Касым Каимов: Ак шоокум

  • 18.10.2021
  • 3154

АҢГЕМЕ

Саамыктаган жаз бир гана күнү жарк этти. Кишилер жеңил кийинишкен, көңүлдүү кобурашып басып жүрүшөт, же скамейкаларда аңгемелешип отурушат.

Жаштар майрамдагыдай шаңдуу. Орто жаштагы эркек, аялдар өмүрдүн демденишин, жаңырышын сезгендей дымактуу. Карылар да башкалардан калышпай, тирүүчүлүктүн жышаанасынан түңүлгүлөрү келишпей, бөжөңдөп басып тышка чыгышкан. Булардын баары дарттан айыгуу үчүн дары кандай керек болсо, жашоо үчүн күн андан да зарыл экенин жакшы түшүнгөндөр.

Мен скамейкада өзүмчө отурам. Жаздын кечиккени, адамдарды мынча эмне зарыктырганы, күндүн кемчилиги өмүрдү өксүтөрү жөнүндө ойлойм... Мен жыйырма беш жаштамын. Билгенимен билбегеним, көргөнүмөн көрбөгөнүм көп. Чынын айтсам: баарын билгим келет, баарын көргүм келет. Бирок ден соолуктун айынан менин барар жолум, чабытым туюкталган. Мага окууга да, иштөөгө да болбойт. Ал турсун узакка китеп окууга, көбүрөк басууга чама жетпей калган учур. Чамам жетсе да анте албайм. Бүт кыймылым чектелүү. Мага «болорунан», «болбосу» көп. Ичүүгө, тамеки тартууга «болбойтуна» кайыл элем, тамакты болжолдоп көбүрөк же азырак жеш да ошол замат эле таасир этиши абалымдын кандай экенин айтпасам да айгинелейт.

Бир убакта ден соолукту барк алчу эмесмин. «Болоту», «болбойту» да капарыма кирчү эмес. Аны, айрыкча «болбойту» жөнүндө ден соолукту жоготкондон кийин гана ойлоно баштадым. «Эми эмнеден тартынам? А, балким айыгармын, а балким... Ким билет? Ошондуктан өзүмө өзүм чек коюунун кажети эмне? «Тобокелде кайгы жок» деп бекеринен айтышпагандыр.

Ушул суроону канча ойлосом да чече албайм. Эмне үчүн тобокелге салышканына түшүнө албайм...

Узакка олтургансыдым. Кечигип келген жаз, өксүгөн өмүр алдыма толгон-токой суроолорду коёт. Шатырашып басып жүргөм курбуларым менин тушума келгенде эмне үчүндүр токтой калышты. Бирдеме айткандай болушту. Сөздөрүн ачык укпай, аларды аңкая тиктедим.

- Эмне дейсиңер?

Алар жапырт каткырышып, мени шылдыңдагандай басып кетишти. Мен алардын шылдыңына маани бербедим, анткени өзүм маанилүү нерселер жөнүндө ойлоп отургам. Аларга окшоп майда-чүйдөнү көңүлгө түйүп, же башка бирөөлөрдү болор-болбос нерсе үчүн мыскылдай турган учурдан өткөмүн. Ушул учурда «уруксатпы?» — деп бирөө жаныма келип отурду. Унчукпай башымды ийкедим. Аны караганым да жок.

- Күндүн табы, ай! — Ал мени сөзгө алгысы келгендей үн чыгарды. Кыз сүйлөп жатканы үнүнөн билинди. Анын кыз экенинен мурда «күн» жөнүндө айтканы көңүлүмдөгү көлөкөнү жарык нурдай кубалагансыды. Аны бурула карадым. Жанымда отурган тааныш кыз экен.

Ооба, мен аны жакшы тааныйм. Көрүшкөнүбүзгө үч ай чамалуу убакыт болду. Жанаша имараттарда дарыланып жатабыз. Ал эртең менен, кечкисин серүүнгө чыгып, таза абада басууну жакшы көрөт. Кээде жалгыз, кээде курбулары менен, кээде теңтуш балдар менен чогуу жүрөт. Ал жөнүндө билгеним ушул.

Ошо кыздын капысынан жаныма келип отурушу мени дагы ойлонтту. Кыздардын ар бир кыймылы бекеринен эместир. «Мында эмне максат бар?» деген шек көңүлүмө кылт этти. Мен анын иреңине көз чаптырдым. Шектүү караганымы байкап, кыз ыңгайсызданып, көздөрүн жалжылдата карады. Оңой жерден ууру кармагансып, олдоксондук кылганым үчүн; өзүм да оңтойсуздандым. Аны туруп кетеби, мейли, ошенткени жакшы деп ойлодум. Кыз ордунан козголгону жок. Сыпайкерчилик үчүн бир нерсе айткым келди. Бирок ылайыктуу сөз табылбады. Аргасыздан анын айтканын кубаттадым.

- Күн деген жакшы нерсе экен го.

Кыз ырайымдуу жылмайды. Эс ала түштүм. Экөөбүздүн ортобуздагы чоочуркоо жоголгонсуду. Анын эмне айтарын сабырдуулук менен күттүм.

- Кичине баспайлыбы! — Ал ордунан жеңил гана козголду. Анын жароокер илебине учуп кете жаздап, кайра өзүмдү өзүм токтотуп, ойлоно баштадым. Татынакай кыз менен жаздын алгачкы жадыраган күнүндө бирге басуу кандай ыракат! Буга не жетсин! Бирок бул бирге басуу бизди каякка алып бармак? Менин таалайым ушул кадамдан ачылабы же күтүп турган күйүткө кабылтабы? Кыз бир аз тиктеп турду да, менин ойлонуп бүтүшүмдү күтө албагайсып, басып кетти.

Мен бир ордумда каттым да калдым.

- Кайырбек! — Кимдир-бирөө далыман булкканда гана эсиме келдим.— Палатага кир. Күндүн табы урат.— Медсестра мени колдон тартып тургузду.

- Жүр.— Милициянын колуна түшкөн чөнтөкчүдөй сестранын алдында сөлбүрөп баратып, «мага ушундай мамиле керек окшойт» деп ойлойм.

*      *      *

Бул жердегилер менин карапайымдыгымды, ага кошумча түнттүгүмдү жакшы билишет. Жогорку окуу жайында окуп жүргөн учурумда да мага ушундайча карашчу. Балким мендеги ушул мүнөз, жаңылбасам, орто мектептен башталгансыды.

Билимге кызыгуу, китептерди көп окуу, бир нерселер жөнүндө ойлонуу мени курбуларымын оюн-тамашасынан эртелеп бөлө баштаганын мурун эле сезгем. Мени кызыктырган жаратылыш илими эле. Буга айрыкча жогорку окуу жайынан биротоло бет алдым...

Көздөгөн максатка жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганда гана өзүм жөнүндө, буга чейин кантип жашап келгендигим жөнүндө ойлоно баштадым. Жыйырма беш жаш биздин мезгилибизде анчалык жаштык кылар курак болбосо да, меи ушул курактын кубанычын, жашчылыгын жандап өтүпмүн. Сонун учур жандап өткөн. Бирок мен ага кайгырганым жок. Тирүү калсам, бардыгы али алдыда. Азыркы максатым — дарылануу; бүт мүмкүнчүлүгүмү, жөндөмдүүлүгүмдү, чыдамкайлыгымды жалаң гана ушул максатка багындыруу. Ошондо тирүү калар белем? Менин бүткүл жашоо-тиричилигиме, кыймыл аракетиме чек коюлуп, чектөө сызыгынын акыркы учу сыйыртмак өңдүү чоң суроого айланды.

Мен дарыланууга дилгирмин. Врач салкын кандуулук менен мамиле кылат. Анысы мени айыктырууга көңүл коштугу, же оорумдун кыйынчылыгы, же анын оңойлугуна байланыштуу экенин түшүнбөйм. Врач менен көп нерселер жөнүндө сүйлөшөм, бирок тирүү каламбы, же жокпу — ошол жөнүндө гана сурай албайм. Оозум барбайт. Врач да ошол жөнүндө айтуудан тайсалдайт.

Мен чийинден чыкпай жашоонун бардык шарттарына көндүм. Бирок бир гана нерсеге — күн нурунан качууга, палатага жатууга макул болбодум. Эркимден тышкары ошенттим. Врач да, башкалары да ийиктире алышпады. Акырында өз жайыма коюшту. «Эгер ысыктын табы уруп, ооруң ырбаса, өз убалың өзүңө» деп катуу эскертишти.

Мен жарыкты сүйөм. Таза абада баскым келет. «Менден күн нурун, таза абаны кызганбагыла. Мындан силердин эч нерсеңер коробойт ко. Силерден сураганым, тилегеним ушул» дегенсип, оорукананын айланасында өзүм каалагандай жүрө бердим.

Чынында ушул жүрүшүм өзүмө пайдалуу же пайдасыз экендигин билбейм. Аны түшүндүрүүгө кудуретим жетпейт. Бара-бара чарчаганым азайып, акырындап муунума кирип бараткансыйм. Дары жагып бараткан окшойт деп ойлодум. Бирок айыга элекмин. Айыгамбы, жокпу али күмөн.

Ушундай кыйын абалда жүрсөм да мени кызыктырган купуя нерсе болду.

Бир күнү кечинде адатымча жалгыз басып жүргөм. Жарым ай көктө кылайып турган. Ал кечээ азыркысынан кичирээк эле. Үч күн мурда тырмактын учундай гана иймейип жаңыдан туулганын айгинелеп, асман мейкининен орун алган болучу. Анын иреңи купкуу, алсыз көрүнгөн. Мына ал улам чоңоюп, кубатына кирип, асманга көрк берип, бизге жарыгын чачып турат. Кызык. Жаратылыштын кубулушуна таң каласың! Эгер ай болбосо, асмандын көркү болбос эле; жашоонун да көркү кемир эле. Айдын шарапаты менен гана өмүрдүн караңгылыгы билинбейт, көңүл басмырлабайт, кыял коштолот. Караңгылыктын тозогун биз айсыз түндөрдө гана түшүнөбүз, аны кадырлап, ал жөнүндө жылуу сөзүбүздү айтабыз.

Ай экөөбүз сырдашып турган болчубуз. Ал мага өз сөлөкөтүмдү тааныштырды. Мен өзүмдү, өзүмдүн сөлөкөтүмдү көлөкөмдүн кыймылынан байкайм. Сынайм. Кээде өзүм күткөндөй сымбаттуумун, шайдоотмун. Кээде дүйнөнү боюма сиңирип алгандай көөдөнүм кенен, бирок арышым кыска. Бу жүрүш менен каякка бара алам?! Кээде арышым кенен, бирок көөдөнүмдө кубат жок, кыймылдап жүргөн механизмге окшойм. Бирде дегеле бийикмии. Бирде өзүмдүн таманымын астында калам. Ээрчип жүргөн көлөкө канчалык кубулганы менен дал өзүммүн. Ал мен экенимди касиеттүү алтын Ай аймандай ачып берди.

Бир маалда көлөкөм экөө болуп кетти. Бул эмнеси, жүрөгүм болк этүүнүн ордуна зырп этти. Албетте, мен жалгыз болбоом керек эле. Бирок жалгызмын. Кереметтүү Ай мага келечектеги көлөкөмдү элестеткен болуу керек деген таттуу үмүт келе калды. Мен токтодум. Эки көлөкө катарлашып токтоп турду. Мен андан ажырап калбас үчүн кирпигимди ирмебейм. Максатымды түшүнгөндөй көлөкө мени колтуктап алды. Мен да аны бош колум менен шап эткизе билектен кармадым. Эми колго тийдиң го дегенсип, жанымдагы караанга карадым.

Жанымда баягы кыз... Көздөрү жалжылдап күлүп турган экен. Анын көз карашынан Айдын жарыгы, асмандын кеңдиги, өмүрдүн кубанычы, жаштык оттору чачырап тургансыды.

Экөөбүз кол кармашкан бойдон катарлаша бастык. Үн жок. Асфальттуу жолдо экөөбүздүн буттарыбыздан чыккан тык-тык эткен дабыш алыска угулуп жаткансыды.

Асман түбөлүктүү, ай түбөлүктүү болгон сыяктуу турмуш түбөлүктүү. Турмуш түбөлүктүү болгондуктанбы, айтор, жашоого тойбойбуз. Мүмкүн болсо түбөлүккө жашагыбыз келет. Эч болбосо, изибиз калса дейбиз.

Ушул ажайып минутада мен башка бир ойго келдим. Түбөлүктүүлүк көз алдыма жаңыча сыпаттала баштады. Өмүргө тоюу үчүн жүзгө, миңге чыгуу милдет эмес, ал түгүл жыйырма бешке толуу да аздык кылбайт. Мейлиң жүзгө тол, мейлиң менин курагымдагы кырчын жигит бол, өзүң эңсеген, аракеттенген нерсеге жетүү, эч болбогондо, ошону ачык түшүнүү, башкача айтканда, жандүйнөдөгү түйүндү чечүү, жаратылыш кубулушундагы жаңылыкты ачуу сыяктуу кереметтүү нерсе окшойт. Асыл сезимди кубандырып, ойдо калууга татыктуу ар бир күн, ар бир саат, ал түгүл ар бир минут мен үчүн түбөлүктүү сыяктанды. Мен ушул жөнүндө колтугумда колуна колум айкалышып бараткан кызга айткым келди. Бирок аны жүрөгүм алдастап турган учурда түшүндүрө албайт элем. Башка майда-барат сөздү айтуу кызды барктабагандык болор эле. Бирок ал менден сөз күткөнсүдү. Чоң имараттын эшигине келип токтогондо да мени коймолжуп кара көздөрү менен бажырая тиктеди. Өзү сөз катты.

- Мен эртең кайтам!

Ал акыркы сөздү басымдуу айтты.

«Ошондой болууга тийиш, — деп ойлодум.— Бакыт менден дайыма кыйгач жүрчү эле го».

- Жакшылап тааныша албадык.— Ал кетүүдөн кыйылгандай таризденди. Эмне дээр экен дегенсип, менин жообумду күттү. Саат түнкү он бирге жакын калыптыр. Бир аздан кийин медсестра келип, мени жетелеп кетер убагы чукул.

- Жакшы жат! — дедим.

- Балким эртең жолугуша албай каларбыз.- Бул суроо мага «же узатып коёсузбу?» дегендей туюлду.

Ал дале кылчактап турду.

- Жакшы бар! Бактылуу бол! - Мен ага чечкиндүү кол сунмак болдум. Кыз менин оюмду түшүнгөнсүп, башын акырын ага ийкеп коюп, терс бурулду да имаратка кирип кетти. Мен муну күтпөгөндөй турун калдым.

- Кайырбек кайдасың? Убакыт жетти...

Медсестранын тааныш үнү чыкты.

*      *     *

Биздин коштошконубуз ошо болду. Андан кийин көрүшкөнүбүз жок. Мүмкүн ал мени унуткандыр. Антүүгө акылуу. А мен аны унута албадым. Унутууга акым да жок.

Ушул татынакай кыз эки имаратта жашаган кишилердин көркү эле. Ал жандап өткөндө же жакын жерде басып келатканда жаштар да, кырылар да бир кылчайбай койчу эмес. Кайсы бирлери моюну үзүлүп кетчүдөй бурула карашчу.

Мен татынакай кызга ырайымсыздык кылдым. Эч болбогондо шагын сындырбай жылуу сөз айтып, жооткотуп коюшум керек эле. Аны үчүн айыптуумун. Бирок сен билбейсиң да карындаш, жооткотуу адамды чындап кубантууга же кайгыртууга жарабасын, ара чолодо көңүл алуу милдетин гана өтөгөн анын жасалмалуулугун, дареметсиздигин жана алдамчылыгын.

Ырайымсыздык кылганымы ушу менен оңой гана актагым келбейт!

Мен жооткотуунун дареметсиздигин биле тура сага кандай болбосун, ачык же кыйыр түрдө өзүң күткөндөй жыйынтык чыгарууга жарай турган жооп кайтарышым керек эле. Сен менден ушуну күттүң. Сага ойдун ачыгы керек болучу. Өз кадырын билген кыз үчүн жигиттин көңүлдөгүдөй болбой калышы кайгы эмес. Анын кандай неме экендиги, ак сүйүүгө арзырлыгы же арзыбай турган шумпайлыгы билинбей, табышмакка айланышы кыз үчүн беймаза.

Кээ бир кыздар сырты жылтыр сөлөкөттү кыялындагы идеалы менен чаташтырып, өзүнө өзү азгырылат, алданат. Мен сени ушундай кокустуктан тышкары болсо экен деп тиледим. Бир көргөнгө түнкү жылдыз куртча жылтылдап, кызыктырып, көңүлдү бийлеп алчу нерселер турмушта азбы? Бирок анын баары утурумдук. Анын утурумдугу, учкайлыгы байкалып, ашкереленип, жүрөктүн кагышы калыбына келгенден кийин сен кыял менеп тилекти, бүгүнкү менен эртеңкини айкын ажырата баштайсың. Эң негизгиси — кыялга алданбаганың үчүн, кырчын өмүрүң өкүнүчтөн аман калганы үчүн жашоонун жаңы бийиктигине көтөрүлгөндөй сезесиң. Жашоонун кубанычы мына ушунда!

Ошептип, экөөбүз купуя таанышып, кайдигер коштоштук. Бул коштошуу чыныгы таанышуунун башталышыдыр же акырыдыр. Эмнеси болсо да, ал мен үчүн ыйык жана түбөлүктүү.

Сен кеткенден кийин мен узакка дарыландым. Мүмкүн мындан ары дайыныбыз билинбей, сен да, мен да дүйнөгө бири-бирибизге тиешебиз жоктой жаралгансып, тутана албай үлбүрөп өчкөн жүрөк отунун кылаңгыр элеси гана көңүлдө калат беле...

*      *      *

Тагдыр бу жолу мээримдүүлүк, кең пейилдик кылып, мени санаанын түпкүрүнөн тартып алды. Алдымды тоскон акыркы чийин үзүлдү.

Кеп мында — тагдыр мага врачтын оозу менен сүйлөдү: «Жигит ажалдан калдың. Бактың бар экен». Көр оозунан кайра тартыш — миңден бир жолу гана боло турган кереметтүү кубулуш эмеспи. Менин өмүрүм кылдын учунда турганын, жаным калар-калбастыгы, күмөндүгү, дарылоо тобокелдин иши экенин мен капкачан байкагамын. Ал жөнүндө врач ачык айтуудан чочуса, мен суроодон чочугам. Сен мага дал ошондой кыйын учурда кезиккен болчусуң.

Менин кымбатым! Асылкечим! Эгерде азыр жанымда болсоң, бул бактылуу кабарды кандайча куттуктайт элең. Сен жок, кандай кубанганымды өзүм да билбейм. Айтор, мойнума илинип турган жылан боор сыйыртмак шыпырылып түшкөнсүдү. Маанайым ачылды.

Мен дүйнөгө кайрадан жаралгандай болдум. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, турмуш эмне экендигин, жашоо эмне экендигин көр оозунан кайра тарткан кишиден ким жакшы билмек. Албетте, жашоо максаттуу, адам деген атка арзырлык болушу керек. Бир убакта өлүм менен өмүрдүн ортосунда тең салмактуулук законуна сыйынып, аярлап, кадам шилтеп бараткан дарчыга окшоп, калтылдап турган чагымда сага сөз ката албаганым — сени керээз угуудан сактаганым болучу. Эми мен кайра жашаган адаммын, жарык дүйнөгө кайрадан туш болорум менен биринчи саламды сага айткым келип, коштошуу максаты менен эмес, таанышуу максаты менен ушу катымды жазып отурам, менин Айгүлүм! Балким, мен сенин махабатыңа гана эмес, жылуу көз карашыңа татыбасмын. Бирок андан сенин асылдыгың кемибейт. Балким атың да Айгүл эместир. Сени өмүрдүн түнүн шаңга бөлөгөн ак шоокумга теңеп, Айгүл атадым.

Асылым Айгүл, ушул катыман улам өмүрүмдүн максатын, жашоо үчүн кантип күрөшкөнүмдү аздап баамдарсың. Алгачкы аракеттери оңунан чыкпаган, бирок өмүрдүн кадырын билген, туруктуу жигит экен, жыйырмадан өтсө да наристе бойдон турбайбы деп болжоорсуң. Жок. Мен наристе эмесмин. Жаштыктын кубанычтары мени жандап өттү деген сөзүмө ишенсең да, ишенбесең да болот. Ыктыяр өзүңдө. Мага жакшылап уксаң эле жетишет. Башыман бир топ эле нерсе өттү. Анын ичинен иргеп, ылгап, орчундуусун айтсам: сүйүүнү да өткөрдүм. Сүйгөн кезимде үйлөнө албадым. Үйлөнүүнү сүйүүсүз эле ишке ашырдым. Тагдыр мага бул экөөн эки ачасынан туш кылды. Мүмкүн бул менин шорумдур. Жүрөгүмдө сүйүүнүн ордуна күйүү гана калды. Үйлөнүү мага эки жаштын бири-бирине ыктыяры менен баш байлоосундай элес таштады. Бош байланса эки баш ажырап кетчүдөй, бекем байланса муунчудай.

Мен адегенде сүйүү тарабынан баштайын.

Апам жалгыз бой эле. Мен онунчу классты жаңы гана бүткөмүн. Алдыда армияга кызмат кылуу милдети күтүп турган. Эч нерседен бейгам элем. Бирок энем чиркин кандайдыр сар санаага бастырып, түндөсү үшкүрүнүп, уктай албай чыкканын байкап жүрдүм.

Биз дайыма сырдаш, бири-бирибизге карамдуу элек. Албетте, менин аракетим энемдин камдуулугунун миңинин бирине жетпейт. Мен ага өз ичимен «сени эч качан кор кылбасмын» деп ант берчүмүн... Апам менен ачык сүйлөшүүгө туура келди. Бир күнү кечинде апам экөөбүз сырдаштык.

«Уулум, сенин алдыңда өлсөм экен. Сенден бир ууч топурак буюрса, мага андан ашкан бакыт жок... Сен эрезеге жеткени тынчым кете баштаганын сезип жүргөн экенсиң. Аныңа ыраазымын, кулунум! Атаң ыраматылык да мага күйпөлөктөп кетээр эле!..»

Апамдын сөзүн ынтаа менен тыңшадым. Жылуу сөз, мактоо сөз кимге жаман угулсун. Андайлардын баарынан мага «агаң да ошентчи эле», «атаңы тартыпсың» — дегеп алкоо кымбат угулчу. Ал сөзүн уланта берди:

— Жашымда жесир калып, сен деп какшанып жүрүп, сага биротоло байланып калган экем. Эми армияга чакырыласың, ээн үйгө жалгыз калып, сени сагынып куса болуп кетчүдөймүн. Мен ошол үчүн убайым жеп жүрөм, каралдым.— Ал унчукпай калды. Бул айтканында калет жок. Менсиз үйдө тура албайт, бир жакка барсам, окус бир нерсеге учуроочудай, жолумду карап тынчы кетет. Мен да ойлонуп калдым. Бирок эмне кылмакчымын. Апам жалгыз кала албайт деп, аскерден баш тарта албайм да. Иштин болор жагын апам өзү айтты.

- Эми эр жеткениң ушул. Үйлөнчү, уулум. Келиним экөөбүз каңгыр-күңгүр болуп жашап турабыз.

- Коюңузчу! — Бул сөз биринчи угулгандыктан кулагыма өөн учурады. Уялып кеттим. Антсем да кеңештин жөнү бар сыяктанды. Эгерде мени катуураак кыстаса, макул болчудаймын.

Өзүмдүн болжолумдай болуп чыкты. Эми колукту тандоо жагы калды. Бул ишти өз мойнума алдым.

Айылыбызда Айша деген татынакай кыз бар. Онунчу кдассты бирге бүттүк. Ал Фрунзеге окууга баруута даярданып жүрөт. Бир катар жигиттер сөз салышса макул болбоптур,— деп укканбыз. Ошол Айша эсиме келе калды. Мен аны жакшы көрөр элем. Ал да мага ыкластуу сыяктанчу. Сөз айттырган же тийишкен балдар менен экинчи жакшы сүйлөшчү эмес. Биздин класста жалгыз гана мени менен мамилеси бузула элек болучу. Бу да бекеринен эмес го деп ойлодум.

Апама Айша жөнүндө каңкууладым:

- Ушул кыз жаман эмес го, апа!

- Ырас, айтасың. Ата-энеси жакшы кишилер... Мен өзүм эле жуучу түшөм.— Апам байкуш делебеленип, ошол эле күнү жуучулукка кетти.

Бул айылдагы кишилер атам ыраматылыктын арбагын сыйлап, апамды кадырлашчу. Жакшы үй-бүлөдөн чыккан,— деп мени да жактырышчу. Өзүм да өзүм жөнүндө жаман пикирде эмес элем. «Буюрса Айша меники болду го» — деп күтүп отурдум.

Апамдын жуучулуктан жолу болбоду. Кыздын ата-энеси «Биз макулбуз, силерден жакшы жек жаат издемек белек. Кызыбыз макул болсо эле» дептир. Балаа Айшадан чыгыптыр. «Окууга барам» деп көшөрүп коюптур. «Үйлөнүү тоюнан кийин деле окууга бара бер» дегенге көнбөптүр.

Апамдын бир көзүндө миң жаш. Бизди «баланчанын кызы чаныптыр» деген сөз намысына бычактай тийген окшойт. «Жесир катын, жетим баланын тагдыры ушу да. Ыраматылык тирүү болсо, кызын өздөрү жетелеп келишпейт беле» деп арманын козгой баштады. Ыза болгонумаш мен да эшикке чыгып ыйладым. Чынында мен намысыман деле чочуганым жок. Айшадай сонун кызга жетпей калганыма күйүп-быштым. Аны сүйүп калганымды, ансыз жашай албасымды «жок» деген жооптон кийин ачык сездим. Эгер андан башка «кыз» жок десе, мыш этип койбойт элем.

Ошентип, махабаттын кермек даамын күйүүдөн таттым. Дагы да болсо, апам менден көрөк тезинен эсин жыйнады:

- Кызы эрге тийбесе, жерге тийсин. Уулум, башкасын эле издейличи?

- Мен башкаларын сүйбөйм, апа...

- Койчу, уулум баш катырбай.— Ал чыйралгандай тың сүйлөдү.— Сүйгөндөгүң ушубу?

Мен унчукпай басып кеттим. Андан башка аргам да жок эле. Бирок каякка барам? Жүрөктүн кайгысына чыдабай башка жакка каңгып, айылдын айыңынан кутулгум келди. Анда апамдын көргөн күнү эмне болот?! Өзүмө көнүмүш болгон суу боюн көздөй жөнөдүм.

Миңдеген жылдар бою ыйга, көз жашка, кубанычка күбө болгон тоо суусу кашкайып шаркырап агып жатты. Кечмеликтин жанына келип, ак көбүктүү тунук шардан райым күткөндөй тиктеп турдум. Ушул кечмеликтен атчандар да, жөөлөр да өтүшчү. Ит да өтчү. Айылдын келин-кыздары ушу жерден суу алышчу. Малды да ушу жерден сугарышчу. Суунун алкагына келишкен тири жандардан мага акыркы убактарда жалгыз гана Айша көзгө көрүнчү. Анын кошчакада мелт-калт куюлган сууну көтөрүп чайпала басканы, башындагы кундуз тебетей үкүсүнүн желге дирилдегени, каерде жүрсөм да, ким менен жүрсөм да мен тарапка бир кылчайып коюшу болочок турмуштун маанилүү жөрөлгөсүндөй туюлчу.

Тоо суусу шаркырап агып жатты. Мен телмирип тура бердим. Кишилер да, мал да адатынча келип кетүүдө. Бир маалда баягы Айшаны көрдүм. Мен берки өйүздө, ал аркы өйүздө, байкабай келаткан окшойт, эңкейип чаканы сууга саларда мени көрө коюп, чочугандай тиктеп калды. Анан эсине келгендей чаканы терең матырды... Эки чаканы жээкке коюп, мени атайлап тиктеди. Бирдеме айтмакчы болду. Айтпады. Күлүмсүрөдү. Анысы да баштагыдай сүйкүмдүү, чын ыкластуу эмес. Жөн эле мени сооротмок окшойт. Мен аны адеп көргөндө жүрөгүм опколжуп, бир жакшы ишарат күткөндөй араң эле чыдап тургамын... Анын ишараты менин ысыган жүрөгүмдү суутту. Экөөбүз өйүз-бүйүз турабыз. Ал бирдеме айткансыды. Суунун шары дабышын басып кеткенсиди. Айша мелт-калт чакаларды көтөрүп, чайпалып баратты. Үкүсү желге дирилдейт. Эмне үчүндүр Айша деле сууга келип кеткен көптүн бириндей сезилип турду. Суу гана баштагыдай таза, тунук, ак көбүгүн чачыратып, шаркырап агып жатты...

Ошентип менин алгачкы сүйүүм кичинекей тоо суусунан өтө албай калды.

Сүйүүдөн көңүлүм калганын, үйлөнүүнү азырынча токтото туруунун зарылдыгын апама түшүндүрө албадым. «Намыс кана? Сени атанын баласы дейт. Бир сонун келин алып, мисирейген көк беттин көзүнө көрүнбөсөм болбойт» — деп безерман. Андай келинчек табылса жаман болбос эле. Бирөөгө сөз айтуудан да чочуп калдык. «Сүттөн оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей, апам мындай деди:

- Экөөбүз тең издейли. Окус мен тапсам, сага айтайын... Өзүң сүйлөшүп көр. Көңүлүңөр жарашса, калганын мага коё бер.

Ошенттик. Апам экөөбүз сонун келинди канча жыл издейт элек, билбейм. Андай неме өзү кабылды.

Он жылдыкты биз менен чогуу бүткөн тогуз кыздын жетөө кирүү экзаменинен кулап, айылга кайтып келишти. Алардын ичинде баягы Айша да бар. Аны мага Сонун айтты (ал жети кыздын бири). Сонунду автобус токтоочу жерден жолуктурдум. Районго кызмат издеп барып таппай келаткан экен. Улам-улам жолу болбогонго капаланбай, жайдарылыгын жазбай жүрүшү мени таң калтты. Шайкелең кыздын кайраты, муңбаганы ал жөнүндөгү мурунку пикиримди өзгөрттү.

- Сен эмне эле тиктеп калдың? — деп ал шыңк этти.

- Сени эмне үчүндүр биринчи жолу көргөнсүп турам.

- Ошондой болушу мүмкүн. Мурда мага көңүл бурчу эмессиң, — деп ал жөнөй берди.

- Сонун! — Ал кылчая калды.

- Жакшы бар! — колумду булгаладым.— Дагы сүйлөшөрбүз.

Мен түз эле апама келип, Сонун жөнүндө айттым. Апам Сонундун ата-энесине жөнөдү. Ата-энеси «кызыбыз өзү билсин» — деп жооп кайтарышыптыр...

Иштин ойдогудай бүткөнүн апамдын иреңинен эле сездим.

Эртеси той түшүрдүк. Үйлөндүм.

Кандай болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым. Биринде узак убакыттан бери өзүм жактырып, сөз ката албай жүргөн кызыма ошо бойдон сүйлөшө албай арманым ичимде кетти. Экинчисинде бардыгы шака-шука бүттү.

Мен үйлөнгөндөн кийин да Сонунду сүйөмбү, жокпу!? деп өзүмө суроо берсем да, мындай деген жооп угам: «Эгер аны сүйбөсөм кантип эле үйлөндүм. Эгер аны сүйбөсөм, минтип кадимкидей жашай албайт элек ко».

Жыл аягында армиялык кызматка кеттим. Бир жыл бою Сонун экөөбүз сагынычтуу салам каттарды тез-тез алышып турдук. Анан кат эмне үчүндүр кечеңдей баштады. Же апам жазбайт. Бул эмнеси? Каңгыр-күңгүр күчөгөнбү, же апам бир кырсыкка учурап, Сонун ошону айта албай кат жазууну токтоттубу?

Акырында апам менен Сонундун «каңгыр-күңгүрү» күчөгөнүн жолдошторумдун катынан улам билдим. Ишене албадым. Никелүү жарым кантип эле тескери жолго кетсин! Ал мени сүйөт, кадимкидей эле ынтымактуу жашоочу элек ко деп ойлодум. Бирок ал мени күтпөй өз үйүнө кетип калыптыр.

Апам менен кат алышып турдум. Чын абалы кандай экенин каттарынан биле албадым. Аскерлик кызматты бүтүп, айылга келсем апам аябай карыган, бели эңкейип, чачтары аппак. Оорукчан болуп кетиптир. Мени гана күтүп жүргөндөй кечикпей дүйнөдөн өттү. Мен Фрунзеге окууга жөнөдүм...

*      *      *

Тагдыр ошентип мага үстү-үстүнө сокку урду. Биринчи сүйүүнүн кайгысынан кутула электе, үйлөнүүнүн азабын тарттым. «Эми бир нерсени түшүнүп калдым го. Жашоону кайрадан баштайын» дегенче болбой апам дүйнөдөн кайтты. Башым аңги-деңги. Эмне кыларымды билбей калдым. Анан баарынан ажырап, акыркы максатымды ишке ашыруу үчүн жогорку окуу жайына кирип, окуп жүргөнүмдө ажалдын сыйыртмагы мойнума илинген болучу...

Акырында ушу жаркыраган күн нурунан, таза абадан ажырап калбасам экен, акыркы демим чыкканча төшөккө жыгылбасам экен деп жан талаштым. Мага андан башканын кереги болбой калган. Асыл затым, Айгүлүм! Сен билбейсиң, билбей эле койчу, чымын жандын далбасын! Ошондой чагымда сен кездештиң! Мен сени көрсөм да, көрмөксөн, билсем да билмексен болдум. Таш боор тагдырга эрегишип, өзүмдүн абалым үчүн ойлобой, сенин дартыңды өзүңө билгизбей ала кетким келди. Сени кайгы, күйүт эмне экенин билбей калсын дедим. Бирок сенин кереметтүү көз карашыңан эч жашына албадым, кача албадым. Ажалдын бычагынан кутулсам да, махабаттын огунан кутула албасымды, а түгүл, андан качууга мүмкүн эместигин түшүндүм. Сен мага дем бердиң. Үзүлүп бараткан үмүтүмдү уладың.

Кымбатым! Мен сага тирүү калганым үчүн милдеттүүмүн. Дүйнөдө сендей асыл зат бар болгонуна ыраазымын. Жалжылдаган көзүңдөн тегеренейиним, кайда жүрсөң да бактылуу бол!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз