Бүкадича Акимжан: Өлдү бүгүн... өлдү аял жүрөгү

  • 19.10.2021
  • 5193

Бүкадича Акимжан 1983-жылы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз-Ата (учурдагы А.Парпиев) гимназиясын бүтүргөн. 2000-2005-жылдар арасында Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетин аяктаган. 20052008-жылдары Анкара Университетинде педагогика тармагында аспиратурасын, 2016-жылы болсо докторантурасын бүтүргөн. Учурда жогорку окуу жайда мугалим. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.

АЯЛ ГҮЛДӨЙ... ГҮЛ АЯЛДАЙ ҮЛБҮРӨК

Алаканга алпештеп саламын деп,
Айды десең ойлонбой аламын деп.
Алган жарга берилген убадалар,
Ошол бойдон кур сөздө калабы деп.

Аял гүлдөй, гүл аялдай үлбүрөк,
Алаканда экөө бирдей жан үрөп.
Гүл үзүлгөн... аял болсо уурдалган,
Бакыты үчүн ыйлап алат күңгүрөп.

Бере албасаң назик жанга бакытты,
Алаканга салам дебе азыкты.
Куураган гүл элесине аялдын
Кайтарып бер өткөн өмүр –  жаштыкты.

ДӨҢГӨЛӨКТҮҮ АЯЛ

Дөңгөлөгү – турмуш жүгү моюнда,
А күнөөсү ыйбаа-ызаат оюнда,
Эркек улук, эркек ыйык деп жүрүп,
Көп кордолду аял турмуш жолунда.

Дөңгөлөктө ташы – турмуш муштуму,
Мелтиреген эне – чындык учугу.
Мерездиктер чакалаган суу болуп,
Төгүлүүдө баштан-аяк утуру.

Кыргыз аял – дөңгөлөгү мойнунда,
Ой-кыялы, үмүттөрү койнунда.
Жаакка чаап турмуш өзү тынымсыз,
Кол байлаган ишенимдер жылчыксыз.

Өлдү бүгүн... өлдү аял жүрөгү,
Муз каптады жылуу-жумшак түнөгү.
Тирүү өлүк энелерди эстетип,
Аял турат... үнсүз, ыйсыз түнөрүп.

Унчукпаган урса-соксо турмушу,
Улутунуп кайыл-дүйнө турушу.
Ушаланып уч-кыйырсыз ааламга:
“Уккула!” – дейт, ачуу чындык ушуну!

Мен аялмын дөңгөлөктүү дүйнөдө,
Жашайм үнсүз бул тагдырга күймөнө.

ОЙ ТОЛГОО

Көөдөндө таарыныч... кусалык бар,
Узун жол... көңүлдү улагыс, тар.
Көксөөсү кегимдин алынганда,
Кимдендир кечирим сурагым бар.

Жүрөктө кетпеген ызалык бар,
Кектесе көмөкөй чыдагыс, зар.
Көп нерсе күтпөгөн өмүрүмдөн,
Көңүлдүн сыныгын сурагым бар.

Санаадан кетпеген убагым бар,
Сан ойду жектеген курагым ал.
Сапырып сенделген сезимдерди,
Сапарга жалгыздап чыгарым бар.

Бүтүмгө келбеген чечимим бар,
Чайналып бүтпөгөн кечигүүм ал.
Каректе карааны калган үчүн,
Кайрадан негедир кечиргим бар.

Жашоодон түңүлгөн убагым бар,
Аскадан таш болуп кулагым бар.
Ааламдан айласыз кетер күнү,
Артымда не калды... сурагым бар?

ҮНСҮЗДҮК

Үнсүздүк – жан дүйнөнүн кыйкырыгы.
Кыйраган кыялдардын кыйтылыгы.
Кыяндап кыйылган ал ызы-чуусуз,
Кылымдай ойлордун бүт кыйсыпыры.

Үнсүздүк коштоосунда үндөлгөн,
Сезим сыры желкеде жүк жүктөлгөн.
Туйбай коюу тунгуюкка кептесе,
Туюп жашоо  көп элеске бүктөлгөн.

Унчукпоонун куну бир күн төлөнөт,
Жоопсуз суроо үнсүздүккө бөлөнөт.
Уурдатылган үмүттөрдүн ордуна,
Түпсүз санаа жалгыз мага жөлөнөт.

Үнсүздүк деңизине чөгүп кеткен,
Үндөөлөр бизди такыр куткара алгыс.
Үлүшүм болуп турган үймөк үмүт,
Үйлөсөң үшкүрүнүп тутана алгыс.

БИР СААМГА

Бир саамга... бүт-баары жоголгондой,
Жашообуз  тозок от оронгондой.
Билемин... ишенем кайтасың сен,
Таарыныч... өксүтүү болбогондой.
Күтүүнүн өчпөгөн шамын жагып,
Мен жүрөм жолуңду торогондой.

Бир саамга... бүт баары токтогондой,
Турмушун азоо ат ноктолонбой.
Үн чыкпай солуктайт сезимдерим,
Ботосуз боз инген боздогондой.
Боштондук берип кет ойлорума,
Же кайрыл эч нерсе болбогондой.

Бир саамга... бүт баары коштолгондой,
Тагдырдын кайрыктары жоктолгондой.
Качанкы бакыт күн элестери,
Кайталап кайра маа октолгондой.
Кайрып бер жаштыгым сенде калган,
Же келгин, түр көрсөт тоготкондой.

Бир саамга... бүт баары коштошкондой,
Көңүлдөн сенин ордуң жоктошкондой.
Көшөрүп кеткен күнүң чыгаргамын,
Ызамы... сендик ыйды топтошкондой.
Балкыган бакытын танып кеткен
Сендейден сезимдерим токтошкондой.

АЧ КЫЙКЫРЫК

Ач кыйкырык!
Куткар мени азаптан,
Кечирүүгө дарман берчи, Жараткан.
Ичимдеги дүрбөлөңдүн бир четин
Кана, аттиң сөзгө төгүп жаза алсам.

Жымжырт жерде дүйнөм үнсүз ыйлаган,
Көп элести жоготууга кыйбагам.
Жолум карап... көрмөксөндөй күтөрүң,
Жөө каптаган кекти неге тыйбагам.

Күлбөгөнүм – көнүмүштөй күндөгү,
Үндөбөдүм, жарганаттай түндөгү.
Үшкүргөнүм – жеңилдетип көөдөндү,
Күрсүнгөнүм – жалбырактай күздөгү.

Күбүрөнүп сүйлөшүүлөр түндөгү,
Абийир – өзүм, соттошуулар бүтпөдү.
Кечиримди бергим келсе жашыруун,
Аял деген  намыс мени күтпөдү.

Ач кыйкырык – үнсүз дүйнө түптөдү,
Эски жараат айыкпады, бүтпөдү.
Муздак карек, супсак сезим экөөлөп,
Абийириме айткыс арман жүктөдү,
Же убакыт мени неге күтпөдү?!

ДЕШЕТ...

Жүрөктөрдүн күзгүсү көздөр дешет,
Тилден калып тиктеши дилди кесет.
Тигилбеген карекке тилек айтып,
Тим жүргөндө “унчукпас” бирөө дешет.

Унчукпасам табы жок бирөө дешет,
Улутунган ойлорум мүдөөм кесет.
Учук улап жомогум түгөнбөсүн,
Укса көптөр шыпшынып күнөө дешет.

Ак сезимди аңдабай күнөө дешет.
Муздак дубал каректи күбө сезет.
Муунбаган ойлордо муңдуу көздү
Издей берип көңүлүм дүйнө кезет.

А түшүнбөс бирөөлөр күнөө дешет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз