Динара Бейшеналиева: Зындан

  • 13.01.2021
  • 4586

АҢГЕМЕ

Айкелчинин иши оор. Көрсөң оңой сезилет. Карда, жаанда каңкайып турган эстеликтерди айтам.

Оо булар ушул калыпка келгиче канча жолу камырдай жуурулушту. Архитектуралык формага салынабы, жаратылышка ылайыкташтырылабы, композиция болуп көкүрөктө жашап, чийме болуп кагазга түшүп, каркасы тургузулуп, материал чапталып, цементке которулуп... Түйшүгү толтура. Каш-кирпигиңден бери бозоруп, май жугуп, боёк жугуп... Кышкысын алаканыңдан, бир ордуңа тура берип таманыңдан суук өтөт. Бул өнөр өзгөчө аял киши үчүн кыйын экен. Жашым отузга чукулдап калса да турмушка чыга элекмин. Ал жагы го Кудайдан, бирок өзүм да көйкөлгөн көйнөктөрдү кийип, кечелерге, отуруштарга бара бербейм. Жактырбайм. Колум да бошобойт. Жашоо, ой-санаамдын бакисин эстелик ээлеген. Ооба, айкелчинин күч-кудурет, ой-чабыты да композитор, акын, жазуучунун асманындай  тээ жогор жактарда...

Өнөрканама киргенде эле балта-чот, кетмен-күрөк тизилип, боёк, пластилин, ылай-топурактын тааныш жыты каңылжаарды жарат. Эне-бала, баатырлардын кичинекей бюсттары “келдиңби?” дешет. Алар муздак болсо да кээ бир ысык жандардан өөдөлүгү бар. Жулунушпайт. Пастыктан басып кеткендер. Шашып кеткендер. Жалгандан чын дүйнөгө өтүп кеткендер...

*     *     *

Серик деген казак жигит эстеликтерди жасатып, акчасын да жакшы төлөп берип жүрөт. Колодон бир чыгаан адамдын айкелин жасап бер деп кечээ эле келип кеткен. Ошонун үстүндө иштеп жатсам, эшик ачылып, 50-55 жаштардагы аял башбакты. “Күйөөмө эстелик жасап бер” – деп келиптир. Аты Асия экен. Экөөбүз дасторкон үстүндө сүйлөшүп калдык.

- Ушунча айкелдин баарын өзүң жасадыңбы? - деди ал мага бакырайган көздөрү менен таң кала карап.

- Ооба. Булар студент кездеги эмгектер, дипломдук иштерим. Негизги айкелдер чоң-чоң парктарда, академиянын кире беришинде турат, көрсөңүз болот.

- Жакшы. Айкелдериңден көзүмдү алалбай турганымды көр. Аялдан айкелчи чыгат деп эч ойлобопмун.

- Өзүңүздүн кесибиңиз эмне?

- Негизи мен юристмин. 8 жыл адвокат болуп иштеп, кийин балдар менен үйдө отуруп калдым. Анан бизнес жаатына аралашып кеттим, көр тирилик да.

- Сиздин кесибиңиз деле аялдарга таандык эмес экен. Менимче, скульптура болобу, живопись болобу, адабияты, музыкасы болобу, аялдардын колунан жаралганы дүйнөнү сулуулайт. Тынчтык алып келет. Анткени, алардын дүйнөгө болгон көз карашы башкача. Адам тукумун улаган, очок отун өчүрбөгөн аял ырында да от жагат. Музыкасында да бешик терметет. Эркектер болсо согуш темасына ыктап  атышып эле согуш чакырышат.

- Кызык экен, дегеле бул жөнүндө ойлонбоптурмун.

- Асия эже, жолдошуңуз ким болуп иштечү эле?

Аял унчукпай калды.

- Эже,  тамактан алып отуруңуз, түштөнүүгө даяр болуп калсын деп эртең менен эле асып койгом. “Шаарда кыйналып калба”- деп атам алып берди эле бул үйдү. Ушул жерде жашайм, ушул жерде иштейм. Тамактан алсаңыз.

- Алып атам, ырахмат. Эти да, шорпосу да бир сонун, даамдуу болуптур.

- Эже, жаман көрбөңүз, мен искусство жаратуучумун. Айкелдин образын ачуу үчүн ал адамдын кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун билишим керек. Антпесе, таш деп айтып тургандай эле таш боюнча калып кетет. Эстеликке жан кирип кетпесе да жакындарынын жүрөгү оорубай тургандай жасап бергенге далалаттанам.

Тигил аял мен сүйлөп бүткүчө унчукпай угуп отурду.

- Ырахмат, сиңдим. Мен сени туура таап келиптирмин. Күйөөм өтө чынчыл, өтө жапакеч адам эле. 18 жыл прокурор болуп иштеди...

Аял дагы унчукпай калды.

“Аа байкуш, бу деле күйөөгө жарыбаган көрүнөт” - деп ойлодум ичимен. Мен билгенден прокурорлор жеткен кара мүртөз болушчу эле. Кылмышка шектүү делген кишинин артын казып, чукуп, каралап, 2 жылга соттоло турганына 5 жыл, 5 жылга кетип атканына 15 жыл жаза сураган  карөзгөй немелер. Тигил аял оюмду окугандай:

- Менин күйөөм күнөөлүүнүн күнөөсүн далилдеп, чындык үчүн чырылдаган адам болчу. Кудай турат, ишинен акты каралап же кара кишини актап бир сом пара алган эмес. Ошонусу түбүнө жетти. А мен аны кутказам деп өлтүрүп алдым. – Аялдын үнү каргылданып чыкты...

Өтүк

Бардык балээ өтүктөн чыкты. Бир туугандар иштеткен өтүк тикчү ишкананасынын былыгын ачып чыккандан башталды. Эркектердин, аялдардын саркеч өтүктөрүн алдамчылык жол менен тигишип, жалган документ менен сатыкка алып чыгышчу экен. Өтө чоң пайда тапкан эргулдар күндөн-күнгө араандарын ачып, ишканаларын кеңейтишет. Өтүктөрдүн сырты жалтырак, ичи калтырак. Баасы болсо асмандын башы. Күйөөм окууга өтпөй калган жылы өтүк ултарып иштептир. Ошонусунун пайдасы тийип, тигилердин былык иштерин чукуп, далилдеп,  беттерине коюп берет.

Бир туугандар ошол эле жерден ооз басырык деп 10 миң доллар сунушат. Андай акчаны алар бир партия өтүктөн эле таап турушкан. Ал кезде 10 миң долларга бир үй келчү. Күйөөм караманча кашайып, албай коёт. “50 миң берели” - дешет. “Жок, мен дегеле акча албайм. Кудайдан коркпогон неме экенсиңер. Ооруканага баш баккылачы, бөйрөгү иштебеген канча балдар жатат шишип-көөп. Силерге окшогон акмактардын жасап чыгарган бут кийимдеринен сыз өтүп, суук өтүп ошол ахыбалга келишкен. Үй-жайын сатып, аппарат менен кан тазалатышат күнүн эсептеп. Мындай кылмыш үчүн силерди түрмөдө чиритиш керек”, – деп эшикти “тарс” жаап чыгып кетет.

Баягылардын “ставкасы” дагы эки эсе көтөрүлөт. Мен бул ишти билген эмесмин, качан гана тигилер үйгө келе башташканда билип жатпаймынбы. Күйөөм жумушунун өйдө-төмөнүн мага айта берчү эмес.

- Ушундай иштерге эмнеге аралашасың? Сен алардын былыган иштеринин бетин ачтың дейли. Аларды кармасаң, эртең башкасы тигип чыкпайбы?

- Башкасы тигип чыкса, мага окшогон дагы бирөө чыгып, аларды да жоопко тартат...

Күйөөмдүн жүзү кызарып чыкты. Бул иштен баш тартпашын түшүндүм.

- Билбей калдым эмне дешти да, айтор, абайла,  балдарыбыз бар. Чоң акча ойногон жерде кичине кишилердин өмүрү садага чабылат.

- Билем алтыным, коркпочу. Мага кетменчиден президентке чейин бирдей карап, бирдей көзөмөл жүргүзгөнгө укук берилген. Ошол укугум туруп мен сүйлөй албасам, анда бир карапайым байкуштун укугун ким коргойт?

Күйөөм адатынча тамекисин түтөттү...

Өрттөлгөн доллар

Ошо боюнча тигилер да тажатып үйгө келбей калышты. Мен ал маалда иштебей балдар менен үйдө отуруп калгам. Дем алыш күн болчу. Эки чака көмүр салынган темир мештин үстү тимеле кыпкызыл болуп, лавылдайт. Мештин өзү да кызарып чыкты. Кокус этек-жеңиң тийсе эле күйүп түшөт. Аңгыча, эшик ачылып үйгө бир жигит баш бакты. Аркасында дагы бирөө жүрөт тартынып, кысынып. Жолдошум аларды тааныйт окшойт, “келгиле” деп эле ордунан тура кала төргө өткөзүп калды. Дасторкон жайып, чай алып кирдим. Мен киргенде төрдө отурганы:

- Байке, энди эмне кылалык, бергенибизди албадыңыз. Чындыгында, чындык сиз тарапта. Биз ошол жасаган иштерибизге өкүнүп турабыз азыр. Бирок бизди да туура түшүнүңүз, жыргаганыбыздан ошондой  ишке барган жокпуз, байке. Көрбөгөнүбүз көр болуп, жетим чоңойдук. Сиздин астыңызда актанайын деп, бир чети ичимдеги бугумду чыгарайын деп, башымдан өткөндөрдү кагазга түшүрүп келдим эле, убактыңыз болсо окуп коюңуз, – деп конверт сунуп атыптыр. Күйөөм өзү жетим өскөн байкуш “жетиммин” дегенди угуп,  дабдырап калды.

- Чай ичтик, ырахмат, биз кайталы, - дешип эле  тигилер оро-пара ордуларынан тура жөнөштү.

Энди чай алып киргенимде кетип калышканы эмнеси? Бир кызыктай боло түштүм. Күйөөм аларды узатып, кошо чыкты. Эмнегедир, ичим уйгу-туйгу.  Конвертти кармасам оор. Мешке далымды кактаган тейде  колумдагы конвертти карайм. Ичинде жашгылт иреңдеги катар салынган кагаздар байкалат. Эч эле катка окшобойт. Болду-болбоду мунун ичинде доллар бар деген ой кетти мага. Салмагына караганда оголе көп акча. Анда эмнеге “катты окуп коюңуз” деп беришти? Бул жерде бирдеме бар, таза эмес...

Арадан 2-3 мүнөтчө өткөн жок, өң-алеттен кеткен жолдошум сырттан кирип келип эле, босогодон:

- Катты жогот! – дегенге араң үлгүрдү. Ал анткенде эле иштин жайын илгиртпей түшүндүм. Көзүмө кызыл чоктой кызарып турган мештин үстү урунду. Оозун ачып отурганга убакыт жок эле. Кыпкызыл темирди колум менен апчый кармап ачып туруп, алоолонгон отко конвертти таштап, кайра дагы апчый кармап жаба сала ордумда туруп калдым. Мен туруп калар замат эле эшик “шарак” ачылып, “тапыр-тупур” эле куралчан кишилер кирип келишти.

- Кыймылдабагыла! Ордуңардан жылбагыла! – деди биринчи кирип келгени үнүнүн бардыгынча бакырып. Текчеде тизилип турган бут кийимдерди колу менен тартып түшүрүп, беркилерге кыйкырды: -Тинткиле! Бут кийимдерден бери тинткиле! Полдун астын, үстүн аңтаргыла. Жүктү чачкыла!

Үйдүн ичи заматта бомба түшкөндөй сапырылды. Идиш-аяк, кийим-кече, шкаф, сандык, төшөнчү-орундан эч нерсе калган жок. Бул ортодо мештин үстүнө жабышып калган колумдун бир кабат териси чатырап күйүп бүттү. Мен лукулдап оорутуп аткан колума да кайыл, бир ордумда катып турдум. Алаканым ачсам эле көрүп калышып, суракка алыша тургандай бекем жуумп алгам.

- Тапкыла, жер жутуп кетти дейсиңерби, тапкыла! Издегиле!..

Тиги неме төшөктөрдү ары-бери ыргытып, кыйкырып атты. Алар күбө болосуңар деп эки кошунамды ээрчитип киришкен экен. Күйөөм ошо кошунанын эшигинин астында турган чоочун кишилерди көрүп эле жөн кишилер эмес экенин билип, үйдү көздөй чуркаптыр. Анын билип калганын тигилер да байкап, артынан эле карпа-күрпө кирип келип атышпайбы. Тигил үйдү үч көтөрүп тинтип жаткандар ар бир китепти, кийимдердин чөнтөктөрүн, идиштердин ичтеринен бери эки-үч сыйра карап чыгышты. Арадан эки саатча убакыт өттү. Биринчи кирген неме элейип турган эки кошунамды “бошсуңар” деп кетирип жиберип, баякы конверт бердим деген кишини ашата сөгүп калды.

- Деги бергениң чын беле, ээ энеңди!..

- Чын болчу, колуна карматып коюп чыккам, – деди тиги жаш баладай шөлбүрөп. Өлүмүш болуп алып дагы калп айтып кирди: – Жанымды койбой, “акча бер”- деп туруп алганынан үй-жайымды сатып, доллар кылып келип бергем. Өзүңөргө көргөзбөдү белем. Номерлерин жазып, белги койбодуңар беле? – деди оозу-мурду кыйшайбай. “Жанды койбой акча сурады” дегенин угуп жаным чыгып кете жаздады. Сага окшогондорго түрмө ылайык экен дедим ичимден.

Күйөөм:

- Мен сенден качан акча сурады элем? – деп жини менен ага бир бакырып алды.

- Сураганың үчүн алып келдим да. Өз колуңа карматпады белем.

Тигил жер тиктеди. Аздан кийин:

- Ошол акча болчу да. Таап берчи. Алдым деп эле койчу? – деди үнүн акырын чыгара, жанагы дымагы жоголуп. Күйөөм аны биринчи жолу көрүп тургандай, тиктеп тим болду.

Ошону менен тигилер бирин-бири сөгүп-сагып, жинденген боюнча үйдөн чыгып кетишти. Күйөөм алдамчылыгынын бетин ачкан эки бир туугандын экөө тең соттолушту. Ал ошо кезде райондук прокуратарда иштейт эле. Жумушундагылар да бир сом пара албаган күйөөмдөн жалтайлап турушчу. Көрсө, таза иштеген киши эч кимге жакпайт экен.

Көп өтпөй облустук прокуратурага которулду.

Күйөөм “бирөөлөр бир кызды секретарша кылып сунуштап калышты, жакшы иштейт, жакшы кыз дешти, ишке алдым”, – деп калды. Маани деле берген жокмун. Бирок аялмын да, бир күнү көрөйүнчү деп күйөөмдүн иш-ордуна атайын бардым. Узун чачын далысына таштаган, акжуумал, татынакай кыз отурат. Анын жалжылдаган карагат көздөрү кандай киши болсо да бир жалт каратат. Күйөөм дегеле кыз жандабайт, ошентсе да тымызын тызылдадым.

Арадан күндөр өтө берди. Акыркы күндөрү күйөөмдүн мүнөзү өзгөрө баштады. Үйгө кабагы ачылбай келет. Сурасам “чарчадым” деп коёт. Баягы кыз менен бирдеме болуп атканын туңгуюк сезип жүрдүм. Бир күнү дагы иштен кабагы салыңкы келди. “Аталап” алдынан чыккан балдарын да караган жок. Алдына тамак койсом ичпеди. Чыдамым түгөндү. Отуруп алып, буркан-шаркан түшүп ыйладым:

- Секретаршаң менен соо болбой жатсаң керек да, эмне жашырып жатасың? Мен сокур эмесмин, көрүп турам. Сени менен бирге жашаганыма 15 жыл болду, ач болсоң ач болдум, ток болсоң ток болдум. Эми сага керегим жок болуп калдыбы?

Күйөөм башын жерге салган калыбында үн катпайт. Анын ушундай бир адаты бар, киши ак жеринен күнөөлөп жатса да унчукпай отура берет. Акырындап өзүмдү өзүм бастым. Менин ыйыман кимге пайда, кимге зыян, өзүм эле кыйналам.

- Айтчы мага, эмне болуп атасың? Мүмкүн, менин сага жардамым керектир? Жарыңмын го акыры, сени жамандыкка кыйып салбайм. Асман түшүп кетсе да айтчы, айланайын! Мен баарын көтөрөм. Эркектик кылып койсоң аны да айт, кечирем! – дедим.

Минтпеске аргам жок эле. Чындыгында эле жетим өскөн неменин менден бөлөк күйөөрү жок болчу. Ушинткенде гана ал башын көтөрдү. Аны карап туруп жүрөгүм дагы бир жолу  “тыз” этти. Олдо байкушум ай,  боз-ала болгон, эч кыйып кете албайт турбаймынбы мен муну! Жаны жаным менен бир болуп калган тура.

- Мени балакет басты. Тиги кыз: “Сизден боюмда бар” - деп жатат...

Мен унчуккан жокмун.

- Ал кыз: “Аялыңызга айтам, ажыраштырам, сотко берем”, – деди. Сотко бергенинен коркпойм, бирок сенден ажырап калгандан корком. - Күйөөм сөзүнүн аягына чыкты. Мени карады. Мен аны нес болгон немедей жалдырай тиктедим. Энтиккен жокмун. Пышылдаган-күшүлдөгөн жокмун. Ушул сөздү айтаарын күн мурун сезгем.

- Сүйлө, -дедим көзүнө тигиле.

- Тээ баягыда бизге текшерүү келген. Ошондо иштен кеч чыктык. “Төрөбай Мырзакматович, астыңызда машинеңиз бар го, үйгө жеткизип коюңузчу, талаада калып кетпейин”, – деди тиги кыз күлө багып. Макул дедим.  Жеткиздим. “Үйгө кирип, чай ичип чыгыңыз” - деп болбоду. Көңүлү калбасын, кирсе кирип чыгайын дедим. Кирдик. Эмнегедир чайы, дасторкону да дап-даяр экен. Мага бир чыны чай куйду да, өзү так менин жаныма келип жумушка кийген кийимдерин чечип, шуулдаган жука кофтасын кие баштады.

Көзүмө анын келишимдүү келбети сүрөттөгүдөй тартыла берди. Анан ал мага жакын келип:

- Кофтамдын сыдырмасын сыдырып коюңузчу, колум жетпей жатат, – дегенсиди. Андан келген француз атырынын жыты каңылжаарды жара өзөктү өрдөп, өрөпкүгөн жаныма өрт каптатып баратты акыл-эсти аласалдырып. Эмне болуп кеткенимди билбейм, аны шап билектен алып өзүмө тарттым... - Күйөөм сөзүнүн ушул жерине келгенде ичимден титиреп чыктым. Калчылдадым. Сыртым дале жанагысынан жазган жок. Нес. - Бир карасам, мен аны өпкүлөп жатыптырмын. Аңгыча эле  бирдеме “тарс” этип түшүп кеткенсиди. “Селт” эттим. Тигил бөлмөнүн эшиги кыймылдай түштү. Билдим, бизден башка да бирөөлөр бар. Кыздын үйгө кир эле, үйгө кир дегени, дасторкондун даярдыгы заматта көз алдыман чубуруду. Отурган ордуман атып туруп эле сыртты көздөй чуркадым. Тепкичтен томолонуп кеткендей жүгүрүп түштүм.

“Төрөбай Мырзакматович, кетпеңизчи” – деген кыздын ачуу чаңырыгы угулду арт жактан, кылчайбадым. Машинама кандай жеткенимди, кандай айдаганымды билбейм. Үйгө келсем силер бейкапар уктап жатыпсыңар, өзүмдү ушунчалык жек көрдүм...

Күйөөм мени кадимки таптаза көздөрү менен карап калды. Анын карандай чындыкты айтып атканын көрүп турдум. Ордуман туруп барып аны кучактап калдым. Жанагы жан-дүйнөмдү титиретип аткан күч, жанагы нес болгон денемдеги муз энди гана эрип жаткандай, бүткөн боюм бошошуп, өпкө-өпкөмө батпай солкулдап ыйлап аттым...

- Мен сени бошотом. Мен сени түрмөгө каматпайм. Мен сени куткарам!...

Көзүмдү жашы көлдала.

-- Кечир мени, кечирсең эле болду. Менин жүрөгүм сен деп гана согот!

Күйөөм жашымды аарчый, бекем кучактап турду мени.

- Жок, сен мени кечир. Мени кечир! – дедим ый аралаш. Күйөөм сөзүмө түшүнбөй калды. Эмоция менен айтып аткандагысы окшойт дедиби, айтор “эмнеге кечиришим керек?” деп суроо узаткан  жок. Дене-боюмду чыйрыктырып, ичтен курттай жеп жүргөн көп жылдык “илдетимдин” чети гана көз жаш болуп чыгып атканын туйган жок. Бул көз жаш менин күнөөм үчүн агылып атат деп түшүнүп турду ал.

*     *     *

Замира деген классташым бар эле. Экөөбүз ажырашпайлы деп чоң окуу жайга да бирге тапшырганбыз. Республикадагы эң мыкты адвокаттардын бири. Эл ичинде кадыр-баркы да жогору. Ошол досум менин эмне менен дем алып атканымдан бери кабардар. Ага баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Экөөбүз акылдашып, план түздүк. Күйөөмдүн иши сотко өтөр болсо өзү актап чыга турган болду. Бирок мен бул ишти ага жеткирбей эле басып көрөйүн дедим. Ары чуркап, бери чуркап, керектүү кагаздарды жыйнай даярданып алып, анан тиги кызды кафеге чакырдым. Келди. Өзүмдү колго алып, жакшы кабыл алдым. Бир чыныдан чай ичтик. Ишке келгенде сөздү “ток” этер жерден баштадым.

- Ичиңдеги балага канча ай болду?

- Эки ай, – деди акырын гана.

Көзүмө тике карай алган жок.  Атайын күн мурун дайынданып алганбы, сумкасын ачып, баласы жөнүндө гинеколог врачтын жазган кагазын, УЗИнин аныктамасын анан күйөөм экөөнүн кучакташып түшкөн бир-эки сүрөтүн алып чыкты. Сүрөттө кыз жука кофтачан экен. Моюну, төшү ачык. Өткөндөгү күйөөмдүн айткандарын эстедим. Кухняга коюлчу шкафтар турат ар жакта. Күйөөмдүн айткандары чын, булар ошол кухняда эле кучакташканга араң жетишкен. Аны атайылап жасагандар бер жактан сүрөткө тартып турушканы айдан ачык болду. “Уурунун арты кууш” дегендей, карбаластап атышып  бирдекесин  түшүрүп жиберишип, күйөөмдү чочутуп алышкан.

Мындай ыплас иш күйөөмдө өчү бар Мансуровдордун эле колунан келгенин билдим. Түрмөдө да жөн жатышпаган акмактар экен го. Күйөөмө пара берип камата албай, сулуу кызды секретарша кылып салып беришип, минтип түртө салышыптыр да.

- Канчадасың?

 - Он тогузда.

- Сага ушул оюндардын эмне кереги бар, ыя? – дедим.

Кыз түшүнө бербей таң кала карап калды.

- Билем, сени акчага сатып алышты. Бирок акчадан да жогору нерселер бар. Өзүңдүн теңиңди таап,  балалуу-чакалуу болуп, бактылуу жашасаң болбойбу? Татынакай жан экенсиң. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузбай, көрүнгөн эркекке тебеленбей жашасаң болбойбу, ыя? Баарыбыз өлөбүз. Эртеңки күнү Кудайдын астына барганда эмне деп жооп бересиң? Менин үйүмдү буздуң дейли, күйөөмдү каматтың дейли, андан сага эмне пайда? Ооба, акча аласың. Бирок ошол арам акчаң түгөнбөс болуптурбу?  А уятыңды каякка коёсуң? Өзүңдү күнөөлөп, кемирип-кесип  жүрүп төрөгөн бала соо туулбасын билесиңби? Балаң ооруп турса кап-кап акчаң да жардам бере албайт. Дүнүйө көзүңө көрүнбөй кетет ал онтоп турса. Кылган ар бир жамандык да, жакшылык да кайтат. Өзүңө кайтпаса балаңа кайтат. Мунжу, келесоо туулуп калат балаң эртең. Мен сени коркутайын же акыл айтайын деген жокмун. Аял катары сага боорум ооруп жатыры. Ал энди, сот маселесине келсек, сенин эч качан мени утуп чыгалбашыңды айтып коёюн. Анткени, күйөөмдүн уруктугу жок. Мына бул медициналык экспертиза кагаздарды жакшылап карап ал.

Кыздын көзү алая түштү. Агып аткан жашын калтыраган колдору  менен аарчый кагазга алыстан көз жүгүрткөн болду.

- Сотко туугандарың да келсин. Кызы акчага сатылган кара бет экенин, кайдагы булганыч как баштар менен ар нерсе болуп жүргөнүн билишсин. Бир эсептен сотко бергениң жакшы болду мага. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, акыры өлөр жанга күйөөмдүн астында бир күнөөмдөн арылып, балдарымды башкадан тууганымды ачык айтып алат экем. Менин сенден айрымам: бул ишке шуркуялык жол менен барган эмесмин...

Үйлөнгөндөн кийин көп жыл балалуу боло албадык. Доктурга барып, текшерилсек күнөө күйөөмдө болуп чыкты. Жалгыз кайын эжем бар, ошол байкуш ыйлап-сыктап инисине айтпашымды суранды. “Сен бирөөдөн төрөп бер. Инимди таштап, кетип калба. Сен кетсең ал өлүп калат. Жетим өскөнү аз келгенсип, сенден да айрылабы?” - деп ботодой боздоду. Менин балдарыма “донор” болчу эркекти өзү таап келди. Өзүнүн бир тууган кайниси экен ал. Үч кызы бар экен, аялы операциядан кийин төрөбөй калыптыр. Ичип, жинди болуп бараткан неменин “оозумдан чыгарбайм, уул болсо да басып барбайм”, - деген убадасын алып, мага жетелеп келген экен. Кайын эжем экөөбүз кучакташып алып ыйладык. Айла жок кайын эжемдин айтканына макул болдум. Арадан тогуз ай өтүп, жолдошум экөөбүз эгиз уулдуу болдук. Тиги жигит убадасында туруп, кайра кайрылып келген жок. Мен аны да күбө катары чакырам. Күйөөм үчүн мен кара бет болгондон качпайм. Бирок сен баш көтөрүп, басып жүргүс болосуң! - дедим.

Кыз буркурай бутума жыгылды.

- Эже, кечириңиз мени. Төрөбай Мырзакматович жакшы киши. Ал кишиде күнөө жок. Бала аныкы эмес. Атаман да улуу Кадыр Мансуровдун баласы. Атам анын кол алдында иштеп жүргөндө акча карыз болуп калыптыр. Карызды төлөй албаганда: “Кызың бизде иштеп турсун, акырындап карыз акчаны жаап салабыз”, - дептир. Ошо боюнча иштеп калгам. “Атаңа эки эсе төлөтөм карыз акчаны. Каматып жиберем”, - деп коркуткан. Эже, эми эмне кылам, өлүп алайынбы?

Кыз жалбырактай дирилдеп атты бутум кучактап. Аны карап боорум ооруду.

- Жок, өлбө. Жаша. Жаман адам үчүн жаныңды кыясыңбы, тур... – дедим аны өөдө тургузуп.

Асия эже сөзүнүн аягына чыкты окшойт, унчукпай калды. Менин оозума сөз келбеди. Ак аралап калган узун чачын желкесине түйүп алган, жөнөкөй бир аялдын күйөөм деп өткөн өмүрү дүнүйөмдү оодара салды...

Маңдайымда отурган аял бүтүндөй бир өмүрдү жарым саатта айтып түгөттү.

- Эже, күйөөңүз жакшы киши болгон экен, – дедим улутуна. “Эмнеден улам каза болду?” – деп сурайын деп оозум барбады. Жүрөк картын сыйрыбайын дедим окшойт. Асия эже бу саам да оюмду окугандай:

- Балдары өзүнүкү эмес экенин билгенден кийин эле жүрөк оорусу козголду. Ошо боюнча төшөктөн турган жок. “Ушундан көрө соттолуп кеткеним жакшы эле” - деди бир ооз гана. Мен анын жанын түрмөнүн азабынан куткардым депмин. Көрсө, андан да оор жашоонун зынданына таштапмын... Көтөрө албады...

*     *     *

Эстелик толугу менен бүттү. Айкелдин даяр болгонун айтып, Асия эжеге телефон чалдым:

- Мен аны менен кантип жолугушам? Мени кандай тосуп алаар экен? Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөп жатыры, сиңдим.  Мен азыр. Мени күт. Кетпейсиң да, ээ?

- Жок эже, сизди күтөм.

Ар жактан анын ыйлап атканы угулуп, телефон коюлуп калды...

Тээ чексиздиктерге тигилген таш эстеликти тиктейм.

- Сиздин жүрөгүңүз энди кыйналбай калгандыр?

Чап жаагынан келген, сулуу эркек үн катпайт.

- Сиз чынында эле аялдын арзуусуна татый турган адам экенсиз.

Эстеликтин желкесинен акырын таптаган болдум. Сыртта болсо жамгыр көнөктөп куюп атыры. Бир жумадан бери токтобогон бу жаан – жан жолдошум болуп калыптыр. Күндүн күркүрөгөнүн, жаандын шатыраганын тыңшай, мен да төгүлүп иштедим күнү-түн.

Курушкан денемди диванга таштай кыймылсыз  суладым. Сыртта жаан. Таш эстелик болсо кайыл. Баарына кайыл. Жаанга да кайыл. Аялзатынан көңүлү калгандай, дегеле ыплас дүйнөдөн көңүлү кайт болгондой тунжурайт.

Сыртта жаан...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз