Афруз Мамедова: Китептин пайдасы жөнүндө тамашалуу окуя

  • 29.11.2021
  • 3446

Жаңы жылдык майрам алдында Роза Львовна менен күйөө баласынын ортосунда үй-бүлөлүк олуттуу пикир келишпестиктер жаралып, ал барган сайын тереңдеп, ички кастыкка чейин жетет. Роза Львовна адептүү, билимдүү аял болгондуктан ашканадагы териштирүү деңгээлине түшпөй, жаңы жылга күйөө баласына жылтыраган кир күрмөчөн Достоевскийдин “Акмак” романын белекке тартуулайт.

Күйөө баласы Миша кайын энесинин бул кыйытмасын түшүндү, ал интеллектуалдуу профессордун үй-бүлөсүнөн болгондуктан кайын журту менен маселени чечүүнү өзүнүн кадыр-баркы деп эсептеп, эртеси эле Роза Львовнага Фехтвангердин "Түрү суук герцогиня Маргарита Мулташ" романын тартуу кылды.

Роза Львовна белекти кабыл алды, бирок кегин ичине сактап жүрүп 23-февралда күйөө баласынын үстөлүнө кооз кагазга тыкан оролгон Оруэллдин “Айбандар сарайын” койду. Ошондон кийин ал 8-Март күнү таңга маал «Сени сүйгөн Мишадан узак жашооңдо эстелик үчүн» деген жазуусу бар кызгылт лента менен байланган «Иттин жүрөгүнүн» көчүрмөсүн алды.

Кайын энеси мыйыгынан күлүп, эртең мененки тамак маалында Петрониус Арбиттердин "Сатирикосун" күйөө баласынын алдына түрттү. Окумал Миша кайненеси аны жөн эле сасык теке атаганын дароо түшүндү, бирок ачуусун тыйып, Роза Львовнадан Гоголдун "Жиндин күндөлүгүн" окудуңуз беле деп сылык сурады. Ага кайненеси: “Жок, бирок мен айрым адамдардан айырмаланып мага Жейн Остиндин "Акыл-эс аргументтери" сыяктуу адекваттуу адабият жакын”, – деп жооп берди.

Күйөө баласы талашып-тартышкан жок, Роза Львовнага кезектеги командировкадан дароо эки белекти — Боккаччонун «Декамерон» жана Горькийдин «Энесин» алып келди. Кайненеси бул теңдешсиз чыгармаларды салыштырып көрүп, күйөө баласы уятынан биротоло ажырап, жөн эле уят сөздөр менен сөгүнө баштаганын түшүндү. Ошентсе да жүрөк тушун кармап, ызы-чуу салбай, отургучка жыгылып калбай, Кылмыш-жаза кодексине Чуковскийдин “Экиден бешке чейин” китебин кошуп, небереси аркылуу салкын кандуулук менен өткөрүп берди.

Роза Львовна туулган күнүндө Мишадан Агата Кристинин «Чыгыш экспрессиндеги өлтүрүү» китебинин түпнускадагы эксклюзивдүү чыгарылышын алды. Буга ал коркпостон жана ачык коркутуу менен Маркестин «Жалгыздыктын жүз жылы» аттуу жылтылдаган тому менен жооп берди.

Кайын энеси үй-бүлөсү менен деңизге саякатка чыгар алдында Тургеневдин «Муму» аттуу бай иллюстрациялуу чыгармасын почта аркылуу алганда чындап чочулады. Роза Львовна өзүнүн салмак категориясын абдан машыккан чымыр денелүү күйөө баласы менен салыштырып, үрөйү учту, китеп дүкөнүнө чуркап жетип, Шекспирдин XIX кылымда эле басылып чыккан «Жок жерден чыккан ызы-чуу» пьесасын өзү тааныган сатуучу аял аркылуу сатып алды. Ойлонуп жатып, ага Хемингуэйдин «Курал менен коштошуу» деген китебин да кошуп койду! Жакшы эс алууну каалаганын айтып, сатып алган буюмдарын Мишага берди.

Миша салкын гана ыраазычылыгын билдирип, Ремарктин «Батыш фронтунда баары тынч» китеби менен жооп берди. Роза Львовна күйөө баласынын төшөгүнө «Адамдардын баарлашуу салтанаты» деген брошюраны ыргытып, жооп иретинде тумбочкадагы «Аз болсо да, саз болсун» деген рубрика менен Лениндин эскирген томдугун алды. Роза Львовна көзүнө жаш алып, ызаланганын билдирбей, Мишага туулган күнүндө Стругацкийдин «Кудай болуу кыйын» повестин автордун кол тамгасы менен бирге салтанаттуу түрдө тартуулады.

Жумшара түшкөн Миша интернет аркылуу Олдос Хакслинин «Таң каларлык кооз жаңы дүйнөгө кайтуу» китебин алып берди. Роза Львовнанын жылуу сезимдери козголуп, досунан Мопассандын көзүнүн тирүүсүндө жарыкка чыккан «Азиз досун» сурап алып белек кылды. Күйөө баласы жылмайып, кайненесинин колунан өөп койду, бирок ошондо да Роза Львовна креслодо анын туулган жылында чыккан, шнур менен байланган «Крокодил» журналын байкады.

Жаңы жылдык майрамдардын алдында Роза Львовна кире бериште азык-түлүк салынган баштыктарын бышылдап-кышылдап араң көтөрүп келаткан кошунасы менен жолугуп калды.

– Бактылуу экенсиң, Роза Львовна, – деди ал күйүккөн демин баса албай, – менин күйөө балам мен аны багып жатсам да, ырдасам да уулуу жыландан да жаман, тилин тыйбайт. А сенин Мишенькаң сенден жанын аябайт. Эч кандай кыйкырык да, чатакташуу да жок. Буга кантип жетиштиңер?

— Биз китеп окуганды жакшы көрөбүз, Марья Семёновна, — деп жооп берди Роза Львовна жумшак, — китеп оку, алар сага эч кандай жаман нерсе үйрөтпөйт.

Ал колтугундагы Чеховдун «Дүйнөгө көрүнбөгөн көз жаш» повестинин бырышкан баракчасын оңдоп койду.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз