Иммануил Кант: Адам тарбиянын жардамы менен гана адам боло алат

  • 11.11.2023
  • 3336

XVIII кылымда Иммануил Канттын идеялары Агартуу жана Романтизм доорунун ортосунда эки доорду байланыштырып турган көпүрө болгон. Классикалык немис философиясынын негиз салуучусу Кант таанып-билүүнүн сенек ыкмаларын танып, изилдөөнүн өзөгүнө сын көз менен ой жүгүртүү ыкмасын коюу керек деген.

1781-жылы Кант өзүнүн эң башкы жана эң атактуу чыгармаларынын бири “Тунук акылды сындоо” ("Критика чистого разума") эмгегин жазып, акыл-эстин таанып-билүү мүмкүнчүлүгүн изилдеген. Бул эмгек ушул күнгө чейин философия илиминдеги олуттуу эмгектерден болуп эсептелет.

Убакыттын өтүшү менен Иммануил Канттын түшүнүүгө татаал ойлору учкул сөздөргө айланып келет.

*     *     *

Кабак-каштын жаркып жүрүшү бара-бара ички дүйнөңө да таасир тийгизет.

*     *     *

Менимче, ар кандай эркек даамдуу тамаксыз мыкты музыкадан көрө музыкасыз таттуу тамакты артык көрөт.

*     *     *

Балдар учур чак үчүн эмес, келечек үчүн, балким адамзаттын мыкты абалы үчүн тарбиялануусу керек.

*     *     *

Эгерде баланы жаман жоругу үчүн жазалап, жакшы иши үчүн сыйласак, анда ал бала жакшылыкты сыйлык үчүн жасай турган болот.

*     *     *

Өз акылыңды пайдалана алчу эр жүрөк бол.

*     *     *

Максат бул – өзүбүздү кантип бактылуу кылууда эмес, канткенде ошол бакытка татыктуу болгонубузда.

*     *     *

Башкаларга өз максатыңа жетүү каражаты катары караба.

*     *     *

Адеп-аклактуулук мүнөздө камтылган.

*     *     *

Поэтикалык чыгармачылык бул – акыл-эс башкарган сезим оюндары, а чечендик – сезимди тирилткен акыл-эс.

*     *     *

Адам баласы алгач “мен” деп айткан күндөн тартып өзүнө керектин баарында өзүн гана биринчи сапка коюп, менменсинген өзүмчүлдүгү алдыга тынымсыз жүткүнтөт.

*     *     *

Өмүрү баалуу адамдар гана өлүмдөн коркпойт.

*     *     *

Боору менен сойлоочу куртка айланган адам өзүн өзү тебелетип коюп, кийин башкаларга арызданууга акысы барбы?

*     *     *

Адам тарбиянын жардамы менен гана адам боло алат. Ал – тарбиянын туундусу.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз