Бапа Оморов: Жолугушуу

  • 08.10.2021
  • 2697

Өмөр Молдонун уулу, өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз Улуттук университетинде тарыхтан сабак берген. Доцент Б.Оморов агай ардактуу дем алууда (пенсияда) жүргөн мезгилдеринин биринде Тил жана адабият институтуна, 416-бөлмөсүнө келип, мага ушул новелласын таштап кеткен, эмне үчүн таштаганын айткан эмес. Ал кезде Бапа агайдын атасы Өмөр Молдо, чоң атасы Ныязаалы Молдо экенин, алар акын болгонун билчү эмесмин. Ошондон көп узабай каза болду окшойт.

Омор СООРОНОВ

НОВЕЛЛА

Экөө ойлобогон жерден кезигишти. Кеч күздүн ак шооло-таңында капыстан жолугушкан булар бир секундга бир-бирин эрксиз тиктешип жалдырай калышты. Кыз, туңгуюк ичтен кайрылган онтоо сыяктуу үн чыгарып бир пас аялдай түшүп, токтоор-токтомоксон болуп жүзүн бурду. Алар бир-бирин мурун эч бир көрбөгөн адамдардай болушуп өтүп кетишти.

Ары-бери өткөн эл көп болучу. Кымкуут болушкан, ашыккан адамдар автобустун аялдамасын толтуруп жиберди. Кыздын көзүнө эч нерсе көрүнбөй, өзү түшө турган автобустун номерин да байкаган жок. Ооба, кыз катуу тынчсызданып, аны көргүсү келгендиктен эрксизден бурулду. Жигит көрмөксөн сымалданды. Бирок, «кыз кантер экен» деген ой аны бушайман кылып турду. Ушул жерде кыз, кантсе да, бир чечкиндүүлүк кылды. Жолдошторунан бөлүнүп, арыкты тез аттап, жигитти көздөй кадамдады. Жигит да жалт бурулуп, аны утурлады.

- Кандай, чоңойдуңбу? - үнү дирилдеп, колун кайдигер сунду. Жигит супсак, кунарсыз күлдү.

- Ооба! Кайдасың? Окуп жүрөсүңбү? - деп жигит өз кезегинде сурады. Кыз жооп берген жок. Бирок анын жүзүнө тике жана телмире карады. Бул көз караш жигиттин желкесинен көзөп өтүп, аны тетири бурулууга аргасыз кылды. Ортодо азыраак созулган тынчтык өкүм сүрдү.

- Алган жарың кут болсун! - деди кыз бир топтон кийин.

- Түшүнбөй жатам, - деп жигит ийинин куушурду.

Кыздын оюна «чын эле үйлөнгөн эмеспи?» деген ой-сезими бир секунд кылт дей түштү.

- Үйлөнүптүр деп уккам, - деп баамдай карады да, ойлуу жооп күттү.

- Жок... жөн эле жүрөм, - ал угулар, угулмаксан күңкүлдөп жер тиктеди. Алар дагы унчукпай калышты, экөөнүн тең ою бир жерге токтобой удургуп жатты.

- Сен баарын унуттуңбу? - деди кыз буулугуп.

- А что же, - жигиттин күлгөнү да, үнү да, сүйлөгөнү да кайдыгер эле.

- Мен күнөөлүү белем? Эмне унчукпайсың? - Кыз чыйрала түштү, көөдөнү ызага уугуп, эки көзүнүн кычыгына жаш толуп, муунуп баратты. Жигиттин кайдыгер сөзү, табалагансыган күлкүсү анын жүрөгүн ууланган мокок бычак менен барча-барча тилип жаткансыды.

- Жок. Күнөөлүү эмесмин... андай ойлобо...

- Анда...

- Жаштык... мастык... кыздын сөзүн айттырбай түшүнүп...

- Чөнтөгүнөн папирос алды.

- Жашсыңбы? - кыз кекээрдүү сурады.

- Жашмын... жашмын. Мен элүүгө чыкканча жашмын... А что же... Кыз анын митайымдана жылмайган жүзүнө тигиле, элесин карегине түбөлүккө чөгөрүп жаткансып, терең ойго кетти: «Күткөндүрсүң, келет, жалынат, бутума жыгылат дегендирсиң? Неге мынча кайдыгер өңдөнөсүң? Неге өз оюңду жашырасың? Түшүнөм, мен бардыгына түшүнөм. Жаңылганымды, кечирилгис жаңылганымды да түшүнөм. Алдангам, сенин бал тилиңе эригем... өмүрүмдө биринчи жолу сени тунгуч махаббатым дегем... бирок сен менин ынак сүйүүмдү актабадың. Кош эми!.. Сага жалынбаймын. Аргасыз жашоодон көрө жалгыздык дурус эмеспи?..» деп жатты кыздын көз карашы.

- Сага айтууга көп эле сөз бар... бирок... «Айтып не, айтпай не, айткан күндө да сен туура түшүнмөк белең», - дегендей өкүнүчтүү башын чайкады кыз.

- Айт, эң эле сонун болот, пожалуйста...

Жигит кыздын адресин кирбелбей жатка айтып:

- Баягүнү барсам жок экенсиң, - деди акырында актангансып. Ал жигиттин көз көрүнөө калпына мыскылдай күлдү.

- Эмне, бир жылдан кийин түшүңө кирдимби? Баягы эле Мыктыбекмин дечи... Кош!..

Экөө эки бөлүнүштү. Кыздын жүрөгү ачышып, жолдошторун унута, туш келди, өзү билбеген автобуска олтурду да, эч нерсени сезбей, туңгуюкта баратты... Анын көз алдына узун бойлуу, шумкар көз, карасур жигит тартылып, ошону кубалап келаткансыды.

- Унуттуңбу?

- А что же? Жаштык... Мастык...

- Мен сени көрөм деп ойлогон эмесмин.

Кыз бир остановка өтүп барып түштү. Жатаканага кайтып келип, чүмкөнүп жатып калды. Анын солкулдаганынан улам айланадагыларга ыйлаганы билинип турду.

*     *     *

Түн... Кыздар тынч уйкуда, Айжаркын гана жаздыгын кучактай ой толкунуна термелет. Түн... кыз сырдашуучу, бүгүн жүрөктөгү черин жазуучу түн... Бүгүнкү беттешүүдөн кийин Мыктыбекке болгон тунук сүйүүсү, ал экөө араздашкан күндөн кийинки жек көрүүнү огобетер күчөттү. Бир кездеги алоолонгон ысык сезим заматта өзгөрүлгөнүнө таң калды. «Ырас, - деди кыз, - мен аны сүйөм. Шаршенбектен да ысык сүйөм. Ал кезде Шаршенбекти көзүмө илбестен, Мыктыбек менен колтукташып басып кетчү элем”. Шаршенбек болсо узата карап кала бере турган. Шаардын жылдыз төккөн кышкы түнү, өрттөй кызыл «Москвичтин шоферине катар отурган ойлуу жигит, созолонгон обондор, бий эсине түштү. Айжаркын ошондо биринчи ирет жигит менен катар отуруп, анын күчтүү кучагында термеле бийлеп, өмүрүндө биринчи жолу ушул Мыктыбекти жактырган. А дагы анын жанына улам жакындап, өрүм чачына колун тийгизген. Балдарды кагып, нокто катыла элек азоо тайдай азоолонгон кыз, негедир Мыктыбектин орундуу сөздөрүнө, жеке эле эмес, назик жүрөгүндөгү айланган таза алгачкы сезимге баш ийген.

Мыктыбек токтоо, акылдуу жигиттей көрүнгөн. Көрсө, анын жүрөгү туруксуз, мүнөзүнүн баары жасалма тура.

Кече көңүлдүү өттү, эртең менен узатып жатып:

- Жолугушуп туралы ээ? - деди Мыктыбек. Айжаркын менен Мыктыбек Айжаркындын жолдош кызынын күйөөсү аркылуу ушинтип таанышып калган.

*     *     *

Айжаркын Мыктыбекти чыдамсыздык менен күттү, анын келишин самады. Анын элеси көз алдынан кетпеди. Күндөрдүн биринде:

- Айжаркын деген кыз барбы? Эшикте бирөө чакырып жатат, - деди бир кыз. Ошондогу Айжаркындын толкунданганын ай... өзүнөн өзү буйдалып, сүрдөп жатып көчөгө чыкты.

- Бүгүн эч жакка барбай эле койчу! - деди Мыктыбек.

- Сабакчы? - деп Айжаркын таңдана сурады.

- Барбай эле койсоң!..

- Барам, сени менен башка убакта деле жолугушууга болот да.

Алар киного киришти. Көчөдө көпкө жүрүштү.

- Болуптур, - деди Мыктыбек кайтып келе жатып. - Баса, Айжаркын, канча бир туугансыз?

- Үч бир тууганбыз, экөө уул, - деди Айжаркын.

- Уул жакшыбы же кыз жакшыбы? - деп калды Мыктыбек.

- Албетте, кыз жакшы, кыз боорукер болот.

- Кыз эмне уул болуп бермек беле? «Кызы бардын изи бар, уулу бардын өзү бар» дейт.

Айжаркын Мыктыбекти чолуй бир карап алды да, таарына түштү. Карабай эле жатаканага чуркап кирип кетти.

Акыркы жолу алар кечеден кокусунан жолугушту. Айжаркын көрмөксөнгө салып өтө бергенде, Мыктыбек алдын тосо колдон алды.

- Азыр эле сага барып таппай келатам, бүгүн саат алтыда жолугушалы, эч кайда кетпе! - деди ал.

Айжаркын Мыктыбектин калп айтканын билген жок, чынында ал Айжаркынды ойлогон да эмес. Ошол кечте Айжаркын Мыктыбектин ким экенине түшүндү. «Сен меникисиң, Жаркын, сени эч кимге бербейм» - деген Мыктыбек, экинчи басып келген жок. Ал күнү Айжаркын Султандын үйүндө Мыктыбек менен таарынышып, чыгып кеткен. Артынан эч ким келбеди, ал жөн кеткен эмес, Мыктыбектин ыплас жүрүш-турушунан качып, өзүнүн аппак сүйүүсүн коргоп кетти. Мыктыбекти оңолор, анын сырына түшүнөр деп көп күттү. Бирок ал ою ордунан чыкпады. Айжаркын үчүн аны ойлоо да, көрүү да оор эле. Бирок Мыктыбектин эч качан, ошол туңгуч сүйүүсүнөн алган оор соккудан кийин, тээ алыска, Мыктыбек жок жакка кеткиси келди.

Бирок кең максат... алдыга койгон тунук максат жипсиз тушады. Ал эми ынак сүйүүсүн окууга, илимге арнады. Күндөн күнгө жаңырган турмуш Айжаркынды эркелетип, алаксытты.

«Мен сага кандай тунук болсом, ошол бойдон кала берем. Бир гана суранарым, сүйгөнүңдү жер каратпа, мен сени сыйлап жеңем» - деди Айжаркын. Мыктыбектин элесине, анын чолпон көзүнөн туптунук тамчы жаздыгына кулады. «Унутулат, кайта жаңырат. Жаштыкта боло берет» - деди ээрчиген элес. «Негедир сен Хосровго окшойсуң, Мыктыбек. Бүттү... баары бүттү. Бирок максат... максат бүтпөйт, түгөнбөйт, өлбөйт. Менин максатым, таалайым эртеңки күндө». Элес жоголду, Айжаркын түшүнөн чочугандай башын көтөрүп, айланага кулагын түрдү. Кыздардын гана бир калыпта дем алганы угулат.

*     *     *

Терезе тырс этти. Айжаркын чочуп ойгонуп, тыңшай калды. Дагы тырс этти. Кечеги жолугушууну эстеп кабагы бүркөлө түштү. Дагы кимдир... кар менен урду, Айжаркын ордунан жеңил туруп, халатын жамынган бойдон терезеге келди.

“Кар жааган экен го!” - деди ал өзүнө. Ак жумал, шыңга бойлуу, кара каш жигит эки жолдошу менен карап турган экен, ал жылаң баш, жакасын тик көтөрүп алыптыр.

- Жаркын, түш бери, түшүп келчи!» - деп жигит тишин кашкайта күлдү. «Эх, Султан... Султан! Сени неге бир кезде жер каратып, өзүмдү сенден неге өйдө койдум экен! Сен баарын кечирдиң, менин алдыма турмушту жаңыча ачып, мени чөгүүдөн, санаадан куткарып калдың. Сен болбосоң ошондо... ата-энемди таштап тээ алыска кетүүгө даяр эмес белем. Сен жана менин бала кездеги жүрөккө уюган максатым ал ишке жол бербеди. Ырахмат сага!» - деди Айжаркын өз оюнда.

Ал аппак болгон бак-даракты тиктеп ойлоно түштү. Кыштын биринчи кары ага кооз да, ысык да эле. Ар дайым чыдамсыздык менен күтө турган. Ал кышты сүйчү, анткени анын биринчи сүйүүсү кышта башталган...

- Жаркын ай! Уйкуң канбай калган окшобойбу? - деди үн кыздын оюн бузуп. Айжаркын жалт бурулду. Анын кечээги жолугушуудан кийинки оор сезимин Султандын тунук күлкүсү жууп кетти.

- Жок, тескерисинче жакшы уктадым. Силер мынча эрте келдиңер? Сырт суук ко, - деди ал.

- Кой-Ташка барабыз, тезирээк чык. Кышты тособуз. Сен кышты сүйчү эмес белең? - деди Султан жадырап-жайнап.

Бир аз убактан кийин, алар түшкөн кар түспөлдүү жеңил машина жаштарды Кой-Ташка алып жөнөдү.

6-июль 1983-жыл. Ысык-Ата.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз