Фатих Амирхан: Tатар кызы

  • 10.02.2024
  • 4416

АҢГЕМЕ

Тирүүлөй көмүлүүнү каалабаган чыгыштын мусулман кыздарына багыштайм.

Автордон

1

Төрөлдү...

Төрөлгөндө ал адам эле; бут-колдорун, мойнун өзү каалаганча кыймылдатууга ыктыярдуу, көздөрү менен каалаган жерине кароосуна эч ким жолтоо боло албачу.    

Кээ бир учурларда кол-буттарын орой таңып, аны кыймылдабоого мажбур кылышат... Бирок ал буга каршы турууга кудуреттүү. Ыйлай алат, кыйкыра алат, өз эркиндигине кысым көрсөткөндөрдүн көзүнө тике карап үндөй алат.

Төрөлгөндө ал адам эле; жылмайып, көз алдында азыр гана пайда болгон турмуштан, дүнүйөдөн шаттанып, ырахаттанганын билдире алат, өзүндө “каалоо”, “каалабоо” деген бири-бирине карама каршы сыпаттар бар экенине, табигат тарабынан ушул эки сыпатка карап умтулуу жөндөмдүүлүгү берилгендигин сезе элек.        

Ал төрөлдү... төрөлгөндө аны башкалардай эле ымыркайды бөлөй турчу бешикке бөлөштү; апасы чын жүрөгү менен улуу балдарындай үзүлүп түшүп жакшы көрөт, улуу балдарына кандай махабатын тартуулаган болсо азыр да дал ошондой мамилесин көрсөтүүдө, атасы дагы ушундай мамиледе. Үй ичинде эркек балдар уктай турчу бөлмөдө уктайт, тышка чыкса эркек балдар ойночу жерде бозала чаң болуп ойнойт, балдар жылынар күнгө жылынат, балдар тоңгон суукка тоңот, балдардай көңүлүнө түшө калган нерсеге ойлонот, өз пикирине, өз жанына, өз акылына келген нерселер менен алектенет.

Жоомарт күн аны алтын нуру менен чулгап, салкын жел анын мурдуна жаздын кубаныч тартуулаган тирүүлүктүн, сулуулуктун жытын искетип, жаңы өсө баштаган гүлдөр дагы көңүлдүү жүздөрү менен көздөрүнөн сылайт. Кыскасы, бөтөн табигат да аны башка адамдар менен бирдей даражада cүйдү.

2

Төрөлдү...

Төрөлгөндө ал тирүү эле. Лекин анын тирүүлүк жыргалы алты жашына чейин гана созулду. Андан кийин кандайдыр бир кара күч татар кызын кысымга ала баштады. Мээримдүүлүк жоголуп, кысуу машинкесинен арасына салып, тирүүлүк тамчыларынын акыркысы тамганча кысып, дене суусу, жүрөк түпкүрүнөн токтобой атырылып, түрүүлөй көрүстөнгө жетеленип баратты.

Татар кызы алты жашка чыкты...

Беш жаштагы кичүү иниси, жети жаштагы агасы кээде аны чачынан тартып ыйлатат. Кээде уруп-согуп зулумдук кылышат. Ал өз жанын коргойт, каршы турат, урганды кайра урат, чачынан тартканды ачуу тырмагы менен беттен алат. Кара күч улам өз жазасын өкүм кылат, эркиндигин чектейт, анан жандуу куурчакка: “Кыз бала эркек балдар менен согушуп ойноп жүрөбү?” - деп айтат.

Бул күндөн кийин татар кызына бир тууган ага-инилери башкаларга ийкемдүү болууга буйрук берди.

Тажрыйбасыз кыз алданды. Өзүнүн өлүмгө баш байлаганын, бул жаза анын башталышы гана экенинен кабары жок болчу.

Татар кызы жети жашка чыкты... Ал башка балдардай эле эркек балдар менен көчөгө чыгат. Кара күч өз курмандыгынын бул эркиндигине макул болгон жок, апа ысымдуу жандуу куурчактын:

- Кыз балдарга эркек балдар менен ойноп жүрүү уят! – деген сөзү башкалардын оозунан да түшпөй калды. Табигатка, тирүүлүккө, эркиндикке, келечекке каршы келген бул сөзгө татар кызы ишене албады. Лекин кара күч бул иштен тайсалдабады, атасына да ушул сөздөрдү айттырды:

- Кыз балдарга эркек балдар менен ойноп жүрүү уят!

Татар кызынын ишеними соолуй баштады. Тегерегиндегилер да ущул сөздү кайталашат:

- Кыз балдарга эркек балдар менен ойноп жүрүү уят!

Татар кызы ынанды. Ал адамдарды өзүнө тек гана жакшылык тилөөчүлөр деп ойлойт. Лекин тирүүлүк буга ыраазы болгон жок, өзүн коргоого алды. Ал өзүнүн душмандарын акылдын айласына салып жеңем деп ойлоду.

- Эмнеге? Эмнеге уят болот? – деп сурайт.

Татар кызы үндөбөй калды. Анын соболуна кара күч жооп берди.

- Анткени, апаң, чоң апаң, чоң атаң ошондой дешти!

Тирүүлүккө апкаарып калды, өзүнө ушундай сандырак, ушундай маанисиз, адамгерчиликке сыйбай турган жооп алса дагы эч качан ыйлаган эмес. Кара күч өзүнүн бул жеңишин салтанаттуу майрамдады. Курмандыкка айланган татар кызы колуна кичинекей курчак жасап ойноду. Башка балдардан айырмаланып эркин аба, эркин дүнүйө, эркин кыймылдан айрылган татар кызы кара күчтүн каргыш тийген колуна түштү да, айланасына кароол коюлду. Ал эмне үчүн мындай болгонун биле алган жок. Кара күч жансыз куурчактар менен ойной турган маал болгондо, татар кызынын жанына эже, апа, жеңе, чоң апа деп аталган төрт ысымды жандуу куурчактарды жиберет. Жандуу куурчактардын чын ниетинде жансыз куурчактарды конокторго тартуулап, той жасатып, күйөөгө узатып, кудагый-кудачага белек-бечкегин берип....ойноого керек эле.

Татар кызы бул сөздөрдүн анык маанисин түшүнө албады. Лекин эркек балдар менен ойноого тыюу салган кыз балага башка оюн калган эмес, кара күчтүн коркунучтуу оюнуна макул болду.

- Муна бул – эркек куурчак, лекин мунусу – кыз! Эркек куурчак кыз куурчакты аялдыкка алды, күйөөгө чыкты, келин болуп түштү, конокко келди...

Татар ойнойт, ойногондон тажабайт.

Кара күч бурчта жылмайып карап турат:

- Мына бул сенин келечекке даярдыгың. Бул келечектеги өз турмушуң!

Татар кызын сабак алуу үчүн абыстайга[1] беришти. “Галина, Валина, Биктимерди мектепке беришти, мени эмне үчүн абыстайга жөнөтүштү экен?”- деген суроо татар кызынын башына келген, лекин узакка барган жок, кара күч:

- Кыз балага эркек балдар менен бирге окууга болбойт! Жандуу куурчактар башын ийкеп кубатташты:

- Ооба, ооба болбойт!

Тирүүлүк дагы өзүн-өзү арачылап калмакчы болуп карады:

- Эмнеге? Эмне үчүн болбойт?

Жандуу куурчактар жабыла кыйкырышты:

- Уят болот, уят болот, уят болот!

Атасы өзүнүн “эркек акылдуу” башы менен кошумчалады:

- Уят болот, уят болот, уят! Тирүүлүк, болгон күчүн жыйнап кайрадан сурады:

- Эмнеге?

Атасы өзүнүн кыскартылган муруттарын сылады. Жандуу куурчактар жүздөрүн бырыштырды, адамдар алардын куурчак экенин билишпегенде качып жөнөшмөк.

- Эмнеге имиш! Анткени уят болот! Уят!

Ушундай болгон сайын кар күч максатына жетүүгө жакындап баратты. Андан кийинки иш көптөн бери кара күчтүн ишенимдүү кызматчысы болуп келген абыстай ысымдуу жандуу куурчакка жүктөлдү. Ал үч вазыйпасын жакшы билет, татар кызын өзүндөй жандуу куурчакка айлантуу милдети эле. Кара күчтүн илхамы, өзүнүн элүү жылдык тажрыйбасы менен ал татар кызын жандуу куурчакка айлантуунун эң кыска, эң жөнөкөй жолун тапты: татар кызына үч жыл катары менен “эркектер башка, кыздар башка” деген “акыйкатты” түрдүү жолдор менен айтып турду. Татар кызына бул пикир таң калычтуу болгон жок, себеби көптөн бери жандуу куурчактардан муну миң мертебе уккан.

Абыстай тигилерден алдыга умтулду: татар кызынын кулагына: “Сен дагы бөтөн кыздардай жамаатка гауретсиң[2]”, - деп кулагына куйду.     

Тирүүлүк алгач буга каршы чыкты:

- Жалган! Мен гаурет эмесмин – кишимин. Мен – адаммын!

Кара күчтүн илхамы менен абыстай татар кызынын алдына көптөгөн жазылган жана басылып чыккан документтерди чыгарып койду. Алардын баарында: “Аял-кыздар жамаатка гаурет”, - деп жазылган эле.

- Эмнеге?

Абыстай кагаздарды көрсөттү:

- Китепте ушундай дейт!

Кара күч муштумун түйдү:

- Улуулар айтканга ишенбейсиңби, мына эми карай бер!..

Татар кызы он үчкө чыкты...

Жандуу куурчактарды адам көзүнөн сактай турган, күнгө, айга көрсөтпөй турган чүмбөттү татар кызына да беришти.

Үйдөгү жандуу куурчак:

- Кызым, мына он үчкө чыктың. Бул күндөн баштап, кабырыңа киргенче, башыңа ушул нерсени оронуп жүрөсүң! – деди.

Кызыл сакалдуу, кыска муруттуу атасы кубаттады:

- Мына ушуну, кабырыңа киргенче, оронуп жүрөсүң!

Татар кызы эч нерсе түшүнө албады, чыркырап сурады:

- Эмнеге?

Жандуу куурчактар “Эмнеге?” жооп бергиче;

- Эркек киши аттууга жолугасың, өзүңдүн жүзүңдү коргошуң керек!

Тирүүлүк жаны ачынып сурады:

- Эмнеге?

Жообун Абыстай берди:

- Сенин чачтарың, жүзүн, денең – гаурет! Гаурет оронуп турушу керек. Эркектер сага кызыгып карайт, сен алардан качууга тийишсиң!

Тирүүлүк кандуу жашын агызды. Ал бечара эч бир жерде өзүнө ушунчалык кордоо болгонун көргөн эмес.

Абыстай акыркы сөздөрүн татар кызынын кулагына эки жыл кыт куйгандай куйду:

- Эркектер сага баланча деп карашат!

Алы кеткен, ындыны өчкөн тирүүлүк дагы бир ирээт “Эмнеге?” деп суроого даай албады. Кара күч ыржайып, муштумун көрсөтүп турат.

Жандуу куурчактар татар кызына:

- Сен он бешке толдуң, мындан кийин бетиңди көрсөтүп сабакка барууң уят! – дешти.

Тирүүлүк бул убакытта катуу ооруп калган – каршылык көрсөтө албады. Кара күч насыйкат айтканды кубаттады:

- Сен эркектер менен бирдей эмес экендигиңди, гаурет экендигиңди, көчөдө жүрүү уят экендигин билип алдың, сага ушул керек болчу. Мындан ашыгын билүүң уят! Уят!

Жандуу куурчактар татар кызына буйрук беришти:

- Мына сага төрт дубал! Өзүң менен ойногонго эркек табылгыча ушул жактан чыкпайсың.

Кара күч толуктады:

- Алты терезе сага күн болор, үйдүн беш бөлмөсү – Европа, Азия, Африка, Америка жана Австралия болот; терезе алдындагы гүлдөр токойлор, талаалар, бакчалар сага кызмат кылат; кумган менен легенге тамган тамчылар сага дарыя болот, көлдөр, деңиздер кызматына жарайт.

Тирүүлүк “Ах!” деди – башкага алсыз эле.     

Жума күнү. Терезе жанынан ийри буттуу соодагер өттү. Татар кызынын жүрөгүндө сүйүү пайда болду. Сатуучу да жылуу жумшак мамиле кылып, көздөрүн жалжылдатып; “Сулуу кыз, эмнеге жалгыз отурасың?” – деди.

Ишемби күнү татар кызына терезе алдында отурбоого буйрук кылышты. Татар кызы бул күнү терезеге жологон жок. Кечке маал бүкүрөйгөн татар окуучу жигит өтүп кетти. Татар кызы буга да ашык болду. Окуучу өз тарабынан: “Канат бүттү, хүр кызым”, - деген жообун узатты. Бул күнү гүл менен кооздолгон кагазга кат жазууну ойлоду.  

Жекшемби күнү татар кызына терезеге жакындоого таптакыр тыюу салышты. Ал уурданып, жашыруун терезеге келди. Көчөдө башына кыска чалма оронгон адам узап бараткан. Татар кызы ага ашык болду. Ал дагы ошол күнү бир карыган адам аркылуу кызды жактырганын, ал гана эмес сагынганын кат менен жөнөттү.

Дүйшөмбү күнү татар кызы дагы бир убакытты таап, жашырынып, корунуп терезе түбүнө келди. Көчөдө курсактуу байбатча кетип бараткан. Татар кызы байбатчага ашык болду. Байбатча дагы кашын серпе карап, кызды сүйүүгө болот деп, карыган бай убактысы келгенде аны экинчи аял кылууну ойлоду.

Кара күч тирүүлүктүн бул аракеттерине да ыраазы болгон жок.

Жандуу куурчактар татар кызына кабарлашты:

- Азыр сени Биктимерге күйөөгө беребиз, сен ага кул болууга милдеттүүсүң!

Акылдуу атасы буйрук бергендерге насаатын айтты:

- Биктимердин макулдугу – теңирдин макулдугу!

Сатуучулар менен алуучулардын ортосунда соодалашуу башталды:

- Жок, Зейнеттин калыңы беш жүз сом!

- Кымбат болуп калат, төрт жүз сом!

- Жок, Зейнетке он сом кошуп коёрсуң.

- Болсун, болсун!

Алгач үйлөрүнө көптөгөн куурчак меймандарды чакырышты. Алардын баары татар кызына белек-бечкегин ала келишкен.

Андан кийин жандуу куурчактар менен ойноочу акмак күйөлөрү келди. Алардын арасындагы чалмалуусу азан чакырып, баары кырка тизиле отурушту.

- Сиз өз кызыңызды төрт жүз сом акчага Биктимер Зейнеттин уулуна бердиңизби?

- Бердим, бердим!

- Сиз Зейнеттин, татар кызын улууңуз Биктимерге төрт жүз сомго алдыңызбы?

- Алдым, алдым!

Татар кызы менен Биктимерди төрт күн эч кимге көрсөтпөй бир бөлмөгө камашты...

Жандуу куурчак татар кызына акыркы насаатын айтты:

- Кызым, күйөөңдүн сөзүнөн чыкпа, аяк астына топурак бол!

Атасы кубаттап койду:

- Биктимердин макулдугу – теңирдин макулдугу!

Эми тирүүлүктүн дабышы чыкпай калганда кара күч татар кызына карап кыйкырды:

- Мына сен дагы жандуу куурчак болдуң!

Жандуу куурчакты Биктимер төрт дубал арасына камап койду да:

- Мына сага дубалдар! Сен кабырыңа киргенче ушул жакта жашырынасың. Мен каалаган убагымда келип сени менен ойноп кетем.

Кара күч наасатын айтты:

- Сенин милдетиң эриңе оюнчук болуу, анан бир күнү бала төрөп берүү!

Биктимердин кареги менен тең айланып, жандуу куурчак кара күчтүн алдында тизе бүктү:

- Билем, билем! Менин бул дүйнөгө жаралуумдун максаты ушул экөө гана.

Кара күч тирүүлүктүн дабышын азыр дагы укпаган соң, кыйкырды:

- Ха, ха, ха!

Татар кызы жандуу куурчакка айланды! Татар кызын тирүүлөй көмүштү!

Бул убакта Мысырдын талиб жамааты, Стамбулдун Аясофия мечитиндеги мусулман жамааты, Курса медресесиндеги суфийлер, Болгар жээгиндеги саякатчы мусулмандар куран окуп жаткан. Баары тең “Вә иза әл-мәүэөдәтө сөэиләт би әййи зәнбин катиләт” аятын кайталап жатты:

Тирүүлөй көмүлгөн кыз баланын эсебин суроо – кыямат күнүндө өтө оор болот, - дешти алар.

11 май, 1909-жыл

Татар тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Абыстай – мечит кызматкеринин аялы...

[2] Гаурет – кишилерге көрсөтүүгө болбой турган уяттуу жерлери. Айрым дин жайларында аял-кыздарды дагы гаурет деп аташкан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз