Нуржан Тентимишова: Орду толгус жоготуу

  • 19.12.2021
  • 2534

2020-жылды жакшы тилек-максаттар менен тосуп алганбыз. Ушул жылы Чыныбай 60ка чыкмак. Чыныбайдын 60 жылдыгын акыркы жылдарда жазган ырларынын жыйнагын чыгаруу менен адабий кече катары эле өткөрүп, жакын санаалаштарга чакан чай уюштуруп коёлу деп пландап жатканбыз.

Чыныбай өзү ашкере шаан-шөкөттү деле көп жактырчу эмес. Өмүрүнүн соңку он жылын чоң саясатка арнаган Чыныбай мындан ары чыгармачыл жаштарга көбүрөөк көңүл бурушум керек экен, карапайым эл менен дагы тыгызыраак иштеп, көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун табыш керек деп аткан. А мен болсо Чыныбай негиздеген жана күн-түнү бирге чуркап жүрүп бутуна тургузган көп тармактуу иштерин адатымча уланта бермекмин, албетте, «Акун» компаниясынын жалпы жамааты менен бирдикте.

Тилекке каршы, COVID-19 илдети Кыргызстанга да келди. 2020-жылдын 22-мартында бүткүл Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, 24-марттан тартып Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү чечими кабыл алынбадыбы. Он жылдан бери келбеген Чыныбай ошол күндөн тартып «Акун» компаниясына күнүгө келе баштады. Эң биринчи сураганы эле жумушчу-кызматчылардын ден соолугу, ооруну жуктурбоо боюнча профилактикалык иш-чаралар болду.

Өндүрүштүн жүрүшү, сапаты менен көлөмүнө да өзгөчө көңүл бура баштады. Депутат болуп кеткени өндүрүштү бизге тапшырып коюп эле ишке көп аралашпай калган. Ошол учурда «чек аралар жабылды, эми тамак-аш тартыштыгы башталат» деген маалыматтар социалдык тармактарда кайра-кайра чыгып жаткан. Базарларда, азык-түлүк дүкөндөрүндө күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарына болгон суроо-талап болуп-көрбөгөндөй күч ала баштаган. Чыныбайдын өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө эмнеге мынча ынтызарланып киришип калганын кийин түшүндүм. Көрсө ундун каатчылыгы башталып кетсе эмне болот деп алдын-ала өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөптүр. 2007-жылы да дал ушундай каатчылык болгондо «Акун» компаниясы ундун баасын 25 сомдон көтөрбөй 10 күн бою кармап турганбыз.

Дал ошондой болду. Чек аралар жабылды. Контрабанда менен келип жаткан ундар кан буугандай токтоду. Базарларда, дүкөндөрдө ун калбай жатты. Мына ушунда да Чыныбайдын жеке демилгеси менен ундун обу жок кымбаттап кетүүсүнө жол берилген жок. Элди жеткиликтүү баадагы продукция менен камсыз кылуу максатында компания күчөтүлгөн иштөө тартибине өткөн: унду өндүрүүгө катышы бар бардык ишкана кызматкерлери дем алыш күнү жок 24 сааттык иш режиминде, сатуу бөлүмү дем алышсыз 14-16 сааттык режимде иштеп турушту. Ушуну менен катар Чыныбайдын дагы бир демилгеси менен Бишкек шаарынын ар бир аймагында, жаңы конуштарда ун жана ун азыктарын саткан көчмө соода точкалары уюштурулган. Бул шаар ичинде коюлган посттордон өтө албаган жашоочулар үчүн абдан ыңгайлуу шарт болгон.

Айта келсең оңой-олтоң эле ишке ашкандай көрүнөт. Чынын айтканда өтө эле оор болду. Өзгөчө абал, коменданттык саат деп жумушчуларыбыз уруксаат кагазы жок (пропуск) ишке келе албай жатты. Улпакты улам тазалап чыгарып кетип турбаса, толуп кетсе тегирмен токтоп калат. Улпак алган фермерлерге да пропуск керек. Алдын-алып бардык фамилияларды берген менен пропусктарды убагында ала албай аябай убара болдук. Бир жагынан жумушчулар келе албай, экинчи жагынан улпак толуп чыгып төрт айлабыз кетип калганда социалдык тармактар аркылуу «Акун» компаниясынын кампалары улпакка толуп кетти. Аларды алчу фермерлердин унааларына пропуск берилбей жатат. Бул маселелер чукул арада оң чечилбесе, өндүрүш бир нече күндүн ичинде токтойт» деген мазмундагы билдирүүнү таркаттырдым эле, ал кабар эки түрдүү жыйынтык берди.

Социалдык түйүндөгү элдин колдоосу пропуск маселесин чечип жаткан бир топ чиновниктерди эсине келтирди. Пропуск маселеси чечиле баштады. Экинчи жагы мени абдан капа кылды. Мындай болору оюма да келген эмес. «Акунда» эмне болуп жатканы жөнүндө эч кабары жок, эч кандай аргументи жок адамдар Чыныбайды карандай каралоо аракеттерин жүргүзүп киришти. Күнү-түнү эс албай, уйкудан калып, элди арзан ун менен камсыз кылалык деп чыгашага (ар бир мешок ун өз наркынан 50 сомго арзан берилип жаткан) иштеп жатсак кантип ушунча каралоого ооздору барышты билбейм.

Мен андайды күткөн эмесмин. Болгону ал билдирүүнү чыгартаарда чындыгында болгон кырдаалды гана коомчулуктан жашырбай ачык айтып, алардын колдоосу менен жумушчуларыбызга жана фермерлерге пропуск алып берүүнү көздөгөм. Чыныбайды фейктердин атакасына калтырганыма ушунчалык өкүнөм. Биз деле башкалардай болуп, пропуск берилген жок деп, тегирменди жаап коюп отура берсек болмок экен деп калам. Бирок Чыныбай анткенибизге жол бермек эмес деп кайра өзүмү сооротом.

«Акундагы» ишке өз көзү менен күбө болгон журналист Нургазы Мусаев кийин минтип жазыптыр: «Кыргызстанда иштеп жаткан 9 ун тегирмен бар. Ошол учурда анын бирөөндө: «Акунда» эле буудай запасы бар болуп чыкты. Башка бир дагы тегирменде буудай жок. Ал ортодо доллар 84кө секирди. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ыкчам топтун мүчөсү катары күнү-түнү ун комбинатында жүрдүм. Чыныбай ага күнүгө келип жатты. Мен ошондо көрдүм «Акун» көтөргөн жүктү!»

Акыры келип чындык жеңет экен. Эл башына күн түшүп турганда кимдин эмне кылганын убакыт көрсөтөт тура. Эл алапайын таппай турганда кимдер эмне менен алек болгону да ачыкка чыга баштабадыбы. Элге күйгөн киши эле күйөт экен. Унду жетишерлик өлчөмдө чыгарып берип атабыз, колдон келген азык-түлүк менен камсыз кылып жатабыз, көп эле чыгымга дуушар болдук дебестен Чыныбай жеке өзү көзөмөлгө алып, региондорго Бишкек шаарындагы дүң баа менен ун, макарон, суу май жана кумшекер жеткирүүнү да колго алды. Жеткирип берүүгө кеткен чыгымдарды дагы «Акун» компаниясы өзү көтөрдү.

Нарын районунун Эки-Нарын, Кайыңды, Таш-Башат айылдарынын тургундарына 420 мешок 1 сорт ун, 1 тонна макарон азыктары, Кара-Кужур айыл аймагына 12300кг. ун, 700л. суу май, Дөбөлү айылына 14000кг. ун, Эмгекчил айылына 8000 кг. ун, Эмгек-Талаа айылына 13000 кг. ун жеткирип берилген.

Орун алып жаткан кыйынчылыктарга, ар кандай бут тосууларга, «Акун» компаниясынын чыгым тартып жатканына карабастан, гуманитардык жардам берүү иштери да үзгүлтүксүз жүрдү. Адегенде эле Нарын шаарындагы санитардык-карантиндик посттордо турган милиция жана медицина кызматкерлерине, «Таза Нарын», «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканаларынын жумушчу-кызматчыларына жана аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө ун жана макарон азыктары берилген. Ага улай эле Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана санэпидемиялык көзөмөл борборунун 47 кызматкерине бир мешоктон ун жана макарон азыктары тапшырылган. Ошону менен катар эле Нарын районундагы 36 айылдагы 850 жакыр үй-бүлөлөргө, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы 40 көп балалуу үй-бүлөгө, Бишкек шаарынын Пригородный айыл аймагынын Достук айылында жашаган 40 үй-бүлөгө «Акун» компаниясы чыгарган азык-түлүктүн ар түрүнөн гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.

Жардамга муктаж жарандар үчүн деп 1000 пакет макарон азыктары «Биз барбыз» элдик штабына тапшырылган. «Жаштар биримдиги» фонду менен биргеликте күнү-түнү иштеп жатышкан 200 медицина кызматкерлерине жана постто тургандарга ысык тамактар уюштурулган. «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду менен биргеликте Нарын шаарындагы 250 аз камсыз болгон жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, посттордо турган милиция, медицина кызматкерлерине, муниципалдык кызматта иштегендерге гуманитардык жардамдар берилгенин кошумчалап кетсек болот.

Чыныбайдын баштаган ишин жарым жолго таштап койбогон табигый өжөрлүгү бар эле. Ошентип, чуркап жүрүп билинбей эле 3-4 ай өтүп кетиптир...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз