Түмөнбай Колдошов: «Бала жөнүндө ыр» же Сүйөркул Тургунбаевдин элегиясы

  • 02.01.2024
  • 6299

Кыргыз поэзиясында мурда кийин болбогон, эч кимди туурабаган жаңы өздүк көркөм дүйнөсүн жарата алган акындарыбыздын бири Сүйөркул Тургунбаев. Ал “Бизде баары сүйлөйт” (1966), “Салам, жаш өмүр” (1967), “Кечки троллейбус” (1969) аттуу ырлар жыйнактары менен элге акын катары таанылды. Акын адабияттын бир топ жанрларында талантын сынап, мыкты чыгармаларын, котормолорун эл сынына сунуштап, бийик кадыр-баркка жетишкен.

Кыргыз поэзиясындагы ак ыр, эркин ыр формаларынын калыптанышына, өнүгүшүнө зор салым кошуп, кыргыз ырларынын жаңы баскычка көтөрүлүшүнө себепчи болгон акындардын бири.  

Акын С.Тургунбаевдин поэзиясынан ийкемдүүлүктү, чебер шөкөттөлгөн көркөмдүүлүктү, образды жаратуудагы технологиясы мыкты өнүккөндүгүн байкоого болот. Анын жаңылыкка умтулган поэзиясынын саптары өзүнчө гармониялуу, синхрондошкон касиетке ээ. Философия илимдеринин доктору К.Матиев “Рухий мазмундун аксиологиялык насили” аттуу илимий макаласында мындай дейт:

“С.Тургунбаевдин поэтикасы өзүнчө татаал, карама-каршылыктуу, ассоциативдүү ойго, идеяга бай. Мазмун-формасы, маани-маңызы, ички-тышкы структурасы жактан нукура интеллектуалдуу, Гегель алдын ала болжогондой философиялашкан кулачтуу, масштабдуу поэзия. Дүңүнөн С.Тургунбаевдин поэзиясы азыркы кыргыз адабиятынын татымдуу мөмөсү, бутагы, шагы, өзүнчө муңу, шаңы, купуя сыры, ачыгы жана жашырыны бар, ойлонуп окушту талап кылган таланттуу поэзия”.

Ушундай жаңычыл, интеллектуал поэзиянын ээси С.Тургунбаевдин “Касиет” (1985) аттуу ырлар жыйнагына кирген “Бала жөнүндө ыр” аттуу поэмасы элегия жанрынын мыкты үлгүсү катары бааланып келет. Анда кийинки сөзүбүз жогорудагы поэма-элегия тууралуу болсун. Бул поэма-элегия акындын “Жетиге чыгып жерге кеткен уулум Жангарачтын эстелигине” деген сөзү менен башталып, эпиграф катары акын С.Эралиевдин “Жаңы чыгып, жаңы баткан бир күндөй, Бу дүйнөнү билишке да үлгүрбөй...” деген саптарын пайдаланган. Акындын турмушундагы орду толгус жоготууну эмоционалдуу сүрөттөгөн ыр саптардан күйүттүү жан дүйнөнүн илептүү табы сезилет.

Бала жоктуктун арманы же баласыздык темасы буга чейин Жеңижоктун, С.Абдыкадырованын поэзияларында орун алса, баласынын чарчап калганы тууралуу А.Осмоновдун “Бөбөккөсүнөн” кийинки чыгарма ушул “Бала жөнүндө ыр” болуп эсептелет. Аталган ырларда лирикалык каармандардын (ата-эне катары) психологиялык чыңалуулары бирдей болушу мүмкүн, бирок керт башынын трагедиясын ырдоо техникасы ар түрдүү. С.Тургунбаевдин поэма-элегиясы да башка чыгармалар сыяктуу бир топ ийгиликтүү жаралып, окурманды таасирлентип ыйлата турган кудуретке ээ.

Анда алгачкы саптарына назар салып көрөлү:

Тагдыр жанга не кырсыгын узатты? -
Селт дей түшүп,
ок жулгандай кулакты
жүгүрдүм тыз...
жылаан басып алгандай -
суук кабар...
бүткөн бойду муздатты!
Өлүм тосту
так алдыман сумсайып -
туура тартып
жансыз жаткан уулумду -
көк шиберде
акка оролгон наристе -
жарык күндүн бул не деген шумдугу?!

Жогорудагы саптарга көз жүгүрткөн адамдын көзүнө суук кабарды уккан атанын айласын таппай алдастап калган учуру элестеди деп ойлойм. Акын жүрөк муздаткан суук кабарды угуп, жылан басып алгандай, учуп жетип барып, көк шиберде акка оролгон наристеси жатканын көрүп, жарык күндүн бул шумдугуна таң калат. Баласын ажалдан арачылап калбаганы үчүн алайып карап турган ааламды, адилдиктен кеткен табиятты күнөөлөйт. Суу боюндагы чегиртке, чымындар чырылдашканда бала алаксып аман калмак, суу ажал болуп келсе, ага шамал тоскоол болбойбу? Жок дегенде чырмоок бутуна чырмалып калбайт беле? Акын табияттын мындай ырайымсыз өкүмүн кабыл алалбайт. “Күн каякты, асман нени карады? Улуу тоолор кайда карап турушту? Табияттын чүрпөсүнө бейкүнөө, неге мындай мерес өкүм кыйышты?..”

Аруу үмүт менен өстүрүп жаткан баласынан айрылган акын, жүрөк зардеби менен какшап, көзүнө эмне көрүнсө бүт баарынан акыйкаттыкты сурайт. Көзүнөн жаш, көөдөнүнөн кан сызылып, өзүнө-өзү суроо берет:

Жер аны кайда катат?
Таң эми не деп атат?
Күн эми не деп чыгат?
Жан эми не деп жашайт?

“Поэзия таланттуу авторду гана талап кылбастан, аны түшүнүүчү окурманды да талап кылат” (Б.Алымов. Тандалган эмгектер. - Б.: 2012-жыл, 351-бет) дегендей, С.Тургунбаевдин поэзиясын бир катар окуп коюу менен түшүнүү кыйын, анын ички купуя сырларын терең “түшүнүүгө” үстүрт көз жүгүрткөн аздык кылат. Ал эми “Бала жөнүндө ыр” поэма-элегиясынын формалык жагына келсек, уйкаш, бейуйкаш, сындырылган саптар менен бир нече бөлүктөргө бөлүнгөн. Муун өлчөмдөрү ар кыл болгондугуна карабай, формасы мазмунуна төп. Куплеттерге сыйдырылган ойлор, уйкаштар элпек куюлуп, элегиядагы лирикалык каармандын чөгүңкү маанайынан кабар берет. Сени менен бирге ойногон теңтуш балдарды көрүп калсам, дене боюм зыр-р дей түшөт, жүрөгүм эзилип, жүлүнүм сыздайт, башыңа санаа түшсө ар нерсени ойлой берет экенсиң деп кайгырат. Акын элегиясында сүрөткер катары табияттын бардык боёкторун пайдаланып, ар бир бөлүгүнүн тыянагын чыгарып, окурманга философиялуу суроо таштайт.

Кыргыз элинде балага ат коюуда көп нерселерге маани берилет эмеспи, бул оор жүк көбүнчө наристенин ата-энесине жүктөлөт. Анткени алар наристеге ылайыктуу ысым берүүгө милдеттүү. Ушул жерде таланттуу акындар А.Осмонов менен С.Тургунбаевдин тагдыр сызыктарынын кесилишкен учурун белгилөөнү туура көрүп турабыз. Акын А.Осмоновдун жубайы З.Талипова “Элеси турат эсимде” деген эскерүүсүндө мындай дейт: “Адегенде кызыбызга ысым таппай кыйналдык. Алыкул кызына угумдуу, кооз, ошону менен бирге мааниси жетимдүү кыргыз ысмын койгусу келди. Акыры эң сонун ат тапты — Жыпар! Ооба, чынында Жыпар угумдуу ысым эле”.

С.Тургунбаев болсо баласынын атын атайы тилек менен чоңойгондо жанга арачы болсун деп Жангарач деген ысым бергенин айтат.

Кыргызда
(башкаларда кандай билбейм)
балага ат коюлат тилек менен -
мен сага
Жангарач деп ысым берип,
чоңойсо
жанга арачы болсун дегем.

Бирок турмуштун да өз мыйзамы бар тура, ал биздин эмес, биз анын мыйзамына баш ийип жашайт турбайбызбы. Поэма-элегияны окуп отуруп, акындын ички муңдуу кайрыктары берилгенин, оюн сарамжалдуулук менен пайдаланып, сезимдериндеги туюмун майдалап отурбаганын сезүүгө болот. Ар бир саптан акындын муңайган элеси көзгө элестеп, элегиялуу кайрыктар угулат. Акындын сөз менен сүрөт тартуу чеберчилиги мыкты өнүккөн, ал тургай бирдей ыргактан качып, чыгарманы эркин, өзүнүн реалдуу чындыгын түрдүү позицияда туруп жазганга жетишкен. Алыкул “өлбөсө экен башкалардын бөбөгү” деген сыяктуу, С.Тургунбаев да өзүн-өзү сооротуп, кайрат кылып, тагдырына макул болот, уулунун элесин, анын духун башкалардан көргүсү келет:

Өтсүн эми
сендеги шол асыл дух
тирүү жүргөн
турмушта башкаларга,
мээри болуп,
тирликтин куту болуп,
жаның сенин
жар болсун башка жанга...

Адам жаралгандан бери келаткан атанын балага болгон башкача ыйык мээрими болот. Ажал акынды ошол бакыттан кур калтырды, коюн толгон кубанычтын күлкүсүн тып басып үнүн өчүрдү. Күтүүсүз келген кайгы акынды майтарууга, жашоодон мөгдүрөтүүгө чейин жеткирди. Мына Жангарач балконго келип караган тоосу, мелмилдеген чексиз дүйнө баары турат, бир гана ал жок. Ата-энеси эки жерде үңкүйүп отурат, эстегенде уулунун көйнөгүн, калпагын кучактап, жыттагылайт, бирин-бири сооротушат, тескери карап ыйлашат... “ырдалды бул күйүт ыр, атынан сан-миң эне, куралды бул арман күү, дартынан сан-миң ата, биз окшоп сыздап калган, капилет тартып жапа”.

С. Тургунбаев өз башынан өткөн трагедияны ырдоого аргасыз болду, анткени, тагдыр андан ушуну талап кылды. Поэма-элегияда баласына болгон аталык мээрими, кусалыгы, өксүгү бир сөз менен айтканда акындын тагдыры жатат. Элегиянын аягында дүйнөгө болгон нааразылыгын билдирип, бардык азапты мага бер, калган аталарды бала деп сыздатпа, чатагы бүтпөс турмушсуң, ич тардыгыңды койгун дейт:

Ак, караны билбеген
Алаңгазар болсом мен
Ардемеге кабылтпай,
Ар ойго салып зарылпайт,
О дүйнө,
Алалыгың койгун сен.

Чайыттай ачык асманда
Чакчыгайдай жан элем
Чалмакейиң көп чалып,
Чааралекей кылдың сен.
Чатагы бүтпөс, о турмуш,
Эми
Чаардыгың койгун сен!

Акындын “Бала жөнүндө ыр” аттуу поэма-элегиясында ый, кыйраган үмүт, өксүгөн көңүл башкы планга чыгат, өз тагдырына көңүлүндөгү айтар сөзүн айтат. С.Тургунбаевдин кыргыз поэзиясындагы ак кызматы бааланып, чыгармалары жөнүндө илимий көз караштар айтылып, адабияттан өз ордун табуучу күн алыс эмес.

Түмөнбай КОЛДОШОВ, ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доцент

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз