Араб кол башчысын даңктоо бизге зарылбы?!

  • 11.10.2021
  • 4444

VIII кылымдагы араб аскер жортуулдары жана Кутейба ибн Муслимге таандык деп жоромолдонгон Ноокаттагы бейит тууралуу блог.

«Эл тамыры - Жер тамыры».
Түгөлбай Сыдыкбеков

Тарыхты үйрөнүүнүн зарылдыгы

Тарых санжыраларда, эстеликтерде, китептерде, окуулуктарда, музейлерде эле жашабайт. Тарых элдин аң-сезиминде жашап, эртеңки келечегин да аныктайт, багыт берет. Ал эми келечек өлкө лидерлеринин даанышмандыгына, элдин билим деңгээлине, аң-сезимине, тутунган багытына жараша болорун Кыргызстандын соңку тарыхы айкын көрсөттү.

Кыргызстанда эгемендик жылдары улутту уңгу жолго багыттоо, жарандарды өз маданиятына, салт-санаасына, тарыхына аяр мамиле кылып, урматтоого үйрөтүү иши айрымдар үчүн көмүскөдө калды. Жаш муунду кой, орто курактагылар арасында да эзелтен келаткан үрп-адаттарды чануу, бөтөн элдердин этегин кармап, аларга жетеленүү өнөкөтү байкалууда. Эчен кылымдар бою эволюциялык жол менен өнүгүп, бир калыпка түшкөн улуттук салт-санаабызда, сүйлөө лексикабызда күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп, мурда эзели элибизде кездешпеген көрүнүштөр кадимки нормага, адатка айланууда.

Мурда лексикабызга орус сөздөрү кызуу кирсе, бүгүн бир катар араб сөздөрүн өзгөртпөй айтуу кайрадан «мода» болуп калды. Түрдүү дааватчылар менен видеоташбыйкатчылар мыйзамдуу негизде тыйылбаса, өкмөт тарабынан улут уңгусун, маданий, тарыхый жана архитектуралык дөөлөттөрдү сактоо боюнча стратегиялык чара көрүлбөсө, бул жараян дагы тереңдей берери талашсыз.

Бул иште тарых илиминин жана тарыхчылардын вазийпасы да чоң деп ойлойм. Албетте, тарых илимин, анын ичинде чөлкөм тарыхын туура окутуу мугалимдерден тийиштүү илимий-теориялык даярдыкты, тарыхый окуялар, фактылар менен жараяндарды мектеп окуучуларына, студенттерге калыс талдап түшүндүрүүнү, ал эми журналисттерден тарыхка байланыштуу маалыматтарга кылдат мамиле кылууну талап кылат.

Кутейба деген ким?

Береги маселе жөнүндө сөз козгошума Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү «Сахаба» эс алуу багында Кутейба ибн Муслимдики болушу ыктымал деген сагананын кайра курулушуна байланыштуу өткөн январь айынын соңку күндөрү «АКИпресс» сайтына чыккан материалдар түрткү берди.

Оболу «Ноокатта көрүнүктүү араб кол башчысынын сөөгү көмүлүшү мүмкүн деген күмбөз 1,5 млн. сомго оңдолууда» деген темадагы кабарды окуп көрөлү.

«...Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Мухаммед пайгамбардын сахабалары 6-8-кылымдарда Фергана өрөөнүнүн аймагында жашаган калкка ислам динин жайылтыш үчүн келип, ушул жерде жашаган.

Абу Хавс Кутейба ибн Муслим көрүнүктүү кол башчы болгон. Хорасан мамлекетин башкарган жана өмүрүнүн соңку 13 жылында Мавераннахр облусун башкарып, ислам дининин душмандары тарабынан өлтүрүлгөн».

Жогорудагы биринчи жана үчүнчү сүйлөм мазмуну жактан тарыхый жана илимий булактардагы маалыматтарга, тагыраак айтканда, илимде кабыл алынган түшүнүктөргө караманча каршы келет.

Мухаммед пайгамбар 632-жылы өлгөн, анын сахабалары (аны менен түздөн-түз чогуу болуп, жүрүштөрүнө катышкан, аны колдогон замандаш шериктери) ошол VII кылымда эле дүйнөдөн өткөн, ал эми Фергана аймагына арабдардын баскынчылыгы VIII кылымдын башында, башка муундардын учурунда башталып отурат.

Кутейбаны каапырлар өлтүрдүбү же мусулман жоокерлерби? Бул маселеге да бир аздан кийин токтолобуз.

Бардык эле илимий эмгектерде Мавераннахрды байырлаган согдулардын, жергиликтүү түрктөрдүн жана ферганалыктардын арасындагы бытырандылыктан пайдаланып, араб баскынчылары чөлкөмдү басып алганы, максат - жаңы жерлердин эсебинен халифатты кеңейтүү болгону айтылат.

2003-жылы Бишкекте чыккан «Кыргыз тарыхы» энциклопедиясынын 385-бетинде «712-738-жылдары Түргөш кагандыгы Орто Азияга батыштан басып кирген араб баскынчыларына каршы чечкиндүү согуштардын негизги тиреги жана уюштуруучусу болгон. Түргөштөр Мавереннахрдагы согду калкы менен бирге баскынчы арабдарга каршы сокку уруп турган...» - деп таасын айтылат.

Байыртан аскердик жортуулдарга бөтөн жерди багындырып, элин талап-тоноодон баюуну көздөгөн адамдар желдеттикке алынган. Араб баскынчыларынын Орто Азияга (жалпы Борбор Азиянын батышына) карай баскынчы жортуулуна йемендик, сириялык, ирактык арабдар жана халифат багындырган айрым башка элдердин өкүлдөрү да катышкан.

Албетте, аскерлердин уюткусун араб урууларынын кошуундары түзгөн. Аcкерлер менен чогуу жаңы жерлерде ишенимдүү жөлөк болушу үчүн арабдар да көчүрүлүп барган. Мисалы, 667-жылдан кийин Ирактын Басра жана Куфа шаарларынан Хорасанга 50 миң үй-бүлө көчүрүлүп келген.

(Караңыз: Gibb, H. A. R. The Arab conquests in Central Asia. London: The Royal Asiatic Society, 1923. VIII, 17-бет. Булагы:University of Nebraska OmahaDigitalCommons@UNO).

Бирок да көйкашка тажик аалымы, академик Бабажан Гафуров (1908––1977) белгилегендей, Кутейба ибн Муслим 705-жылы Хорасандын башкаруучусу деп дайындалганга чейин арабдардын жортуулдары тийди-качты мүнөздө жүрүп, «басып алынган аймактарды талап-тоноонун эсебинен тигил же бул кол башчынын баюусу үчүн кызмат кылган».

Кутейба ибн Муслимдин аскерлери 706-жылы Мавераннахрдын эң бай шаары, Бухарадан 40 чакырым же жети фарсахтай аралыкка жуук орун алган батыштагы Пайкенд шаарын узакка созулган (бир маалыматтар боюнча 50 күн, экинчи маалыматтарга ылайык 10 айга созулган) камоодон кийин ээлеп, талап кетишет.

Баскынчылар бул калаадан чыгып кеткен күнү эле пайкендиктер мында калтырылган араб гарнизонун тындым кылышат. Кайтып келген Кутейба байыркы шаардын күлүн асманга сапыртып, бардык эркектерди кырдырат, ал эми аялдар менен балдар кулга айландырылат.

709-жылы арабдар Бухараны экинчи жолу багындырууга келгенде көөнө шаардын эли катуу каршылык көрсөткөндүктөн, Кутейба жоокерлерин шыктандырыш үчүн ар бир душмандын башы үчүн 100 дерхемден акча саят. Ал эми чогултулган мавераннахрлыктардын баштарынан пирамида тургузулат. Дээрлик алты кылымдан соң, 1398-жылы эмир Темир да Ооганстандын Кафиристан (азыркы Нуристан) аймагында исламга табынбаган калайык-журтту каратып алып, анда кырылгандардын баштарын берегидей жолой менен үйдүргөнүн тарыхчы Шараф ад-Дин Йезди жазып калтырган эмеспи.

Айлакер Кутейба ибн Муслим деги эле Орто Азияны басып алууда жергиликтүү элдерди бири-бирине тукурганды, мал-мүлк жөнүндө убада берип, жүрүшкө азгырганды мыкты билген. Ошон үчүн Самаркандга жортуулга чыкканда ага бухаралыктар менен хорезмдиктер көмөктөшкөн.

Муну көргөн Согду падышасы Гурек ошондо Кутейба менен жан-жөкөрлөрүнө:

«Сен мени менен менин агайындарымдын жана менин үйүмдүн адамдарынын колу менен салгылашуудасың, сен мага каршы арабдарды чыгар!» дегенин ислам тарыхчысы Абу́ Жафар Мухаммад ибн Жарир ат-Табаринин «Тарых» эмгегинде баяндалат.

(«История» ат-Табари. Избранные отрывки / Перевод с арабского В.И. Беляева с дополнениями О. Г. Большакова и А. Б. Халидова).

Самаркандды коргоого жардамга келаткан түрк каганынын кенже уулу Инэл-каган баштаган тандалма кошуун буктурмага кабылып талканаланат.

Байыркы калаа бир айлык коргонуудан кийин душмандын колуна өтөт. Ибадаткана (храм) же таатканалардагы кудайлардын буркандары өрттөлөт. Бектер шаардан сыртка айдалып, үйлөрү аскерлерге берилет.

Кутейба ибн Муслим Самаркандды башкарууга бир тууганы Абдулла ибн Муслим баштаган аскерлерди калтырып, ага колунда чопо мөөр жок кудайы көптөрдү киргизбөөгө, мөөрү кургап калгандарын турган жеринен өлтүрүүгө буйрук берет.

Кутейбанын Хорезмди жана Самаркандды каратып алышы анын кол башчы катары даңкталышына жол ачат. Арабдардын кайсит урууларынын акындары Кутейбаны төмөндөгүдөй даңкташат:

Кутейба ар күнү олжо чогултат/

Жана байлыгына жаңы байлык кошот./

Ал бахилит (арабдардын уруу аталышы. –– Ред.), башына таажы кондурулган,/

Анын чачы кара эле агарды./

Ал Согдуну аскерлер менен бүлүнттү эле,/

Согд жылаңач отуруп калды./

Мына атасын жоготуп, бала ыйлап жатат,/

Жана кыйналган атасын көрүп бала боздойт./

Ал (Кутейба) кайсы өлкөгө токтобосун жана кайсы өлкөгө келбесин,/

Анын жоокерлери терең из калтырат.

(Орусчадан автордун котормосу).

Орусиялык таанымал араб таануучу жана тарыхчы Олег Большаков жазгандай, «ал кезде душманга катаал мамиле кылуу эрдик деп эсептелген».

(Караңыз: Большаков О.Г. История Халифата; Ин-т восточных рукописей РАН. — М. : Вост. лит., 2010. –– Т. 4. –– 368 с. –– ISBN 978-5-02-036415-8. –– 109-бет).

http://kronk.spb.ru/library/bolshakov-og-historia.htm#4

Ошон үчүн Кутейба жана башка араб колбашчылары жетектеген жапырык заманындагы туткундарга көрсөтүлгөн мыкаачылыкты тизмектеп айтпаса деле окурманга түшүнүктүү болду го.

Түргөш каганаты, Согд, Чач жана Фергана мамлекети бир нече жолу Кутейба баштаган күчтөргө каршы чогуу салгылашат, бирок жеңишке жетпейт. Анткени алардын ич ара ынтымагы улам бузулуп турган.

Алсак, кыргыз чыгыш таануучусу, профессор Өмүркул Караев (1930––2002) «Көөнө түрктөр тарыхы» эмгегинде Кутейба өз чалгынчысын жиберип, анын көмөгү менен Согду падышасы Тархун менен түрктөрдүн (Түргөш кагандыгынын калкынын) ортосундагы ишенбестик жаратууга жетишкенин белгилейт (Бишкек, 1994, 55-бет).

Тажик академиги Б. Гафуров да түпкүлүктүү эмгегинде (Таджики: древнейшая, древняя и средневековая история. 2-е изд. В 2-х тт. — Душанбе, 1989. 2 том, 20, 21, 22-беттер) ушундай маанидеги маалыматты келтирип, араб баскынчылары Мавераннахрга басып кирген биринчи күндөн тартып Орто Азиянын аймактары ич ара бирикпеши үчүн колдон келген айла-амалдарды жасашканын чагылдырган.

Демек, араб баскынчылары Теңир-Тоодогу түрк көчмөндөрү менен Орто Азиянын дыйканчылык менен күн көргөн оазистеринин арасындагы карама-каршылыкты пайдаланып, аларды жаатташтырган жана бири-бирине каршы тукурушкан. Согду падышалыгында жана башка шаарларда жергиликтүү төбөлдөрдүн айрымдары жең ичинен иш жүргүзүп, керт башынын кызыкчылыгы үчүн баскынчылар менен тил табышып кеткенине тарыхчылар көңүл бурушат.

Араб халифтери басып алган жерлеринде исламды жайылтуу аркылуу өз башкаруусун бекемдеп отурган. Мындай саясат Борбор Азиянын башка аймактарында да колдонулат. Башка диндердин таасирин жокко чыгарыш үчүн халифтин башкаруучулары Орто Азия элдеринин жергиликтүү диний адабиятын жок кылат.

Натыйжада Мавераннахр элдеринин диний жана дүниябий (секулярдык) адабияты, анын ичинде согду жазмалары дээрлик толук бойдон жоголот. (Алар эми археологиялык жана текстологиялык иликтөөлөр аркылуу тарыхка кайра кайтарылууда).

Исламды кабыл алып, мусулман ибадаттарын аткарган жергиликтүүлөргө алгач бир кыйла жеңилдиктер берилет. Ал түгүл кызыктырып акча төлөнөт. Ал эми мусулманчылыктын жөрөлгөлөрүн аткарбагандар, ат-Табаринин «Тарыхында» көрсөтүлгөндөй, жыл сайын киши башына өзүнчө салык төлөп турушкан.

Кутейба 715-жылдын башында кайрадан Фергана өрөөнүндөгү Согду аймагына жортуул уюштуруп, согду падышасын ордодон кууйт. Таланттуу жана катаал кол башчынын андан аркы басып алуучулук пландарына Омеййа халифатындагы бийлик алмашуу тоскоол болот.

Ал эми анын өлүмүнө текебер мүнөзү себеп болуп, өз кандаштарынын (исламдын душмандарынын эмес, арабдардын) өзүнө каршы кутумунун айынан мерт болгон.

Ислам тарыхчысы ат-Табаринин «Пайгамбарлар жана падышалар тарыхында» Кутейба менен кошо бир туугандары Абдурахман, Абдулла, Убайдулла, Салих, Башшар, Мухаммад, өз уулу Касир, Абдурахмандын уулу Мугаллис өлтүрүлүп, бир эркек жана бир ургаачы боору аман калганы айтылат.

Хорасандын кыйын чыкма өкүмдарынын жакындары, арийне, жооп топ жоокер башкарган кол башчылар болчу. Ага байланыштуу ат-Табаринин эмгегинде мындай бир көңүл бурчу аңгеме бар.

Омеаййа халифи Сулайман аты аталбаган бир карапайым кишиден «Хорасандын башкаруучулары Кутейбаны да, Йазидди да өлтүрдүңөр, алардын кимиси каардуу эле?» деп сураганда, тиги киши мындай дейт:

«Эгер Кутейба Магрибдеги бир терең үңкүрдө колу-буту кишенделип отурса, Йазид жаныбызда, биздин өлкөдө, бизди башкарып жүрсө, ошондо да Кутейбадан алда канча көп коркуп турмакпыз...».

Баскынчыны даңазалообу?

«АКИпрессте» жарыяланган «Ой-пикир: Ислам дининин Кыргызстанга таралыш тарыхынан. Кутейба ибн Муслим» деген макаланын автору - эл агартуунун алдыңкысы Абдрахман Айдосов экен.

Бул агай макаласында негизинен «Араб халифатынын белгилүү улуу кол башчысы, ислам динин Борбордук Азияга таркатуучу» Кутейбанын жеңиштерин санап, бирок ал Мавераннахрдагы аскердик жортуулда басып алган шаарларынын элине кандай зулум мамиле кылганына, аларды баш ийдириш үчүн эмне айла-амалдарды колдонгонуна токтолбойт. Бирок Кутейбанын колбашчылык ийгилигин бул эки сап сүйлөм менен баса белгилеп көрсөтөт:

«705-715-жылдары Кутейбанын кол башчылыгында вассалдык укук менен халифатка тѳрт мамлекет кирди, экѳѳ жок кылынды. Жаңы кошулган аймак 600 чарчы чакырым аймакты түзүп, адам саны 1 миллиондон ашты».

Ушундан көрүнүп тургандай, исламды баскынчылык жол менен жайылтуу халифаттын жерин кеңейтүү, каршылык көрсөткөн шаарларды бүлүнтүп, багындыруу менен коштолгон.

Ал эми өз жерин, өз маданиятын жана өз үрп-адаттарын баскынчылардан коргоо - жергиликтүү калк үчүн эч качан кылмыш болбогонун баса белгилөө абзел.

Мунун баары эми - өткөн тарых. Аны оңдоп да, түзөтүп да, кайра бурмалап жазып да болбойт. Бул фактылар - мамлекеттик саясатта дин кандай максатта колдонулуп жүргөнүнө бир мисал.

Борбор Азияны кылычтын мизи менен багындырган аскер башчы Кутейбаныкы деген күмбөздү кайра курууга, айыл өкмөтүнүн башчысы Нодирбек Розалиевдин маалыматы боюнча, жалпысынан 1,5 миллион сом сарпталган. Анын 700 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен чегерилген. Бюджеттен дагы 100 миң сом бөлүнүшү каралыптыр.

Арийне, Жаңы-Ноокаттагы Кутейбаныкы деген күмбөз түрдүү оюн-зооктор өткөрүлүп турчу жайга туристтерди тартыш үчүн да кайра курулгандыр. Бирок тарбия жагычы? Бул күмбөз чынында да Кутейба ибн Муслимге таандык экени тарыхчылар тарабынан даана тастыкталдыбы? Бул маселе боюнча деги тарыхчылардын пикирлерин сурашты бекен?

Күмбөзгө келип, дуба окуп, бата кылган адамдарга Кутейба тууралуу кандай аңгеме айтылат? Анын кандай «эрдиктери» даңкталат? Бизге Кутейбадай Ата Журтубузга сырттан кирип келген баскынчы баатырлар үлгү болушу керекпи?

Айтмакчы, Кутейба ибн Муслим Фергана өрөөнүнүн эгемендик үчүн күрөшкөн калайыгынын колдоосуна ээ болгон эмес жана 715-жылы араб баскынчыларынын ички кутумунун убагында өлтүрүлгөн. Ал Фергана өрөөнүнүн кайсы жеринде өлгөнү да эч так эмес.

Ушул жагын Ноокат районунун жетекчилери менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн депутаттары ойлоду бекен же алар үчүн эч тастыкталбаган жоромолдорго гана таянган фолк-хисторинин маалыматы баалуубу?

P.S.

Анан да сөз болгон эки макалага байланыштуу эне тилибиздин нормаларын сактоо жөнүндө учкай сөз кыла кеткенди да туура таптым.

Арабдардын «сахаба» («сахаабатун» –– «үзөңгүлөш», «шерик» сөзүнөн; анын көптүк түрү –– «асхаб») термини кыргыз тилине сакаба, сааба болуп эбак кирген.

Мисалы, «Манас» эпосунда:

«Сакалын бурап толгогон,

Атаңды сакабалар колдогон», - деп айтыларын Хусейин Карасаевдин Карасай сөздүгүнөн, ошондой эле Кыргыз тилинин сөздүгүнөн жана проф. К.К.Юдахин түзгөн Кыргызча-орусча сөздүктөн көрөбүз.

Ошон үчүн кыргыз тилинин эрежесине ылайык болсун десек, эс алуу багы «Сакаба» же «Сааба» деп аталышы абзел деп ойлойм.

Бул эреже акыркы жылдары массалык маалымат каражаттарында кеңири колдонула баштаган «махалла», «Аллах», «халал», «харам» жана башка сөздөргө да тиешелүү. Анткени, аталган араб сөздөрү кыргыз тилинин адабий жана сүйлөө тилине «маале», «Алла», «адал», «арам» түрүндө өткөн кылымдарда эле өздөштүрүлүп кирген.

Амирбек Азам уулу

“Азаттык”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз