Дилазык: Белек жөнүндө икая

  • 02.04.2024
  • 3798

Жаш келинде баары бар: жакшынакай жолдошу, чырактай балдары, айлык акысы кабелтең жумушу, камкор бир туугандары. Бирок келин баарына көңүл бөлүп, убактысын тартуулай албады. Үй менен жумуш көп убактысын алып, бөлөк нерселерге жетишпей калчу.

Эгер жумушу көп убак талап кылса, балдары каралбай калат. Дагы бөлөк көйгөйлөр жаралса, өмүрлүк жолдошуна көңүл буралбайт. Ошентип жакын туугандары ар дайым “ананкыга” калар эле.

Күндөрдүн биринде баарына баам салган атасы эң кымбат, дүйнө жүзүндө сейрек кездешер кооз гүлдү белекке берип жатып: “Кызым! Бул гүл сага болуп көрбөгөндөй жардам берет. Сен болгону гүлгө убагында суу куюп, анда-санда убактыңды бөлүп сүйлөшүп тур, ал сага аңкыган жытын, көз жоосун алган сулуулугун тартуулайт деди.

Жаш келин кубанычка батып, бактылуу болуп турду. Гүл чындыгында аябай кооз эле. Ал мындай гүлдү эч жерден көргөн эмес.

Күндөр өтө берди. Көйгөйлөр коштоп, жумушу көп убактысын алып, түйшүктөн арыла албай жүрдү. Келин жумуштан келип, чарчаңкы көздөрү менен гүлгө карайт, а гүл өзүнүн аңкыган жытын чачып, бажырайып гүлдөп, соолуган түрүн көргөзгөн жок. Гүл сугарылбай, көңүл бурулбай дагы да бир канча убакытка унутулуп калды.

Күтүлбөгөн жагымсыз окуя болду. Келин жумуштан келип: соолуп, гүлдөрү түшүп, жалбырагы саргайып куураган гүлүн көрдү. Капа болуп көпкө ыйлады. Андан соң атасына болгон окуяны айтты.

Атасы:

- Мен коркком, ушундай болуп аяктаарына көзүм жеткен. Мен сага кайра мындай гүлдү белеке бере албайм. Себеби, бул гүл сейрек кездешер, эч жерде жок өсүмдүк. Кудум сенин балдарың, жолдошуң, жакын тууган, санаалаштарыңдай. Булар кудайдын сага берген эң кымбат белеги. Сен өз бактыңа убакыт бөлүп, камкор болгонго үйрөнүшүң керек. Болбосо адам көңүлү гүл сыяктуу, сезим да өлөт. Сен гүлдүн дайым гүлдөп, жыпар жыт чачып, кооздук тартуулаганын гана көрчүсүң, бирок көңүл буруп, суу куюп, сүйлөшүп, аярлоо керектигин эске албадың. Жакындарыңдын көңүлүн алып, сүйө бил!

Которгон Айтбүбү ОРУНБАЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз