Ризван Исмаилова: Ой кемесиндеги кайыкчы

(Жаш акын Залкарбек Назарматовдун ырларына саресеп...)

Адабият майданынын босогосунда эки жанрда тең чама-чаркын сынап көрүүгө бел байлаган караан турат. Ыр жазууга болгон далалаты мектеп партасынан башталганына карабастан, алгачкы тушоосун кескен ырларын жарыкка чыгаруудан айбыкканын “Ачыгын айтканда, мектеп курагында чиймелеп бирин-экин ыр жазып калган жайым бар. Бирок, ал жазгандарым азыр өзүмдө жок. Студент кезде да анда-санда жазып калчу элем. Бирок ал ырлар да бир канча убакыттан кийин эле көөнүмө жакпай калгандыктан, жок кылып салдым”, - деп өзү айтат.

Дээринде ырга болгон шык, ышкы адамды жөн койбойт, эртеби-кечпи качан болбосун колуна калем алдырат, бул табыйгый көрүнүш. Менде кызык ой пайда болду. Биринчи жазган ырлары кандай, эмне жөнүндө болду экен.

Өмүр, турмуш ачуу-таттуу аралаш,
Өтө берет, өкүнүчкө карабас!
Өтсө мейли, өкүнгөндө эмине,
Өмүр бою санаа тартыш жарабас..!
Ойноп-күлүп өткүн деген жерим жок!
Ой жеткенге колуң жетип аралаш!

2014-жыл. (26 жашымда)

Ыр жазуунун машакатын тартып, ойго, кыялга, мээге жатталып бүткүн ой түрмөгүн, ыр саптарын чамалап, пафостуу ырларды да жазып көрөт. Бирок муну жарыялабайт, ыргытып жиберет. Өзүн-өзү аңдап, анализдеп-талдап отуруп, ыр жаратуунун миң түркүн түйшүгүнөн кыйналып-кысталып жүрүп, өзүнө таандык жазуу манерасын, жазуу стилин табууга көп аракеттенип жүргөнү байкалат. Адабият тарыхында чуу деген жерден кынтыксыз, төгөрөгү төп келген, мазмун менен идеясы шайкеш ырларды жазып, акын деген атка татыктуу болгондор өтө сейрек.

Өзүн даярдап, акындык өнөркананын ысык-суугун баштан өткөрүп, жамакчы акын болуп калуудан чочулап, ырынын милдет, жоопкерчилигин моюнуна алып, жазгандарын окурман журтуна абайлап сунуп отурган жаш акын Залкарбек Назарматовдун ырларына биз да абайлай үңүлдүк...

Залкарбектин “ Булуттар “ деген ыры менен табияттын кадыресе көрүнүшүнөн бир кичинекей, жанга жагымдуу эпизод тартып берет, тили элпек, ширелүү, уйкаштыгы кынтыксыз болгону менен (булуттардын бириккенин кайдан билмек...), келегей, тили чоркок саптары да кезигет. Ыр жалпысынан ийкемдүү салыштыруусу (Ак коюнун жүнүндөй атам баккан, \ Ак-сур тартып, түрүлүп, түйдөктөлүп. \ Жууркандагы кебездей апам тиккен, \ Чүмкөп тоонун караанын жазгырышып) булуттардын стихиясын таасын элестеткен ширелген лиризмдин аурасы психологиялык абалдан кабар берип, тагыраак айтканда, шамал шамалдыгын кылып, булуттарды каршы-терши бөлүп-жарып, бузуп-чачып, туш келди айдап жибермек.... Бирок уюлушкан, жуурулушкан, чырмалып-чапталышкан биримдикке күчү жетпеди.... Бул автордун табылгасы, айтайын деген оюнун маңызы, чулу ойдун жарк этип чыга калышы...

Ушул ырга үндөш, мазмундаш “Жылдыз”, “Кызгалдактар” деген эки ыр да өзүнчө жүк көтөрүп турушат. “Кызгалдактар – жолоочулар”, деп салыштырат автор, ырга баш багаардан мурда текстин өзүн окуп көрөлү.

Талаа, түз. Кызгалдактар – жолоочулар,
Жарк этип жазда келчү коноксуңар?
Көктөмдөн жайга алмашчу кезге чейин,
Жаркырап, кайра жомок болосуңар!

Кызгалдактар көпкө турбайт. Жаратылыштын мыйзамына ылайык саналуу күндөрдө талаа-түздөрдү кыпкызыл жалынга бөлөйт да; “Бир айда жердин бетин шаңга бөлөп, \ Бейиштин үзүмүндөй жайнайсыңар” деп, акын айтмакчы адамды азгырып, жан дүйнөсүн жагалдантып, акынга ыр жаздырат, кыз-жигиттин сезимин козгойт, табиятка көрк берет. Бир көргөн жолоочуну эстеп калууга болобу? Жолоочунун жолдогу тагдыры өзүнөн башка эч кимге белгисиз, анын сыңарындай жылдын бир мезгилинде – жазында жер жайнаган сулуулук, көңүл дегдеткен кооздук, керемет элеске куштарлык бир келип-кеткен жолоочудай туялат. Ошол ыр жаздырган сүрөткө эргиген талант, ошол сүрөттөн ырахаттана демденип, канат байлаганын моюнга алат. Ыр асмандан алып жазылбайт.

Шыктуулар өзү жашап турган айлана-чөйрөдөн, өздөрү күбө болгон окуя-көрүнүштөн, өздөрү карым-катнаш жасаган адамдардан, өздөрү окуп, таасирленген китеп-кинолордон ой алышат. Кептин баары ошол ойду кантип айтуу, жеткирүү, шөкөттөө, көркөм сөз дүйнөсүнүн тегирменинен (кечириңиз, элестүү айтканда) буту-колун жулдурбай, алты санын аман алып чыгып, жумуру сулуулугун сактап берүүдө.

Кыярып, кызыл чоктой күйөсүңөр,
Кыраңдар, жайыктарды сүйөсүңөр.
Кыялдар, үмүттөргө канат берип,
Кырчындай сезимдерге түнөксүңөр.

Ал эми “Жылдыз” деген ыр өзүнүн купуялыгы, ыр сабынын соболдон соболго алынып турушу, көктөгү жылдыздын астрономиялык табиятынан да ырдын объектиси катары көп катмарлуу, чар тараптуу сюжеттик-көркөмдүк дымагы күчтүү сезилет. Автор адатынча тышкы предметтик белгисин, сулуулугун эмес, ички табиятын жаратманга мүнөздүү суроо менен чекит коёт. Анткени, поэзия ааламынан өзүнчө жылдыз болуп жанууну ким каалабасын, ким кыялданбайт, ким көксөбөйт?

Жаш калемгер ыр түйшүгүн тартып, жүдөп-какап, ойлонуп-толгонуп, ой кемесинде өз багытын табууга жандалбастаган кайыкчыны да элестетет... Анын “Бир дулдул”, “Түн дүйнө”,“Баягы жол” деген ырларындагы мына бул саптары: “Калар бекен Толубайдай качандыр, \ Купкуу башын зор өкүнүч кучактап...”, “Чыйыр издейм кез-кез созуп моюнум, \ А мунарык мисирейет түңүлтүп...” буга күбө.

Залкарбек Назарматов бүгүнкү күндөгү жаш поэзиянын өкүлдөрүнүн бири, акындыктын түйшүктүү татаал жолун басып бараткан кези, ал өз жолун табуунун түйшүгүндө тытынып, кажынып-кайраттанып иштебесе, адамзатка кызмат кылып келаткан руханий казыналарды тытып окубаса, үйрөнбөсө, өзү айткандай, жолундагы мисирейген мунарыкты жарып өтүшү кыйын.

Качандыр бир "жалп" деп алар жарыгы,
Өчөт деген, бирок билбейм аныгын...
Түмөндөгөн жылдыздардын ичинен
Калышат ко билинбестен дайыны.

Өчөр болсо акыр баркы билинбей,
Өчкөнүнө жүрөк биздин тилинбей.
Анда неге жылдыз кылып жаратты,
Арасында аны көптүн бириндей...?

Залкарбек баралына келгенде чоң лирик, пейзажист акын, метитативдүү (философия) ырларга жакын болору сезилип турат. Буга “Айдай сулуу” деген ыры күбө. Ыр ушунчалык эргүү менен элестүү, жандуу, көркөм сүрөтчүнүн мыкты картинасындай көзгө сүйкүмдүү, толумдуу, эмоциянын кульминациялык чекитине шайкешип, бап келип сүрөттөлгөн. Келиңиз, сизди да ыр-картинасына жакыныраак алып келели. Бирок, бирок... оболу ырды окуйлу.....

Түн. Коңур күз. Салкын аба.
Ай алдында каалгыган буудай талаа.
А четинде бейкапар шылдыраган,
Алтын нурду чагылткан арык гана.

Коңур күздө буудай талаанын четиндеги арык боюнда отурган бир сулуунун элеси тартылат. Айды карап, шуу үшкүрүп, жандай көргөн адамын күткөн Айжамалдын арзуу, арман-күйүтүн табияттан башка эч ким бөлүшө албайт. Ырдын кыскача музмуну ушудай. Жана айтканымдай, ырдын түзүлүшүндө кеп жок, бирок көндүм көрүнүш, акындардын дээрлик көпчүлүгүндө айтылган эски сүрөт, эзелки кооз картинадан жаңы ой таба албай, жаңы штрих көрө албай, жаңыча маңыз издеп түйшөлөсүң.... Жөнөкөйлөтүп түшүндүргөндө сулуу кыз суу боюна келип, ыйлап-сыктап, кайгы-муңун асмандагы Айга гана айтып берди.

Поэзиядан калемин сынап көрүүнү тилек кылган калемгерлер көп окугандан, изденүүдөн, тажрыйба-эксперимент жасоодон, чоң акындардын стилдерин талдоодон тажабашы зарыл. Алар үчүн турмуш чоң сабак, салмактуу акын-жазуучулар чоң мектеп. Ал эми орус адабияты менен дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары калтырган мурас эргүүнүн, үлгү алуунун, таасирленүүнүн, адабий агымдардын кантип жаралып, кандай белги, артыкчылыктары менен поэзиянын көп кырдуу, көп тарамдуу, көп салаалуу, көп аспектилүү өрүшүн кеңейткенин үйрөнүп, таалим алуудан чарчабаш керек. Сүйүү жана пейзаж темасында сөз козгогондо, адам менен табияттын ички биримдигин, гармониялык байланышын, психологиялык абалдарын (контекстте адам менен адам сүйлөшкөндөй, баарлашкандай, сырдашкандай, табияты тирүү жандай берген) Сергей Есениндей ырдап бере алганы аз, анын лирикасы жаратылыштын кан тамырын тутамдап тургандай сезилет....

Бүгүнкү күндүн терең ачылбаган темаларынын бири миграция жана мигрант. Жаш калемгердин “Үйгө сапар” деген ыры кайсы бир жерден, кайсы бир шаардан сагынычы, кусалыгы толуп-ташып туулган жерине, туулган үйүнө келаткан мигранттын образын көркөм чеберчилик менен таасын ачып таштаган. Ыр ушунчалык ички чыңалуу менен ички карама-каршылыктын туундусунан жаралган, мына бул саптар: “Кан айланган көңдөй намыс курутуп” – өзүн издеп жүргөн, өзү менен өзү күрөшүп, чоң максаттын артынан сая түшкөн жаш адамдын жан дүйнөсүн көз алдыңызга тартат.

Тамтыгы жок, кылдыраган аты - унаа.
Муз жамынган сапар ушул - тар кыя.
Такси келет... Ичиркене ичинде,
Талаа-түзгө ичим чыкпай суз карап,
Кунары качкан дымып турат туш тарап.
Кан айланган көңдөй намыс курутуп,
Алаканга кара канын чубуртуп,
Тамыры өлгөн жүрөгүмдү эзмелеп...
Табыла элек дале өзүмдү жемелеп...
Карысам да, кай күндөргө кабылсам
Сүйгөн дайым... күткөн атам-энемдин
Тамын көздөй шыбактары ураган,
Кубансам да түпкүрүмдө кубара,
Такси ичинде чама-чарксыз келемин!

Залкарбекке ааламдагы куралсыз согуш, мүшкүл адамдардын “үй камагына” чыгарылышы, белгисиз апааттын канчалаган өмүрлөрдү жалмап келатышы сар-санаага батырат, кабыргасын кайыштырат. Акындын “Илдет” жана “Өрт” деген ырлары таажы вирусунун алааматына арналган. Адамзат башынан өткөрүп жаткан тумандуу күндөрдүн элесин акындын калеми “күйүп жаткан өрткө, тилсиз жоого” салыштырат, эч нерседен капарсыз турмушка кирип келген психологиялык аткылоонун азабын жан дүйнөсүнөн өткөргөн кадыресе биз, адамдардын ички сезим-туйгусун, кабылдоосун, коркуу, чочулоо, стресс абалдарга кириптер кылганын (Жаратуучу, сени эстеди заматта, \ Жай турмушта жүргөн үмүт пул издеп) таамай айтып берет, бирок көпчүлүгүбүздөй эле кантип күрөшүүнүн, кандай чара көрүүнүн, эмне кылуунун айласын айтып бере албайт.

Муну автордун жаштыгына, али турмуштан кагылып-согулуп, жүрөгү катый электигине шылтап коёлу. Дегинкисинде мындай учурда духтун бекем, бийик, албарс миздүү жана адамдардын ар-намысына, атуулдук парзына добулбастай кагылган, Кызыл туудай жалындуу идея-чакырык болсо, жаман болбос беле?..

РизванИсмаилова, филология илиминин кандидаты, ОМЮИ доценти.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз