“Жамандык үчүн эмес, жакшылык үчүн жиберилгем.
Караңгылык үчүн эмес, жарыктык үчүн имерилгем”
Жакшы адамдарды көп көрөм. Андай адамдар бири-бири менен жолугушканда жаман сөз сүйлөшпөйт.
“Ии, кандай анан, жашооң жакшыбы, бала-чака тынчпы?” – деп кеп башташып, бири-бирине чын ыкластан үңүлүшө жай-жагдайларын сурашып, жан-дүйнөлөрүнө сүңгүшөт.
Алардын жанында жөн гана отургандын өзү бакыт. Куду, Күн жерге түшүп келип, айлана-чөйрөгө нур чачып жаткандай. Көңүлүңдү үч көчкөн журттай калтырган саясат, ушак-айың, дүр-дүнүйө же текеберденип сүйлөө деген алардан алыс.
Жаман-жакшы тагдыр кайдан келет десе, жаман-жакшы сөздөн кийин пайда болот тура. Акылмандардын“ Эмнени сүйлөсөң, эмнени уксаң, ошого айланасың”- дешкени чындык көрүнөт. Илим: “Сөз, ой – термелүүнү, энергияны пайда кылат”- дейт. Жашоо – энергия эмеспи...
Сүрөтчү менен сүрөтчү, акын менен акын бири-бири менен баарлашкысы келе берет. Алар да жолугушканда бири-биринин сөзүнө “мас”. Сулуукка “мас” болушат. Жаркырашат...
Акылманым, асылым, айланайын,
Адамым эй, ойнобо өмүр менен.
Азгырыкка кабырдын кабарын айт,
Арааныңды кишенде өлүм менен.
Жылтыраксыз, жылаңач келген пендем,
Кеткениңде келгендей кетээриң бар.
Жакшы иштериң жаныңда чырак болсо,
Күнөөлөрүң кылычка жетээри бар...
Көргөн көздөр кемтигин ким бирөөнүн,
Көрбөйт экен өзүнүн үлбүрөгүн.
Өз өлүмүн кулактар укпайт тура,
Уккан менен дүйнөнүн дүңгүрөгүн...
Акылманым, асылым, айланайын,
Адамым эй, ойнобо өмүр менен.
Азгырыкка кабырдын кабарын айт,
Алкымыңды кишенде өлүм менен...
Эркиндик
(Мини-поэма)
“...Он милосерд: Он Магомету,
Открыл сияющий Коран,
Да притечем и мы ко свету,
И да падет с очей туман...”
А.С.Пушкин
Биринчи күбө – Күн:
Эгем экөө жаратты,
Аалам, адам улуулап.
Руханиятты, дүйнөнү
Тартуулаган сулуулап.
Экинчи күбө – Шамал:
Сулуу кылып жаратса,
Жер астына не көмөт?
Мендей болуп адамдар
Учушпайбы? Не өлөт?
Биринчи күбө – Күн:
Ооруу менен соолук да бир азыктан болот, бил,
Душмандашуу, махабат жакындыктан толот, бил.
Элгегенге алыс-жуук, жаратылган бул адам.
Сен шамалсың, сыр алыс. Балким, сага жомок бил.
Доогер, Убакыт:
Жамандык үчүн эмес, жакшылык үчүн жиберилгем.
Караңгылык үчүн эмес, жарыктык үчүн имерилгем.
Адамың – оюн-зоок, шапар-шарапка чачып таштады,
Баркымды баалаган жок... Экинчи жиберилбейм...
Сот:
Пас болуп, мас болуп, жулунуп-жулкунуп бир,
Өмүр уурдатканың – уурулук бил.
Өкүм чыгарам: Өмүр бою зынданда жатсын.
Сен напсиңди эмес, напсиң сени баксын.
Адам:
Менин сотум – беш маал намазым,
Кудайды эстетип турган.
Өлүм тууралуу ой-санаалар.
Караңгылыкты көз алдыга сунган,
Жабыр тарткан - Убакыт сынган,
Мени кечиргиле.
Напсим мени каралабай,
Адвокат болуп берсин,
Сабырымды - өзөк,
Садагамды далил кылып,
Эркиндикке чыгам....
Экинчи күбө – Шамал:
Жан – ал баарын жараткан.
Күн, Асманды караткан.
Жан – периште чындыгы,
Жалган менен бараткан.
Мен учтум,
Мен учтум.
Шуу.
ДНКда ошондо,
Мурунку да ошондо.
Кийиз китеп жаздырган
Кийинки да ошондо.
Жеткирбейм,
Жеткирбейм,
Кеттим,
Мен.
Шуу...
Өлө электе ойгонгум келет менин
“Киммин? Кайдан келдим?”- деген суроолор ар кишинин жадына келе берет. Кереметке жетип, учуш үчүнбү? Анда чымчык дагы учалат. Сүзүш үчүнбү? Балык дагы сүзө алат. Том-том китеп жазыш үчүнбү? Адам жаралганы китеп жазып эле келатыры. Ай ошондой эле чыгат. Күн ошондой эле батат. Апаат, согуш, азап, азгырык, таң-тамаша дале ошондой уланып келет. Өлүм дале ошондой кезеги менен келип, кезмеги менен кечиктирбей алып кетип жатыры. Каякка? Алар каякка топтолушат? Ханы да, беги да кармалып калган жок. “Кайтты”- дейт. “Келген жагына кайтты”- дейт. Келген жагы кай тарап?...
Адам баласы 100 жашка чыгып, жүз жыл баш көтөрбөй окуса да, Кудайдын илиминин каалгасын да ачалбайт экен. Жер, асман, адам, өмүр, өлүм болгон ошол Кудай илими-дин. Дин ачылбайт. Сыр. Терең. Себеби, адам өлгөндө өзүн өзү тирилте албайт. Ооруса айыктыра албайт...
Көзүм уйку, көңүлүм оңот менин.
Көргүн, бирок улуу көч согот деми.
Көөлдөгөн дүйнөдө, көөдөнүм күч,
Көөнөрбөгөн Өзүң деп согот жели...
Көзүм уйку, көңүлүм оңот менин.
“Өлүм бир күн ойгон деп келет” дегин.
Өлө электе ойгонгум келет менин.
Өзүң мурун, мээр менен “ойгон” дечи,
“Өмүр шондо бөксөрбөй, толот” дегин...
Өлө электе ойгонгум келет менин...
Жаан жана мен
Мейли, түн болобу, мейли, күн болобу – сыртка чыгып карайм. Жаанды айтам. Шатырайт да, чыгам. Жакшы көрөм жамгырды. Комуз менен Жеңижок акын “Көк сулууну” төккөндөй, Барпы акын дүйнө ырын жаадырып жаткандай, Арстанбектин алп саптарындай, Саякбайдын сабалаган “Манасындай” күргүштөп төгүлүп, агылып, бирде жайлап, бирде катуулап, бирде жарк этип кабагы ачыла кареги жанып, оттугу менен чартылдай нөшөрлөйт.
Өмүрдүн өзүндөй үн чыгарып төгөт. Жаан. Жаанды сөз кылсаң адамдын кең көкүрөгүндөгү чөлкөмдүн бир бурчун айтып бүтө албайсың. Ушул жаан сыяктуу сөздөрдүн жакшысы Кудай жөнүндөгү сөздөр. Бирде себелейт. Бирде ак жаан. Жаандан кийин өнүм болот. Бир жерге гүл, бир жерге тикенек өсөр....
Эй Динар,
Тагдырдын тагдыр делген сүрү шумдук,
Таш каткан, ачылбаган сырындадыр...
Жаркырап, түнөрсөң да башыңды ийип,
Жаман сөз айтпа, жазба ырыңда бир...
Эй, Динар,
Сайды бойлой дарыяга айланган кар,
Ыпылас сен жашаган шу жерге жаар.
Агарат таштан ташка агып жатып.
“Ал кетти, алсырадым”- дебегиниң,
Урунсаң урчук ташка – Белегидир...
Эй, Динар,
Кашыңа келгенди эле тиктей бербе.
Оозуңа келгенди эле жиктей бербе.
Эт жебе, сага окшогон жандык болгон,
Ичиңди ким бирөөгө мүрдө кылбай,
Ичиңде жакшылыкты мүлдө кылгын.
Эй, Динар, сен аз жазгын,
Аз укта, аз баскының.
Өйдө-төмөн сүйлөй бербе мүдөөңдү кууп.
Ай асманды,
Апчып жерге жайсаң дагы,
Артыңан кошо барбас, күнөөңдү жууп...
Эй Динар, сен,
Каз, казгының өз мүрзөңдү.
Кабар ал, тээ ичинен жанагынын.
Күнүңдү көз жаш менен санагының.
Күлөөр кезде коюнунда бир эркектин,
Күнөөлүүнү мүрдө албасын карагының...
Күнүңдү көз жаш менен санагының...
Эй Динар,
Тагдырдын тагдыр делген сүрү шумдук,
Таш каткан, ачылбаган сырындадыр...
Жаркырап, түнөрсөң да башыңды ийип,
Жаман сөз айтпа, жазба ырыңда бир...
(“Ак” ырлар жыйнагынан)