Сүйөркүл Тургунбаев: Чырдуу дүйнө

  • 07.10.2021
  • 2745

Чым-Коргондо оорукана айыбы -
чыры көп деп бир карыя наалыды:
чырбаш доктур чыр чыгарат дайыма,
бейтаптарга туура бербей дарыны.
Үкөл менен жинин кагып коём деп,
мазакташат сыркоолуу жаш-карыны.
Чала сабат врачтардын жарымы -
бейтаптардын убал-сообун ойлобой,
эси-көөнү - өз оокаты, карыны.
Чыры угулуп бүт өлкөгө Чым-Коргон
митингге деп Бишкек карай агылды.

Чым-Коргондон от алгандай бардыгы,
Кумтөр, Андаш - алтын кендер чуулары -
туш-туш жактан митинг, пикет арбыды,
Япон, Чили, Америкте цунами,
Кабул, Багдат, Каир, Дамаск тынчыбай,
эчен жылдык согуштардан куурады
Киев, Донбасс, Харьков жактан чыр чыгат.
Бирин бассаң, бир жагынан өрт жанып,
кыйынсынып бир-бирине кырданып,
деги качан ыркка келет адамзат...

Жер бүткөндүн теңсиз турмуш зарыбы -
байы дуулап, сыздап жүргөн карыбы,
бүткүл планет - теңсиз жашоо жайыбы?
Жаралгандан ыр-чыры түк бүтпөгөн,
Чым-Коргонбу жер шарынын жарымы?
Адамзатың чырсыз жашай албаса -
анда анын айбанзаттык айыбы.

АСМАНДА

Бийик көктө мен «Боингде»
зуулап учуп баратканда,
кирди учак бир заматта
бургуйлашкан булуттарга.
Аң-дөң, жарлуу боз талаада
бараткансып, учакта эмес -
кош ат чеккен арабада
калдыр-кулдур боло түштү
учак ичи бир заматта -
дүргүй түштү жүргүнчүлөр,
түркүн тилде «Кудай сакта»,
көрдүм шондо түркүн адам:
жан алкымга тыгылганда,
чын жалынды Жаратканга,
мечитте же чиркөөдө эмес
калдыраган шул учакта
чын жигерден бир башкача
жалбарынды ушул саатта.
...Сактады чын Теңир шондо,
асман-аба аң-дөңүнөн
учак чыгып аман зорго
түштү жайлуу калыбына,
элди салбай жоболоңго,
билги учкуч эрки менен
багыт алды оңдуу жолго.

ӨТӨӨРҮ ЧЫН

Өмүрдүн алды - оюн, арты – кайгы
убакыт кылактаган кызыл түлкү
азгырып, кызыктырып ар кыл түрпү.
Ала канат жашоо-күн даргөйүндө
коштойт жаның бирде ый, бирде күлкү.
Ажал алып, сыздайсың - жаныңда жок
ата-энең, дос, тууганың кечээ күнкү,
ар түйшүккө чарпылтып аркы-терки
акыр адам максатка жетпейт түпкү.
көтөрүп жүрүп анан өтөөрү чын
өз пейили өзүнө арткан жүктү.

ЭЛ НАРКЫ

Кыргыз наркы эбактан
уят сөздү өөн этпейт.
Бирок сыпаа сыйдалап
жымсал айтат аздектеп
кыз жан жерин, мисалы
кылдат айтат муйлук деп,
баланыкын турмук деп.
Куулук, турмук эркекте
мал-жандыкын чыбык деп,
арт жакты да түз айтпай
көчүк, куйрук деп тергейт.
Мындай наркты азыркы
жаштар билбей келжектейт -
зээнине алардын
сыпаалыкты куюу парз
бала кезден берметтеп.

БАБАЛАРДАН НАКЫЛ КЕП

Куштун пири - жомоктогу Буудайык,
Иттин пири - эпостогу Кумайык.
Көк жорудан туулган көк күчүк деп,
эл оозунда айтылат көп бу кайып.

Кыргыз бабаң жер-асмандын койнунан
кереметтүү көп табышмак сыр алып,
көп жандуунун жөнүн бизге кылайтат.
Бөрсө десе кенгуруну, кентаврды - алаткак,
Жирафты айтып акыра деп, носорогду керик деп.

Зубрды атап - бука кийик,
Көздү ачкан санжыралуу кеп айтат.
Зээнге куюп бабалардын накылын,
Бүгүнкү муун алганы эп мурастап.

ШАА СӨЗДӨР

Сөз кылыч, сөз ок, сөз кайып,
чыккандай тамыр таш жарып,
сөз кетет кээде баш жарып...
Шаа акын жазат сөздөрдүн
опуртал, оттуу саадасын,
берметтей тунук даанасын.
Шамалдай учкул шаа ырлар
зуулатып мезгил парасын,
шарапаты шаңдантат
сан жылдардын арасын.

КЕЗЕГИ КЕЛСЕ

Жамгыр - жерди жууйт,
күлкү - кайгыны кууйт,
сөз - сөздү тууйт,
кебез - бөздү тууйт.
Кезеги келип турса -
келинден мурда кыз тууйт,
- деп кыргыз акең илгертен
кытыр кыйындыктарды
сөз менен бууп,
сөз менен жууйт.

ЯПОН ФЛЕЙТАСЫ

Япон флейтасынын үнү -
бирде кечки иңирдей.
Бирде таңкы үрүлдөй,
бирде - торгой, бирде – ызгыт,
тээ-тереңден сыбызгыйт.
аркы дүйнө чымчыгынын үнүндөй.

ДҮРКҮН ДҮЙНӨ

Чексиз дүйүм – түркүмү,
түбү түпсүз дүйнөнүн
болгон эмес түркүгү.
Түбүнөн өнгөн бүртүгү,
оомал-төкмөл жазмыштын
дүпөйүл сырдуу дүркүнү.
Ниет пейлиң оң болсо,
ыкыбалдын сүртүмү,
сага да жугар, эй пендем:
күкүгүң сайрар бир түнү,
туйгунуң туштан үн салып,
тулпарың чыгаар бир күнү.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз