Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы кимдерге гана ыйгарылган жок! Татыктуусу, татыксызы аралашып кеткен бул сыйлык кандай критерийге негизделген – түшүнбөйм.
Тек, менин дуңку баамымда: кимдер буту үзүлгөнчө жүгүрсө, чыгынса, комиссия курамындагыларга кадырын салып жагынса, жалынса, кимдин колун кысып, кайсы эшикти жыртып бара бергенди билсе – болду. Сыйлык ошого буюрганы... Менин болжолумда ушундай элестейт.
Болбосо, чындап эле эң жогорку көркөм талапка таянган критерийлер менен татыктуу талапкерди тандоо машакаты турган болсо, көркөм сөздүн дыйканы, балдар адабиятынын классиги, залкар акын Токтосун Самудинов Мамлекеттик Токтогул сыйлыгын эбак алып коёр жерде эле го!
Аталган сыйлыкты көп учурда Т.Самудиновдун кыгына кыл сойлото албас калемгерлерге ыйгарган учурлар канча?! Башкасын айтпаганда да бул киши 1977-жылы негизделгенден бери «Байчечекей» балдар журналынын башкы редакторлук милдетин аркалап келет. Канчабыз ушул «Байчечекей» журналын окуп чоңойдук, көркөм сөздүн кудуретин тааныдык? «Байчечекей» журналын окуп чоңойгондун далайы Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп алышкан эбак!
А Токтосун авабыз болсо жулкунбаган, жутунбаган жупунулугу менен кумурскадай эмгектенип келет. Жеке кара жаны үчүн жашап жүргөн акын-жазуучулар толо. Көбү өзүмчүл. Коомдук ишти аркалагандары саналуу. Ал эми Токтосун Самудинов өзүнүн жеке чыгармачылыгынан сырткары да 90-жылдардан кийинки албуут мезгилдин шамалына «Байчечекей» журналынын таажысын тонотпой, тамырын соолутпай сактап келет!
Жападан жалгыз бөбөктөр журналын ушул киши канатынын алдында кулалыдан балапандарын коргогон тооктой калкалап келгени үчүн эле аксакалдын алдынан айланып-тегеренип, Токтогул сыйлыгын ыраа көрүп коюшкан жок эй!
Деги аталган сыйлыкка татыктуулардын ысымын көрсөткөн Жазуучулар союзундагылардын же Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын комиссия курамында отургандардын арасында Т.Самудиновдун баам-парасатына баа бере алчу бирөө-жарымы жокпу?!
Токтосун авабыздын «Чаң баспасын сөздөрдү» аттуу эмгегин эле барактап көрөлүчү – эмне деген эмгек?! Эмне деген кенч! Көөнөргүс бул эмгеги ыйык «Манас» китеби сыяктуу эле кылымдан кылымга, муундан муунга кала берер мурастардын бири! Ушул китебин барактаган зирек окурман журту, Токтосун авабызды көркөм сөздүн дыйканы деп тааныйт. Эне тилибиздеги өлүп бараткан сөздөрдөн эстелик тургузган жападан жалгыз кыргыз акыны десек болот бул кеменгер аксакалды!
Эбак колдонуудан чыгып калган сөздөргө жан киргизип, тирилтип койгонун айт! Жадыбыздан чыгып кеткен эне тилибиздеги далай сөздөрдү элестүү жеткире алганынын өзү – алмаз менен узанган зергер тарткан азапты туюнтат. Качанкы чаң баскан сөздөрдүн чаңын күбүп, чаңын сүртүп, мончок шурудай жалтырата иштеп чыкканын айт! Ал эми сөздү суудай сапырган жижиң калем ээлеринин көбү эбак Токтогул сыйлыгын алып коюшкан!
О`Шакир