңында Ярославда козголоң башталган. Анын башында Борис Савинков жетектеген эсерлер уюмунун адамдары турушкан. Көтөрүлүштү бат эле басып салышкан.

7. Ошол эле күнү Түштүк фронттун командачысы эсер Муравьев аскерлерин большевиктерге каршы бурууга аракеттенген, бирок ал ою ишке ашкан эмес, анткени аскерлер баш тартышкан.

8. Мына ушундан кийин эсерлерди бардык жерлерден, советтерден, өкмөттөн, дегеле бийликтен алып ыргытышкан.

Мирбах көп нерсени билгендиктен көзүн тазалашкан. Бул жерде иштин баары жөнөкөй эмес. Мирбахтын өлтүрүлүшү РСФСРдагы айрым күчтөр Германия менен болгон мамилелерди өзгөртүүгө кызыкдар болушканын жана мында аларга Мирбахтын көз карашы жана аракеттери эмнегедир жакпай калганын билдирет.

Ошондон бир күн мурда Советтердин IV Съезди ишин баштаган жана пролетариаттын диктатурасын конституциялык деңгээлде бекиткен. Баарылап чогулуп келген эсерлерди да ошол эле жерден камакка алышкан.   

Алдыга озо туруп айтып коёлу — убакыт өткөн соң ЧК СССРге жанда жок сак жана учуна чыккан профессионал Савинковду алдап чакырып келет жана ал ЧК имаратындагы тепкичтүү айлампанын бош жеринен боюн таштап каза болот. Иш мында: Дзержинский өлгөндөн кийинки ЧК Савинковдун эмне билгендери бар экенин билгиси келгенинде! Анткени мындай адамдарда каалайбы, жокпу, дайыма ар кандай атайын кызматтар менен байланышы болот. (Эгерде каалашса Савинковду Европада эле жайлап салышмак: ал кезде ЧК эч нерседен тартынган эмес.).

ОҢУНАН ЧЫКПАЙ КАЛГАН ПЕТРОГРАДДЫ БАСЫП АЛУУ

Көңүл бургула. Бул туурасында советтик тарыхчылар унчукпай коюуну туура көрүшкөн.

1918-жылдын 5-августунда РСФСРдын тышкы иштер боюнча эл комиссары Чичерин Германиянын РСФСРдагы элчиси Гельферихке германдык аскерлерди Петроградга киргизүү өтүнүчү менен кайрылган.

Германия бул сунуштан баш тарткан, анткени мунун ага кереги жок эле. Башкача айтканда, бул РСФСРга же Кремлде отурган кайсы бир күчтөргө керек болгон.

Ии деп тургула. Немистердин Питерде эмне кереги бар эле? Бул мындай: биринчиден, немистер келсе шаарды актарга бербейт дешкен. Экинчиси: жогору кызматтагы кимдер немистер менен достошсо Питердеги саясый кырдаалды так ошолор көзөмөлдөп калат дегенди билдирет.

Шаарды актар басып алат деген коркунуч бар беле? Өкмөт мартта эле ал жактан чыгып кеткен, алтын запасы болсо Казанга чыгарып кетилген (ал жакта тынчыраак болот дешкен). Актар болсо Антантаны колдойбуз дешкендиктен, демек, немистер аларга душман эмеспи.

Кызылдардын немистер менен достугу туурасында. Бул эмне – жаңылык бекен? 1918-жылдын 3-мартынан Германия капитуляция болгон ноябрга чейин РСФСР менен Германия тынчтык келишиминде болгон. Ошондуктан булардын бири бирине таянгандан башка аргасы жок болчу.

Мезгил ошондой эле. Деникин бир жактан кысмактап келаткан. Актардын Москвага жетерине болгону 200гө жетпеген гана чакырым калган. Экинчи жактан Мамонтовдун атчандары кызылдарын тылына улам-улам куюндата чабуул коюп жатышкан. Каппель алтын катылган Казанды басып алган. Урал тараптан болсо Колчак кысып келатат.

Аргасы куруган Ленин: «Эгер кышка чейин Уралды ала албасак, мен анда революциянын иши жеңилди деп эсептейм» дейт.

Кызылдар немистерге таяналы дешкен, бирок алар орустардын жарандык согушуна аралашкандан караманча баш тартышкан.

Эми биздин мээбизге бирдеме жеткендей болдубу? Ия? Немистерди Москваны ээлеп, большевиктерге колдоо кылгыла деп ачык эле чагым кылып тартышкан. Алар көнгөн эмес! Мирбахтан кийинки элчиден да муну тике эле суранышкан. Ал дагы баш тарткан.

УРИЦКИЙДИ ЭМНЕГЕ ӨЛТҮРҮШКӨН?

XX кылымдын эң эле кыйын чагымчысы Азеф болуп калды. Ал коргоо кызматынан акча алып, ал акчага Россиянын жогорку мартабалуу адамдарын өлтүрүүнү уюштурган, коргоо кызматына болсо кесиптеш эсерлерди акырын сатып турган. Биз муну эсерлердин тымызын байланыштары жана из суутуп кетүү жөндөмү абдан жогору экенинен улам айтып жатабыз.

Немистер Питерди ээлегенден баш тартып койгондон кийин көп өтпөй эсер Канегиссер Петроград ЧК төрагасы Урицкийди өлтүргөн. Канегиссерди дароо эле атып салышкан эмес. ЧКда узак убакытка чейин эзип кармап турушкан. Анан акыры ал кызылдар Москвада штабс-капитан Виленкин баш болгон отставкадагы Георгиев орденинин кавалерлери болуп эсептелген жөөт офицерлерди өлтүрүшкөнү үчүн Урицкийден өч алдым деп билдирет. Бирок Виленкин тээ 1917-жылдын октябрынын аягында эле өлтүрүлгөн.

Айтор Урицкийди эсерге айландырышкан да кандайдыр бир уламыш токуй коюп, акырын жайлап салышкан. Себеби, Урицкий Дзержинскийдин адамы болгон, ал эми Дзержинский болсо Ленинди колдогон эмес. Петроград болсо ошол кезде Зиновьевдин таасириндеги шаар эле. Мына ушундай, туугандар.

ЛЕНИНГЕ ОК АТУУ

Ленинди атты дешкен Фанни Каплан жарым сокур болгон. Жол башчыга ок атууга мыкты кандидатура бекен ия?

Аны ЧК абагына жеткиришип суракка алышкан, ошол эле түнү камакка алынган Брюс Локарт менен бетме-бет кездештиришкен! Бул иштин англиялык изиби — же дезинформация жаратуунун аракетиби?

Бир күндөн кийин Фанни Капланды Свердлов өзү алып кетип, анын адамдары суракка алган жана жасаган кылмышын Каплан эсестердин кутуму болчу деп моюнга алган, Ленинге кол салгандан үч күндөн кийин эле Кремлдин коменданты Мальков аны түз эле Кремлде атып өлтүргөн! Ошону менен бул иш бүткөн.

ОСОЛ ИШТИН КЕСЕПЕТИ

Лениндин кабинетинде отуруп алып, совнаркомдун Ленин аткарчу төрагалык милдетин отуз үч жаштагы Свердлов аткарган. Ошону менен бирге эле ал ВЦИК төрагасы жана БК мүчөсү болуп кала берген. Бардык кадрларды башкарып, аларды дайындоону жүргүзгөн.

Совнарком Польшанын көз карандысыздыгын тааныган. Анткени польшалыктар кийлигишпесе гана болду дешкен.

Немистер Крымга кирген. Актардан көрө немистики болсун деп Крымды берип салышкан. ВЦИКтин Советтик Россияны аскер лагерине айландыруу боюнча токтому чыккан.

ВЦИК жана Совнарком кызыл террорду баштоо туурасында чечим кабыл алган. Ички иштер эл комиссарлыгынын «Барымтага алуу жөнүндө» буйругу чыккан. Атуулар башталган. Концлагерлер расмий түрдө түзүлө баштаган: тикенек зымдар, күзөт ж.б. Буйрук жок туруп артка чегингени үчүн командирлер, комиссарлар жана кызыл армиячылар атыла баштаган.

Мунун баары 1918-жылдын август айынын акыркы эки гана күнү жана сентябрдын биринчи он күнүндө болуп өткөн. Болгондо да буга чейин болуп көрбөгөндөй ырайымсыздык менен жүргүзүлгөн. (Бийликтен алыстатылган Ленин Горкада оорусунан дарыланып жаткан.).

Ал ортодо момундай сенсация тараган! Горкидеги Ленин жок кылынып, ошонун эртеси эле ВЧК төрагасы Дзержинский дайынсыз жоголгон! 2 айдан (!) сопсоо Ленин Кремлде камалып жаткан жеринен чыга келип, эртеси эле Дзержинский да пайда болгон. Кайда жүргөн?! Швейцарияда. Эмне үчүн, кандайча?! Ал жакта ооруп жаткан аялын көрүп келген имиш. Жо, силер бул иштин чоо-жайын байкап атасыңарбы?

ОРУН КОТОРУУЛАР

Ошентип 1918-жылдын жазында кадрлык Кызыл Армия түзүлө баштайт. Жогоруда айтылган азык-түлүк диктатурасы, азык-түлүк отряддары айылдарды көздөй жөнөп башташат жана мужук өзүн тоноп кирген совет бийлигине так ушул маалда каршы тура баштаган. Бери жактан үйүнө кайтууну каалап, бирок куралын тапшыргысы келбеген чехословактык корпус баш көтөрөт.

Баса, Антанта Владивостокту эл аралык ачык шаар деп жарыялайт: мейли, чехтер чыгып кетишсин, жапондорго болсо тыкыр көз салып туруу керек эле.

Түндүктө болсо (Мурманск-Архангельск) англиялык десанттын кол кабышы менен Түштүк Республикасы жана Миллердин армиясы пайда болот.

Ошентип түштүктөн деникиндик офицерлер менен казактар, чыгыштан Колчак, түндүктөн Миллер, Эстониядан Юденич кысмактап турушат, Украинада болсо немис достор, айылдарда күндө козголоң, анткени мужук нанын ыракмат деген куру сөз үчүн гана бергиси жок, соодага, нанга – мамлекеттик монополия киргизилген, айтор, РСФСРда жегенге тамак жок, иштебей туруп калган заводдордон жумушчулар качып жатышат, сырье да, көмүр да жок.  Бирок актардын саны абдан эле аз. Мужук аларды жактырбайт: алар жерди октябрь төңкөрүшүнө чейинки макамга кайтаргылары келишет, бирок жерлер эчак ээленип кеткен.

…Брест капитуляциясы Россиянын болгон ширесин соруп бүттү, азык-түлүк отряддары дыйкандардын жек көрүүсүн камсыз кылып берди, соодага киргизилген маммонополия товар өндүрүшүн токтотту, Донбассты басып алуу отуну жок калтырды. Мына ушундай ырайымсыз катаал шарттарда жол башчылар ич ара эрегишип, биринин катасын экинчиси издеп баштайт. Ленин болсо айтканын бербей, оппоненттерди таптакыр эле уккусу жок.

Эгерде Ленин болбогондо, жогорку бийликти —Свердлов, Троцкий жана Зиновьев үчөө эле бөлүп алмак экен. Ленин болсо баарына эч ким кыңк дей алгыс жетекчилик көрсөтмөлөрү жана ары-бери шамдагай буйтаганы менен тоскоол болуп жатты. Жолдоштор! Троцкий армияда жана теориялык жактан башкарууда, Свердлов аппарат менен кадрларды башкарып турса, Зиновьевдин ардагер большевик катары салмагы бар, Ленин менен да алачыкта чогуу жатып жүргөн. Андай болуп аткан соң бизге Лениндин эмне кереги бар? Ал качан караба, ии деген сөзү жок, каршы сүйлөйт, качан караба, акыл үйрөткөнү үйрөткөн. Анын жетекчилиги астында биз бардык ийгиликтерибиздин ойрону чыкты, абалыбыз оорлошту! Мындай кылбаш керек!

Чындыкты бардык жол башчылар жана алардын ар бири билет.

Жолдош Сталин болсо Ленинди жакшы көрөт жана аны коргошу керек! Антпесе Троцкий аны жеп салат! Өмүрүнүн акырында Ленин бекеринен Сталинге ишенген эмес! Жинденсе да, башкалар арызданса да ишенген!

Андыктан кутумду кыязы жолдош Троцкийдин калкалоосу астында жолдош Свердлов ишке ашырган деген божомол бар. Буга жолдош Дзержинский жана жолдош Зиновьев байкамаксан түр көрсөтүшкөн. Бир аз убакыт өтүп, Ленин катарга кайтып келгенден кийин эле жолдош Свердлов каза болот, анын милдети бир нече аткаруучуларга бөлүнүп берилет жана мындан ары бул милдеттер эч качан бир адамдын колуна берилбейт.

Дзержинский болсо 1918-жылдын 8-июлунан 22-августуна чейин «өз каалоосу боюнча» ВЧК төрагалыгынан бошотулуп, анан ордуна кайра келген. Абдан керек болгон да. Козголоңго шектүү болбосо да. Ал келип келелекте Ленинге ок атышат, Урицкийди өлтүрүшөт. (Дзержинский «солчул коммунист» эле, 1918-жылдын мартында Брест тынчтыгы туурасында ал: «Тилекке каршы, партия азыр бөлүнүп-жарылууга жана Ленинди четтетүүгө туруштук бергенге алсыз, анткени мындай тынчтык сөрөйдөн эч кандай пайда болбойт» деген.) 1918-жылдын майында Дзержинскийди кызматта калтырууга бир гана Ленинде бийлик болгон!

«Козголоң» — партиянын бир бөлүгүнүн башка бөлүгүнүн пикирине каршы жасалган саясый аракети эле: максат – совет бийлигин мындай жолго макул эместерди жоготуу жолу менен сактап калуу болгон.

*      *      *

1918-жылдын 5-ноябрынан тарта кайзер бийлигин тапшырып, Морица Баденски баш болгон герман өкмөтү РСФСР менен мамилесин үзгөн, өз элчисин чакырып алып, советтик элчини чыгарып жиберген.

Ноябрь-декабрда немистер үйүнө кайтышкан. Анткени Германия Улуу согушта капитуляция болуп, Антанта ага өз эркин таңуулай баштаган.

1919-жылдын 10-январында доордун башкы тынчтык орнотуучусу жана Версаль сүйлөшүүлөрүнүн уюштуруучусу, АКШ президенти Вудро Вильсон мурдагы Империянын аймагындагы Россиянын бардык саясый күчтөрүнө жана бийликтерине Принц аралына чогулуп келгиле, отуруп сүйлөшөлү, мунасага келели деп кайрылат. Большевиктер дароо макул болушат, актар болсо баш тартышат. Анткени алар бары жоктун баарын ээлегилери келишет. Кызылдардын абалы начарлайт.

1919-жылдын январь-апрелинде түндүк кара деңиздеги шаарларга союздаштар киришет да, эч нерсеге кийгилишпейбиз дешип кайра чыгып кетишет.

Жазында кызылдар түштүк тарапка чабуул коюшат, бирок актар аларды бат эле токтотуп, артка, дээрлик Москвага чейин сүрүп салышат. Советтик Республика малдын терисинен бетер Түндүк менен Түштүктүн, Чыгыш менен Батыштын ортосунда чоюлат: Камада большевиктерге каршы кызыл социалисттер, Волгада социалисттер турат, Эстония жактан генерал Юденич, Түштүктөн Миллер, Сибирден Колчак кысмактап турат, мужук ошондо чолок мылтыгын сууруп чыгат.

Кавказ өзүнчө, Түркстан өзүнчө, Украина өзүнчө дуулдап, кайнап жатканы.

ТҮРК СОВЕТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ

Ким көңүл бурган болсо билет чыгаар – түрктөрдүн туусу кызыл, жылдыз, анан жарым ай турат. Бул кызыл туу аларда биз кеп кылып жаткан мезгилдерде пайда болгон.

Британия эбегейсиз Осман империясын кыйраткан соң Түркия чет аймактары жок жалгыз «метрополия» сыяктуу кайнап чыккан, султанды тактысынан алып ыргытышкан, ошентип андагы артта калган жашоо образын ырайымсыз бирок акылдуу Мустафа Кемаль цивилизацияга айландырып Кемаль Ататүрк – түрктөрдүн атасы болуп калган. 1919-жылы Дүйнөлүк Революциянын алдынан боордош түрк элине жардам колун сунса болот беле?! Анүстүнө ошол учурда түрктөр гректерди согуп атышкан, ал эми гректердин артында англиялыктар турган. Классикалык кырдаал келип чыкты: империалисттик согуш Түркияда жарандык согушту тутантып, эски түзүмдү кулатууга жана эмгекчилерди азаттыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк берди! Кана-кана! Дагы бир аз! – анан эле коммунизм орноп калмак.

Түрктөргө большевиктер акча жана көптөгөн армян жерлерин беришкен. Туркия РСФСРдын союздашы болуп калган. Демек, ал жакында “биздики” боло турган соң чек аралардын мааниси канчалык.

М-да. Ататүрк көрсө биздин чор баскан колдорубузга түкүргөн экен. Анын түрк элинин жыргалчылыгы жана кызыл туунун мааниси туурасында өзүнүн көз караштары болгон тура.

ПЕРС СОВЕТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ

Каспийдин түштүк жээктери Россияга тээ Грибоедов заманынан бери эле чоочун эмес. Жээк персиялык болгону менен бирок Персия артта калган, чачыранды өлкө болгон. Ошенткен менен ал жерде порттор, жолдор, соода-сатык, дегеле Инди океанына чыга турган жол бар эле. Айтор, бул жер көп улуттун башын кошкон, кымгуут жер эле, Жарандык согуш убагында колунан келген ар ким ал жерге барып башын катып, эптеп кара жанын баккандар арбын болчу.

1920-жылдын майында Персия жээгине отряддары менен большевиктер түшүп, бийлиги жок калган жерде советтерди уюштурушкан. Майда гарнизону бар англичандар ал жердеги Энзели портунан акырын чыга берген, анткени Англия большевиктердин ызы-чуусуна кийлигишкиси келген эмес. Ошентип Персиянын түндүк тарабы эч кандай кан төгүүсүз эле Гилян Советтик Республикасы болуп калган.

Кыштактык кичинекей жөөт балакай Яша Блюмкин Советтик Персиянын кызыл комиссары болсом деп кыялданды бекен? Жок, үрөй учурган, кереметтүү жомоктой болгон ал замандар эми эзели тарыхта кайталанбас!...

ВЧК Мирбахты жайлаган чекист Блюмкинди перстерди көзөмөлдөп, ал жакта большевиктердин бийлигин жолго салуу үчүн Персияга жөнөткөн. Блюмкин маданий суроо-талаптары абдан жогору адам болгондуктан, жанга шерик кылып ал жакка жакын досу Серега Есенинди кошо ала кетет. Бул Есенинди арактан оолактатканы менен ал подвалдарда адамдарды атуудан тажаган (ошол заманда ири байланыштары бар советтик ишмерлердин арасында ЧКдагы адам атууларды көзү менен көрүү модага айланган. Муну азыркы заманбап тилдин кыябына оодара айтканда, өзгөчө адамдар гана кире ала турган жабык клуб деп койсо да болот).

Бийлик акырындап орноп келаткансыган! Кремлдин кубанычы койнуна батпай турган! Троцкий Инди океанында өтүгүн жууй турган экспедициялык корпусту да даярдап койгон эле: ал океан эми кол сунса жеткидей жакын жерде турбайбы!

Бирок кайдан жайдан чыга калган бир суволуч, болгондо да Советтер Союзунун жакын досу, Ирандын шахиншахы Реза Пехлеви деген неме бүт иштин ойронун чыгарбаспы. Ал кезде Пехлеви шах боло элек кези, персиялык жаш ак сөөк жана орустарга жакын бирөө болчу. Улуу согушта ал орус-герман фронтунда казак бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн, сыйлык да алган, штаб-офицер деген наамы да бар, орус тилин шыпырылта таптаза сүйлөгөн, мыкты чабандес, кан сарайдын жакын досу да эле. Эми жаш кезде авантюризм деген канда ойноп турат эмеспи. Ал советтик республиканы тыкыр байкап жүрүп эле бир күнү мамлекеттик төңкөрүш кылып иет да, Персиянын начальниги кылып жакын досун отургузат, өзү аскер министри катары советтик жана партиялык органдарды кууп чыгат.

Жолдуу Блюмкин болсо ага чейин эле башка зарыл иштери менен Персиядан чыгып кеткен экен. Есенин өзүнүн “Персия кайрыктарын” так ошол Персиядан жазган да, китебинин алгачкы түп нускасын Блюмкин досуна белек кылып тартуулаган. 

Уландысы>>>>>>>

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз