Роза Мукашева: Жашоо табы тандыр мештей жөнөкөй

  • 10.01.2022
  • 3525

*     *     *

Салса болор сөзүңдү алаканга…
Даамы күндөй, бышкан толо жаңгактай.
Оюң обо, мейкиндикти салмактаар.
Бийик тоодо күндүн күчүн сен артыкча билесиң:
Күчү шуулайт карагайдын, сөзүңдө даам дабыркайдын.

“Манас” айтып ыйлаганда Саякбай,
Ээсиз аттай ээликкен,
Катар жоокер суюлуп,
Кайгы тээп баратканда,
Турдуң беле жанында
Таркагыча ич өрттөгөн күйүтү?
Тамызгыдай алдыңбы сөз угутун?
Тибеттеги тикирейген аз элдей
Бир сыры бар айтылгыс,
Эпос чексиз, мейкиндерден айрылгыс.

…Биз ал кезде отту жагып жайсаңда,
Улуу түндө тартып кыска кыякты,
Какыр жерге суу толтурар кыяпта
Ыр окудук, кирген дайра сыяктуу.
Дүбүрт, дүбүрт… дабырт кайда?
Кетти күлгүн… калгансыйбыз жээгинде
Суусуз калган да бир сайдын.

Биздин заман буралды да,
Алдас урат – бир башкача куралганы.
Шүгүр, башка, жепирейген жетим үйлөр шаардагы
Айнек жүздүү ак мармарга өзгөрдү.
Биз үйрөндүк интернетти тергенди
Бирок баары унтуп барат жан-дүйнөнү көргөндү.

Азыр мезгил ачса катмар пардасын
Дале көрмөк биз жаш кезде көргөндү:
Кол учуна урунчудай жер уюткан табышмак
Таба албасты биле туруп
Ушул кыска жарыкта
Дале издейбиз мезгил жүзүн жаркын нурга өзгөртчү
Заман огун айландырчу сөздөрдү.

*     *     *

Чирип барган көпүрөдөн көрөсүң
Жаңылануу мүмкүндүгүн дүйнөңдүн.
Сен күчтөрдүн каршылыгын туйганда
Көпүрөнүн физикасын үйрөндүң.

*     *     *

Ах, чиркейлер… ырдайт кулак түбүндө
Булбулдарга атаандаш, таң атаарда.
Маашырлануу, сыр бар күрөң үнүндө
Тааныштарын чакыргандай ашарга.

*     *     *

Жаңырган ай, тилиминдей коондун
Ширин болор өз маңызың тапканда:
Бышты маалы, боёк, чийме, мейкиндин
Ой талпынды бүркүт уя аскада.

*     *     *

ТОСКАНА
Мимоза гүлдөйт, сар оттой түсү сапырылып,
Гүл өскөн дөбөгө кетет тепкичтер.
…Өчтүбү жан-дүйнөң, кайда жаш курак – жапырылып,
өскүлөң үмүт, бир кез ээ бербеген
Солк этпейт – жаныңды ийнелеп тепчип көр…

А мында күч бүркүп күүлдөйт өсүмдүк,
Карасаң чөптөрдүн айкүрлүү жаштыгын.
Бетиңдин булчуңун черткилейт жылмаюу.
Чоподон жылмакай тепкичтер
Баратат өөдөтө аптыгып.
Жалбырттап, жалбырттап жалбырак – жасмин аңкып жаш бурак,
Чаап түшүрөт чаңды санааңдан.

Гүлдөр сан түс эгилме –
Жамгыр берген демилге.
Күн ширеси чайкалат
тирүүлүктүн деминде.
Койгондой коңур салкын жашырылып
тепкичтердин кызыл чопо тегинде.
Ойноп келген жамгырдан
Жүзүмзарга бир ырыскы себилме.

Аары ыры – ыраазылык жарыя,
Ийкем, изги жаралган соң табият.
Үйлөр дагы шаңданат табияттан тап алып…
Көпүрөдө керилген –
Кылдат эсеп тайбас күчү сезилген.
Ишараты чебер чеккен өнөрдүн
Жумуртканы жумуру жасагандай кудайым.
Көзгө илээшпес сыр айтат.
Кылдат ийген көпүрө - ынтаа коюу жөнүндө.
Жанын төшөп жасаган бул изги өнөр –
Өзөгү да, өзөнү да өзүндө.
Айкелдердин көзүндө –
Ал жашаган заман кошо чегилген.
Ошондуктан бак даарып бул чөлкөмдү
Жадыраган маанайларга
Калдыркандын кебин кийип күн келер,
Чебердиктин чылап ичип чырайын
Дилден дилге көчүп жүрөт ырайым…

*     *     *

Кел улан, жылкынын тынышы жыттанган
Ээрчидиби ыйлактап,
айылдын түтүнү артыңдан?
Бакытпы, жарыкпы чарчабай чырылдап чегиртке
Түгөнбөс үн антын артынган.
Жайдары эс жайдак – элирип секирген тайлардай,
Эсиң бош талаадай – физика сабактан калтырган.

Айылдын ийменчээк, ууз саамал кыялын
Шаардын чалкыган напсиси чайкаарда үшкүрөт.
Кылаңгыр кымыздай кымыран намыстан
Күнүмдүк аш-тойдун угуту күчтүүрөөк.

Суу жүргөн арыктар парыздай унтулган.
Кашаалар бириндеп качышат аптаптан.
Сен качпа түйшүктөн, максаттан
Конуштар бар чапчаң
Көчөлөр сөөлөткө жүгүрүп умтулган.
Күн бирок алдабай тирликти эмизет,
Кыртыштын нымына жооп бере жүгүнүп.
Чарчайлек дарактар мөмөлөп туруудан.
Кайдыгерлик шашпай кажыган
Айылда, шаарда да чарчаган талаалар
Күн жеген делинет.
Алдаба, ойлоруң чачыңдай тегиздеп,
Айлыңды кийин бир көрөсүң сыртынан, кемчил
Жепжеңил ак карды, ырыстай кемибес.  

АНДАЛУСИЯ
Оливалар уч-кыйырсыз жол жүрүп,
Баш багышат терезеге Лорканын.
Жашоо түздөп табиятка бет буруп,
Нурдан чубап токуйт ар саам көк жарык.

Оливалар бийлеп чыгат дөңдөргө
Асман фонун сахна этип роль ойнойт.
Жалбырт аптап жалын чайкайт… көөнөрбөй
Курч испандар канын берип койгондой.

Мүдүрүлбөйт, оливалар бийлешет,
Испан кыздын көз карашы гүл ачат.
Жалын чындык фламенкодо, күй! дешет
Денде кумар, от кубулжуйт тубаса.

Чексиз талаа… күргүштөгөн күн агып,
Жасмин жыты ажалды кууйт, жел бойлойт.
Трактор – кайык… миң кыр толкуп бу жарык
Өнөт, өсөт… кумары күч күн ойнойт.

КӨЗҮ ӨТКӨН КАЛЕМДЕШТЕРГЕ
Кууруп барган аптап даамын тамчы сууга өзгөртчү
Тилиңерде бар болчу бир мээр чөп.
Кыйбай кылчак карап өтөм ишенбестен эмгиче
Элестери терезеде турар деп.

Эскерүүлөр түпсүз көктөй, кээде булут карарган,
Канча ойлор чагылгандай жаркылдап.
А түшүмдө булут түрүп жарык асман сахнага
Чыгасыңар көшөгөнүн артынан.

Таш ичинен кыймыл жиреп жылып жүргөн эркиндик,
Шамалдарга шарак түрттү, түкүрдү.
Караандарын аралдардын бүшүркөдүк түйшөлүп,
Тааныгыча өттү өмүрү бүчүрдүн.

*     *     *

Суу перидей сууга акчу чачтары…
Суусун канып, гүл ачылган бакчанын.
Жары кеткен алыс, акча тапканы…
Кайтса, кайтса акчасыз же акчалуу.

«Сен эскерсең күйөт көзү шакегим» -
Ырдайт, жылда гүлдөйт аппак алмазар.
«Поёзд менен кайтсаң, айыл жаш эли
Күтө билген чыдамкайга таңданар.

Сенде сагынч күн батаарда булуттай,
Менде сагынч тамылжыса таш эрийт.
Чачым буурул, курган жаным унутпай
Сансыз күндөр көзү күйбөйт шакегим»…

*     *     *

Санаалаштар сап тизилип жер алдына кеткендей
Түбөлүккө жоготконуң табылбайт.
Чөнтөгүңдөн түшүп калган кээ мүмкүнчүлүктөр
Эми алыстан айкел болуп таанылбайт.

*     *     *

Көз карашы эстен кетпейт көзү жайнап апамдын,
Арыктачу үмүт токуп күрөөгө.
Түйшүктөрдүн түгү жанып, аңкып чыкчу үйүбүз
Гүл ичинде бүлкүлдөгөн ширедей.

*     *     *

Заманбап бул трассаларда кан жүгүрүп заряддуу,
Тешкентоонун ичи сырдуу жарыктар:
«Бажы тоспойт, ал! – дейт, - жигит, бриллиантын билимдин
Буга салык – кууп жеткис алыстар».

*     *     *

Эски күндүн мунарасы –
Күмбөз, чептер урандысы.
Эски адырлар күн кактаган,
Жаңы жарык чубалгысы.
Эски тирлик азгырыгы
Жаңы түйшүк уландысы.

Эстен кетпес суунун даамы
Муңайыңкы талаалары.
Неберемдин кадамдары,
Үндөп, күүлдөп базарлары
Кууш киреше алкагынан
Алыс кеткен адамдары.

Көөнө дастан көкүрөк тээп,
Оозунан чок жаркылдаган.
Дастанчылар уругун сээп
Жаш өзөндөй шарпылдаган.
… А мен кеткем аренадан
Белгисиз сайт артындагы.

Мен түтөгүп көп жер бастым,
Кечигүүмдүн азабын жеп.
Тикен тытып таттуу жаным,
Тамызгыдай жанабы деп.
Көк тоолорду бир көрүүгө
Өмүр жетпей калабы деп.

*     *     *

Жым-жым нурдун жибек дирил тийгенде
Күтүүсүздөн тартып алдың колуңду.
Нур тамызгы, ой жарыгы күйгөндө
Бир гана саам көрүп калдың жолуңду.

Нур шыкырап тарап өтөт денеңди,
Дан сапырса чаң үйлөгөн шамалдай.
Сен билбейсиң, күн көтөргөн сереңде
Маанайың жаш, жаңы үйлүү жарандай.

Эскини элеп, күндүн жаңы бергенин
Тааный албай өтөт кээде күн бекер.
Кенч астында бар экенин сезбеген
Нур ысырап… боло берем күнөөкөр.

Тунук шоола тартат бакыт келбетин,
Көрө аласың жаңылануу портретин.
Күн көзүнө зар болбос деп теңдеши
Ыйлайт бир кез бу дүйнөнүн төрт чети.

*     *     *

Түштөрүң да чагылдырат күзгүдөй
Ой-санааңды, жүрөк чочуп булкканын.
Адам ниети түшсө кокус колуңдан
Жер алдына түшүп, тынчсыз уктадың.

Катаң түздөп, терезеңе нур тийет,
Сен ойлойсуң: ушул бир кез колумда.
Курчу кетет сен тааныган акылдын,
Чарчооң чаңкоо болот амал жогунда.

Дил мээрими өчөт да деп түңүлбө,
Келет күндөр жандын түбүн көрөгөч.
Көз карашы дилиң билген адамдын
Сактап берет сен жоготкон керемет.

*     *     *

Күнүмдүккө чачыраган демиңди
Корооң сенин жыйнап алып гүлдөгөн.
Чарбагыңда чай ичкен бир келиндин
Көзү жайнап, өсүш деми үндөгөн.

Көз жүгүртсөң өчкөн демими кайда деп,
Сар эсепке баш ийбеген тирилик:
Издеп келип аары гүлгө конгондой
Баары изилдейт ырыскынын билимин.

Кез болоттур убакытты укпаган,
Кай себептен толкучудай көмөкөй.
Издеп жүрсөң касиетин катмардан,
Жашоо табы тандыр мештей жөнөкөй.

Болбойт, болбойт алдан тайган сезимдер,
Учат кыял баш ийбестен мыйзамга.
Алыстыгын өмүр менен өлчөдүң,
Күчөйт гүлдөр өмүр чегин туйгандай.

*     *     *

Узак жанган жарык жайында
Кыскаргандай, сен да чарчадың.
Көргүң келбейт күчтүн азайган
Тик жар ылдый кеткен ар жагын.

Күтпөс жомок болуп өткөнүн
Аны айтуудан дилиң жазганат.
Канча ойноду жарык, көлөкө
Колго турбас, болбос кармалап.

Машинанын маңдай терезе,
Чагылдырган улам чар тарап.
Өттү, кетти сар, көк, жашыл, ак
Күтүлбөстү күттүң башкараак.

Саякатчы, сугу түшчүдөй
Жар башында зер таш кебелбес.
Куюп кетсең буга сырыңды
Кулпурбаган кристалл жок демек.

*     *     *

Кемип барган чачыласын кубалап,
Күн батаарда жүрөк күйдү көп ирет.
Артына алтын из калтырбас убара
Жерге түшсө калың кыртыш семирет.

Жаның бирге ушул алтын дөңгөлөк,
Жүгөрү өсөт, бээнин сүтү көбүрөт.
Таш түбүндө, курт сүйүнөт жөрмөлөп,
Кээде чөлдүн чаңдан шаңы көбүрөк.

Мезгил менин чабытымды тушаарда,
Балдар көккө шар учурган кез болот.
Денден бошоп, нур артынан учаарда
Мен обого эрип кетүүм тез болот.

ӨСПҮРҮМ
Сүйлөгөндөн энтиккени көбүрөк
Баржак-баржак жаш көңүлү көбүрөт.
Ар кыялда аскер учат космоско
Мөлтүр ойлор шүүдүрүмдөй төгүлөт.

Күчтүү болчу, чабыты курч билимдүү,
Сөзүң өтөт түркөйдү да жибитип.
Кынга кирет жалаңдаган кырсыктар,
Сен түшүнсөң мокок адам үмүтүн.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз