Курал оюнчугу негизги коркунучтуу оюнчук эмес

  • 26.10.2021
  • 2903

Ата-энелерден ар дайым берилүүчү негизги суроо – согуш оюнчук куралдары боюнча болот. Көпчүлүк ата-эне келечекте балдары согуштук оюнчук куралдары менен ойноп, адатка айлантып алышынан коркуп, балдарына аларды алып бергенден мурда, анын атын да угузбоого аракет кылышат. Ал эми кээ бир ата-энелер, баласы өзүн коргой алуусу, зордук-зомбулукка чыдамдуу болушу үчүн коркунучтуу согуштук курал-оюнчуктарын алып берүүгө каршы эмес.

Анда согуштук оюнчук-куралдарынын же коркунучтуу оюнчуктардын таасири кандай?

Негизги маселе, баланын жан дүйнөсүнө зыяндуу нерсе оюнчук куралынын “өзү” эмес, баланын ошол курал менен жакын мамилесин калыптандырган фильмдеги каармандардын кыймыл-аракети.

Эгерде ойногусу келген ошол оюнчукта куралга рух бере турган “баатыр” жок болсо, анда ал курал бала үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Ал эми балдар өздөрү баатыры болбогон курал менен ойногусу келишпейт. Мисалы, анча-мынча бала гана планета куралдарына кызыгат. Анткени, бул куралдарды колдонгон баатырлар сыналгыда жана күнүмдүк кабарларда абдан аз көрсөтүлөт. Кыскача айтканда, планета мылтыгына “рух берер” баатыр болбогондуктан, балдар мындай оюнчуктарга кызыгышпайт. Мунун ордуна балдар үчүн күнүмдүк жашоодо колдонулган, баатыры болгон согуш куралдары кызыктуу, мисалы, ракета атуучулар, машиналуу аткычтар, адам өлтүрүүчү куралдар...

Балдардын мындай куралдарга кызыгышы куралдын “кооз” жасалышынан эмес, ал куралды колдонгон баатырдын “эр жүрөк” жана “күчтүү” болуп, баланын дүйнөсүнө сиңишине байланыштуу.

Ата-энелер үчүн көңүл бурар нерсе, оюнчук куралдын өзү эмес, ошол оюнчук куралын алып жүргөн кайсы каарманга же символикалык көрүнүшкө баланын жакындашуусу маанилүү деп кароо зарыл.

Акылсыз жүрүш-туруш абдан тез жугат

Колундагы куралдар менен балдардын кыял дүйнөсүн арбаган ар бир баатырдын жүрүш-турушу бала үчүн “бирден-бир” үлгү болор өзгөчөлүк. Коркунуч да ушул жерден башталат. Мисалы, балдардын көпчүлүгү эле кинодогу колунда куралы бар каармандын жүрүш-турушуна, мүнөзүнө, сүйлөгөн сөздөрүнө, терс жактарына окшошкулары келет. Бала менен каарманды байланыштырган нерсе – окшош куралды колдонуу, душмандар менен күрөшүү амалдарынын окшоштугу. Ушул жагынан карай турган болсок, оюнчук согуш куралын колдонгон баланын терең ой жүгүртүүсүз жасаган кыймыл-аракети сөзсүз бир жерден алган үлгү болуп саналат. Эгерде бала үлгү катары кабыл алган каармандын мүнөзүн өзүнө сиңирген болсо, анда бул адатка айланган мүнөздөр анын чыныгы мүнөзү катары калыптана баштайт.

Курал оюнчукка кызыгуу – баланын дүйнөсүндөгү жапа чегүүсүнүн бирден бир себеби

Сыналгыда же чыныгы жашоодо курал колдонгон адамдар куралдан күч алышы, куралсыз тараптагы адамдарды коркутуу бала үчүн абдан маанилүү. Айрыкча, жашоосунун айрым бир учурларында “кордук”, “көңүл бурулбагандык”, “зомбулук” сыяктуу жүрүш-туруштарга дуушар болгон балдар үчүн оюнчук курал жан куткаруучу жардамчы булак саналат. Курал канчалык чоң жана коркунучтуу болсо, анда бала ички дүйнөсүндө өзүн ошончолук күчтүүмүн деп ойлойт. Ойногон оюндарындагы жаман адамдарды өлтүрүп жашоодон ыракат алат.

Биз педагог катары көз жүгүртсөк, айрым учурларда курал колдонгон балдар кыялында кээ бир жаман каармандарды таап (кыялында тандап) алып, өздөрүн кордукка дуушар кылгандарды же туура мамиле жасабагандарды ошол оюнчук куралдары менен ата баштаганын байкайбыз.

Балдарды оюнчук куралдардан кантип алыс кармасак болот?

Эгерде балаңыз оюнчук куралдар аркылуу таасирленип, жүрүм-турумунда тескери жолго барганын байкасаңыз, анда төмөнкү сунуштарга көңүл буруп, куралга кызыгуусун токтотууну кеңеш беребиз.

1. Балага коркунучтуу кинолорду көрсөтпөө;

2. Технология жана компьютер оюндарында коркунучу жок оюн тандоо;

3. Бала үй бүлөдө кордукка, зомбулукка кабылбашы керек.

4. Үй бүлөдө уруш-талаш болсо, үйдөгү баланын тарбиясы үчүн аракеттенип мындай нерселерди жасаганды токтотуу зарыл;

5. Баланын достору коркунучту жакшы көргөн балдар болбошу керек;

6. Баланын куралга кызыгуусун токтотуу үчүн убагында кооз жана акыл өнүктүрүүчү оюнчуктарды алуу керек;

7. Баланын дүйнөсүнөн согуштук оюнчук куралдын таасиринин кетиши үчүн ошол куралга күч берген каармандын да анын дүйнөсүнөн чыгышы керектигин унутпоо зарыл.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” аттуу китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз