Бурят эл жомогу: Мактанчаак кандек

  • 06.02.2024
  • 3038

Аптаптуу күнү чак түштө көл-шал тердеген картаң ат оор араба тартып келатты. Аны жандаган кандек арабанын көлөкөсүнө жашына чуркап, үнү жетишинче катуу үрүүдө.

Кечке жуук кожоюндун үйүнө араңдан-зорго жеткен ат түртсө жыгылчудай өпкө кагат. Кожоюн аны арабадан чыгарып, мамыга аса байлады. Аттын жанына жата калган кандек наалыйт:

- Ох! Кандай гана чарчадым! Буттарым ооруду, үнүм бүттү, белим түшүп кала жаздады! Жашоом азап-тозок, тимеле өлгүң келет!

- Эмне деп турасың эй! Эч нерсе кылбай эле чарчай бересиңби? – дейт таң калган ат.

- Эмне дейсиң, уяты жок! Дагы сурап коёт! Ким сага дем берип, болгон үнү менен тынбай үрүп сүрөп келди? Мен болбосом дале жолдо эзилип келатмаксың! –кандек тура калып куйругун чамгарактатып, мурдун көтөрүп каадалуу түрдө ары-бери басты.

Ачуусу келген ат жерди катуу чапчып кошкурунганда кандек катуу чочуп, куйрук кыпчып, артын карабай безип жөнөдү.

Жомок жомогу менен, ал эми чын турмушта араба тарткан картаң ат сыяктууларга караганда үнү ачуу кандектейлердин баркы бийик. 

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз