Дооронбек Садырбаев: Аппассионата

  • 02.11.2021
  • 2736

АҢГЕМЕ

Августтун аягы. Салкын кеч. Обон дарак баштарын термелтип, аларга кошуп, менин жүрөгүмдү делбирете шыңгырап жатты. Ооба, Азиз Акылбергеновичтин үйүнөн...

Мектепте окуп жүргөнүмдө эч ким карабай чаң басып турган пианинону тарсылдатып жүрүп, анча-мынча обон окшогон бирдемелерди ойногонду үйрөнүп алган элем. Ошону көргөн балдар тургай мугалимдер да тыңшай калышчу. Назик күү, сөз менен айтып бере алгыс назиктик, сылыктык... Кандайдыр каныңа куюлуп түшкөндөй болот, делебе козгоп көңүлдү эргитет...

Кимдин ойноп жатканын көрөйүн дедим...

Азиз Акылбергенович эки-үч жолу ээрчитип кирген болучу. Бир жолу өзүмчө кирип койсом эрөөн көрүшпөс деген ой жетеледи, мен музыка жаңырып жаткан бөлмөнүн кош канаттуу каалгасынын бир жагын акырын ачтым... Ичи жарык, жасалгалуу кенен бөлмө. Терезенин түбүнө коюлган пианинодо, күрөң көйнөкчөн, алдына ак фартук тартып, чачына бантик байлаган жаш кыз, кыргыздын да, орустун да мен угуп жүргөн обондоруна такыр окшобогон кайрыктарды ойноп отуруптур. Бирде добул жүргөндөй дүңгүрөсө, бирде токойдогу майда куштардын сайраганына окшоп чулдурап сүйлөгөн бул музыканын маанисине түшүнбөсөм да, ойногонун токтотуп койбосун деп, акырын кирип, табыш чыгармак түгүл дем албай дубалга жөлөндүм. Клавишаларды бат-бат термелеп сөөгү жоктой кыймылдаган ничке аппак манжалары көзүмдү тартты. Бир оокумда кыз менин келип турганымды байкады белем, бир кайрык бүтүп ордунан туруп мен жакка бурулду.

Бул кызды каерден көрдүм экен? Өңү тааныштай жылуу учурайт да... Жо, жок, мен жаңылышкан окшойм. Мурда эч качан көргөн эмесмин. Анын жүзү ушунчалык жылдыздуу... Ошон үчүн тааныштай учурап жатат ко...

Кыздын жүзүндө кагаз бетине жазып бере албай турган кандайдыр бир өзгөчө сүйкүм, мээрим бар... Коюу кара каштары, жоодураган... Аттиң, мындайга сүрөтчүлөр жолукпайт да деп ойлодум. Кыз жылмая эми эле өзү бүткөн назик күүнүн ыргагындай шыңгыраган добуш менен мага кайрылды:

– Биздин кошуналарда квартирада турган студент сизби?

– Ооба...

– Таанышып коёлу. Мага сиз жөнүндө атамдар айтышкан эле. Айдай... – деп колун сунду.

Мен кол алышып таанышканды кайдан билем. Мен өскөн жактагы эркектердин аялдар менен кол алышып учурашканын көрбөгөм... Бирде колуна, бирде өңүнө тигилип, эмне кыларымды билбей апкаарып туруп калдым да, анан:

– Амансызбы? – деп колун кармадым. Кыздын көздөрү күлүңдөп кетти.

– Кечирип коюңуз... – дедим ыңгайсыз. – Пианинонун добушунан улам уруксатсыз эле кирип келбедимби.

– О, эчтеке эмес. Кана, жогору өтүңүз.

– Рахмат...

– Музыканы аябай жактырат көрүнөсүз? Өзүңүз да ойноорсуз? Кааласаңыз ойноп көрүңүз.

– Жок, рахмат... Музыканы жакшы көргөнүм менен ойногонду билбейм.

Бир азга үн катышпай олтурдук.

– Сиз музыкалык окуу жайынан окуйсузбу? – деп сурап калдым.

– Жок, үч жылдан бери бир мугалимден өзүмчө сабак алып жүрөм. Быйыл онунчу класста окуйм.

– Анан, музыкалык окуу жайына барасыз го?

– Апам ошентип айтып жүрөт. Бирок атам экөөбүз медициналык институтту жактырабыз. Сиз да медициналык институтка кирген турбайсызбы, эмне, институт жатакана бербедиби?

– Жок, азырынча жетишпей жатыптыр. Кийинчерээк беришет ко... Баса, мен сизди мурда көргөн жок белем?

– Ооба. Жайлоодо чоң атамдардыкында болгом. Уккандырсыз. Миң-Булактын жайлоосунун кооздугу ай! Сиз ал жерде болдуңуз беле?

Бир топко дейре сүйлөшүп отурдук. Элибиз, жерибиз, окуган мектебибиз жөнүндө сүйлөштүк. Кезеги келгенде, атасынын бизге жогорку курстардан сабак берип, энесинин артистка экендигин айтты. Кандайдыр бир-эки эле сааттын ортосунда бала чактан бери бирге өскөн курбулардай болуп калдык...

– Эгер музыкага чындап эле кызыксаңыз биздикине келип турсаңыз болот, – деди Айдай кетип баратканымда.

– Сиз, окутасызбы мени? Келем. Кошуңуз, менин окутуучум... – деп тамашаламыш болсом:

– Бирок мен окуучумдун туулган жеринен өйдө билсем да, өз атын биле албай калганыма өкүнүп турам!.. – деп күлүп жиберди. Мен кеңгирей түштүм:

– Кечиресиз, Бактыбек...

– Бактыбек! О жакшы атыңыз бар экен, жашырбай эле айта бербейсизби!

Кыздын көздөрү моймолжуп, тайманбай тике караганынан мен ийменип, жүзүмдү буруп кетүүгө аргасыз болдум.

Аз-аздан шаардык турмушка көнүгө баштадык. Айрыкча чет жакадан келип, орус тилин начар билгендерибиз «Анатомия», «Латындан» дурусураак болгонубуз менен, биринчи курста эң оңой деп аталып жүргөн тарых, биология сабактарынан кыйналдык. Анткени биринчи экөөнү эптеп жаттап келип кутулуп кетебиз. Ал эми кийинкилеринен болсо бүтүн группанын алдына чыгып, бардыгын байланыштырып орусча сүйлөө оңой эмес экен. Кышкы семестрден өткөнбүз. Мына, жайкы семестр жакындап келатат. «Анатомия», Мир-Заде дегенде бизде жан жок. Мир-3аде бизге анатомиядан лекция окуган доцент. Сырткы кебетесине караганда, ууртунан жылмаюусу кетпеген мээримдүү эле немедей көрүнөт.

«Колуңардан келсе экзаменде Мир-Задеге кез келип калбоого аракеттенгиле! Ал бир механикалык тирүү куурчак да. Кичине мукактансаң, тайсаң ишиң бүтөт, айдап чыгат. Көчөдө көп жүргөндөрдү жактырбайт!» Ушундай сөздөрдөн улам Мир-Заде көчөнүн бир башынан көрүнсө эле башка көчөгө өтө каччубуз. Бирок негизги күнөө Мир-Заде эмес, окугандын ыкмасын билбеген өзүбүздө жаткан тура. Мисалы, сабакты бирге даярдамак болуп жаткандагы балдардын бөлмөсүнө бештен, алтыдан чогулабыз. Биртике окугандан кийин эле: «Ай ушу «Анатомиячы... Мир-Задедей болук эмес, эптеп эле туберкулёз менен ооруп араң жүргөн, ары-ык үчтү алып чыксам болду эле!» – деп бирөө баштап салат. Ушуну менен жолбун сөздөргө кетип, быякта сабак калат. Түн ортосу ооп калган учурда, бирөөнүн тумбочкасынан табылган жарты бөлкө нанды жулкулдашып талашып жатып тырмактайдан үзүп жегенден кийин бүгүнкү даярдык бүттү деп өз-өз бөлмөбүзгө тарачубуз.

Экинчи курска келгенде эле институт мага жатакана берген. Бирок мен Айдайдан, анын музыкасынан ажырагым келбей дагы эле мурдагы квартирамда жашап келатамын. Айдай апасынын каршы турганына карабастан медициналык институтка өткөн. Биз ынак элек. Каякка барбайлы, ээрчишип алабыз. Эртең менен институтка жөнөгөндө кимибиз мурда чыксак күтө туруп, бирге барып, кайра да чогуу кайтабыз. Сабактан келгенден кийин жанаша олтуруп алып пианино ойнойбуз. Азиз Акылбергенович, аялы Алтынай эжеке мени өз баласы катары сезип калышты көрүнөт, алардын үйүнө эркимче кирип-чыгып, Айдай менен дайыма бирге жүргөнүмдү эрөөн көрүшпөйт.

Бир күнү... Айдай пианинодо... мен жанында элем. Жаштык деген жашыл тоонун жыпары себилип, мени кумар кылып шалдыратып отурду. Айдайдын бир жери бир жериме тие түшсө жүрөгүм зырп деп, боюм дүр этет.

– Октавалдардын баарын тең өздөштүрүп калдыңыз. Эми Леумандын этюддарынан ойноп көрүңүзчү. Бул, манжалардын ылдам кыймылдарына машыктырат.

Ойной баштадым. Айдай ого бетер мага ыктай, манжаларымдын кыймылынан көзүн албай олтурду. Пианинонун добушунан улам бөлмөгө кишинин киргенин байкабай калыптырбыз.

– О, кечиресиздер! Жолтоо болгон жокмунбу? – деген үндөн улам бурула калсак, жылмая күлүп Марс кирип келатат.

– Кел, Марс! Жолтоо болуп эмне? – деп Айдай ага утурлай басты.

Биз кол алыштык. Марс жазуучунун баласы. Айдай менен Марстын ата-энелеринин мамилелери көптөн бери жакшы экен. Марс университеттин журналистика факультетинен окуйт. Ыгы менен мүчөсүнө келишимдүү тигилген, жылдын мезгилине жараша кийим кийип, жүргөнү сылык, өзү кичи пейил маданияттуу жигит. Бирок эмнегедир сыртымда билдирбегеним менен, ичимде аны жактырбайм. Ал экөбүздү Айдайдын тааныштырганына да бир топ болуп калган.

– Кана, эмне туруп калдыңар? Олтургула, мен кофе алып келе коёюн, – Айдай бизди олтургузуп коюп сырткы үйүнө кирип-чыгып ар түркүн тамактарды алып кирип, столго коё баштады. Бир топко дейре сүйлөшүп олтургандан кийин Марс эки билети бар экендигин айтып, Айдайды театрга чакырды.

Айдай эмне деп жооп айтаар экен? Мен бир чети коркуу, бир чети кызганыч сезим менен Айдайдын оозуна тигилдим.

– Сабактарымды окуй элекмин, баралбайм, баралбайм го... – деп Айдай болбой койду.

Эмнегедир жүрөгүм жылый түштү. Марс эч кандай капа болгондугун билгизбей сылыктык менен кечирим сурап, кош айтышып чыгып кетти. Биз сабагыбызды уланттык.

Курагым келип калганбы, айтор, өзүм теңтуштарымдын айлуу түндө кыздар менен кезигишип жүргөнүн көргөнүмдө жүрөгүмө кандайдыр купуя алып, дүкүлдөп кетчү болду. Айдай... Айдай... А балким... апасы укса «биздин кызыбызга жакшыраак жалгыз костюмга жете албай жүргөн бир жетим бала ашык болуптур. Интересно!..» – деп күлкү үчүн ар кимге айта берсе... Айтышы бышык!..

* * *

Комсомол комитетинин тапшыруусу боюнча жайкы каникулда Ак-Сайга айыл чарба жумушуна баратышкан төмөнкү курстун бир группасына башчы болуп кетип калдым, ичинде Айдай дагы бар эле.

Кечкисин жумуштан кийин Айдай экөөбүз тоого чыгып, булакка барып гүл терип келебиз. Тоого чыгып келатабыз. Палатка тиккен жерибизден боорго чейин белден келген бетеге, андан ары калың арча, карагай, четин болуп токой улам коюулады. Мына, кылтылдап батып бара жаткан күндүн кызарган нуру арчаларды аралап, жаратылыштын сулуулугуна жан салды. Мен... Айдайды өзүмө тарттым... Жан жыргаткан жыргал жыт каптап заматта мас болгондой теңселдим. Ал көзүн жуумп, эриндерин диртилдетип, каршылык көрсөтүүнүн ордуна ырахаттана боюн денеме кынай берди... Айлана мемирей түштү. Бир гана кашка суу сайда шаркырап жаткансыды...

– Айдай, Айдайжан...

– Унчукпачы?

Бир топтон кийин Айдайды коё берип, бетине тик багып карай албай жолума түштүм. А да эки бетинен анарын чоктой кызартып, жер тиктеп мени менен катарлаш келе берди. Палаткаларга жеткенче кандайдыр бир сөз баштоого экөөбүз тең батына албадык...

* * *

О, Айдайжан... Ырас, ал менден өткүр эле. Кийинки күндөрү жалпы эле кыз затына тиешелүү назиктик менен катар, кандайдыр менден корккондой, ийменгендей, кандайдыр сынагандай жоодур карашын сезип жүргөн элем...

Жогорудагы айтылган окуянын өткөнүнө эки жылга аяк басып институттун акыркы курсуна келип калдым. Бирок ошондогу заматтын ортосунда пайда боло калган баатырлык эми жок болуп, көңүлүм каалаган жалгыз ооз сөздү дагы эле айта албайм. Азыр ою өзгөрүлүп калгандыр деп бирдеме дегенден корком. Анткени аны ушунчалык жакшы көргөндүгүмдөн кээде өзүмдү ага ыраа көрбөйм...

Бир күнү... Кетериме аз калбадыбы, эмнеси болсо да Айдайга түшүндүрөйүн, өзүм мококтук кылсам, Айдайдын өз пианиносу менен сүйлөйүн деп келатсам, үйдөн:

– Сүйөсүңбү? – деген Марстын үнү угулду.

– Ишен, Марс! Сүйөм... – деп жооп берди Айдайдын үнү. Мен алардын үстүнө кирүүгө батынбай кайтып кеттим. Көзүм ымыр-чымыр, жол көрүнбөдү...

… Окууну бүтүп, өз районума хирург болуп дайындалдым. Поездге билет алып келгенден кийин эң акыркы ирет көрө кетейин деп Айдайга кирдим.

– А, кел Бактыбек, – деп ал мени кадимкисиндей жайдары тосуп алды.

– Кийинки мезгилде келбей кетчү болдуң го.

– Экзаменден кол бошобой жүрбөдүбү. Айдай, эртеге мен кетип жатамын...

– Кантип? Атама ассистент болуп калбадыңбы? – деп ал чочуп кетти.

– Жок... Ушундай болуп калды.

– Аа... анда өзүң бил... – деп өңү бузула түшүп эриндерин, болор болбос кыбыратты. – Кетет турбайсыңбы? Быякта калган досторуңду унутпа…

Мен былк эте албадым.

– Бетховендин «Аппассионатасын» жакшы көрчү эмес белең? Мен да жатка ойноого жетише албадым. Убактың болсо үйрөнүп аларсың.

Ойногон сайын...

– Рахмат, Айдай, – дедим толкунданып, – сенден алган мендеги эстеликтердин эң кымбаты, эң ыйыгы ушул... – деп андан аркысын айта албай мукактанып туруп калдым.

– Сен бирдеме дедиңби?

– Жок, эчтеке деле эмес...

– Дагы кантип эле эчтеме дебейсиң?

– Эмне демекмин?

Ортодо кандайдыр күтүү, жүрөк өйүгөн, көптөн зарыккан бир сөздү оор күтүү... Жок, айтылган жок...

Үй ээлерине алты жыл бою жасаган жакшы мамилелери үчүн алкыш айтып, анан коштошууну эстеп, түштөн кийин кайра келдим. Азиз Акылбергенович да, аялы да жок экен. Айдайдын бөлмөсүнөн пианинонун үнү угулат. Каалганы кыңкайтсам, мен ага бир кезде «ушунуң абдан жарашат экен» деп айткан ак жибек көйнөгүн кийип, пианинодо мурда түк жатка ойной албай жүргөн Бетховендин «Аппассионатасын» нотасыз ойноп отуруптур.

Ал менин киргенимди байкаган жок. Анын татынакай колдору клавишаларды баскан сайын пианинодон чыккан добуш жүрөгүмдүн согуу ритмине кошулуп жатты. Карагаттай көздөрүнөн аккан мончок жаштары, бетинен төмөн көздөй куюлуп, мөлтүрөп бышып турган жүзүм сыяктанды. Жазыксыз клавишаларды тарсылдата баскан сайын көңүлдү эргитип, бой балкыткан музыка, адамча сүйлөп, кимгедир арыздуу, муңдуу эле... Эмнеге ыйлады болду экен?.. Кире албадым…

Районго келип иштей баштадым. Жаман эмес. Бош убактымда алек болгонум Айдайдын эстелиги – «Аппассионата». Жатка ойнойм. Айдай мага музыканы тааныта баштаганда өзү жөнүндө түбөлүккө өчпөс элес берген экен. Ойногон сайын Айдайдын элеси музыканын ыргагына кошулуп, жомоктогу периштедей болуп көз алдымдан кетпеди...

Күндөрдүн биринде райондун борборуна жакын жерден жеңил машина кыйроого учурап, ичинен бир жаш жигит оор жаралуу болуп, биздин ооруканага түштү. Шашылыш операция зарыл. Курч темир кирген мөөн ичегинин некрозго айланган участогун кесип таштап, тазалап, кайра жан боорунан улашым керек. Киндиктен сөөм оң жактагы карарган бармак басым эт, шүүшүндөп турган кан, темирдин тереңдеп кирип кеткендигин далилдеп турат. Ооба, тезинен операциялабаса перитонит болуп бүтүн денесине уу заттардын таркап кетиши мүмкүн. Мына, минтип менин алдымдагы операциялык столдо эс-учун билбей баягы шок кебетеси менен кадимки Марс жатат.

Бир шылтоо таап операцияны бир күнгө кечиктирсем эле буга эчтеме жардам бере албайт. Ошенте аламбы? Абийиримдин алдында врач деген ардактуу ысмымдын алдында ошенте аламбы? Жок... жок... Ойлонуунун өзү кылмыш. О, Бактыбек! Кыз аны сүйүп калса, ага кектеп сенин андан өч алышың кандай? Кыз сени сүйгөн жок. Кээде дарылап жаткан бейтабыңдын айыгышы үчүн өмүрүңдүн жарымын берүүгө да даяр боорукер алтын жүрөгүң кана?..

Ошентип мен машина кыйроосунун натыйжаларын жеңип чыктым. Марс күндөн күнгө оңолуп, бат эле айыгып кетти. Ооруканадан чыгарган күнү ал мени менен коштошкону келиптир.

– Бактыбек, сага чоң рахмат, – деп сөз баштады Марс. – Кесибиң кесип экен. Эми мен шаарга кайтып жатам. Шайлоо күнүнө карата келдим эле, өзүң билесиң, кырсык болуп калбадыбы. Анан кетеримде бир сөз айтайын деп келдим... Алты жыл бою бирге жүрүп, Айдайга өзүңдү сүйдүрүп коюп, анан кетээриңде коштошпой кеткениң кандай?

– Хи. Мени сүйүппү?

Мен терс карап кеттим. Шагы сына түштү окшойт. Марс көпкө чейин унчукпады.

– Кызык турбайсыңбы?.. – деди бир убакта, – байкабаган бактысын жолго түшүрөт. Ал сени айткан...

Ал чыга жөнөдү, шашып тарс-тарс басканы улам алыстап баратты.

«Ал сени айткан?..»

– Токточу! – кайрылып карасам, ал короодо да жок экен. Чекемден тер чыгып эшиктеги скамейкага отуруп калдым... Айдай… «Аппассионата»...

Кайдандыр алыстап-алыстап менин каңырыгымды түтөтүп пианино үнү шылдыр кагып, бирде ысытып, бирде муздатып жүрөгүмө куюла баштады... Айдайым... менин аппассионатам...

1964-жыл.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз