Султан Раев: Матек

  • 27.10.2021
  • 4486

АҢГЕМЕ

Ал бетине качан жармашты?.. Таптакыр билбейт. Кантип, качан, кай себептен... экени да эсинде жок... Анын бетинен айрып алгыстай ширидей жармашканы аз келгенсип, бетине эриген коргошундай окшоштугун кантесиң? Алгач ага бет каптай туюлар эле, жүзүнө чаптап койгондой, кийинки кездерде таптакыр эле чечилбей калды. Кээде чечип, кээде сыйрып салганы гана болбосо, эми минтип бу маскага бет тамырлары да биригип, эти менен эт болуп, жүзү менен жүз болуп, кудум эле энеден туума бетке айланды.

Бу дүйнөгө келип, ак тааныгандан бери бирге жаралган жүзү ошо бул масканын алдында калып, таптакыр эле өзүнүн өңүн да, түсүн да жоготту. Айтайын дегени, кылайын дегени, өкүнгөнү, күлгөнү бу масканын жүзүнө чыкты. Мээси бирди ойлосо, жүзү бирди ойлойт. Түнөргөн баягы жүзүнүн бир изи калса не? Өзүн таптакыр эле бир башка сезип калды. Бу кишини мээси башкарбай, бетине тамырлап жайылган ушу маска башкарып калды. Масканын бир жакшы жери, уялса кызарбайт, ар бир адамга ар башка кулпуруп, жүз жаңыртып турат. Тилинин учуна чыккан сөзү да эң оболу масканын ырайына жарашып, а сөздү да тилден мурда бу жүзү айтып иет.

Кызыгы, бу маска бетине өсүп чыккандан бери, эң оболу бетинин кызылы жоголду, уялганды, ийменгенди, айбыкканды унутту. Несин айтасың, көшөкөрлөнгөндү, жасакерленгенди, кылыктанганды жасаса ушу бет жасасын да. Ал эми калп айтып, калп айтып дегенде кандай? Бу маскага калп деген түшүнүк таптакыр эле туура келбейт. Айткандын баары эле кызылдай чындык. Өзүн садага чаап жибере турган болсо барбы? Ажарына чыгат. Тим элеби?! Аалам гүлстан, булбулдун тили кекеч. Тим эле баралына келип, жүзү ачылат, өңүнө чыгат. Кээде эски сүрөттөрдөн өзүнүн баягы жүзүн көрүп күлөт, күлгөнү уялбай ошо жүздү кантип алып жүрдү экен, буудай ыраң, күнгө тотуккан анча-мынча бетине из салган бырыштары, көз алдындагы билинер-билинбес шишиктери... жансыз көз карашы.

Жыт аттууну дароо туюп, бырышкан мурду да, жытты ушу бет кап аркылуу сезип калды. «А-бу» дегендин бирин калтырбай угуп, шып эле илип алган кулагы да, эми уккан кептин баарына эле жапырыла бербей, тандап угуп калды. Укчу кепти угат, укпай турганына «быш» деп, итине теңебейт. Мунун көзү да, кулагы да, мурду да баары бетиндеги маскага кан куйгандай жуурулуп кетти. Ал эң оболу өз бетиндеги бу сыйрып алгыс жаңы жүзүн маска деп жүрсө, акыркы күндөрү антип айтканды өзү да жактырбай калды. Бу матек бет жүзүнө куп эле жарашып калды... Дуулдаган эл арасында сүйлөсө барбы, төбөсүнөн булоо чыгат. Элдин узакка созулган кол чабуулары ага демине дем, сөзүнө сөз, канатына канат, кайда болбосун ооз толтура мактана сүйлөсө, бу маскада өңүнө чыгып, кулпуруп, бу кишинин ажарын ачып салат. Тили да баягы микрофон деген немени көрсө, тим эле жалап ийчүдөй болуп, жалаңдап сайрагысын гана келтирет. Колдору өйдө серпилип, баш бармагы көк сайып, куюлушкан сөздөр биринин артынан бири чубап, тим эле жиреп келген селдей каптайт.

Эми эмненин убалы жок десе, бу сөздүн убалы жок тура көрсө. Сөздүн чыдамкайлыгына эчтеке жетпейт! Ак ит да болот, кара ит да болот. Тил күрмөлсө эле жарыктык сөз да чыга берет, чыга берет. Бунун өнөрү тил учунда. Тили менен орок оруп, кимди болбосун жыландай арбап алат. Маска да денесине дене болуп, жаңгактын кабыгындай жармашты. Бир чети бу киши баягы жүзүнөн айрылганына шүгүр кылып, кантип ушу кезге дейре уялбай ошо жүздү алып жүргөнүнө кээде арданып кетет. А жүзү да бир жайдары эле, маңыроо чалыш же күлгөндү, же кабак-кашты сезбейт, же куру дегенде жасакерленип, бет учунан тымызын өзгөрүп турганды билбейт. Эмнесин айтасың, кудай урган бир тоң бет эле да. Эми мобу жүзүнүн сөөлү качып, купкуу тартканы менен, жарыктык бет канча түскө алеки саатта айланып, бир кулпуруп иет дейсиң...

Кызыл дегенден бу бетте кыпын жок. Эми өзүнөн өйдө мартабалуу адамдарды көрсө, кулпурганды ошондо көр. Ажарына чыгып, жүзү тамылжып, көзү ылдый тартылып, айткан сөздү азыр эле ойлонбостон: «Куп жарайт!» – деп аткарып ийгиси келет. «Заманың бөрү болсо, бөрү бол!» – деп кай акылдуу айтты эле, мунун тегерегиндегилер да маска кийип, баягы энеден туума жүздөрүн пулдап жибердиби, бетинен ширидей сыйрып салдыбы, айтор, баарынын адамдыгы (Кайдагы адамдык жөнүндө былжырап ийдик!) – чыныгы жүздөрү ушу масканын алдында калды.

Кимдин ким экенин билүү да кыйын, кимдин кимдигин ажыратуу да кыйын. Чындап эле маска заман келген бейм? Ургаачысы да ушу, эркеги да ушу... Күндөрдүн бир күндөрүндө баягы маскасы бир чекесинен сөгүлгөн бөздөй ыдырай баштады. Жыртылган жеринен ириң кетип, баягы кулпурган жүз бариктей бырыша баштады. Анысы ал болсун, муну менен тегерегиндегилер да чер жазыша сүйлөбөй, тили кыскарып, элден четке чыгып калды. Бир жакшына эле салабат күтүп, сөзгө сөлпүк, кепке чоркок болбой эле, уят сыйытты жыйыштырып, айтканын айткан, дегенин деген деп жүрсө эле... Бир четинен жүзү сөгүлө баштады. Эч кимден акыл сурай албайт, мындайда кеп кошор адам да жок. Күн санап иреңи суз, төрдөн түшпөй келген бу кайран четке да көчүк басалбай калды. Оозунда от, көзүндө жалын, колу менен айды, башы менен күндү сүзгөн немелер келип, буга окшогон эт менен челдин ортосундагыларды сүрүп салды. Ээсинен айрылган жолбун иттей, жалгыз каңгып калды. Анын кебин уккан жан жок, баары эле бу жанар оттой атырылгандардын оозун карап калды... булардын бет кабы бир башкадай туюлду ага. Тилдери киндигине дейре түшөт. Асманга түкүргөнү да жерге түшпөйт.

Бу киши чоң Ордодон четке ыргытылып калды. Күндөй айланчыктаган кожосу да, бу шудуңгуттардын ортосунда калып, сары чырмооктой чырмалышкан бу адамдардын күнү дуулдап турду. Баш отун сайып койду... Гезиттен түшпөйт, теледен керели-кеч сайраганы сайраган. Эл да мойнун буларга карап таптакыр эле буруп алды... Эмне кыларын билбей, ышпалдасы чыккан бу киши, тойдум байдын кызынан дедиби, же бу саясат деген неме бир күн болбосо, бир күн аңга түртүп коёрун эми түшүндүбү, мээси чачырайт... Кантсин анан?.. Бу чоң ордодо бетин мумия менен сыйпаса да түбөлүк калбай турганын эми туюк сезди окшойт. Бети да эчтекени сезбей калды. Күзгүнүн алдына келип, тырнактары менен бетин сыйрып алгысы келет. Кашайып маска бетинен чыкпайт. Ал мунун жүзүнө тамыр жайып, таптакыр эле дене боюна, өнө боюна сиңип кеткен эле...

Кайран өзүнүн жүзү, бу масканын алдында ал барбы же жокпу... а деле буга күмөн... О, эбаккы жүзүн сүрөттө карайт... Өзүнө жакпаса да карайт... Карайт да, ага түк эле кайра кайрылып баргысы да келбейт... А жүзү бир кудайдын момуну эле... Каяктан да... бу чоң Ордо деген немеге башын байлап алды... маскасынын да бетинен сыйрылып түшкүсү жок. Баш териге баш тери каптап койгондой жармашайын дейт... Эптеп бу кара селдей каптагандарга кошулуп кетейин дейт, кошула албайт. Азуусун көрсөткөн маскачандар, колдон кармап сыртка чыгарып коёт...

Кашайып баягы кожосуна да жакындай албай калды, ал бу жоон топтун туткунунда калгансып, теледен жылт эте чыга калганы болбосо, кол жеткис жерге кетип калгандай туюлат. Аны маскасы бир адеми, андай эч бир жанда жок. Ал бетин сыйрып алса эле мобу кара таандай эл аны тактан түшүрүп ийчүдөй туюлат... Бу эптеп эле кожосуна жетип алса «Сага баш-отум менен кул болоюн!» дегенден да ары тартпайт. Акыры чыдамы кетти. Минтип жашоого болбой калды. Бетиндеги бу матекти доктурга барып алдырып салмак болду. Пластикалык операция жасатып, баягы энеден туума жүзүн кайра кайрымакка аракет жасайын деди. Доктурга барды. Кашайган бу доктур да анын шаабайын түшүрдү. Түшүргөнү... анын жүзү ага пластикалык жол менен бетине чапталган эмес эле, а жүз ага... өзүнөн өзү... өсүп чыккан...

Мындай табигый жол менен кептелип калган жүздү булар таптакыр сыйрып албасын укканда көңүлү журт көчкөндөй болду... Бу күнү үйүнө суз кайтты... Түнкүсүн уйку жок. Башаламан ойлор чымчыктай башында баткактайт... Чыкылдаган сааттын гана үнү мээсин чукуп алгандай туюлат. Эмне кылса?.. Элден четке сүрүлдү. Сүйлөшөр бир адамы жок. Чоң Ордо түшүнө да кирбей калды. Катыны да уктаса тескери карап уктап, андан бетин үйрүп калды... Өз ургаачысына да жакпай калды... Жини келген бу кайран аялын басып алып: «Алдагы маскаңды, чеч!» – деп бетинен күч менен чойгулап көргөн. Катыны да бетиндеги маскасын бу элден сүрүлүп калгандан бери таптакыр өзгөрттү... Керели-кеч телефондон колу бошобойт. Кимдир-бирөөлөр менен жолугушуунун мезгилин болжойт.

Ал да бу маскасы сөгүлүп бараткан күйөөсүнө ичим тап. Андан бет буруп бараткандай... башкасынып калды... Эми кантмек, курган дүйнөсү тарып, таз кейпи жадатты. Мунун баары жанына батып чыкты. Көкөйүнө көк таштай тийди. Неси болсо да кайра доктур тарапка бет алып, бу жүзүндөгү немени канжалата сыйрып салганга да кайыл болуп баратты. Доктурга барды да кыргыйдай эле бир тийди. Кыска, ачуу үстүнөн айтты.

– Момуну сыйрып салгын! – деди муундары титиреп.

– Мунуң сыйрылбайт, – деди доктур ааламды топон суу каптап келатса да, калыбынан жазбаган түрү менен кабелтең унчукту.

– Эмне кылыш керек анда?! – деп ачуу үстүнөн түтөп ийди. – Бир ылаажысы барбы? – деди ал көзүнөн чаар чымыны учуп.

– Үхх... – деп доктур оор үшкүрдү да, баягы кебете-кепширинен жазбай, акырын гана үшкүрдү. – Бар ылаажысы... Элдин баары маскага жетпей жүрсө... сиздин сыйрып сал дегениңиз эмне? – деди доктур. – Деги... мындан аркы жашооңузду маскасыз кантип элестетесиз? – Кыска гана кеп кайрыган бу доктурдун чучугуна анын сөзү жете түштүбү, ичиндегисин жашырбай сыртка чыгарды. – Бу жашоо маска жашоо экенин билбейсизби?.. – деди доктур. Анын бу кебинде «дагы бир жолу жакшыраак ойлонуп көрүңүз» деген ишарат бар эле... Ал да сустая түштү... Көңүлү басыңкы, кабагы бүркөө. Ыргылжың тартып, доктурдун кеби менен болуп, кайра артка тартмакка кылчайып көрдү. Бирок бу жашоодогу жалгыз маскасы, бетинен ыдырап баратканы аны кыжалатка салып турду... Эки ойдун ортосунда кажылды... Баарына тобокел дедиби!.. Маска кийген чөөлөрдүн арасында, ал жашоо жоктугун сездиби?..

– Сыйрып сал! – дегенчелик өктөм сүйлөдү.

– Анда, – деди доктур алакандай кагазды сунуп, – мобу жерге эч кандай доом жок. Жүз кабымды алдырып салууга макулмун деп кол коюңуз, – деди.

Мунун баары анын жанына батып кеттиби, шыр эле кол коюп, чиймелей салды.

– Анда даярсызбы? – деди доктур.

Ал «даярмын» дегенчелик баш ийкеди.

– Анда мобу кабинетке кириңиз... – деди доктур сыпаа гана. Эшикти баш жаңсай көрсөтүп. – Ырас эле мобу тил катыңызды алып алыңыз, – деп алакандай кагазды колуна карматты. – Эң оболу... энеден кантип туулсаңыз... ошондой чечиниңиз... – деди доктур.

Ал доктур көрсөткөн бөлмөгө кирди. Кийимдерин чечип, дырдай жылаңач турду. Алаасынын ортосун гана эки алаканы менен жаппаганы болбосо, ал кудум эле дүйнөгө кандай келсе, ошондой турду. Эки жакка каш какты... Бөлмөнүн ортосунда баталга. Ары жагында чоң ай балта. Ал буга түшүнгөн жок. Ушинтип көргөн көзүнө ишене бербей калтырак басып турганда, бөлмөнүн экинчи тарабындагы эшик ачылып, эңгезердей жоон билек, бетине кара маска кийген, жасоолдой болгон түрү шумдук кирип келди. Ал аны көрдү да... буттары калтырак баскандай... бир башка титиреп ийди... Сууга түшкөн коёндой үрпөйүп, көзү чанагынан чыгып кетти. Ушу саам башыңа күч келсе, башмандык атасың болуп туру...

– Кана тил катың, – деди эңгезердей үнү жоон неме.

– Мына... – деди ал, ичке басыңкы үн менен.

Ал тил катты окуду да, бурчта турган ай балтаны алды.

– Кана, мобу баталгага башыңды кой, – деди.

Иреңи таптакыр качкан неме, жан далбас калтырак баскан үн менен, чанагынан барсайып чыгып бараткан көзү менен жалтаңдай карады.

– Менин мобу жүзүмдү... гана сыйрып алышыңыз керек, – деген сөзгө араң батынды.

– Жүзүңдүбү? – эңгезер копол бурк этти. – Бу жүзүң... сыйрылбайт... аны башың менен кошо алыш керек, – деди эңгезер ай балтанын мизин баш бармагы менен сылап. – Сен өзү кимсиң? – деди суроолуу кабак каккан эңгезер.

– Менби?.. Менби? Мен деген саясатчымын... саясатчымын... – деп ийди, бир айткан сөзүн эки айтып. – Саясатчымын...

– Анда, сен эмне билбейсиңби?.. Саясатчынын жүзү башы менен чогуу алынарын? – деди эңгезер.

– Бу жүз эмес, маска! Матек бет!.. Саясаттын матек бети... антпесе кайсы саясат, – деп башка чапкандай эчкирип ийди ал.

Жоон билек, эңгезер шадылуу манжалары менен анын мойнун кыса кармады да, күч менен баталгага ийип чөгөлөттү. Буттары титиреп, денесинин каны жок. Сөлү качып, тырп этпей баталгага башын урду... Жоон билек, ай балтаны кериле туруп, өйдө көтөрүп чабайын дегенде, ал кичине кыйшык ачылып турган эшиктен октой атырылып чыкты. Бу кара башыл узун далис менен көчөгө энеден туума... кантип атып чыкканын да сезбей калды... Элдин баары аны карайт... көчөдөгү жолбун иттердин үйүрү артынан абалап кууп алган... Эки колу алаасында, уяттуу жерин жаап баратты... Көчө толо эл. Күлгөн андан көп, сөккөнү мындан көп. Көчө толо ызы-чуу... Иттер да артынан калбай, мына-мына балтыр жоон сандан тиштеп алайын дейт.

Ал күчүнүн барынча дыркырап качып баратты... Ушу тушта мунун алдынан чака көтөргөн аял чыга калып, муздак сууну жүзүнө чачып ийди.

– Буларда уят-сыйыт жок! Кара башын жеген, матек беттер!.. – деп чакадагы муздак сууну ага карай чачып ийди. – Башын жебей, оңорбу?..

Көзү панардай ачылды.

Калың төшөктө жаткан бу киши ордунан ыргып турду... Көзү чырактай жанды... бешенесинде чымыраган майда тер... Тигиндей тушта аялы идиш-аякты калдыратып жууп жатат. Түшүнөн ыргып, чочуп турган күйөөсүн көрө калып, кепке адатынча жалмаңдап ийди.

– И, кайран демократ, түшүңдө дагы бийликти алдыңбы?.. – деди аялы териси тырчыйып. – Тигине, радиодо дагы какшанып сүйлөп атасың... Мобу былжыраган кебин угуп алсын деп, бетиңе суу чачтым. Сенин уйкудан ойгонушуң азап да, – деди аялы.

Ал радиодон озунан шилекейи чууруп сүйлөп жатып-тыр...

– Биз, демократтар, демократиялык коомду түзөбүз... Элдик бийликти орнотобуз... Элдин жашоосун жакшыртабыз... – деп сүйлөп жаткан радиодогу өз үнүн шак эле тааныды...

Ордунан оор козголуп, күзгү алдына келди. Өзүн баштан аяк бир карады... Колу менен жүзүн укалап, бетин бармагы менен чоюп көрдү... Баары ордунда. Баржайган бети да...

– Алдагы матек бетиңди бүгүн көрүп тургансып, – аялы зекий сүйлөдү. – Ии... күзгүнүн алдынан чыкпай калдың да, – деп бурк этти. – Баягы, баягы Байкожонун таягысың да...

Анын үнү радиодон угулуп жатты... Биз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз