Сибирге айдалган өспүрүм

  • 29.01.2024
  • 4050

Бекмамбет Атаканов өспүрүм курагында сталиндик абакка түшүп, боз улан кезин алыскы Сибирде өткөргөн. Кыйла жылдык азап-тозогун “Тайгада өткөн өмүр”, “Тайга кызы”, “Том дайра” романдарында чагылдырган. Кыргыз аңгемесине арналган берүүбүздө жазуучунун “Дооран Качы уулу” деген баяны тууралуу кеп кылабыз.

Татаал тагдыр

Бекмамбет Атаканов 1929-жылы төрөлгөн. Согуш бүтөр жылы 14 жаштагы өспүрүмдү финагент кылып дайындашып, элден чогулган акчаны районго төгүп туруу ишин ага тапшырышат. Бирок анын элден чогулткан 11 миң сомун уурдатып ийиши катаал жазага туш келет. 14 жаштагы өспүрүм 10 жылга соттолуп кетет. Аны ишке киргизерде чын жашына эки жаш кошуп жаздырып коюшкан экен. Алгач Фрунзеде бир жыл балдар колониясында, анан Сибирге айдалып кетет. Тайгада карагай кесет. Сталин өлгөндөн кийин 1953-жылы сүргүндөн бошотулуп жерине кайтат. Сибирде сүргүндө Антонина деген шор кызына үйлөнүп, айылга келгенден кийин орто мектепти аяктап, университетте окуйт. Көп жылдар айылда мугалим болуп иштейт.

Атаканов жаштыгы туш келген советтик катаал турмушту, кең өлкөнүн булуң-бурчунан чогултулган опсуз эмгек лагерин, айтылуу ГУЛАГдагы туткундукту жаап-жашырбай ачык чагылдырган. Анын Дооран Качы уулу тууралуу аңгемесинин каарманы да ак жеринен айыпка жыгылып, сталиндик абакка түшкөн шордуулардын бири болчу. Туткундукта жүрүп таанышкан биринчи адамы ушул киши эле. Кузбасстын чет жакасындагы лагерден Тайганын учу-кыйырсыз токоюнун арасындагы лагерге жетиш оголе оорго түшөт. Тамак-ашы жетишсиз, арыктап сүлдөрү эле калган концлагердин туткундарын айдап баратканда жолдо өлгөндөн калгандарын бир кыштак четиндеги ат сарайга жетишет. Элүүлөрдөн өтүп калган Доорандын таластык уланга жан тартып, акыл-кеңешин айтып, ынак мамилеге көчүшү Тайганын аяк-башы билинбеген токоюнда башталган.   

“ - Бутумдун кесели бар эле. Жөө басканда кыйналчу элем. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей. Кудай башка салса адам көтөрөт турбайбы. Жолдо келатып бутумун кесели кармабаса экен деп кудайга жалындым. Кокустан басалбай калсам айдап келаткан конвойлор мени көтөрүшүп келмек беле. Кудай жалгап жолдо оорубай келди. Мына эми эс ала түшкөндөн кийин зыркырап ооруй баштаганын карасаң, - деп буттарын ушалаганга киришти.”

Жанындагы шеригинин ушалап берейин дегенине көнбөдү, “өзүм ушалап жүрүп көндүрүп алыпмын” деп макул болбоду. Абактагылар алдыда эмне күтүп жатканын билишчү эмес. Оор жумуш, жарыбаган тамак, ачкалыктан көтөрүм болуп баса албай калгандар, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, жашоого тырышып аткандар. Карагай кыюуга келгендердин арасында немистик туткунга түшүп калгандар, “эл душманы” болуп 58-статья менен соттолуп келгендер толтура эле. Токой ичинде илең-салаң баскан туткундарды саксактап кайтарып, жулкунган иттерин жетелеп, автоматын белен кармаган конвойлор акыры Том дайранын кумдуу жээгине келип, чубалган адамдарды бир жерге жыйнап өйүзгө өткөрүп койчу кайыкты күтүштү.

Том дайра

Кайыкчылар ата-бала, сибирлик шор деген чакан элден экен. Токой аралап кыйла жүрүшкөндөн кийин акыры бара турган жери – жайык түзөңдөгү лагер көрүндү. Лагердин сыртына зым тартылып, жыгач менен тосмолонгон. Ичинде жыгач барактары жок жайдак, тигилген чатырлардан башка эч нерсеси жок жер экен. Азыр жай, кышка чейин бул жерде жыгачтан жылуураак үй тургузулбаса абактагылар суукка тоңуп өлүп калары бышык. Анан жумуш башталды. Дооран менен Бектемиш канча иштешсе да карагай даярдоо планын аткара албай, мурда көнбөгөн кара жумушта суй жыгылчу болушту. Ага карабастан эрте тургузушуп чала-тоют тамактанып токойго кирип кетишет.

“Тамагы кайсы, баягы эле бир чөйчөк көк сорпо. Түбүндө бир-эки картошка, калганы чалкан-чөп. Ошол тегеректе, зонанын сыртында деле, жол боюнда деле чалкан чөптөр аябай өсүптүр. Алыс барбай эле ошол тегеректен оруп келип казанга кертип салат болсо керек. Мен курсагым ачканын деле билбейм. Дене оордонуп көтөрүлбөйт. Белим ооруйт. “Бир күнү иштебей жатып минтип кыйналып атам, эми дагы алдыдагы сегиз жыл сүрөктү өтөгөнчө эмне болом” деп сарсанаам ичимде. Заманам куурулат. Арадан үч күн өткөндөн кийин карагай кабыл алуучу ошол жергиликтүү кыштакта жашаган адамдардан экен, ал келип карагайды кабыл ала электен мурун участкабыздын тазалыгын текшерип чыкты. Дүмүрүн мынчалык бийик калтырбагыла деп үч-төрт дүмүрдү көрсөттү. Үч күндүк даярдаган карагайыбыз эки эле күндүк норма болуп чыкты. Паёк наныбызды кырка турган болуп калды.”

Кечке тынбай иштеп бирок ишти арбыта албай жатышынын себеби да табылды. Көрсө, Бектемиш менен Дооран экөөлөп араа тартпай, бири кол ара менен карагай жыгытып, экинчиси аны бутап, бир жерге жыйса иш ылдам жүргүдөй. Анан карагай жыгуунун ыгын тапкан соң экөө нормасын ашыгы менен аткарып күнүнө 800 грам нанга жетип калышты. Доорандын нанды ушунчалык этият, бир күкүмүн калтырбай майдалап жегенин ошондо көрдү. Нормасын аткара албай, тамактан кыйналгандар көбүргөн – жапайы пияз жеп, абал начарлай баштады. Дооран Бектемишке дуба үйрөтүүгө киришти. “Карагай басып жаздым болуп калсам дуба окуп көөмп кой, лагерде өлүм деген оңой эле болуп калбадыбы”,- деп кабырга сөөгү ката элек баланын кулагына куят. Лагерде ачкалыктан боо түшүп өлүп жаткандар көп болчу. Аларды түнкүсүн алып барып көөмп салышат. Баланы чочулатканы Доорандын кийинки кездери кыйлага жок болуп кетиши болду. Сураштан уялат. “Көзүм караңгылап жер айланкөчөк болуп кетет, бөйрөгүм ооруйт” деди. Ошондон көп өтпөй ОП – эс алуучу пунктка жатып калып, он күндөн кийин чыкты. Ага чейин өзү жалгыз иштеп, нормасын аткарып карагай кыюуга көнүп калган. Адам өмүрү бир тыйынга арзыбаган катаал шарт ушу лагерде эле.

“Конвойдун начальниги Савин деген сержант катар тизилген стройдун алды жагында турган экен, просёк жакты карап. Экиден төрт киши тик ылдый эки адамдын денесин сүйрөп келишти да катар тизилип тургандардын алдына таштап коюшту. Аларды стройго тургула дешти. Бирөө эчак өлүп калыптыр, кан-сөлү жок, арык манжаларында жанагы ар ким терип жеп жүргөн колба жүрөт. Экинчиси онтоп жатат, өлө элек экен. Бирок оозу-мурдунан кан агып атат.

- Ай шордуу ай, көбүргөн терип баратып просёкко чыгышканын билбей калышкан го, - деп калды менин жанымда бирөө.

Просёк деген бул биз иштеп жаткан оцеплениенин сыртынан токой аралап кеткен ачык жол. Туурасы он метрдей, калың токойдун карагайларын кыйып тазалап кетет. Аны жасоого срогу аз калган арестанттардан иштетет. Участканы айланта тазалайт. Ар бир эки жүз метр жерге кароол вышка коюшат. Ошол вышкаларда мылтыкчан кароол аскерлер турушат.”

Кадимки эле концлагер, жолго чыккан эскертилбей атылат. Жанагы атылган экөө  штрафной изолятордо үч сутка жатышып, жумушка чыккандан кийин ачка бечаралар жапайы пияз - көбүргөн издеп чыгышып кароолчунун огуна илинип атпайбы.

Карагай комуз

Жайдын узун күнүндө чиркейге таланып 12–13 саат иштеп аткан шордуулардын өлгөндөрүнүн ордуна жаңылары келип, андайда лагер ичинде Молдовадан, Эстониядан дагы башка жерден келиптир деп калышат. Ошондой азаптуу күндөрдүн биринде Дооран кубанычка батып, карагайдан комуз чапмакчы болуп калыптыр. Анысына шериги анча деле ишене бербеди.

“ - Өрүктүн жыгачынан жакшы комуз чыгат дешип, кыпкызыл чоктой комуз чертип, жүрүшкөнүн көрчү элем. Бирок карагай комуздан үн чыгат деп деги уккан эмесмин, - дедим.

- Ээ, Бектемиш, пайгамбар барына азыр дегендей карагай болсо деле эптеп чаап, жасап алсам болду. Чертилээр. Буерде жок өрүктүн жыгачын кайдан издемек элем. Илгери Токтогул атаң деле ушул Сибирде айдоодо жүргөндө карагайдан комуз жасап күүгө келтирип, арманын ушул комузга кошуп ырдаган экен. Биз деле Токомдун жолун жолдоп, карагайдан комуз чаап эрмек кылбайлыбы?..

- Токтогул деген Токтогул. А киши комузсуз, ырсыз жашай алган эмес. Биз Токтогулдун жанында ким болуп калыптырбыз...

- Бектемиш, сенин бул сөзүңдү мен туура дебейм. Токтогулча ыр билбеген, комуз чертпеген адам дүлөй болуп жүрө береби? Жок, андай эмес. Илгерки кыргыз өзүнчө уруу болуп жашагандан баштап, ыр менен, үч кыл комуз менен жаны бирге болуп жашап келатыры. Биз укугубуздан ажырап мусапыр жолунда жүрөбүз деп эле ата-бабаларыбыздын заманынан бери ырдалып келаткан ырды, чертилип келаткан комузду унутуп коёбузбу. Ыр адамга дем берет, жөлөк-таяк болот. Элибизди-жерибизди эңсеп санаага тумчугуп жүргөндө эч болосо комуз чертип, сагынычыбызды жазып албасак болобу.”

Ошондон кийин Дооран карагайдан комуз чаап, ага балалайканын темир кылын тагып лагердегилерге кечкисин чертип берип маанайы биротоло чөгүп, басырылып калгандардын кабагын аз да болсо ачып, туткундуктун оор күндөрүн жеңилдетти. Карагайдан балталап жасалган комуз тайганын түнт токоюнун арасында жаңырып, лагердеги элдин маанайын аз да болсо ачып, көңүлүн биротоло басып койгон сары санаадан арылтып, караңгыга чырактай жанып, күү жаңырчу болду. Дооран шеригинин комуз чертерин уккан. Манастын жеринен болсо, Атайдын күүсүн, ырын угуп чоңойгон бала болсо комуз чертиши керек эле. Күү мекенинен келген баланын келечеги алдыда, лагердеги катаал турмуш анын токтолго таба элек мүнөзүн биротоло катырып, мерес кылып коёбу деп чочулаган болчу. Андай боло элек экен.

“Биринчи эле черткен күүм Атайдын “Күйдүм чогу” болду. Айылда жүргөндө үйрөнүп алган өнөрүмдү күү угабыз деп үмүттөнүп олтурушкан шериктеш адамдардан аябайын деп берилип черттим. “Күйдүм чокту” үч-төрт жолу кайталап черттим. Мүмкүн менин черткен күүм угуп олтургандарга жагып калдыбы, же жакпаса деле зериккенден айтыштыбы ким билет, бардыгы эле “Ап, бали!”, “Ырахмат, жакшы чертет экенсиң!” дешип жаалап кетишти. Угармандардын алкаган алкышынан улам эреркегендей тердеп да кеттим. Комуздун үнү кадимки комуздукуна окшобойт, чыңкылдап чертилет экен. Күүгө келеби, же жокпу  деп ыргылжың оюмду унутуп да койсом керек. Мобу менин маңдайымда комуз күүсүн угууга дилгирленип, кулак түрө күтүп олтурушкан жердештеримди ыраазы кылыш үчүн бүт аракетимди жумшагым келди. Толкунданып кетип күүнү чертип бүтүп, комуз күүсүнө кошулуп ырдагым келип кетти. Атайдын кереметтүү ыр-күүлөрүнүн ичинен кайсынысы дурус эле. Ичимден ойлондум. Анын ырларынын уккулуктуулугу, ыргактуулугу биринен бири ашат ко. “Ой булбулду” ырдасамбы дедим ичимден. Ичимден иликтесем унута жаздап койгондоймун. Андай болсо “Жаштарга” деген ыры бар эмес беле.”

Ал кеч абактагылар үчүн майрам, кыргыздар үчүн туулган жерин, тоосун, суусун, керемет кооздугун эске салган сонун учур болду. Ыр угууга чогулгандарды түрмөнүн кайтаргычы кубалабай, эртең жумушка чыгышарын, эми жатууга убакыт келгенин айтып чыгып кетти. Күү адамдардын ичте катылган аёо сезимин ойготуп боорукер кылып коёт экен.

Бекташ ШАМШИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз