Литва эл жомогу: Королу чымчык – канаттуулардын королу

  • 01.12.2021
  • 2831

Балдарым, королу деген кичинекей чымчыктын аты эмнени билдирерин көптөр биле бербейт. Королу деген сөз кадимки эле мамлекет башчысын, тагыраагын айтканда король дегенди билдирет. Бул жөн жерден айтылган эмес. Анткени ушул кичинекей чымчык бир кезде канаттуулардын королу болуп шайланган. Анда эмесе ошол окуя тууралуу кеп салып берейин.

Эбак өткөн байыркы замандарда бүткүл дүйнөнүн канаттуулары жашыл шалбаага чогулуп, өзүлөрүнө башчы, тагырагын айтканда король шайламак болушат. Бир гана чүкөдөй кичинекей чымчык: “Кайсы бир кушту башчы шайласак, ал жеке бийлигине салып баарыбызды эзет, ошон үчүн королу жок эле жашайлы”, - деп буга каршы болот. Бирок аны эч ким укпайт. Анткени бийлик, мансап деген азгырык канаттууларда да күчтүү болгондуктан бардыгы эле король болуп, эл башкаргысы келет.

Ошентип атаандаштык күчөп, королду тандай албай ары кетип, бери кетип, аргалары түгөнгөндө илек-илек: “Ким асманга эң бийик көтөрүлсө, ошол король болсун”, - деген сунуш киргизип, баары макул болушат. Ошентип мелдеш башталганда баары асманга көтөрүлөт. Биринчи эле тоок жерге түшөт, анан күрп, каракур, кекилик, чил, сагызган, таранчы болуп, канча далбастаса да канаттары талыган канаттуулар конууга аргасызданып, асмандан улам бири кулай берет. Эң акырында чексиз көктүн түбүнө шуңгуган бүркүт жалгыз калып, салтанаттуу шаңшып, өзүнүн король болгонун жарыялап, канаттуулар аны куттуктай баштаганда асмандан чырлыйттаган дагы бир үн чыгат. Ал угулганда да бүркүттүн жогору жагынан угулат.

Карашса, үнү чыкканы менен өзү көрүнбөйт. Анан анын королдугун бүркүт болуп канаттуулардын баары тааныганда баягы король тандоого каршы болгон чүкөдөй чымчык асмандан түшүп келип, бийик дарактын башына конот. Көрсө бул чымчык мелдеш башталганда бүркүттүн жонуна отура калып, ал болушунча бийикке көтөрүлгөндө канат шилтеп андан да жогору кеткен экен. Ошентип ал король болуп шайланат. Бирок ал канаттуулардын үстүнөн жасалган жеке бийликке каршы болгондуктан бардыгын өз жайына коё берет. Өзү болсо бүткүл канаттууларды алдаган алиги куулугу үчүн уялып токойго кирип кетип, эч кимге көрүнбөй жүрөт дейт. Аны канаттуулар капысынан көрүп калышканда: “Королубуз, королубуз!” – деп дайыма сүйүнө кыйкырышкандыктан “Королу” атка конот.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз