Табылды Муканов: Ыр дептерим

  • 13.01.2024
  • 4597

Ыр дептерим — академиям тырнактай
өзүм ачкан!
көз уялткан!

Жүрөгүмдүн түбүндөгү чөнтөгүмө
катып жүрөм көп убактан,
барактары шарактап... баары жаңы —
илимий институттун каалгалары.
Бүтпөйт анда сөздөрдү бутактардай
кыйыштыруу тажрыйбалары.
Саптар келет, саптар кетет узун-кыска
бири жакса, туруштук бербей бири
бул турмушка...

Саптар куду илимий кызматкерлер,
ойлору кең асман сымак,
ойлору оор жер сымак,
сактап коргоп аларды
жаратамын кайрадан
президенттей мен сынап!..
Ыр дептерим — жаңылыкка жык толгон
тыптырнактай мекемем
өзүм ачкан!
көз уялткан!
Кайра-кайра көз жара бер тынбастан!

01. 01. 1983.

АДАМДЫН МОНОЛОГУ

О, ыйык жер, түндүгүнөн түндү
сүрүп күн өткөн,
о, ыйык жер, күздө алтын,
кышта күмүш күрөткөн,
жаз жамынган жамалыңа
ыраа көрбөй жарыкты,
толукшуган баралыңа
кара мүртөз адамдар
так салышты,
Мен ошондо...
колумдан
чыгарбадым
намысты:
Акыйкатты
калкан кылып жүрөккө,
тутулган күндү жарк эттирип,
жеңип чыктым күрөштө.
Мен
өзүңдү
өлгүс кылып сугардым
канга эмес, мүрөккө!

Бүт дүйнөнү
Мекенимдей гүлдөтүп,
согушчанды сүрдөтүп,
Тургум келет космос менен үндөшүп.
Жетет эми! Кыйла азабын тарткамын
согуш кылган кыйла амалдуу кырсыктын!
Баскым келет
узак жолун өмүрдүн...
Тургум келет
кучагында тынчтыктын!

24. 01. 1965.

САЛЮТ

Замбиректер
кызыл,
жашыл жылдыз бүркүп,
жер дүңгүрөп, түн күлөт.
Шаар үстүнө гүл өстү,
Данко сууруп ыргыткандай жүрөктү.
Караңгылык калтаарып,
«Ураалады» балдар термеп дүйнөнү.
Чатырлардан учуп чыкты кептерлер
тынчтык күндөгү!
Көрдүм чолок адамды,
чекесинде «каналы» бар ок салган.
Көөдөнүндө жылдыз күйөт...
Ооба, ооба,
мен төрөлө электе,
жексен кылып танкаларын душмандын —
чын адамдык сүрү менен топ жарган.

Өмүр үчүн,
Күн үчүн,
кирпик какпай күнү-түн,
жүрөгүнө калкан кылып үмүтүн,
тууган жерди кастарлаган
канатынын астында.
Боордошторун
жолдош кылган жакшы ырга.
Жаздык кылып топурагын окоптун,
каңырыкты махоркодой түтөткөн.
Дүрбү болуп көздөрү,
душман жолун карегине батырган.
Душман оюн
эрки менен качырган
мен төрөлө электе...
Тревога албарс кылган сезимин.
Аккан каны жерде эмес,
Желекте!

Октор таарып оң колун
жыгылганы,
жыргап өпкөн жери эсте!
Мына салют,
жүрөк эркин сактаган!
Эл турмушун, тынчтык күндү даңктаган!
Күндөн бетер күлүмсүрөйт ал адам —
өрттү кечип, өргө сүйрөп өмүрдү,
Жыйырма жашта эне сүтүн актаган!
01. 06. 1965.

ЭТЮД

Шыбакта жатсам жантайып,
булутсуз асман чаңкайып,
Калжаят бүкүр аскалар,
калышкан өңдүү картайып.

Көңүлдү тартат мүнөттө,
кубаныч кошуп жүрөккө,
Кырдагы эки карагай,
чыккансып «балбан күрөшкө».

Бир нерсе издеп курулай,
тоо ашып кетти сулуу Ай
Артында калды жылдыздар,
чачылып түшкөн шурудай.

Асмандын жүзүн таң чайып,
ажарын төктү кашкайып.
Ойгонгон тоолор уйкудан
карекке чөктү шаңкайып.
05. 05. 1965.

ЖЕР

Атам, абам
Ыйык жерден чаңдай силкти душманды...
Оо алыста... колдор калды, бут калды —
келишти алар,
жеңиш менен келишти!
Тосуп алды оомелжиген ак буудай.
Тосуп алды чоң аталар
Үмүт жанган көздөрүнөн жаш кулап,
Тосуп алды чоң энелер
кулач жайып ак куудай.

Ыйлап жатты...
Күлүп жатты жаш бурак...
Жеңиш менен төрөлдүм!
Жеңиш менен төрөлдүм!
Манжасы жок кайраттуу кол көтөрүп,
Төбөмдөгү Күнгө жакын ыргытты,
канат кагып ыйлап жаттым баркырап,
Атам айтты:
— Бомба көмгөн жылдыздын
ордун бастың, ордун бастың жаркырап!..
Жаркырап!..
Эмгектедим жер боорунда эрбеңдеп,
жердин ысык топурагын чеңгелдеп
Ак мамадай...
Кайрат эмдим...
Кумурскага достоштум...
Жер дегениң күчтүү, чебер экен го! —
Сезимдерди курчутту да албарстай,
жылма мээме бырыш салды жаңгактай...
Акыркы ирет өптү атам,
Анар бетти тикендери сайгылап,
эстелигин калтырды да жүрөккө,
жерге өмүрү сиңип кетти мүнөттө.
Ошол күндөн
сүйүп калгам мен жерди,
көрдүм андан атам төккөн терлерди,
кампа толгон арпалар,
кампа толгон буудайлар,
мен чайнаган таттуу нан...
Эй, адамдар, жериңерди сүйгүлө,
койду беле эрезеге жеткирбей?
Каректерге батыргыла,
Каректерге сактагыла,
Челин окко тештирбей!
Ачык тийген күндөй шайдоот күлгүлө,
Жериңерге турсун дайым кеч кирбей?!

25. 08. 1965.

ЖҮРӨКТӨР

Жүрөгүм заңгыраган имараттай,
Толтосу — күн куюлган кенен бөлмө.
Ал чөкпөйт ыргытсаң да терең көлгө.
Анткени, анда тирүү басып жүрөт,
Көз жумган турмуштун алп адамдары.
Тыңшагын ишенбесең, чыккан дабыш
Алардын албан, ысык кадамдары...

07. 10. 1965.

АТЧАН КЫЗ

Капталдай чуркап баратам
каректи сага топчулап.
Жалындай чөпкө жел тийсе
жалт берип атың кошкурат.

Кызыл кан качып жүзүмдөн,
кыйла күн жүрөк буулуккан.
Карагер атың кант берсем
карматар бекен суулуктан?

Этегиң желде. Илинүү.
Жыланбоор камчың салааңда.
Кекилик болуп ким чуркан
келатат экен санааңда...
03. 12. 1965.

*     *     *

Ай, балалык,
акылымды курчуткан айга жанып,
таппадым көл жээгинен, тоо койнунан,
кай жакка түшүп калдың тайгаланып?

...Кедеңдегем
кепкенен жер үстүндө кебелбеген...
муңайбай мезгил менен ат салышкан,
адам пейли ааламдай кенен белем!

Кымбатсың ээ,
кызыксың ай, балалык,
издедим туулган жерге кайра барып.
Атам да арман кылбай көзүн жумган,
алмадай ак жүзүңдөн аймап алып...

Балалык, кетирсең да күндө күнөө,
жолуңа бакыт чачкан дүйнө күлө.
Сүрдөбөй жыйырма жаштан келчи ойноп,
баралык эжекелеп сүйгөнүмө!

БОЗ-УЧУККА

Ак кайыңдуу токоюңа суктанып,
көргөн өңдүү көңүл сүйгөн балетти,
Ийне кылып көздөрүмдүн кирпигин,
кадай берем, кадай берем каректи.
Кыялымды күн нуруна чыйратып,
толгоп койдуң ойлорумду тростой.
Жигиттигим мезгил менен байгеге
катарлашып эми чыкты,
кросстой!
Сууң —музыка! Таң атырып көңүлгө,
Сезимдерди кытыгылап ойготкон.
Жаркыраган жылдыз болуп чак түштө,
Сен дегенде өтүп кетем оймоктон!

ТООЛОРДУН ТОЛТОСУНДА

Тоолордун толтосунда шаркыратма
Тил өңдуү салаңдаган күндүр-түндүр.
Аскалар тунуп калып жаңырыкка
Кагылган добулбастай дүңгүр-дүңгүр.
О, бул жер — менин таза көкүрөгүм,
зоолору жүрөгүмдөй согуп турат,
айланып максатымдай бүркүттөрү...
Ыр болуп шаркыратма мейкиндерге
армансыз өмүрлөрдөй житип кетет.
Жалбырттап жер жүзүндө жашыл ыраң,
акындын зоболосун бийиктетет.
Делбиреп шаркыратма көшөгөдөй
өзүңө саймалаган табийгатты.
Түпкүрү ак жашоомдой кайнап жатат,
андыктан салалбайбыз кайырмакты!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз