Үмүт Култаева: О`Шакирдин «Жомокчу» – ойлонууга себепчи...

  • 12.04.2020
  • 3575

Чыгарманын жанры жөнүндөгү сөздү аманат калтырып, анын идеялык-тематикалык проблематикасы тууралуу ой жоруп көрөлү. Эзелтен көркөм адабияттын эстетикалык кунарын байытып келаткан темалардын бири – адам жана табият, алардын ортосундагы гармония же дисгармония проблемасы. Башкасын айтпаганда да автор өзү кайрылган Сур эчки (“Кожожаш”), “Карагул ботомдон” башталган эпикалык салт көөнө тарыхтан бери көөнөрбөй жашап келишинин өзүндө проблема жатат. Демек, чыгарманын идеялык-тематикалык проблемасы ушул жерде.

Автор бул икаясын урматтаган адамдарына багыштаптыр, тактап айтканда, урматталбаган адамга чыгарма багышталбайт эмеспи. Болгондо да ар кандай автор аялуу, жанына жакын чыгармасын гана ошондой эле адамына арноого бел байлайт. Ырас, арналган соң, бул автордун жанына жакын чыгармасы, анын үстүнө ал “кумарланып жүрүп, алты жыл жазганын, ...удургуган көркөм фантазия жанын туйлатып” жатып, узарып да кеткенин ачык айтты. Автордо мындай сезимдердин болгондугуна икая да кепил боло алат. 14 бөлүм жана эпилогдон турган баяндоонун 1-бөлүмүнүн окуясы аткан октой ыкчам жана курч өнүгөт да, окурманды өзүнө оп тартууга жетишет. Анткени кыска эпизоддо өмүр менен өлүм күрөшү драмалык пафосто берилет.

Так маңдайына ок жеген кайберен көзү караңгылап, кулап түшкөн; “жембаштыктай” кыска бойлуу мергенчинин шагылдуу тоо боорунда ага жетмеги да азап болду. Жеткен соң, али колго толук тие элек олжосуна санаасында байып, анын эти менен “бүт айылын тойгузмакчы” болгон мергенчинин аны мууздоонун айласын таба албай, семирген кулжаны ордунан козгоого алы жетпей, союуга ыңгайлаштырам деп жаңы эле бир бутун кулжанын мойнунан арта салганда, күтпөгөн жерден тоо теке ордунан ыргып турбаспы... Чөккөн төөгө мингенсип, мергенчи кулжага минип калган соң, албетте, окуя кескин бурулуш жасайт; “өлдү” деген жандыктын тирилип тура калышы чыгармадагы кыймылга ок дурмөтүндөй кубат берет; окуянын өнүгүү тездиги аңчынын бычагына колу жетпей калгандагы көз ирмем менен ченелгени да калемгердин окуяны баяндоо чеберчилигине кепил боло алат.

А бирок мындай чыңалган кыймыл 2-бөлүмдө бошоңдой түшөт, ага жараша окурмандын тартылуусу да колдон түшкөндөй артка жылат. Ошентсе да кайра эле тыныгуудан күч топтогондой кыймыл динамикасы 3-бөлүмдө кайра жанданат. Зоодон-зоого жаңырган мылтык үнүнөн чочуп кеткен кайберендер үйүрүнүн эркечи Шаамүйүздүн калың коюу туманда адашып калуу окуясы өнүгүүнү чиелентет. Кайберендердин “жан алгычы” эсептелген ээн тоо койнун жаңырткан мылтык үнүн коштоп, жаратылыш каарын төккөн коюу туман, дагы Шаамүйүзсүз калган үйүрдү кыяматтын тозок отуна кептелгендей удургуткан көрүнүш элестүү жана ишенимдүү берилген. Бул башсыз калган калың журттун метафорасындай, үйүр дүрбөлөңү окурмандын да сезимине дүрбөлөң түшүрөт. Андан калса, буга чейин карышкыр үйүрүн адаштыра, буйтай кетип, жол баштачу Шаамүйүздүн өзүнүн адашып калуусу, адам “карышкырдын” куралы жырткыч азуусунан коркунучтуу экенин айкындап турат, анткени адам “карышкырдын” амалы айбан жаныбарда жок. Чыгарманын тематикалык башкы проблематикасы да адам амалынын бүлдүргүч күчүн подтекст менен берүү маселесинде.

Андан аркы бөлүмдөрдө автордун фантазиясы сабалап учкан экен... Жебедей сызган кайберендин жонуна жабышып, анын эки мүйүзүн кармаган колу карышып, ал гана эмес, үзөнгүгө бут салгансып, кулжанын алдыңкы эки шыйрагына бутун кыпчып алган мергенчинин өлөрманданып, олжону колдон чыгаргысы келбеген аракетине, жан далбасына ишенсе болот. Анткени мергенчилик да кумарлуу өнөр, азарттуу иш. Андан оңой эле баш тартуу кыйын. Кыялында кулжанын этине маарымакчы болгон мергенчи аны колунан чыгарып жиберсе, аңчылык ышкысы, моокуму кантип кансын! Качан гана жалама зоо менен безе чуркаган Шаамүйүз жонуна чапкенедей жабышкан душманынан ылдыйга салып кутулмакчы болгондо, кызыл тилин жалаңдаткан карышкырдын үйүрү көзгө урунуп, кайра өйдөгө арыш кериши да көркөм чындыктан анча алыстаган эмес.

5-бөлүмдө Мукаш жалама зоого келип такалганда гана “талпагы ташка жайыларын” сезип, келме келтирип, Көк Тенирге жалына үч түрдүү карганды:

  •  кайберен тукумуна экинчи ок чыгарсам, оңбоюн;
  • ушундан кийин ууга чыксам жакшылык көрбөйүн;
  •  жан-жаныбарга мылтык сунсам, ата-бабамдын арбагы урсун.

Чыгарманын негизги идеясы мына ушул үч түрдүү каргыштын кучагында жатканын байкоо кыйын эмес.

Тоонун муздак шамалы чучугун какшатып, ызгаарлуу тоо суугунан көзжашы салаалап куюлуп, кургуйга куланып өлүү коркунучу сезимин ээлегенде чоң ата, чоң энесинен уккан жомок “Кожожаш” жомок эле эмес, реалдуу чындыкка жакын экенине Мукаштын ынанышына деле шек саноого болбойт. Ал эми ошондой шартта, жаны көзүнө көрүнүп, айла-амалы түгөнгөндөй, капилет кырсык капканына түшкөн каармандын оозунан “Манас”  жомогу чубурушуна ишенүүгө болобу? Муну менен улуу эпостун баркын жогорулатыбызбы, же оюнчуктай аны менен ойной берип, төмөндөтүп алабызбы? Бул ойлоно турган маселе.

Кийинки бөлүмдөрдө акыры өр талаша Теңир-Тоонун мөңгүлүү, жалама зоосуна чейин үстүнө минген кишини көтөрө жан далбастап чуркап олтуруп, кайберендин акыры зоругуп жыгылышын деле гипербола дегенге болбойт, анткени жандуунун өмүр үчүн күрөшү башкача болушу мүмкүн эмес. Андан ары мындай реалдуу сүрөттөөлөр мистикага жол бошотот. Сур эчкинин келип карап турушу, (7-бөлүм), бир үйүр карышкыр курчоого алганда от менен коргонуп эле калбай, карышкыр кол салганда Шаамүйүздүн мергенчиге болушуп, көкжалды көмөлөтө тебиши (8-бөлүм), арчанын куураган тамыры менен алоолонгон от жагып, карышкыр үйүрүн качырышы (9-бөлүм), эңгиреген ээндикте ачкадан өзөрбөй, өрттөн чочуган коркок коёндун отко какталып, шишкекбек болуп, мергенчинин тамагынын өзүнөн-өзү даярдалышы (10-бөлүм), Шаамүйүз менен мергенчинин бир бүтүндүккө биригип ынтымакта аракеттениши жана анын такыр эле качпай, адам-душманын айланчыктап турушу, Мукаштын уйкуга алдырып, түш көрүшү, түшүндө үчөөнүн (Сур эчки, Мукаш, Шаамүйүз) баарлашуусу, чоң энесин эстөө (11-бөлүм), Сур эчкинин Адам ата, Обо энеден баштап, Мукашты уяткара адамзатка болгон нааразычылыгын, арыз-арманын айтышы, түшүнөн ойгонгондо деле окуянын уйку-соо ортосунда улана бериши, акыры Кожожашка жолугуу (12-бөлүм), Кожожаш окуясы, үңкүрдөгү от, Сур эчкинин каары, бу дүйнө менен тиги дүйнөнү туташтырган Асан-Үсөн нур дүйнө (13-бөлүм), ээн талаада уйку-соонун ортосунда жөөлүп жатканда малчылардын кезигиши, тоңо баштаган Мукашты ооруканага жеткирүү (14-бөлүм) менен чыгарма аяктайт.

Икаянын акыркы бетин жапкандан кийин келген ойлор:

  1. Чыгарманын окуясы окууга, кабыл алууга кызыктуу. Автордун баяндоо манерасы, тил байлыгы, көркөм сөз каражаттарын колдонуу, сүйлөм куруудагы стилдик чеберчилиги ийкемдүү. Курч, образдуу салыштыруулар  сюжеттик окуяларга шайкеш келет. Айталы, жем баштыктай кыска бойлуу, чакан киши болбосо, кулжаны минип жүрө алмак эмес.
  2. Чыгарманын жүлүнүн аралап өткөн идея – Сур эчкинин каргышына калган Кожожаштын сөөгү талаада калгандан бери, кылымдап мезгил өтсө да, автордун фантазиясы боюнча Кожожаштын сөзү менен айтканда, кайберенге ок атам деп далай мергендин сөөгүн жер койнуна албай, ээн тоодо этин кузгун жесе да АДАМ БАЛАСЫнын акылына келбегени. Автор ушул ойлогон оюн берүүгө жетишкен десе болот.

А бирок автордук идея жаңы айтылган ой беле? Албетте, жок. Анда эзелтен кыргыздын эпикалык ойломунда салттуу мотивге айланган бул темага Олжобайдын кошкон салымы барбы? Эгер автор бул теманы 6 жыл ойлонуп жүрүп жазса, аны ойлонткон проблема кайсы? Эмне үчүн түш көрүүгө мынчалык көп (чыгарманын бүтүндөй үч бөлүмү же жалпы сюжеттин 4/1не жакын: 11-12-13) орун берилген? Каармандын түшү аркылуу айтмакчы болгон идея кайсы?

Кеп кемелин дал ушул түштөн баштап көрөлү. Улуттук адабиятта гана эмес түш феномени дүйнөлүк адабиятта активдүү колдонулган көркөм ыкмалардан экени белгилүү го. Кээде реалдуу дүйнөнүн чектелген канондоруна идеалдуу каяша катары жазуучулар каармандын галлюцинациялык абалын (А.Чехов “Палата № 6”), ал эмес адамдын психикалык ооруга чалдыккандагы аң-сезимин (Лу Шүн “Жиндинин күндөлүгү”) максатка жараша пайдалана алышат. Ошолордун арасынан калемгер чыгарма аркылуу айтайын деген өзгөчө идеясын окурманга жеткирүүнүн амал-айласы катары түш көп кырдуу көркөм функцияны аткарат:

  • биринчиден, автордун фантазиясына эркиндик берет;
  • экинчиден, чыгармадагы хронотоп кеңейет. Түштөгү мезгил менен мейкиндикти чектөө мүмкүн эмес, анткени ал – түш. Натыйжада мезгилдер жана муундар байланышын камсыздоонун мүмкүнчүлүгү жаралат;
  • үчүнчүдөн, каармандын тагдырын аныктоого шарт түзөт;     

Түштүн жогорудагы функцияларына ылайык, “Жомокчуда” түш аркылуу Кожожаш, Сур эчки, Шаамүйүз жана Мукаш мифологиялык иш-аракеттерди жасайт: Сур эчки менен Шаамүйүзгө тил бүтөт; Мукаш менен шарап кагыштырып ичишет. Ал эмес Сур эчки адамзатка кылымдап жыйнаган таарынычын өктөм үн менен Мукашты кекете, келекелей, уяткара айтып олтурат. Мурун мылтык болсо, азыр вертолёт менен келип, улуу тоолордун арасын автомат үнүнө толтуруп, атып эле эмес, кырып кетип жатканын Сур эчки кан какшап олтурат. Көрсө, “жылынарга түгү жок адамга жылуу кийим, бутуна чокой” дал ушул жаныбарлардын жон терисинен жасалат экен. Ошого карабай, адам баласы аларга ок атканын токтотпой, тукумун өстүрбөй жатканына Сур эчки каарын төксө, Шаамүйүз колуна шарап ордуна “кан” кармап турат. Мукаш актанып “мен кан ичкич эмесмин”, - дегиче болбой Шаамүйүздүн: “Силерден өткөн кан ичкич болорбу?”- деген күлкү коштогон каткырыгы аска-зоону жаңыртып өттү. Биз жогоруда койгон бир суроонун жообу – авторду алты жыл ой-пайга салган маселе мына ушул – адамзаттын акыл-эсинин жакшылыкка эмес, жамандыкка ооп баратканы. Бул ойду автор Бүбү эненин эмчилигин тапшырарга киши жок калганы менен да бир топ күчөткөн.

Түш дайыма улуттук этнософия (кийинки кезде калыптана баштаган илим) аркылуу түшүндүрүлөт. Түштөгү кан – улуттук дүйнө таанымда – трагедиянын аяны. Ч.Айтматовдун “Жаныбарым, Гүлсары” повестинде Танабай түшүндө кан чеңгелдейт эмеспи. Ал эми түштөгү күлкү – кайгы-муңдун метафорасы. Демек, кайберендердин кайгы-муңу тоолорго батпай баратат. Автор түш аркылуу адам менен табият ортосундагы дисгармонияны күчөтүп, келечектин опурталдуулугуна басым жасаган.

Олжобайдын бул салттуу темага кошкон кошумчасы – улуттук эстутумда жашаган жаратылыштын каарына калбоо идеясын жашартуу жана жаңыртууда десе болот. Чыгарма боюнча айрым пикирлерди ортого коюуга туура келсе, окурман байкагандай, биз бир да жолу повесть деген терминди колдонгон жокпуз, биздин көз карашыбызда чыгарма бул жанрга төп келе бербейт. Анткени башкасын айтпаганда да аңгемеде – негизги каарман, повестте – борбордук каарман, романда –  бир нече негизги каарман болот эмеспи. Айталы, “Саманчынын жолунда” – Толгонай, “Жамийлада” – Жамийла, М.Гапаровдун “Кыштакча” повестинде – Акун борбордук каармандар. Алардын тегерегиндеги каармандар негизги каармандын адамдык асылзаадалыгын ачууга жардашат. Тегерегиндеги каармандарга жасаган мамилесинен борбордук каармандын артыкчылыгы ачылат. Ал эми “Жаныбарым, Гулсары” повестинде Танабай менен Чоронун образы өз ара теңтайлашып калгандыгы үчүн, ага жараша повесттин окуясы да эки багытта өнүккөндүктөн, адабият теориясынын билермандары К.Зелиский, М.Дмитриевалар чыгарманы “роман” аташпады беле. Көрсө, Ч.Айтматовдун жан-дүйнөсү романга даярданып калган экен да. Аты аталган чыгармадан кийин жалаң роман жазды го.

Автордун “бул адегенде аңгеме, андан соң повесть болуп узарып кетти” дегени бар. Ошол аңгеме боюнча калтырып, ашыкча эпизоддорду кыркып салса, сонун болмок деген ойду айткыбыз келет. Анын аңгеме же повесть аталганынан көркөм наркы төмөндөбөйт же бийиктебейт эмеспи. “Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар” – макалы көркөм чыгармачылыкка деле таандык. Бир эле классикалык аңгеме калемгердин абройун төбөгө көтөрүп коюшу мүмкүн. К.Акматовдун “Мунабиясы” эле аны кадырын бир топ көтөрдү. Автор аны аңгеме атаган. Ушул көз караштан алганда “Жомокчу” эки жанрдын ортосунда калгандай таасир калтырат.

Биринчиден, чыгармада Мукаштан башка реалдуу каарман жокко эсе. 2-бөлүмдөгү эки картачынын образы ачылган эмес, алардын чыгарманын композициясындагы орду жокко эсе. Тескерисинче, ушул бөлүм чыгарманын окурмандын сезимине чагылгандай таасир эткен  курч пафосун солгундатып коёт. Ал эми каармандын чоң энеси, “Манас” эпосу тууралуу ретроспективалык чегинүүлөрү аны борбордук каарман деңгээлине көтөрө алган эмес.

Экинчиден, түш көрүүгө мынчалык көп орун берүүнүн кажети жок эле. Адатта, адабий түштөр кыска, бирок аяналуу берилгени менен кызык. Бул чыгармада түш өтө эле узакка созулуп кеткендиктен, окурманга “Жомокчу” жомокпу деген ой кетет.

Үчүнчүдөн, түштүн улуттук дүйнө таанымдагы интерпретациясына да автор тиешелүү маани берген эмес. Мисалы, Мукаш Шаамүйүздүн туягын кийип, Шаамүйүз Мукаштын өтүгүн кийип алган. Болгондо да ал өтүгү өзү кийип жүргөндөгүдөй тешилип, жыртылбай, жаңырган экен, ал эми өзүнүн “туягынан кан сызып берди”. Андай болгондо, кайберендер жыргап-куунап, Мукаш куурап калуу керек. Элдик дүйнө таанымда жаңы бут кийим – дөөлөт, жылаңайлак калуу – жоготуу. Мындай ашыкча фантазия, тескерисинче, автордук идеяга эки анжы багыт берип, чыгарманын көркөм-эстетикалык кубатын алсыраткан. Бул түшкө ашкере берилүүдөн, ага ашыкча орун берүүдөн келип чыккан деген ойдобуз.

Эми “таяктын экинчи учу” боюнча да пикирди ортого койбосок болбос. Эмнегедир эгемендүү жылдарда биздин калемгерлер кыялый сүрөттөөлөргө көбүрөк орун бере баштады. Эгер бул улуттук көркөм ойлоонун табыгый көрүнүшү болсо, анда аны кабыл ала албай жаткан окурман журту – биз күнөөлүбүз го. Ушундай кыялый эпизоддор А.Стамовдун “Хан Тейиш” романында ашкере берилди. Тилекке каршы, бул роман улуттук адабий процессте окурманды кумарланта окулбай, тиешелүү баасын албай турат. Ушундай эле мистикалык ой жорулар азыр кызуу сөз болуп жаткан М.Мамазаированын “Аймаран” романына да таандык. Балким, социалисттик реализм методуна көнүп калган биздин муун окурмандык стандарттан чыга албай жаткан жокпузбу? Бул боюнча “Жомокчуну” окугандар дагы ойлорун айтышар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз