Аз күн мурда коомчулукка Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу талапкер Токтосун Самудинов тууралуу “Көркөм сөздүн дыйканын көкөлөтө албадык” деген аталышта жеке пикиримди жарыяларым менен мына: жалпы окурман журттун жабалактаган колдоосун көрүп ал...
Көрсө, элде бир ооз, бир кулак болбойт дегенибиз менен зирек окурмандардын кыртышында Токтосун Самудинов ушул жашка чейин, ушунча адабий бедели, ушунча кадыры туруп Токтогул наамына илинбей жүргөнүнө жүрөгү тызылдаган жеке мен жалгыз эмес экемин. Самудиновдун салмагына ичи тызылдап жүргөн окумал журтубуз арбын болуп чыкты. Мен күтпөгөн реакция эле бул.
Таланттуунун таламын талашкан катмар бар экен коомдо. Адилетчил сезимдердин учкуну жанып берди дароо. Аттуу-баштуу акын-жазуучулардан тартып, катардагы окурмандардан өйдө Фейсбуктагы пикирлер биринин артынан бири жамыраганын айт.
Мындайда социалдык тармактардын эмнеси жакшы? Анда ким болбосун мониторинг жүргүзүүдө социалдык сурамжылоого караганда алда канча ишенимдүү, алда канча так көрсөткүчтү аныктайт. Себеби, автоматтуу түрдө аудитория саны көрүнүп турат анда. Индикатор чекчейтип баарын көрсөтөт: оң, терс ойлор ачык! Эки жүздүүлүк жок. Канчасы колдоп, канчасы колдогон жок – маңдайыңда баары. Эсеп-кысапты бурмалап ийер адамдык фактор катышпайт.
Ар ким туш келди ой-пикирин жаза алат. Цензура жок. Кимди ким ызырылта сөгүп, кимдин башынан ылдый жугунду куюп жемелесе да, Фейсбук жашырып-жаппайт. Ал биздей эки жүздүү эмес. Азыркы ачык-айкын замандын ушунусу мага майдай жагат да эй. Ал эми туюк, жең ичинен иш бүтүргөн көрүнүштөр каякта? Албетте, мамлекеттик сыйлыктарды бөлүштүргөн кеңселерде! Чыгармачыл уюмдарда! Ошол себептен сыйлык ээсин таппаган учурлар кыргыз коомунда чайгоолоп кеткен эбак! Айрыкча Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы оңду-солду берилип келген көрүнүштө чыгармачыл уюмдардын жабык-жашыруун иштеринин айынан адабият, искусство жаатында ортого киши салып чуркагандар эле аталган сыйлыктын лауреаты деп табылбаса, негизинен чыныгы кашкөй таланттардын эмгеги туура рецензияланып, туура бааланып, татыктуу талапкерлер тандалган учурлар чанда!
Болбосо мамлекеттик сыйлык-наамдардын баркы ушунчалык кетет беле? Ушунчалык кодура таланттар жараткан адабият, маданиятыбыздан эле коомубуз рухий ыракат алып, рухий өсүш, рухий азык берүүгө жарап келген болсок, театрлар залы эмнеге бош да, эмнеге биздин эл китепкөй калктардын катарында эмеспиз?!
Канчалаган эл жазуучулары, канчалаган эл артисттери жүрөт маданиятка, адабиятка эмгек сиңиргени үчүн мамсыйлыктарга марыган? Бирок ошончо ардактуу наамга жеткен кайсы чыгармачыл интеллигенциянын артынан ээрчиген күйөрманы бар? Бар болсо, театрлар көрарманга шыкалып, улуттук адабиятыбыздын базарын кайнаткан кардарларыбыз эмне үчүн жок?! Бүгүн диний таксырлар артынан ээрчиткендей масса барбы маданият, адабият өкүлдөрүнүн артынан ээрчиген? Жок! Сопойгон акын-жазуучунун артынан ээрчиген деле караан жок, маданият ишмерлеринин артынан ээрчиген деле күйөрманын көрбөйсүң. Жың...
Элибиз шыкалып барган кайсы маданий жайларыбыз бар?! Эл шыкалып барган жерлер бир гана тойканалар менен мечиттер болуп калды го, түгөт! Мына, рухий жылаңач коомдун пешенесиндеги буйрук!
Жеке баамымда, айрым төкмө ырчылар же жеңил-желпи ырчы-чоорчулардын гана караламан калк арасындагы зоболосун айтпаганда, элге рухий дөңсөө болуп берер кайсы эл артисти же эл акыны, эл жазуучусунун атын атай алабыз?.. Кежиге кашып, жооп издеп отуруп каласың. Мунун эң башкы себеби эле мамсыйлыктардын баркы-баасы эбак өчкөнү. Баары жең ичинен бүткөн иштин айынан...
Болбосо, маданият, адабият, искусствонун чыныгы брэнди, чыныгы мэтр маэстросу болуп берер корифейлердин эмгектери дадил бааланып, туура тандоолор болуп келген болсо – караламан калк ошолорду рухий дөңсөө санап, ошол рухий дөңсөө болуп берер адабият, маданият өкүлдөрүнүн кадыры менен театр сүйүүчүлөрүнүн саны өсүп, китепкөй калк болуу шыбагасы маңдайыбызга буюрат эле го!
Мына ошондой рухий дөңсөөлөрдү жаратууга чыгармачыл уюмдардын кайсынысы жарады?! Рухий көсөм болуп берер адабият, маданият өкүлдөрүн жарата албаганыбыз үчүн караламан калкыбызга кадыры бийиктер кимдер азыр? Албетте, диний ишмерлер. Анткени табият боштукту сүйбөгөнү ушул экен: чыгармачыл интеллигенциянын итирейген кейпинен улам караламан масса дин чөйрөсүндөгү лидерлердин таасири астында калышты...
Ырас, адабият өкүлдөрү коом агартууга, элибизге эне тил таасирин өстүрүүгө жараган жокпузбу, демек, таксырларга таазим этели! Бул эми айла жоктон көпчүлүгүбүз баш ийер чындык.
Токтосун Самудиновдой асыл таланттардын эмгегин баалоого келгенде Жазуучулар союзу Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына Токобузду татыктуу талапкер катары көрсөтүүгө эмнеге жарабады? Жазуучулар союзун буга чейин жетектеп келгендер да, бүгүнкү жетекчилиги да алтын менен жезди ажырата алышпайбы же?! Же сөзсүз эле эшигин жыртып келе берген калемгерлер аталган сыйлыкка татыктуубу?
Жазуучулар союзу эмнеге күлүк күнүндө, тулпар тушунда туйлап тургандагы Токтосун Самудинов же кийинки адабий көчтү улаган учур адабиятынын бараандуу өкүлдөрү: Нуралы Капаров, Топчугүл Шайдуллаева, Абдыкерим Муратов, Калчоро Көкүлов, Жыргалбек Касаболотов, Нарсулуу Гургубаева, Афина Бакирова шекилдүү учур адабиятынын бараандуу өкүлдөрүнө дем-шык берер демилге көтөрүп, чыгармачыл уюм катары Токтогул сыйлыгына татыктуу талапкерлерди көрсөтүүгө жарабайт?..
Албетте, Жазуучулар союзунун азыркы жетекчиси Нурлан Калыбеков баштаган жакшы саамалыктар болуп атат. Ал аракеттерине көңүлүбүз курсант, ошентсе да мурунку көчтүн катачылыктарына жол бергени ушул болду: бу жолкусунда да Токтосун Самудинов Токтогул сыйлыгына Жазуучулар союзунан көрсөтүлбөптүр. Мен аны жогоруда аталган макаламды жарыялагандан кийин түшүндүм, ал кеп мындай: Турциядан Султан Раев телефон чалып калды.
– Токтосун Самудинов керектүү документтерин комиссияга тапшырыптырбы, Олжоке? Сыйлык качан тапшырылат экен?
– Анысын кайдан билейин... Жөн гана ушул убакка чейин Токтосун авабызга Токтогул сыйлыгы бериле электигине жаным кашайгандан улам чакан макаламды жарыялап койдум, – десем, Султан аке тыраңдап күлүп атпайбы мага...
– А мен ойлоп атпаймынбы, Жазуучулар союзу бу жолу ырас Самудиновду татыктуу талапкер катары көрсөткөн экен деп...
Султан Раевдин ушул кебинен улам мандемдин баары каякта жатканы мээме жетти. Себеби мен Жазуучулар союзуна басып барбаган кишимин. Алардын ички маселеси менен ишим да жок. Ишим интернет менен гана жүрөт. Макалам жарыяланары менен Фейсбук баракчам тынган жок.
Тараза ташы салмак каякта көбүн так көрсөткөн сыңары эле, Фейсбуктагы эсептен улам коомдук пикирдин кимге кандай экенин оңой аныктоо мүмкүн. Натыйжада, “Көркөм сөздүн дыйканын көкөлөтө албадык” аттуу макалама 179 киши тилектештик билдирип лайк басса, алардын арасынан 52 киши комментарий калтырыптыр. Комментарий жазгандардын пикирлери кандай болгондугун береги скриншоттордон баамдап алыңыздар. Арасында бир киши жок: Токтосун Самудинов Токтогул сыйлыгына татыксыз деген...
О`Шакир
Айрым пикирлер мамындай:
Булардын арасынан адабий чөйрөдө өз орду бар айрым инсандардын эле пикирине көңүл буруңуздарчы. Мен алардын Фейсбукта жазган комментарийлериндеги үтүр, чекиттерине да кол тийгизбедим.
Белгилүү адабиятчы Үмүт Култаева: “Туура. Токтосун байке абдан адептүү, маданияттуу, терең адам. Заман жулунгандардыкы болуп калбадыбы. Анын үстүнө "Ар бакчадан бирден гүл" жыйнагы көрсөтүлгөндө, өзү Токтогул сыйлыгы боюнча комиссияга мүчө болчу. "Койгула, уят" деп баш тарткан” десе, атактуу жазуучубуз Султан Раев: Токтосун агай – акындын аристократы, ой уюгу, Эзоп тилдүү, генинде маданият, дээринде кыргыз жашаган Адамгерчилиги бийик инсан. Кыргыз Адабиятынын байчечекейи, Агартуучу! Током Токомун сыйлыгына токтосуз татыктуу! Током менен сыймыктанам!
Олжоке, постто жазгандардын оюн протоколдоп, комиссияга берип койсоң ийги болот!” – дейт.
Акын Акбар Рыскулов: “Адабиятчы мыкты муундун айтканына толук кошулам. Токтосун агайга Токтогул сыйлыгын ыйгаруу керек”.
Драматург Бурул Калчаева: “Анаке (Анатай Өмүрканов) Токтосун агайга Токтогул сыйлыгын алда качан берүү керектиги тууралуу отурган-турган жерде айтып келатат.
Өткөндө КТРге бир өзү жөнүндө берүүгө барып, ошо айда чыккан, сыртында Баткенде окко учкан көчөт кыз Мадинанын сүрөтү бар "Байчечекейди" ала барып, берүүнүн жарымын Токтосун агай жөнүнүдө, ал кишинин акындык бийиктигин, эч кимге док артпай 40 жылдан бери балдар үчүн "Байчечекей" журналын чыгарып келаткандыгын айтып бүтүрдү.
Мар Байжиевди коюп жатканда Токтогул сыйлыгы жок экендигин угуп бир улутундук.
Мар Байжиевге, Түгөлбай Казаковго, Токтосун Самудиновдорго бербеген сыйлыкты, кимге беребиз?
Токтогул сыйлыгын берүү боюнча жобону кайра иштеп чыгуу керек. Акыркы эки жылда дегенде, айрым бирөөлөрдүн багы ачылып, улуттук маданиятка, адабиятка өчпөс из калтырган чыгармалардын авторлору сыртта калып калат экен”.
Жазуучу Өмүрбек Караев: “Токтосун Самудинов – кыргыз акындарынын залкары. Мындай бааны мезгил өзү аныктап койду. Омор Султанов кыргыз поэзиясынын корифейи. Акындын "Унутпадым" деген ыры биздин муундун символ-ырына айланган. Экөө менен замандаш болуп, пикир алышып, даам сызышып калганыма сыймыктанам. Жашасын поэзия! Жашасын Омор акын,Токтосун акын!”
Акын Бурулкан Сарыгулова: “Өңгөсүн айтпаганда да, агайдын балдар адабиятына кошкон салымы баа жеткис. Токтосун агайдай нарктуу, жупуну мүнөз таланттуу калемгерлер далдада калып калбашы үчүн көзүрлөр пендечиликтен алысыраак, даанышман, баамчыл болушу керек го”.
Жазуучу Сүйүн Курманова: “Туура сөз! Токтосун агайдай асыл адамдар саналуу эле. Балдар адабияты жаатындагы эмгеги бааланбай келатат. Сыйлык чындап эле жулунгандарга, кошомат кылгандарга бериле турган болду”.
Акын Шабдан Сулайманов: “Токтосун аганын пародиялары эле өзүнчө бир классика».
Журналист Мелис Совет уулу: «Эсимде, 4-класс кезимде "Байчечекей" журналына алгачкы 8 сап ырымды почта аркылуу жөнөткөм. Ырым журналга чыкпаганы менен мага "ырдын бир аз мүчүлүштүктөрү бар, бирок, токтоп калбай ыр жазууну улантуу керек" деген жооп келген. Аны көтөрүп алып мектептегилердин баарына мактанып чыктым эле. Кыскасы, бул журнал мен сыяктуу далай бөбөктөрдүн жолун ачкан, көргөндө көз кубанган сонун журнал эле. Андыктан Токтосун Самудинов агайдын эмгегин баалашыбыз керек».
Акын Маркабай Ааматов: «Мындан ары ушул багытта бир пикирге келе турган иш тутушубуз абзел экен. Токтогул сыйлыгына Током татыктуу болбогондо, ким болмок эле?..»
Котормочу Мээрим Сайдилкан: «Байчечекей журналы дагы деле эң көп окулган журнал. Агайдай балдар адабиятына кызмат өтөгөн эч ким жок. Биз «Байчечекей» менен чоңойдук, азыр балдарым чоңоюп жатат.»
Журналист Кубат Оторбаев: «Толук кошулам! Агай татыктуу!»
Журналист Назира Абдукаимова: «Агайдын "Байчечекейди" ушул күнгө чейин аман-эсен, заманбап, маанилүү, көркөмдүү алып келе жаткандыгы эле (чыгармачылыгын эске албаганда да) Токтогул эле эмес Баатыр наамына татыйт!»
Журналист Тынчтык Алтымышев: «Толук кошулам, Токтосун агайга болгон мындай калтыс мамиле – өкмөттөгү маданиятка, адабиятка болгон калпыс мамиле десек болот...»