Махтымкули Фрагинин ырлары Амирбек Азам уулунун котормосунда

  • 02.07.2021
  • 4291

Боордош эл адабиятынын ири өкүлү Махтымкули Фраги (1724-1807) түркмөн адабиятынын классик акыны жана философу. Улуу акындын төмөндөгү эки ырын түркмөн тилинен кыргызчага түз которгон Амирбек АЗАМ уулу...

Бакырмын

Мекенимде кан элем,
Кандарга парман элем,
Кеселдерге дарман элем,
Карыптарга дүкөн элем,
Жансыздарга жан элем,
Не деймин, мен энди бечарамын.

Көзсүздөрдүн көзү элем,
Дудуктардын тили элем,
Өз элимдин жүзү элем,
Көзөл кыздардын назы элем,
Хатам Тайдын* өзү элем,
Не деймин, мен энди бечарамын.

Эдем бакта райхан гүл  элем,
Мекенимде зеравшан гүл элем,
Эр жигиттин чобуру элем,
Тоо башында туман элем,
Мени Пир-ага дешип, ар балээден аман элем,
Мен энди кыйраган бир аксараймын.

Сен эмнесиң?

Сени эгерим көрбөдүм, сүйүктүүм!
Мисинчесиңби, булбулсуңбу, эмнесиң?
Кайгыдагы көңүлүмдү кыялымда сооротом,
Бак ичинде гүлсүңбү, сен эмнесиң?

Бакырсыңбы,  сейитсиңби, кожосуңбу,
Шарап куйган сакысыңбы,  шарапсыңбы, чөйчөксүңбү,
Жылсыңбы,  жарыксыңбы же караңгы түнсүңбү,
Же айсыңбы, же күнсүңбү, деги эмнесиң?

Мен айталбайм:  чарыксыңбы же дөңгөлөк,
Аңкыган атырсыңбы, же көк нурлуу зумурутпу,
Деңизсиңби,  же толкунбу алкынган, же жоошуган,
Же көк ирим, же тайыз көлбү, деги эмнесиң?

Алтынсыңбы, күмүшсүңбү, же зерсиңби,
Же көксүңбү, же алтын так, же жерсиңби,
Жакутсуңбу, маржансыңбы, же  дүрсүңбү,
Чыраксыңбы, жарыксыңбы, деги эмнесиң?

Мактумкули, кеч намысты, ташта уятты,
Колуң бошот бул опаасыз түйшүктөн,
Дүйнө толгон сүйгөнүңдү билбейсиң,
Же массыңбы, же мажнунсуңбу, кимсиң өзүң?

*Хатам-Тай. Хатим ат-Таи, Хатим -Тай, арап акыны, тай уруусунан.  Арап жарым аралында жашаган. Бей-бечаралар менен чексиз байлагын бөлүшкөн берешендигин  көрө албаган бай уруулаштары  колу ачык акынды 578-жылы Хаил шаарында тындым кылышкан. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн пикиринде, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Орто Азия  элдеринин жомок жана уламыштарындагы Хатимтай, Хатымтай, Атымтай, Атамтайдын образынын жаралышына Хатим ат-Тай негиз болгон. Берешен акындын кабыры “Миң бир түн” жомогунда сыпатталат. Саади Ширазинин “Бостон” поэмасы менен “Гүлистан” чыгармасында да Хатим а-Тайдын ысымы эскерилет. да Хатим Таинин жоомарттыгы тууралуу сөз болот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз